Добавить статью
4:10, 12 февраля 2014 55012

Байыркы уруулардан азыркы ДНКга чейин (уландысы)

Махмуд Кашкаринин маалыматы боюнча, XI кылымда Жунгария менен Чыгыш Казакстанда «Кан, Ябагу, татарлар…» мекендеп турган. «Алардын ар биринин ѳз тили бар. Ошону менен бирге түркчѳ да билет». Саян-Алтайдагы кыргыздардын жери менен Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын ортосунда каилер отурук-конуштары ээлеп жаткан. «Булардын арасында Хирхиз деген эл жашайт, алар абдан кѳп. Турган жери Жайкы-Чыгышта. Алардын түндүк жагында каилер менен кимактардын талаасы жатат, батыш тарабында болсо – ягмалар менен карлуктар (алардын жери) бар». Ошентип XI кылымда монгол тилдүү кѳчмѳндѳр «Кергис мамлекетинин» улагалаш коңшулары болуп калышкан. («Кыргыздар», 1-т. Бишкек, «Кыргызстан» басмасы, 1993-ж., 216 -б.)

Тарыхта айтылып, жазылып келген Алангоо урпактары эки этно топтун кошулушуна түрткү боло алган. Бири, монголдордун – монголоиддери болсо, экинчиси, түрктѳрдүн – европеиддер ѳңдүү этносту чагылдырган. Чынгыскандын тогуз атасынан барып кошулган: боржигин (кѳк кѳздѳр), кият (кыян), чинос, маңгыт, барлас, коңурат, катаган, дуулат, жалгут жана башкалар болгон. Айтылган уруулардын ичинен, айтылуу Бѳртѳ чиностун урпагынан болгону, түрктѳрдүн урпактарынан «ашиндар» да ушулардан келип чыкканы айтылат. Кѳпчүлүк илимпоздорду да, чиностордун этногеносу кызыктырган. Чинос уруусу калмыктарга байланыштуу. Бир катар урпактарынын айтылышы да окшош келет. Мисалы, чиностордо: Уки-шооно, Борсой-шоно, Буга-шоно, Шубтхей-шоно, Оторшо-шоно, Бага-шоно делсе, калмактардын урууларында: Ики-Чонос, Бага-Чонос, Шарпут-Чонос, Гэнду-Чонос - дегендер бар. Археологдордун илимий казуу иштеринде - Хазар шаарчасында табылган табылгалар «ашиндардын» тамгаларынын окшоштугу такталган. Кийин, калмыктар байыркы түрктѳрдүн бир бѳлүгү болуп калган.

Бѳлүнгѳн калмактар, монгол тилдүү уруулардын арасында калып кетип, кийин аралашып, тукумдаш болуп кеткен. Натыйжада, Батыш монголия илгертеден бери эле түрк-монголдор уруусунун жашаган жери бойдон калып, алар бир канча жылдар бою аралаш жашоодо кандары бири-бирине сиңип, барган сайын аргындашып отуруп жаңы биригүүгѳ ѳтүп кетет. Ошонун себебинен, башкыр, усегерлер, таңгаурлар уруулары Волга боюна карышкырлардын жардамы аркылуу IX кылымда, андан кийин да калмактар чиностор менен болгон байланышы (карышкырлар уруусу) аркылуу Батыш монголиядан ооп, батышты кѳздѳй Хазар каганатынын мурдагы VIIIX к.к. ашындардын тукумдары башкарып турган жерине келишкен.

Каган бийлиги бирде ѳйдѳ кѳтѳрүлүп, кайра тѳмѳндѳп турган кезде, X к. Тянь-Шаньда Карлук мамлекети кулап, саясий начар абалга келген. Ошол эле бийлик ээлери Каракан каганатын түптѳшүп, 960-жылы ислам динин кѳздѳп, «Ислам мамлекетин» жарыялайт. Каракан бийлиги ислам динин «дин» деп таанышып, мамлекетти башкарууга динди негиз кылып, малекетке катуу тартипти киргизет. Бийлик башына, укумдан-тукумга ѳтүүчү кѳчмѳндѳрдүн уруусунан турган калктардын ѳкүлүнѳн коюуга колдоо таап, ѳзүлѳрүнүн тегерегине тилектеш болгон жергиликтүү элдерди (Хавваш М.С.Н. «Ислам и арабская культура в Караганидском каганате X-XII вв.». Б. 2009-ж. 3-б.) тарта баштайт.

«Кыргыздар басып алган жерлерин, мурда отрукташкан элдер менен урууларды ѳзүлѳрүнѳ кошуп алып, жаңы келип отурукташкан урууларды четтетпей, ѳзүлѳрүнѳ акырындап тартып отуруп кѳбѳйтүп, этникалык элдер менен аралашып, сиңип, аргындашып кеткенге шарт түзѳт. Буга далил, X-XI к.к. Жетисуудагы карлук, чигил, ягма элдерине күч колдонуу менен алардын жерлерин, жакшы жайыттарын тартып алып, ягма, чигил, карлук элдерин жерсиз калтырган. Каракандардын доорунда, Жетисуу жана Теңир-Тоо жергелери бир жарым кылым бою, анын ичинде Борбордук Азия менен Чыгыш Түркстандын маданий-саясий жашоолору бүтүндѳй каракандыктардын бийлик астында болгону тарых булактарында белгилүү.

XII к. кыргыздардын азыркы желерине Чыгыштан кара-кытайлар басып кирсе, XII к. башында наймандар басып кирген. XIII к. кыргыз жергесинде түрк-монгол элдери менен аралашып жашап, жашоо жагдайы толук орун алат. Кѳптѳгѳн илимпоздордун белгилегендерине караганда, кыргыздарды этникалык жактан жакындаткан эл - бул алтайлыктар. Бул элдердин маданий жактан ѳтѳ жакындыгы: этнологиялык, аналогиялык жактан алганда, тил жагынан бирдейлиги, байыркы эл катары уруулашуусу, кыргыз жана алтай элдеринин бир эл экендиги мисал болот. Этникалык топ боюнча – мундуз, дѳѳлѳс, кушчу, тѳрѳ, кочкор-мундуз, кара тумак, бѳрү, саруу, куба, кубат, кумач, алчи, элчиген, алакчын жана башка уруулардын жакындыгы бар экенин»,(Ѳ.Ж. Осмонов, «История Кыргызстана» кот. 169, 170 - б. Б. 2012- ж.) айтат. Алакчындардын байыркы кылымдардан бери келе жаткан тарыхый аттары ѳзгѳрүп отуруп, азыркы заманга чейин жеткен. Мисалы, -алакчын – «кара юнтлук» (черные лошадники) кара ю/н/т же кераит - «кара атчандар» деген мааниде; байкал жээгиндеги алакчындарды – кюри; - карлуктар менен бирге лабандар (албан), миңсуулуктардагы (минисуйский) уруу «тубо», «соххы», «сагай», дагы бир этнонимине таандык «курыкан» - ѳгүздѳрдүн ичинде каркын; - алтай жужандар менен бирге тонгожон делет. Тажиктерде – алакай, калмыктардын тарыхый булактарында – Контойжы, Бошоктулар убагында Энесай кыргыздарын «алат - кыргыздар», «алакай» алакчындардын урпактарын тажиктер - лакай, алантай делген. Этнонимде, «Алакчын-катаган» деген бар, бул алакчын – кара атчан дегенди түшүндүрѳт, «Коңурат» («коңур кула ат» – «темно бурая, буланная лошадь») деген түшүнүктѳрдү берет.

В.В. Бартольддун («Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер», Б. – 1997-ж. 42-б.) жазган эмгегинде: «XVII к. Хиванын каны Абулгазинин баяндалышы боюнча уламышка ѳтѳ окшош, кайсы даректен (< Дареги-Рашид-ад-дин, кара: кот. в. изд. ИВАН, I,кн. 1,102, - В.Р.>) алынгандыгы белгисиз, бирок мүмкүн түбүндѳ чындык жаткан аңгемесине караганда, Сурхуктани үч бекти миң адамдан турган отряды менен кемелерге салып, Ангарага кѳптѳгѳн чоң дарыялар кошулуп деңизге куйган жердеги (кыязы, Ангаранын куймасы деп чаташтырып алган Енисейдин чаты жѳнүндѳ сѳз болуп жатса керек) ѳлкѳгѳ жиберген имиш. Ал жерде кѳптѳгѳн айыл-кыштактар курчаган Алакчин деген чоң шаары болгон (Рашид ад-динде «аттары» Алафхин (Алакчын), Адутан, Маңгу жана Балаурнан аймактары жѳнүндѳ айтылат, кара: Рашид-ад-дин, кот. в изд. ИВАН, I, кн. 1, 102-б.-В.Р.) жалаң ала түстѳгү жылкылары бар кѳчмѳндѳр жашаган! Шаарга жакын жерде күмүш кендери болгон, идиштери менен эмеректери бүт күмүштѳн болгон. Бектерге, мүмкүн болсо Алакчындарды талап-тоноп келүү, эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо ал жѳнүндѳ кабар алып келүү тапшырылган. Бир топ мезгилден кийин 300 гана адам кайтып келген; алар, Алакчын жѳнүндѳ айтылгандардын баары чын экендигин ырасташкан; ал жерде кѳп күмүш алып келатышканын, бирок кийин агымга каршы жогору сүзѳ албай коюшкандыктан, кемелерин таштап салгандыктарын айтып келишкен; кѳп адамдан ажырагандарын климаттын жамандыгы жана ысыктыгы (!) менен түшүндүрүшкѳн (<Абулгази, Родословная тюрок, изд. Демезона, I, 44. Рашид-ад-динде: «Ошол аскерлердин З00дѳн ашыгыраагы кайтпай калышкан, кайтпай калгандар бүксүгѳн абадан жана нымдуу буулануудан ѳлүшкѳн»,кот. в изд. ИВАН, I, кн. 1, 102.-В.Р.>). Жылкынын түсүнѳ карата «ала» деген сѳз, албетте, кытайдын «бома» деген сѳзүнѳ туура келет» деген.

Бүгүнкү күндүн илимий тарых багытында, кыргыздардын Борбордук Азияда жашап турушу эки жактуу айтылат, бири - Түштүк Сибирде жашап турган болсо, экинчиси борбор азиялык түзүмдѳн түзүлгѳн элдерден турганы далилдүү…. Орустун окумуштуусу профессор Ю.А. Зуев «Вассалдык княжествонун жылкыларынын тамгаларын ѳзүнчѳ бѳлгѳн (Кытай тилинен которулган котормолорунда VIII-X кк. Танхуйо», АНКаз.ССР, Алма-Ата, 1960, 93-140-б.). Ар кандай урууларга тийиштүү болгон жылкыларына салынган эн тамгаларынын белгилери жѳнүндѳ чоң эмгегин арнап, ар бир уруунун эн тамгаларына чейин жазып чыккан. Анын Гу-ли-гань, Си-ми, Гэ-ло-лу, Чжан-и-гу, Тун-ло, Янь-то, Пу-гу ж.б. кѳптѳгѳн урулардын эн тамгаларын кылдат изилдеп, алардын породаларын айырмалап, мүнѳздѳмѳ берген. Ге-ло-лу уруусунун жылкылары Си-ми урууларынын жылкылары менен бир породада болуп, тамгалары окшош болгонун жазат. Чжан-и-гу уруусунун жылкылары Гу-ли-гань уруусунун жылкылары менен бир породада болуп, алардын терилеринде кара тактар, ала-чаар жолборс терилерине окшош дейт. Гэ-ло-чжи уруусунун жылкылары (Alachin). Тамга [27] эн тамгасынын жылкыга салынган белгилерине чейин кѳңүл бурат. Мындан башка да, ошо кездеги кѳптѳгѳн уруулардын эн тамгаларын изилдѳѳдѳ чоң эмгегин арнаган.

Азыр, заман алмашты, кѳптѳгѳн илимий-техникалык ѳсүштүн жетишкендигинде генеалогия илими да жаңы ачылыштарга ээ болду. Адам менен айбанаттардын ДНКлары - качанкы ѳткѳн кылымдардан беркилери ѳз ордун таап, далилденүүдѳ. Доорубуздун заманбап тарых жаатында урууларды, улуттарды жаңыча иликтѳѳ ДНК аркылуу колго алынып, дүйнѳ жүзүндѳ генеалогия илими кеңири кулачын жайды. ДНКлары текшерилгендер ѳз уруу менен улутун күмѳнсүз аныктап, каяктан чыкканын, кайсыл элдин гаплагруппасына кирерин мазок тапшыруу менен талашсыз аныкташып жатышат... Санжырачылардын арасында кѳптѳгѳн талашуулар бар экенин, анын ичинде алакчындарды катагандар менен чаташтырып жүргѳндѳрү да жок эмес. Кыргыз урууларынын бѳлүнүшүндѳ катагандар оң канатта жүрсѳ, алакчындар сол канатта. Алакчын уруусу катаган уруусунан айырмаланып, гаплагруппалары эки бѳлѳк. Илимий тарыхтын кѳз карашы менен алганда: «Алакчын-катаган» деген сѳздүн ѳзүнүн тарыхый мааниси: «алакчын – кара атчан» дегенди түшүндүрѳт. «Коңурат» («коңур - кула ат» – «темно бурая, буланная лошадь») деген түшүнүк тарыхты изилдеген илимпоздордун эмгектеринде жогоруда айтылды.

XIX к. орто ченинде, XX к. башында Чүйдүн Сокулук районунун, Мааке айылында жашап ѳткѳн Курманаалы Саржан уулунун 1915-ж. араб ариби менен кыргыз тилинде жазган кол жазма санжырасында: «Чоң чабуулга Чынгызкан даярдык кѳрүп жатканда, Долон Алакчынга:

«Атпайдан чыккан Алакчын,

Алдастай Чынгыз каракчын.

Асман, жерди чабам дейт,

Азапка элди салам дейт.

Бергени буйрук кеңеш жок,

Кызматын кылып нетели.

Алакчын, Долон биригип,

Алатоого кетели.

Кыргыздарды караткан,

Кытайдын малын санаткан.

Бука нойон не болду,

Иним, бул чыктыго адаттан

Эки колун байлады,

Элүүсү кошо айдады.

Эл ичинде кѳп кыйнап,

Эрлерди шонтип жайлады» – деп кеңеш салышып, Алатоого барып жаныбызды сактайлы. Болбосо мындан бизге жакшылык жок - деп, Алакчын менен Долон убадалашат.

…Алакчын, Долон бат эле элге кошулуп оокат кылып жашап калышат. Экѳѳнүн тукуму ѳсүп, кѳп эл болуп тарайт. Алакчын тукуму Долон тукумуна караганда жай ѳстү. Бирок экѳѳ тең ынтымактуу жашап келе жатышат. Алла-таала чындыктан ажыратпасын. Телтай Кошой уулунун сѳзүнѳн кыскартып жазып алдым. Жергелүү саруу тукумдары Керметоо жакта, Таласта. Долондон – Агуул, Губул тукуму. Агул тукуму Адигине, Тагай балдары экиге бѳлүнѳт. Алакчындан – Олжочу балдары Тагайды жактап, Кычы балдары Адигинени жактап Керметоо деген жерде калган. Тагай тукуму менен Олжочу тукуму жер ооп Таласка келген. Мында келген кыргыздар Керметоону сагынып, чертмекке күү чыгарып ырдаган:

«Керме, керме тоо!

Упа, эндиги жок туруп,

Кызы сулуу Керме тоо.

Оту, чѳбү жок туруп,

Малы семиз Керме тоо,

Керме, Керме, Керме тоо»,- деп (Курманаалы Саржан уулунун араб арибиндеги кол жазмасы. К.Бийлибаев. Алакчын – Бердике берен санжырасы. Б. «Гүлчынар», 2012-ж. 26-28-б.).

Кийнки убактарда казак менен ѳзүбек тарыхчыларынын арасында Ялангтуш (Жалаңтѳс) баатырдын тегерегинде талаш-тартыштар жүрүүдѳ. Казактарда – Жалаңтѳс bаhадүр, Жалаңтѳс Сеiткүлүлы 1576-ж. сырдарыя жеринде, казак кѳмѳндѳрүнүн казактын Тѳрткара (Алималу уруусунда) тѳрѳлгѳн делсе. Ѳзүбектердин маалымат булактарынын биринде: Ялангтуш Бахадур ѳзүбектердин алчин уруусунан болот, анын атасын Бай Ходжа деген болгон дейт. Ата баласы менен Ходжа Хошима Дагбединин окуучулары болушкан – анын ата-теги айтылуу белгилүү суфий багытындагы накшбандиянын мыкты лидери Махдуми Аъзам (1461-1542) болгон делет. Yalangtosh Bahodir, (1576-1656) – аскер башчысы, мыкты саясатчы, феодалдык доордун эң мыкты башкаруучусу, бухар хандыгынын Самаркандагы (эмири) ѳкүлү болгондугу жѳнүндѳ жазышкан.Ялангтуш бахадур жана анын кыздары: Иклима бону, Ойбии Догбитте Ходжи Хошима Дагбединин жанына сѳѳктѳрү коюлган. Даректүү (1643-ж.) документтерде, анын Бойбек деген уулу да билимдүү болгон. Бирок ал атасынан мурдараак (1650-ж.) каза болгондугу жѳнүндѳ маалымат болгондугун жазышат. Талаш-тартыш маселесинде Ялангтуш бахадурдун атасы, казактардын оозеки айтымдарында: Сейиткулу делсе, кагаз жүзүндѳгү документтерде, атасынын аты Бойходжи делет. 17 жаш курагында Ялангтуш алимула уруусуна бий болуп шайланат. (1595-1598-жж.) Багдад шаарында билим алат, бийликтегилер Ялангтуштун жашына эмес анын акылынын жетиктигине ушунчалык баа беришет. Ал перс-тажик тилдерин мыкты ѳздѳштүргѳн. Мыйзамды жакшы билгендиктен, иш кагаздардын бардыгы анын атынан дайындалган. Самарканд шаарынын Регистан аянтындагы медереселердин бириндеги перс-тажик жазуулары да ага таандык.

Аштархандык Баки Мухаммад хан (1605-ж.) каза болгондо Ялангтуш алгач Вали Мухаммад ханды колдогон болсо, андан кийин (1611-ж.), ага каршы чыгып, Аштархандык Имам Кули ханды колдогон. Жаңы хан Ялангтушту (1612-ж.) Самаркан шаарынын эмири (кожоюну), кийинчирээк аталык болуп дайындалат. Бара-бара Орто Азиядагы бирден-бир эң бай адамдардан болот.

Казактар, анын кѳзү тирүү кезинде эле эл арасында дайыма кѳкүрѳгүн ачык алып жүргѳндүктѳн: «Жалаң тѳш баатыр» деп атап коюшкан. Жалаңтѳш баатыр жѳнүндѳ, Бухара кандыгындагы жана Сефед мамлекетинин кол жазма булактарында Ялангтуш бий деп айтылып калган. Россиянын революцияга чейинки мезгилиндеги тарых булактарында Ялангтуш бий делсе, Брокгауза жана Ефронанын энциклопедиялык сѳздүктѳрүндѳ «Ялангтуш Багадур» деп айтылат. Анын урпактары Самарканда шаары менен коңшулаш Казакстандын Кызылордо облусунун Казалин районунда жашап турушат. Коңшулаш эки республиканын тарыхчыларынын талашында аныкталбаган гипотеза бардай. Жалаңтѳш баатырдын аскердик иштери учурунда, (1612-ж.) Имамкули хан Ташкент жана Түркстанга ээлик кылса, ошол эле жылы Имамкули хан Есим хандын колуна каршы Жалаңтѳштү жортуулга жиберет. (1614-ж.) Жалаңтѳш Хорасанга каршы жортуул жасаган болсо, (1618-ж). Гератка чабуул коет. (1620-ж.) ичинде Афгандардын жеринде согуш жүргүзүп, Аштархан мамлекетинин түштүк чек араларын коргоодо аракетин жасайт. Анын жортуулдары ийигиликтүү болгондуктан, (1621-ж.) аштархандардын аскерлеринин башкы башкаруучусу болуп туруп, казактардын аскерлеринин кол салуусуна Турсун султандын колуна каршы согушат. (1628-ж.) Имамкули хандын буйругун аткарууда, Жалаңтѳш казактын кол башчысы болуп турган Абули Султандын аскерине каршы Ташкент шаарынын жанында согушуп, Абули Султанды Кашгар тарапка качууга аргасыз кылат. (1636-ж.) Имамкули хандын колун башкарган Жалаңтѳш баатыр башында турган калың колу Сайрам жерине жортуулун жасап, анын жанында жайгашкан казак урууларынын жерлерине кол салышып, талап-тоноп, жортуулу Дешти-Кыпчак талааларына чейин жетет. Жалаңтѳштүн башкаруусундагы аскерлер казактардын жерлерине чабуул жасап, андан кийин кѳчмѳн ѳзүбектер менен жунгарларга жортуулун жасайт. Анын жортуулдары ийгиликке жетишип, түмѳн башчы деген даражага ээ болуп, карамагында 10 миңге жеткен жоокерлерге кол башчы болот. Жунгарлар тарабынан согуштук экспансия токтобой жүрүп тургандыктан, Жетисуудагы: кыргыз-кыпчак, казак, кара-калпак, ѳзүбек, тажиктердин бош калган жерлери ээлик кыла баштаганда, Жалаңтѳш баатыр 30 миң мыкты куралданган жоокерлери менен Самарканддан жардамга келет. Жалаңтѳштүн аскерлери Жетисууну жунгарлар баскынчыларынын кол башчысы Батура-хунтайжынын басып алуусунан сактоого зор күч катары жардамын кѳрсѳтѳт. (1643-ж.) казак ханы Жангир ханга жардамга келип, Орбулактагы катуу кармашта 20 миң колу менен жунгарларды талкалап, согуштун тагдырын чечет. Жунгарлардын баскынчылык доорунда, (1646-ж.) Бухар кандыгынын ханы Абдуазиз менен Шах-Жахан ортолорунда карама-каршылык күчѳйт, керектүү деп эсептелген Хоросан жана Балх шаарлары талашта калып, Бухар хандыгына кандай керек болсо, Улуу Моголдорго да ошондой керек болот. Ушул жагдайда экѳѳнүн ортолорунда согуш чыгат. Тарыхый маалымат боюнча «Тарихи Кыпчак-хани» Хаджамкули Балхи, Абдулазиз хан бүткүл ѳзүбектердин аскер башчылары менен кол башчыларын чакыртып, улуу курултай ѳткѳрѳт. Жыйында, ар кандай ойлор, пикирлер, сунуштар айтылып, чечим кабыл алынат: «казак султандарынын жардамысыз, душмандардын чабуулун кайтара албайбыз» деп, шейх, нойондор, акылмандар-ойчулдар жана ханы баш болуп Ташкент тарапка бет алышат. Анда, ар улуттун ѳкүлдѳрү катышкан чоң жыйын ѳткѳзүшүп, 300 миң адам катышкан кеңеште чечим кабыл алышып: согуш учурунда үч топ түзүү; бир топто 100 миң атчан менен чабуул коюу; бир эле учурда үч топ чабуул койгондо 300 миң болоруна бел байлашат. Жыйынтыгында, Абдулазиз хандын уюму казактардын тѳрѳлѳрү менен бирдикте, Жалаңтѳш-аталык жана Алчин-Бек-уулу-бий баш болгондор Шах-Жахандын колун толук талкалашат. Ушундай ийгиликке жетишкени менен Жалаңтѳш баатыр Абдуазиз хан экѳѳ аскердик келишим жѳнүндѳ уюм түзгѳнүнѳ карабастан, пикир келишпѳѳчүлүгү улана берген. Жалаңтѳш баатыр бийлиги жүрүп турган кезде, бир канча согуш жортуулдарында кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишкен, Мешхедди басып алып, талап-тоноп ал жактан колунан кѳѳрү тѳгүлгѳн ѳтѳ кѳп усталар менен адамдарды ала келген. (Алынган булактар: Каттаев Комильхон, «Махдуми Аъзам ва Дахбед». Самарканд, 1994 г.) «Жалаңтос бахадур - защитник Отечества». Республиканская газета «Казакстанская правда» 25.05.2001 (http://zenitcameon.wordpress.com/) Н. Амиртай. Годы великого бедствия. 200 летняя казахо-джунгарская война (страница истории) (http://kochker.ru/) «Илюстрированная история Казахстана», т. 4. Алматы, 2005 г. «Казахские личности», под редакцией академика Е.Арына. Алматы, 2005 г.

Ялангтуш-бий Аталык-бахадур - аныкталбаган тарыхый маалыматтар боюнча казак менен ѳзүбектердин тарыхчылары ортосундагы талаш-тартышка түшүп, дагы деле болсо уланып келүүдѳ. Ялангтуш-Жалаңтѳш баатырдын уруу маселесине келгенде, Ялангтуш-бий Аталык-бахадур ѳзүбектердин Алчинынан болот деп ((http://WWW.samdu.uz/librarу/issam.html) жазышса, казактар район, айыл жерлерине аттарын коюп, эстеликтерин тургузуп алышты. Кыргыз урууларында казак, ѳзүбек деген улут, уруулары айтыла элек кезинде эле, байыркы эл катары уруулары аныкталып келген. Жалаңтѳш баатыр, кыргыз урууларынын биринен болгон деген гипотеза бар. Генеалогия жактан балким урпактарынын ДНКсы аныкталып калса, келечекте уруусу аныкталып ѳз ордун табат деген ой да алыс эмес…

Кыргыз урууларынын арасында талаш-тартыш болуп келген алакчын менен катагандын уруу маселеси жана андагы урпактары жѳнүндѳ бир-эки ооз сѳз. Казак тарыхчы-окумуштуу Турсун Султанов (Т.И.Султанов. Кочевые племена Приаралья в XV-XVII вв. (Вопросы этнической и социальной истории) [текст] М.1982-ж.) (XVII к.) биринчи жарымындагы тарыхчы Махмуд ибн Валинин «Бахр ал-асрар» деген эмгегине таянып: «Ишим (Эшим) калмактардын отурукташкан боз үйлѳрүнѳ чабуул койгонду максат кылып, ѳзүнүн туусунун астында «бүтүндѳй алачиндардын аскерлери» менен бѳлѳк баш ийиген улустардагы катагандын бир бѳлүгүн топтоп, Моголистандын жерлерине карай жылып жѳнѳгѳн» деп жазат. Мындан башка да Т.И.Султановдун орус окумуштуусу С.Г.Кляшторный менен биргелешкен эмгектеринен (XVII к.) ичиндеги бир канча маалыматтарды кезиктирүүгѳ болот.

«Казактын ханы Тобокел (Тевекел) каза болгондо, кандык тактыга (1598-ж.) Эшим кан болот. Эшим кандын тушунда казактардын султандары ѳз алдынчалыкка ээ болот. Алардын арасында ѳзгѳчѳ айырмаланганы - Турсун-Мухаммед ѳзүн: «Ташкенттин канымын» деп жарыялайт. Чыгыш жана Түндүк-чыгыш ойрот чапкынчылары менен алек болуп жүргѳн кан Эшим, Турсун кан менен макулдашып, мамиле түзүп бир канча убакытка чейин ѳз бийликтерин каалашынча жүргүзүшѳт. Эки кандын мамилеси бара-бара келишпей ич ара күчѳп отуруп, эки кандыктын чыр-чатагына айланат. (1627-ж.) согушта Турсун-Мухаммед Эшим кандын (Р.Н.Безертинов «Татары, Тюрки – Потрясители Вселенной» [История Великих Империй] ЦЭРИС Новосибирск 2001–ж.387-388-б.) колунан ажал табат, бир жылдан кийин (1628-ж.) Эшим кан ѳзү табышмактуу каза болот», дейт.

«Эр Эшимдин кѳз алдында, алакчындын курман болгон баатыр жигити Алаңкүүнүн 9 жашар баласын кошо ала келип, саруу Муратаалы бийге тапшырганы бекер эмес. Жабагынын ашатылган терисинен жасалгалуу тигилген ала тончон, ала тай минген, белинде жакуттан капталган кемер куру - улуу, тектүү элдин баласы белгисин билгизген баланы, кѳргѳн кишилер курунан улам, Кан Турсундун баласы го, деген ойдо калгандай. Купуя сырды бекем туткан такыба Муратаалы бий, бирѳѳгѳ да сырын айтпай тарбиялап ѳстүрүп, эрезеге жеткирип үйлүү-жайлуу кылды. Наркты, каада-салтты түшүнгѳн Эр Эшим баатыр, касташкан душманынын баласын аман алып калып, барктуу, салттуу, нарктуу, билги бий Муратаалыга аманат кылып эч качан дайындамак эмес. Тескерисинче, тукум курут кылмак. Алып келген учурда да сѳзгѳ сѳлтүк, кепке кемтик болоорун ал жакшы билген. Барымтага кармоого да эч кандай негиз жок эле, Кан Турсундун колу биротоло талкаланып, аман калгандары ар жакка качып, бүлгүнгѳ учурады. Кан Турсундун башы алынып, Ташкенге Бухаранын каны Ыманкулга жѳнѳтүлдү». (К. Бийлибаев «Жанкороз» романы, Бишкек 2010-ж. 54-56-б.).

Алакчындар саруунун чоң тобун түзүп кала бергенин, С.А. Абрамзон ѳзүнүн эмгегинде жакшы жазган. ДНК маселесине келгенде, алакчындар гаплагруппа боюнча – R1а1 болсо, катагандар - шанишкили – Турсун-Мухаммед гаплагруппа боюнча - C, C 3 тобунда, чынгызиддерге таандык.( XIX к.) жашап ѳткѳн манасчы, ырчы, жомокчу, тарыхчы-санжырачы Балыкооз ѳз доорунда уруулардын бѳлүнүшүн жакшы билгенинде: «Катаган менен Алакчындын кайнасы каны кошулбайт» дегени, азыркы ДНКнын аныктамасына туура келип, эки уруунун ДНКсы эки башка чыгууда. «Алакчын-катаган» деген сѳздүн келип чыгуу байланышын, илимий тарыхта изилдеген илимпоздордун эмгектеринде даана, так жазгандары жѳнүндѳ жогоруда айтылды. Санжырачылар урууну сүрүштүрѳ келгенде, «Алакчын-катаган» деген сѳздѳн алыс чыга албагандыгынан улам, укумдан-тукумга ѳтмѳ катары ѳтүп, айтылып, кулакка сиңип келген жаңылыштыктардан улам калып калганы байкалат. Азыркы кезде ДНК аркылуу уруулардын гаплагруппалары такталууда. Тактыкты алибетте илим аныктайт, божомолдор имиш бойдон эле кала берет.

Американын ДНК изилдѳѳ борбору «FTDNA», дүйнѳдѳгү элдердин ата-теги, түпкү насил урууларынын гаплагруппаларын аныктап, Борбордук Азиядагы анын ичинде кыргыздардын – оң, сол, ичкилик канаттары, казактардын – улуу, орто, кичи жүздѳрүнүн ДНКылары: R1а1а, R1b1a1, R1b1a2, J, J1,С, C3, O2, O3, O3a3c, Q1a3, N1,N1b, I, Hg топтордон турарын жана ага кызыккан жеке инсандардын тапшырган мазокторунун жыйынтыгы чыгып, кайсы урууга, улутка таандык экенине чейин такталып, Интернет аркылуу жарыяланып жатат. Жаңы илимдин такталышында, божомол менен имиштер жокко чыгууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2017
Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?
74145

08-11-2016
Зарлык Сыдык уулунун санжырасы
71659

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
137725

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
82532

25-10-2015
Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган
42550

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
37048

10-07-2015
Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)
60052

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
52436

03-03-2015

Комуз тарыхы

Комуз – ички дүйнө жарчысы

53300

07-01-2015
Чынгысхандын теги ким болгон?
38787

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×