Добавить статью
3:26, 17 мая 2013 16657

Умай эненин культу

Кыргыздарда Умай-Эне - Кудай Эне. Кыргыздар аны байыртадан бери ыйык туткан. Кыргыздар Умай энеге тээ б.з. VI кылымында эле балбал таштан эстелик койгон: балпайып мээрими ашкан, жылдыздуу, пейли кенен, элечекчен байбиче деп баалашкан. Кыргыз эли эрки күчтүү, мүнөзү катуу, иш билги жана акылман аялзатын Умай энеге теңешкен. Улуу Нооруз майрамында Умай энени оозанып, ыр менен бата тилешкен. Касиеттүү деп эсептешкен мазарларды Умай эненин мазары дешип, катуу ооруганда, Кудайдан бала тилегенде, Умайдын аты менен сыйынышкан. Балдарын сапарга узаткан ата-эне «Умай Энеге тапшырдым» деп, бүбү-бакшылар, эмчи–домчулар наристелер сыркоологондо: «Эмчилер өткөн, эми бизге калган, домчулар өткөн, дому бизге калган. Менин колум эмес, Умай энемдин колу, менин дарым эмес, Умай Эненин дарысы» деп дарымдашып эмдешкен. Ата-энелер эрте жазда келген жаз жарчысы чабалекейлерди балдарына таш менен ургузбай, кайра уя салгыла дешкен, байыркы түшүнүк боюнча чабалекейлер Умай эненин жакшылыкка жиберген кабарчысы. Наристелердин жана үй-бүлө очогунун колдоочусу катары Умай энени ыйык тутуу Саян-алтайлык шаманчылыкты карманган элдердин жана Борбор Азиядагы мусулман элдердин аң-сезимине терең кирген. Байыркы ырым-жырым боюнча бала бойго бүткөн күндөн тартып курсактагы наристе менен анын энеси Умай эненин көзөмөлүндө болот деген ишеним жашаган. Мисалы, улгайган, тажрыйбалуу аялдар, эмчи-домчулар курсактагы баланын абалын тууралап жатып: «Бул менин колум эмес, Умай эненин колу, сени Умай эне колдосун» дешет. Жайы төрөлгөн баланы колго алганда, бешикке салганда да так ушул сөздөр айтылат. Умай эненин касиетин жана колдоочулугун кыргыздар наристе жарык дүйнөгө келген учур менен да байланыштырат. Баланын төрөлөр маалы келгенде Умай эне аны куйрукка таптап, энесинин курсагынан кубалап чыгарат экен. Наристенин куйругундагы, аркасындагы көгүш тактардын болгондугун алар Умай эненин колунун тагы деп түшүнүшөт. Ушундай сөздөр айтылат элде. Бул сөз улуу «Манас» эпосунда айкын чагылдырылган: Манас төрөлөөрдө энеси Чыйырды тогуз күнү толготуп, төрөй албай кыйналат, ошондо Умай эне келип, баланы энесинин курсагынан жарыкка чыгууга мажбурлайт:

Умай эне — периште,

Кирип келди эшиктен,

«Айтканымды ук деди,

Кана, сыртка чык» деди.

Куйругуна домдоду,

Кудай ишин оңдоду.

«Чыккын!» деди чакырып,

Энесинин ичинен,

Бала түштү бакырып...

Манас эпосундагы кездешүүсү:

Умай эне периште

Урду келип баланы.

Урганына чыдабай

Ужутту көздөй барганы

«Ак – Амири» чык - деди,

Анда бала муну айтат:

«Ыгы менен айда – деп, -

Ырыскым менин кайда»? – деп.

Уруп кирди Умайың,

Ур деген улук кудайым.

Сөздөр боюнча эненин ичиндеги түйүлдүк эркек бала же кыз болмогу Умай энеден экен. Умай эне жайы төрөлгөн наристе менен сүйлөшөт. Эгер наристе уктап жатып эриндерин кыймылдатса, күлсө, же жылмайса Умай энеси менен сүйлөшүп жатат дешет. Энеси баланы калтырып сыртка чыгаарда: «Умай Энеге тапшырдым» деп андан кабатыр болбойт. Жыл жакшы болуп, эгинден мол түшүм алынганда, же малдын башы көбөйгөндө «Умай эненин көкүрөгүнөн сүт акты» дешкен тоолук кыргыздар.

Байыркы түрктөр Умай энени үч мүйүздүү баш кийим жана кенен мантия кийгизип сүрөттөшкөн. Алар таштагы оймо-чиймелерди, издерди «Жерге түшүп келе жаткандагы Умай эненин изи» дешкен. Борбор шаарыбыз Бишкектен анча алыс эмес «Ысык - Ата» курорту жайгашкан Арашан капчыгайындагы булак жанындагы, асканын боорундагы Будданын бешенесин «Умай эне» деп коюшат. Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын элдери ошол сүрөткө ыйык мазар катары азыркыга чейин келип сыйынып турушат. Бул маданиятыбыздын байыркы эстелиги мамлекет тарабынан коргоого алынган.

Умайдын образы элдик кол өнөрчүлүктөн орун алган. Кыргыздарда «Умай» деген илгертен калган оймо-чийме мотиви бар. Оймо - чийменин бул элементи колго согулган килемдерде, алакийиз, шырдактарда, тушкийиздерде каалгып учкан куштун сүрөтүн берет да, Умай Эненин сөлөкөтү деп аталат. Зергерчиликте да «Умайдын» стилдештирилген элеси кыйла кооз жасалгаланат. Алып айтсак, күйөөгө кетүүчү кыздын баш кийими шөкүлөдө аялзатынын түшүмдүүлүктүн Кудайынын сүлдөрү түшүрүлгөн жасалгалар мүнөздүү, сыйкырдуулугунун күчүн баса көрсөтүү үчүн алар жыш жайгаштырылат. Келин күйөөсүнүн ата-энесинин үйүнүн босогосун жайы аттаган шаан-шөкөттө Умайдын ысмын бир нече жолу кайталайт. Үйлөнүү тойдогу жаштарга арналган тилектин биринде: «Эненин бактысы Умай эненин алтын канатынын алдында болсун», деп айтылат. Сыягы качандыр бир кезде ал канаты менен сүрөттөлсө. Айрым бир ишенимдерде Умайды асмандан жердеги адамдарга түшүп келүү үчүн ак кушка айланган Кудай-Эне деп түшүнүшкөн. Биздин ата-бабаларыбыздын улуттук аң-сезиминде ыйыктыктын башкы символу аялзаты аруу зат болуп саналат. Мына ошондуктан кыргыздар аял-энени «Умай эне» деп атап, башын ийип таазим этишкен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×