Добавить статью
8:13, 4 июня 2013 115236

Кыргыздардын дарактарга байланышкан ишенимдери

Кыргыздар тууралуу тарыхый-этнографиялык адабияттарда табияттын культунун түрдүү тармагын чагылдырууга арналган изилдөөлөр сейрегирээк болсо да кездешип калат. Бирок табият культунун дарактарды ыйык деп саноо, аларга табынуу сыяктуу маселеси дээрлик эч сөз болбой келгенин айта кетүү керек. Колдо болгон илимий булактарга жана өзүбүз жыйнаган талаа материалдарына таянуу менен биз өткөн доорлордо кыргыздарда дарактардын культу болгондугун болжолдой алабыз. Анын үстүнөкыргыздардын көөнө диний ишенимдеринде табият күчтөрүнө сыйынуу үстөмдүүлүк кылары да муну бекемдеп турат. Тарыхтан белгилүү болгондой, бак-шакка, чөп-чарга этият, астейдил мамиле кылуу көчмөн кыргыздарга мүнөздүү болгон. Изилдөөчү Анара Табышалиева белгилегендей: «Орто Азиянын маданиятынын Масейил жергесинин (Месопотамия) мурасы менен көптөгөн жалпылыктары бар. Бул чопонун, топурак курулуштарынын маданияты. Бүт салттуу архитектура (кошмолор, куполдор, аркалар жана өзү көтөрүүчү курулуштар) мында Орто Азия жыгачка таңкыс болгондуктан пайда болгон. Бул аймакта, мүмкүн, ошол себептен улам дарактардын культу «бак-шактуу» европалык өлкөлөргө караганда да күчтүү өнүккөн. Эзелтеден эле арча, чынар терек, анар ыйык саналып келген. Кээде ар кандай эле дарак сыйлуу деп каралган». Тоонун катаал шартында жашаган биздин бабаларыбыз өсүмдүктөрдүн баа-баркын билип, алардын көптөгөн түрлөрүн өзүлөрүнүн керегине пайдаланып келишкен. Алсак, боз үйдүн сөөгү бүт жыгачтан болгон, дарактын ар кандай түрлөрүнөн ээр чабылган, идиш-аяк кырып, музыкалык аспаптар менен ар кандай буюмдарды жасашкан, тикенектүү түрлөрү менен короосун тосуп, отун катары пайдаланышкан.

Колдо болгон материалдарды иликтөө дарактардын культунун башатында анимисттик ишенимдер жаткандыгын тастыктайт. Табияттын бардык кубулуштары менен күчтөрүн жандуудай билген көчмөндөрдүн күндөлүк турмушунда элдик ишенимдердин бул көөнө катмары өзгөчө мааниге ээ болгон. XIX кылымдагы белгилүү англис этнографы жана тарыхчысы, анимизмди бардык диндердин өнүгүү тарыхынын баштапкы стадиясы деп санаган Э.Б.Тайлор: «Адамзаттын акыл-оюнун өнүгүшүнүн учурунда, даракты аң-сезимдүү зат катары сезип, ага урмат көрсөтүп, тартуу энчилеген кезинде бул байланыш өзгөчө даана көрүнөт. Мындай дарак адам сыяктуу, аны менен ажырагыс байланышкан өмүрү менен жаны бар сыяктуу каралабы же фетиш, дарак дене катары гана кызмат көрсөткөн рухтун сыйынты элеби, көп учурларда муну ажыратуу кыйынга турат. Бирок мындай так эместик заттын жаны бардыгы жана духтун жай алып алышы тууралуу түшүнүктүн ошол эле анимисттик идеянын өзгөртүлүшүнүн дагы бир далили болуп саналат» деп көрсөткөн. Кыргыздар дарактарды адамдардай эле жаралып, жашап, анан өлгөн кадимки кишилер катары эле караган. Алар да адам кабыгын сыйрып же кыйганда жаны ачышып, ооруп, ыйлайт дешкен. Жаңы эле кыйылган дарактын сөңгөгүнөн кан тамчылап турганын өз көзүм менен көрдүм дегендер да болгон. Кыргыздардын дал мына ушундай түшүнүктөрүнөн улам бизге даракты зарыл болгондон ашыкча кыйса өз өмүрү кыйылат, көчөт кезинде шагын кайрыса колу сынат деген сыяктуу тыюулардын мааниси айкын боло түшөт.

Кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында дарактарга байланышкан көптөгөн жомоктор, аңыздар, легендалар, уламыштар, макалдар жашайт. Алсак, Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонскийдин Чыгыш элдериндеги аты) жортуулдан кайтып келе жатканда чөлдөн өтүп, суу табылбай өлүп кала жаздагандыгы тууралуу легенда айтылат. Жан-жөкөрлөрү туш тарапка чапкылап жүрүп, бир жерде аскадан суу тамчылап турганын көрүп калышат. Эптеп бир кесе сууну чогултуп, аны падышага алып келишет. Искендер ичейин деп эрдине алып келет да, муну карап турган жоокерлеримдин ары ичи тарып, ары көңүлү чөгүп калбасын деп жанында турган дарактын түбүнө чачып жиберет. Көрсө, ал суу мүрөктүн суусу экен да, ал эми дарак арча экен. Ошондон улам арча түбөлүк көктөп калыптыр.

Экинчи бир аңыз боюнча бир кезде карагайдын кызына табылгы куда түшкөн экен, бирок калыңын төлөй албай калыптыр. Ошондон улам табылгы көрүнбөйүн деп жашынып, тоонун боор жерлеринде өсүп, уяттан улам кыпкызыл түскө боелуптур. Ал эми карагай кудасын күтүп жатып моюнун созо берип, узарып кетиптир. Бийикке чыгып жол карайм дегени үчүн кыр-кырдын башында өсүп турат экен. Элдик ушул аңыз заманчы акын Калыгулдун өмүр жөнүндөгү ырларынын ичинде:

Карагай, сөксөөлү экөөбү,

Көп катышкан дечү эле.

Аягында ал экөө

Жоо болушкан.

Арасына табылгы

Элчи болгон.

Уялгандан табылгы

Кызыл болгон.

Коркконунан карагай

Узун болгон-

деп берилген. Көрүнүп тургандай, олуя акындын ырында элдик сюжет бир аз бурмаланып кеткен. Сыягы, бала кезинен угуп, бирок эсинде так калбаган аңызды акын ырдап жатып өзү өзгөртүп, оңдоп жиберген, балким, бизге белгисиз вариантын колдонгондур... Аса-муса, жаңгак, караган, ит мурун, жылгын жана башка жыгачтар жөнүндө да ушуга окшогон түрдүү аңыздар айтылган. Буларды бала кезинен уккан кыргыздар өсүмдүктөргө жандуудай карап, аяр мамиле жасашкан.

Эпостук маалыматтан улам бир кездерде кыргыздар бай теректи же чынар теректи ыйык деп санагандыгын билебиз. «Эр Төштүк» эпосунда жер астындагы дүйнөдө тамыры жердин жети катмарына кирип, төбөсү көк тиреген мунардай терек сүрөттөлөт. Мифологияда бул дүйнө дарагы, дүйнөлүк дарак деген аталыш менен белгилүү. «Дүйнө дарагынын образы шаманизмде алгачкы космостук түшүнүктөрдү чагылдырып, дарактын учу, сөңгөгү жана тамыры жогорку (асман), ортоңку (жер) жана төмөнкү (жер алды) дүйнөлөргө дал келүү менен ааламдын символдук элесин берген». Дүйнө дарагы кыргыз фольклорунда даана байкалып турат. Бул образ казак фольклору үчүн да мүнөздүү, анда да жер алдына түшкөн баатыр учу көк тиреген даракка оролуп, эки баштуу Самрук куштун балапандарын жегени сойлоп чыгып бараткан ажыдаарды өлтүрүп, куштун жардамы менен жер бетине кайтат. Адамзаттын көөнө түшүнүктөрү менен ырым-жырымдарынын калдыгын (Тайлор аларды «жандуу күбөлүктөр», «өткөндүн эстеликтери» деп таамай атаган) азыркы кезде да жолуктурууга болот. Мисалы, түштүк Түркмөнстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда чынар теректерди өзгөчө кастарлашат. Түркмөндөр анын куураган бутагын отко жаккандан да коркушат.

Дарактардын ичинен арча бардыгынан сыйлуу болгон. Кыргыздар арчаны өзгөчө таза, ыйык дарак көрүшкөн. Түштүк-Чыгыш Сибирде жашаган калктар үчүн да ал ошондой сапаттарга ээ: «… Шамандардын бүт сыйынууларында оттун мааниси өтө зор болгон; оттун тазалоочу касиетин түрдүү учурларда: кесепеттүү жин-шайтандарды кубалап, алардан сактануудан адамдарды, жаныбарларды, буюм-тайымдарды, азык-түлүктү тазалоого чейин пайдаланышкан. Ырым-жырымдарды аткаруудагы маанилүү атрибут катары арча (бур. арса, алт. арчы, тув. арци) саналган». Кыргыздардын ою боюнча арча бир топ аруулап, дарылоочу касиетке ээ. Анын бутагын түтөтүп, зыянкеч кара жиндерди кетирүүүчүнооруган адамды айландырып ысырыкташкан. Арча менен ышталган чаначтын кымызын дары катары ичишкен. Арчанын түтүнү менен боз үйдүн ичин, коломтону, бешикти, мал жаткан короону да аласташкан. Жаңы жыл башталган Ноорузда арчадан ысырык салып:

Алас-алас

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти

Жаңы жыл келди.

Алас-алас

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты теңир берди,

Жарык күндү кеңир берди.

Алас… алас, деп катуу үн салышкан.

Өзгөчө арчадан жасалган бешик жогору бааланган, анткени ага бешик курт түшпөйт деп эсептелген. Андан сырткары арчанын өмүрү жугуп, мындай бешикке бөлөнгөн бала узак жашайт деп да ишенишкен. Сөөк чыккан үйдү да арча менен аласташкан. Азырга чейин ар бир кыргыздын үйүндө такай боолонгон бир тутам арча турат. Арчада антисептик (микробдорду өлтүрүүчү) касиетке ээ эфир майлары көп экендиги илим тарабынан да далилденген. Анын жыгачын түтөткөндө пайда болгон фенолдор да антисептик касиетке ээ. Муну кыргыздар өздөрүнүн тажрыйбасынан эле байкап билишкен. Арчадан жасалган тиш чукуурлар артык бааланып, той-аш болгон жерлерде элдин алдына чачып коюу менен көп сооп алганга болот деп айтылат. Буга карабай кыргыздар арчаны эшиктин алдына көп эгишпейт, себеби, арча өзүм гана көктөп, өнүп турсам деп тилейт экен деген ишеним бар. Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, 10 баланын атасы Жунусов Ашырбай 1992-жылы 52 жаш курагында дүйнөдөн кайтканда эжеси Жунусова Салтанат күйүттөн улам анын эшигинде көп жылдан бери өсүп турган арчаны кыйдырып салган. Бул окуя дарактарга карата болгон ишенимдердин али да эл арасында унутула электигинин мисалы десек болот.

Кыргыздар кастарлаган дарактардын катарына долоно да кирет. Суунун шары угулбаган жерде өскөн долононун жыгачы касиеттүү болот деп, андан бешикке тумар, теспе жасашкан. Азыркы учурда автомашинанын ачкычына тагып алып жүрүшөт. Долононун тикенинен зыянкеч жин-шайтандар коркот, ал көз тийгенден да сактайт деген ишенимден улам чогулуп, жабышып өсүп калган тикенектерди кыркып алып, короонун же үйдүн эшигинин эки тарабына, же уктоочу бөлмөнүн дубалына илип коюшат. Бирок кыргыздар ээси бар деп санап, өсүп турган долононун (ошондой эле себептен улам жаңгактын да) түбүнө жатып уктабайт. Профессор В.Бутанаевдин эмгегинде хакастардын эшигинин алдына долоно экпегендиги айтылат, антсе жаман болот деп коюшат экен. Мындай тыюунун себебин автор атайын көрсөтпөгөн, бирок анткен менен анын хакастарда долоно бакшылардын дарагы катары караларын билдирген маалыматынан улам биз жогорудагы тыюунун себеби ошондон улам болушу мүмкүн деп болжойбуз. Кыргыздар ошондой эле ит мурундун, чычырканактын тикендүү бутагынан да жин-шайтандар коркот деп, аларды зыян келтирүүдөн коргоочу тумар катары пайдаланышкан. Алтайлыктар да кара күчтөр тикендүү өсүмдүктөн коркушат деп ит мурундун боосун үйдүн эшигинин үстүнө байлап коюшкан. Тикенектүү өсүмдүктөрдүн сактоочу күчүнө карата болгон ишеним дүйнө элдеринин көбүнө таандык десек жаңылышпайбыз.

Көптөгөн орус акындарынын ырларында даңазаланган кайың биздин аң-сезимибизге нукура орус дарагы, Орусиянын табиятынын символу катары кирип калган. Орустарда кайың бир кездерде Умай эне менен Христосту жаан-чачындан, ал эми Олуя Пятницаны шайтандын куугунунан жашырып калган берекелүү дарак катары урматталат. Кайыңга байланышкан көптөгөн ишенимдер, ырым-жырымдар бар. Якуттар кайыңды ыйык дарак катары кадырлашкан, ак жиндүү бакшылар асмандагы кудайларга кайыңдын бутагын пайдаланып кайрылышкан, бул кайың жөнүндө алтайлыктардын ишенимине да окшош. Алтайлыктардын баланын төрөлүшүндөгү, үйлөнүү тоюндагы жана календардык ырым-жырымдарындагы, ошондой эле бакшылык (шамандык) практикасында катышкан кайың-эненин образы алардын коомдук аң-сезиминин маанилүү фактысы болгон. Бул дарак менен айрым сөөктөрдүн (уруулардын – М.А) да, ошондой эле бүтүндөй элдин түп бабаларынын жашоосун байланыштырышкан. Хакастар «таза» деп саналган дарактардын катарына баарынан мурун кайыңды кошушкан. Бирок колдо болгон түркүн булактардагы маалыматтардан улам кайың дарагын бир учурда биздин бабаларыбыз да барктап келгендиги белгилүү. Кытай тарыхчыларынын айтуусунда хуннулар да, үйсүндөр да, дөөлөстөр да жана башкалар Теңирге сыйынган экен. Кээ бир кезде кыргыз ханы да өзү тайынуунун башында туруп, жол-жобосун жасаган. Алкыштоону баштаган хан ак чачып, көктү карап, колун жайып тилек кылган:

«Теңир! Теңир!

Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Теңир!

Тогуз козу биз сойдук, Теңир!

Жакшылыкты жерге, элге жалга, Теңир!

Жамандыкты жерден, элден качыр, Теңир!

Жашообузду оңдо, Теңир!» дешип, калган-каткан даам-ырыскыны улуу отко ташташкан. Батанын текстинде кайыңдын аталышы байыркы кыргыздардын бул даракты кастарлаганын көрсөтөт, башкача айтканда ислам динине чейинки ишенимдерибиздин ичиндеги дарактарга сыйынуунун белгисин даана көрөбүз. Бүгүнкү күндө элдин эсинен дээрлик чыгып кетсе да, айрым жерлерде кайыңга табынуунун калдыктары сакталып калган. Алсак, 2007-жылы август айында америкалык Крисченсен фондунун каржылоосу аркылуу Кыргызстандын Баткен районунун аймагында болгон фольклордук-этнографиялык экспедиция мезгилинде бул саптардын автору Кайыңды айылында жергиликтүү эл касиеттүү деп санаган мазарда, кайың дарактары топтошуп өскөн жерде болгон. Мазарда өскөн кайыңдар башка жактан алынып келинип, отургузулган эмес, эзелтен эле ушул жерде өскөн жергиликтүү, түркстан породасындагы кабыгы кызгылт кайыңдар экендигин айта кетүү керек.

Согончогу канабаган келиндердин мазарларда өскөн касиеттүү дарактарды кучактап сыйынуу адаты да исламга чейинки дарактардын культу менен байланыштуу. Белгилүү англис дин таануучусу жана этнологу Д. Фрэзер кара кыргыздарда төрөбөс аял боюна бүтсүн үчүн жалгыз өскөн алманын алдында жерге оонаган ырымды жасарын жазган. Перзент көрбөгөн аялдардын жалгыз өскөн дарактарга, жалгыз булактарга жашыруун түрдө жөө барып, жер ээсине атап курмандыкка кой чалышканын орус окумуштуусу В. Радлов да белгилеген. Дарактардын культуна тилеген максаты орундалсын үчүн алардын бутагына кездеменин айрындысын байлап коюу адаты да тиешелүү. Байланган кездеменин үзүгү ак түстө, анан да таза болушу зарыл болгон. Түштүк алтайлыктар бардык эле дарактарга эмес, кайыңга, лиственницага ачык түстөгү: ак, көк, көгүлтүр, кызыл түстөгү чүпүрөк (далама) байлап, андан сырткары курмандык үчүн аттын жалынан же куйругунан үзүп алынган талды, тыйынды, сүттөн тартылган аракты тартуулашкан. Кээде жалгыз өскөн ар кандай эле дарак мазар катары каралган, жеке пикирибизче, дал ушундай ишенимди таратуу аркылуу, б. а. «мазар» деген статусту берүү менен анын кыйылып кетүүдөн сактоого мүмкүн болгон. Ал эми анын мазар экендигин ага байланган көп сандаган чүпүрөктөр көрсөтүп, эскертип турган. Элдин экологиялык түшүнүгүн төмөнкү тамаша да чагылдыра алат: «Илгери бир жалгыз өскөн дарактын түбүндө Назар аттуу бай адам жашаптыр. Анын колунда кызмат кылган малайы бар экен. Бир жылы катуу суукта отуну түгөнгөн Назар малайына даракты кыюуну буйруйт. Кожоюнунун буйругун аткарбай коюудан да, ыйык делген даракты кыюудан да чочулаган кедей: «Кыяйын десем мазардан корком, кыйбайын десем Назардан корком» деп муңканган экен». Жалгыз өскөн даракты мазар деп саноо ушул кезде да кездешет.

Тажиктердеги мажүрүм талдын культуна арналган макаласында изилдөөчү Писарчик: «Сохто жаңыдан эле отурукташа баштаган кыргыздар илгертен дыйкан жана багбан сохтуктарга окшоп таза жана адамга зыянсыз саналган мөмө дарактарын, жүзүмдү үйүнө жакын экпей, өз жерине дарактарды «туш келди» эгишкенине сохтуктар жактырбай таңданышты.Канибадамдын айланасындагы кыргыздар да мажүрүм талды эккенге дал ушундай кайдыгер мамиле кылышат» деп белгилеген. Биз мындай дал келбеген айырмачылык баарынан мурда эки элдин – көчмөн кыргыздар менен отурукташкан тажиктердин маданияты менен байланыштуу экендигин көрсөтө кеткибиз келет. Көчмөн кыргыздар өзгөчө касиети, сыйкыр күчү бар деп тажиктердин «таза» саналган мөмө, демек пайда берүүчү дарактарын эмес, дарактын таптакыр башка түрлөрүн санашкан. Алсак, ошол эле мажүрүм талдын аталышын кыргыздар «мажирөө» деген сөз менен байланыштырып, аны тынчтыкты каалап, ушул үйдө эч ким жашабаса, тынчымды албаса экен деп тилейт экен деген ишенимден улам эшигинин алдына эккен эмес. Көлөкөсү адам үчүн оор деп саналгандан улам эшиктин алдына тигилбей турган дарактардын катарына кара жыгач да кирген. Кыргызстандын түштүгүндө анын «кайрагач» аталышы кеңири тараган, анын этимологиясын «кайра кач» деген сөз менен байланыштырышат. Мөмөлүү дарактардын бажырайта гүл ачканын көргөн кыргыздар жаңгактын сөйкөчө формасындагы гүлүн гүл катары билишкен эмес, андыктан жаңгак гүлдөбөйт, кээ бир жылдары гана гүл ачат экен, аны көргөн адам өлөт деген ишеним жаралган. Элдин жаңгакка байланышкан ишеними боюнча аны атайын эккен эмес, ал өзү чыгышы керек экен. Өзү атайылап эккен киши жаңгак өсүп, мөмө берген жылы дүйнөдөн өтөт дешкен. Эркек адамга жийденин гүлүн жыттоого тыюу салуу кездешет, муну балалуу болбой калуу коркунучу менен түшүндүрүшөт. Сыягы, бул тыюу жийденин гүлүнүн өтө жыттуулугунан, жагымдуулугунан улам аны жыттаган адамдын баланын эмес, жийденин жытына мээри төгүлүп калат деген ишенимден келип чыккандай. Короого куурап калган даракты койбой, дароо кыйып салуу адаты бар, бул үй ээлерине жамандык алып келчү белги катары каралат. Табияттын культунун бир бөлүкчөсү болгон дарактар культун элдин дүйнө таануусунан бөлүп алып кароого, түшүнүүгө мүмкүн эмес.

Анткен менен көчмөн кыргыздардын жана отурукташкан коңшу элдердин маданиятынын аралашуусу, бири-бирине таасир этүүсү такыр болгон эмес деп айтууга мүмкүн эмес. Албетте, мында Совет доорунда тегиз отурукташуунун, ошондой эле диндин ролун да четке кагууга болбойт. Мисалга алсак, курманын данегин жипке тизип, теспе катары пайдаланган же бала жаткан бешикке илип койгон көрүнүштү азырга чейин учуратууга болот, муну курманын ислам дини жаралган жерден, Аравия чөлдөрүнөн келгендиги менен түшүндүрүүгө болот деп ойлойбуз. Түштүк кыргыздарында бий алма (айва) деп аталган мөмө абдан кадырланат, адатта аны жеп же кыям (варенье) жасагандан сырткары палоонун бетине да басышат. Бий алма кошуп жасалган палоо жеген адамдын оозун таң атканча периштелер жалап-жуктап чыгышат экен деген ишеним кеңири таралган. Жаңы төрөлгөн балага атап жана сөөк коюлган жерге, көрүстөнгө көчөт эгүү салтын да дыйканчылыкты кесип кылган коңшулаш элдерден кирген деп болжоого мүмкүн. Анткен менен маркумга оордук кылат деген түшүнүктөн улам мүрзөгө мөмөлүү дарактын көчөтүн эгишпейт. Көчөт эгип жатканда аны эки кол менен кармап берип турат, эгер бир колдоп кармаса, анда көчөт жетилгенде бир жыл мөмө берип, экинчи жылы бербей турган болуп калат деп коюшат. Мөмө бербей калган картаң дарактын түбүнө араа, балта сыяктуу аспаптарды көтөрүп барып, «Кыйып салсамбы же быйылча калтырсамбы?» деп угуза айтып, ал тургай балта менен тап берип койчу ырым аткарылат. Мындай ырымды аткарып жаткан кишини үй-бүлө мүчөлөрү же жанында тургандар айнытып, кое турууну суранышат. Ушинтип койсо дарак кийинки жылы көп түшүм берет деген ишеним бар. Мындай ишенимдин грузин элинде да жашай тургандыгы Нодар Думбадзенин «Хазарула» аттуу аңгемеси аркылуу белгилүү.

Мына ошентип, миңдеген жылдар ичинде дарактарга табынуу жоголбой жашап келүүдө. Кыргыздардын дарактарга байланышкан ишенимдери боюнча материалдарды иликтөө анын негизинде көөнө анимисттик түшүнүктөр жаткандыгын тастыктайт. Дарактарга жандуу зат сымал мамиле кылуу, аныгын айтсак, азырга чейин жоголо элек. Дарактарга тиешелүү көз караштар боюнча материалдарга баа берүү кандайдыр бир деңгээлде кыргыздардын табият менен болгон мамилесин, ошондой эле диний ишенимдерин толуктап үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк берет деген ойдобуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×