Добавить статью
10:28, 17 апреля 2013 3355

Енисей жазма эстеликтериндеги мамлекеттүүлүк идеясы

2013-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын илим департаменти Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз элинин фольклорундагы жана жазуу эстеликтериндеги башкаруу маселелеринин чагылдырылышы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Биз, кыргыз эли:

- Азия чөлкөмүн мекендеген эң байыркы түптүү элдердин урпагыбыз, түрк маданиятынын түптөлүшүнүн башатында турганбыз;

- тарыхта өз улуттук тамгасын жараткан алгачкы элдердин бирибиз, дүйнө маданиятынын асыл кенчи болгон тең дешсиз улуу Манас дастанын жаратканбыз;

- кезинде байыркы кытай, араб, парсы, грек, тибет элдери менен өз ара достук мамиле түзүп, тең ата жашаганбыз жана тээ илгерки заманда эле өндүрүш маданиятын алгачкылардан болуп өздөштүрүп, коңшу элдерге темир эритип, чоюн уютууну үйрөтүп келгенбиз.

7-кылымда жазылган Енисей жазма эстеликтери аркылуу элибиздин жазма маданияты 1300 жылдык өтмүшкө ээ болот. Бул жөнүндө учурунда элибиздин залкар жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков да мындай деген: «Кыргызга таандык жана бабаларыбыз менен коңшулаш өткөн урууларга таандык болуп, ташка жазылган байыркы жазуулар, тамгалар бар. Кыргыз окумуштуулары дал ушул колдо бар байлыктарды, өзгөчөлүктөрүн, касиеттерин билгилик менен иликтеп-изилдөө иштерине ыйык кутка мамиле кылгандай сак, этиет, эң жооптуу кароого улуусунан кичүүсүнө чейин милдеттүү».

Енисей жазма эстеликтери өзүбүздүн ата-бабаларыбыз тарабынан жазылган тексттер катары өтө маанилүү. Түркиялык окумуштуу Эрхан Айдын белгилегендей «теңдешсиз, баасы ченемсиз бул жазма эстеликтердеги кичинекей гана маалымат коңшу элдер тарабынан берилген деталдуу, кенен маалыматтардай эле баалуу». Алсак, бул жазма эстеликтерде мамлекет эл деген сөз менен берилип, ыйык деген мааниге келген теңри сөзү менен сыпатталган. Демек, ата-бабаларыбыз мамлекет курган, анын маанисин терең түшүнгөн эл болгон. Мындан башка, Е 23 Чаа-Холь XI жазма эстелигинде өмүр баяны чагылдырылган бир атабыз «элим-жерим үчүн өлдүм» дейт! Урматына Е 42 Бай-Булуң I жазма эстелиги тургузулган жана Өз Тогды деген эр ат менен эскерилген бабабыз «Кайран, кандай өкүнүчтүү, (аны) эрдигимдин башы (башталышы) үчүн өлтүрдүм» деп өзү өлтүргөн адамга боору ачып, өкүнөт.

Е 1 Уюк-Тарлактагы жазууда:

1. Эсил кайран мамлекетимден, колуктумдан, элимден, кайрандарымдан, алтымыш жашымда (айрылдым, каза болдум).

2. Атым Эл Тоган Тутук. Мен ыйык мамлекетиме (кудайдын) элчиси элем, алты уруу элиме бек элем.

Е 2 Уюк-Аржандагы жазууда:

1. Досторумдан, уулдарымдан ажырадым (каза болдум).

2. Мамлекетиме (кызмат кылышка) жетиштим (тарбияландым).

3. Эр эрдигим, үйүм, аттиң ай.

Е 3 Уюк-Турандагы жазуу:

1. Ак өргөөдөгү ханышама, өрөөндөгү уулдарыма, аттиң ай, кайрандарыма, аттиң ай, тойбодум, (алардан) айрылдым, жакындарымдан, туугандарымдан, аттиң ай, айрылдым.

2. Алтындалган кемерди (наамды билдирген кемерди) белиме байладым. Ыйык мамлекетиме тойбодум, кайрандарыма, аттиң ай.

3. Мен Үчин Күлүг Тиригмин, ыйык мамлекетимде (элиме) кызматчымын.

4. Алтымыш үч жашымда (бул дүйнөдөн) айрылдым (каза болдум), Эгүк-Катун жеримден айрылдым.

5. Ыйык мамлекетиме, кымбаттуу уулдарыма, кандай (өтө) чебер уулдарыма, алты миң жылкыма,

6. калайык калкыма, атактуу туугандарыма, кайрандарыма, байкебайларым эрлерге, көп эрге, уул эрге, күйөө балдарыма, кыз-келиндериме тойбодум, кайрандарыма, аттиң ай.

Е 5 Барык I

(Менин атым) Өз Йиген Алп Туран. Алты уруу элден он алты (жашымда) мамлекетим-канымдан айрылдым (каза болдум).

Е 7 Барык III

Асмандагы күнгө, жердеги мамлекетиме тойбодум.

Е 10 Элегешт I

Каным-мамлекетимден, кайрандарымдан, аттиң ай, каным-мамлекетим кайран, айттиң ай, (алардан) айрылдым.

Уруңу Күлиг Ток Бөгү Теркенге атам бек эрдем үчүн бирге барды.

Калайык калкым кайраттан, мамлекет мыйзамдарын таштаба (бузба). Аттиң ай, кайран мамлекет-каным.

Мамлекетимдин урматына аскер болуп жоокерлик кылбаганым (калган) жок. (Мисалы) Чибилигде (болуп өткөн), бир согушта (душмандын) сегиз эрин өлтүрдүм.

Мамлекетимдин утушуна (жеңиши үчүн) азып калайын, айрылайын (каза болойун). Барс жылында эле. Жалкыйын (айрылайын).

Төрт аяк жылкым, сегиз аяктуу байлыгым (бар эле). (Ошондуктан) муңум жок эле.

Туугандарымдан, жакындарымдан, ыйык атымдан, аттиң ай, калайык калкымдан айрылдым, аттиң ай, мен!

Е 13 Чаа-Холь I

Ом Огдаш элиме кызмат кылдым, акылман өгеме (премьер-министриме) кызмат кылдым, туугандарыма кызмат кылдым, (булар менин) эр эрдемим.

(Мен) эр эрдемим (атуулдугум үчүн) мамлекетиме кызмат кылдым. Ыйык мамлекетимден, жакшы туугандарымдан айрылдым.

Е 14 Чаа-Холь II

Ыйык мамлекетиме, баштагы (бийликтеги) бегиме тойбодум, кайрандарыма.

Е 16 Чаа-Холь IV

Ыйык мамлекетиме, баштагы (бийликтеги) бегиме тойбодум, кайрандарыма. Төрт жашымда атасыз калдым (атамдан ажырадым).

Е 19 Чаа-Холь VII

Кутлуг Чигшимин. Айыгышкан согушта…

Калайык калкымдан, аттиң ай, кайрандарымдан, мамлекетимден, кайрандарымдан (айрылдым).

Е 23 Чаа-Холь XI

Эр эрдемим (атуулдугум), жерим (мекеним) үчүн өлдүм,

Ач то… Исиг Ынал мамлекетиме, бегиме тойбодум.

Отуз тогуз жашымда мамлекетим үчүн өлдүм.

Е 25 Означенное I

Мамлекетим, каным, кайрандарымдан айрылдым, алтын кемерден айрылдым.

Е 26 Очуры I

…а мамлекетиңиз үчүн иштеп өрөөн жана сарайлар, аттиң ай, кайран…

Е 27 Оя

Мамлекетиме тойбодум, кайран мамлекетим…

Уруум, элимден айрылдым.

Е 28 Алтын-Көл I

1. Жердеги барс тегиме (уруума), эрдемдүүлүгүмө (баатырдыгыма) тойбодум.

2. (Аң-улоодо кийик) атканда көзгө атар элеңиз, (күрөшүп) утканда күчтүү элеңиз, Элиг Бөрт Опа Барс, (сенден) айрылдым, аттиң ай!

3. Бабабыз Умай бегибиз биз бир тууган алп эрлердин денесин алты кылбадың (өлтүрбөдүң), күлүк аттардын денесин үч кылбадың (өлтүрбөдүң). Аттиң ай, күзөтчүлөрүмдөн, сакчыларымдан айрылдым, (аркы дүйнөгө) тандалып кеттим мен.

4. Он ай ташыды (көтөрүп жүрдү) апам, алып келди (төрөп берди) мамлекетиме. Эрдем (баатырдык) үчүн мен эрлештим (эрезеге жеттим).

5. Мамлекетимдин өкүтүнө калың жоого кайтпастан (качпастан) кол салып каза болдум, аттиң ай!

6. Инилериңизге, агаларыңызга инген жүгү оор кайгы, жүк түшүрдүңүз (жүктөдүңүз).

7. Эр эрдем (баатырдыгым) үчүн, ини-агаларым кудуреттүү болгон үчүн түбөлүк ташымды тургузушту.

8. (Биз) төрт бир тууган элек, бизди Эрклиг (жер асты кудайы) айырды, аттиң ай.

9. Алтун-Соңа черинин кийиги арт, (токойго батпай) ташы, (аткени, сени) ата турган Опа Барсым айрылып кетти, аттиң ай!

Е 29 Алтын-Көл II

Мамлекетимден төрт (жолу жортуулга) чыгып келдим, эрдемим үчүн Инанчу Алп Саңун (мен).

Е 30 Уйбат I

(Сиз) эрдик үчүн мамлекетиңен Кара Канга барып,

элчи (болуп) барып (кайра кайтып) келбедиңиз бегибиз.

Е 31 Уйбат II

(Мамлекети)нен үч жолу (жортуулга) чыгып келди.

(Согуш)та кайран эр эки уулу менен бирге өлдү.

Е 32 Уйбат III

… Ил Чор мамлекетине к… (кызмат кылды) эрдиги үчүн жоголду (каза болду).

Бир жашымда атакемден айрылдым. Атасыз бу… (чоңойсо да) кудуреттүү (болгон) байкебайым.

(Мен мамлекетимдин) уруңусу элем, ынанчу элем.

Мамлекетиме, каныма тойбодум. Эрлеримден, иниме-байкелеримден солдум (каза болдум).

Е 40 Ташеба

Эр (баатырдык) атым Анар Атач. Күн мамлекетимдин атагы бар. Алтын…

Е 31 Хемчик-Чыргакы

Мамлекет кызматына тарбиялаганым аскер талапкерлери жок. Эшим генералым кайда? Эр саноо не болот (ким аскерлерди тарбиялайт)?

Е 42 Бай-Булун I

Бир туугандарым, эрлер (мени) эңгиреп ыйлап жоктошту. Ийги таш, Кем дарыясы, түбөлүк жер Эңиндиме тойбодум.

Өз жерим, ыйык жерим кайрандарга (тойбодум). Кайран элим-каным, күн-ай анна эстигүн жерим эмне көрүнөт?

Е 43 Кызыл-Чыраа I

Элимден, уулдарымдан, аялымдан

Элимден кырк эки жашы(мда), кайранымдан (айрылдым, каза болдум).

Е 44 Кызыл-Чыраа II

Айыгышкан согушта баатырмын, качкан кийиктерде (атууда) мергенчимин. Ыйык мамлекетиме пайдам (душмандын) тогуз эрин өлтүрдүм.

Мамлекетим-каным, кайрандарга тойбодум. Күн-ай жаман абалда, аттиң ай,

Туугандарымдан-бир боорлорумдан, аттиң ай, айрылдым, кайрандарымдан, Йүз Күмүл элимден, аттиң ай, айрылдым.

Е 45 Кежелииг-Хову

Туугандарым-бир боорлорум, кайрандарыма, уулдарым, кыздарыма, ак-карам (асыл таш-бодо малыма), кайран жүз элүү эриме, кайрандарыма (тойбодум).

Е 46 Телээ

Мамлекетим, кайранымдан, ак өргөөдө ханышам кайранымдан (айрылдым, каза болдум).

(Мен) Эгүне Тутук эр эрдиги үчүн мамлекетиме кызмат кылдым.

Е 47 Сужи

1. Уйгур жеринен, Йаглакар кандан келдим.

2. Кыргыз уулумун. Буйла Кутлуг сот

3. мун. Кутлуг Бага Таркан Өгенин буйругумун (сотумун).

4. Атагым, бийлигим күн чыгышка, батышка

5. тийди. (жетти, жайылды). Бай, бардар элем. Мал короом он, жылкым сансыз эле.

6. иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Үйлөндүрдүм уулдарымды,

7. кызымды (турмушка) калыңсыз бердим. Устатыма жүз эр, турак бердим.

8. Жээндеримди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. К…

9. Уулдарым, эрлердин арасында устатыбыз сыяктуу болгула, канга кызмат кылгыла, кайраттангыла.

10. Улуу уулум с…а (согушка) барды (кетти).

11. (Ошондуктан, аны) көрбөдүм р… м уул.

Е 48 Абакан

Эрдемдүү мамлекетинде тойбоду, Төлес Алп Тутук байкесине тойбоду мыкты теркен кайран, аттиң ай, кандай кайгы.

Е 50 Тува Б

Ыйык каным-мамлекетим, кайрандарымдан айрылдым.

Төрт тууганым кайрандардан айрылдым.

Е 51 Тува Д

1. (Менин) эр атым Көк Тириг. Кайрандарымдан, туугандарымдан, кайрандардан, уулдарымдан, аялымдан айрылдым,

2. мамлекетим-канымдан, кайрандарымдан, эр эрдемим, Токуз Огдамдама жерим, кайрандан,

3. жети ич (тууган) досумдан, кайрандардан, курдаштарымдан, кайрандардан (айрылдым).

4. Досторум, кымбат баалуу эмне? (Мен өлтүргөн) алты эр(ге таандык) балбалдар.

Е 53 Элегешт III

Мамлекетимден беш жолу (жортуулга) чыгып-келдим, эр эрдемим үчүн.

Бег Таркан Өге Тиригмин. Кайран мамлекетим-каныма тойбодум.

Е 59 Хербис-Баары

Мамлекет аскери үчүн үч туткун эрди кол(го түшүрдүм).

Мамлекетим-каныма, асман сыяктуу (ыйыктар)ыма, аттиң ай, тойбод(ум).

Эркек туугандарым, үч жакыным, кыз (ургаачы) туугандарым, үч жолдошума тойбодум, (бул) кандай муң!

Е 63 Ортаа-Хем

… мечин (маймыл) жылы мамлекетимден (айрылдым).

Е 68 Эл-Бажы

(Мен) мамлекетте кадырлуу адам сыяктуу элем (кадыр-барктуу элем).

Мамлекетиме бирге өлгөн эр (мамлекетим үчүн өлгөн эр),..

(Абалы) начар мамлекеттин кымбаты элем, алп элем.

Е 70 Элегешт IV

(Мен) Күлиг Чигши, Уруңу Чигши мамлекетиме…

тө(рт) уулум, ханышама тойбодум.

…жыйырма жашта мамлекетиме (кара болдум, эрезеге жетип эр ат алдым).

Е 73 Ийме I

Ыйык мамлекетиме, эр эрдемим (эр эрдигимдин) үчүн (аркасында) Уйгур кандан (согушуп) бери келдим,

Ыйык мамлекетте төрөлүптүрмүн. Мамлекетимде көтөрүлдүм (эрезеге жетип, чоңойдум).

Е 91 Демир-Суг

(Мен) Саңун Тутукмун. Кудуреттүү (болгонум) үчүн (мамлекетим жана каным сенин) мыйзамдарыңды аткардым.

Е 96 Хемчик-Бом I

Он жети жашымдан (баштап) жортуулдадым (жортуулга чыга баштадым). Мамлекетиме тойбодум,

кырк эриме тойбодум, улууларыма, кичүүлөрүмө (улуу-кичүү жакындарыма) тойбодум.

журт…

Е 100 Баян-Көл

Мамлекетимдин урматына төзүмдү (колдоочу тотемимди) таптым. Атам, акылман бегим тапкан кырк кудуреттүү … тууганымды таштабадым (колуман чыгарган жокмун).

Каным-мамлекетим, аттиң ай, кайрандарыма, кандай өкүнүчтүү, тойбодум.

Е 108 Уюк-Оорзак I

Мамлекетиме тапканым (пайдам), эрдемим (эрдигим), (душмандын) он беш эрин өлтүрдүм.

Е 110 Уюк-Оорзак III

Ыйык мамлекетим, Алтай йабгусу (башкаруучусу), ханышам, уулдарым, кайрандарыма (тойбодум).

Ыйык мамлекетимден (айрылдым).

Е 147 Ээрбек I

1. Он жети жашымда мен ыйык мамлекетиме кара болдум (эр ат алып эрезеге жеттим), (бирок, ага) тойбодум, аттиң ай, (муну) эске тут.

2. Ак өргөөдөгү ханышама тойбодум, аттиң ай, кандай муң, өрөөндөгү уулдарыма тойбодум, аттиң ай, кандай муң.

3. Балалык атым Йерлиг Чор. Ыйык мамлекетимден (жортуулдарга бир канча жолу) чыгып-келдим. (Ошентип алган эр атым (баатырдык атым) болгон) Төлес Алп Тутук атыма тойбодум.

4. Көк теңирде кайран күн-ай (бар) экен, күрөң жерде кайран мамлекет-кан (бар) экен, тойбодум, аттиң ай, кайрандарга.

5. Мамлекетиме, калкыма тойбодум, аттиң ай, кайрандарыма, улууларыма-кичүүлөрүмө (улуу-кичүү жакындарыма) тойбодум, аттиң ай, кайрандарыма.

Е 149 Ээрбек II

Күрөң жердеги мамлекетим-каныма, кайрандарыма, аттиң ай,

туугандарыма, аттиң ай, кайрандарыма, тойбодум, аттиң ай.

Так төбөдө (кылда чокуда, өмүрүмдүн так толгон учурунда согушта жолдошторум менен) бирге түгөндүм (каза болдум).

Е 152 Шанчи II

Өз мамлекетин баштап ээрчитти (башчы болду). Мамлекетим элчилигине жүрүп (жолго чыгып), Бешилке жеттим, эр эрдемим (эрдигимдин) үчүн (аркасында)…

Жериме-суума (мекениме), кайрандарыма,

элиме, кайрандарыма (тойбодум).

Е 24 Хая-Ужу

Каным мамлекетимдин түбөлүк ташы (эстелиги) Кара-Сеңирде.

Е 38 Ак-Йүс

Мамлекетим-канымдын мыйзамдарын бул жерге орноттум.

Е 39 Кара-Йүс

Ач (элинин) аскер баңы (башчысы) анттуу (антын тутуп) өл(дү).

Эшитмейинче (укмайынча) барып Ач (эли) арасында (ким тартип орнотот).

Түбөлүк аска…

Андай (деп эшитип (угуп), Бай атам мамлекетти жаратып (тартипке салып), мамлекеттин көп баатырлары (жоого даяр болду).

Е 131 Колодон жасалган ат кеп

Мамлекетим

Енисей жазма эстеликтери деп аталган жазма эстеликтер азыркы кыргыздардын, алтайлардын, хакастардын, тувалардын ата-бабалары болгон Енисей кыргыздарына таандык.

Енисей жазма эстеликтери байыркы көктүрк жазуусу менен жазылган Монголиядагы Орхон, Кыргызстандагы Талас, Кочкор, Орто Азиянын, Чыгыш Европанын аймактарындагы башка жазма эстеликтер менен бирге түрк тилдүү элдердин дүйнөлүк маданиятка кошкон чоң салымы, алардын Орто кылымдарда цивилизация деңгээлине көтөрүлгөн саналуу элдердин бири экендигин көрсөткөн олуттуу далил.

VII-X кылымдардын аралыгында жазылган Енисей жазма эстеликтеринин жалпы саны 184кө жеткендиги айтылганы менен ар кандай китеп, макалаларда тексттери жарыяланып, үстүндө илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн 150 гана жазма эстелик белгилүү.

Енисей жазма эстеликтерин мазмундук жана материалдык өзгөчөлүктөрүнө карай төмөнкүдөй кылып бөлүүгө болот:

а) Күмбөз таштардын бетине жазылган эпитафиялык мүнөздөгү жазма эстеликтер. Саны 100.

б) Руна сымал жазуулар. Саны 2.

Пайдаланган адабияттар: Усеев Н. Енисей жазма эстеликтери I лексикасы жана тексттер. Бишкек.: «Турар», 2011.

Жазма эстеликтердеги жогорудагы ойлордон кийин төмөнкүдөй тыянакка келүүгө болот.

Биринчиден, ошол доордогу адамдар үчүн амлекеттүүлүктү куруу, сактап калуу, коргоо – эң негизги идея болгон. Экинчиден,мамлекет «эл» деген түшүнүк менен бирдей каралган. Башкача айтканда мамлекет болсо эл болот.

Үчүнчүдөн, бир тууган, үй-бүлө жана урук-тууган мамилеси мамлекеттен бийик турган эмес. Тескерисинче, мамлекеттин келечеги үчүн алар дайым курман болгондугу көп айтылат.

Төртүнчүдөн, жылкы, күлүк аттардан ажырагандыгы айтылат. Бирок жылкы – мал-мүлк катары эмес, согушта эң керектүү жандык (же курал) катары сүрөттөлөт.

Бешинчиден, мал-мүлк, оокат-дүйнө эмес, улут үчүн эң зор байлык – бул элдин эркиндиги экендиги айтылат. Эл эркин мамлекет учурунда гана бактылуу боло алат деген тыянак ой айтылат.

Демек, бул айтылган ойлор азыр XIII кылымдан кийин да актуалдуу жана сабак болот.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты, саясат таануу илимдеринин доктору

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×