Добавить статью
11:43, 12 июля 2013 23178

Баткен жана ага чектеш аймактардын чыгыш авторлорунун эмгектеринде чагылдырылышы

Фергана өрөөнүнүн чыгыш-түштүгүндө жайгашкан Баткен аймагы байыркы доорлордон бери карай Борбордук Азияда өткөн бардык саясий окуялардын чордонунда болуп келген. Ал жөнүндө орто кылымдардагы чыгыш авторлорунун эмгектеринде жана башка бир топ тарыхый булактарда жетишерлик деңгээлде баяндалган. Анткени бул аймакка байыркы жана орто кылымдардан бери карай түрктөрдүн, перстердин, кытайлардын, арабдардын сугу артылып, Фергана өрөөнү алардын өз ара күрөшүнүн “майданы” катары таанылып келген.

Айтылуу Мавераннахр тууралуу Х кылымдагы эң баалуу эмгектердин бири Абу Исхак Ибрахим ибн Мухаммад ал – Истахринин Китаб масалик ал–мамалик (“Мамлекеттердин жолдорунун китеби”) аттуу эмгегинде Баткен жана ага чектеш аймактар тууралуу бир топ далилдер келтирилген. Анда: “Жемиштерге келе турган болсок, Согдуга, Усрушанага, Ферганага жана Шашка киргенде сен алардын ушунчалык көптүгүн көрөсүң, жемиш башка өлкөлөрдөгүгө караганда ушунчалык көп болгондуктан, аны малга беришет, - деп, өзүнүн таң калуусун жашырган эмес жана мындан тышкары кулдар да абдан көп, аларды мындан ар кайсы өлкөлөргө алып кетишет деп, Мавераннахрда жыпар (мускус) да бар экендигин белгилеген”.[Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. Б., 2002, 1-к.– б. 28.]

Демек орто кылымдарда айтылуу Мавераннахр мамлекети өнүккөн өлкөлөрдүн катарында гана болбостон, андан башка өлкөлөргө көп нерселерди алып кетип да турушкан. Мындан тышкары: - Фергана тоолорунан асбест, бирюза, темир, жез, алтын жана коргошун казылып алынат. Асбарада кара таштуу тоо бар, бул таштар көмүр сыяктуу күйөт, - деп ошол эле эмгегинде баяндаган.

Орто кылымдардагы белгилүү саякатчынын бул географиялык эмгегинде баяндалгандайМавереннахр өлкөсү, анын ичинде биз изилдеп жаткан Баткен жана ага чектеш аймактар орто кылымдарда дыйканчылык, мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, соода менен кошо бул аймакта тоо-кен өндүрүшүнүн да жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт.

IXкылымга тиешелүү автору белгисиз “Худуд ал-Аламда”:“Ферганадагы областтардын курамы:Фергананын түштүгү аркылуу Коженттен Ошко чейинки жолдо Кенд (Канибадам), Сох, Риштан, Зандерамш, жана Кува шаарлары бар”.

Түштүк Фергананын тоолуу бөлүгүндө Кенд-Кува жана ТөмөнкүНесай (Маргинан, Андукан) шаар аралык кербен жолдоруна үчүнчү катар жайгашкан тоолуу аймактар: 1) көмүр кени менен атагы чыккан – Испара, Тамахуш жана Бамкахуш шаарлары менен Сохтон 5 фарсах, ...Сох тоодо, Бутман менен Фергананын чек арасында, анын тегерегинде 60 кыштак бар,- деп жазып, ал-Истахринин жогоруда баяндагандарынын төгүн эместигин далилдеп, алардын аралыктарын да так көрсөткөн жана Сохтун тегерегинде калк жыш жайгашкандыгын белгилеген.[Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. Б., 2002, 1-к. – б. 68.]

Баткен районунун Самаркандек кыштагынан 10 км аралыкта жайгашкан Шураб көмүр кени мына ушул эмгекте баяндалган Асбарадагы (Исфара)кара таштуу тоо болгон. Ушул эле Самаркандек кыштагынан 18 км аралыкта күмүш, сурьма, цинк, коргошун казылып алынып турган, б.з. I к. атагы чыккан Кан-и-Гут кени жөнүндө алгачкы маалымат Авиценнанын эмгектеринде кездешет. Анда: “Акылмандар бардык алтындарын жана асыл таштарын дүйнөнүн ар кайсы жерлерине жашырышкан, ага ээлик кылуу оңой эмес. Мисалы Мавереннахр өлкөсүндө шаар бар, тоолордун арасында жайгашкан, Исфара деп аталган. Анын аймагында Гут деген аталыштагы жай бар. Акылмандар казынасын ошол жерге калтырышкан жана ага каргышты кошо коюшкан. Бул жөнүндө жазууга жана айтууга так сан жок,” деп жазган.[Дудашвили С. Пешера Кан-и-Гут. Интернет сайт: http:// kani- gut.narod. ru/]

Мындан жыйырма кылым мурда бул аймакта кен казуу иши өнъгъп, андан асыл баалуулуктагы кендер алынып тургандыгы жөнъндө айтылуу дарыгердин эскерүүсүнө караганда, бул аймакта кен казуу иши жалпыга маалым болгон.

Ал эми дагы бир популярдуу тарыхый булакта: ...археологиялык казуулар I-V к. бул жерде чарбалык жана маданий жогорулоо болуп, көптөгөн жаңы шаарлар жана кыштактар пайда болгондугун, сымап (азыркы Хайдаркан шаарында), алтын (Касансай суусунун жогорку жагында), бирюза (азыркы Баткен районундагы Самаркандек айылында)кендерин жана башка пайдалуу казылмаларды казып алуу кеңейгендигин айтууга мүмкүнчүлүк берет”, –деп жазылып, жогорку фактылардын төгүн эмес экендигин дагы бир ирет далилдейт.

Биздин замандын биринчи кылымдарында Баткен аймагында сымап, алтын, бирюза казылып алынып турганына караганда кен байлыктарын казып алуу жана иштетүү бир топ жогорку деңгээлде өнүгүп, аны натыйжалуу пайдаланышкан.

Араб-парсыжана кытайбулактарында да чагылдырылгандай: бул аймак б.з. I миң жылдыгында кен байлыктары жана кен иштетүү боюнча атагы чыгып, Ферганадан түрк кулдары менен кошо ак кездемелер, курал-жарак, кылыч, жез, темир экспорттолгон. Фергананын темир буюмдары, айрыкча курал-жарактар Багдаддан өз кардарларын таап турган. Бул тарыхый жазма булактар окумуштуулар тарбынан тарыхый факт катары толук кабылданган. Темир буюмдар, айрыкча курал-жарактар Багдадка чейин ташылып тургандыгына караганда алар жогорку чеберчиликте жасалгаланган, анын натыйжасында бул аймакта кол өнөрчүлүк жана соода өнүккөн.

Кан-и-Гутта кен казуу иштери VI к.данXI к. башталышына чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, андан коргошун жана темир казылып алынып тургандыгы жөнүндө тарыхый булактарда так чагылдырылган.

Мына ушул фактылар эле бул кенде 500 жыл бою үзгүлтүксүз коргошун жана темир казылып алынып тургандыгын далилдейт, бул аймакта беш кылым бою темир казылып алынгандыктан, аны иштетүүдө бир топ деъгээлде тажрыйба топтолгон, андан буюм-тайымдар, курал-жарактар жасалган, алар албетте чет өлкөлөргө чейин сатылып турган.

Кан-и-Гут кени – үч доордо: байыркы мезгилде, Кокон хандыгынын тушунда жанаКеңеш бийлигинин мезгилинде иштеп турган.

Изилдөөчү Г.Максимов: “Кан-и-Гут чындыгында уникалдуу сполеообьект, ал мурдагы СССРдин аймагындагы мындай обьектилердин жападан-жалгызы десек болот. Ага жакын болгон Төө-Моюн өрөөнүндөгү Ферсмандын үңкүрү – Кан-и-Гуттан бардык параметрлери: көлөмү, тарыхы, мезгили, породасынын курамынын ар түрдүүлүгү д.у.с. боюнча бир топ артта,-деп белгилеген.

Демек, бул аймакта мындай ири үңкүр-кен жападан-жалгыз болуп, мурдагы СССРдин аймагында мындай ири кен казуунун болбогондугун айгинелесе, экинчиден, бул аймак кен казуу боюнча башкалардан бир топ мурда өнүккөндүгүн маалымдайт.

Темир буюмдар, айрыкча курал-жарактар Багдадка чейин ташылып тургандыгына караганда, алар жогорку чеберчиликте жасалгаланган, мында колунан көөрү төгүлгөн темир усталар болгон, анын натыйжасында бул аймакта кол өнөрчүлүк жана соода өнүккөн. Ал эми сымап, алтын жана күмүш казып алууларга караганда кен казуу ишинин технологиясы да жогору болгон. Демек, Баткен аймагы орто кылымдардагы өнүккөн аймактардын катарында болгон.

Баткен аймагында байыркы доорлордон тарта тоо-кен өндүрүшү менен бирге, кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык жана бакчылык жогорку деңгээлде өнүгүп, Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары бул аймак дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү менен тыгыз байланышып тургандыгы маалым. Бул фактыларды Баткен районундагы Кара-Булак көрүстөнүнөн табылган археологиялык табылгалар дагы бир ирет далилдейт.

Кытай тарыхый булактары боюнча VII к. орто ченинде Ферганага түрктөрдүн басып кирүүсү башталат. VIII к. башында Тан Кытайынын Чыгыш Түркстандагы жана Тибеттеги экспанциясы күч алып, Орто Азияга карай жыла баштайт.

627-649-жж. уруусу боюнча түрк Ашина Фергананын түндүк бөлүгүн басып алат жана Гесай (Касан) шаарына башкаруучу кылып уулу Ебочжини дайындайт. Бул мезгилде Ферганада “кош бийлик” өкүм сүрөт. Түштүктө Хумын (Кумыр?) шаарында байыркы Фергана династиясынын башкаруучусу Аляошен, ал эми түндүктөтүрктөр өкүм жүргүзө башташат. 659-жылы түрктөр Ферганандагы бийлигинен убактылуу кол жуушат. Гесай шаарына караштуу аймак гунндарга чейинки байыркы аталышы боюнча Хюсюн наамын алат. Бул “кош бийлик” VII к. кытай булактары боюнча (Хой Чаонун 726-ж. саякаты) Сыр-Дарыянын түндүк жагы түрктөрдүн бийлигинде, ал эми түштүгү арабдарга көз каранды болуп калат. Натыйжада Фергана эки бөлүккө: түрктүк жана иран-ферганалык болуп бөлүнүп, Хумын шаарын түштүк Ферганадан издөөнүн кажети жок болуп калат.[Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. т.1,-Б.,1997,с-259.]

Мына ушул мезгилдерде Фергана аймагында топонимикалык аталыштар иран-парс тилдеринде атала баштайт. Баткен аймагындагы байыркы иран-парс тилдериндеги топонимикалык аталыштар да мына ушул мезгилдерге таандык болуу керек. Анткени Баткен районундагы иран-парс тилиндеги аталыштар: Гарм, Говсувар, Гойстам, Дара, Дашти-Калан, Зардалы, Кистут, Палал, Обгол, Роут,ж.б. сыяктуу калктуу конуштардын аталыштары ушул кезге чейин толук сакталып калган. Бул фактылар да Баткен аймагынын Фергана өрөөнүндө болуп өткөн ар кандай окуялардын чордонунда болуп келгендигин дагы бир ирет тастыктайт.

VIII к. Фергананын ээлери араб баскынчыларына катуу каршылык көрсөтүшкөн; Кутейб б. Муслимдин биринчи баскынчылык жортуулдарынан (хижра жыл эсеби боюнча 94-жылы /712-713-жж.) өлкөнү толук каратканга чейин жүз жылдан ашкан. 96/715-жылы Кутейб б. Муслим Ферганада Сулейман халифке каршы чыгып, өз жоокерлери тарабынан өлтүрүлгөн, анын күмбөзү Нершахтын билдирүүсү боюнча Ках айылында, а Жамал Каршыныкы боюнча Кулидж айылында (бул эки аталыш бири-биринен кескин айырмаланып, күмөн санатат). Мурда Ош, азыр Андижан уэздине караштуу Жалал-Кудук волостундагы ”Кутейб шейх имамдын” күмбөзүн көрсөтүшөт, бирок ал ушул кезге чейин бир да жерде жазылган да, айтылган да эмес. Арабдардын пикири боюнча бул жер азыр «Кытайда». [Бартольд В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б.,1996, 204-б.]

Албетте, баскынчыларга каршы чыгуу ар бир элдин атуулдук милдети, Кутейб б. Муслимдин жетекчилигиндеги арабдардын жүз жылдан ашуун баскынчылык аракетине каршы күрөш Фергана элинин мекенчилдигин, эрдигин жана туруктуулугун көрсөткөн.

Кутейб Ферганага (болжолу хижранын 94-жылы) Исам б. Абдаллах ал-Бахимини калтырат, ушуга байланыштуу Исам аталыштагы капчыгай Табари боюнча Ферганадан Кашкарга чейинки жолдо, а башка боюнча Исфаранын рустагында. Кутейбдин өлүмүнөн кийин арабдар Ферганадан куулуп чыгарылган болуу керек, анткени Фергананын башкаруучусу 103/722-ж. «Исам капчыгайын» Согдадан көчүп келгендерге сунуш кылган, бирок бир да тарыхый булактарда арабдардын жеңилгендиги жана куулуп чыгарылгандыгы жөнүндө чагылдырылбаган. [Бартольд В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. - Б., 1996. - б. 355.]

Бул тарыхый эмгекте көрсөтүлгөн Исам капчыгайы андагы экинчи вариант боюнча Исфаранын рустагында болсо, андаал капчыгай албетте, Баткен аймагындагы тоолуу капчыгайлардын бирөөсү болот, анткени, Исфара аймагында мындан башка тоолуу капчыгай жок.

Ал эми башка эмгекте: 712-722-жж. Фергана падышасы Согдиден көчүп келгендерге Исфара аймагынан жер беришкен,-деп көрсөтүлгөн.[Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. - т.1, -Б., 1997. -с. 261.]

Эгерде бул фактыга таянсак, Сох жана Варух капчыгайларында тажиктер жашашат, бул аймактар тоолуу, эки аймак теъ дарыялардын боюна жайгашкан. Ал эми Исфара аймагындагы түздүктөргө калк мурдатан эле жайгашкан, экинчиден, ал кездеги башчылар да тоолуу, бир аз чет жерлерди сунуштаган болуу керек, үчүнчүдөн, согди маданиятынын калдыктары Сохтогу Муг-Курган көрүстөнүнөн (1899-жылы зороастрийлик ишенимге негизделген жыландын скульптуралык сүрөтү) табылгандыгына караганда, Сох капчыгайы болуу керек деп тыянак чыгарууга болот.

Варухта жана Сохто жашаган тажиктер Исфарада жашаган тажиктерден антропологиялык түзүлүшү жана салт-санаасы боюнча да бир топ эле айырмаланышат, мына ушул өңүттөн алып караганда да мына ушул капчыгайлар деп атоого болот. Бул эки капчыгай тең административдик-аймактык бөлүнүүсү боюнча башка республикаларга таандык болгондугуна карабастан, алар Баткен районунун аймагында анклав катары жайгашкан. Ошондуктан, мындагы ар кандай тарыхый ж.б. окуяларды Баткен районундагы окуялардан бөлүп кароого болбойт.

Бул эки капчыгай тең бир топ тарыхый окуялардын күбөсү болгон. Варух капчыгайында ХI к. таандык үч түрдүү: мусулман, сасано-персид жана «грек» (руми) тагыраак айтканда христиандык-сириялык жыл эсеби боюнча 1041-жылдын 29-декабрындагы караханиддик мезгилдеги араб жазуусу сакталган. Бул капчыгай да Баткен районунун аймагында жайгашкан, бирок тарыхый булактарда Варух капчыгайы деген аталышта берилип калган. Бул таштагы жазуу Али-Саид-хандын уулу, Наср Эмирдин небереси «даңктуу тегин», Исфаранын башкаруучусу караханид Муизз-ад-Дауля Арслан тегин Абу-л-Фазл ал Аббастын мезгилине таандык. Бул жазуу 1950-жылы Борбордук жана Орто Азия элдеринин тарыхын жана маданиятын изилдеген көрүнүктүү окумуштуу А.Н.Бернштам тарабынан изилденип ал монголдук, караханиддик мезгилдерге чейинки т.а. көчмөн уруулар арасында исламды массалык жайылтуу учуруна таандык экендиги аныкталган. [Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. - т.1. - Б.,1997. – С.406.]

Жогорудагы фактылар бул аймактарда арабдардын баскынчылык жортуулдарына каршы жергиликтүү калктар тарабынан айыгышкан каршылыктардын болгондугун далилдейт жана Варух капчыгайындагы жазуу да кандайдыр бир маанилүү окуянын соңунан кийин жазылса керек деген пикир жаратат.

Бул тарыхый фактылар ырастагандай, Фергана өрөөнүндө жана Кыргызстандын аймагында алгачкылардан болуп, Баткен жергесине ислам динижайыла баштаган жана мусулман дининдеги орто азиялык жалпы маданият алгачкы жолу дал ушул аймакта калыптанып, андан башка жактарга таралган. Мусулман динине негизделген жалпы орток маданияттын жетишкендиктери жергиликтүү калктын аң-сезимине бекем орноп, анын айрым баалуу мурастары бүгүнкү күндөргө чейин сакталып, жергиликтүү салттык маданиятты калыптандырууга чоң салым кошкон.

Фергана саманиддердин доорунда экономикалык жана маданий жактан жогорулоо мезгилине туш келген болсо, ал эми караханиддик мезгилде негизги саясий борборго айланган. Караханиддик мезгилде б.а. X к. баштаптүрктөр Ферганадаөз бийлигин кайрадан бекемдешип,Өзгөндү экинчи ордо шаарга айландырышат. Өзгөн шаары ошол кездеги тарыхый булактарда Мавереннахрдын бардык башкаруучуларынынрезиденциясы катары аталса, кийин жергиликтүү башкаруучулардын резиденциясы катары атала баштаган. [Бартольд В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б.,1996, - с. 359.]

Ордо шаар жана резиденция катары аталгандыгына караганда Өзгөн шаары ошол мезгилде алдыңкы шаарлардан болуп, стратегиялык жактан да маанилүү болгон, андай болбогондо ордо шаар аталмак эмес.

Фергананын шаарлары ошол кездеги алдыңкы өнүккөн шаарлар эле эмес, маданий, соода жана стратегиялык жактан да мааниси жогору болгон.

Монголдордун доорунда Орто Азиянын башкаруучулары Чагатайдын атынан эмес гурхандын (улуу хандын) атынан башкарып турган, 1238-39-жж. Мавереннахрдын башкаруучусу теги хорезмдик гурхан тарабынан дайындалган Махмуд Ялавачтын резиденциясы Кожентте болгон.

Кожент Фергананын жанындагы обочо жерде жайгашкан. Ал Чач дарыясынын батыш жээгинде. Шаардын узундугу туурасынан чоңураак, узундугу бир фарсанг. Шаардын ичинде бактар да, бустандар да жок. Бул жерде Кендден башка шаар жок. Анда шахристан жана кухендиз бар, шахристанда мечит бар. Рабаддын чоң базар аянтында эмирдин сарайы, кухендизде түрмө бар. Шаар кооз, мындагы жемиштер абдан сонун, шаардын тургундары эр жүрөк жана келбеттүү. Бирок шаардын байлыгы тургундарды толук канааттандыра бербейт. Ферганадан, Усрушанадан жана башка аймактардан Чач дарыясы менен бул жакка эгин алып келишет. [Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. - Б.,2002. 1-к. – б. 47.]

Мындан бул аймактарда соода иши өнүккөн деп бир нече жолу белгилегенибизге карабастан, соода иши дарыя жолу аркылуу да жүргүзүлгөндүгүнөн кабардар болдук. Демек, бул аймактардагы соода иштери Улуу Жибек жолу менен гана чектелбестен, башка мүмкүнчүлүктөр да толук пайдаланылган, бул соода ишинин жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн дагы бир ирет тастыктайт.

Жыйынтыгында – Ферганаөрөөнү караханиддик доордо калыптануу мезгилин баштан өткөргөн. Караханиддер XI-XII кк. жана андан кийинки жүз жылдыктарда ферганалык калктын Мавереннахрдын жашоочулары менен аралашуусуна, түрктөшүүсүнө,натыйжада орто азиялык жалпы типтеги элдин калыптануусуна таасир этишкен. Мына ушул мезгилден баштап, ферганалык типтеги жалпы маданият калыптанып, бул өрөөндөгү мурдагы жана кийинки ар кандай этностогу элдердин жалпылашуусунан орто азиялык типтеги жалпы эл калыптанган.

Ошентип, Баткен аймагы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгүндө жана ордо шаарлар Өзгөн менен Коженттин ортосунда жайгашкандыктан, мындагы саясий, соода, чарбалык ж.б. маселелерден четте калган эмес, кайра мындагы бир топ маанилүү окуялардын чордонунда болуп, аларга түздөн-түз таасир этип турган жана бул аймактагы жергиликтүү калктын салттык, отурукташкан маданиятын калыптандыруугачоң салым кошкон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×