Добавить статью
3:50, 3 июля 2014 0

Профессор Качкынбай Артыкбаев: Токтогул жана Калыктын бааланбай калган эмгеги (уландысы)

Демек, 1940-жылкы жыйнактагы Калыктын жогорку түшүндүрмө сөздөрүнөн кийин, биз толук түшүнгөн бүркүтчү Мамыр, Айчаке балбан жөнүндөгү Токтогулдун ырларын жана Калыктын «Жокчулук» деген ырын, ага жооп иретинде айткан Токтогулдун устаттык сөзүн эч качан бири-биринен ажыратып бөлүүгө болбойт. 1940-жылкы жыйнакта бул цикл ушундай бойдон Калыктын түшүндүрмө сөздөрү менен толук түрдө жарыяланган.

Ал эми 1956-жылкы жыйнактачы? Мында Калыктын түшүндүрмө сөздөрү бүт бойдон кыскарып, бүркүтчү Мамыр, Айчаке балбан жөнүндөгү жана Калык ырчыга карата ырдалган ырлар эч кандай байланышсыз өзүнчө ырлар катары басылган. Албетте, 1940-жылкы жыйнакты окубаган адам бөлөк-бөлөк жарыяланган ырлардан жыйынтыктуу түшүнүк ала албайт. Баарыдан да Калыктын «Жокчулук» деген ырынын 1950, 1956-жылкы жыйнактардан кыскарып калышын кечиримдүү деп эсептөөгө болбос эле. Эгерде Калык ошол сай-сөөктү сыздаткан «Жокчулугун» ырдабаса, Токтогул ага бир чети боор ооруп, бир чети кайрат берип шердентип, ырчылык өтө татаал жана ардактуу кесип экендигин, ал кесипти ырчылардын бардыгы тең эле таза сактай бербегендигин, жаш Калыктын көз алдында келтирип ырдамак да эмес. Мына ушул жагынан алганда Токтогулдун жооп ыры (ал ыр 1950, 1956-жылкы жыйнактарда «Калык ырчыга» деген ат менен бөлөк жарыяланган) менен Калыктын «Жокчулук» деген ыры ажыралгыс биримдиктеги чыгармалар.

Мында дагы бир нерсени айта кетүүбүз керек. «Тегирменчинин үйүндөгү ырда» Калык саламдашып ырдаганда Токтогул ага чапан берген болсо, эми Сатардын үйүндө ал Калыктын жокчулук жөнүндөгү ырын уккандан кийин ага аябай ыраазы болуп: «мени менен жүргүн...» – деп аны жолдош болууга чакырып олтурат. Мына ушундан Токтогулдун окутуучусу, устат экендиги, анын адамгерчилиги, гумандуулугу, кымбаттыгы, сезгичтиги дагы бир жолу окуучунун көз алдына кашкайып көрүнө калып жатпайбы? Ал эми ушул бир үйдөгү бир гана кырдаалга байланыштуу айтылган ырларды 1950, 1956-жылдагы жыйнактардагыдай ээн баштык менен башка-башка ат коюлган өзүнчө ырлар катары бөлөк-бөлөк бөлүп (мазмуну жагынан ажыралгыс «Жокчулук» сыяктуу ырды алып таштап) жарыяланганда Токтогулдун жогоруда биз санаган мыкты касиеттеринин ажары толук ачыла алабы?

Ушуга байланыштуу дагы бир мисалга кайрылалы. 1940-жылкы жыйнакта «Карымшак дегендикинде» деген ат менен дагы бир цикл ырлар жарыяланган. Анда Токтогул Калык экөөнүн бирге келатып, Карымшак деген бозочунун үйүнө түшүп калышканы, анда Карымшактын дыйканчылыгын даңазалап ырдашканы айтылат. Карымшактын үйүнө киргенден кийин, Токтогул чогулган элге карап, эрте жарыкта мал-салыңарды көздөп алып, анан кечинде келип тамаша уккула, Карымшак да, мен коногумду күтөйүн, анан келгиле деп ал сөздү кубаттайт. Эл кеткенден кийин Карымшак Токтогулдарга союп берүүгө козу сурап, Чакырбай деген байдынкына барат.

Ал: – «Томаяктар, ырчыны силер ырдаткыла да, союшун мен берейинби» – деп бербей коет. Карымшак башка бирөөдөн сурап, козу алып келип, эт тартып жатканда, сөздөн сөз чыгып кетип, Чакырбайдын жогору кылыгы Токтогулга угулуп калат. Токтогул мына ошону угары менен комузун күүлөп, Чакырбайдын сүткордугун, залимдигин, эзгичтигин эл алдында ашкерелеп ырдайт. Мына бул эпизод 1940-жылкы жыйнакта Карымшактын үйүндөгү окуянын уландысы катары бөлүнбөй жарыяланган. 1956-жылкы жыйнакта болсо бул өзүнчө бөлүнүп «Чакырбай сүткор» деген ат менен басылган. Ошентип окуучулар үчүн бул ыр өзүнчө бөлөк жаңы ыр сыяктанып көрүнүүгө мажбур болгон. Ырас, комментарийде окуянын өнүгүш кырдаалы жөнүндө бир аз түшүндүрмө бар. Бирок аны жетиштүү деп эсептөөгө болбойт.

Буга кошумча – 1956-жылкы жыйнакта мындай дагы бир олдоксондук кеткен. Ошол «Чакырбай сүткор» деген сатиралык ырдын аягына тематикасы жагынан терме ырларга үндөщкөн (акыл-насаат) 40 сап ыр жаңы кошулган. Биздин оюбузча бул кошунду жогорку сатиралык текстке айкашпайт. Экинчиден Чакырбай сүткорду ашкерелегенден кийин Токтогул (1940-жылкы жыйнакта) ал элге кайрылып Калыкты тааныштырып ырдачу. Анда Токтогул чыныгы устат-окутуучу катары Калыкты жабагы тай кезинен таптап алыска чуркоочу асыйдын деңгээлине чейин кантип жеткиргендигин айтып келип, эми күчүң толгон кезиң, «ырда десе тартынба...

Алмак –салмак жарышып,

Кубанталык айылды.

Көпчүлүккө жараткан,

Балам, биз өңдөнгөн шайырды» – деп, ага чоң ырчылык милдет жүктөйт. Андан соң, Калык элдин суроосу боюнча өзүнүн «Зилзала» деген ырын ырдайт.

Токтогул муну угуп бүткөндөн кийин эл алдында Калыкка эң акыркы баасын берип ырдайт:

Өлбөй тирүү бар болсо,

Үлгүмдү алат бул балам.

Өзүмдү тартат деп ойлоп,

Өнөрүнө кубанам.

Ушул өңдүү ыр кызык ж.б.у.с. 1940-жылкы жыйнакта ырдагы жогорку кырдаалдарды баяндаган Калыктын түшүндүрмө сөздөрү толугу менен сакталып, анын «Зилзаласы» да жарыяланган. Бирок, 1950, 1956-жылкы жыйнактарда «Зилзала» кыскарылып калган. Экинчиден, Токтогулдун Чакырбайды ашкерелеп ырдаганынан кийин, Калыкты элге тааныштырып ырдаган ыры эмнегедир жогорудагы эки жыйнакта тең «тааныштыруу» деген ат мененөзүнчө бөлөк берилген. Бул келки ырларды бириктирип, түйүндөштүрүп турган Калыктын түшүндүрмө сөздөрү биротоло кыскарылып калган. Иштин жыйынтыгында Токтогулдун Калыкты такшалтуудагы устаттык ролун көрсөтүүчү бул цикл бири-биринен ажырап, окуучунун түшүнүүсүнө кыйындык туудуруучу абалга жеткен. Тилекке каршы, комментарийлер да жетишсиз болуп жазылган. Ошентип, 1950-жылкы Т.Үмөталиев басмага даярдаган жыйнакта кетирилген олуттуу кемчилдиктер 1956-жылкы жыйнакта кайталанган.

1964-жылкы жарыяланган эки томдукка «Токтогул менен Калык» деген ат менен берилген цикл жогорку сыяктуу кемчиликтерден тазартылып, тексттер түшүндүрмө сөздөр кыскартылбай, иретке келтирилип, «Токтогул менен Калык» аттуу бөлүк катарында берилген. Биздин бул аракетибизден окуучулар Токтогул менен Калыктын чыгармачылык байланышта жүрүшкөндүгүнөн, алардын өмүрүнүн эң урунттуу учурларынан кадыресе кабардар боло алышат.

Экинчиден, Токтогул менен Калыктын бир жүрүп, бирге өткөргөн көп жылдык өмүр жолдору бүдөмүктөнбөй, окуучуларга баалуу фактылар катары таасын бойдон жетмек. Эмне үчүн Калык Токтогулдун мурастарын сактаган түгөнгүс кенч катары биздин көз алдыбызга тартылып отурат? Эмне үчүн анын жазып берген материалдары көркөмдүк жактан да, идеялык жактан да жогорку деңгээлде? Анткени, Калык Токтогул менен бир жашаган, кайгы-муңун бир бөлүшүп, кубанычын тең бөлгөн, бий-болуштарга, байларга каршы бир ырдап, эмгекчил элдин таламын бирге жактаган жана Токтогулдун тарбиясы астында кичинекей жоро-бозонун ырчысынан жалпы элге таанымал, оозунан сөзү төгүлгөн чебер ырчынын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Ошол себептүү Токтогулдун жана Калыктын өмүрүн, чыгармачылык жолун баяндамак болгондо ал экөөнү бөлүп, бирисиз бирин жекече алып жазууга болбойт. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин жазылган Токтогул менен Калык жөнүндөгү макалалардын, илимий изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндө бул маселелерге көңүл бурулбай келе жатат.

Ушуга байланыштуу Калык өзү «Баскан жол» мемуарында көрсөткөн дагы бир кызык окуяга кайрылып, ошол кырдаалга карата ырдалган Токтогул менен Калыктын ырынын жыйнактарда бузулуп жарыяланып жүргөндүгү жөнүндө кыскача айта кетүүбүз керек. Токтогул Сибирден келгенден кийин манаптардын кесепети менен экинчи жолу кармалат (Бул жөнүндө Калыктын мемуарында бир кыйла кеңири айтылат). Ошондо Калык айыл-айылга кыдырып ырдап, Токтогулдун кармалганын угузуп, аны бошотуп алуу үчүн элди бириктирүүгө чакырып жүрөт. Ушул учурда Калык Токтогулдун камактан жаздырып жиберген катын алып окуп, элдин жардамын кандайча уюштуруу жөнүндө анын өз пикирин толук түшүнөт. Ошондон кийин ал үч болуш элден каражат чогултууга мурдагыдан да активдүү катышат жана сүйүктүү акынды бошотууну талап кылган элдин чечкиндүү аракеттеринин авангардында жүрөт. Токтогул үчүн уюшулган элдик кыймылды көргөн түрмөнүн кожоюндары көпчүлүк элдин жана жергиликтүү бийликтердин колдоосун көрсөтүүчү мөөрү басылган өтүнүч кагаздын берилишин элден талап кылат. Эл болуштарга кайрылат. Болуштар бул иштен баш тартышып, мөөрлөрүн баспоо үчүн жанталашышат. Бирок, эл «мөөрүңөрдү баспасаңар кардыңарды жарып салабыз...» деп бирдиктүү туруп, аябай кысымчылык көрсөткөндөн кийин гана алар мөөрлөрүн басып берүүгө аргасыздан мажбур болушат. Ошол өтүнүч кагаз жиберилгенден жарым жылга жакын убакыт өткөндөн кийин Токтогул камактан бошонуп чыгат. Калыктын мемуарында Токтогулдун экинчи жолу камалышы жана андан бошолушу ушундай көрсөтүлөт.

Мына ушул кырдаал жөнүндө Токтогул камактан келгенден кийин толук угуп, Калык менен жолугушканда ага аябай ыраазы болуп ырдайт. Бул ыр 1938-жылкы жыйнакта «Токтогул менен Калык ырчынын ырдашканы» деген ат менен жарыяланган. 1940-жылкы жыйнакта ал ыр «Куулуп жүрдүм көп жылы» деген ат менен басылып, Токтогулдун камактан бошонушуна себеп болгон жогорку кырдаалды баяндаган бир катар куплеттери (50 сап ыр) өзүнчө бөлүнүп алынып, «Күлүк элем талбаган» деген ат менен жарыяланган. 1956-жылкы жыйнакта бул кемчилик ошол бойдон кайталанган. Ал эми Токтогулдун ошол ырындагы биротоло кыскартылып калган строфаларынын арасында мындай саптар бар болучу:

Бий, ыстарын, он башы,

Элүү башы болуштун,

Энчилүү мөөрүн басты деп...

Сыягы, бул саптардан кайсы бир жолдоштор: «бий, ыстарчын, болуштар Токтогул бошосун» деп мөөрүн кайдан басып бере коюшсун?..» – деген «чочулатуучу» маанини «көрө» коюп, анан кыскартып салууга шашылышса керек. Ал эми чындыгында Токтогулду бошотуу үчүн жазылган өтүнүч кагазга бий, болуштардын мөөрдү басып бериши элдик кысымдан кийин болгондугун биз жогору айтып өткөн Калыктын мемуарындагы фактылар дагы бир жолу ырастап олтурат. Албетте, бир караганда адамга бул анчейин эле бирдеме болуп сезилиши мүмкүн. Бирок тереңирээк ой жүгүртө келгенде ушунун өзүндө канчалык чоң маани жатат! Токтогулдун чыныгы элдик акын экендиги, анын эркиндик, теңдикти көксөгөн идеяларынын элге жеткен күчтүү таасири, ага шыктанган элдин бирдиктүү кыймылга баш кошуп, бий болуштарга каршы жапырт турушу сыяктуу эң сонун материалдар жогоку фактынын өзүнөн табылып отурбайбы! Элдин жапырт туруп, бий, болуштарды кысымга алып, мөөрдү бастырышы – бул эмне деген сонун факт.

Токтогулдун ырларындагы саптарга, сөздөргө киригизилген кайсы бир туура эмес өзгөртүүлөр, кошумчалар жөнүндө 1950, 1956-жылкы жыйнактарда мисалдарды дагы да көп-көп келтире берүүгө болор эле. Бирок аларды бирден терип санап олтуруунун зарылдыгы болбогондуктан, дагы бир фактыны келтирүү менен чектелели. Токтогул Сатардын үйүндө олтуруп Калыкка карата ырдаган ырында, биз жогоруда көрсөткөндөй, өзүнөн мурда өткөн ырчыларга, жомокчуларга баа берип келип, айрыкча Солтобай деген ырчыга токтолгондо, анын уруучул ырчы экендигин айтат да, андан кийин атактуу Тыныбек жомокчу жөнүндө мындайча баяндайт:

Жомокчудан Тыныбек

Уругун угам бугу деп.

Токтогул Тыныбек жөнүндө ушул эки саптан башка пикир айткан эмес. 1940-жылкы Калык жазып берген эки томдо ушундай болучу. 1950-жылкы жыйнакта жогорудагы «Жомокчудан Тыныбек» деген биринчи саптан кийин:

Кыялы жакпай алардын,

Аларга мен карардым (261 -бет), – деген ыр саптары жаңы кошулган. Натыйжада атактуу жомокчу, манасчы Тыныбек Токтогулга «кыялы жакпаган» жомокчу болуп чыга келген. Мүмкүн Токтогул Тыныбекти эмне себептен жаман көргөндүгүн сөзсүз айтып, «кылыгы жакпайт» деген үстүртөн айтылган пикир чектелип калмак эмес. Ошондуктан жогорку эки сап негизги текстте коошпогон артыкбаш кошунду болуп эсептелет. Ал эми мындай олдоксондук, 1956-жылкы жыйнакта кайрадан кайталанып тим болгон.

Албетте, Токтогулдун чыгармаларын жарыялоодо кетирилген жогорку сыяктуу кемчиликтер улуу акындын ырларын орус тилине которууда, өмүр баянын жазууда жана анын чыгармаларын илимий жактан изилдөөдө өзүнүн начар залакаларын тийгизбей койгон жок. Мисалы, ушул убакка чейин Токтогулдун өмүр баяны илимий жактан толук изилденип жазыла элек. Токтогул басып өткөн өмүр жолун өз чыгармачылыгында айткан. Ошондой болсо да, анын өмүрүн изилдөөдө өзүнчө илимий далилдөөлөрдү күтүп турат» – деп аяктаган.

Мына урматтуу окурман, ошентип профессор К.Артыкбаевдин ачуу чындыгына өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Кыргыз эли «эр эмгегин жер жебейт» дейт. Бирок акын Коргол Досу уулу айткандай «ыктуулар менен шыктуулар» көп эмгектерди өздөрүнө ыйгарып келишкендиктери жогорудагы далилдерден таасын көрө алдык. Буларды угуп коюу, же окуп коюу эле эмес, чара көрүү мезгили дагы келип жетип отурат. Ошондуктан ар кимдин эмгегин өздөрүнө кайтарып берүү керек деген ойду айткыбыз келет. Тагыраак айтканда, Качкынбай агай какшап кеткен Калыктын эмгектери, Калыктын эскерүүлөрү мурунку калыбына келтирилиши керек. Ошондой эле 1938-жылы чыккан эмгектин биринчи басылышы кайрадан каралып, редколлегиялык жамааттын аты менен жарыкка чыгарууну КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту колуна алышы бүгүнкү мезгилдин талабы жана милдети.

Акырында айтаарыбыз, эл эркелери кыргыз элине көөнөргүс маданий-мурастарды калтырып кетишти. Алардын калтырган табериктүү мурастарын аздектеп сактап алуу, өнөрлөрүн өстүрүү, «көзү өтүп кеткен» залкарларды, бүгүнкү замандын залкарларын дагы сыйлап-урматтап алуу келечектин, келечектин ээсимин деп «көкүрөгүн добулбас кылып кагып» жүргөндөрдүн милдети дегим келет.

(аягы)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-07-2014
Профессор Качкынбай Артыкбаев: Токтогул жана Калыктын бааланбай калган эмгеги
290208

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×