Добавить статью
5:07, 28 декабря 2013 23906

Кечиккен аңкоолук

Жээнбектин алаканынын өз курбалдаштарынан чоң экендигин классташы Калысбек эң биринчи жолу баамдады.

-Эй, сенин колуң меникинен чоң экен,ээ ! Карачы сеникин.

-Сеникиндей эле. Эмнеси чоң! Күңк этти Жээнбек.

-И-ки. Сенин колуң чоң кишилердикиндей болуп турбайбы!?...

-Оо-ой, Жээнбек! Кайда жүрөсүң. Качан сууга барып, качан мал сугарылат, и-ия. Жээнбектин апасынын аба жарган үнү экөөнүн сөзүн чарт үздү.

-Апам чакырып жатат, кеттим. Эки бала эки багытка кам урушту.

ххх ххх ххх

Мектептен тараган окуучулар сырткы кире бериш штакетник каалгачадан жөөлөшүп чыгышууда. Экиден бала сүрдүгүшүп өтүп жаткан каалгага Жээнбек менен бирге өткөнү жаткан кыз жеткенде экөө тең кыпчылып калышты.

-Аха-ха-ха, охо-хо-хо. Айлананы дароо ондогон балдардын кыраан күлкүлөрү каптап кетти.

-Ой, энеңди урайын, эркексиңби, кыймылдабайсыңбы!?

-Бул атайын Айнагүлдү өткөрбөй кыпчып жатат да.

-Андай эмес, Айнагүлдүн көтү чоң болгондуктан батпай калышты. Ха-ха-ха. Хо-хо-хо. Хи-хи-хи.

-Эй, сен былжырабачы!. Биринчи менин көчүгүмдү эмес, маймылдай болгон классташ сөрөйүңөрдүн эркектей боло албай, майпарлыгына каткыргыла.

Көпчүлүктүн таназарына алынып, ал аз келгенсип өзүнөн бир класс мурун окуп жаткан Айнагүлдүн жооп кебине ардана түшкөн Жээнбек жыгач эшикти катуураак түртүп обдулганда, кыйчылдап турган босого таяк карс этип сынып, ага арта салынып жыгылган Айнагүлдүн үстүнө Жээнбек да кулап түштү. Күүлөнүп алган балдар-кыздардын бир тобу алардын артынан баса жыгылышты. Айрым уландар атайын бири-бири жөөлөшүп, кире бериштеги тар жолду басырык кылып жиберишти.

-О-ой, ичим. А-ай башым. И-ий бутум. Кыздардын жана балдардын үндөрү, онтогон дабыштар көпчүлүктүн кулак сыртынан кетип жатты. +спүрүмдөрдүн кылыгы качан басырык алдында калгандардын арасынан бирөөсүнүн чаңырып ыйлаган үнүнөн кийин токтоду.

-Албетте күнөө балдарда эмес, эң биринчи нөөмөткер мугалимде жана экинчиси чарба башчысында. Ошол эшиктин таяныч босогосун мурда эле бекемдеп орнотуш керек болчу. Мектеп деректири башын көтөрүп, сол тарапка карай кашын серпти.

-Эми айласыз эле абал да. Канча жолу маселе койдук, жок дегенде кире бериштеги эшикти темирден кылалы деп. Жыгач деген чирийт экен, сынат экен. Мектептин чарба башчысы башын жерге сала мыңк этти.

-Ой, айланайындар! Илгери мектепке кирерде, балдар кайра тараарда, дежурный деген мугалимдер, пионер вожатый дегендер тизилип турушуп, тартип кылчу эмес беле. Эми келечекте кызымдын чекеси тырык болуп бүтүп калса, бала андан корунуп чүнчүсө, анысы аз келгенсип кийин эрге тийбей калса, балабыздын укугуна ким жооп берет, айланайын. Шордуунун шору арылбайт турбайбы. Кудайдын буйругу менен жалгыз кыздуу болсок, ал кыз минтип тырык беттүү болуп калабы, кокуй, кокуй! Чарчы бойлуу, тегерек бетүү аял көз жашын төгүп, аны кайра жоолугунун учу менен көзүн сүртүп алды.

-Сабыр кылыңыз, ашык кетпеңиз! Мен кечээ райондук ооруканага өзүм барып, кыздын абалы менен тааныштым, баланы көрдүм. Буюрса азыр техниканын заманы да. Чекесин айрып кеткен мыктын изи кийин так болбойт. Дагы кудай чоң колдоптур. Эгерде мык жапшырылбай, тик абалда болгондо, анда Айнагүлдүн чекесине бир элидей мык кирип кетмек экен. Биз тиешелүү чараларды көрөбүз. Ал эми эшикти сындырган баланын ким экендигин аныктадыңарбы? Мектеп деректири эки жагында олтурган орун басарларына акшырая карады.

-Өйдө жактагы Ырайымкулдун баласы экен.

-Кана ал окуучу?!

-Сабакта болуш керек.

- Эй, сабактабы же болуш керекпи. Бул эмне деген жооп. Давай, азыр алып келгиле эл алдына. Деректир орун басарга, орун басар класс жетекчиге баш ийкешип, бири-бирин жумшап алышты.

-Кана айтчы, эмне кылып эшикти талкаладың, ия!

-Эшикке кыпчылык калдык. Анан катуураак түртсөм эле эшик сынып кетти.

-А кандай эле башка балдар татынакай өтүшүп, сен өтүп бара жатканда кыпчылып каласың. Жээнбек суроого ийнин куушуруп жооп кылды.

-Эй, сенин айыңан алмончоктой болгон бир кызыбыз доктурда жатат. Анын келечегине жоопкер болгондугуңду билесиңби? Окуучу соболду дагы жоопсуз калтырып, башын жерге салды.

-Окуя боюнча тил кат жаздырылып алынды беле?

-Алынган. Участковой баарын териштирген.

-Анда сен жер тиктебей бара бер сабагыңа. Бизден уруксаатсыз азырынча айылдан эч жакка чыкпайсың. Участковой менен дагы сүйлөшөбүз.

-Деги быйыл ушул бала тез эле чоңойгонсуп калды. Азыр байкадыңарбы боюунун өсүп калгандыгын. Мугалимдердин арасынан бирөөсү үн салды.

-Азыр буларды өспүрүм дейт. Чоңойуп жатышат балдардын баары тең эле. Же бул эмне башкалардан өзгөчөлөнүп, 2 метрден ашып, Алп болмок беле. Мектеп деректири корсулдап алды.

ххх ххх ххх

-Ой, Ырайымкул, Оо-о Ырайымкул!

-Ырайыш короо жакта жүрөт, аке. Деги тынчылыкпы!

-Тынч эле балам. Өз ара сүйлөшчү кеп бар болчу, мындай эле.

-Ат салоому алейкум, Түкө! Мынчалык катуу кыйкырчу эмес элеңиз, жайчылыкпы.

-Бир чети жайчылык, бир чети жайчылык эмес.

-Эмне болуп кетти анчалык. Санааркатпай айтыңызчы. Же баякы «жаргондоруңузду» баштап, тамашалап жатасызбы?

-Айтор анысы да бар, мунусу да бар. Андан көрө эмне иш кылып жатасың, оболу ошону айтчы.

-Эми күз келди, мал болсо жакында колго алынат. Анан короолорду бекемдеш керек да. Айланасын тосуп жаткам.

-Анда бас, тиги мугалим Кудаштыкына баралы. Ошол жерден сүйлөшөбүз.

-О-о, жок Түкө. Мен аныкына барбаймын. +ткөндө кайым айтыша кеткем. Анысы жок эле ушул жерден айтчу сөзүңүздү айта бериңиз.

-Эмне болуп урушуп жүрөсүң. Эми эл арасында кеп сөз боло берет. Урушсаң азыр барып, кечириш. Анан үчөөбүз сүйлөшөлү.

-Жок, азырынча такыр барбаймын, атазын оозун урайындыкы, ага жолобоймун. Кийин учуру келгенде сүйлөшөөрмүн.

-Эмнеге мынчалык мойун толгоп жатасың. Сөзгө ошол Кудаш керек эле.

-Ой, бая өгүнү эле, окуу жаңы башталгандан кийин жанакы Жээнбек сабакка барбай калчу болду. Бир күнү Кудаш келиптир. Же балаңды окут, же окутпаймын деп тил кат бер дейт. Окуп эле жатпайбы десем, сабакка келбей жатат, балаңдын кайда жүргөнүн карабайсыңбы деп демитет. Ошентип уруша кеттик. Ачуум менен мен дагы мындан ары бала менен ишиң болбосун дегем.

-Мен да так ушул Жээнбек үчүн келгем. Мына экөөбүз дээрлик 30 жылдан бери кошунабыз. Жашым сенден улуу болгону менен кээде курбу-курдаштай эле тамашалашабыз,туурабы Ырайымкул. Чынында биз дайыма чогуу жүрүп көп этибар албайт экенбиз. Көрсө Жээнбектин боюу 2 метрге жакындап, салмагы да жүз килге жакындап калган турбайбы. Анысын кайдан билейин, үч күн илгери биздикине бир жээнибиз келген. Менден кийинки карындашымдын кичүү баласы. Ал көп эле келип жүргөн бала. Анан Жээнбек, аркы Асылбек, тиги Мамырбай болуп ойношчу, келген сайын. Ата-энеси Токмокко көчүп кеткенден кийин эки жылдан бери келе элек болчу. Келип алып Жээнбекке катуу таңгалды.

Таанылып эле турат, бирок мен анын ийнинен араң келип калыптырмын. Ушунчалык чоңойуптур,-деп жээним таңгалгандай болсо, тим эле жанына киши тура албайт. Анан ошол акыл берип жатпайбы, -Жээнбекти минтип бир айылда кармап жата бербей, Бишкекке алып барыш керек,-деп. «Акыл жаштан» демекчи, жээндин идеясын ичимен жактырып, ал ойду Кудаш болуп бирге сүйлөшсөк деп басып келген элем.

Көрсө мурдакы жылы мектептин кире бериш штакетник эшигине жөн жерден эле батпай калбаптыр да. Ошол олбурлуулугунан улам тиги босого түркүк сынып кеткен окшойт. Эми кептин төркүнү бул баланы азыртадан башка жактан окутуш керек.

Ырайымкул саал бир паска чейин тунжурап туруп, акырын үн салды.

-Жанакы Кудаш менен кер-мур айтышуу дагы ушул баладан чыкты. Эми боюу өсүп, чоңойгону менен бала өтө уяң, кепке-сөзгө жок экендигин билесиз. Мен партага батпай калдым, кантип окумак элем деп, балдар шылдыңдашып жатат деп өзү да огодон беш бетер кысынып калды. Аны айтсам, Кудаш аңкылдап жатпайбы. Быйыл эми бойунун өскөнү токтоор деп ойлоп жатабыз. Башка жакка барганда деле бала батынып кетпейт го. Быйылча байкайлы деп жатабыз, өзүбүз деле.

-Мейлиңер, өзүңөр чечесиңер да. Бала силердики. Аны кандай кыласыңар келин экөөң билесиңер да. Кошуна Түкө кабагым-кашым дебестен келген тарабына кадам шилтеди.

ххх ххх ххх

-Бүрсүгүндөн баштап, ушул апта аягына чейин, ар бир класста балдар 100 пайыз сабакка катышкандай болсун! Ооруп ооруканада жаткан окуучулардан башка бардык бала мектепте толук келтирилсин! Облустан өтө катуу текшерүү чыгып жатат. Адегенде ооруканаларды текшеришип, ал жакта дарыланган окуучулардын кайдан келгендигин аныкташып, анан мектепге келип балдарды кадимки койчо бирден санап чыгышат экен. Так что, бүгүн, эртең күнү-түнү уктабай иштегиле! Кимде кандай суроо бар. Мектеп деректири колун жаңсай, оозун аарчып алды.

-Баякы Жээнбек айланы кетирди. Же ата-энеси да түшүнүшпөйт.

-Жээнбегиң кайсы?

-Дөөлөтсүзов.

-А жанакы боюу өсүп, партага батпай жатат деген окуучубу?

-Ошол бала. Бир айдан бери такыр сабакка келбей калды. Ата-энеси болсо ишиңер болбосун деп көңүл кош. Андан көрө келген комиссияга ачык айтпайлыбы. Балким баланы башка жакка алып кетишээр.

-Эй, биринчи баланы ата-энеси билет. Алар эмне деп атышат, сүйлөштүңөрбү?

-Окуйбу, окубайбы, азыр ар кимдин өз иши деп эле коюшат.

-Анда кандай кылабыз, мына жалпылап чечели.

-Айтыш керек.

-Билдириш керек.

-Жашырбаш керек.

-Макул бир добуштан келген комиссияга айтып, деп, билдиребиз. Каршы, калыс жок. Кабыл алынды.

ххх ххх ххх

Арадан 15 жыл убакыт өттү. Айылдын ортосунда жоон топ адам топтолуп турушту

-Кечээ Жээнбекти Бишкекке алып кетишиптир. Ырас кайрымдуу адамдар экен, бекер эле жеткиребиз деп убада кылышыптыр.

-Эмне болду эле.

-Уга элексиңби?

-Өткөндө кетип бара жатып жыгылып кетиптир деп бир уккам.

-Биз ушундай кайдыгер болбодукпу. Азыр бирөө менен экинчисин иши жок заман келди. Жээнбек деген үйүнөн чыкпай, жатып калган. Аны уккан бир адам адам атайын келип алып кетиптир.

-Эмне үчүн бул Алптын акыбалы ушундай болуп калды?

-Эми ага көбүбүз күнөөлүүбүз. Эң биринчи мен күнөөлүүмүн. Себеби анын колунун чоң кишидей болгондугун биринчи мен байкагам.

-Ошондо эле эмне элге айткан жоксуң?

-Анда мен өзүм да бала экем…

-Мектептин да күнөөсү бар. Бая илгери балдар жыгылышып, Айдарбектин кызынын чекесине мык киргенде эле Жээнбекке көңүл буруш керек болчу?

-Ой, аны айтасың да. Кийин эле партага батпай калганда маани берүү керек болчу да.

-Анда деген Ырайымкул болбой койгон да.

-Эми ал түшүнбөйт экен, калганыбыз эмне болдук.

-Туура, Ырайымкулга мен дагы ошол маалда атайын үйүнө барып айткам. Ошондо эле мамлекетке айтканда болмок экен.

-Жок эле дегенде үйлөнтүп да койбоптурбуз.

-Ошондо көп эле комиссия келген. Бирөөнө да билдирилбей, жашырылбадыбы?

-Жараткан бизге бир Алпты берди эле, кудуреттүү пайдалана албадык. Дагы канчалаган баалуулуктарга маани бербей кайдыгер карап жатат болдук экен.

-Ошондуктан арасат болбой, анын эле баласы дебей, элдик уул-кыздарга жалпы калк назарын буруш керек экен да.

-Ал үчүн Жогорку Кеңештен мыйзам кабыл алынышы керек.

-Бирок бизде эң жогорку «Элдик» деген жазылбаган мыйзам бар да.

-Негизи экөөң тең көз жаздымда калтырбайлы деп жаамы Журтка кайрылалы.

-Ооба ошентели. Ошентели. Ошентели.

Топтошкондор тарай башташты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-02-2014
Кыргыз көчү
16904

07-08-2013
Улуу Көтөрүлүштүн бир тирүү тарыхый инсаны
24146

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×