Добавить статью
6:23, 1 июля 2014 272511

Профессор Качкынбай Артыкбаев: Токтогул жана Калыктын бааланбай калган эмгеги

Бүгүнкү күндө тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси түрк тилдүү элдер арасында – эл аралык деңгээлде, Кыргызстандын булуң-бурчунда – республикалык алкакта шумдуктуудай белгиленип жатат. Иш чаранын жүрүшүндө ыр майрамдардан сырткары бир нече китептер, анын ичинде бүтпөй калган романдар дагы жарык көрө баштады. Булардын жарык көрүшү албетте жакшы нерсе, бирок алардын редколлегиядан өткөрүлбөй чыгып жатышы, такталбаган, ушак-айың деңгээлиндеги окуялардын дагы кирип кетиши мени өкүндүрбөй койбойт. Мисалга ала турган болсок, Аалы Токомбаевдин жазган китебинин айрым жерлери такыр чындыкка кошпойт. Кыргыз эли жаман нерсени айтса дагы сылык-сыпаа айтып көнгөн эле. Биз азыр «тактайм деп жатып – тантып, оңдойм деп баратып оңкобуздан кеткени жатабыз». Ушинтип жазып коюптур деп эле чыгара берген болбойт го деп ойлойм. Максат эле китеп чыгарышта эмес. Китептин тарбиялык, адеп-ахлактык мааниси терең болуп, улуттун, элдин, уруунун кадырына шек келтирилбеши керек.

Мына ушундай оңдоп-түзөөлөрдү жасайбыз, китептин үстүнө китеп чыгарабыз деп жатып, көптөгөн өнөр адамдарынын, окумуштуулардын көзү тирүүсүндө эмгектери уурдалып (башкача кантип атоого болот) келгендиги кашкайган чындык. Далил катары 1989-жылы жарыкка чыккан филология илимдеринин доктору, профессор Качкынбай Артыкбаевдин Токтогул Сатыгановго жана Калык Акиевге байланышкан макаланы сунуш этким келет (эскертүү: макалада Токтогул жана Калыкка байланышкан жерлер гана берилди – К.О.):

– «1989-жылы Токтогулдун туулган күнүнө 125 жыл толгондугуна байланыштуу чет мамлекеттерден, союздук республикадардан меймандар чакырылып, акындын юбилейи белгиленди. Кетмен-Төбө өрөөнүндө – Токтогулдун туулуп өскөн жеринде – акындын музейи ачылды. Мүрзөсү, турак үйү жаңыртылды. Салтанаттуу чогулуштар Фрунзеде, Москвада өткөрүлдү. Эң негизгиси – Токтогулдун чыгармаларынын 1964-жылы даярдалып басылган эки томдугу кайрадан жарыяланды.

Бирок ушул эки томдукту кайрадан жарыялоодо кеткен эң орчундуу бир олдоксондукту бул жерде атайы эскерте кетүүгө туура келет. Бар болгону – мурдагы (1964-жылкы) эки томдукка кирген айрым ырлар алынып ташталып, мурдагы эки томдуктагы ырларга берилген «түшүнүктөр» бул саам «комментария» деген сөз менен алмаштырылыптыр. Ошентип, эч кандай иш жүргүзбөгөндүктөрүнө карабастан 1989-жылы чыккан эки томдуктагы редколлегияга жаңы адамдар киргизилип, мурдагы 1964-жылкы эки томдукту мээнет менен чыгарышкан редколлегия мүчөлөрү Т.Сыдыкбеков, С.Закиров, К.Артыкбаев бул жолку эки томдуктагы тизмеден сызылып ташталыптыр. Албетте, эгерде 1964-жылкы эки томдукту чыгарууда тиешелүү эмгек жумшалбаса, анда аларды сызып таштаса боло бермек. Ал эми тиешелүү эмгек жумшалса, алардын бакырайтып туруп эле, бирөөлөрдүн эмгегин өзүнө ыйгарып алууга болобу? Тилекке каршы, бул эки томдук ушундай этибарсыздык менен жарыяланып кеткен.

Сөз кургак болбос үчүн, 1964-жылкы эки томдукту чыгарууда канчалык чоң текстологиялык иш жүргүзүлгөнүн элестетүү максатында эми айтылган пикирди фактылар менен бекемдөөгө өтөйүн. Албетте, алардын баарын айтып олтуруу мүмкүн бобогондуктан жана антип олтуруунун зарылдыгы деле жоктуктан, бул жерде кээ бир урунтуу фактыларга гана токтолуп өтүүнүн өзү деле канча мээнет жумшалдыгын элестетүү үчүн толук жетиштүү үчүн толук жетиштүү болот го деп ойлойм...

...Токтогулдун чыгармаларын жарыялоодогу мурда (1950-1956-жылдары) кеткен кемчиликтердин эң башкысы деп акындын мурастарына жазып берген анын шакирттеринин жана кайсы бир адамдардын эбегейсиз зор эмгектерине болгон адилетсиз мамилени көрсөтүүгө болот. Чынын айтуу керек, Токтогулдун өзү менен жүрүп анын көп чыгармаларын үйрөнүп калган шакирттери болбогондо, балким анын мурастары бизге бүгүнкүдөй эбегейсиз зор улуулугу менен жетет беле, ким билет?...

Токтогулдун чыгармаларын жазып берген шакирттери жана замандаштары көп. Биз алардын баарын санап олтурбайбыз. Бир гана орчунду мисалды – атактуу акын Калык Акыевдин эмгегине карата болгон адилетсиз мамилени байкап көрөлү.

Токтогулдун мурастарын жазып берген шакирттеринин арасында атактуу акынг Калык Акыев өзгөчө орунда турат, анткени ал эс тартканы Токтогул менен бирге жүрүп, таалимин алып, ырларын үйрөнүп, анын идеалык, көркөмдүк жагынан турган негизги чыгармаларын бүт бойдон жатка айткан адам катары бизге жеткирген... 1940-жылы чыккан Токтогулдун эки томдук жыйнагынын экинчи тому да негизинен Калык жазып берген материалдардан түзүлгөн. Ошондуктан ал жыйнак «Токтогулдун ырлары жана Калыктын эстеликтери» деп аталып, ага бүт бойдон Токтогулдун мурда жарык көрбөгөн жаңы чыгармалары киргизилген. Ал эми жыйнактын биринчи томуна болсо, негизинен Калыктын 1938-жылы жыйнап жарыкка чыгарган материалдары топтоштурулган. Ошентип, Токтогулдун негизги чыгармалары 1940-жылы чыккан эки томдугуна жарыяланган. Мындан тышкары Калык Токтогулдун «Кедейкан» поэмасын жазып берип, жарыкка чыгарган. Ал бүгүнкү күнгө чейин Токтогулдун жыйнактарында басылып келе жатат. Кыскасы, Токтогулдун негизги мурастарын жыйнап берүүдө Калыктын эбегейсиз зор күч жумшагандыгын эч качан жашырып-жабылбай турган чындык.

Бирок, ошол эле 1940-жылкы Калыктан жазылып алынган жыйнагы толук киргизилгендигине карабастан, эч бир жерде Калыктан жазылып алында деп (ошондой эле жазып бергендер да) эскертилбеген. Анткени бул томдо комментарийлер берилбеген. Ал эми кириш сөздө Токтогулдун чыгармаларын жыйноо жөнүндө бир ооз сөз да айтылбайт. Буга кошумча – бул биринчи томдо 1938-жылы жарык көргөн Токтогулдун ырларын туш келди темаларга бөлүү жана хронологиялык чар-жайыттыкка ыйгаруу кемчиликтери орун алган. Алсак, 1938-жылкы жыйнакка чыккан «Токтогулдун Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен ырдашкан» деген көлөмдүү бир ырдын ичинен келки-келки строфалар бөлүнүп алынып, 1940-жылкы биринчи томго «Буурул болуп карыдым» (1938-жылкы жыйнакта 42-44-бетте, 1940-жылкы жыйнакта 124-126-бетте), «Эзилдим шумдук заманда» (1938, 45-49; 1940, 129-132), «Балам жок» (1938, 54-56; 1940, 127-128), «Экинчи айдаларда» (1938, 57-58; 1940, 188-189) деген ат менен өзүнчө ырга айландырылып басылган. Ушул эле ырдан жыйырма эки сап алынып (1938, 56-57) 1940-жылдагы басылышта жарыяланган, «Жерди көргөндө» деген ырдын аягына кошулган...

...мына ушул жагынан алганда 1938-жылы жарыкка чыккан Токтогулдун жыйнагындагы «Токтогул менен Эшмамбеттин ырдашканын» жана акындын «Терме ырларын» биз жогору көрсткөндөй бөлүп-жарбастан, бир бүтүн чыгармалар катары жазып берип, ыраматлык Калык Акыев жакшы иш кылган. Бирок, ал жакшы башталма кийинки жыйнактарда улам такталуунун ордуна, кайра тескеринче, ого бетер бузулуп кеткен. Эмне үчүн Калыктын тирүү кезинде ал өзү 1938-жылы жазып берген Токтогулдун бир бүтүн чыгармалары 1940-жылкы басылышта бөлүндү-жарынды болуп кетти? – деген суроого азыр жооп табуу кыйын (Ал гана суроо эмес, 1940-жылы Калык Акыев өзү тирүү турган, күч-кубаты деле жетиштүү мезгил экен. Эмне себептен өзү унчуккан эмес? Эмне үчүн бул суроолорду ал өзү берген эмес? Же ошол кездеги идеологиянын күчү буларга себеп болгондур? Айтор суроолор өтө көп. – К.О.). Бирок ал кемчиликтер 1950-жылкы жыйнакта, же эң кур дегенде 1956-жылкы Тил, адабият институту тарабынан сунуш кылынган жыйнакта түзөтүлгөндө болмок. Тескеринче, ал жыйнактарда 1940-жылкы чыккан 2 томдугундагы Токтогулдун Калык тарабынан топтоштурулган чыгармалары туш келди бөлүндү-жарындыларга дуушар болуп, кайсы бир ырлардын Калык айтып берген чыгыш кырдаалдары окуучуларга түшүнүксүз бойдон жарыяланган.

Ошентип 1950-56-жылкы жыйнактарды жарыялоодо кеткен эң башкы кемчилик – Калыктын эстеликтерине тийиштүү 1940-жылкы чыккан эки томдогу «Токтогул менен Калык» деген бири-биринен ажырагыс бир бүтүн циклдин бузулуп, кыскартылып, хронологиялык ажыратууларга ой келди бөлүнүп, бири-биринен алыс турган башка-башка аттагы чыгармаларга айландырылгандыгында жана комментарийлерди түзүүдө Токтогулдун ырларынын кимден жазылып алынгандыгы, кандайча кырдаалда ырдалгандыгы сыяктуу көп суроолорго толук жооп берилбегендигинде.

Айрыкча, Калык Акыевдин жазып берген эмгегин баалоодо бул жыйнактарда илимий принципке карама-каршы туруучу ээн баштыктарга жол берилип, көпчүлүк ырлардын Калык тарабынан жазылып алынгандыгы көмүскөдө кала берген. Мисалы «Көчөдө өлчү күнүмбү?» деген ыр жөнүндөгү 1956-жылкы жыйнактагы комментарийде: «1940-жылдагы Токтогулдун жыйнагында... басылган» – деп жазылган. Ал эми чындыкта бул ыр 1938-жылкы жыйнакта «Түрмөдөн кайтып келе жатып айтканы» деген ат менен жарыяланган. Ырас, кийинки жыйнактарда бул ырга анча-мынча жаңы куплеттер киргизилип, аты «Көчөдө өлчү күнүмбү?» болуп өзгөртүлгөн. Комментарийге ишенсек, бул ыр 1938-жылы чыккан жыйнак жана ал жыйнакка киргизүүдөгү Калыктын эмгеги унутулган бойдон калмак.

Же болбосо, биз жогорудагы айткан «Балам жок» деген ырды алалы. 1956-жылкы жыйнактагы комментарийде бул ыр жөнүндө «Туткундан келгенде жалгыз баласы Топчубайды жоктоп ырдаган. 1940, 1950, 1954-жылдары чыккан жыйнактарга киргизилген» – деп жазылган. Буга ишенсек, кайрадан дагы 1938-жылкы жыйнакты жана андагы ошол «Балам жок» деген ырдын куплеттерин бүт бойдон ичине камтыган «Токтогул Сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен ырдашканы» деген ырды (55-56-беттерде), ошондон эле жазып берген Калыкты эстен чыгарган болор элек. Мындай туура эмес комментарийлер 1956-жылкы жыйнактагы «Эзилдим шумдук заманда», «Курдаштын көөнүн билип өт» сыяктуу бир катар ырларга жана «Кедейкан» поэмасына да (анын Калыктан жазылып алынгандыгы айтылбай көмүскөдө калган) берилген. Албетте, анын баарын санап отуруунун кажети жок. Иштин мындай абалда болуп келгендигин жогорку мисалдар да толук элестете алат.

Жогоруда биз «Токтогул менен Калык» деген айрым кемчиликтерине карабастан негизинен туура топтоштурулган циклдеги (1940, экинчи томдогу) Токтогулдун чыгармаларынын 1950, 1956-жылы чыккан жыйнактарда ээн баштык менен бузулуп, илимий принципке карама-каршы түрдө жарыяландыгын эскерттик. Эми ушул жөнүндө бир азыраак айтып көрөлү.

Биринчиден, бул мазмун жагынан бири-биринен ажырабай туруп турган цикл ырлар эмнегедир жыйнактын бөлөк-бөлөк жагынан орун алып, бөлүндү болгон. Экинчиден, бир эле окуяга байланыштуу ырдалган ырга эки бөлөк ат коюлуп, эки башка ыр болуп берилген. Натыйжада, бир цикл өзүнүн күчтүү маанисин басаңдатып, Токтогулдун устаттык ролу, гумандуулугу жана окуянын кырдаалына карата бетке айткан чынчылдыгы аябай эле бөксөрө түшкөн. Анткени окуялардын кырдаалдарын баяндаган Калыктын түшүндүрмө көркөм кара сөздөрү ырлардын арасынан бүт бойдон кыскартылып калган. Ошого жараша ал кырдаал комментарийлерде толук айтылбастан, көпчүлүгү түшүнүксүздүккө айланган.

Мисалга, «Тегирменчинин үйүндөгү ырдын» циклин алып көрөлү. 1940-жылкы басылышында (эки томдо) бул ыр айрым бир өзүнчө ырларга бөлүнүп жарыяланганы менен, алар бири-бири менен Калыктын түшүндүрмө көркөм кара сөздөрү аркылуу бириктирилип, окуучуга толук түшүнүктүү бойдон жеткен болуучу. Ал эми 1956-жылкы жыйнакта ырлар арасында түшүндүрмө сөздөр бир жерде биротоло кыскартылып, экинчи бир жерде чала-чарпыт кыскартылып, комментарийлер да толук берилбей түшүнүксүзүрөөк болуп калган. 1940-жылкы басылышында Калыктын так ушул тегирменчи Жанаалынын үйүндө Токтогул менен ырдашканы айтылат. Токтогул элге учурашып, Сибирдеги өзүнүн башынан өткөн күндөрү жана Жанаалынын тегирменчилигин, усталыгын даңазалап ырдайт. Андан кийин Калыкты Жанаалы баш болгон бир тобу «Ырда, ырда» – деп жаалап калышат. Калык Токтогулга саламдашып ырдайт. Калык саламдашкандан кийин Токтогул ага ыраазы болуп, «Эртең кел» – деп чакырат, эртеси келгенде ага бир чапан берет. Муну 1940-жылкы жыйнактагы Калыктын өзүнүн түшүндүрмө сөздөрүнөн жана анын «Баскан жол» аттуу мемуарынан билебиз. 1950, 1956-жылкы жыйнактарда эмнегедир ал түшүндүрмө сөздөр кыскартылып, а түгүл «Саламдашуу ыры» да кирбей калган.

Андан кийин Токтогулду Сатар дегендин үйүнөн жолуктурганын эскертет. Ошол үйдө олтурганда Токтогулга бүркүтчү Мамыр, андан соң Айчаке балбан келип учурашып көрүшөт жана алардын мүнүшкөрлүгүн, балбандыгын Токтогул даңазалап өтүп, бир аз эс алып отура калганда элдин өтүнүчү боюнча Калык «Жокчулук» деген ырын ырдайт.

Токтогул Калыктын «Жокчулук» деген ырын уккандан кийин ага ого бетер ыраазы болуп, «эми балам, тилимди алып, мага кошулгун» – дейт. Калык: – «Карыган ата-энем бар, кетип калсам оокаттары өтпөй калат го» – деп тарткынчыктайт. Мына, ошондо Токтогул ага турмушта бирде адам ток болорун, бирде адам ач болорун эскертип келип, анан өзүнө чейин кыргыз элинде өткөн ырчылардын кандай турмушта жашап келгендигин, кимиси канчалык даражада ырчы экендигин Калыктын көз алдына даана элестетип ырдайт. Аягында:

Ажал жетип өлбөсөң,

Аш менен тойдун гүлүсүң, – деп, анын ырчылыгына жогору баа берет.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-07-2014
Профессор Качкынбай Артыкбаев: Токтогул жана Калыктын бааланбай калган эмгеги (уландысы)
178662

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×