Добавить статью
3:27, 11 июня 2013 46512

XIX к. аягы – XX к. башындагы түндүк Кыргызстандагы агартуунун абалы

Өлкөбүздүн эгемендүү мамлекет болушу кыргыз элинин тарыхындагы көп маселелердин бүгүнкү күндүн талабына ылайык өз баасын алуусуна шарт түздү. Тарых тактыкка муктаж! Совет доорунда тарыхты изилдөөдө олуттуу кемчиликтер орун алгандыгын мезгил тастыктоодо. Ошого байланыштуу орчундуу маселелерди изилдөөдө бир беткейлүүлүк өкүм сүрүп кээ бир олуттуу маселелер көз жаздымда кала берген. Мына ушундай чечүүнү талап кылган милдеттердин бири – XIX кылымдын экинчи жарымы XX кылымдын башындагы Кыргызстандагы эл агартуунун абалы.

XIX к. аягы ХХ к. башында Кыргызстандын аймагында окуу жайлардын бир нече түрлөрү болгон. Алар эски ыкма (усулу кадим) менен окуткан мектеп, медреселер, жаңы ыкма (усулу жадид) менен окуткан татар жана кыргыз мектеп, медреселери, орус-жергиликтүү, айыл чарба, орус жана шаардык мектептер жана гимназиялар

Кыргыз эли байыртадан илим-билимге умтулуп келгендигин калк арасында калган «Билим – адамдын канаты», «Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы», «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат», сыяктуу накыл сөздөр көргөзүп турат. Элибизде атанын ыйык милдеттеринин бири баласын билимдүү кылып тарбиялоо экендиги улуу муундардан мурасталып келген. Кайсы жол болбосун каражат таап баласын мектепке берүүнү каалаган ата-энелердин саны арбын экендигин Түркстан облустук маалымдоо баянынын 1885-жылкы №2 санына жазылган сөздөр далилдеп турат. «Жаңы мектептин ачылгандыгы тууралуу кабар алыстан угулганда эл арасында дуу-дуу кептер тарап, өз баласын мектепке берүүнү каалагандардын саны тездик менен өсүп кеткен».

XIX к. экинчи жарымынан мектептердин жана анда билим алган окуучулардын саны тездик менен өсө баштайт. 1883-жылы мындай мектептерде 3299 эркек бала, 579 кыздар жалпы 3878 окуучу билим алган. 1886-жылы мындагы окуучулардын саны 4676га жетип, анын ичинен 4176 эркек, 491 кыздар бар эле. Эки жыл өткөндөн кийин башкача айтканда 1888-жылы окуучулардын саны эки эсе көбөйүп, 8856 окуучуга өскөн. Анын ичинен 6792 эркек бала, 2064 кыздар болчу.

Окуучулардын саны өйдө-ылдый болуп өзгөрүп турган. Бир жыл өткөндөн кийин 1889-жылы - алардын жалпы саны 6358 окуучуну түзүп, азайып кеткен. Ал эми 1890-жылы кайра көбөйүп 7576 эркек бала, 1983 кыздар, жалпы 9559 окуучуга жеткен.

Россиянын курамына каратылып, орустар тарабынан мектептердин бир нече түрлөрү ачылып, кеңири кулач жая баштаганына карабастан мусулман мектептеринен билим алууну каалагандардын саны тездик менен өсө берген. Далил катары алып карасак, алардын саны 1893-жылы 11756 эркек, 3025 кыздар, жалпы 14781 окуучуга жеткен.

1876-жылы Каракол уезди боюнча 12 жеке менчик мектеп болсо анын ичинен 9 мектеп кыргыздарга тиешелүү, 3 мектеп калмактардыкы эле. Жалпы 131 окуучу билим алган. 1886-жылы Каракол уезди боюнча 14 мектеп 246 эркек, 19 кыз баардыгы болуп 265 окуучу билим алган. 1903-жылы Пишпек уездинде 38 мектеп болуп анда 69 молдо эмгектенген. Окуучулардын саны 901 эркек, 93 кыз, баардыгы болуп 994 окуучу окуган.

Мектептерде окуу программасы араб арибин - тамгаларды жаттап бүткөндөн кийин, аларды муунга кошуп окуганга көнүгө баштачу. Башкача айтканда курандын мазмунунан кыскартылып алынган анчалык чоң эмес китеп «аптиекти» окушкан. «Аптиек» фарс тилинде Хафтиек (хафт – жети, як - бир) курандын жетиден бир бөлүгү. Бул окуу китеби араб тилиндеги куранды балдарга жеңилдетип түшүндүрүү үчүн түзүлгөн. Экинчи фарс тилинде же болбосо түрк тилдеринин биринде мусулман дининин негизги эрежелери топтолгон «чаар китеп», «Суфи-Аллаяр» китептерине өтүшкөн. Мектеп ич ара көпчүлүк окуй турган төмөнкү баскыч, колунда бар бай-манаптардын, динчилердин балдары окуусун андан ары улай турган жогорку баскыч болуп бөлүнгөн.

Мектептерде ар бир окуучуга өз алдынча мамиле жасалган. Окуучунун зээндүүлүгүнө, жөндөмүнө жараша китептен китепке көчүү болгон. Эгерде окуучу жөндөмдүү болуп бир китепти жакшы өздөштүрүп бүтсө, башкаларды күтпөстөн экинчи китепке өтүп кете берген.

Тоң районунун «Туура-Суу» мектебинин 1914-жылкы бүтүрүүчүсү Молдогазы Таранчиевдин мектептеги окуу туралуу эскерүүсү белгилүү тарыхчы Дүйшө Айтманбетов тарабынан жазылып алынып, төмөнкүдөй баяндалат: «Бир эле үйдө окуучулар төшөнчүсү менен жайланышкан, ашкана деп аталган боз үйдө молдо, ашпозчунун үй-бүлөсү турган. Ушул эле үйдө тамак-ашы менен идиш-аягы болгон. Молдо биздин эсептен тамактанып, ашканада жатучу. Анын аты Сагындык молдо, саяк элинен чакырылган. Анын тамагы үчүн ар бир окуучу 1 кой, 1 кап ун, чай жана отун алып келүүчү. Мындан тышкары тамгаларды жаттаганы, курандын ар бир бөлүмүн өздөштүргөнү үчүн балдардын ата-энелери кийим-кечек, же мал, же дагы башка баалуу буюм, ал эми бейшемби күндөрү «бейшембилик» (тамак-аш же акча) белегин берип турушкан. Түшкө чейин сабак 4 саатка, түштөн кийин 4-5 саатка созулган. Окуучулар кечинде шам-чырактын жарыгында сабак даярдашкан. Жума күндөрү алар үчүн дем алыш күнү болуп, үйлөрүнө кетишчү. Окуу 5-6 ай, октябрдан апрелге чейин созулган.

Мектептен билим алган Бөрүбай Кененсариевдин эскерүүсүнөн сунуш кылабыз: «Кийин чоңоюп калганымда аныктаганыма караганда атам мени 1903-жылы молдого берген экен. Айлыбызда Сыдык молдо деген оң колунун манжасынын баары тубаса мукур болуп калган киши бар эле. Ошого күздүн күнү алып барды, молдонун боз үйүнө жыйырмадай бала чогулдук, алды 12-13 жашта, арты 7-8 жаштагы балдардын баардыгы дасторкон көтөрүп, колунда бар кишилерден 20-50 тыйындарды алып келип молдого беришти. Аталарыбыз улам бирөө баласын колунан жетелеп келип, молдонун алдына чөк түшүрүп олтуруп дасторкон жана тыйынын бергенден кийин, баары тең атайын жаттап алгандай «молдоке мына баламды алып келдим эти сиздики сөөгү меники, аябаңыз», деген сөздү айтышат. Үйдөн апам китеп кап жасап, ичине «Ийман шарт» деген кичине китепчени салып берген, боз үйдүн ары жагына керегенин түбүнө жакын кыдырата төшөлгөн саманга чөктүштүк, улам бирден молдонун жанына барып дагы чөктүшүп алгачкы сабакты алдык. Молдо китепчесинин биринчи бетин ачып чөп кат менен (бир сөөмдөн ничке таякча) «мына бул алип» бул «бээ» мунусу «тээ», мына бул үстүндө үч нокоту бар «сээ» деп төрт арибти көрсөтүп, бизге да айттырып көрүп, бар олтуруп бышыргын деди. Кайра барып саманга чөктүшүп, чөпкапты колго алып, өөдө ылдый ариптерди кыйкырып жаттай бердик. «Аптиектин сүрөөсүн окуп, андан куранга өткөнчө дагы эки жыл өттү. «Сопу аллаяр» деген китепти окуганда эң зээндүү мыкты окуган блдар кат жазганды үйрөндүк. Ар ким өз билгендей жазат. Бирөө «сиз» деп жазса, бирөө «зис» же бирөө «сис», бирөө «бекем», бирөө «пекем» деп жаза беришкен».

Мектепте окутуу тамгалык ыкма боюнча жүргүзүлгөн. Биринчи ар бир тамганын атын үйрөнүү, экинчи тамгалардан муун түзүп окуу, үчүнчү тамгалардан сөз курап окуу. Кээ бир мектептердин жогорку баскычында медресеге кирүүгө даярдык көрүү максатында арап тилинин грамматикасын тереңдеп окутуп, жазууга үйрөткөн. Медреселерде жалаң эле колунда бар дин өкүлдөрү, манаптардын балдары окубастан карапайым калктын балдары да билим алган. Булар үчүн каражат «зекет», «фитр» аркылуу элдин чогултулган акчалар сарпталган.

Кыргыздарда XIX к. тарта эле колунда бар журт башчылары, ири ак сөөк манаптар Кашкардан, Үрүмчүдөн, Бухарадан, Кокондон, Казандан, Уфадан жалдап татар, ногой молдолорун алдырышып, балдарына арип таанытып, окуганды, жазганды үйрөнгөн билимдүү жаштар арбын болгон. Жергиликтүү мектептерден сабатсыздыгын жоюп, билим алган жаштар андан ары билимин өркүндөтүү үчүн Бухара, Баку, Казан, Уфа шаарларына барышып жогорку мектептерден билим алышкан. Мисалы, XIX к. акыркы чейрегинде, 1870-жылдарда Азербайжандын Шемаха шаарында Ысык-Көлдөн Касымаалы, Сарыташтан Ибрагим, Кызыл-Кыядан Искендер аттуу кыргыз жигиттери жогорку мектептен дин илими менен кошо адабият, логика, тарых, философия, араб, фарс тилдерин терең окуп билимдүү болуп кайтышкан.

Пишпек уездинин Каракайың болушунан Кожомурат Сарыкулаков 1901-жылы Верный шаарындагы эркек балдар гимназиясына кабыл алынып, 1911-жылы күмүш медалы менен аяктайт. 1911-жылы Киев шаарындагы Ыйык Владимир университетинин медицина факультетине кабыл алынат. Бирок каражаттын жоктугунан окуусунан кайра четтетилет. 1914-жылы Казань университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 1917-жылы ийгиликтүү аяктайт. 1915-жылдары Уфадагы атактуу Галия жогорку окуу жайынан Ишенаалы Арабаев, Осмонаалы Сыдыков, Искак Канатов, Нарынкул Абиров жана башкалар билим алышкан. Жогорудагы кыргыз жаштары окуусун аяктагандан кийин өз мекенине кайтышып алган билимдерин элине жумшап, мектеп ачып, бала окутуп, өз элинин тарыхы, санжырасын чогултуп, китеп чыгарып, агартуунун үстүндө эмгектенишет.

«Насилим – кыргыз, тайым саяк. 1895-жылдан баштап жыйып 1934-жылы жамдадым. Берегим атаганат элге жетсе, урпактар окуу окуса ойлоноор, ойлонсо тарыхка көзү ачылаар», - деп тилеген. Белек Солтоноев урпактарга тарых, элдин оозеки чыгармачылыгы, салт-санжырасы, маданияты жөнүндө өзү жыйнаган бай материалдарды жана адабий мурастарды калтырды.

Б.Солтоноев XIX к. аягы – ХХ к. башындагы кыргыз журтчулугунун ичиндеги алдыңкы ойчул-агартуучулардын бири сыңары бааланып, улут тарыхынан өз ордун ээлөөгө тийиш.

Падышалык жеке бийлик Россиянын курамындагы элдерге басмакана ачууга уруксат бергенден тартып жер жерлерде басмаканалар уюштурулуп, китеп, газета- журналдарды басып чыгаруу жолго коюла баштайт. 1800-жылы Казанда ачылган басмаканадан биринчи жолу татар тилинде башталгыч мектептин окуу куралы «Хафтиек» басылып чыгат.

Кийинчерээк ХХ к. башында Уфа, Оренбург, Ташкент, Верный шаарларында пайда болгон мамлекеттик жана жеке менчик басмаканалардан миңдеген тираж менен татар, казак, кыргыз, өзбек тилдеринде окуу китептери басылып чыгат.

Ушул китептердин ичинен кыргыз жана казак балдарына арналып, жеңилдетилип түзүлгөн алиппе 1911-жылы чыккан. Китептин толук аты «Алифба йаки төтө окуу». Уфадагы жеке менчик Шарк басмасынан араб ариби менен басылган. Аны жазып бастыргандар жогорку даражалуу Галия медресесинин окуучулары Ишенаалы Арабаев жана улуту казак Хавза Сарсикеев болгон. Бул кыргыз балдарынын сабатсыздыгын жоюуга арналган окуу куралы катарында чыккан туңгуч басма китеп эле. Жайкы дем алыш мезгилинде Галия окуу жайынын окуучулары казак айылдарына барып, ушул алиппе менен балдарды окутуп, бир аз акча таап кайтышкан. «Баланы кайсы алипбээ менен окутасың, төтө окуу мененби», деп баласын мектепке берүүнү каалаган ата-энелер сурап турушкан,.

Советтик доорго чейинки басмадан басылып чыккан кыргыз китептеринде өзгөчө орунду санжыра ээлеген (арабдын «шажара» деген сөзүнөн кыргызча бутак-дарак дегенди билдирет). Белгилүү бир уруунун, элдин келип чыгыш теги жана таралышы жөнүндөгү тарыхый материалдардын жыйындысы, элдик оозеки чыгармалардын бир түрү.

Кыргыз элинин тарыхын алгач ирет иликтеп, аны кагаз бетине түшүргөндөрдүн бирбабабыз Осмонаалы Сыдык уулу болгон. Осмонаалы өз убагына ылайык араб, фарсы, татар тилдеринде окуп, жаза билген сабаттуу адам болгондуктан молдо Осмонаалы деп атап коюшкан. Ал 1877-жылы Пишпек уездинин Темир-Болот айылында (азыркы Кочкор районунда) туулган. Алгач жергиликтүү молдодон билим алып, ага каниет кылбастан Токмокто Шакир калпадан окуй баштайт. Шакир калпа түндүк кыргыздарга белгилүү молдо болуп, татарча диний жана айрым таза билим (география, тарыхый) билимдерди да окуткан. Шакир калпадан беш жыл билим алгандан кийин анын кеңеши менен 1895-жылы Темир-Болот айылындагы балдарды чогултуп, диний билим берүү менен бирге география, тарых билимдерин кошо үйрөткөн. Кийинчерээк Кашгар, Бухарадагы иримедреселерден билимин тереңдетет. Ошентип, көптөгөн изденүүлөрдөн кийин 1911-жылы Уфа шаарына барып топтогон эмгектерин китеп кылып чыгаруунун үстүндө эмгектенет.

1913-жылы алгачкы китеби «Мухтасар тарых-и кыргызия» жарык көрөт. Нукура кыргыз тилинде жазылган. Ал тургай диалектикалык өзгөчөлүк сакталган. 1914-жылы биринчи китебин толуктап, «Тарыхи кыргыз Шадмания» деген ат менен экинчи китеби басылып чыгат.

«Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарыхты билүү керек жана (ал) – көп этибар кылынуучу бир илим», - деп жазат Осмонаалы Сыдык уулу.

1911-жылы журтубузга тиешелүү алгачкы басылмалардын бири Молдо Кылычтын «Кысса-и зилзала» аттуу поэмасы Казандан басылып чыгат. Поэма жер титирөөгө арналган.

Жыйынтыктап айтканда, биз жогоруда келтирген фактылар кыргыз эли советтик доорго чейин туташ сабатсыз болгон деген негизсиз ой-пикирлерди толук жокко чыгарат. Түркстан аймагында, анын ичинде кыргыздарда мусулман окуусу калктын акыл-ой мүдөөлөрүн канааттандырып, кылымдардан кылымдарга сакталып келген. Үстүртөн болсо да алгачкы сабатты, сан жагынан анча көп эмес «Боз үй мектептери» түндүк Кыргызстандагы агартуунун алгачкы саамалыгы, алгачкы кадамы катары карасак болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×