Добавить статью
4:29, 5 февраля 2013 8811

Санжыра

Санжыра - улуттун тарыхын, ата мурасын окутуп үйрөтүүчү баа жеткис илимий булак катарында кылымдардан-кылым улап, оозеки түрдө айтылып, агартуу – таалим-тарбия, билим багытын тейлеген маанилүү функцияны аткарып келет. Санжыра коомдук өнүгүү мезгилдерине ылайык системалык ыраатка салынуу менен тарыхый изилдөөнүн негизги обьектисине айланып, тарыхчы, тилчи ж.б.тармактагы окумуштуулардын көңүл борборунда болуп, тарыхый тактоо, илимий иликтөөдө өзүнүн зор салымын кошуп келүүдө.

Санжырабыздын айрыкча баалуулугу этнопедогогикалык – улуттук ынанымды сиңирүү жолу аркылуу окутуп-тарбиялоо кызматын өтөгөндүгүндө. Анын натыйжалуулугу улуттук психологияны калыптандырып, кылымдардан келе жаткан каадаларына сугарылган жалпы улуттук менталитетти, улуттук мүнөздү түзүп, тыштан келген илимий, инновациялык жана маданий ноу-хауларды элдин нарк-насилине ченеп-чектеп кабылдап, аны салт-саанага ылайыктап сиңирип алгандыгында.

Санжыра даректүү, тамыры терең илимий өзөк. Ал тарых жана тарыхтан да өзгөчөлөнгөн касиетке ээ элдин энчиси. Санжыранын баалуулугу, ошол коомдун тарыхын гана эмес, адамдан, уруктун, уруунун, улуттун элдин, кулк-мүнөзүн, белгилерин, таржымалын так аныктаган, бир идеологияга байланбаган, бурмаланбаган, кайсы бир чөйрөнүн артыкчылыктарын жана кемчиликтерин туура чагылдырган элдин кенчи.

Санжыра - куюлушкан көркөм сөзгө бай, адамды сөзгө чебер чечен, куйма кулак кылып, уга да, сүйлөй да билүүгө көнүктүргөн, билимге каныктырган, тарыхый татаал кырдаалда туура чечим кабыл алууга үйрөткөн риторика илиминин атасы. Анын артыкчылыгы келечегиңе кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, тарыхый өнүгүүлөрдү талдай билүүгө, кызыкчылыктар менен каршылыктарда диллеммага келүүгө, саясий жана экономикалык татаал маселелерди чечүүдө коомчулуктун көңүлүн тартып, көпчүлүктүн борборунда болууда чоң күчкө ээ. Маселен, тилинен чаң чыккан Жээренче чечен, Тилекмат чечен чечилбес доону чечип, жеңилбес жоону жеңген касиет, зор талантка ээ болсо, ал эми сүйлөө искусствосуно зор ынтаа койгон Ленин, Гитлер, Черчилль жогорку жөндөм, оратордук маданиятты алып жүргөндүктөн калың калктын колдоосуна татып, эл сүймөнчүлүгүн ээлеп, тарыхый бурулуш жаратып кетишкен. Ага тарых күбө.

Андыктан, жаш муундарды тарбиялоодо улуттук аң-сезимди, калыптандырып, улуттун нарктарын билүүгө негизделген «Манастаануу», «улуттаануу», «динтаануу», «санжыранын наркы», «кыз адеби», «салт-санаа», «макал-лакаптардын мааниси» ж.б.у.с. сабактарынын киргизилиши мамлекеттик идеологиянын өзөгү болуга тийиш. Ал келечекте мекенге гана өмүрүн арнай турган дүйнөтаанымга ээ муундарды өстүрөт.

Санжырага сактык, тарыхка тактык зарыл. Санжырага күмөнсүй кароо, тарыхый фактыларды тануу же өтө эле көкөлөтүп мактоо бул кыргызга кыйыр көз караштагы адамдардын же чындыктын таразаса ташын өз тарабына оодарууну көздөгөндөрдүн аракети экендиги айгине. Бир дагы жомок, миф, уламыш ойдон чыгарылган окуя эмес, көркөмдөлүп кеткен чындык. Бул далилденгендигин эстен чыгарбайлы.

Мамлекеттик тарых музейи

Жетектөөчү илимий кызматкер Самудинов Өмүрбек

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×