Добавить статью
10:37, 12 декабря 2013 28086

Ааматов анык акын

уулган жер – таланттын, акын-композитор, художниктин алгачкы учуп чыккан уясы. Аскасы Ай, Жылдызды челип турган кыргыз тоолорунун касиетин аңдап билиш анчейин деле илимди талап кылбайт, бирок анда адам уулу байкабас кереметтердин барын түшүнүү татаал нерсе. Тоолордо жашыл арча, карагай, сулуу кайың өсүп, аркар, кулжалар гана мекен кылбастан, андан ашкан таланттуу адамдар, акылга бай инсандар көп чыкканы да бекеринен эмес. Кыргыздын өнөр адамдарынын көбүнүн өмүрү тоолорго байланыштуу. Ошол өнөр адамынын бири – мыкты, айныбас акын Маркабай Ааматовдун өмүрү да тоого байланышту.

Тоонун суусу, абасы гана таза болбостон, анын койнунда төрөлгөн адамы да таза, анын койнунан учуп чыккан шумкарлар кандай учкул болсо, андан өскөн акын да айныгыс жорго, талыбас күлүк окшойт деп сезем.

Маркабай Ааматов бүгүнкү күндүн мыкты сөз чебери, мактоого татый турган табигый акыны, ал Ош пединститутунун орус тили жана адабияты факультетин бүтсө да, поэзиянын дүйнөдөгү алптарын көз талытып окуп чыкса да, алардын таза, ыйык дүйнөсүнүн кереметин жан дүйнөсүнө сиңирсе да, алардын аркасынан ээрчип кетпей кыргыздын накта акыны гана болуп берди, ойкуштап кыргыз окурманына жат ыргактарды баасы кымбат, байыркы кыргыз ырынын арасына жамаачылабады. Адамдын башын катырган ойку-кайкы саптарды зордуктап кыргыздын тунук поэзиясын булгабады.

Поэзиянын улуу күчү табышмактуу терминдер аралашкан баш катырма эмес накта турмуштун көркөмдүгү экенин далилдеп, кырк жыл бою ырын жазды. Эгер акын сөздөгү зергерлигне маашырланган болсо, кээде ыр формасын ийрейте согуп, кээде жалпайта жасап, мына изденүү деген ушул деп көкүрөк какмак.

Акындын жан дүйнөсүнө бүткөн таза поэзиясы тоонун булагындай, жайлоонун абасындай окурманга жетип турган убагы.

Деги ыр дегенди көрпенденин көңүл ачаар асыл нерсеси жана кайгы басаар керемет кабылдоосу экенин чыныгы акын гана сезээрин жана жаратаарын калем кармагандын баары эле туя бербейт. Чыныгы ырда не деген асыл сүйүү, жанды эргиткен жыргал, ошондой эле билинбей эзген кайгы барын акынмын деп сөз уйкаштыкка салгандын баары сезе билсе эмне. Ырдын өзү бир пенде же заман үчүн эмес, адамзат үчүн жазылаарын билбеген акын болумуштар жайнап кетти. Алды сексенге чыкса деле, жан талашып ыр окуй бергендердин саны көбөйдү.

Акын Маркабай Ааматовдой накта акындардын жан дүйнөгө жеткен ырларына кээде алар жол да бербей келаткансыйт.

Менин оюмча, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында алгач ак жолун баштаган, билимдүү да, таланттуу да Ааматов Маркабайдай акындар кыргыз поэзиясын Аалам мейкиндигине алып чыгуучу карлыгачтар. Булар мөгдүрөп, алынан тая баштаган кыргыз поэзиясын кайра жандандырган орто муундагы акындар. Аларга алдындагы орто заар ыр жазгычтар ичи тарлык кылбай, жол бериши законченемдүү иш. Алардын эң мыкты өкүлү Маркабай Ааматовго ийгилик каалап, жакшы ырларын күтөм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×