Добавить статью
8:28, 17 июля 2013 13701

Казак менен өзбек туугандарга жооп

Жакында, Н. Назарбаевдин: «Между Белым морем и Алтаем живет более 200 миллионов наших соплеменников. Если бы они объединились, мы стали бы большим и влиятельным в мире государством», - деп айткан сөзүнө жооп кылып, өзбектин Рустамжон Абдуллаев деген академик окумуштуусу минтип жазыптыр:

«Поэтому в развитие его последней инициативы предлагаю ему, а в его лице и всему Казахстану, показать пример. Если помыслы Нурсултана Назарбаева действительно искренние, то пусть он мирным путем объединит казахский народ с таким тюркским народом, как узбеки, а Казахстан с таким тюркским государством, как Узбекистан, добровольно входя в его состав, тем самым внеся свой вклад в восстановление его былого величия. Ибо вся территория нынешнего Казахстана раньше принадлежала не только первому узбекскому государству, с 1312 года носившему название Узбекистан, но и первому национальному узбекскому государству, которого называли Узбекским ханством, не говоря уж о Кокандском ханстве, что доказано не только с моей стороны, но и самими казахскими историками, за что мы им очень благодарны».

Жогоруда айтылган Өзбек академигинин сөзүнө казак элинин политологу Данияр Ашимов минтип жооп берди: "На днях интернет всколыхнула статья очередного супер-историка, на этот раз узбекского, о гипотетических территориальных претензиях Узбекистана к соседним государствам. Аргументация, безусловно, крайне интересная и заслуживающая тщательного изучения, причем не только историками, этнографами и юристами, но и представителями других наук».

Анан андан нары улантып мындай деп жазат: «…В этих условиях представляется целесообразным рассмотреть вопрос о потенциальном включении Узбекистана и Кыргызстана в состав нашей страны на правах автономий. Речь может идти как об аннексии, так и о мирном объединении Центральной Азии под крылом наиболее стабильной и развитой державы.

В конце концов, казахстанское доминирование в регионе - вопрос, оправданный исторически. Протоказахские и казахские племена доминировали в регионе (Хунны, Тюркский каганат, Монгольская империя и ее наследники). Можно вспомнить и о кипчакской правящей династии Бухарского ханства, коныратской династии Хивы и так далее. В конце концов, сам Ташкент был столицей Казахского ханства».

Жогорку өзбек академигинин сөзүнө карата дагы бир казактын комментарийи:

«Аргыны, найманы, кыпшаки, уаки никогда не были под узбеками. "Кочевые узбеки" перекочевали в Мавернахр в 14 веке из Поволжья. У нас всегда была Ак Орда, славяне называли ее "Золотой Ордой". Название"узбек" появилось позже при 40 летнем правлении великого золотоордынского хана Узбека в 14 веке. Территорию современного Узбекистана великий Шынгыс хан отдал своим родственникам по материнской линии нагаши - коныратам. Это их, коныратовская земля , их удел. Здесь нельзя идти против истории. А по поводу объединения всех тюркских народов ( нас около 50 народов) - это идея пантюркистов витает давно. Узбеки - хороший народ, трудолюбивый, покорный, но отсталый и забитый. Пусть приезжают и трудятся, зарабатывают. Время покажет, может будет когда- либо конфедерация наших народов. Ведь в 15 веке нас называли "Казак - узбек". Бул маалымат Интернеттен алынды.

Эми, бул эки бир туугандын «жер талашына» эмне дейт элек? Экөөсү тең өздөрү эл катары тарых бетине түшкөн мезгилден (16к.) бери жагын айтып жатышат. Экөөсүнүн тен эс-акылдары болсо, бул маселени тактоо үчүн «эки миң» жылдан ашуун убакыттан бери ушул аймакта жашап келаткан Кыргызга кайрылып: «Бизге чейин мурун бул жерде кандай элдер жашады эле?» деп бир ооз сурашса болмок. Ошондо биз: «16-кылымда европалык саякатчылар түшүргөн карталарга негиздеп айтсак, Орто Азияда жалпы: «кыргыздар» жана «сарттар» деп аталган эки гана эл жашаган» деп айтат элек. Тагырак айтканда, Батыш Европадан келген саякатчылар Орто Азиянын түндүк бөлүгүндө жашашкан көчмөн элдерди жалпы жонунан – «кыргыздар», ал эми түштүк чөлкөмүндө жашашкан отурук элдерди жалпысынан – «сарттар» деп айтышкан.

16-кылымдын башында Шейбани менен келип, Ферганадан султан Бабырды сүрүп чыгарган көчмөн өзбектер, 20-кылымдын башына чейин «сарттарды» бийлеген бир ууч «ак сөөк» катмар катары гана жашап келген. Этникалык теги боюнча 20-кылымдын 20-жылдарынан бери «өзбек» деп аталып келаткан бул эл түбү бир атадан тарабайт, алар негизинен түрк менен тажик урууларынын кошулуусунан жаралган жаңы курама калк. Ошол үчүн өздөрүнүн санжырасында да алар өздөрүн: «92 боолуу өзбекпиз» деп айтышат. Анын курамына кирген уруулардын жарымынан көбү Кыргыз уруулары.

Ал эми Казак калкы тууралу сөзгө келсек, 20-кылымдын башына чейин «кыргыз» деп аталып келгени мындай турсун, кече эле, Совет бийлигинин тушунда (1920-1924жж.) казахтар өздөрүнүн түзгөн биринчи мамлекетин «Кыргыз АССРи» деп аташкан. Андан башка, 19-кылымда жашап өткөн, өздөрүнүн көрүнүктүү тарыхчы – санжырачы уулу – атактуу Шаакеримдин «Родословная тюрков, киргизов, казахов и ханских династий» деген атактуу эмгегинин (Алма-Ата, «Жазушы», 1990г.) 72-бетинде: «Кийин «казах» деп аталып калганыбыз менен түбү биз да Кыргыздан чыгабыз» деп жазылып турат, казахтар ошону карап коюшса болот. Шаакерим бир эле казах эмес, бүт түрк элдерине белгилүү өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон. Көзүнө көрүнгөн китептин баарын окуган казах, Шаакеримдин ушул китебинин: «түбү биз да кыргызбыз» деген жерине келгенде эле көздөрүн май басып, ар нерсени бир тантып, Кыргызды кемсинтип, «ит атасын тааныбайт» болуп калышат.

Тарыхта да, санжырада да «казах» деген сөз кайдан чыкканы али тактала элек. Окумуштуулардын көбү ирандык тарыхчылардын жазгандарына таянып, аны «качак» деген сөз менен байланыштырып жүрүшөт. Аны тактоо эми алардын өздөрүнүн иши. Менин айтайын дегеним, «Манас» эпосунда казак Кыргыздын бир «уруусу», «бутагы» катары берилет. Манаска баш ийген «6» хандын бири – «Сары-Арканы жердеген, салышып адам жеңбеген, Айдаркандын эр Көкчө». Казахтын өзүнүн эпосторунда да тказах тууралу ушундай маалыматтар жок.

Ал эми экономика тууралу сөзгө келсек, адамдын байы кандай бааланса, элдин байы деле ошондой бааланат. Биздин ата-бабалар адамды байлыгына эмес, адамдык асыл сапаттарына: акылман адамдын артында уланып айтылып калган учкул сөздөрүнө, эр адамдын элге кылган кызматына, жасаган эрдигине карап урмат-сый көрсөтүшкөн. Бай адамдар жомоктордо көбүнчө терс каармандардын образын түзүп келген. Ал эми адамзатты ушул күнгө чейин таң калтырып келаткан байыркы арий коомунда бай адамдар акылмандар менен жоокерлерден кийинки «3»-баскычты ээлешкен. Төмөнтөн жогору карай айтканда: эң төмөнкү катмарда карапайым эл, кулдар, малайлар («шудра»), андан өйдө байлар («вайши»), андан жогору жоокерлер («кшатрий»), эң жогорку баскычта акылмандар («риши» же «брахман»), бүгүнкү тил менен айтканда илимий-чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү (акындар, окумуштуулар) турушкан.

Жазуучуларынын жазгандары менен элин тарбиялап, окумуштуулардын ойлоп тапкандарын өндүрүшкө салып, бүгүн да өсүп жаткан элдер ушул эки адамга өзгөчө камкордук көрүп, коомун өстүрүп келатышат. Бай адамды өзгөчө барктаган семит элдеринен айырмаланып, арий тукумунан тараган элдердин коомунда азыр деле биринчи орунда «акылмандар», экинчи орунда «жоокер» адамдар, үчүнчү орунда «бай» адамдар турушат. «Табиятынан өзүмчүл жаралган жандар» деп, арийлер бай адамдарды такыр бийликке жолоткон эмес. Анткени, өзүмчүл адам өлкөнүн башына барса, бийлигин пайдаланып, казынаны уурдайт дешкен алар. Аны биз 20 жылдан бери көрүп келатабыз. Ошол үчүн арий коому тубаса талантына карап, бийликке жүрөгү «эл» деп соккон эрлер менен акылман адамдарды көтөргөн.

Мен сөздү кыскартып, казах менен өзбек туугандарыма минтип айтар элем: Биринчиден, Назарбаевдин «биригели» деп айткан сөзү туура. Биригишибиз керек, ансыз Кытайга менен Россияга же Америкага тең ата боло албайбыз. Бирок, биригүү «чоң-кичине», «бай-кедей» дебей, тең принципте ишке ашууга тийиш. «Сен мага кошул» деген принцип жарабайт. Биз баарыбыз бирдей укук менен биригүүгө тийишпиз.

Экинчиден, эки миң жыл мурун Кыргыз «гяньгун» деген ат менен кытай тарыхына түшкөндө силер кайда элеңер? «Казах», «өзбек» деген элдер бар беле же жок беле? Эгер жок болсо, анда бул жер кимге таандык эле деп, эки миң жылдан бери жок болбой жашап келаткан элден сурабайсыңарбы!? Силер беш жүз жыл мурун пайда болсоңор, андан миң же эки миң жыл мурун биерде кимдер жашаганын кайдан билесиңер? Биз-кыргыздар силер менен жер талашпайбыз. Биздин жер өзүбүзгө жетет. Анын асыл топурактуу өрөөндөрү менен алтын-күмүшкө бай тоолорунан кудай бизди айрыбасын!

«Кыргыздар өздөрү чийип алган карталар» деп айтпас үчүн сиздерге башка элдер чийип, балдарына мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуп келаткан карталарды тартуулайбыз. Бул карталар миң жыл мурун бул аймактын ээси ким болгонун көрсөтүп турат. Тилекке каршы бул карталарда «казах» жана «өзбек» деген элдердин аттары жок!?..

1

Бул картаны Жолдош деген жигит (фамилиясын унутуп калдым) Германиядан алып келген. Бул картада Кыргыз империясынын жери чыгыш деңизден Батыш деңизге чейин созулуп жатат. Бул сыягы «саруу» жана «кыпчак» уруулары түзгөн Кыргыз империясы!

2

Бул карта осмон түрктөрү түзгөн карта. Миң жыл мурунку мезгил.

КЫРГЫЗСКОЕ ВЕЛИКОДЕРЖАВИЕ.

В VI—VII веках кыргызы с подвластными таежными народами образовывали периферийный удел центральноазиатских государств во главе с наместником — эльтебером.

В VIII веке — сепаратистская область во главе с собственными беками и иналами, претендующими на ханское достоинство (см. Барс-каган).

В IX веке — быстро расширяющаяся агрессивная степная империя с обожествляемым каганским родом.

В 840 году это государство уничтожило Уйгурский каганат, распространило свою власть на Туву и Монголию. Преследуя остатки уйгуров, кыргызы с боями дошли до Иртыша и Амура, вторглись в оазисы Восточного Туркестана. Этот период истории В. В. Бартольд назвал «кыргызским великодержавием».

Военно-политическая экспансия кыргызов на запад достигла степных и лесостепных районов юга Западной Сибири. Пришельцы из сердца Азии, по-видимому, стали причиной ухода древних угров-мадьяр из Приуралья. Об этом свидетельствуют находки археологов на юге Челябинской области (погребения так называемой «тюхтятской» культуры).[1] Название воинственного народа вошло в номенклатуру ряда современных крупных этносов: прежде всего, современных кыргызов Тянь-Шаня, а также казахов (род шеркес), черкесов, башкир и др.

Бул карталар интернеттен алынды:

3

Башка айта турган сөзүбүз деле жок. Тек, бири-бирибизге тең мамиле жасаганыбыз туура. «Сөз чынынан бузулбайт» дегендей, адилет, калыс мамиле болмоюнча бириге албайбыз. Бириге албасак, күчтүү болбойбуз. Күчтүү болбосок, улуу өлкө кура албайбыз. Улуу өлкө кура албасак, узак жашай албайбыз.

Кыргыз жеринде 20 жылдан бери идеологиялык согуш жүрүп атат. Бул Үчүнчү Дүйнөлүк согуш. Эгер ушул согуш казах же өзбек өлкөсүндө болсо, алар алда качан ажырап, чачылып кетмек. Тарыхта «Кыргызды кырып жок кылабыз» дегендер – өздөрү жок болуп кетишти. Кыргызды кемсинткендер өздөрү кем болуп калышты. Тарыхты билгендер анын баарын билишет. Бири- бирибизди кемсинтип, бири-бирибизге үн көтөрбөйлү туугандар!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-01-2015
Арийлердин «түпкү ата журту» каер? (уландысы)
58065

12-01-2015
Арийлердин «түпкү ата журту» каер? (уландысы)
30789

09-01-2015

Арийлердин «түпкү ата журту» каер?

13848

19-04-2012
Туубуз үч түстүү болсо... (фото)
21543

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×