Добавить статью
3:07, 14 мая 2013 45076

VII-VIII кылымдарга таандык кыргыз тарыхындагы көз жаздымда калган өзөктүү тарыхый маалымат

Эсен уулу Кылыч, тарыхчы, түрколог,

Капалбаев Октябрь т.и.к., доцент;

Абдырахманов Төлөбек т.и.д., профессор.

Кыргыздардын Батыш Тянь-Шанга алгачкы келиши тууралуу маселелер тарыхчыларды, айрыкча кыргыз таануучуларды такай кызыктырып келген. Бирок азыркы мезгилге чейин окумуштуулар IX-X кылымдарга чейинки кыргыздардын Батыш Тянь-Шанда жашагандыгын тастыктаган ишенимдүү далилдерди жана булактарды сунушташа элек. Жада калса бул маселенин тегерегинде илимий божомолдор дагы кездешпейт. Ошол эле учурда VIII-IX кылымдарда жана XI-XII кылымдарга чейин Кыргызстандын аймагында жашаган кыргыздардын кайсыл бир тобун тастыктаган тарыхый (жазма) булактар бар экендигин белгилеп кетүү керек. Кеп, Тан дооруна таандык (VII-X кк.) Батыш чектери түшүрүлгөн уникалдуу кытай картасы тууралуу жүрүп жатат.

Батыш чектер – байыркы кытайлар өз мамлекетинин батыш жагында жайгашкан жерлерди ушундай деп аташкан. Тан доорунда (VII-X кк.) Батыш чектеринде жашаган түрдүү элдердин жана мамлекеттердин жайгашкан жерлери белгиленген Тан мезгилине таандык карта бар. Ал картада кыргыздардын кайсыл бир тобу белгиленген. Жайгашкан жери Алтайдын түштүк-батышында, Или дарыясынын түндүгүндө, Чумугунь Батыш түрктөрүнүн жанында болгон. Бул кыргыздардын тобу ташлыктардын батышында, карлуктар белгиленген жердин чыгышында жайгашкан. Тянь-Шань тоосунун батыш кыркаларынын түндүк жагында, кыргыздардын түштүк жагында карлуктар көрсөтүлгөн. Бейжин (Бейтин) түргөштөрдүн түштүк-чыгышында орун алган.

Ташлыктардын түндүк-чыгышында (чыгышка жакыныраак) Мэулолор (Булагдар) болушкан. Чигил уруусу Булагдардын жана Ташлыктардын ортосунда турат. Чигилдер менен Ташлыктардын ортосунда Карлуктар белгиленген. Батыш түрктөрүнүн Ашина тобунун түндүк-батышында Алтай тоолору жайгашкан. Түргөштөр Чуми уруусунун түштүк-батышында (түштүккө жакын) көрсөтүлгөн. Булагдардын түштүк-чыгышында (түштүккө жакын) Ашина Хэлу уруусу орун алган. Чуе уруусу Ашина Хэлу уруусу менен бирге түштүк-батышта турушкан. Түргөштөрдүн түштүк-чыгышында (түштүккө жакын) Чубань уруусу жайгашкан. Чубань уруусунун түштүк-чыгышында (чыгышка жакын) жана Ашина Хэлу уруусунун түштүк-батышында (түштүккө жакын) Иву(Иу) уезди (Карашар) көрсөтүлгөн. Илинин түштүк-батышында (түштүккө жакын) Выньсу аймагы (Вэнь-су чжоу) белгиленген. Алардын ортосундагы аралык болжолдуу түрдө Илиден кыргыздарга чейинки аралыктан эки эсе узак. Түргөштөр Илинин түштүгүндө жайгаштырылган. Алардын ортосундагы аралык болжолдуу Илиден кыргыздарга чейинки аралыкка барабар. Сулэ (Шулэ) өлкөсү Выньсу аймагынын түштүк-батышында жайгашкан. Алардын ортосундагы аралык болжолдуу Выньсу менен түргөштөрдүн ортосундагы аралыкка барабар. Кюйцы (Цюйцы) мамлекети түргөштөрдүн түштүгүндө, Выньсунун түштүк-чыгышында орун алган. Түргөштөрдөн Кюйцылерге (Цюйцы) чейинки аралык болжолдуу Сулэден (Шулэ) Выньсуга чейинки аралыкка барабар.

Изилдөөлөр көрсөтүп тургандай, картадагы камтылган жогорудагыдай маалыматтар б.з. VII кылымына таандык. Картада белгиленип тургандай кыргыздардын кайсыл бир тобу карлуктардын, чигил, булаг, ташлык урууларынын курамынын арасында жашап тургандыгы көрсөтүлгөн. Ал эми карлуктар б.з. VII кылымында Жети-Сууда жашагандыгы белгилүү. Бул элдик бирикменин курамына үч чоң уруу: чигилдер, булагдар жана ташлыктар киришкен. Бул уруулардын бардыгы б.з. VII кылымдын ортолорунда Тянь-Шандын түндүк аймактарын, Жунгарияны ээлеп турушкан. Ошол эле учурда Тан мезгилине таандык Батыш чектери тууралуу кытайлык картада карлуктардын элдик бирикмесинде да кыргыздардын кайсыл бир тобу болгондугу көрсөтүлүп турат.

Дагы бир эң кызыгы, мусулман авторлору тарабынан түзүлгөн кээ бир тарыхый (жазуу) булактарында б.з. VIII-IX кылымдарында азыркы Кыргызстандын аймактарында кыргыздар тууралуу кызыктуу маалыматтар кезигет. Андан да кызыгы алардын кошуналары катары карлуктар жана чигилдерди көрсөтүшөт. Бизге белгилүү болгондой, карлуктар б.з. 746-жылы азыркы Кыргызстандын аймагына көчүп келишкен. VIII-X кылымдарда карлуктар Чүй өрөөнүнүн негизги бөлүгүн, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк жана түндүк жактарын, Ысык-Көлдүн түштүк жээктерин жана Борбордук Тянь-Шанды, ошондой эле Ички Тянь-Шандын кээ бир аймактарын ээлеп турган. Кулан (азыркы Луговой станциясы) менен Меркенин ортосунда карлуктардын үч уруусу, Туз-Көлдүн (Ысык-Көлдүн) жанында жети уруусу жашаган. Карлуктардын дагы бир бөлүгү Талас дарыясын бойлой жана Исфиджаб шаарынын (Чымкентке жакын) ортосунда, Фарабда (Отрар), Фергананын тоо этектеринде жашашкан.

Кыргыздар карлуктар менен бирге б.з VIII кылымында Тянь-Шанды карай чогуу жылып баргандыгы шексиз. Себеби, ошол мезгилдеги мусулмандардын эмгектеринде б.з. VIII же IX кылымдарында кыргыздарды карлуктар менен чогуу Талас аймактарынан кезиктиребиз.

Ал-Истахринин («Китаб масалик аль-мамалик») эмгегинин «Хорасан тууралуу» бөлүгүндө Хорасандын чектерине чейин созулган тоо жөнүндө маалымат берилет: Ал тоолор «Бамиан чек арасына, Банджхирге киргенге чейин, Ваххан өлкөсүнө чейинки жана Мавераннахрдан бутактап бөлүнгөн жери, түрктөрдүн (өлкөсүнүн) ички чектеринен (өтүп барып), хырхыздардын жанындагы Илак жана Шаш чектерине чейин созулат. Бул тоолордун башынан аягына чейин күмүштүн жана алтындын кендери бар. Алардын эң бай кендери хырхыздардын өлкөсүнө жакын турат. Азырынча алар (кендер) Фергана менен Шаш тарабынан Мавераннахарга жетпейт».

Жогорудагы маалыматтардан көрүнүп тургандай, эскерилип жаткан кыргыздардын тобу «түрктөрдүн (өлкөсүнүн) ички чектеринде», «Илак жана Шаш чектеринде» жашашкандыгы белгиленип турат. Бул эмгектин фарси котормосу боюнча «Гур тоолору Хорасандын чектеринде жайгашкан. Ал Бамиан, Панджхир жана Мавераннахр чектерине чейин созулуп, Ички Туркестанга, Чачка (Шаш) жана хырхыздарга чейин киргендиги» айтылган.

Чач же Шаш – Ташкент аймагы (Ташкенттин көк жайыгы). Ал эми Илак аймагы Талас өрөөнүндө орун алган. Демек, кыргыздар Таластан алыс эмес жерлерде, анын тегерегинде жашашкан.

Аль-Истахринин («Китаб масалик аль-мамалик») эмгегининде (фарси котормосу боюнча): «Тараз – бул түрктөр менен мусулмандардын ортосундагы чек. Анын тегереги дубал менен курчалып, Тараз аталат» деп берилген. Бул жерде айтылып жаткандай, Чачтын чыгыш чек арасы Таразга чейин жетип, ал эми анын тегерегинде кыргыздар карлуктардын арасындагы бир уруу катары жашашкан.

Аль-Истахринин («Китаб масалик аль-мамалик») эмгегинин Мавераннахр тууралуу бөлүгүндө «Усрушана, Фергана, Илак, Шельжи жана Лавандагы кен иштетүүчү жайлар хырхыздардын өлкөсүнө чейин созулат жана бул кендердин бардыгы негизги тоо кыркасында жана ага уланган тоолордо орун алган» деп айтылат.

Бирок фарси котормосунда төмөндөгүдөй берилген: «Бул негизги тоо кыркасынын карама каршы тарабында чөл (орун алган). (Ал) Фергана, Илак чектериндеги Усрушан аймагында, хырхыздар жашашкан жерлерге чейин жайылып жатат. Булардын бардыгы бул тоонун (негизги) кыркасынын жанында жайгашкан».

Эгерде мындай боло турган болсо, анда кабарлар кыргыздардын бир тобу Тараз же Талас аймактарында жашагандыгын далилдеп жатат. Ушундан улам Аль-Истахринин түп нускасы фарси тилинде жазылгандыгы тууралуу божомол туура болсо керек.

Автору белгисиз болгон «Худуд аль-аалам» эмгектин «Тоолор жана кендер тууралуу баяндама» бөлүгүндө төмөндөгүдөй деп айтылат: «Дагы бир тоо тогуз-гуздардын чек арасынын башынан баштап, Ысык-Көл көлдүн жанынан тухсийлердин аймагынын аягына жана халлухтардын чек арасынын башталышына чейин созулуп, анан кайрылат. Тоонун кыркасы хырхыздардын бир уруусунун аймактарына кирип кетет. Бул тоону Тулас – деп аташат. Тоодо киш чычкандар, ошондой эле көк тыйын чычкандар жана жыты аңкыган эликтер бар. Ал эми хырхыздардын аймагын көздөй кеткен тоо кыркасында жыты аңкыган эликтер, хуту мүйүздүү эликтер (мүйүзү даары), көк тыйын жана киш чычкандар бар».

Бул жерде кыргыздардын жашаган жери катары Талас даана жана так көрсөтүлгөн. Калыбы, жогорудагы кеп болгон «Таластык» кыргыздар жөнүндө жүрүп жатат. Жогорудагы көрсөтүлгөн эпизоддогу сүрөттөмө чыгыштан батышты карай сүрөттөлүшү берилген маалыматтын айтылган тартибин гана көрсөтүп турбастан, эмгектин аталышы дагы айтып турат «Китаб Худуд аль-аалам-мин аль-Машрак ила-ль Магриб» («Дүйнөнүн чыгыштан батышка карай чектери тууралуу китеби»).

«Худуд аль-аалаам» эмгегиндеги «Тухсилердин аймагы жана анын шаарлары тууралуу баяндамасында» мындай деп берилген: «Анын (т.а. тухсилердин аймагы –) чыгыш жагы – чигилдердин (жайгашкан) чеги, түштүгүндө – халлухтар жана токойлуу тоолор, анын батыш жагында – хырхыздардын тобу, ал эми түндүгүндө – чигилдер турушкан. Бул аймак чигилдердин аймагынан да байыраак келет....»

Тухсилер Чүй өрөөнүндө жашашкан. Ысык-Көлдүн чыгышында чигилдер жашашса, түштүктө Батыш Тянь-Шань тоолорунда, «токойлуу тоолордо» карлуктар жашашкан. Тухсилердин батышында «Таластык» кыргыздар гана жашашы мүмкүн.

Бул маалыматтарда «Таластык» кыргыздар эскерилет. Карлуктар сыяктуу эле кыргыздар дагы Алтайдан келишкен. Ошол эле учурда байыркы Алтай-Тулас, Тулес (мүмкүн Талас) деп аталгандыгы белгилүү. Ошондуктан «Таластык» кыргыздар жайгашкан Талас өрөөнү алар (же карлуктар) тарабынан – Талас (Тулас, Тулес) деп аталышы мүмкүн (мүмкүн Алтайдагы Таласын, туулган жерлерин эстеп жүрүү үчүн атап алышкандыр). Тараз шаарынын аталышы дагы мына ушундай шартта келип чыккан болуш керек.

«Худуд аль-аалам» эмгегинин «Йагманын аймактары жана анын шаарлары тууралуу баяндамасында» «Кашкар Чинистандын аймагына карайт. Бирок ал Йагманын, Тибеттин, хырхыздардын жана Чиндердин чегинде жайгашкан» Бул жерде Кащкардын жанында кыргыздардын болгондугу тууралуу эскерилет.

«Худуд-аль-аалам» эмгегиндеги «Халлуктардын аймактары жана анын шаарлары тууралуу баяндамасында»: «Пенчуль – халлухтар отурукташкан чектерде (жайгашкан) жана байыркы мезгилдерде анын башкаруучулары тогуз-гуздардан болгон. Ал эми азыркы учурда хырхыздардын ээлигинде». Пенчуль Кашгардын жанында жайгашкан чакан шаар. Ал азыркы мезгилде Выньсу деп аталат. Жогорудагы эскерилген Пенчуль шаары академик В.В.Бартольддун ою боюнча азыркы Аксунун ордунда турган.

Демек, X кылымдын биринчи жарымында Кашкар аймактарында кыргыздар жашаган. Булар Талас тарабынан келген кыргыздар болушу мүмкүн. Анткени, X кылымдын биринчи жарымында Талас жана Чүй өрөөндөрүнө Самани эмиратынын аскери басып кирет. Алар Шаш жана Исфиджаб тарабынан тан басып киришет. Тараз кулагандан кийин жергиликтүү түрк уруулары (карлуктар жана чигилдер) Чүй өрөөнүнө оошот. Алардын борбору Баласагун шаары болуп калат. Бирок ал жерден дагы көчүүгө туура келип, Кашкарга көчүшөт. Себеби Саманилер Чүй өрөөнүн басып киришип, Баласагунду ээлеп алышкан. Талас тарапта жашаган кыргыздар карлуктар жана чигилдер менен бирдикте Борбордук Тянь-Шанга жылып келишсе керек. Алар карлуктардын курамында болуп, Тянь-Шандын этегиндеги өтө чоң эмес Пенчуль аттуу чакан шаарын ээлеп турушса керек.

Саманид Наср II ибн Ахмеддин (913-942-жылдары) сарайында кызмат кылган араб акыны – Абу Дулаф Бухарадан Кытайдын борборуна кайчы жөнөтүлгөн элчиликке кошулуп, барып-келген саякаты тууралуу «Рисалени» (Жол дептери) түзгөн.

Бул маалыматтар боюнча Абу Дулаф карлуктардын жана тогуз-гуздардын ортосунда жашаган кыргыздарга барган. Ал жерде: «бул кыргыздар таруу, күрүч жана төөнүн этинен башка эттердин баарын жешет; алардын кудай сыйынган үйлөрү жана өз жазуусу бар; алар акылдуулугу жана сактыгы менен айырмаланышат; шамдарын өзү өчмөйүн өчүрүшпөйт. Алардын сыйынуу учурунда айтыла турган атайын дубалары бар. Туулары жашыл. Түштүктү карап сыйынышат. Планеталардын ичинен Сатурн жана Венераны (Чолпон жылдыз) урматташат; Марсты жамандыкты алып келүүчү жылдыз катары карашат. Жырткыч жаныбарлар көп. Түнкүсүн жарык кылган таш бар, ошондуктан алар жарыксыз деле жүрө алышат; бул таштардан эч бир элде жок буюмдарды жасашат. Алардын падышасы элинин камын көрөт, ошондуктан ага баш ийишет; анын жанында кырк жаштан ашкан кишилер гана отура алышат» деп баяндалат.

Абу Дулаф кошулуп барган элчилик Кытайга мүмкүн болушунча кыскараак жолду тандашып, Түштүк жолу менен Фергана жана Чыгыш Туркестан аркылуу андан ары белгилүү болгон Ички Тянь-Шандын түштүк этектери аркылуу кербен жолу менен өткөн. Мына ошондуктан Абу Дулаф Борбордук Тянь-Шандагы, дал Кашкар аймагында карлуктардын жана чигилдердин арасында жашаган кыргыздарга жолуккан болушу керек.

Алар жөнүндө Махмуд Кашгаринин (Барскани) эмгектеринде да айтылат. Эмгегинин бир жеринде кыргыздарды чигилдер жана йагмалардын жанында турушкандыктарын эскерет. Ибн Хуакалдын картасында кыргыздардын жери менен карлуктардын жери менен тийишип турат.

Ягмалар Борбордук Тянь-Шанда жашашып, чигилдер сыяктуу эле Караханид каганатынын курамына киришкендиги белгилүү. Алар тарабынан эскерилип жаткан кыргыздар Борбордук Тянь-Шанда чигилдер менен ягмалардын ортосунда жашашкан.

Махмуд Кашгаринин эмгегинин бир жеринде ал кыргыздарды таза түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын тобуна кошсо, экинчи жеринде ал, кыргыздарды Караханид түрктөрүнүн катарына кошот.

Махмуд Кашгари аларды, бир учурда түрктөрдүн катарына киргизсе, экинчисинде, таза түрк тилде сүйлөгөн дал ошол кыргыздарды айтып жатса керек. Караханид каганатын негиздегендер чигилдер экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган. Махмуд Кашгари түрк тили катары айтып жаткан тил, чигилдердин тили болушу мүмкүн. Демек, ал кыргыздар таза чигил диалектисинде сүйлөшкөн. Бул көп деле таң калууну жаратпайт. Себеп дегенде, жогоруда биз көрүп тургандай алар көптөгөн мезгил бою чигилдер менен бирдикте карлуктардын арасында жашашкан. Абу Дулаф өзүнүн Тянь-Шань аркылуу барган саякатында дал ушул кыргыздарга туш болсо керек.

Мына ошентип, Тан дооруна таандык кытай картасы далилдеп тургандай, б.з. VII кылымда кыргыздардын бир тобу карлуктардын элдик бирикмесинде булаг, чигил жана ташлык урууларынын арасында жашашкан.

Алардын бардыгы азыркы Жунгария аймактарында жашаган. VIII кылымда алар менен бирге батыш жактарга ооп, андан кийин Батыш Тянь-Шань тоосуна туташкан Талас өрөөнүнүн жашоочулары катары таанылган.

Дагы бир өтө кызыктуу кытай булагындагы маалымат. Чек арадагы аскерлердин жайгашуусу (742-жылы же андан мурун болушу да мүмкүн) тууралуу буйрутмага ылайык, он Цзэ-ду (чек ара аскер башкармалыгы) уюштурулган. Анын бири Бей-Тхин-цзэ-ду түргөштөрдүн жана кыргыздардын жортуулдарына каршы түзүлгөн. «Бэй-ТхинДухофу башкармалыгы Илиде турган», т.а. Бейжинде, азыркы Үрүмчүнүн тегерегинде жайгашкан (түркчөсү Бешбалык Или өрөөнүндө орун алган). Мына ушундан улам суроо туулат. VII к. – VIII кылымдын башында Бейжинге жортуулдарды уюштуруп турган кайсыл кыргыздар? Енисейде, Саян тоо кыркаларынын аркы жагында жашап жаткан кыргыздар муну кыла албайт эле. Демек, бул кыргыздар VII к. – VIII кылымдын биринчи жарымында карлуктар жана түргөштөр менен кошуна жашап турган Жети-Суулук кыргыздар болушкан.

Биз жогорудагы кеп кылган кыргыздар тарыхтан өз ордун таап, тарыхчылар, кыргыз таануучулар тарабынан калыс таразаланып, көптөгөн талаш маселелерге чекит коёт деген ойдобуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×