Добавить статью
9:30, 30 октября 2014 134690

Кыргыздар акыл менен билимдин турмуштагы мааниси жөнүндө

Кыргыздар байыртан эле акыл менен билимдүүлүктү адам баласына таандык башкы касиет катары баалап келишкен. Ата - бабалардан мурасталган аңыз аңгемелерде, дастандарда, макал - лакаптарда азыркы муундар үчүн акыл менен билимдин адам турмушундагы ордун ар тараптуу түшүнүүгө, алардын билимге болгон дитин, күнтун ойготууга дурмөт болуүчу осуяттар арбын.

Элдин пикиринде ааламда адамдын акыл - эсинен, айла - амалынан күчтүү, кубаттуу эч нерсе болбойг. Кыргыз жомокторунун башкы кейипкерлери адатта эчен коркүнүчтуу дөө - шаалар, каардуу залим хандар менен күрөштө акылынын, айла - амалынын артыкчылыгы менен жеңишке жетишет.

Акыл менен билимдин улуулугу жөнүндөгү элдик даанышмандык төмөнкү макалдарда да таамай, так айтылат: «Акыл — тозбогон тон, билим - түгөнбөгөн кен», «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат», «Кылыч — курал эмес, акыл — курал», «Күч көтөт, акыл кетпейт», «Билген миңди баш­карат».

Кыргыздар интеллектуалдык маданиятты, акыл — билимди башкы байлык, негизги дөөлөт катары карашкан. Анын барк - баасын өлбөс, житпес, чирибес зат алтынга тете дешип, андан да кымбат нерсе катары карашкан. М.: «Алтын чирибейт, акыл азбайт», «Акыл байлыгы — азбас байлык». Арийне кыргыздардын өткөн мезгили, б. а. көчмөн, катаал жашоо образы, жоокерчилик шарттар балдарда кара күч жактан жетилгендикти тарбиялоо зарылдыгын талап эткендиги анык. Бирок, алар ар кандай иште акыл, билим керектигин, акыл менен гана ар нерсени жеңүүгө болорлугун нускалайт. «Билегине ишенбей, билимиңе ишен», «Колуң чолок болсо да, оюң чолок болбосун», «Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин». Демек, кыргыз эли дайыма бой маданиятынан, ой маданиятын жогору койгон, адамдын сырткы көрүнүшүн эмес, биринчи планга анын ички дүйнөсүн алып чыккан.

Акыл — билимдин, жалпы эле акылмандуулуктун артыкчылыгын жогору баалоо айтылуу «Манас» эпосунда да өзгөчө өзөктүү идея. Эпосто Манасты Манас кылып, ээрчитип журуп эр кылган, эр уулу менен тең кылган, атагын ай ааламга тааныткан улуу күч — бул Бакайдын акылмандыгы. Бакай Манастын бирден-бир ишенимдүү адамы, акылман кеңешчиси, өйдө жүрсө өбөгү, ылдый түшсө жөлөгү, астында жүрсө ак жолу, артта жүрсө сан колу. Ошондуктан Манас абасы Бакайдын акылына сыйынат, айтканын эки кылбайт, аны ар дайым кадырлап, сыйлап, ага урмат менен мамиле кылат.

Элдик педагогикада акылдуулук баарыдан мурда адептик категория, б.а. адамдын адеп маданияты, анын акыл, билиминин туундусу катары каралат. Муну төмөнкү макалдар даана туюндурат: «Акылдуу бала — элпек, акылсыз бала — тентек», «Акылы жок бала жүгөнү жок атка окшош», «Акындын көркү — акыл», «Билимдүү киши айнектей, билимсиз киши тумандай», «Жердин көркү — эгин, элдин көркү — билим».

Элдин терең ишениминде, окуу - билим алуу жеке адамдын да, коомдун да өнүгүп - өркүндөөсүнүн зарыл шарты. Билимсиз түркөй адамдын өмүрү, жашоосу күнарсыз, супсак болмок. Бул элдик идея «Окуган — жарык, окубаган — чарык», «Билимдүүгө дүйнө — жарык, билимсизге дүйнө — караңгы», «Илим — турмуш чырагы, өнөр — элдин куралы», «Илим — окуу булагы, билим — өмүр чырагы», «Билимдүү болсоң — озоорсуң, билимсиз болсон, — осолсуң», «Билими бар ар балээден кутулат, билими жок ар балээге тутулат», «Билген суу ичет, билбеген уу ичет» деген ж. б. у. с. макалдарда ачык айкындалат.

Кыргызда «карылык» адамдын өмүр жашынын гана сан өлчөмү эмес, ал баарыдан мурда акыл, турмуштук тажрыйбага, бийик адеп - наркка ээ болгондук деген түшүнүктү билдирет. Ошондуктан калк: «Карынын сөзүн капка сал, кары билгенди баары билбейт», — деп улуулардын кебин акыл - билимдин казынасы катары кабылдаган.

Кыргыз тилинде акыл жактан өнүккөн, өркүндөгөн адамды мүнөздөөчү «акылман», «кеменгер», «даанышман» деген түшүнүктөр кездешет. Булардын семантикасы кыргыз тилине байланышкан бардык сөздүктөрдө ушул күнгө чейин синоним сөздөр, түгөй түшүнүктөр катары чечмеленип келүүдө. Албетте, мында чындыктын үлүшү бар экендигин танууга болбойт. Чындыгында булар өтмө катары маанилеш, бири - бирин толуктап турган түшүнүктөр. Ошону менен бирге алардын ортосундагы айырмалуу белгилерге да назар салбай коюуга болбойт.

Тарыхый фактыларга, оозеки чыгармалардын материалдарына, калк маданиятынын тарыхын мыкты билген карыялардын пикирлерине таянуу менен ал түшүнүктөрдүн түп жайын төмөнкүчө чечмелеп түшүндүрүүгө болот. «Акылмандык» — бул адамдын аң - сөзиминин психикалык касиеттери, өркүндөгөн - өскөн акыл - эсинин, өнөр билимдеринин өзгөчө көрүнүшү. Акылман адам тапкычтык, амалдуулук, кыраакылык, жөн билгилик, баамчылдык сыяктуу сапаттарга ээ. Элдик жомоктордогу Акыл Карачач, Жээренче чечен, Асан кайгы жана ысмы аталбаган бир канча балдардын, Апенди жөнүндөгү икаялардын башкы каармандарына ушундай мүнөздөмөлөр берилет. «Эр Төштүк» эпосундагы «Жер тыңшар Маамыт», «Куюн Маамыт» сыяктуу каармандарга да «акылмандык» деген эпитеттер туура келет.

Ал эми «кемешер», «даанышман» деген сөздөр бири - бирине жакын маанини туюнтат. Бул — адамдагы «акылмандык» касиетинин сандык жана сапаттык жактан өзгөчө өркүндөгөн бийиктиги. Эпостордо бул эпитеттер калк тарыхын чебер чечмелей билген, дээрлик акылы тунук, ата мурас, акыл тажрыйбаларга канык, караңгыда көз тапкан, капилетте сөз чапкан, ар кандай өнөр - билимге жөндөмдүү, өмүрүн элдин келечек таалайына багыттаган адеп - наркы, нускасы, таалими менен бүтүндөй улуттун урмат - сыйына ээ болгон адамдарды мүнөздөө үчүн колдонулат.

«Манас» эпосундагы Бакай, Ак Балта, Каныкей сыяктуу каармандарга кадимки турмушунда кечээ эле жашап өткөн Кадыр аке, Сарт аке, Курманжан датка сыяктуу инсандарга эл ушундай эпитеттерди ыйгарышкан.

Ал эми «көсөм» түшүнүгү болор окуя, фактыны бржомолдобой, нак көзөп айткан, көрөгөч акылы менен бүтүндөй улутту улуу иштерге багыттай билген бийик коомчул нравага ээ айрым адамдарга карата гана айтылат. Бул түшүнүктүн түп жайын К. Д. Юдахин да «акылга дыйкан адам», «жол башчы» деп туура чечмелеп түшүндүргөн. Демек, «көсөм» акылы артык, өзгөчө коомдук - соңиалдык статуска ээ адам. Кыргыз элинин байыртан азыркыга чейинки түшүнүгүндө адилеттүү, акылдуу бийлик жүргүзүп элдин турмуш деңгээлин көтөрүп, жыргалчылыгын камсыз кылган хандарды, мамлекет башчыларын «көсөм» деп кастарлап келиши да ушунда болуу керек.

Булардын баары кыргыз элинин акыл маданиятына канчалык деңгээлде терең жана ар тараптуу маани бергендигинен кабар берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×