Добавить статью
6:46, 11 июня 2014 27531

Айтматов дүйнөнү өзгөрттү... а, бизчи?!

Эстааным

«Мы были людьми. Мы – эпохи...»

Борис Пастернак

... үзүлбөгөн үмүттөр, айтылбай калган ойлор, ичте буюккан арман, жанар оттой айтылбай калган сүйүүнүн акыркы деми да ушу үч чекит менен аяктайт... Бу үч чекит түбөлүктүүлүктүн, али айтыла элек улуу ойлордун уландысы. Адам акылына оңою менен тунбаган, ээ – жаа бербей жан – дүйнөбүздү кыйсыпыр түшүрүп, азоо кыял түпкүрүбүздө бугуп жаткан ойлорду, жүрөгүбүздун ар бир кан тамырын сыгып, капыя келген бороондой, жүрүп берген селдей, жер силккен зилзаладай, мээни чагылган огу тешип өткөндөй азанаган албуут «ички үнүбүздү» сыртка чыгаргыбыз келет... ушул делебени делдектетип, жандүйнөнү күлойрон кылган азаптуу арман менен гана дүйнөнүн, керзамандын азылуу соболдоруна жооп издейбиз...

Кайрадан үч чекит, соболу менен уланат...

Адам - доор, доор адам...

Бу эки улуу түшүнүктүн туткасы кайда?.. Айтматов... айтматовдук феномен эмнеде?.. Адамдагы адамдыкты сактоодобу?.. Бул дүйнө жаралыштын түгөнбөс улуу суроосу. Ушул суроодо, ушул суроо менен Айтматов жашады, ал Адам аркылуу Аалам чындыгын, дүйнөнүн мээ эзген суроолору менен сүйлөштү, андан жооп издеди, өзү үчүн да, биз үчүн да... Доордун автопортретин адамдар жаратат...

Адам – бу табияттын чүрпөсү, цивилизация – Адам ишмердүүлүгүнүн акыбети. Айтматов аң – сезимибизди гана руханий асылдуулукка сугарууга жан үрөп, көкүрөк үнүн бизге жеткизип тим болбостон, жараткандан бүткөн адамдык генийилиги менен дүйнөлүк цивилизациянын дагы бир кадамга алдыга жылуусуна, доордун интеллектуалдык жаңы чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө өз үнүн кошту. Айматовдун кубулушу, ал ириде адамдыктын гуманисттик ойлорун ойготту, адам коомун универсализациялоодон сактап калууга жан үрөп, өз дүйнөтаанымынын руханий галактикасын жаратты. Ал локалдык Адам, глобалдык ойчул экендигин далилдей алды, ошону менен бирге айматовдук рух империясын жаратты... Ошол империя, эң оболу көкүрөктүн эркиндигине, азаттыгына, адамдагы адамдык идеалдар доктринасына негизделген духтун империясы. Адам гана доордун коңгуроосу, кыймылы... 2008 - жылы июнь айында биз, Айтматовду гана эмес, бүтүндөй бир доорду акыркы сапарга узаттык... Анткени, Айтматов ошол өз доорунун руханий чагылышы, руханий маңызы эле...

Улуу адамдын улуу мурасы, бизге калтырган улуу суроосунда.

Жазуучу чыгармаларында коомдук акыл – эстен алда канча алдыда кеткенин, өз ойлору менен мезгилден оозуп, аны артта калтырып, алдыга, түбөлүктүүлүккө кеткенин, болочоктун ыймандык матрицасын урпактарга калтырып кеткенин, биз азыр кудуму күлүк артында калган чаңды жуткандай сезип жатабыз.

Айтматовдун өзгөчөлүгү - ал ар бирибиздин рух дүйнөбүздүн ажырагыс бөлүгү катары, ар бирибиздин адам, инсан катары калыптануубузга таасир этти, өзүнүн акылы менен тең бөлүштү, ички дүйнөбүздү аруулантты, жанкөкүрөгүбүздө айтматовдук улуу сөздүн уругу калды, ошол улуу касиет бизди Турмуштун татаал лабиринтинен, руханий параличтен сактап келет... А, балким Айтматовдун жанкасиети ушул феноменде болуп жүрбөсүн?!..

Мезгил өз мыйзамы менен улана берет, ошону менен бирге эле адамдык «жан ширебизди» өзүнүн катаал да, татаал да заңы менен «сыгып» келет... Биз, азыр татаал жолдор кыйчалышында турабыз, тоталитардык коомдон эркиндиктин «амнистиясын алдык», эркин коомдо эркин жашоону билбей кайсалактап турабыз. Эркин жашоонун өзү да адамдык жашоонун улуу маданияты.

Биз, ошого даярбызбы?! Даяр болуп калдыкпы?!..

Бул да жашоо риториканын жоопсуз соболу?..

Эркиндикке эң оболу турпатыбыз менен эмес, ички адамдык ойлордун эркиндиги менен гана даяр боло алабыз.Ой эркиндиги бар адам гана, эркин коомго татыктуу. Бу дүйнөдө бир гана чаян өз уусу менен өзүн өлтүрөт экен!..

Айтматов мурастагандай «ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чыгышыбыз керек...» Конгуроодой кагылган Кассандраны эн белгиси, үнү - адамды генетикалык акыр заманга алып баратканы, ошону менен бирге эле адамзаттык цивилизациянын күнү батып баратканы адамдык акыл – эске салабы, адамдык акыл – эске чакырабы?!..

«Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт...» бу Айтматовдун жанурааны...Чындыгында эле Айтматов дүйнөнү өзгөрттү, а, биз өзгөрдүкпү?!

Бул суроону да үч чекит бойдон калтырдык...

...?!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-06-2014
Улуу сөздүн урпагы...

ХХI - кылымдын залкар мансчысы Жусуп Мамайдын портретине штрихтер, эстааным

17996

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×