Добавить статью
7:46, 30 апреля 2013 68036

Сужа жазуусу жана Кыргыз каганатынын мамлекеттик-бийлик жүргүзүү титулдарынын чагылдырылышы

Бул макала Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-апрелинде өткөн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын илим департаменти Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз элинин фольклорундагы жана жазуу эстеликтериндеги башкаруу маселелеринин чагылдырылышы» аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын алкагында даярдалган.

Бүгүнкү Минуса ойдуңунда же Ортолук Енисейде (Хакас Республикасынын аймагы, Россия Федерациясы) коло доорунда эле мамлекеттин алгачкы белгилери болгондугун изилдөөчүлөр белгилеп келишет. Окуньев, Тагар, Салбык маданияттары жана ага байланыштуу эстеликтер бул аймакта мамлекеттик бышык башкаруу, сакралдуу бийлик болгондугун тастыктайт. Саха-якут тарыхчысы В.Ушницкий Енисейдеги Кыргыз каганатын Сибирдеги жападан жалгыз борборлошкон мамлекеттик бийлиги бар өлкө болгондугун баса белгилейт. Чындыгында эле, теги мангыттардан чыккан Сибирь хандыгын эске албаганда (1468-1607 жж), Ортолук Енисейдеги жана Борбор Азиядагы Кыргыз каганаты борборлошкон мамлекеттик башкаруу системасы калыптанган мамлекеттерден болгондугу анык.

Кыргыз каганатынын административдик-башкаруу системасы, өлкөнү башкаруунун салттары көөнө доорлордон бери карай калыптанган эволюциялык жол менен өнүгүп келди. Мамлекеттик-башкаруу терминдери жана ага негизденген титулдар илимде социалдык детерминативдер деген ат менен белгилүү. Социалдык ар кыл топтордон турган мамлекетти негиздөө, калыптандыруу, башкаруу-тескөө аппараттарын кармап туруу, аны өнүктүрүү аскердик-административдик башкаруу системасындагы өтө татаал, ары ар дайым мамлекеттик камкордукту, көзөмөлдү талап эткен маселелерден болгон. Согуштук-саясий кырдаалдардын бат пайда болуусу жана анын өзгөрүп туруусунан улам, мамлекеттик башкарууну аскердик нукта кармап туруу мезгилдин талабы болгон. Мамлекеттик бийликтин кызмат (аскердик-административдик) орундарындагы иерархияга (мамлекеттик башкаруу системасындагы кызмат тепкичтери) өтө катаал көзөмөл орнотулган. Кандайдыр бир титулга ээ болуу, саясий жана мамлекеттик башка кызматтарды алуу коомдо орун алган көп жагдайларга жана шарттарга байланыштуу болгондугу маалым. Титулдар жана мамлекеттик ж.б. кызматтар өлкөнүн (кагандын) алдындагы сиңирген өзгөчө кызматы үчүн тектүүлүгүнө, аскердик, башкаруучулук жөндөмүнө ж.б. сапаттарына карата берилген. Бул белгилер адамдын коомдогу ээлеген социалдык статусун да көргөзчү. Титулдар, наамдар ж.б. мамлекеттик кызмат орундары аркылуу Кыргыз каганатынын мамлекеттик-саясий структурасын, административдик-аймактык түзүлүшүн, башкаруу принциптерин, өлкөнүн калкынын социалдык катмарларынан, топторунан, чарбалык укладдарынан ж.б. кеңири маалыматтар алууга болору анык. Рангалар, наамдар (өзгөчө аскер наамдары), аскердик-административдик кызматтар адамдын өлкөдөгү бийлик системасындагы ээлеген ордун чагылдырган.

Байыркы жана орто кылымдардагы Кыргыз каганатындагы социалдык терминология кыргыз коомундагы башкаруу системасынын дифференциялашуусун чагылдыруу менен бирге, ар түрдүү функцияларды аткарган коомдун мүчөсүнүн саясий иеархиядагы, административдик-башкаруу системасындагы ээлеген ордун, аскердик наамын, динияттык жана граждандык кызмат абалын айкындап турган. Мисалы, Кыргыз каганатындагы айрым ири мамлекеттик-аскер ишмерлери бир нече титулду (Сужа эстелигиндеги Бойла Бага Тарган титулу ж.б.) алып жүрүшкөндүгү тарых илимине маалым. Ошол эле учурда кызматтык бир иерархияда турган адам экинчи иерархиядагы кызмат абалына ээ боло албай турган учурлар да кездешет. Айрым кыргыз титулдарынын грамматикалык мааниси жагынан чечмеленишинде чет элдик, өзгөчө кытай, фарси ж.б. тилдерден келип кирген терминдер да болуусу ыктымал. Аларды кыргыз тилине таптакыр жат, сырттан келип кирген лексика катары караганга болбойт. Тескерисинче, мындай ой бир чети илимий негизсиз тыянак да болуп калат. Анткени, мамлекеттик-башкаруу терминологиясы, өзгөчө аскер терминдери интернационалдуу, туруктуу консервативдүү мүнөзгө ээ. Өз учурунда кошуна элдердин лексикасында кыргыз ж.б. түрк тилдүү элдердин терминдери да арбын колдонулганы илимге белгилүү. Айтмакчы, кыргыз, түрк, уйгур ж.б. элдердин, уруулардын Кытай династияларына мамлекеттик ж.б. элчилик сапары менен келген өлкө башчыларына, мамлекеттик чиновниктерине, аскер адамдарына кытай императорлору ар кандай даражадагы титулдарды ыйгарганы маалым. Атайын даражаларды ыйгаруу чыгыш элдеринин мамлекеттик-башкаруу системасында кенен таралган дипломатилык протоколдун маанилүү бөлүгү болгон.

Мында Кыргыз каганатынын (б.з.VI-XIII кк.), енисейдеги Кыргыз мамлекетинин (VI-XIII кк.) административдик-башкаруу системасынын курулушу, убактылуу кызматтык жана өмүр бою ыйгарылган титулатурасынын айрымдарына, алардын түпкү маанилери жөнүндө сөз болот.

Сужа жазуусу орто кылымдардагы кыргыздарга таандык экендигинде шек жок. Чындыгында эле, байыркы эпитафиялык жазуу эстеликтеринин ичинен Сужа жазуу эстелигиндей тарыхнаамалык мааниси бар булактар сейрек кездешет. Жазма эстеликтин кыргыз тили, тарыхый лексикасы үчүн мааниси өтө зор. Арийне, жазма эстеликтен кыргыз аскер башчысынын (сангуну) керээзи гана айтылбастан, кыргыз коомундагы мамлекеттик түзүлүштүн формасы, социалдык алакалары, үй бүлөлүк мамилеллер, чарбалык уклады, диний ишенимдери чагылдырылат. Илимге «Сужа жазуусу» деген ат менен кирип калган бул эстелик Г.Рамстедт тарабынан 1900-ж. Монголиядагы (Батыш Монголия) Ургадан Ханду-Ванг монастрына кеткен жолдогу Сужа-Давань деген жерден табылган. Сужа-Давань бөксө тоосу Ар-Ашату тоосуна жакын жайгашкан Долон-Худук деген жерге ыктай жайгашкан. Жазуу эстелиги 11 саптан турат. Жазуунун тогуз сабы төмөндөн жогору карай оңдон солго карай чегилген. 10 жана 11 саптары негизги жазуудан төмөнүрөөктө жайгашып, ийри жазылган текст оңдон солго карай чегилип түшүрүлгөн. Эстеликтеги рундардын жалпы саны 259 (260) рундан турат. Бул жазуу эстелигинен Кыргыз каганатында белгилүү болгон буйрук, бага, тархан, бойла титул-терминдерине тарыхый-лингвистикалык аныктама берүүгө аракет жасалат.

Буйрук (Buiruk) же буйруктар - Кыргыз каганатындагы административдик-башкаруу системасындагы кызматтык функцияны аткарышкан. Түрк каганаты үч «ичкерки» жана алты «сырткары» буйруктарга бөлүнгөндүгү маалым. Кытай жыл баяндарында бул административдик-башкаруу мансаптары министрликтер, тутуктар же жер-жерлердеги мандаты бар башкаруучулар деп жазылган.

Тарган (Tarqan) - Кыргыз каганатындагы жогорку мамлекеттик-башкаруу титулу, үлкөн таасирдүү кызмат даражасы, наамы, коомдогу өзгөчө укуктарга ээ болгон аскердик сословиени (кыргыз коомундагы өзгөчө социалдык катмар) аныктаган. Таргандар (Тархан) кыргыз коомунда өзгөчө социалдык статуска ээ катмар. Бул термин же башкаруу институту кийинчерээк Чынгыз-хан жана анын мураскорлору түптөгөн мамлекеттик-башкаруу системасында (XIII-XIV кк.) да кабыл алынып, колдонулгандыгы маалым. Кыргыз тилинде: 1. Согуштук куралдарды жасоочу уста; өтм. мааниде: Ардактуу, касиеттүү, ыйык, кадырлуу, сыймыктуу дегенди туюнтат. Монгол тилинде төмөнкү манилерде чечмеленет: Дархан. 1. Уста, устакана: Дархан 1. ыйык, аяр, кол тийбес; 2. тарых. Мамлекеттин алдында аткарылуучу ар кандай милдеткерликтерден бошотулган эркин адам. Бул мамлекеттик-башкаруу титулу, бийлик мансабы кыргыздарда эрте орто кылымдардан эле белгилүү болгон. Сужи-Давандагы (азыркы Монголия) кыргыз жазуу эстелигинде:«…Мен кыргыз баласымын, буйрукмун, Бойла Бага Тарганмын…» – деген маалыматтар бар. Бул титул Түрк каганатында да (VI-VII кк.) белгилүү болгон. Кыргыз кагандарынын өргөөсү жайгашкан Уйбат өрөөңүндөгү (Хакасия) үчүнчү кыргыз эстелигинде: “…Теңирим жалгады (колдоду), калың журтуму, үч уулуму көрбөдүм, мен Тархан Сангунмун, мен Эл-Чур (Чор) элинин пайдасы үчүн күрөштүм…”-деген маалыматтар бар. Дархандар орто кылымдардагы монгол хандарынын сарайында «кол тийбес укугуна ээ болушкан (Чареков 1990,73; Жанузаков 1982,136). Байыркы түрк доорунда темир уста бир эле учурда шамандык жана кагандык милдетти аткаргандыгын аныктаган фактылар бар. Бул мисал темир устанын коомдогу ээлеген ордун чагылдырган. «Манас» эпосунда даркан деген эпизоддук кейипкер, белгилүү уста баяндалат. Эпостун айрым варианттарында Манас үчүн Даркан ак болоттон кылыч жасап берет. “Tarqan” – таанымал чыгыштаануучу Э.Пуллиблэнктин пикиринде титул катары эзелки хунну доорунан эле белгилүү болгон. Чындыгында эле, Кытайдын Хань династиясынын доорундагы хуннулардын «шаньюй» титулу кытай транскрипциясындагы «“tarqan” маанисине дал келет. Демек, «тарган» (“tarqan”) термини оболу «уруу бирикмесинин башчысы», «мамлекеттин жетекчиси» деген маннини туюнтат. Терминдин кытай тилинен келип чыгышын изилдөөчүлөр «ta-t-» -«көп билген»,»көп окуган» маанисине байланыштырышат. Башка түрк тилдүү эстеликтерде Apa Tarhan, Altun Tamgan Tarhan, Alp Tarhan, Hazar Tarhan, Ton Tarhan ж.б. маалыматтар бар. Монголиядагы Кошо-Цайдамдагы түрк кагандарына багышталып тургузулган эпитафиялык таш эстеликтеринде Тоңйокук «бойла бага тарган», ал эми Мочжо жана Дусифу «шад жана ябгу» титулдарына ээ болушкандыктары чагылдырылат. Этностук жана топонимикалык аталыштар катары Дархан (Тархан) кенен аймактык ареалды кучагына камтыйт. Тарган (Тархан) деген аталыш адегенде байыркы булган (болгар) урууларынын курамынан, ошол эле уруулук конфедерациядагы аристократиялык уруу катары белгилүү болгон. Айрым изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде этногенетикалык жактан «тархан» этнонимии дунай болгарлары, венгр, волгалык болгарлар, чуваш жана башкырлардын ортолугундагы этностук байланыштарды чагылдырат. Этникалык аталыш «дархат» формасында ордостук монголдордо, казактарда жана туваларда, «дархан» вариантында бүгүнкү түркмөн жана башкырлардын уруулук курамынан кездешет. Ал эми чынгыз-хандын доорундагы монголдордо жана Алтан-хандардын тушунда таргандар өзгөчө сиңирген кызматы үчүн эркин көчүп-конуу укугуна ээ болушкан. Монгол чөйрөсүнө булл социалдык термин, мансап абалы кошуна жашаган кыргыздардан кабыл алынуусу толук мүмкүн. Жогоруда келтирилген айрым мисалдардан «дархан» сөзүнүн баштапкы мааниси «эркин», «кол тийбес», «милдеткерликтен бошотулгандар» дегенди түшүндүрөт деген тыянакка келүүгө болот. Демек, булл термин байыркы кыргыз коомундагы салыктан бошотулган, каганга жакын, эркин аскер адамдарынын өзгөчө катмарын (сословиесин), туруктуу аскер бөлүктөрүнүн мүчөлөрүн түшүндүргөн. Дархан – көл кылаасындагы айылдын аталышы катары да маалым.

Бага (Baga) - Кыргыз каганатындагы аскердик-административдик башкаруу титулу катары маалым болгон. Бул титул кыргыз жазуу эстеликтеринде “baga” формасында кездешип, белгилүү бир аймактын акими, башчысы, кагандын наместниги, губернатору деген маанисин туюнткан Сужин-Давандан (азыркы Монголия) табылган кыргыз жазуу эстелигинде «Мен кыргызмын, мен Бойла Бага Тарганмын…»-деген маалыматтар катары илимде белгилүү. Өөк Тарлактагы (Тува) кыргыздарга таандык жазуу эстелигинде: «…Атым Эл Туган Тутук. Мен теңри элимке элчи эртим, алты баг будунгка бек эртим…»-деген маалыматтар бар. Бул маалыматтан “бек Эл Туган Тутук” бир аймактын жетекчиси, кагандын элчиси экендигин байкоого болот. Барлыктагы (Тува, Элегест) эстеликте: «…Йигин Алп-Туран алты баг будунда үч жыйырма (23) жашымда адырылдым (айрылдым)…» - сыяктуу баалуу маалыматтар кездешет. Илтереш-кагандын өз амири менен Тоңйокукка («Юан-Чжэнь») «бойла бага тарган» деген титул ыйгарганы малым. Жазма ж.б. булактардан орто кылымдардагы Кыргыз мамлекети административдик-аймактык жактан алты бирдикке («баг») бөлүнгөндүгү тууралу даректүү маалыматтар бар. Бүгүнкү Өөк-Тарлактан (Тува. Е.1.) табылган кыргыз эстелигинде: «…атым Эл туган Тутук бен (мен). …алты баг будунгка (элге, журтка) эр(тим) – деген саптар бар (Памятники… -Вып. III, 8-9). Багачы – кыргыздын мунгуш, моґолдор урууларынын курамдарындагы уруктар катары белгилІІ.

Бойла - Кыргыз мамлекетинин байыркы жана орто кылым доорлорундагы мамлекеттик-башкаруу титулу. VII к. таандык түрк жазуу эстеликтеринде Тоңйокуктун (Тонюкук) демилгеси менен Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тоңйокук “бойла бага тархан”, ал эми Мочжо жана Дусифу деген кенже инилери “шад”, “ябгу” (“жабагы”) наамдарына ээ болушкан. Демек, “бойла бага таркан” кагандын башкы кеңешчиси, иш башкаруучу баш министр, бүгүнкү мамлекеттик-башкаруу аппаратынын жетекчиси титулуна дал келген. Арийне, Монголиянын Сужа-Давань деген жеринен табылган (Сужа жазуусу) рун сымал кыргыз жазуу эстелиги өтө баалуу тарыхнаамалык мааниге ээ. “…Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакар-ханды жаа менен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун (перзентимин). Мен Бойла Кутлуг Тарганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн (буйругун) аткаруучумун. Менин даңкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду. Менин ондогон айылым, сансыз мал-жаным бар эле. Жети кичүү инилерим, үч уулум, үч кызым бар эле. Уулдарыма чарба, мал-жан, энчи бөлүп бердим, кыздарымы калыңсыз күйөөгө узаттым... Демек, Кутлуг Ярган (таркан) - кыргыз аскер башчысынын энчилүү атын, ал эми “бойла” термини титулду аныктайт. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Тарган (Тархан) кыргыз тартибинин Борбордук Азиянын аймактарына орношуна жетекчилик кылган.

Тутук (Tutuq) – Кыргыз каганатындагы (V-XIII кк.) аскердик-административдик титул. Изилдөөчүлөрдүн тыянактарында терминдин келип чыгышы кытай тилиндеги tutuk chin - «генерал» маанисиндеги берилиши илимий негиздүү. Башка илимий булактарда Tutuq - «аймактын аскердик башкаруучусу» маанисинде чечмеленип жүрөт. Титул-компонент катары антропонимдерге (адам аттары) жалганып айтылат: Abak tutuk, Alp tutuk, Begu tutuk, Tutuk Beg ж.б. Өөк Тарлак деген жерден табылган (Тува) кыргыз эстелигинде: «…Атым Эл Туган тутук (tutuk) мен теңири элимке элчиси эртим, баг будунка бек эртим…» деген маалыматтар бар. Чаа-Көлдөгү (Тува) төртүнчү эстеликте: «…Мен Алп Уруңу Тутукмун, өргөөдөгү канышам, эки уулумдан, жалгыз кызымдан алыстадым (айрылдым), ал эми Означенная кыштагынын жанынан 1847-ж. табылган кыргыз эстелигинде: «…Канышаман, курдашыман айрылдым, муңайып жоого кирдим. Күчтүү Күл Тутук сизден айрылдым, элим, каным сиздерден айрылдым, алтын кештен (кемер) айрылдым» - деген маалыматтар бар. Эң кызыктуусу, Барлыктагы экинчи эстеликте:«…Мен Күнү Тирик, үч жашымда атасыз калдым, мени даңктуу тутук (Tutuq) агам киши кылды, тарбиялады, өргөөдөгү канышамдан, өз энемден, эжелеримден айрылдым» – деген маалыматтар баалуу. Ал эми, Кежилиг-Хобудагы (Тува) эстеликте:«…Эр атым Шубуш Инал, өз атым Күмүл Өгө. Беш жашымда атадан, он тогузумда энемден айрылдым. Эр жетип, отузга толгондо мамлекеттик (каганга) кызматка кирдим. Кырк жыл мамлекеттик Тутук катары журтумду башкардым, тышкы душманды жоолодум, жеңдим…»-деп жазылганы илим үчүн маанилүү. «Өгө» - кадимки эле өгөнү туюнтат. Мисалы, Күмүл өгөө деген энчилүү кыргыз адам аты. Бул маалыматтар кыргыздардын мындай маанидеги атайын эскертүү жазуулары бар эстеликтер мамлекеттин (кагандын) алдында өзгөчө эмгеги сиңген адамдарга гана арналып тургузулгандыгын айкындайт.

Күлүк (Kulug) – мамлекеттин маанилүү башкаруучуларынын, аскер башчыларынын, кагандардын жакын тууган-туушкандарынын энчилүү аттарына жалганып айтылган. Бул терминдин баштапкы мааниси Kulug - “атактуу”, “тектүү” деген маанини туюнткан. Кемчик-Хая Бажыдагы (Тува) аскадагы жазууда ошол доордогу кыргыз Анның аттуу битигчинин (тамгачы, жазгыч, сабаттуу адам) жазгандарынын мазмунунда: “…Ынанчу Күлүк Чигши Бек Кара Сеңирдеги эрдигим үчүн алты баг (аймак) элди, кыштымдарды (баш ийген элдердин аталышы) башкардым… Сангун Бөдбү бул аймактын мыкты башкаруучусу, Кыргыз каганы аркылуу жазылды…”-деген саптар бар. Бул маалыматтардан аталган мамлекеттик ишмердин көзү тирүү мезгилинде алган мансап наамдарын, даражаларын да байкоого болот. Кызыл-Чыраадагы (Тува) экинчи эстеликте:“…Учүн Күлүг Тириг(к) уулумун, Күлүк Туганмын. Теңир колдогон өлкө (мамлекет) үчүн тогуз эр (баатыр) өлтүрдүм…”- деген саптар бар (6; 187). Жазуу эстеликтеринен төмөнкү энчилүү аттарды (наамдарды) байкоого болот: Az kulug, kulug Chigsi, Kuluk Inanch Sachu Sangun, Kuluk Tiriq, Kuluk Tutuk, Kuluk Urungu ж.б. Маалыматтар титул-терминдин байыркы Кыргыз каганатынын аймагында кенен таралган мамлекеттик-башкаруу титулу, ошону менен катар мансап ээлерине түбөлүк ыйгарылуучу энчилүү ат, антропокомпонент болгондугун тастыктайт.

Кашка – Кыргыз каганатындагы, андан кийинки енисей кыргыздарынын мамлекеттик башкаруу системасындагы титулу. Илимий адабияттарда «кашка» сөзүнүн бир мааниси «уруу башчысы», «жол башчы» дегенди туюнтат, Кашка. 1. Уруу башчысы, уруунун жол баштаган акылманы, көсөмү; өтм. Өткүр, тартынбаган, тайманбаган. Енисей кыргыздарында «кашка» князь титулу менен дал келген. Болжолу бул титулду хан тектүү уруу башчылары алып жүргөн. Мисалы, Магнай Кашка, Курбан Кашка, Мерген Кашка ж.б. Ойрот мамлекетин негиздеген, теги кыргыздардан чыккан башкаруучунун аты Гүйлүчү кашка (Мунке Тэмур) деп аталганы илимде белгилүү. Бүгүнкү хакастардын (хакас-качиндер) курамында «хасха» этноними белгилүү. Ошону менен бирге «хасха хыргыс», «хасха пүрүт», «хасха пүүр», «хасха иргит» сыяктуу хакастардагы тектүү уруу (сөөктөр) белгилүү. «Кашка» титулу енисей кыргыздарынын мамлекеттик-башкаруу системасында кеңири колдонулгандыгын тастыктаган маалыматтар бар: «Енисей кыргыздарынын кому социалдык жиктелүүдө байыртадан эки катмарга бөлүнүшкөн. «Хасха сөөк – ак сөөктөргө (башкаруучу, аристократиялык уруу) – кыргыздар, ал эми «пора сөөк» же боз сөөк дегендерге кыргыздарга түбөлүк салык төлөөгө милдеттүү болушкан «кыштымдар» же көз каранды элдер (түндүк, түштүк алтайлыктар, шорлор, тувалар, хакастардын айрым этнографиялык бөлүктөрү ж.б.) киришкенин ырастарында шек жок. Түрколог Т.Абдракунов да өз иликтөөлөрүндө “кашка” титул-этноними тууралу бир топ кызыктуу пикирлерди айткан. Кыргыз урууларында “кашка” титулу жалганып айтылган урук аттары да кездешет. Мисалы, онтогор кашка (саруу), эрке кашка (мунгуш), чулум кашка (төөлөс) ж.б. Кашка – басыз, сары багыш, тейит урууларынын курамдарынан урук аттары катары кездешет. Шорлордун ж.б. элдик оозеки чыгармаларында “хашхалар” тулкусу жаныбар сыяктуу болгон мифологиялык эл катары чагылдырылат. Бул маалыматтар кыргыздардын Саян-Алтай аймагында узак убакыттар бою үстөмдүк абалды ээлегендигинен кабар берери бышык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×