Добавить статью
11:10, 23 мая 2013 72037

Түрк жана монгол элдеринин сөөк көмүү салтында курал-жарактардын колдонулушу

Бул макала Бишкек шаарында өткөн Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргыз таануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында даярдалган.

XIX-XX кк. башындагы изилдөөчүлөр тарабынан белгиленгендей,Теңир-Тоодогу (Тянь-Шандагы) кыргыздарда жана казактардын Каспий боюндагы аймактарында мүрзө үстундөгү курулуштарды кооздоп жасоодо кошумча каражат катары колдонулгандардын арасында найзанын учу менен шыргыйлар, мамылар, туулар, бунчуктар, жаа-жебелер жана күмбөздөрдөгү курал-жарактардын сүрөттөрү бар.

Кыргыздардагы сөөк көмүү салтындагы найзаларды колдонуу усулу жөнүндөгү маалыматтар XVIII к. аягына туура келет.

Белгилүү этнограф С.М.Абрамзондун кыргыз информатору Абдыкалык Чоробаевдин маалыматына караганда, ошол заманда азыркы Ак-Талаа районундагы Ак-Терек жергесинде өз убагында бири-бири менен касташкан эки баатырдын (Кемпир-бала жана Чомой-баатыр) сөөгү ушул усулда коюлган. Маселен, Чомой-баатырдын мүрзөсүнө найзасы орнотулган. Бул – баатырга «тиги дүйнөдө» өзүнүн каршылашканы менен согушканга мүмкүнчүлүк ыйгаруу үчүн жасалган «арга» эле.

Маркумдун мүрзөсүнө ар кандай буюмдардын, ошондой эле курал-жарактардын кошо коюлушу мусулмандыкка чейинки ишенимдердин – байыркы бутпарастыктын жана теңирчиликтин, ж.б. - өзгөчөлүктөрүнө дал келип, мусулмандардын сөөк коюу салтындагы негизги эрежелерине каршы болгон.

Кыргыздардагы курал-жарактар камтылган мүрзөлөрдү изилдөө XIX кылымда башталган. Ушул сыяктуу мүрзө эстеликтерин эң алгачкылардан болуп Ч.Ч.Валиханов иликтеген. Анын 1856-жылкы саякаты маалында Ысык-Көлдөгү Түп суусунун алабында ушундай мүрзө табылган. Бул окумуштуу тарабынан чийки кыштан салынган, үстүңкү катмары кыйгачынан коюлган кыштардан тургузулган төрт бурчтуу коргондун сүрөтү түшүрүлүп алынган. Бул мүрзөдө бунчугу менен жыгач шыргыйы жантайыңкысынан орнотулуп, жыгачка керилген жиби менен кошо жаа бекитилген. Ушул эле кыргыз көрүстөнүндө кашкарлык усталар тарабынан курулуп, кооздолуп жасалган Салмаке уруусунан чыккан кыргыз баатыры Ногойдун күмбөзү жана анын баласы Жантайдын сүрөтү Ч.Ч.Валиханов тарабынан тартылып жазылган. Күмбөздүн бийик кире бериши (портал) жана шыбы (купол) болгон.

Ушул эле эстеликти кийинки 1857-жылы орусиялык саякатчы П.П.Семенов Тянь-Шанский келип көрүп, толугу менен сүрөттөп жазып кеткен. Бул саякатчынын айтуусуна караганда, 1842-ж. каза болгон баатыр Ногойдун күмбөзү Тасмада, Жыргалаң менен Түптүн ортосунда жайгашып, туугандарынын тапшыруусу менен «эң мыкты кашкарлык усталар» тарабынан салынган.

Бул анча чоң эмес эстелик чыгыш мусулман архитектурасынын стилинде салынып, анын төбөсү жана мунарачасы болгон. Төбөсү өзгөчө одоно дубал сүрөтү (фреска) менен кооздолуп тартылган. Сүрөттө баатыр Ногой колунда узун найзасы менен ат минип, анын артында баласы, атчан Чоң-Карач, андан ары Ногойдун үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү жана көптөгөн жүк артылган төөлөр камтылган.

Күмбөздүн курулушу (сүрөттөрү менен кошо) Ногойдун туугандары үчүн кымбатка турган. Алар кашкар усталарына эки жамбы күмүш, эки төө, беш ат жана үч миң кой төлөшкөн.

Бул маалыматтарга караганда, XIX к. Тянь-Шандык кыргыздарда көрүнүктүү баатырлардын мүрзөлөрүнө өздөрүнүн курал-жарактарын коюу же болбосо кабырларына колунда куралы менен кошо маркумдун сүрөтүн тартуу салты орун алган.

Ушул сыяктуу маркумду коюу салты кээ бир казактардын топторунда да учураган. Бул жөнүндө бодо малдын куйруктары же болбосо туулар бекитилген шыргыйлар коюлган күмбөздөр айгинелейт. XIX кылымда буга окшогон мүрзө эстеликтери И.А.Кастанье тарабынан казак талааларынын түндүк, чыгыш жана түштүк райондорунан эскерилет.

Казакстандын Каспий боюндагы талааларында мүрзө эстеликтеринен тасма байланган шыргыйлар табылган. Бул аймакта ХХ кылымда таш мүрзө эстеликтеринде жоокердин атрибуттары: туулар менен найзалар, жаа жана саадактар, кылычтар, согуш балталары, аскер кемерлери жана камчылар табылган. Бул табылгалар жана сүрөттөр маркум болгон казак баатырларынын аскердик каармандыгын символдоштурат.

Бул сыяктуу салт Теңир-Тоодогу кыргыздардын сөөк коюу ырым-жырымында ХХ кылымдын экинчи жарымына чейин өзгөртүлгөн түрүндө сакталып калган. С.М.Абрамзондун кыргыздардын арасынан чогулткан материалдары боюнча, сөөк коюлуучу казанактын ичине согуш найзасы орнотулуп, мындай мүрзө ичинен киши кенен айлана тургандай болуп курулган. С.Абрамзондун ою боюнча, курал-жарактарды кыргыздар сөөк коюуда гана эмес, маркумду эскерүү ырым-жырымдарында да колдонушкан. Информатор Нуралынын маалыматына караганда, маркумду эскерүүдө, маселен, аш учурунда, кыргыздар жоокерди элестетип кийинтилген кишинин тулдарын эки-үч атка отургузушкан, алардын кемерлерине кылычтарын байлашкан. Бул аттарды маркум баатырдын найзасы, кылычы менен куралданган аштын өзгөчө бир катышуучусу кайтарган.

ХХ кылымдын башындагы Ф.А.Фиельструп чогулткан маалыматтарга караганда, куралдарды колдонуу буряттардын бакшылык сөөк коюу салтында да кездешет. Маркумдун сөөгүн өрттөгөнгө баардык керектүүлөрдү дайындаган сон, маркум үчүн атты жабдыкташкан. Атка эң эле бай кооздолуп жасалган ат-жабдыкты жана эң жакшы ээрди токуп, андан кийин ээрге – аттарды байлоочу мамыга байлашкан. Сөөк коюу салтынын катышуучулары мындан соң маркумду атка отургузушуп, эки киши эки жагынан кармап, бирөөсү тизгинден жетелеген. Атка отургузаардан мурун маркумга өзүнүн коргонуучу курал-жарактарын толук кийгизишкен. Сөөк коюунун жүрүшүндө маркум минген ат алдыда баскан, артынан баардык туугандары ээрчиген.

Башка маалымат боюнча, бурят бакшысынын сөөгүн койгонго даярдаганда, аны да өтө адеми жабдыкталган атка отургузушкан. Маркум отургузулган атты эки киши – жалоши (тизгин кармагычтар) жетелеген, астыда тугши жүргөн, ал маркумдун туусун (туг) кармаган. Артта келе жаткандар маркумдун турак-жайын үч жолу айланышып, бир канча аралыкка барып, жебени артты көздөй атышып, андан ары жөнөшкөн. Башка маалыматтар боюнча, кудиндик буряттарда бакшынын сөөгүн коюп, кайтып келе жатышканда, мурдараак артты көздөй атылган жаанын огун жерден алып үйгө келишкен.

М.Н.Хангалов, батыш бурят-бакшычылыктын сөөк өрттөө ырымы боюнча көргө коюуну аткаруудагы ырааттуулугун калыбына келтире алган. Маркумду коёрдон мурун, ага эң жакшы кийимдерин кийгизишкен, эгерде мүмкүнчүлүк болсо, жаңысын тигишкен. Ага тирүү кезинде эмне кийип жүрсө, ошонун баарын кийгизишкен. Кемерине кыны менен бычакты, кашыгын, тамеки баштыгын байлашып, жанына жаа, саадакты жаанын октору менен, найзасын кошо коюшкан.

Ушул сыяктуу маалыматтар, буряттардын сөөк көмүү салтындагы өзгөчөлүктөр Ф.А.Фиельструп тарабынан да белгиленген. Окумуштуунун материалдары боюнча, маркум бакшынын сөөгүн ардактуу жерге коюшуп, жанына бакшынын баардык буюмдарын, ошондой эле маркумдун аскердик курал жана соот-шаймандарын – октору менен саадак, кабы менен жаа, кылыч, найза жана башка зоболону баса белгилеген курал-жарагын жана буюм-тайымдарын жайып коюшкан.

Б.П.Шишло тарабынан анализденген материалдарга караганда, кыргыздарда маркум эркек кишини боз үйдүн ичинде бир учу жерге сайылып, бир учу боз үйдүн сыртына чыгып турган найза символдоштурган. Бул найзанын учуна маркумдун жашына карата дал келген атайын белгиленген желек байланган. Маркум жаш болсо – кызыл желек, орто жаштагы маркумга – кара желек, карыган адамга – ак өндөгу желек тагылган. Көч убагында желекти каза болгон кишинин атынын алдында алып жүрүшкөн.

Өзгөчө «найза сындыруу» жөрөлгөсү колдонулган. Бул жөрөлгөнү аткаруу үчүн атайын чакырылган жигит найзанын жыгачын тең ортосунан сындырышы керек. А.Т.Толеубаевдин матералдары боюнча, найзаны сындырган киши алиги маркумдун жесирине үйлөнүшү керек болгон. Бул - мурдатан даярдалып коюлган адам болгон. Бул ырымдан кийин найзанын жыгачын мүрзөгө сайып коюшкан, башка бир маалыматтар боюнча аны желекчеси менен кошо өрттөп жиберишкен. Найза сындыруу ырымы казактарда да кездешээрин өз убагында И.А.Кастанье да белгилеп өткөн.

Кыргыздардын 19-кылымдагы мүрзө эстеликтерин изилдеген Б.А.Дүйшеев шыргый же найзасы менен кездешкен күмбөздөрдүн түрлөрүн бөлүп көрсөткөн. Алардын арасынан алдыңкы кире беришинин эки жагына бунчуктары менен шыргыйлар орнотулган мүрзө эстелик өзгөчө белгиленген.

Мындай ырымдар кыргыздардын сөөк көмүү салтында азыркы убакка чейин саал өзгөртүлгөн калыбында сакталып келген. Алай өрөөнүндөгү изилдөөлөрдүн убагында, бул маалыматтын авторлорунун бири тарабынан Күн-Элек, Бүлөөлүү, Кызыл-Алай, Чоң-Дөбө айылдарынан азыркы кыргыз көрүстөндөрүнөн учтуу шыргыйларга бунчуктар – топоздун куйруктары бекитилгендиги чагылдырылды. Мындай шыргыйлардын тышкы көрүнүшү тикесинен орнотулган бунчугу менен найзаны элестетет.

Айрым информаторлордун айтуусуна караганда, буга окшош жөрөлгөлөр коңшу Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздардын арасында да тараган. Алай өрөөнүнө жасалган илимий экспедициялардын жүрүшүндө кыргыздардын мүрзө эстеликтердеги Кыргызстандын башка райондорунда кездешпеген кээ бир өзгөчөлүктөр Алайда сакталып калганын байкадык. Бул өзгөчөлүктөрдүн катарына топоздун ак же кара куйругунан жасалган бунчуктар бекитилген найзанын учун элестеткен, учу учталган шыргый же мамыларды киргизсе болот.

Түрк жана монгол элдеринин сөөк көмүү жана эскерүү жөрөлгөлөрүндө курал-жарактарды колдонуунун салттуу жана конструктивдик элементтери, балким, орто кылымдардагы жоокердик салттардын изи катары каралышы абзел.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×