Добавить статью
8:44, 28 ноября 2013 2640

Көч (Атам Абылкасымдын арбагына багыштадым)

Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Кечигип болсо да көргөн төрт-беш жашар уулун жасалгаланган тайга мингизип, өзү алчактаган ат менен коштоп жетелеп алган. Кырк жаштарга таяп калган мезгили.

-Ата-оов!

-Оов!

-Тээтиги мине?

-О тилиңен атаң айлансын, ал-жору, уулум!

-Ата-оов!

-Оов, садагам!

-Тээтиги мине?

-О айланайын, булбулум менин, ал-жору, алтыным!

-Ата-оов!

-Я-оо, берекем менин!

-Тээтигини мине дедиң?

-Аны-жору дейт,каны-жаным. Азыр конуп отурат. Анан учуп кетет.

-Ата-оов!

-Оо, өпкө, боорумду чабайын!

-Тээтиги дагы деле отурат го, ал мине эле?

-Ушу сени берген кудайыма ыраазымын эрмегим менин, ал-жору, тегеренейиним!

-Ата-оов!..

-Оов!..

Ошондон отуз жыл өткөндөн кийин.

Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоого чыкчу убак. Чубалжыган көч. Өзү баягы атасынын курагында. Атасы ак күп болуп карыган. Бирок, атасын ушунчалык сыйлаганы билинип турат: Атты мыкты жасалгалап мингизип, башына кундуз бөрк, үстүнө карышкыр ичик, бутуна булгары маасы кийгизип, өзү коштоп жетелеп алган.

-Уулум!

-Оов, ата!

-Тээтиги мине?

-Ал-жору, ата!

- Ие, уулум!

-Оов, ата!

-Тетигини мине дедиң?

-Кайсыны? Э аны жору дедим го.

-Уулум!

-Я?

-Тээтиги мине экен?

-Бу сообу? Ой, ата, аны эми эле жору деп айттым го?

- Ыя уулум!

-Ыя? Дагы мине болуп кетти?

-Тетигинин мине экенин айтып койчу, айланайын уулум?

-Э алжыган чал, ал-жору. уктуңбу? Жору, жору!

Атанын башы шылк этти.

-Токтот атты, уулум!

Атасы аттан түштү. Көч токтоду. Баарысы айран. Кары сырткы кийимдерин чечти да, баласынын бут алдына ыргытты.

-Ме, уулум, сыйыңа ыраазымын. Сен менин үч-төрт жолку суроомо жооп бергенден жадап кеттиң. Сен бир нерсени жүз жолу сурасаң да ичим элжиреп жооп берчү элем. Сен сый деп түшүнгєн бул чирик дүйнө, даамдуу тамак-аш, тетиги бөрү богу адамдын көңүлүнүн алдында сары чакага турбайт, уулум...

…Уулу камчысын мойнуна салып, тизелеп, көздөрүнөн жаш кєлдєп, атасынан кечирим сурап турду. Өткөн өмүр көчү уулунун да, атасынын да көз алдынан чууруп өтүп турду. Буга күбө калкылдаган эл жардап карап турду…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×