Добавить статью
5:06, 7 августа 2013 24396

Улуу Көтөрүлүштүн бир тирүү тарыхый инсаны

Кыргыз элинин жүздөгөн кылымдарды карыткан карт тарыхында «өчпөс» каардуу жыл катары жазылып калган 1916-жыл ар дайым дал ушул август айларында эскерилгени эскерилген. Себеби «Кайран Элдин» ушул жылга чейинки көргөн азап кордуктары бир тең болсо, он алтынчы жылдагы кыргынга учурашы бир тең болгон экен.

-«Падышачылык өкмөт көтөрүлүштү ырайымсыздык менен басып, элди аябай кырган. Падышачылыктын мыкаачылыгынын жана кийинчерээк бийликке келген Убактылуу өкмөттүн качкын кыргыздарга жасаган кастык мамилесинин натыйжасында Жети-Суу облусунун жергиликтүү калкынын саны 25 %ке, ал эми Түндүк Кыргызстандыкы 41,4 %ке азайган». (Караңыз: КСЭ, Кыргыз ССРи, 131-бет).

Ошентип «бөтөн» калктын эр-бүлөлөрүн фронтторго чектеш жерлердеги оорук жумуштарына зордоп күч менен иштетүү (мобилизациялоо) жөнүндөгү падышанын 1916-жылдын 25-июндагы Жарлыгы элдин кеңири кыжырдаануусун жаратып, акыры 7-августта Пишпек уездинин Атаке болушунда калк көтөрүлгөн. Көтөрүлүш 2 күндүн ичинде Чүй, Ысык-Көл, Талас, Борбордук Тянь-Шанды камтыган. Улуу көтөрүлүштүн забынынан карапайым калктын катмары Кытайды карай «үркүп» жөнөшкөн. Адам баласы аргасыздан чыдаган тозоктуу жылдарды өз башынан өткөргөндөрдүн бири 1901-жылы Жумгалдын Базар-Турук жериндеги Мойнок уруусунан төрөлгөн Тепкедей Саралакызы (эл оозундагы ысымы Тырнактай) болгон экен. Ал эненин айткандарын мындан 26 жыл илгери нарындык чыгаан журналист Турганбек Шайыков радиого жаздырып калган.

Улуу табылга эгедери Турганбек

Турганбек Шайыков быйыл туура 60 жашка чыкты. Өмүрү Пайгамбар жашка таяган Турганбек мырза туура 40 жыл бою ары ардактуу, ары жооптуу, ары татаал кесипти аркалап келүүдө. Ал өткөн кылымдын 80-жылдарында Нарын радиосунун Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондору боюнча өз кабарчысы болуп эмгектенип жүрүп, Ак-Талаа районунун «Коммунистчил» колхозунан (азыркы Куртка айылы) 86 жаштагы энени атайын сураштырып жүрүп ага жолугат. 1916-жылдагы окуяга күбө болгон Тепкедей Саралы кызынын өз оозунан кыргыз элинин Улуу боштондук үчүн болгон күрөшүнүн азап-тозогу, кыйынчылыгы тууралуу бир үзүм даректүү үндү тасмага жазып алат. 1987-жылы алгачкы обого чыккан ал үн жазуу Нарын облустук телерадио компаниясынын «Алтын Корунда» сакталуу бойдон турат. Турганбек мырзанын ошол учурдагы эмгеги мындан кийин дагы кыргыз элинин Улуу Көтөрүлүш маалындагы эң урунттуу, эң баалуу табылгасы, жандуу тарыхый мурасы катары кылымдар бою жашап калмакчы. Айтмакчы береги радио берүү автордун алгачкы «Жумакемдин жан дүйнөсү жана күлкүсү» аттуу китебинен да «Кайгылуу тарыхыбыздын каарманы» аталышта орун алган экен. Мындагы дагы бир өзгөчөлүк Тепкедей эненин эскерүүсү кара сөз жана ыр түрүндө айтылып калгандыгында. Автор башкысы Кытайдын Турпанына барган элдин кайра кайткандагы абалына негизги басымды жасаган.

-Эл башына алаамат түштү. Калк Кытайды бет алды. Тепкедейдин атасы Сарала да ага-туугандары менен жолго чыгышты. Жолдо мал кырылып, адам өлдү, көч кулап, казан сынды. Акыры 2 ай дегенде Турпандын Ак-Суу деген жерине келишти. Ал жактан ким жыргаптыр, ачарчылык, тумоо колдо барды көчкүдөй шыпырды. Айла жоктон жан медери 15 жаштагы Тепкедейди ал жердеги Токтахун байга сатты»,-деп белгилеген автор андан кийинки кеп кезегин каарманына узатат.

Анда биз дагы тарыхтын жандуу күбөсү Тепкедей эненин айткандарын эшители.

«Мүрзөгө барып топурактарынан жаладым»

-Он үйлүү Кытайга барып, бир байдын чатыр тамына кирдик. Ал жерден азыктын баары түгөндү. Ошондо атам мени сатмакчы болду. Бир кап күрүч, бир кап жүгөрү, сексен зерге сатты. Мени сатып, жазында май айында мени таштап коюп кетишти. Ошондо алар кеткенде мен ыйлап:

Көгүчкөн учуп жеткисиз,

Атаке ай, Көк-Ойго таштап кеттиңиз.

Көк-Ойдо сырга шамал жок,

Көөнүмдө турасың амал жок.

Сагызкан учуп жеткисиз,

Атаке ай, Сары-Ойго таштап кеттиңиз.

Сары-Ойдо сырга шамал жок,

Санаамда турасың амал жок.

Санап-санап олтурсам,

Санаа айланат башыма.

Айланайын атаке ай,

Самасам жоксуң кашымда.

Ойлоп да ойлоп олтурсам,

Ой ойлонот башыма.

Айланайын атаке ай,

Ойлосом жоксуң кашымда.

Карадан соккон курагым,

Как он беште убагым.

Убагында бербеген,

Атам Саралага жетсин убалым.

Кызылдан соккон курагым,

Кыз он беште убагым.

Убагында бербеген,

Атам Саралага жетсин убалым.

Кеткен бир жолуң карадым,

Атаке ай, келеби деп самадым.

Келбесиңди билген соң,

Кейишимди ичке камадым.

Калган бир жолду карадым,

Атаке ай, кайрылат деп самадым.

Кайрылбасын билген соң,

Кайгымды ичке камадым.

Көзүмдүн жашы төгүлдү,

Атакем келбөөчүдөй көрүндү,-деп көңүлүм бузулуп, качып чыкмак болдум. Бала кезде укканмын го, карышкыр үзөңгүдөн качат экен, бычактан качат экен деп. Бир абышка бар эле. Анын жанында олтурумуш болуп, бычагын алдым. Аттын кол үзөнгүсүн боосу менен чыгарып да алдым. Анан жүгөрү үзүмүш болуп, улам ыктап олтуруп качып чыктым. Ошол жактан эки бөбөгүм жана чоң энем өлгөн болчу. Ошолордун мүрзөсүнө барып, ыйла-ап, ыйла-ап алып кайра келчүмүн. Алардын мүрзөсүнүн ары жагында бир чоң суу бар экен. Сууну кечип кеткенден кийин, баякы бөбөктөрүм, чоң энем эсиме түштү. Кайра артка чуркадым. Анан суунун жай жеринен кечип, мүрзөгө бардым. Мүрзөгө барып, топурактан жаладым.

-«Энекебай, арбагың колдосун! Кетип бара жатам, арбагың жөлөп таяр бекен деп»,-ыйладым. Ошону менен качып чыктым.

Эркекче кийим кийиндим,

Элиме чыгып сүйүндүм.

Малайча кийим кийиндим,

Басканыма сүйүндүм.

Таманым жооруп саз болду,

Ичим күйүп чок болду.

«Эки от жылтырап тегеренет»

Жети-сегиз күнгө чейин жүрүп эле олтурдум, эл тапканым жок. Бир жарга келип, астынан өтүп бара жатсам бир келин жатат. Ал дагы мендей болуп качып чыккан окшойт. Карасам башында ак баштык жатат. Баштыкта жүгөрү талканы бар экен. Баякы келинди «тур» десем, козголбойт, өлүп калыптыр. Мен эки эле жүгөрү, анан дандырга жапкан эки нан гана алганмын. Ошол келиндин талканынын пайдасы тийди. Болбосо ачкадан өлүп калмак экенмин. Андан ары из кууп эле кайра жөнөдүм. Таш жолукса, анын башына, токой көрүнсө, талдын башына чыгам. Уктап калганда чалкаман кетпейин деп колумду бычактын куру менен байлап коём. Ошентип жүрүп олтуруп сегизинчи түн болду. Сегизинчи түн болгондо бир таштын башына чыктым. Уктап калган экенмин, таңга жуук болуп калыптыр. Бир маалда таштын биягында эки от, тиягында эки от жылтырап эле тегеренет.Мен жаткан таш үйдөй болгон чоң таш болчу. Жаныма таш үйүп алгам. Жакшылап карасам эки карышкыр ташка чыга албай туруптур. Ошол жерден бакырып-кыйкырып, таш менен койгуласам, жо-ок дегеле тоотушпайт. Аңгыча таң атты. Бир маалда чоң карышкыр секире баштады, мени көздөй. Туруп турам. Колумда кол үзөңгү, ташка чапканда «дың», «дың» деп турат. Акыры үзөңгүнү боосунан кармап туруп, болгон күчүм менен карышкырды тартып ийдим. Карышкыр чалкасынан кетти. Өлдү го десем, жо-ок калжаңдап тура калды кайра. Бир көзүн чыгара чааптырмын. Көзүнөн кан жая берди. Ошону менен коркту да төө куйрукка көчүгүн коюп олтуруп тоонун башына чыкты. Биягы тоо, биягы чап. Өлүк жеген иттердин кабышканы жакын жерден угула баштады, бирок көрүнгөн жок. Тоонун башына чыккан карышкырлар жатты го деп жакшылап карасам кулагын тикчийтип мени карап турушат. Акыры, кой деп бияктагы таштын башынан секирип түшүп,жардын астына бардым. Ал жерден ылай сууну көрүп, жата калып ичтим да, баякы талкандан жалап коюп, жөнөдүм. «Эми эмне кылам» деп жардын асты менен жүгүрүп бара жатсам, баякы экөө табылгынын астынан түшүп келе жатат. Көрө коюп эле кыйкырып, үзөңгүнү ташка чаптым. Бычак менен «силерди элеби» деп кезесем туруп калышты. Кайра чуркап бияктагы тумшукту имерилдим. «Эми булар мени жейт» экен деп чоң ташты улап чуркадым. Чуркап эле баратам. Бир маалда күн батты. Дагы эле кетип бара жатам. Бир кезде тоо өңдөнүп алдыман от көрүндү. Анан мен ойлодум: -Албарстылар от жагат дечү эле.Карышкырларга жем болгуча, албарстыларга жетип жыгылайын деп жанымды үрөп чуркай баштадым.

«Ой, киши жүрөт, киши жүрөт» деп калышты

Арылбайт го, арманым,

Кайгыга ичим жык толду.

Кетти го менин дарманым,

Дартым бир толду даба жок,

Ичим бир күйдү, боорум чок.

Күйдү бир десем түтүн жок,

Жүгөрүдөй бүтүн жок.

Каным калды бир кашык,

Этим калды көк жашык.

Айланайын, атаке ай,

Алган бир акчаң арамбы,

Карышкырга жем болуп,

Мен как талаада каламбы!

үзөңгү, бычак белимде,

Аман бир барып көрөмбү,

Кочкор бир Жумгал жеримди,

Кайран бир жыргал элимди,-деп ырдап олтуруп, баякы отко барсам, эл бар экен. Ай сүттөй жарык, он беши болуп калган.

-«Ой, киши жүрөт, киши жүрөт деп калышты»

-«Сарыбагыштын кызы элем, качып келе жатам»,-дедим. Анан алар жабыла мага чуркап келишти. Мен кайра чынымды айтып: -«Жумгал саягынан болом»,-деп жибердим.

-«Жумгал саяктан ким дегендин кызы болосуң»,-дешти.

-«Базар Туруктан Мойнок Сараланын кызымын»,-десем эле: -«Ой сен Тырнактай болуп жүрбө»,-деди арасынан бирөөсү.

-«Ооба, сиз ким болосуз»,-деп кайра сурасам, ал киши мени окуткан чүйлүк Дөөлөталы деген молдо экен. Ошентип эле кошулбадымбы.

Куйручук чаап келди: «Мына келет дебедим беле» деп

Ошентип алар менен эки-үч күндөн кийин белди ашып калдык. Белди ашып бара жатсак Мойнок Бокчу деген агамдар бара жаткан экен. Анын аялы Шайык жеңем: -«Садагаң кетип калайын, качан чыктың эле».-деп кучактап ыйлап эле калды. Ошону менен жүрүп олтуруп Кочкордун Мантыш деген жерине келдик. Анан Бокчу абам менен сүйлөшүү болду: -мурда барсаңыз, Тырнактай келе жатат,-деп сүйүнчүлөп коюңуз. Кийин барып калсаңар, өзүбүз сүйүнчүлөйбүз,-деген кеп болду. Анан абам мурда барыптыр. Мени угуп атам барам десе Кукем айткан экен: (кадимки Куйручук мага жакын агалар болгон) -Ой Сарала убара болбо, аз күндө кабар угулат. Бөөдө кайчы өтүп кетесиң,-деп.Кукемдин кеби менен атам токтоп калыптыр. Ошентип мен барганда астыман Куйручук чаап келди: -Айланайын илбирсим, кагылайын жолборсум! Мына келет дебедим беле,-деп аттан оодара тартып, ыйлап да баратты, ырдап да баратты. Ошентип Турпандан эки ай дегенде келгенбиз.

Автордук жыйынтык

-Быйыл туура 85 жаштамын,-дейт Тепкедей апа сөзүнүн соңунда деп белгилеген автор Турганбек Шайыков мырза радио макаласын жыйынтыктап жатып. -Ошол кезде өлкөгө орногон жаңы турмуш гана мендейлердин багын ачты. «Коммунистчил» колхозунун алгачкы мүчөлөрүнөн болдук. Маркум абышкам Акунаалы уй бакты, кой бакты, мен саанчы болдум, кой багыштым. Чарбанын өнүп-өнүгүшүнө зор салымдарыбызды коштук. 16 бала төрөп, алардын он төртүн аман-эсен чоңойттук, деп аякталган радио макала.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-02-2014
Кыргыз көчү
17040

28-12-2013
Кечиккен аңкоолук
24149

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×