Добавить статью
8:06, 25 ноября 2013 168109

Кыргыз парламентинин тарыхына саресеп

Кеңеш доорундагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуу тарыхында биз катаал жана татаал жолду басып, ар түрдүү мамлекеттик аталыш менен тарыхта өчпөс из калтырдык. Ошол Кеңеш доорунда кыргыз эли өзү курамына кирген Россияда жаңы заман, жаңы өкмөт орногондон 7 жылдан кийин гана улуттук мамлекеттүүлүккө жетишкен. Ага чейин алгач Туркестан АССРинин курамында (1918-24-жж.), өз алдынча аракет болуп, бирок толук ишке ашпай калган Туркестан АССРинин курамындагы Тоолуу кыргыз автономиялуу областы (1922-ж.), РСФСР курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу областы, (1924-27-жж.), Кыргыз АССРи (1927-1936-жж.), Кыргыз ССРи (1936-1990-жж.). 1990-жылдан Республика Кыргызстан, ал эми 1993-ж. май айынан баштап Кыргыз Республикассы болдук. Мына ошол баскан жолубузда мамлекеттин негизги башкы органдарынын бири катары, азыркы тил менен айтканда кыргыз парламенти - Жогорку Кеңеши өз вазыйпасын аткарып келген. Биз дал ошол Кыргыз Рсепубликасынын Жогорку Кеңешинин бапскан жолуна тарыхый скаресеп салууга аракет кылдык.

Менин жеке пикиримде кыргыз парламентинин тарыхына саресеп салып, анын ишмердүүлүгүн негизинен 6 мезгилге бөлүп карасак болот.

1-мезгил 1917-24-жж. Кеңеш өкмөтүнүн мамлекеттик бийлигинин курамында жогорку бийлик органынын, парламенттин милдетин жумушчу, солдаттар жана дыйкандар депутаттарынын Кеңештери аткарган мезгил. Тарыхтан маалым болгондой Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдары класссикалык түрдөгү парламентаризм институту болгон эмес, ал ошол жаңы өкмөттүн, коомдун түпкү максаттарына, айрыкча бийлик маселеси боюнча пролетариаттын диктатурасынын идеяларына, принциптерине туура келген эмес. Ошондуктан мурда анча көп эмес өкүм сүргөн Орус империясынын Мамлекеттик думасынын ордуна жумушчулар, солдаттар жана дыйкандар депутаттарынын Кеңештери келген. Дал ошол бийлик бутактарынын принциптери чет жакаларга да таркатылып, кыргыз эли курамында болгон Турк АССРинде да жогорку бийлик жумушчу, солдаттар жана мусулман дыйкандарынын депутаттар Кеңешинин курултайына (сьездине), ал эми аткаруу бийлиги Түркстан Эл Комиссарлар Кеңешине таандык болгон. Ошол автономиялуу республика аркылуу бир катар жергиликтүү Орто Азия элдери: кыргыздар, өзбектер, тажиктер, түркмөндөр, кара-калпактар өз мамлекеттүүлүгүнө жетише алышты. Бирок бул өтө чектелүү автономиялуу мамлекет болгону да талашсыз. Ошентип Түркстан АССРи кеңеш доорунун алгачкы алты жылында жергиликтүү элдердин алгачкы мамлекети болуп өкүм сүргөн. Бирок ал автономия көптөгөн тарыхый-саясый маселерди чече алган жок. Ошентсе да бийликтин негизги органы катары Турк АССРинин жумушчу, солдаттар жана дыйкандар депутатарынын Кеңештери өз тарыхый вазыйпасын дээрлик толук аткарды десе болот.

2- мезгил 1924-27-жж. камтыган алгач Иманалы Айдарбеков жетектеген Кара-Кыргыз автономиялуу областынын (ККАО – автор) Революциялык комитети, ал эми 1925-ж. март айынан баштап Абдыкадыр Орозбеков жетектеген Кыргыз Автономиялуу областынын Областтык аткаруу комитети баардык бийлик бутактарынын милдеттерин бириктирип турган. Айта кетчү нерсе 1924-ж. 14-октябрда кыргыз эли Кеңеш доорунун алгачкы жылдарында өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө жетишкени, Кыргыз автономиялык областы мамлекеттүүлүктүн алгачкы тепкичи катары элибиздин ХХ кылымдагы чоң тарыхый-саясый окуясы болгон. Архивдик материалдар көрсөткөндөй ККАО түзүлгөндөн көп өтпөй 1924-ж. 21-октябрында Россиялык Кеңештердин БАК атайын токтомуна ылайык кара Кыргыз автономиялуу областынын Революциялык комитети түзүлүп, анын Президиуму шайланган. Анын натыйжасында ККАО бүткүл мамлекеттик бийлик жана аны башкаруу милдети толугу менен Революциялык комитеттин колуна топтолгон. Областтык Революциялык комитеттин төрагасы болуп И.Айдарбеков шайланган. Облревкомдун курамына Д.Зульфибаев – төраганын орун басары, С. Малышев – катчы, мүчөлөрү М. Янгулатов, М. Каменский, Ж. Абдрахманов, С. Чонбашев, П. Покровский, Б. Ботбаев, Б. Сарыбаев, Р. Расулаев, И. Арабаев, Р. Худайкулов, И. Тойчинов, М. Джанышевдер киришкен.

Облревкомдун алгачкы күндөрдөгү кадамы, жаңы мамлекеттик түзүлүштү жарыя кылуу болгон. Эң негизги саясый актыларынын бири катары анын 1925-ж. 15-январында Кара Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгү жөнүндөгү Декларацияны жана 16-январь ККАО түзүлгөнүн майрам күнү деп жарыялагандыгын белгилөөгө болот.2 Мындан башка Облревком ККАО курамына кирген аймактарды тактап, ошол мезгилдин талабына жараша толугу менен аныктаган. Облревком 5 айдан ашыгыраак өкүм сүрүп, өз тарыхый милдетин аткарып, уюштуруу курултайын өткөрүүгө баардык шарттарды түзүп, 1925-ж 27-30-мартында өткөн Кыргыз автономиялуу областынын уюштуруу курултайына өткөрүп берүү менен тарыхый аренадан кетүүгө мажбур болгон.

Биринчи Бүткүл кыргыз уюштуруу курултайы Областтык аткаруу комитетинин курамы жана анын төрагасы шайланган. 31-мартта Облаткаруу комитеттин уюштуруу пленуму болуп, анда Облаткаруу комитеттинин Президиуму жана төрагасы шайлаган. Президиумдун курамына төмөнкүлөр кирген: А. Орозбеков – төрага, М. Янгулатов, И. Тойчинов – төраганын орун басарлары, президиумдун мүчөлөрү: К. Артыкбаев, И. Кизен, С. Малышев, П. Мичурин, Ф. Сокуренко, Дж. Саадаев, Р. Худайкулов, И. Якупбаев. Президиумдун мүчөлүгүнө кандидаттар А. Дорогов жана П.Покровский.3 КАО жогорку бийлик органы катары дал ошол Областтык аткаруу комитети иш алып барган.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай ошондогу КАО аны улуттук мамлекет катары далилдей турган мамлекеттик эгемендүүлүккө толук жетпеген, негизги мамлекеттик атрибуттары, символдору болгон эмес. Бирок, ошол эле кезде автономиялуу область катары бир катар мамлекеттик функцияларга ээ болгон. Улуттук област катары өзүнүн бийлик органдары, сот бийлиги, СССР жогорку бийликтеринде өз өкүлчүлүгү болгон.

3-мезгил 1927-1936-жж. камтып, кыргыз парламенти катары Абдыкадыр Орозбековдун төрагалыгы астында Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети өз ишин алып барган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн дагы бир орчундуу кадамы катары Кыргыз АО Кыргыз АССРи деп кайра түзүлүшүн белгтлөөгө болот. Жаш кыргыз мамлекеттүлүгүнүн жолундагы, Кыргыз АССРинин Биринчи Уюштуруу курултайы өз ишин 1927-ж. 7-мартында баштап, ага бардыгы болуп 204 делегат чечүүчү, 27 кеңеш берүүчү добуш менен катышышкан. Курултай «Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы жөнүндөгү Декларацияны» жарыялаган.4 Аталган курултай дагы бир катар манилүү саясый, экономикалык, маданий курулуштагы маселелерди караган. Бүткүл кыргыз Уюштуруу курултайы жаңы кыргыз мамлекетинин БАК 123 мүчөсүн жана 27 мүчөлүккө кандидаттарын шайлаган. Ал эми БАК өзүнүн 17 мүчөсү жана 6 мүчөлүккө кандидаттары бар Президиумдун курамын шайлаган. Президиумдун төрагасы болуп А. Орозбеков шайланган. Баса кийинчерээк, 1929-ж. Кеңештердин Бүткүл кыргыз II-курултайында жана 1931-ж. Кеңештердин Бүткүл кыргыз III-курултайында А. Орозбеков кайрадан Кыргыз АССРинин БАК, анын Президиумунун төрагасы болуп шайланган. Ошол эле кезде Кыргыз АССРинин атынан Кеңештердин Бүткүл Россиялык 14 жана 15-чакырылышындагы курултайлардын делегаты, Бүткүл Россиялык БАК мүчөсү, Кеңештердин Бүткүл Союздук IV–V чакырылышындагы курултайлардын делегаты, СССР Улуттар кеңешинин мүчөсү болгон.5 Негизи А. Орозбеков алгач Кыргыз автонормиялуу областынын аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз АССРнин БАК жана анын Президиумунун төрагасынын жана Кыргыз ССР БАК, анын Президиумунун төрагасынын милдетин 1936-ж. 5-декабрынан 1937-ж. 8-сентябрына чейин улантып келген.

Кыргыз АССРинин жогорку аткаруу бийлиги, биринчи өкмөтү - Эл Комиссарлар Кеңеши түзүлүп, анын төрагасы болуп Ж.Абдрах- манов шайланган.

Демек бул мезгилде да жогорку мамлекеттик бийликтин негизги органы катары Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети жана анын Президиуму өз вазыйпасын аткарган.

4-мезгил 1936-94-жж. камтыйт. Бул мезгилдин өзгөчөлүгү 1936-ж. «сталиндик» же «жеңген социализмдин» Конституциясы атына конгон СССРдин 1936-ж. экинчи Конституциясына ылайык мурдагы Кыргыз АССРи кыргыз ССРи болуп 11-союздук республика катары кайра түзүлгөн. Белгилүү болгондой 30-жылдардын дагы бир чоң ири-тарыхый окуясы Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРи болуп кайра түзүлүшү болуп эсептелет. 1936-ж. 5-декабрында өтүп жаткан СССР Кеңештеринин кезексиз VIII курултайы СССРдин жаңы Конституциясын кабыл алган. Ошол Конституцияга жана Кыргызстандын ички, тышкы абалы, географиялык, администртивдик-аймактык чек арасы ж.б. эске алуу менен аталган СССР Кеңештеринин курултайы Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРине кайра түзүү жөнүндө атайын чечим кабыл алган. Аталган максатты мыйзамдуу түрдө бекемдөө иретинде атайын 5 подкомиссиядан туруп 21 мүчөнү камтыган Коституциялык комиссия түзүлгөн. Жаңы конституциянын долбоору 1937-ж. 12-мартында БСК жарыяланып, бүткүл элдик талкууга алынып, 20-мартта өткөн кезексиз V Бүткүл кыргыз Кеңештеринин курултайында Кыргыз ССРинин Конституциясын кабыл алган. Конституция Кыргыз ССРинин жогорку бийлик органдарын, алардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын, мамлекттик символдорун ж.б. бекитип берген. Алардын эң негизгилеринин бири Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши болгон.

Албетте бул Конституция сталиндик СССРдин Конституциясынан дээрлик айырмасы болгон эмес, иш жүзүндө анын көчүрмөсү эле. Анткени 11 бап, 118 статьядан турган Кыргыз ССРинин Конституциясынын 114 статьясы сөзмө-сөз СССРдин Конституциясын кайталаган. Мындай окшоштук саясый, экономикалык системанын жалпылыгы, максаттардын жана милдеттердин бирдиги менен түшүндүрүлгөн.

Ошол жаңы шартка, статуска жараша 1936-жылы Кыргызстан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын жогорку мыйзам чыгаруу бийлиги, азыркы тил менен айтканда коомдук негиздеги кыргыз парламенти - Кыргыз ССРинин Жогорку Кенеши түзүлгөн. Тилекке каршы, ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши дароо эле өз ишин баштаган эмес. Жаңы Конституцияга ылайык 1938-жылдын 18-июлунан тарта 1994-жылга чейин тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши өз ишмердүүлүгүн аркалаган.

Бул жерде белгилей кетчү дагы бир жагдай бар. Ошол 1938-жылы биринчи жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо менен алгачкы жолу 24-июнда 284 депутат мандат алган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн. Ал эми экинчи чакырылыштын шайлоосу андан тогуз жыл өткөндөн кийин – 1947-жылдын 16-февралында өтүп, ага 298 депутат мандат алган. Мындай узак, 9 жылдык мөөнөт Улуу Ата Мекендик согуш менен байланыштуу болгон. Эгерде, 1951-жылы 18-мартта өз ишин баштаган үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Советке 313 депутат шайланса, төртүнчү чакырылыштын шайлоосу 1955-жылы 6-мартта бешинчи чакырылыштын шайлоосу 1959-жылдын 15-мартта өтүп, акыркы эки чакырылышка 329дан депутат шайланган.

Дагы бир эске ала турган нерсе, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин биринчи - сегизинчи чакырылышынын депутаттары 4 жылдык мөөнөткө шайланса, 1975-жылкы тогузунчу чакырылыштан баштап Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылга узартылган. Андан кийинки Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ар беш жылда бирден т.а. 1975, 1980, 1985-жж. өткөрүлгөн. Булардын баары 4-мезгилдин тушунда болгон.

5-мезгил эгемендүү жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын жаңы ачылган тарыхый барактары менен байланыштуу. 1990-жылы 23-февралда он экинчи чакырылыштагы республиканын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болгон. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары өлкөбүздүн мыйзам чыгаруу уукугуна ээ болгон Жогрку Кеңеш «легендарлуу парламент» деген ат менен биздин тарыхта калды. Дал ошол «легендарлуу парламент» биздин өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы алгачкы укутук, нормативдик документтерди кабыл алып, эгемендүүлүк жана көз карандысыздыктын алгачкы кадамдарына негиз түзгөн. Сөзүбүз курук болбосун үчүн айта кетели, бизге тарыхый-саясий жана укуктук зор мааниси бар болгон эгемендүүлүк жана көз карандысыздык жөнүндөгү Декларациялар, алгачкы Кыргыз Республикасынын Конституциясы ж.б. документтер. Дал ошол документтер жаш көз карандысыз республика үчүн негизги укуктук өбөлгөлөрдү шарттарды түзгөн. өзүнүн тарыхый миссиясын толук аткаргандан кийин 350 депутаттан турган «легендарлуу парламент» саясий аренаны жаңы талаптагы, жаңы эки палатадан турган депутаттар корпусуна бошоткон. Ошентип, жаңы Жогорку Кеңеш 1993-жылдагы Конституцияга ылайык 1995-жылдын февралында эгемендүү Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешине шайлоолор өткөн. Анын эки палатасынын - Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынынын биринчи жыйналышы 2005-жылдын 28-мартта өткөн. Профессионалдык негизде куралган Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамына 35 депутат кирип, өз ишин сессиялык негизде жүргүзгөн. Эл өкүлдөр жыйынынын курамы 70 депутаттан туруп, алар коомдук башталышта иштешкен. Кийинчерээк 2000-2005-жылдардагы экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турган. 1998-жылдагы үчүнчү конституциялык реформанын негизинде шайлоо тутумуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15 депутаты партиялык тизме боюнча шайланган. Ал эми эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган. Тең шайлоо шарттарында шайланган эки палатанын депутаттарынын укуктары бирдей болгон. Бул дүйнөнүн башка парламенттеринен айырмаланып турган эки палаталуу кыргыз парламентинин өзгөчөлүгү эле. Бирок эки палаталуу кыргыз парламенти да туруктуу болуп, өз жемишин толук бере албады. Натыйжада кыргыз мамлекети кайрадан бир палаталуу парламентке кайттык.

6-мезгил бир палаталуу 90 депутаттан турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биз кайрадан 2005-ж. кайрылдык. Бирок, президент, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликтеринин ортосундагы карама-каршылыктардын айынан ошол кездеги Жогорку Кеңеш Президенттин атайын жарлыгы менен мөөнөтүнөн мурда таркатылып, 2007-жылдын 23-октябрындагы жарлыгы менен IV чакырылыштын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо чечими чыгарылган. Натыйжада эгемендүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаттары өлкө тарыхында алгачкы жолу партиялык тизмелер боюнча шайланган Анда үч саясий партия – «Ак-Жол» - 71, «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы» - 11, «Кыргызстандын коммунисттер партиясы» - 8 депутаттык мандатка жетишип, эл атынан өкүлчүлүк кылышкан. Бирок булар да өз мөөнөтүн толук иштетишкен жок. 2010-жылдагы апрель окуяларынын натыйжасында ошол IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өз ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылып, таркатылган. Натыйжада жаңы шайлоолор өткөрүлүп, учурдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өз тарыхый вазыйпасын аткарууда.

Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөбүздөгү көптөгөн партиялардан алдыга озуп чыккан 5 партиянын өкүлдөрүнөн турат. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» - 26, «Ар-Намыс» - 25, «Республика» - 23, «Ата Мекен» - 18, «Ата Журт» - 28 мандатка ээ болушкан. Акыркы партия оппозицияда болсо, калган 4 партия парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. Дал ушул таризде алар бүгүнкү күндөгү кыргыз парламенти катары өз вазыйпаларын аткарып жатышат.

Кыргыз парламентинин милдетитн аткарган органдардан жана Кыргыз ССР жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин өрагалары жөнүндө маалыматтар.

Кыргыз областтык революциялык комитет

1. Айдарбеков Иманалы – 24-октябрь 1924-ж. – 27-март 1925-жж. Кыргыз областтык революциялык комитеттин төрагасы;

Кыргыз областтык жана Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети

2. Орозбеков Абдыкадыр – 1925-ж. 27-мартынан - 1927-ж. 12-мартына чейин Кыргыз автономиялуу областынын областтык Аткаруу комитетинин төрагасы. 1927-ж. - 12-мартынан 1936-ж. 5-декабрына чейин Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун төрагасы, 1936-ж. 5-декабрынан 1937-ж. 8-сентябрына чейин Кыргыз ССР Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун төрагасы;

Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши, анын Президумунун төрагалары

3. Толубаев Асаналы – 1938-ж. 19-июлунан 1943-ж. 22-мартына чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

4. Токобаев Молдогазы - 1943-ж. 22-мартынан 1945-ж. 14-ноябрына чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

5. Кулатов Төрөбай - 1945-ж. 14-ноябрынан 1978-ж. 25-августуна чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

6. Ибраимов Султан - 1978-ж. 25-августунан ошол эле жылдын 4-декабрына чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

7. Дүйшеев Арстанбек - 1979-ж. 10-январынан 1981-ж. 14-январына чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

8. Кошоев Темирбек Худайбергенович - 1981-ж. 14-январынан 1987-ж. 8-августуна чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

9. Акматов Таштанбек - 1987-ж. 8-августунан 1990-ж. 10-апрелине чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

10. Масалиев Абсамат Масалиевич - 1990-ж. 10-апрелинен 12-декабрга чейин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы;

11. Шеримкулов Медеткан - 1990-ж. 12-декабрынан 1994-ж. 13-сентябрына чейин алгач Республика Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы, 1993-ж. май айынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын Төрагалары

12. Матубраимов Алманбет - 1995-ж. – 1997-ж. ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы;

13. Чолпонбаев Мукар Шалтакович - 1995 – 1996-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын Төрагасы;

14. Эркебаев Абдыганы - 1997-ж. ноябрына 2000-ж. апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы;

15. Мукамбаев Усуп – 1996-ж. 2000-ж. апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы;

16. Бөрүбаев Алтай Асылканович - 2000-ж. апрелинен 2005-ж. мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы;

17. Эркебаев Абдыганы - 2000-ж. апрелинен 2005-ж. мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы;

18. Мукашев Муратбек Осмоналиевич - 2005-ж. март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы;

19. Кадырбеков Ишенбай Дүйшөмбиевич – 2005-ж. 24 - 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы – КР Президентинин м.а.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалары

20. Текебаев Өмүрбек Чиркешович – 2005-ж. март айынан 2006-ж. 2-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

21. Султанов Марат Абдыразакович - 2006-ж. 2-мартынан 2007-ж 22-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

22. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - 2007-ж 22-сентябрынан 2007-ж. 24-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

23. Тагаев Айтибай Султанович – 2008-ж. 29-майынан 2009-ж. чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

24. Курманов Зайнидин Карпекович - 2009-ж. 2010-ж. 7-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

25. Келдибеков Ахматбек Келдибекович - 2010-ж. 17-апрелинен 2011-ж. 12-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

26. Жээнбеков Асылбек Шарипович - 2011-ж. 12-декабрынан азыркы учурагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×