Добавить статью
4:31, 11 февраля 2013 66436

Мамыр Мерген уулу - боштондук күрөштүн баатыры

Фергана өрөөнүндө колониялык бийликтин баштапкы учурунда 1876-жылдагы Искак Молдо Асан уулунун Полотхандын көтөрүлүшүнө окшоп кеңири аймакты камтыбаганы менен колониялык саясаттын биринчи баскычына мүнөздүү элдик чыгуулар болгондугу белгилүү. Алардын айрымдарынын максаты - Кокон хандыгын жана өз алдынчалыкты калыбына келтирүү болсо, кай бирлери оторчулуктун оор эзүүсүнө туш болгон элдин эркиндик эңсеген тилек мүдөөлөрү, колониялык жаңы башкаруу системасын жеригендик менен коштолгон. Падышачылык бийликтин алгачкы 10 жылдыгында хандыкты тикелөө аракеттери бир нече жолу болгон. Алардын демилгечилери карапайым элдин нааразычылыктарын өз кызыкчылыктарына жумшоого аракеттенишкен. Ушундан улам кечээ эле араңдан зорго Кудаярхандын зулумунан кутулган эл кайрадан эле саясаттын куралына айланып калган. Анын да бир топ себептери бар болгон. Негизгиси эл орус падышачылыгынын букарасына кабыл алуу сунуштары четке кагылып, бийликтин Полотхандын көтөрүлүшүн күч менен баскандыгынын, анын катышуучуларын аёосуз жазалоолордун күбөсү болуучу.

1878-жылы хан насилине кирбеген көтөрүлүшчүлөрдүн тобу пайда болуп, алар өздөрүн «Жетимхандар» деп аташкан. Ошол эле жылы алардын 50 башчысы колго түшүрүлүп, алардын бешөө асып өлтүрүлгөн. Ушул окуя 1873-74-жылдарда Фергана өрөөнүндөгү Эки-Суу арасында жана Көк-Арт, Сузак, өзгөн чөлкөмдөрүндө жашаган кушчу, мундуз, багыш, басыз, карабагыш жана башка урууларды Кудаярхандын ашынган алык-салык саясатына каршы түп көтөрүлүүгө үндөп, ага жетекчилик кылган кадимки Мамыр Мерген уулунун тагдырына чекит койгон окуя болгондугун булактардан көрүүгө болот. Кудаярхандын эзүүсүнө каршы көтөрүлүштүн акыркы күндөрүндө Анжиянга кол салууда кокондуктардан жеңилип калган Мамыр Мерген уулу Нарын чөлкөмүнө качып баргандыгы маалым. Кудаярхандын орус бийлигине жеке өтүнүчү менен Токмок уездинин башчысынын буйругуна ылайык 1874-жылы 15 июлда кармалып, «көтөрүлүштүн чордонунан алыстатуу жана орус ээликтериндеги кыргыздардын кокон тополоңуна тартууга мүмкүнчүлүгүн жоготуу» максаты менен Лепси уездине камакка салынган. 1877-жылы энесинин суранычы менен тымызын көзөмөлдөнүп туруу шарты менен өз жерине кайтып келген.

Жетим хандын көтөрүлүшүнөн улам, анын тагдыры кейиштүү аяктагандыгын 1879-жылдын 18-январында Маргалан шаарында чыгарылган Анжияндык кыргыз Мамыр Миргиниевди (Мамыр Мергеновдун орус тилдүү булактардагы аталышы- А.Э.) асуу менен өлүм жазасына тартуу жөнүндө Аскер сотунун Фергана областынын кошундары боюнча №31буйруктан көрө алабыз. Түркстан генерал-губернаторунун көрсөтмөсү менен Маргалан шаарында Орус өкмөтүн кулатууга туземдиктерди көтөргөндүгү боюнча күнөөлөнүүчү Анжиян уездинен кыргыз Мамыр Миргиниевдин үстүнөн аскердик сот уюштурулган. 1878-жылдын 22-декабрында аскердик талаа соту Мамыр Миргиниевдин кылмыш ишин талкуулап, аны туземдик калкты орус өкмөтүнүн бийлигин кулатууга чакырык жасап, көтөрүлүш боюнча кутумга катышкандыгы, «өзү атангандын» (самозванец Жетим хан- А.Э) кутумунда башкы кол башчы титулун алгандыгы, орус өкмөтүнө жана мусулман ээлигин калыбына келтирүүгө каршы куралдуу көтөрүлүш жасоо максатында шайка топтоого көмөктөшкөндүгү үчүн күнөөлүү деп тапкан. Аскердик талаа соту Мамыр Мергеновдун оюнун толук аткарылбагандыгын жана жаман оюу өз учурунда ачыкталгандыгынан өзгөчө зыяндуу кесепеттер болбогондугун эске алып, Кылмыш жана Түзөтүү жазалар жөнүндөгү Уложениенин 250-беренесинин 1-бөлүгү боюнча бардык укуктарынан жана дараметинен ажыратып 15 жылга руднике каторгалык ишке айдоо өкүмүн чыгарган.

Бул боюнча Түркстан аскердик округунун башкы кол башчысына багышталган 1879-жылдын 5-январындагы № -2 докладта Мамырдын мурдагы тагдыры жөнүндөгү маалыматтар менен кошо төмөнкүлөр маалымдалган. «1878-жылдын жазынын башталышында Анжиян, Ош жана Кокон уездинин айрым бөлүктөрүндө Жетимхандын каракчылык топ түзгөндүгү, ага кыргыз Мамырдын катыштыгы бар экендиги жөнүндө имиштер тараган. Анжиян уездинин башчысынын Фергана областынын аскер губернаторуна билдирүүсүндө элдеги имиштерге караганда Мамыр Кашкатерек, Сарай булак (болжолу Сары-Булак-А.Э.) деген жерлерде болуп, топ кураган, ал эми Максыт бий Мамырды кылыч жана мылтыктар менен куралданган 20 кишиси менен көргөндүгүн, ал Максыт бийди өзүнүн, Жетимхандын тобуна кошулууга чакыргандыгын айткан. Жетимхандын шайкасы талкалангандан кийин Анжиян уездинин башчысы 5-июнда Мамырдын шайкасын кармоодо каршылык көрсөтүүгө учураган. Мамыр найза менен болуш башкаруучусу Молдо калан Атанаевди жарадар кылган, бирок, ага карабастан Мамырдын шайкасы талкаланган. Мамыр Жетим хандын Мамырды ляшкербашы б.а. аскер башы кылып дайындаган документтин таштап качууга үлгүргөн. Ушундан кийин 1878-жылдын 8-июнунда түн ичинде Жетимхан колго алынып, Улуу даражалуу сизге маалымдалганда 1878-жылдын 18-июнунда өлүм жазасына тартылып асып өлтүрүлгөн. Андан Жетимханга багышталган кыргыз Мамырдын төрт каты алынды. Каттардан Мамыр Жетим хандын тарапкери болуу менен бирге Фергана областында куралдуу көтөрүлүш жасоого аракеттенгендиги айкын болду. Мамырды андан ары издөөдө 1878-жылдын 19-августунда Мамырдын үй-бүлөсү жана боз үйү табылган, бирок, өзү ал жерден чыккан жок. Боз үйдү тинткенде элди Саид Музаффархандын баштыгында газаватка чакырган эки шойкомдуу мазмундагы кат табылды. Акыры, 18 сентябрда Мамыр Булат Тартамышев жана Наркул Алакул деген эки жолдошу менен кармалган. Мамырдан Кокон шаарынын кадыр барктуу акскалдарынын жана тургундарынын атынан Мухаммад Алибек мөөр баскан газаватка катышуу макулдугун билдирген документтер табылган.

Айыпталуучу Мамыр Миргиниев Анжиян уездинин башчысынын биринчи сурагында Жетим хан менен 1878-жылдын июнунда алака түзө баштагандыгын, Жетим хандын көтөрөлүшүнө катышуу сунушун белгисиз бирөөдөн алгандыгын көрсөткөн».

Талаа сотунун кийнки сурагында Мамыр өзүнө коюлуп жаткан кылмыштарды моюнга албастыгын, Жетимхан менен мамиледе болбогонун, бирок, ал жөнүндө Молдо Каландан уккандыгын айткан. Ага карабастан ал бир нече жагдайлар менен айыптуу деп табылган.

Крайдын башкы начальнигине өкүмдү бекитүүгө берүүдө ал тарабынан айыпталуучу Мамыр Мергеновдун оюу орус өкмөтүнө каршы куралдуу көтөрүлүш жана туземдиктерди козголонго көтөрүү боюнча, орус өкмөтүн кулатуу үчүн туземдик калкка ар кандай прокламацияларды таратуу, шайка топтоо жана аны башкаруу менен толук ишке ашкандыгын белгилеп, Мамыр 1878-жылдын шайканы издөөдө 5-күнүндө болуш башкаруучусу Атаниевди жарадар кылган - деп таап, Кылмыш жана Түзөтүү жазалар жөнүндөгү Уложениенин 249-статьясынын негизинде Мамыр Мергеновду бардык укуктарынан жана дараметинен ажыратып асуу аркылуу өлүм жазасына тартууну буюрган. Анда буйрукту аткаруу базар күндөрүнүн биринде Анжиянда ишке ашырылуусу көрсөтүлгөн.

Уезд башчылары менен макулдашуу аркылуу өкүмдү аткарууну Анжияндын аскер башчысына тапшырылган жана буйрук көбөйтүлүп Маргаланга-20, Анжиянга -25, Коконго-29, Ошко-7, Чустка -11, Наманганга-21, Чимянга-5 нускасы таратылган.

Буйрукта көрсөтүлгөндөй боштондук күрөшүнүн баатыры Мамыр Мерген уулу орус бийликтери тарабынан асып өлтүрүлгөн. Ал боюнча Анжиян уездинин начальнигинин Фергана областык башкармалыгына жөнөткөн 1879-жылдын 27-январындагы рапортунда мындайча берилген. «18-январдагы №396-көрсөтмөгө ылайык менин ыктыярымдагы уездеги Мамыр Миргиниевдин аскердик-соттук ишинин докладынын нускасын берүүнү өзүмдүн парзым деп билемин жана кылмышкердин өлүм жазасы 25-январда жарым күндө саат 12де асуу менен аткарылды».

Ошентип карапайым калк ичинен чыккан, табиятынан адилеттикти сүйгөн, боштондук күрөштүн батыры Мамыр Мерген уулунун кырк жылдык жашоосу кайгылуу бүткөн. Ушул жерден Кудаярханга каршы көтөрүлүштө «кандай да болсо анын зулумдугунан кутулуп, бейпил жашоого өтсөк»- деген мазмунда Түркстандын генерал губернаторуна кат жолдогон Мамыр Жетим хандын көтөрүлүшүнө кошулганбы? же жөн эле кошулду деп шектелгенби?- деген суроо жаралат. Аталган аймактардын эли да, Мамыр да Кудаярхандын эзүүсүнө караганда орус падышачылыгынын букарасында болууну каалашкандыгын жашырууга болбойт. Бирок, падышачылыктын атак даёк эёсеген айрым аткаминерлеринин түштүк урууларынын букаралыкка өтүү өтүнүчүн четке кагып, өрөөндү согуш менен басып алуу аракеттери анын да, элдин да үмүтүн талкалаган.Оторчул бийликтин саясатын аз да болсо көрүп калган Мамыр элдин шорунун арылбастыгына көзү жеткен сыяктуу. Эё башкысы анын эр жүрөктүүлүгү, өз элинин өзгөлөрдүн өкүмдарлыгында болуусун каалабагандыгы аны бул ирет да күрөшкө чыгууга түрткөн сыяктанат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×