Добавить статью
9:58, 13 февраля 2014 4022

Эмнеге мактанабыз?

Эзелтеден эӊсеп келген элибиз

Эгемендүү болдук деп мактанабыз.

Эси жоктор бийликте турган кезде

Ээси жок тебеленди атканабыз.

Эӊсеп келген элибиз эчен кылым,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Электрди эсепсиз өндүрсөк да,

Тезек отко жылынып кактанабыз.

Энчисине элибиздин тийген деп,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Ээн калса да эгилбестен жерлерибиз,

Эринбестен той берип шаттанабыз.

Эркиндикти белек кылган Эгем деп,

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Эӊшерилип баратса да эл байлыгы,

Эбин тапкан эки жейт деп актанабыз.

Эч нерсени кыйратбадык, а бирок

Эгемендүү эл болдук деп мактанабыз.

Эл башчылар убаданы бересиӊер,

Эми качан аларды аткарабыз?

Ээлебесин ээр-токумун бийликтин,

Эрки жоктор акылсыз келжектеген.

Элим деген азаматтар биригишип,

Элибизди көтөрүшсүн эмгек менен.

Элибизде сөз калган илгертеден

Эсиӊ барда этегиӊди жапкын деген.

Эсибизге келели, жерге житсин,

Эсиргендер кутуруп жанын жеген.

Туура багыт алалы, оӊдой билип,

Жыйырма жылда кетирген каталарды.

Өнүктүрүп өлкөнү алга сүрөп,

Кыргыз элим анан биз мактаналы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×