Добавить статью
7:31, 10 декабря 2013 269993

Кара жаак Калык акын

(Калык Акыевтин 130 жылдык юбилейине карата)

Кыргыз ССРинин эл акыны, эл артисти. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендеринин, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамоталары, театр-өздүк көркөм чыгармачылык ийримдериндеги жемиштүү эмгектери үчүн Биринчи даражадагы дипломдорунун ээси, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1938-жыл) Калык Акы уулунун 130 жылдык юбилейи быйыл 2013-жылы белгиленип жатат.

Калык Акы уулу жалпы кыргыз элине таандык белгилүү, ары атактуу, өнөр сересинин эң бийиктигине чейин көтөрүлгөн улуу тарыхый инсандарыбыздын бири. Кыргыз элинин маданиятын, анын ичинде айтыш, комуз өнөрлөрүн, дастанчылыкты, ырчылыкты жана жазуучулукту тегиз аркалап, дагы бир жогорку баскычка көтөрүп, кыргыз өнөрүн дүйнө элине тааныткан теңдешсиз алп талант. Эмесе, Кара жаак акын аталган, элибиздин сыймыгы болгон Калык атабыз тууралуу кеп удулуна көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Акындын алпы Калык деп,

Айтышат казах, кыргызда.

Атактуу залкар адамдар,

Аз болгон экен турмушта – деп элибиздин дагы бир залкар акыны Эстебес Турсуналиев өз ырында айткан экен [Акыев III том, 2003 : 860]. Калык Акыев кыргыз элине гана таанымал болбостон, союздук республикаларга, өзгөчө кыргыз-кайсактарга (казахтарга) өтө белгилүү болгондугун жогорку ыр саптарынан эле байкасак болот.

Калык Акыев 1883-жылы 4-мартта (үй бүлөлүк архивден алынды – К.О.) азыркы Жумгал районуна караштуу Кара-Ой кыштоосунда туулган. Атасы Акы Ажыбай уулу уук-кереге, боз үй жасап, уста атанган. Ошондой эле мылтык кармап, мергенчилик өнөрдү дагы кошо ала жүрүп, айылын кайберендин эти менен баккан күндөрү көп болуптур. Атасы Акынын балалык чагы, дегеле турмуш жолу өтө кыйынчылык мезгилдерге туш келген. Атасынан жаңыдан эле бой тартып келе жатканда жетим калып, көр оокаттын айынан энесинин төркүндөрү болгон Нарындын Ак-Талаасына баш паанек издеп барып калышат. Бул мезгил Түндүк кыргыздарынын Оруссия империясынын курамына күчтөп киргизилип жаткан мезгилине туш болот. Тагыраак айтканда, Тогуз-Торо, Нарын өрөөнүн бийлеп турган Осмон датка «оруска кошулуудан» баш тартып, эли менен Кашкарга кире качат. Көпчүлүктүн сүрү менен, аларды уккан киши жок болуп, Кашкарга барып, Осмон датканын иниси Баракандын «жакшылыгы» менен кашкарлык байга сатылып кетишет [Акыев III том, 2003 : 264].

«Элин сагынбас эр болбос, жерин сагынбас ат болбос» дегендей муңдап-зарлап жүргөн мезгилдеринде апасы, апасынын мечиттен таап алган баласы Кудайберди (14 жашка чыгып калган) Кашкардан тапкан аялы Сакен, кул болуп сатылып келип Акыга уул болгон Тойгомбай, өзү менен беш мусапыр айласын таап качышып, туулган жери Жумгалга 21 жыл өткөндөн кийин кайрылып келишкен экен [Акыев III том, 2003 : 266].

«Багы жокко дагы жок» дегендей, келген жылы жут болуп, айдап келген малдары кырылып, кийинки жылы апасы Сулайка, аялы Сакен өлүп, тагдырдын дагы бир оор сыноосуна туш болот. «Өлбөгөн кулга жаз болот» сыңары, кийинчерээк Жийдеге үйлөнөт.

Кыргыз эли алмустактан бери эле тукумга өтө маани берип, тектүү жерден кыз издеп, болочок уул-кыздын төрөлө элек мезгилинде эле атасынын сын-сыпатына, энесинин асили негизги белгилерине карап туруп айтып коюу деңгээлине жетишкен. Бул багытта сөзүбүз кур болбошу үчүн бир нече макалды мисал кылып кетсек болот: «Бир тукумду эне оңдойт, бир тукумду эне бузат», «Атасы жаман аста-аста оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт», «Сийдиги жамандын бирөө жаман, жатыны жамандын баары жаман», «Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал», «Эр тайын тартат», «Эндик көргөн бет эмес, эне көргөн кыз» дагы ушундай толгон-токой мааниси күчтүү, терең ойлор камтылган макалдарды мисал келтире берсе болчудай. Бирок биздин максат андай эмес. Биздин айтайын деген ой Калыктын акын болуп калышына энеси Жийденин тийгизген таасири абдан күчтүү болгондугу өзүнүн «Баскан жол» мемуарында ачык айтылат. Өзү аны төмөндөгүдөй сүрөттөйт: «Энем ачуулуу, тили заар, каргышчыл киши эле. Каргаганда: «Тилегең таштай катсын, курсагың аштан катсын, актаган таруудай бол, аарчыган пияздай бол, жылан сыйпагандай бол, жылкы оттогондой бол, жалгыз бейит болуп кал» - деп каргачу» [Акыев III том, 2003 : 277]. Мына кыргыз элинин өзгөчөлүгү уйкаштырып сөгүнүп, куюлуштуруп каргаган.

Демек, энеси күчтүү сөзмөр, сөз жасоо кудуретине ээ болгон инсан болгон. Бул маселеге дагы өзгөчө маани берип, изилдөөчүлөр илимий айлампага киргизсе деген ойду айтып кеткибиз келди.

XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап орустардын кириши менен башкаруунун жаңы системасы шайлоо жолу менен болуштардын шайланышы кыргыз элинде бүтүндүктүн, ынтымактын ыдырашынын бирден бир себептери болгон. «Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат» болуп, эки манап кармашып, азабын кара таман эл тарткан заман өткөн. Шайлоодон кийин жеңилгени жеңгенине алдына түшүп, элдешип алып, калган эл жаман көрүнгөн бойдон калып калган. Бирок аттигиң, бүгүн ал заман кайталанган жок деп ким кепилдик бере алат.

Мына ошондой шайлоонун шайтан оюндарынын запкысын жегендердин бири катары Акы уста туулган жеринен үй бүлөсүнө түшкөн салыкты төлөй албай, бала-чакасын алып, алгач Тогуз-Торого баш калкалап, ал жердин чоңу Чолуктун ырайын көрүп, бапа кылбасын билип, Кетмен-Төбөнүн Ничке-Сайына келип жердеп туруп калат. Ал жерден колунун билгилиги менен ар кимге боз үйдүн сөөктөрүн жасап берип, кээде аңчылык кылып, Акынын усталыгы өздөрү турган чөлкөмгө жайылып, оокаттарын тыңдап алышат.

Калыктын ыр көрөңгөсүнүн ойгонушуна Кетмен-Төбөлүк таланттардан сырткары Кетмен-Төбөлүк Төрөгелди манаптын дагы чоң таасири тийгендигин өзүнүн «Баскан жол» чыгармасынан көрүүгө болот. Куйма кулак, бир укканын дароо жаттап алган бала Калык Эшмамбет менен Жаңыбайдын Төрөгелди манаптын тойдон чыгып келген атын мактап ырдаган алым сабактарын жаттап алып, ырдап жатканынын угуп калган Төрөгелди манап коноктор толгон үйүнө ээрчитип келип: – «Кероозду (күлүгүн – К.О.) мактаган Эшмамбет менен Жаңыбайдын ырларын ырда» дейт. Ырдабай тартынчаактанган баланы жаактан ары бир чабып, ары коркутуп, ары демиктирип жатып, эл алдына биринчи жолу Төрөгелди манап алып чыккан. Кыйналып, кысталып ырдап бүткөндөн кийин: – Мен сени сынайын деп ырдаттым. Уялчаак болбогун. Сен адам болот экенсиң. Эшмамбеттей ырчы кылам сени! Тирикараак тың бала турбайсыңбы – деп далыга таптап, мактап коет [Акыев III том, 2003 : 280]. Албетте, манап анын ырчы болсун, мыкты болсун деп ойлогон эместир. Болгону тамаша, эрмек үчүн ырдаткандыр. Ошентсе да «эбепке себеп болмоюн» эч нерсе жаралбайт. Сөз, өнөр билген адамдар, негизги салт-санааларды, ырым-жырымдарды алып жүрүүчүлөр, даанышман, акылгөй адамдар мына ошол ак сөөктөрдүн үйлөрүнө токтолушкан. Ал жерлерде сөздүн казынасы ачылып, улуу жомоктор айтылган. Ошол себептен бай-манаптарды эзүүчү катара гана карабастан маданияттын сакталышына, өнүгүшүнө салым кошкон мыкты азаматтары катары дагы кароону үйрөнүшүбүз керек.

Ошентип, бала Калык манаптардын атын чаап, отун жагып, манаптыкына келген ырчы-чоорчулардын көптөгөн ырларын үйрөнүп, комуз чертип, алгач айыл ичиндеги бозо ичкен, жоро ойногон жерлерде ырдап жүрүп, эл оозуна алына баштайт. Төрөгелди манап тигил думананын ырын, батасы менен үйрөнүп кел, апаңа кошкон кошогуңду элге айтып бер, менин агам өлдү ага менин ырчым катары кошок кош деп аны такшалткан. Данды жарган деми, көкүрөгүндө данеги бар Калык ошондон кийин гана эркин куштай сабалап учууга бет алган.

«Ата балага сынчы» демекчи Калык Токтогул акын менен жолуккандан кийин даңгыр жолго түшүп, чыныгы акындыктын сырларын өздөштүрүп, Токтогулдун арты менен калк аралап, сөзгө алынып, алгач элге Кетмен-Төбөлүк акын катары таанылат. Манаптардын бийлик талашып, чабышына катышып, ырдын азабынан кесилип кете турган болгондо, киндик каны тамган мекени Жумгалдын Көк-Оюна качып келип, ал жердеги манаптардан дагы запкы жеп адилетсиздиктин заарын көп тарткан. Ооба, ушундай да замандар өткөн.

Калыктын чыгармачылык чыйырынын башталышына дагы бир таасир эткен көрүнүш катары Кара Курман, Жаңыбай, Эшмамбет ырчыларды атаса болот. Өзгөчө Эшмамбет менен Калыктын айтышы анын атагын оң, солго таанытып, кара жаак акын атанткан. «Алдыраар кезде, жаздыраар» дегендей Токтогулдан кем калбаган, айрым учурларда аны жеңип кое турган абалдарга чейин алып келген Эшмамбет Байгазы манап тараптык болуп анын шыкак-кыстоосу менен, «Калык сенин атаң жыгаччы» деп ырда, анткени Каратал манаптын чоң атасы Самтыр жыгаччы болгон, манабын кошуп ызалайбыз [Акыев III том, 2003 : 313]– деп туура эмес багыт берип, жаш бала менен айтышпайм дегенине карабай айдактаган. Жамгырдай сабалап, төгүлүп турган ырлар кайыптан гана жаралат. Анын дагы келип, кетип турган учурлары болот. Ал күнү Эшмамбеттин башынан бак тайып, Калыктын зоболосу көтөрүлдү, жолу ачылды. Чоң акынды жеңген Калыкты эл кара жаак акын атантты.

Жумгал өрөөнүнөн чыккан дагы бир кыргыз элинин сыймыгы Куйручук олуя Калыкты сынап жактырып: «Кайкы бел карагер аттай болуп, акындыгы атактуу акындардан кем калбайт жана жемин жедирбейт. Эч кимден коркпогон баатырдыгы да бар» деген [Акыев III том, 2003 : 869]. Сөзүбүз кургак болуп калбашы үчүн эл арасында айтылып жүргөн аңыздардан мисал кыла кетели: 1938-жылы Алма-Ата областын Кастек районунда эл алдында Жамбылга орден тапшыра турган болуп, аны кыргыз делегациясы дагы куттуктоо үчүн барып калышат. Кыргыз делагациясын Алымкул Үсөнбаев жетектеп барат. Баргандарды Жамбыл акын анча теңине албагандай мамиле жасап, текебердик кылып, суз кабыл алат. Ага ачуусу келген Калык дароо комузун колго алып, мөндүрдөй төгүп кирет:

Көк чапаның бүчүлөп,

Көк эшегин чүчү – деп.

Кечээ эле Чүйдө жүрчү элең,

Көрүнгөндөн кичи деп.

Эми көпкөн казах, карачы,

Көрмөксөн болот болот битиреп.

Ак чапаның бүчүлөп,

Ак эшегиң чүчү – деп.

Айлланып көлдү жүрчү элең,

Ар кимди көрсөң кичилеп,

Эми мансапка жетип алган соң,

Маңка казах карачы,

Манчырап турат титиреп .....деп ырын баштаганда эле Кубанычбек Маликов комузуна жармашып токтотуптур. Отурган казахтар таң калышып, мостоюп отуруп калышат. Жамбыл болсо кечирим сурап, мага айтпай коюшуптур деп, казахтарды жаман карап, Калыкка кайрылып: «Каке, мага кыргыздар, барганда ат мингизээр эле, менин атым жок ушу 300 сомду бала-чакаңарга момпосуй, печенье алып бер» деп кучактагандыгын атактуу эл акыны, драматург Кубанычбек Маликов айтыптыр [Акыев III том, 2003 : 794]. Туура эмес кылгандыгын Жамбыл акын дагы түшүнүп, алдына түшкөн экен. Мына «сөз багып, кеп жеген» залкарлар. «Асылды асыл гана билет» деген чындык экен.

Алымкул: «Тик беттеп качырганга Какеме жетпейбиз. Какемдин жүрөгүндөй жүрөк жок. Жүрөк заада болбой түз болгон. Жеңижок акын ошол кездин чоң билимдүүсү болгон анын үстүнө Таласта Эсенаманды жеңгенден кийин Жеңижокко эч ким даабай калган. Калыкты мурда көрбөптүр, Калыкта аны көрбөптүр. Ошого жүрөк заада болбой тийишип:

Токтоно албай оолугуп,

Тойго келет он ырчы.

Тоотпой турат ким болду,

Тетиги, торпок курсак жоон ырчы.

Ат берген жерди чабыттап,

Аралап келет он ырчы,

Албайбы киши теңине,

Аркы четте комузчан,

Ат курсактуу жоон ырчы.

– деп Жеңижок акынды түз качырган. Бул жерде отурабыз го мурда угуп же билип жүрбөгөн ырчыны кандай болсо да аярлап мамиле кылат. А Какем түз качырчу. Эми, Калык жаралыш көптө» – деп улутунган экен [Акыев III том, 2003 : 819].

Токтогул менен Калык ата-бала болуп көп жылдары чогуу ээрчишип, эл аралап, аш-тойлордо ырдашкан. Аларды көрө албаган же шылдың кылгысы келген «тайыз» ак сөөктөр аялдардан чыккан ажаан, тажаал, уят-сыйытты билбеген жамакчы аялдарды тукурушуп, көпчүлүктүн алдында уят кылууну көздөшүп, айдакдашат. Токтогул санат, насаат ырларын ырдаган, көпчүлүктүн көөнү үчүн куудулданып ыр айткан, оозунан жаман сөз чыкпаган, адепти катуу сактаган сыпаа киши болгон экен. Ошондуктанбы, аларга эч качан тең келген эмес. Ал эми Калык кандай катылса, ошондой жооп берген, «эки ача тилдүү» акын болуптур. Тийишкен уяты жок жамакчы аялдарга алардан ашыра жооп берип, абирийин ого бетер төккөн күндөрү көп болгон дешет эл ичинде. Калыктын теңдешсиз кошокчу болгондугун дагы баса белгилеп кетпесек болбойт.

Калык акындын дагы бир өзгөчөлүгү өз алдынча 40 жашында кат сабатын жоюп, араб, латын, орус алфавиттеринде ырларын кагазга өзү түшүрүп, феномендүүлүгүн көрсөткөн. Ой чабытынын жана мүмкүнчүлүгүнүн теңдешсиз экендигин далилдеп кеткен.

Калыктын «алтын казынасынын», мурасынын чып-чыргасын коротпой, чоң-чоң 3 томдук китепке айлантып, элге жеткирген, келиндей эмес, кызындай кызмат кылган, кыргызга кылымдык эстелик калтырган Калык Акыевдин келини, белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмер Магрифа Рахимовага ырахмат айтып кетүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз деп түшүнөм. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» деген кыргыз эли. Залкарлардын далай өздүк архивдери өлгөндөн кийин каралбай, жок болуп кетип жаткандыгы дагы ачуу чындык экендигин моюндашыбыз керек. Ырахмат, Магрифа эже эмгегиңизге.

Калык Акыевдин 130 жылдык юбилейине мамлекет тарабынан тийешелүү чаралар көрүлүп, той жогорку деңгээлде белгиленип, акынга болгон чоң сый-урматын көрсөтөт деп терең ишенем. Акындарга акындай мамиле жасалып, кыргыз-казахка бирдей таанылган акындын урматына эки элдин төкмө акындарын айтыштырып, Эл аралык деңгээлде майрамдалса деген ойду айткыбыз келет.

130 жылдык юбилейиңиз кут болсун, Калык ата! Арбагыңыз кыргыз элине дайым ыраазы болсун!

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1. Акыев К. Чыгармаларынын үч томдук жыйнагы: Ырлар, айтыштар, кошоктор, жомоктор, поэмалар, дастандар, эпостор, эскерүүлөр, арноолор, иликтөөлөр. I том / Түз. проф. М.Р.Рахимова. – Б.: Бийиктик, 2003. – 724 б.

2. Акыев К. Чыгармаларынын үч томдук жыйнагы: Ырлар, айтыштар, поэмалар, жомоктор, эпос. II том / Түз. проф. М.Р.Рахимова. – Б.: Бийиктик, 2003. – 698 б.

3. Акыев К. Чыгармаларынын үч томдук жыйнагы: Эпос, мемуар, иликтөөлөр, эскерүүлөр, арноолор, сын баалар. III том / Түз. М.Р.Рахимова. – Б.: Бийиктик, 2003. – 880 б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×