Добавить статью
5:46, 11 сентября 2014 22885

Тибеттин белгисиз сырлары

Белгилүү тележурналист Темирбек Токтогазиевдин «Тибетте жашаган кыргыздар» деген китеби жарык кѳрдү. Китепти окуган адам, тибеттин ачылбаган улуу касиеттери жѳнүндѳ ой толготот. Байыртадан бери Тибетте байыр алган кыргыздар, кыргыз тилинде сүйлѳп, кыргыздардын каада-салттары, үрп-адаты менен жашап, ѳзүлѳрүн «Аруу элбиз», «Күн тукумубуз» дешип, ушул кезде да жашап келүүдѳ. Деңиз деңгээлинен 4000 метрден бийиктикте жашасада, Кыргызстандыктардан айрымасы, орточо жашы 160 чейин жаш экени окурмандардын кѳңүлүн ѳзүнѳ бурбай койбойт. Алардын Будда дининин байыркы үлгүлѳрү Дунхуан шаарына жакын үңкүрлѳрдүн сакталышы. Анда ак чоподон тапталган топо тоонун боорун оюп, байыркы бир замандарда Будканалардын курулгандары, тоопкананын ар биринде үчтѳн, он бешке чейин айкелдердин жасалышы, миңдеген сүрѳттѳрдүн тартылышы, Гансу провинциясы Тибетке эң жакын болуп, элинин орчундуу бѳлүгү тибеттиктер. Канча кылым ѳтсѳ да, Улуу Манас эпосунда Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда айтылып калышы да бекер эмес. Будкананын ичин ѳзү кѳргѳндѳй сүрѳттѳп айтышы сырдуу:

Бийиктиги коргондун

Билимдүүлѳр койгонун,

Эки кулач эни бар,

Ага жакын баралбай,

Кудайдын үйү ушу деп,

Куп табынган эли бар.

Жай күнүндѳ басылбас,

Сыдырым соккон жели бар.

Кыш күнүндѳ басылбас,

Кызытып турган деми бар.

Айтып болдук орунун,

Буткананын борумун. (С.Орозбаков. Манас. Хан-Теңири басмасы, 2010, 257-б.)

«Будда» жѳнүндѳ кыскача түшүнүк берип, санскрит тилинен которгондо «ойгонгон» (пробуждённый) мааниги ээ болуп, тунук зирек ой жүгүртүп, ѳзүнүн табиятын толук ачууга жетишкен «макулукту» (затты) түшүндүрѳт. «Будда» сѳзүнѳ «Ойгонгон» же «Агарган» (агартылган) түшүнүк туура келет, деп, андан ары: Бул дин алгачында Индияда пайда болуп, кийин Тибетте ѳнүккѳн. Будда (Сиддхарти Гаутама) б.з.ч. 560 – 480 – жылдары жашаган; Буддалык эрежелердин алгачкы пайда болушу – б.з.ч. 486-жыл; Буддизимдин ѳнүккѳн кези – 220 – 236-жылдарга туура келет; Тибетке алгачкы буддалык тоопкана биздин замандын VII-VIII кылымдарда пайда болгон; Тантарлык (санскритте - мыйзам же эреже) буддизм VII кылымда ѳнүккѳн; Тибеттеги негизги будда окуулары XI кылымда ѳнүккѳн; Тибеттеги алгачкы – 1- Далай-ламасы 1391-1475-жылдары жашаган; Тибетте Далай-лама титулун аныктап бекиткен адам Содиам Жамцо болгон. Ал 1548-1588-жылдары жашаган; Акыркы же XIV Далай-лама 1935-жылы туулган; - 1950-жылы Тибет Кытайдын карамагына ѳткѳн; Кытайдагы Маданий революциянын учурунда (1966-1976-жылдары) Тибетте буддизим куугунтукка учураганын тарыхый хронологияга кайрылып, будда динин сырын ачкысы келет. Буддизимдин негизги максаты Нирванага (санскрит-nirvana-тынч алуу; ѳч алуу; ѳлүү). Нирванага жетүү үчүн адам баласы бардык түйшүктѳн, кайгыдан арылуусу абзел. Будда абалына жетүүгѳ умтулууда тунуу абалында (медитацияда) сезиминин туу чокусунда бактылуулукту сезүүсү керектиги. Нирвана абалына жеткен адам бул Будда деп түшүнүшѳт тибеттик буддисттер. Нирвананы үчкѳ бѳлүп кѳрсѳтѳт: Биринчиси, кѳз ирмемдик нирвана – кыска мѳѳнѳткѳ адам жаны жай алып, кандайдыр ырахатка балкуу абалына келүү. Экинчиси, жашоо нирванасы – мында, адам ушул турушунда бүткүл денеси менен балкуу абалына кирип жашоонун ырахатын даана сезүүсү. Үчүнчүсү, түбѳлүктүү нирвана. Бул абалга адам баласы физикалык денесинен толук бошонгондо гана жетүүсү. Мында адам баласы ѳлгѳндѳн кийин, анын денеси жерге, отко берилип, анын жаны түбѳлүк нирвана абалына келет дейт буддачылар.

Тибеттеги буддалардын дагы бир аты Ламаизм. Бул термин европалыктар XIX кылымда атап алышкан сыяктуу. Мунун ѳзѳгү катары ламалардын сыйынуусун кѳргѳндѳн кийин айтылып калса керек. Тилдин фонетикалык жактан айтылып-угулушун салыштырып, «лама» сѳзү бүгүн биздин диний чѳйрѳдѳгү «уламалар» деп айтылып жүргѳн – диний аалымдар катары кабылдоого болот. «Лама» термини биздин «улама» деген сѳзүбүздүн кыскартып айтылышынан келип чыкса крек деген ойдон да алыс эмес. Тибет ламаизми бул буддизимдин ичиндеги ѳзгѳчѳ бир конфессия катары кабылдоого болот. Тибет буддизми Индиялыктардыкынан айрымаланып турары, бул айрыманы Тибет ламаларынын тантараларды кобуранып жүргѳнүндѳрүн жазат. Т.Токтогазиевдин байкашында, Буддизмдин ѳнүгүшүнѳ кѳѳнѳргүс салымын кошкон Будда Шакьямуни (б.д.ч. 624 – 544 жж..) тууралуу ар түркүн айыңдар бар, деп. Андан ары, Санскриттен – Sakuamuni – Сакиямуни деп котормолоруна токтолот. Аалымдардын айтуусуна караганда – Сак уруусунан чыккан акылман. Бирок, Буддизм Тибетке биздин доордун VII кылымында киргени. Бул кезде, тибеттиктердин мамлекети ѳнүгүп, аскери урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган чагы эле. Андыктан, булар бир жагынан Түрк каганаты менен, экинчи жагынан индиялыктар менен кагылышып, дагы бир жагынан кытайлардын да тынчын алып келишкен. Будда дининин мында таралышынын негизги жүйѳѳсү катары VII кылымда Кытайдын Тан империясы басымдуулук кылып, басып алган жерлерге ѳз динин таңуулашат. Тибет бийлигинин башында турган падышалары буддизимдин келиши менен ѳздѳрүн Индиянын байыркы эпосу болгон «Махабхаратадагы» падышаларынын урпактары катары даңазалашкан. Ал эми, биздин доордун VII кылымына чейин Тибетте теңирчилик, башкача айтканда шамандык кѳз караш ѳкүм сүргѳнүн далилдеген ар түркүн элементтерди бүгүн да жолугат. Алардын эң эле жѳнѳкѳйү – түркүн түстѳгү чүпүрѳктүн айрындыларын тал-дарактардын бутактарында байлангандарын Тибеттин бардык эле жерлеринен кѳрүүгѳ болот. Тибетте жашаган элдердин түшүнүгүндѳ, тоодогу үңкүрлѳрдѳн түбѳлүк орун алган сомадхилер мезгил-мезгили менен жер бетине тирилип келишип, жашоо учугун улашат дешет.

Кѳңүл бура турган нерсе, байыркы санскрит тилиндеги жазмаларда бул кѳрүнүш «сомадхи» же «сомати» жазылганы. Адам баласы зорго жете ала турган тоо койнундагы үңкүрлѳрүндѳ адамдардын малдаш токунуп олтурган абалында таштай катып калган денесин тибеттиктер «сомадхи» дешип, кызыгы, аларды жаны бар – тирүү, түбѳлүктүү сыйкырдуу адамдар катары кабылдашат. Миң жылга чейин ушул каткан абалында болуп, муктаждык болгон учурда «соматилер» тирилип келип, эл ичиндеги тартипти жѳнгѳ салып, айрым учурларда, адамзатынын жаңы муунун жарык дүйнѳгѳ алып келип, анан кайрадан «сомати» абалына кетип турушарына ишенишет. Демек, «сомадхи» же «сомати» адамдын экстатикалык жана толук тунуу (транс) абалы. Бул терминдин этимологиясына кѳз чаптырсак, «сам-адха» - «ѳзү башкаруу» дегенден келип чыкса керек. Кимде-ким мындай касиетке ээ болуп, ѳзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүнѳ – физикалык жана менталдык дараметин толук башкара алса, аны йоганын туу чокусуна жеткен адам деп билишет.

Дүйнѳнү дүңгүрѳткѳн ѳткѳн кылымдардын мамлекет башчылары да тибеттин сыйкырдуу, сырдуу күчтѳрүнѳ кызыкпай койбогон. «Сомад», «Сомадхи» деген сѳздѳрдүн негизги мааниси – «түбүлүк» деген түшүнүктү билдирген – тибет тоолорунда буддизимдин үңкүрлѳрүндѳгү ант уйкуда жаткан – каткан адам калдыктарына берилип, булар кайрадан тирилип келип адамзатынын жашоо кѳчүн улантуучу касиетке түбѳлүктүү сапатка болгусу келгендер, XX кылымдын ысымы унутулбаган лидерлери: Адольф Гитлер жана И.В. Сталин болгон. А.Гитлер бийликке келген соң атайы «Ананербе» деген жашыруун экспедициясын Тибетке жиберген болсо, Совет ѳкмѳтү орногондон кийин И.В. Сталиндин жашыруун буйругу менен Кытай ЭР Компартиясынын председатели Маоцзедун менен жакшы мамиледе болуп, Тибеттин тоолоруна жашыруун экспедиция уюштурганы табышмактуу, жашыруун нерсе болгон. Алардын издегендери, сыйкыры кѳп Шамбала экени азыркы кезде жашыруун эмес. Экѳѳнүн тең кѳксѳгѳн максаты – абсалюттук бийликке жетүү болгон, экѳѳ тең жашыруун Шамбаланы издешкен.

Шамбала изилдѳѳчүлѳрдүн айтымында, кыргыз тоолорунун койнунда бир эле эмес, бир канча эшиги тууралуу сѳз козголот. «Балыкчыга жакын тоолордун, Талас тоолорун, түштүктѳгү Ѳзгѳндүн Камыр Ата тоосунда анын эшиктери катылган деген божомолдор айтылып жүрѳт. Т.Токтогазиев бул жагынан кызыгып, интернеттен алган булактарга таянып, Шамбалага барчу жолдун Кыргызстандын ичиндеги маршуруттары түзүлүп, ага баруу эрежелери иштелип чыкканын жазат. Бул эрежелерге ылайык, Шамбалага барам деген чет элдин жараны болсо, сѳзсүз түрдѳ Кыргызстанга Талас областы аркылуу кириши шарт экен. Казакстандан Таласка кирип, ѳрѳѳндү аралап Ѳтмѳк аркылуу Бишкекке келип, андан ары Балыкчыга ѳтүүгѳ тийиш. Албетте, атайы чийилген маршурут аркылуу жол жүрүүсү абзел. Зыяратчыны атайы даярдыктан ѳткѳн (Адептүү) жол кѳрсѳтүүчү кошоктоп жүрѳт. Болбосо, зыяратчынын аракети текке кетип, Шамбалага жетүү мүмкүн болбой калышы ыктымал дейт» автор.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-01-2017
Сырдуу сандыкта Жеңижоктун кол жазмалары болуп жүрбөсүн?
78768

08-11-2016
Зарлык Сыдык уулунун санжырасы
75160

08-06-2016
Залкар комузчу-композитор Муратаалы Күрөңкеевдин теги
144113

07-05-2016
Кыргыз энциклопедиясы бир ууч адамдардын чечими менен жоюлуп калабы?
85286

25-10-2015
Үчүнчү дүйнөлүк согуш небак эле башталган
44570

09-09-2015
«Алтын комуз» баш байге сыйлыгы ыйгарылды
38599

10-07-2015
Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны (Тарыхый дарек)
62601

21-04-2015
Кылым карыткан тарыхтагы Абил (Адыл) бийдин дайыны
54834

03-03-2015

Комуз тарыхы

Комуз – ички дүйнө жарчысы

54354

07-01-2015
Чынгысхандын теги ким болгон?
40142

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×