Добавить статью
10:43, 15 мая 2013 234344

Кылымдарды карыткан кыргыз тарыхы

Бардыгыбызга маалым болгондой 2012-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевдин «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы чыкты. Анда «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары, жарандык коомдун жүргүзгөн системалуу иштери элдин биримдигин чыңдоодо жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүдө олуттуу салым кошо алат» деп баса белгиленип кеткен.

Улуу Кыргыз Дөлөөтү Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө баа берип белгилей турган көрүнүш экени эске алынып жардык менен быйылкы Улуу Кыргыз кагандыгынын 1170 жылдыгын белгиленип да жатканы бекер эмес.

Убагында элибиздин тарыхын терең изилдөөгө жол берилбей, байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардын тарыхы жөнүндө анча мынча кыска маалыматтар берилип, кыргыз көчмөн катары, тоо ташты жердеген, маданияты чектелүү эл катары сүрөттөлүп, тарыхы Октябрь революциясынан кийин башталган катары туюлчу.

Президент өз жарлыгында «Тилекке каршы, кылымдар жана ондогон жылдар бою Кыргыз тарыхынын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана саясий конюктурадан улам бурмаланып келген» деп эң туура белгилеп кеткен. Ал гана эмес элибиздин тарыхын изилдеген чыгаан окумуштуулар обьективдүү ойлору, илимий көз караштары үчүн кугунтукталып жүргөнү да бизге маалым.

Ата мекен тарыхын изилдөөдө, окутууда республикабыздын эгемендүүлүк жылдарында гана кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп, бир катар даталуу окуяларга байланыштуу иш-чаралар өткөрүлүп, алар элибиздин атуулдук түшүнүгүн, коомдук аң-сезимин ойготуп, өзүнүн оң таасирин тийгизип, кыргыз элининтарыхын жана маданияттын дүйнө элине таанытканын бүгүн биз сыймыктануу менен айта алабыз.

Илимий чөйрөдө, эл аралык коомчулукта көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттүүлүгү, анын пайда болушу, жашы жөнүндө кызуу талаш тартыштар болуп келген. 2002-жылы май айында өткөн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жана өнүгүү этаптарына арналган эл аралык илимий конференция бул принципиалдуу, тарыхый мааниге ээ болгон маселеге дээрлик чекит коюп, тарыхый фактылардын ордун жана мезгилин аныктады десек болот.

Конференцияга катышкан дүйнөгө аты таанылган окумуштуулар Вадим Михайлович Массон, Сергей Григорьевич Кляшторный, Юлий Сергеевич Худяков, Виктор Яковлевич Бутанаев, ошондой эле Кытай, Түркия, Россия, Казакстан ж.б. алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген окумуштуулар бул маселени кызуу талкуулашып, атайын сунуштар кабыл алынган. Анда окумуштуулар археологиялык жана башка тарыхый булактарга таянып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты Хунндар доорунан (б.з.ч. III-I к.к.) башталып, Борбордук Азия мамлекеттеринин өнүгүү процессинде бирге калыптанып, бүгүнкү күндөгү суверендүү Кыргыз мамлекетинин деңгээлинде дүйнөгө таанылып отурганын тастыктаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жылдан ашык экенин белгилеп, 2003–жылды Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы деп жарыялоону президентке сунуштаган.

Убагында айталбай жүргөн тарыхый чындыкты, улуттук тарыхыбызды кайра жаратууда, уюштуруу маселесинде демилгечи болуп ишке ашырган А.Акаевдин ролун, эмгегин адилеттүүлүк үчүн белгилеп кетпесек анда абийир бизди кечирбейт. Анын демилгеси менен илимий конференциялар өткөрүлүп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн далилдөө максатында «Манас 1000», «Курманжан Датканын 180 жылдыгы», «Ош шаарынын 3000 жылдыгы», «Кыргыз мамлекетинин 2200 жылдыгы» сыяктуу чоң иш чаралар өткөрүлүп, совет доорунда унутта калган кыргыздын улуу инсандарына татыктуу баа берилишин кантип танууга болот. (Абдыкерим Сыдык, Юсуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов, Исхак Разаков ж.б.).

Дагы айта кетчүүчү нерсе, бул жылдары өз элибиздин тарыхын терең изилдөөгө, аны ар тараптан обьективтүү чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, Ата Мекен тарыхы боюнча билим берүү колго алынып, бардык окуу жайларда милдеттүү түрдө окутула баштаганы жана жаңы окуу китептери менен камсыз болушу жакшы жөрөлгө эмеспи.

Элибиздин тарыхына саресеп салсак канчалаган кылымдар бою өз элдигин, маданиятын сактап, тилин жоготпой, мамлекеттүүлүгүн калыптандырып, түзүүгө аракет жасап, үч миң жылдан бери тагдыр сыноосуна туруштук берип күрөшүп келген элибиз менен сыймыктансак болот.

Тарыхы биздин заманга чейинки III кылымдан башталган кыргыздар Борбордук Азиядагы кубаттуу дөөлөт болгон хунндар империясынын курамында алар менен өз ара байланышта болуп, ошол кездеги эл аралык окуяларга катышып турганы тарыхта маалым.

VI-VIII к.к. кыргыздар Борбордук Азиядагы көчмөндөр менен жоолашып көп жолу ийгиликке жетишип, канча жолу чабылып ,чачылып өз алдынчалыгынан ажыраган.

Кыргыздар VII к. аягында – VIII к. башында ажо Барсбек башында турган алдуу күчтүү мамлекетке айланып, жака белиндеги коңшуларын олутуу эсептешүүгө мажбур кылган, бирок Борбордук Азияда үстөмдүгүн орнотууга кылган аракети ишке ашпай кыргыздар түрк каганатынан жеңилгенден кийин кырк жылга жакын согуш аракеттерине катышпай, күч топтоого мажбур болушкан.

Борбордук Азияда баскынчылык саясатты жүргүзүп, элдерди аёосуз эзген экинчи Түрк кагандыгы өз ара чыр чатактын натыйжасында VI кылымдын 30-жылдарында алсырай баштаган. Алар карлуктар менен уйгурлар тарабынан талкалангандан кийин Борбордук Азияда уйгурлар ээлик кылып, уйгур кагандыгы пайда болот. Уйгурлар деле түрк кагандыгы сыяктуу баскынчылык саясатын жүргүзгөн. Алар 758-жылы ортоңку Енисейдеги кыргыздарды басып алып, оор салыктарды төлөтө баштайт. 795-жылы кыргыздар көз карандысыздык үчүн күрөшкө чыккан. Бирок көтөрүлүш мыкаачылык менен басылып, оор салыктарды талап кылып турган.

Бул кордуктан кутулуу үчүн кыргыз эли бир канча жыл күч топтоп уйгурлардан өч алууга даярданган. Кыргыздардын ажосу өзүн каган (хан) деп, аялы Гелла шехти (карлук жабгусунун кызы) ханыша деп жарыялаган. 1820-жылы өзүн каган деп жарыялашы кыргыз ажосунун уйгур кагандыгына согуш жарыялаганга барабар окуя болгон. Анткени ал реалдуу күчтөргө таянып, эзүүдөн кыйналган башка элдердин колдоосуна ээ болуп, мыкты куралданган армияны түзө алган.

Мындан тышкары дипломатиялык да даярдыктарды көрүп, ошол учурда уйгурлар менен каршылашып турган Тибет жана Карлук мамлекеттери менен дипломатиялык мамилени түзүүгө жетишкен.

Ошентип кыргыздар менен уйгурлардын ортосунда согуш башталып, жыйырма жылга созулган согуштун жүрүшүндө оомат акырындык менен кыргыздар тарапка оой баштаган.

840-жылы кыргыз каганы 100 миң атчан колу менен келип Ордо–Балыктын жанындагы согушта уйгурларды толук талкалап, аларды Байкалдын ары жагына, Кытайга, Чыгыш Түркстанга качууга мажбур кылган. Уйгур кагандыгынын ордуна Борбордук Азиянын тарыхында биринчи жолу кыргыздар эң күчтүү көчмөн мамлекетти түзгөн.

Кытай булактарынын маалыматтарында бул каганаттын аймагы жөнүндө «Хягас (кыргыз) күчтүү мамлекет ... Анын аянты мурдагы түрк элдеринин ээликтеринетеңелген. Чыгышта Гулиганга (Байкал бою) чейин түштүктө Тибетке, Чыгыш Түрстанга, Түштүк батышта Гэлолуга, (Жети Сууга) чейин созулуп жатат» деп жазылган.

Тактап айтканда, Улуу Кыргыз кагандыгынын курамына түштүк Сибирь, Монголия, Байкал аймагынын бир бөлүгү, Ыртыш дарыясынын бою, Чыгыш Казакстан, Жети Суу аймагы, Ысык Көл ойдуңу, Борбордук Теңир Тоо жана Тарим өрөөнү кошулган. Байыркы салтка ылайык Кангайды элеген эл Борбордук Азияны ээси катары таанылган. Мындай дөөлөттөрдү убагында хунндар, түрктөр, уйгурлар, кийинчерээк XIII к. монголдор түзгөн.

Өткөндү иликтеп үйрөнүү менен учурдагы турмушубузду туура жолго салууда эмне үчүн тарыхыбыздагы урунттуу окуяларынан үлгү таалим тарбия алууга болбосун.

Кыргыз элинин азаттык, көз карандысыздык үчүн болгон күрөшү башка элдер менен биргеликте болгон. Белгилүү тарыхчы Ө.Ж.Осмонов белгилегендей, кыргыздарды алар эзүүдөн куткаруучу күч катары кабылдашып, кыргыз өлкөсүнүн курамына киришкен, ошонун эсебинен калктын саны өсүп, ошол кезде 500 минге жеткен. Демек кыргыздардын уйгурлар кагандыгына жасаган согушу көз каранды элдердин азаттыгы үчүн болгон адилет согуш болду десек жаңылышпайбыз.

Таасирлүү дипломатиялык ишти жүргүзгөн. Тапу Алп Сол Кытай мамлекети менен тилтабышып тынчтык келишимин түзүүгө жетишкен. Дагы бир белгилей кетчү нерсе - элибизге таандык болгон гумандуулук принциби. Кыргыздар жеңилген душманга да ырайымдуу, гумандуу мамилени кылган. Кытай мамлекети уйгурларды тукум курут (геноцид) кылып кырыпсалуунун кайра–кайра сурангандыгына карабастан, кыргыз кагандыгынын уйгурларга гумандуу мамиле жасашып, ал гана турсун кыргыз каганы өз ставкасын уйгурлар көбүүрөк жашаган чөлкөмгө көчүрүп, кыргыз менен уйгур элинин ынтымак жашашы үчүн шарт түзгөн. Бул мисалдын бүгүнкү күндөгү улут аралык мамилелерди жолго салууда үлгү болоор жагы бар.

Азаттык үчүн болгон күрөштө кыргыздар көптөгөн элдин башын бир туунун алдына бириктирип, башка уруулардында өнүгүп өсүшүнө шарт түзгөн. Улуу Кыргыз кагандыгына кирген элдердин каада салттары бири –бири менен аралашып, этникалык курамы кеңейип ынтымактуу жашашкан. Кыргыздар табиятынан эле башка этносторго жакшы мамиле жасап, аларды өз курамына кабыл алуу касиетине ээ, өз бооруна тартып, каада салтын, маданиятын сиңирип камыр – жуумур болуп кеткен эмеспи. Эмнеге бүгүнкү күндө ата-бабаларыбыздын ошондой улуу саясатын колдонсок болбойт.

Ушул сыяктуу өткөн тарыхыбыздын үлгүлүү жактарын тексеп, бүгүнкү күндүн шартына ылайыктап колдоно билсек анын эмнеси жаман.

Енисей кыргыз мамлекетинин биз сөз кылып жаткан доору, аз мезгилди (80 жылдай убакытты) куч агына алганына карабастан, азыркы кыргыз элинин улут болуп калыптануусу үчүн терең негиз салган тарыхый этаптардан болуп саналат.

Улуу Кыргыз дөлөөтү Борбордук Азиянын мейкининде жашаган элдердин, уруулардын, этностордун тарыхый маданий өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизгендиги илимде алда качан далилденген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×