Добавить статью
5:26, 20 сентября 2014 61250

Ата-бабалардын улуу мурастары эстетикалык билим-тарбия берүү процессинде (Скульптура сабагында)

Маң, маң, маң баскан

Чуудалары чаң баскан

Төөлөрдү тарттым сүрөткө

Эч качан намыс алдырбас,

Эрлердин тарттым элесин...

«Манас» эпосунан

Мурас Б.Сыдыков Ата-бабалардын улуу мурастарын жаштарга билим берүү жана тарбиялоо ишинде пайдалануу менен, байыркы салтты баалай билген жана аны өздөштүрүп, чыгармачылык менен өркүндөтүп кийинки муундарга жеткире ала турган мыкты адистерди даярдоо Кыргыз элинин астында турган ушул учурдун эң негизгимаселелеринин бири.

Жаш муундарга татыктуу билим, тарбия берүү улуттук жана мамлекеттик мааниге ээ. Ушуга байланыштуу эгемендүү мамлекетибизде өз ишин терең түшүнгөн, өзүнүн билими менен ишкерлигин ар тараптан колдоно алган кесип ээлерин даярдоо талабы коюлуп отурат. Мындай милдеттер кесип ээлерин даярдай турган жогорку окуу жайларынын алдына коюлган негизги максаттардан. ЖОЖдордо келечек кесип ээлерин даярдоодо руханий, улуттук баалуулуктарын калыптандырууну, билим берүүнү жаңыча уюштурулушу талап кылынууда. Жаштарды эстетикалык жактан тарбиялоо аркылуу элдин улуттук руханий маданияты, өнөр - казынасы менен тааныштыруу аларды ар тараптан өнүккөн, адамгерчиликтүү адис катары даярдоого шарт түзөт.

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган концепцияда: «Улуттук маданият, көөнөрбөс өнөр аркылуу жаштарга ар тараптан эстетикалык тарбия берүүгө; адамзат коомундагы маанилүү мурастарды үйрөнүүгө тарбиялоого» өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

Адамзаттын эстетикалык маданиятын калыптандыруунун негизи эстетикалык тарбия, билим берүүдөн башталат. Эстетикалык тарбия адамдарга тиешелүү иш-аракеттердин сулуулугун, кооздугун, тазалыгын даңазалайт. Ошол себептен студенттердин, башкача айтканда келечек мугалимдердин эстетикалык маданиятын калыптандырууну ушул макалабыздын маанилүү маселеси катарында алдык.

Студенттердин эстетикалык маданиятын скульптура өнөрү аркылуу калыптандыруу мазмунунда тарбия маселелеринин орду өзгөчө, ошондуктан алдыга койгон максатыбызга жетүү үчүн изилдөө ишибиздин тарбиялык жагын карап көрөлү.

Жеке инсанды калыптандырууга байланыштуу изилдөө иштерине чет элдик илимпоздор көп көңүл бурушкан. Алар жогорку окуу жайларында окуган жаштардын инсандык сапаттарын бийик көрсөткүч аркылуу «интеллект», «адам - капитал» деп баалап, инсандын сапаттык касиеттерине таанымдык жалпы интеллектуалдык шыгын, эрудициясын, жалпы жана жеке сапатын, укугун, милдетин, эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн, үнөмдүүлүгүн, жыйнактыгын, жоопкерчилигин, ийкемдүүлүгүн, ишке чеберчилигин, ишмердигин жана карым-катнаш түзө билүүсүн, берилген ишти аткара билүүсү, чечим кабыл алуусу ж. б. кирет деп белгилешет.

Туулганда табигый эмес, улам өскөн сайын пайда боло турган сапаттардын баары тарбия аркылуу келет. Инсандын эстетикалык маданиятын калыптандыруу анын бүткүл өмүрүн камтыйт. Жогорку мектептеги эстетикалык тарбиянын жалпы максаты -болочок кесип ээлеринин эстетикалык маданиятын калыптандыруу жана чыгармачылык аракетин өстүрүү деп каралат. Алардын эмгекке, билимге, табиятка, өнөргө, болгон эстетикалык көз карашын өстүрүп, скульптура өнөрүнүн жардамы менен инсандын чыгармачылык күч-аракетинин калыптануусуна таасир этүү болуп саналат.

Жаштардын эстетикалык маданиятын калыптандыруу процессинин милдетин ишке ашыруу үчүн ага таасир эте турган тарбиянын каражаттары, формалары, ыкмалары туура аныкталууга тийиш. Мисалы, инсандын калыптанган эстетикалык маданиятынын мазмунунун негизги көрүнүштөрүн карап көрөлүк. Алар: сезим менен баалана турган эстетикалык аң-сезим же анын жоктугу, кабыл алуу, баалоо, табит, идеал, көз караштар менен белгиленген формалардын өнүгүү деңгээли; чыгармачылык эстетикалык жана көркөм образдык ойлоо даражасынын деңгээли; эстетикалык объектилерди сүрөттөө, тандоо, баалоо, тегерегиндеги адамдар менен эстетикалык карым-катнашта болуусунан жана эң башкысы, ишти чыгармачылыктын ар түрдүү формаларында аткара алган чечкиндүүлүгүнөн ж.б. байкалат.

Ушул максатта, көркөм сүрөт искусствосу аркылуу жогорку билимдүү мугалимдерди тарбиялоого өзгөчө методдор менен окутуу, тагыраак айтканда жогорку педагогикалык окуу жайларынын студенттерин скульптура сабагында мейкиндикте ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү педагогикалык процесстеги абдан актуалдуу иштердин бири.

Азыркы мезгилде көркөм сүрөт өнөрүнүн билим системасындагы жаңылануу

Кыргызстанда профессионалдык художник-педагогдорду даярдоо процессинде көптөгөн маселелер жаралууда. Мурдагы системадагы башкы максат - мектептин мугалимдерин, окутуучуларды, адистерди гана даярдоо - менен чектелбестен, өнүккөн чыгармачыл педагог инсанды калыптандыруу, студенттерди руханий интеллектуалдык жактан өнүктүрүү бүгүнкү доордун эң башкы талаптарынан.

Бул маселени чечүүдө, аны педагогикалык илимдин теориялык тармагы катары негиздөөдө болочок художник педагогдорду профессионалдык жактан адис катары даярдоо жана тарбиялоо дагы зор мааниге ээ. Жогоруда айтылгандарга негиз кылып, педагогикалык ЖОЖ студенттеринин скульптура сабагында мейкиндикте ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү маселесин, анын ичинде момдон (материал) фигуралар жасоо, «Манастагы», образдарды скульптура түрүндө жана манасчылардын фигура-кейиптерин жасоо аркылуу руханий чыгармачылыкка багыттоо маселесин талдап көрөлүк.

Эстетикалык билим жана тарбия берүүдө өзгөчө орун искусствонун скульптура жаатына тиешелүү. Биз буга жарым кылымдык өз тажрыйбабызда ынадык.

Ошол жарым кылымдык эмгектин натыйжасы, үзүрү катары төмөнкү скульптуралык эмгектерди атап, элдик маданиятты, руханий салтты улантуу башкы максат экенин белгилемекчимин.

Мурас Б.Сыдыков1

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында орнотулган «Айкөл Манас» скульптуралык эстелиги. Кыргыз руханий маданиятынын туусу болгон бул эстелик 2011-жылы 31-августа тургузулган. Эстеликтин өзүнүн бийиктиги 9 метр, жалпы бийиктиги 21 метр, салмагы 12 тонна, материалы металлдан – коло. Бул эстеликтин, албетте, руханий, тарыхый, символикалык канчалык мааниси бар экендигин ар бир жаран өз жүрөгү менен сезип тургандыр. Мындай таасир калтыра турган сапатка эстеликтин өзгөчөлүгү жөнүндө француз скульптору Э.Фальконе – жалпы фондон айырмаланып таасирдүү көрүнүшү зарыл деп белгилейт. Албетте, мындай куттуу символикалык мааниси бар эстеликтерди жасоодо скульптуралык илим-билимдин жетишкендиктери эске алынды.

Бирок, ушул «Айкөл Манастын» эстелигин жасоодо калк билсин деп айта турган дагы бир сөзүм бар. Аны жасоо мен үчүн абдан жоопкерчиликтүү жана сырдуу мааниге ээ болду. Бул эстеликти жасоодон алты-жети жыл мурда, бир аксакал адам телефон чалып, - «Мен сага айта турган сөзүм бар, уулум. Шаарды жакшы билбейм. Сен Октябрь кинотеатрынын жанына кел», - деп чакырды.

Аксакал адамдын сөзүн калтырбайын деп айткан жерди таап барып кезиктим.

Ал адам: «Уулум. Сен Манастын эстелигин жасайсың. Кийинчерээк. Азыр ылайыгы келбей турат. Бирок, бул эстелик сенин колуңдан чыгат. Эстеликти жасоого даярдаш керек», - деди. Бул аксакалдын сөзүнө ишенбесем да, көңүлүн калтырбайын деп макул дедим. Кийин гана, кыска убакытта жасап бүтүр деген тапшырма алып, эки жыл иштей турган ишти, эки айда бүтүрүү үчүн каржалып, жанымды-жанга уруп иштеп жатканда гана баягы аксакалдын айтканы эсиме түштү. Касиеттүү «Манасты» ааламы бар, бекер жерден болбойт экен деген ишеним менен аракет болду. Эстелик Бишкекке келип турган кезде да, кийин да чын эле ушундай бийик мааниси бар ишке аштыбы деп ишенип, ишенбей жүрдүм.

Экинчи, дагы бир, борбор калаабыздын көркүнө өзгөчө түс берген скульптуралык чыгармабыз – бул атактуу кыргыз балбаны Кожомкулга арналып тургузулган эстелик.

Кожомкул чыныгы табигый күчкө ээ, бою 2 метр 15 сантиметр, таймашып адам жеңе албаган чыныгы балбан болгон.

Бул эстелик, борбор шаарыбыз Бишкектин спорт сарайынын алдында орнотулган.

Азыркы кезде биздин калк үчүн гана эмес, спортчулар үчүн да касиеттүү, символикалык мааниси бар эстеликке айланды. Ошону менен катар эле, Таластагы «Манас ордо» этнографиялык музейинде залкар манасчыларыбыз Саякбай Каралаев менен Сагынбай Орозбаковдун манас айтып отурган фигураларын момдон жасалган фигуралары (автору Сыдыков Б. К.) абдан көп аракет менен жандуу дал өзүндөй жасалган. Алардын фотографиялык материалдарда сакталган элеси – манасчынын образында абдан даана берилген. Момдон жасалган скульптуралык фигураларда – кыргыз маданиятынын абдан орчундуу, түптүү булагы болгон Манас эпосундагы идеалдарды сактоо, элге жеткирүү максатында аны муундан муунга айтып жеткирип келе жаткан манасчылардын образы чагылдырылган.

Кадимки тирүү адамдардай формада, элестүү жасалгандыктан көрүүчүлөр жакын барып, айткан эпизоддорун көз алдыга элестетип, Манас ааламына мейкиндиктүү ой жүгүртө алышат. Ал гана турсун кадимкидей экен деп, жакын барып колу, бутун кармалап да көрүшүүдө. Жөн эле көрүп тим болбостон, алардын сакал, муруттарын, манжаларын сындырып жибергендигине байланыштуу, жаш балдарды жакындатпай тосмо коюуга туура келди. Бул баалуулуктарды сактоо иретиндеги дагы бир атайын көрүлгөн иш чара десек болот.

Биз Манасты манасчылар аркылуу алардын айткан үнүнөн тембринен жана жамгырдай төгүп айткан сөздөрүнөн билебиз. Музейдеги манасчылар аркылуу Манасты жана ал жашаган доорду толук көрүп, сезип жана ошол мейкиндиктин ичинде турган чоң аалам, Манас ааламы менен таанышып, Манас мейкиндигине ой жүгүртүүгө шарт түзүлөт. Эгер кыргыз жаштары Манас эпосун менен тааныш болуп, угуп, окуган болсо тез эле айкөл Манас атабыздын мейкиндигине сүңгүп кирсе болот. Момдон жасалган Манасчылар натурада биздин доордун адамдары болсо, музейде баары бир доордо Манас атабыздын доорунда жашап биз менен аралашып жүргөндөй. Мына ушул манасчылар кандайча скульптура катары жасалган жана искусствонун бул түрү кайдан келип чыккан? Биринчиден, көркөм чыгарма каражаттардын жыйындысы болуп, бул искусство байыркы заманда эле пайда болгон. Мисалы, илгерки доордо бакшылар ж.б.у.с. момдон жаныбарлардын, канаттуулардын, адамдардын келбетин жасап ар кыл диний ырым-жырымдарда пайдаланып келген. Кийинчерээк май боёктун көркөм чеберлери боёк жасоо үчүн момду пайдаланышкан. Азыркы заманда бул техниканын аталышы – энкаустика деп аталат. Гректер менен римдиктер энкаустика техникасын дубалга тартылган сүрөттөрдө, айкелдерде колдонушкан.

Экинчиден, момдон адамдын фигураларын жасоо үчүн алдын ала даярдыктар жүргүзүлөт. Мүмкүнчүлүгүнө жараша 250дөн ашуун өлчөөлөр алынып, жүздөгөн ар кыл ракурста түшкөн фото сүрөттөрдү даярдоо зарыл. Айрыкча белгилүү адамдын көкүрөк ченемдерин алуу жагымсыз. Кийин жолукканда ыңгайсыз абалда калбоо үчүн белгилүү айкелчилер керектүү бул өлчөмдөрдү алдын ала иш жаңы гана башталганда өлчөп алышат. Так өлчөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк болбосо айкелчиге фото сүрөттөр менен гана иштөөгө туура келет.

Дененин скульптурасын жасоо жана даярдык көрүү - өтө татаал, жана көп убакты талап кылат. Алгач эскиз жасап, момдон жасала турган фигуранын турушун туура тандап алуу керек. Кийин ар кыл материалдан адамдын каркасы жасалат. Буттарынын турган ордун туура аныктап, жыгач же темирден таянычтарын жакшылап бекиткенден кийин колдорун жумшак алюминий зымдар менен жасоо керек. Бир иштин жүрүү процесси, бир аптага жакын убакытты талап кылат.

1) Арматурага сетка таштап, байлагандан кийин үстүнө ылай чаптап, моделдин үлгүсү жасалат.

2) Ал кургап, муздагандан кийин 2% кичирейип калат. Ошондуктан, ылайдан жасап жатканда баардык көрүнүшүнөн бир аз чоңураак жасоо керек.

3) Момдон куюш үчүн ылай үлгүсүнөн гипстен калыбы алынат. Фото сүрөттөрдү, өлчөп алган өлчөмдөрдү пайдаланып айкелчи ылайдан баштын үлгүсүн жасайт.

Жогоруда айтылгандай эле баштын калыбын гипстен көп бөлүктүү калыбы алынып, момдон куюлат. Ылайдан жасалган үлгүсүнөн калып алгандан кийин, үлгүсүнүн экинчи кереги тийбейт.

4) Фигураны жасоо үчүн жана аны боёдо аарынын тазартылган мому пайдаланылат.

Ал эми, калыбы жылуу суу менен сугарылып тоорсугандан кийин натуралдык өңгө (түскө) окшогон 74% эритилген момду калыптарга атайын куйгуч менен куят. 50-60 мүнөттөн кийин көп ката электе калыптан чыгарып алуу керек. Муздак абада жарылып кетпес үчүн кездемелерге ороп, муздаганга чейин кармайт. Кийин калыптардын бириктирилген жерлерин тазалап ашыкча жерлерин кылдаттык менен алып ташталат. Башы менен денеси өз, өзүнчө калыптарда куюлат. Момдон жасалган фигуранын портретинин үлгүсү толук жасалып, мимикалары, көз караштары, бетиндеги ар бир бырышы натуршиктин өңүнө окшош жасалып боёктору (гримдери) жасалып бүтсө чач тарач ишке киришет.

5) Адамдын башында 40-50 миң тал чач бар. Чач өскөн баш терисине түсү тура келгендей натуралдык чачтарды, сакал, муруттарды бирден-экиден төмөндөн жогору карай төбөсүнө чейин, атайын электр ийнелер аркылуу жабыштырып чыгабыз. Ооба бул өтө чеберчиликти талап кылган татаал жумуш. Бекеринен, элде айтылбайт: Адамдын көркү кайда, чач болбосо. Сулуунун көркү кайда, каш болбосо.

Атактуу адамдарды чачынан алыстан эле таанып билсе болот. Таралган, буралган, тармалданган, өңү, түсү өздөрүнө гана таандык чач жасалгасы бар, ошонусу менен ар бир жеке инсандык образы түзүлөт. Маселен, биздин Ч.Айтматов, Пушкин, Байрон ж.б. Ал эми, кашка баш адамдардын баш көлөмүндө өзгөчөлүктөр болоору белгилүү. Мисалы: Ленин, Горбачев ж.б. Сакал мурут дагы образ берип, колорит кошуп турат. Мисалы: Чапаев, Сталин, Чокморов ж.б.

Момдон фигируларды жасоодо мындай бардык өзгөчөлүктөр эске алынуу менен жасалышы керек экендиги турган иш.

6) Андан соң, момдон фигураларды жасагандан кийин образ түзүүдө, алардын кийим жасалгалары да орчундуу орунду ээлейт. Момдон жасалган фигуралардын образын түзгөн кийим-кечелерин бычмачылар, модельер, стилисттер байыркы замандагы ич кийим, тыш кийимдерден бери жасап бере алышат. Ал эми, белгилүү искусство жана аскер кызматкерлеринин кийген кийимдери ушул күнгө чейин, ошол мезгилдегидей музейлерде сакталып турат.

Момдон фигураларды жасоону үйрөтүү менен сабак өтүү азыркы учурда педагогикалык окуу жай болочок мугалимдерди даярдоодо чыгармачылык ой жүгүртүүнүн өсүп өркүндөөсүнө чоң өбөлгө болоору анык. Себеби, художник педагогдорду тарбиялоодо скульптура сабагынын өзгөчө мааниси бар. Мейкиндикти чагылдырууда скульптура башка искусствонун түрлөрүнө караганда көлөмдүү үч өлчөмдүү чыгарма болуп саналат. Мейкиндикти билдирип, мейкиндикте орун алган касиетке ээ. Ошондуктан, көп учурда скульптуралык композициянын аткарылыш деңгээли автордун мейкиндикте ой жүгүртүүсүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.

Мейкиндикти ой жүгүртүүнүн түшүнүгүн жана структурасын изилдөөдө чоң салым кошкондор катары көптөгөн окумуштуулардын эмгектери адистерге белгилүү. Ал эми, скульптуралык чыгарма жаратуунун теориялык суроолорун чечмелөө максатында эстетикалык баалулук жана скульптура тармагындагы адистештирилген ишмердүүлүк өзгөчөлүктөрү да көп эмгектерде каралган.

Бул арада психологиялык – педагогикалык усулдук адабияттардын анализи көрсөткөндөй, белгиленген маселенин маанилүүлүгүнө карабай мейкиндиктүү ой жүгүртүүнүн өсүп өнүгүү проблемаларына жеткиликтүү көңүл бурулган эмес. Окуу тапшырмаларын аткарууда жана көркөм чыгармаларды жаратууда ЖОЖ студенттерине болгон кыйынчылык образ жаратуу жана так маалыматтарга таянууда турат. Скульптура сабагында мейкиндиктүү ой жүгүртүүнүн өнүгүшүү үчүн адистештирүү программалары колдонулат. Окуу-усулдук материалдар жана материалдык техникалык жактан камсыздандырылат. Көркөм сүрөт педагогикалык ЖОЖ факультеттеринде мейкиндиктүү ой жүгүртүүнүн эффективдүүлүгү үчүн скульптураны окутуунун өзгөчөлүгүн эске алып атайын моделди иштеп чыгуу зарыл.

Ошондой эле, төмөнкү маселелер чечилиши керек:

• Мейкиндикте ой жүгүртүүнү өркүндөтүүнүн проблемаларын философиялык түп нускасынын негиздерин, психологиялык жана педагогикалык негиздерин таап жана ачып көрсөтүү.

• Мейкиндиктүү ой жүгүртүүнүн өсүп өнүгүүсүн скульптура аркылуу ачып көрсөтүү.

• Көркөм сүрөт педагогикалык ЖОЖ факультеттеринде мейкиндиктүү ой жүгүртүүнүэффективдүү шартта ачып аныктап көрсөтүү.

• Скульптураны окутууда өзгөчөлүгүн эске алып моделин өсүп өнүктүрүүнү негиздеп, кайра иштеп чыгуу.

• Мейкиндиктүү ой жүгүртүүнү өркүндөтүүдө иштелип чыккан методиканын натыйжалуулугун текшерип, эксперименталдык текшерүүнү турмушка ашыруу.

Биз өз тажрыйбабызда жогорудагыдай маселелерди комплекстүү чечүү керектигине ынандык. Жалпысынан жыйынтыктасак, скульптура өнөрү аркылуу студенттердин эстетикалык маданиятын калыптандыруунун мүмкүндүктөрү кенен, келечектүү. Бул сунуш кылынган маселе өтө маанилүү болгондуктан, скульптура өнөрү көп багыттары аркылуу руханий жактан тарбиялоо мүмкүндүгү кенен экендиги, анын ичинен эстетикалык маданиятты калыптандырууда орду зор экендигин эске алып, ушул багытта дагы көптөгөн изилдөөлөр талап кылынаарын айтмакчыбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×