Добавить статью
9:41, 17 мая 2013 181341

Кокон хандыгы – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир бөлүгү

Бул макала Бишкек шаарында өткөн Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында даярдалган.

Түркстан чөлкөмүндө 167 жыл бийлигин жүргүзгөн Кокон хандыгы тууралуу тарыхта ар түрлүү пикирлер айтылып келүүдө. Өз мезгилинде жазылган тарыхый булактарда Кокон хандыгынын чөлкөмдө жашаган кыргыз, кыпчак, өзбек, тажик элдерине бирдей тиешелүүлүгү айтылат.

Жергиликтүү тарыхый булактарда жазылган мындай пикир европалык саякатчыларынын, изилдөөчүлөрдүн алгачкы эмгектеринде да бышыкталат. Бул эмгектерде Кокон хандыгында кыргыздар, өзбектер, кыпчактар, тажиктер жашаары айтылып, хандык алардын ичинен жалгыз өзбектерге тиешелүүлүгү жөнүндө эч маалымат кездешпейт.

Ал эми XIX кылымдын башында, Алим хандын тушунда пайда болуп, Омор хан тарабынан толукталган Алтын Бешик тууралуу идеологиялык санжырада, хандыкты башкаруу Миң династиясынын урпактарына тиешелүүлүгү идеологиялык жактан бышыкталат. Бул идеологиялык санжыранын негизги максаты кокон хандарынын түпкү тегин чынгызиддерге алып барып такоо болгон. Чындыгында хандыкты башкарган Миң династиясынын өкүлдөрүнүн чынгызиддерге эч байланышы жок эле.

Санжыранын жасалмалуулугунун Шахрух бийди Султан Бабурдун урпагы кылып, Султан Бабурду Амир Темир аркылуу Чынгыз ханга байланыштыруудан көрүүгө болот. Бул санжыра боюнча Султан Бабур 1513-жылы душмандарынан баш калкалап качканда, жаңы төрөлгөн баласын алтын бешикке бөлөтүп, Ферганага таштап кетет.

Молдо Нияз Кокондинин «Тарих-и Шахрухи» аттуу эмгегиндеги маалымат боюнча, бешиктеги баланы Фергананын Таргава, Сарай, Жанкент кыштагынын тургундары таап алышат. Аталган эмгектеги маалымат боюнча баланы таргавалыктар, буюмдарын сарайлыктар, бешигин жанкенттиктер бөлүп алышат. Табылган ушул табышмактуу баланын аты Алтын Бешик аталып, санжыра боюнча анын урпагы Шахрух бий Кокон хандыгынын негиздөөчүсү деп эсептелет.

Бул санжыра тарыхый шартка жараша улам-улам өзгөрүп, толукталып турган. Мухаммад Аминге «султан» титулунун санжыра боюнча ыйгарылышы да аны бышыктайт. Санжырада чындыкка коошпогон дагы бир жагдай, монголдордун түрктөшүп кеткен барлас уруусундагы Бабурдун урпагы аталган Шахрух бийдин өзбектин миң уруусуна өтүп кетүүсү. Санжыранын кийинки толуктоолорунда ага да жооп табылат. Көрсө, Миң уруусу барлас уруусундагы Амир Темирге, андан Чынгыз хандын тегине кыз жагынан жакындыгы бар болуп чыгат.

Санжыранын дагы бир толукталган жери Алим хандын (1798 —1810 жж.) тушунда Алтын Бешик уламышында кыргыздар менен кыпчактардын, түрктөрдүн байланыштыгы айтылбайт. Кийин Омор хандын (1810-1822 жж.) мезгилинде санжыра дагы жаңыланып, Алтын Бешиктин тагдырына миң уруусундагы элден башка кыргыз, кыпчак, түрктөрдүн да таасири бардыгы тууралуу маалымат кошулат. Омор хан Алтын Бешикке кыргыз, кыпчак, түрктөрдүн тиешеси бардыгын санжырага кошумчалоо менен, алардын бийликке умтулуусун ооздуктап, хандык бардыгына тиешелүүлүгүн ырастоого аракет жасаган.

Натыйжада, ал өрөөндөгү өзбек, кыргыз, кыпчактардын ынтымагынын бекемделишине санжыраны пайдалангысы келген. Экинчи жагынан ушул идеологиялык уламыштын өзү эле, Кокон хандыгы өз карамагында жашаган элдердин бирдиктүү мамлекети болгонун ырастайт.

Ал эми Кокон хандыгын бир элдин үлүшүнө ыйгарып, андагы элди бөлүп жаруу, XIXкылымдын экинчи жарымында Орусия империясынын империялык саясатынын күчөшү менен байланыштуу.

Түркстан чөлкөмүндө баскынчылык саясатын актоо иретинде Орусия имериясы чөлкөмдө жашаган кыргыз, казак, кыпчактарды Кокон хандыгынын зомбулугунан, андагы өзбектердин үстөмдүгүнөн бошотууга келгендигин жар салышып, тектеш, дилдеш, диндеш элдердин ортосуна чок ыргытуу максатын аркалаган. 1862-жылдын күзүндө орус офицери Колпаковский Чүй өрөөнүнө аскери менен киргенде да, кыргыздарды өзбектердин зомбулугунан куткараарын эскертип, өзүнүн баскынчыл жортуулун жаап-жашырууга аракет жасаган.

Падышачылык Орусиянын мындай империялык саясаты Түркстан чөлкөмүн басып алуу мезгилинин бардык учурларында, айрыкча 1875—1876-жылдары Кокон хандыгын биротоло басып алуу учурунда даана көрүнгөн. Бул мезгилдердеги империялык саясат кийинки тарыхнаамалардан түбөлүк түнөк тапкан. Ал түгүл Совет доорунда жазылган эмгектерде да Орусия империясынын прогрессивдүүлүгү макталып, Кокон хандыгынын тарыхына бир беткей көз караш сакталып кала берген.

Москва тарабынан алынган империялык көз караштан жергиликтүү тарыхчылар чыга алышкан эмес. Өзбек тарыхчылары Кокон хандыгын Өзбек хандыгы деп жазса, кыргыз тарыхчылары хандыктын кыргыздар үчүн колониалдык зомбулугун көргөзүүгө аргасыз болуп келишкен. Ошондон улам Кокон хандыгын кыргыздар бөтөн мамлекет катары карашып, тарыхый чындык элге жетпей келди. Буга кыргыз тарыхчыларынын улуу мууну күнөөлүү эмес. Тарыхчыларга таңууланган империялык саясат айыптуу. Москвага баш ийген тоталитарлык доордо таңууланган саясаттан баш тартуу мүмкүн эмес эле.

Бирок ошол эле учурда адилеттик үчүн айта кетүүчү жагдай, Кокон хандыгын бир беткей мактоодон алыспыз. Кокон хандыгы учурундагы көптөгөн зордук-зомбулук кыргыздардын көкөйүнө көк таштай тийип, андан кутулуу үчүн кыргыз уруулары ар дайым катуу каршылык көргөзүп келишкен. Ордого агылып кирип, хандарын каалагандай алмаштырган учур көп болгон.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен кыргыз тарыхчылары Кокон хандыгынын тарыхын жаңы багытта изилдей башташты. Хандыктын кыргыз элине да тиешелүүлүгү, кыргыздын чыгаан инсандары хандыкты башкарууга ишкер аралашкандыгы айтылып, колония катары жашап келгендиги туура эместиги соңку изилдөөлөрдө ынанымдуу тарыхый далилдер мененжазылып келүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кокон хандыгы тууралуу тарыхый чындыкты айтуу менен, кыргыз тарыхчылары хандыкты таза кыргыз мамлекети деп атоодон да алыс. Бул маселе боюнча жаңы багытта изилдеп жаткан кыргыз тарыхчылары өткөн кылымдын ортосунда кыргыз жергесин кыдырып, элдин тарыхын, маданиятын изилдөөгө алган казак окумуштуусу Чокан Валихановдун калыс пикирин колдошот. Чокан Валиханов кыргыздардын Кокон хандыгына карата мамилесин хандыктын карамагында жашагандар жана анын бийлигин тааныгандар деп экиге ажыраткан. Биринчиси хандыкта өзбектер менен бирдей эле укукка ээ экенин, хандыктын кызматында болушуп, аскердик жана граждандык бийлик орундарын ээлеп турарын, экинчиси зекет салыгын төлөп, керек учурда гана көмөкчү аскер күчтөрүн берүүгө милдеттүү экенин жазган.

Чокан Валиханов көргөнүн көргөндөй жазгандай эле, Фергана өрөөнүндөгү жашаган кыргыздар ордодогу эң жогорку бийлик орундарын, аталык, баш увазирлик, миңбашылык, парваначылык, эшик агалык жана башка орундарды ээлешип, хандыктын ички жана тышкы саясатын жүргүзүүдө зор таасирге ээ болуп келишкен.

XIX кылымдын биринчи жарымында жазылган Мухаммед Хакимхандын «Мунтахаб ат-таварих» аттуу эмгегинде Кокон хандыгын түптөөдө кыргыздын белгилүү инсаны Акбото бийдин аракеттери даана айтылган. XVIII кылымда Кокон ээлигин калмактардын жапырыгынан коргоодогу кыргыздардын эрдиктери ооз эки чыгармаларда да, жазма булактарда да айтылат.

Кушчудан чыккан Кубат бии, Алайлык Ажы бийлердин Кокон башкаруучулары менен тең ата мамилелери, Кокон хандары кыргыздар менен туугандык байланыш издеп, кыргыз кыздарына үйлөнгөндүгү жашыруун эмес. Ордо төңкөрүшүнөн кийин мураскорлор кыргыздардын арасында баш калкалашып, оңтойлуу учурларда кыргыздардын жардамы менен кайра бийликке келген учурлар көп болгон.

Ал түгүл Кокон хандыгы толук кыйроого учурап, Бухара эмирлигинин бир облусуна айланып, талоонго кабылган кезде хандыкты кыргыздар 1842-жылы кайра калыбына келтирип, күчтөндүргөнүн кыргыздын белгилүү ордо тарыхчысы Зиябидин Максым ошол доордо эле «Фаргана хандарынын тарыхы» аттуу эмгегинде ынанымдуу баяндап берген. 1863-жылы Бухара эмири Кокон хандыгына кайрадан басып киргенде Алымкул аталык башында турган кыргыздар катуу каршылык көргөзүп хандыкты сактап калган. Кокон хандыгынын акыркы мезгилинде кыргыздар бардык бийликти ээлешип, ал түгүл Исхак Молдо (Полот хан) Кокондун акыркы ханы болуп эсептелет.

Нүзүп, Алымбек, Атабек, Миңбай, Алымкул, Койчу жана башка кыргыз инсандары ордодогу эң бийик бийлик орундарын ээлеп турушкан. Жаркын айым, Зыяда датка, Курманжан датка сыяктуу кыргыз айымдарынын ордодогу таасири өтө күчтүү болгон. Алар өз мезгилинде хандыктын тагдырын чечүүгө аралашкан.

Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас чөлкөмүндөгү кыргыздар хандыктын бийлигин шарттуу түрдө таанышып, белгиленген салыктарды төлөө менен чектелишкен. Кокон хандыгынын ээлигинин кеңейиши чөлкөмдөгү отурукташкан калк менен көчмен калктын ар тараптуу жакындашуусун арттырган.

Экинчи жактан, Кокон хандыгынын Түндүк кыргыздарына болгон шарттуу бийлиги Цин империясынын экспанциясын ооздуктап турган. XIX кылымдын башында Омор хан, Мадали хандын Цин төбөлдөрү менен түзгөн келишими боюнча, Цин империясы Кокон хандыгынын жерине басып кирмек түгүл, Чыгыш Түркстандагы жети шаардын соодадан түшкөн салыгын Кокон ордосуна берип турууга милдеттенме алышкан.

Кыргыз элин башкаруу, жерине ээлик кылуу Кокон хандарынын колунда калбай, ар бир уруудан, аймактан чыккан Ажыбек датка, Медет датка, Ормон хан, Боронбай, Жангарач, Жантай, Байтик сыяктуу чыгаан башчылардын колунда болгон. Ал эми жалпы мамлекеттик салык ал мезгилде өзбектерден, тажиктерден да алынып тургандыгы белгилүү.

Орусия империясынын колониалдык саясатына салыштырганда, Кокон хандыгынын мезгилинде кыргыздар эркин жашап, өздөрүн эркин сезип, бийликтин эң жогорку баскычтарын ээлеп келишкен. Булардын бардыгы кыргыздар Кокон хандыгына колония болуп келген деген туура эмес тыянакты төгүнгө чыгарып, Кокон хандыгынын түптөлүшүнөн кыйроосуна чейинки 167 жыл аралыгындакыргыздардын ээлеген өзгөчө таасирин аныктап берет. Жыйынтыктап айтканда, Кокон хандыгынын тарыхы ушул багытта дагы тереңден, жаңы көз карашта кеңири изилдөөгө муктаж.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×