Добавить статью
3:10, 6 ноября 2014 12430

«Кызыл террор» курмандыгы (мамлекеттик жана партиялык ишмер А.Жумагулов жөнүндө)

Ка­дыр­ман за­ман­даш, белгилүү болгондой, 1985-жылы кай­ра ку­руу өнөктүгү башталганы, мур­да­гы союз­дук рес­пуб­ли­ка­лар­да­гы­дай эле, Кыр­гыз­стан­да да ста­лин­дик реп­рес­сия­нын бей­кү­нөө кур­ман­дык­та­ры бо­луш­кан жүз­дө­гөн ме­кен­деш­те­ри­биз­дин жар­кын элес­те­ри ме­нен сый­мык­туу ысым­да­рын эл­ге кай­та­руу ба­гы­тын­да бир ка­тар ал­гы­лык­туу ара­кет­тер жа­сал­га­ны­на ка­ра­бас­тан, өкү­нүч­кө ка­рай, рес­пуб­ли­ка­лык масш­таб­да­гы эс­ке­рүү­гө та­тык­туу он­до­гон чыгаан инсандар ар кыл се­беп­тер­ден улам дале кө­мүс­кө­дө ка­лып ке­ли­шүү­дө. Тес­ке­ри­син­че, алар жө­нүн­дө эн­цик­ло­пе­дия­лар ме­нен окуу ки­теп­те­рин­де, мо­ног­ра­фия­лар ме­нен или­мий ма­ка­ла­лар­да ти­йиш­түү дең­гээл­де ай­ты­лып, көп кыр­дуу иш­мер­дүү­лүк­тө­рү­нө таа­сын баа бе­ри­ли­ши ке­рек эле. Ти­лек­ке кар­шы, ан­дай бол­бо­ду. Эми, кеч бол­со да, ушул кенемтени толуктап, жарандык парзыбызды өтөп кой­бо­сок, өз аби­йи­ри­биз­дин ал­дын­да да, мар­кум­дар­дын үмүт­көр рух­та­ры­нын ал­дын­да да кеп­ке кем­тик бо­ло­ру­буз шек­сиз.

2 Мар­кум Алим­кул таякемдин (мамлекеттик жана партиялык ишмер Алимкул Жумагулов, 1893-1938 ) тагдыры эсиме түшкөн са­йын, анын жан кү­йү­шөр жа­кын­да­ры ме­нен ка­ды­рын би­лер за­ман­даш­та­ры­нын ко­лу­нан ак ке­пин­ге оро­луп ата-ба­ба­ла­ры­нын сөө­гү жат­кан жай­га өз зый­на­ты ме­нен коюл­ба­га­ны­на ка­ңы­ры­гым тү­төй бе­рет. Анан да 1938-жыл­дын 14-январында то­та­ли­тар­дык ре­жим­дин ыра­йым­сыз жел­дет­те­ри­нин ко­лу­нан ка­за таап, али­ге че­йин кай­да кө­мүл­гө­нү бел­ги­сиз маркумдун ок же­ген де­не­си жер­ге ке­тип жат­кан­да ка­шын­да «Алы­кем кан­дай ки­ши эле?» деп муң­кан­ган би­рөө бол­бо­го­ну­на ушун­ча­лык зээ­ним ке­йийт. Ырас, «эл душ­ма­ны экен» де­ген сыяк­туу сан­ды­рак сөз­дөр­гө ку­лак түр­гү­сү кел­бей, акый­кат жооп угуу­га дил­гир жа­кын­да­ры ошол апаат­туу жыл­да­ры Алы­ке­син ар­кы дүй­нө­гө ат­ка­зуу зый­на­ты­на ка­тыш­пай кал­га­ны­на өзө­гү өрт­тө­нүп, кан жу­туп кай­гы­га бат­кан­дыр...

Са­ба­тын ме­чит ме­нен мед­ре­се­ден му­сул­ман­ча ачып, Чүй­дө­гү Нар­ко­зу, Мам­бе­таа­лы мол­до­лор­дон таа­лим алып, Та­лас­та­гы Май­ка­дам, Жу­ну­шаа­лы кал­па­лар ме­нен за­ман­даш эле бол­бой, айыл­даш ко­нуп, эки доор­ду ба­шы­нан ке­чи­рип, ки­йин­ки­лер­ге та­бе­рик-тар­туу бол­сун деп, өзү бил­ген сан­жы­ра-та­рых­ты араб там­га­сы ме­нен ыр жа­на ка­ра сөз тү­рүн­дө кыр­гыз­ча жа­зып кал­тыр­ган (анын түп нус­ка­сы Кыр­гыз Рес­пуб­ли­ка­сы­нын Улут­тук илим­дер ака­де­мия­сы­нын кол жаз­ма­лар фон­ду­н­да азыр де­ле сак­та­лып ту­рат) Жу­ма­гул мол­до­нун тун уу­лу Алим­кул 1893-жы­лы азыр­кы Чүй об­лу­су­нун Панфилов ра­йо­ну­на ка­раш­туу Ку­м-А­рык айы­лын­да жа­рык дүй­нө­гө ке­лип­тир.

Архивдик документтерде Алимкулдун адегенде сабатсыздыгын кайсыл медреседен же мектептен жойгондугу тууралуу маалымат жок. Ошондуктан 1917-жылкы революцияга чейин орто чарба адамдын уулу Чалдыбардагы орус-тузем мектебинде окуган-окубаганын так айтыш кыйын. Ошентсе да, эл оозунда айтылып жүргөн аңыз кептерге таянып, энесинен эрте ажыраган Алимкулду атасынын макулдугу менен Кум-Арыктагы Алымбек манап 1904-жылдары Чалдыбардагы орус-тузем мектебине ээрчитип барып киргизген деп ой жорууга болот. Андан кийинкилери архивдик материалдарда дээрлик таасын жазылган. Алимкулдун окууга ынтызарлыгы 1906-жылы аны Олуя-Атадагы үч класстык жогорку-башталгыч окуу жайына жетелеп барат. 1912-жылы ал ошол эле Олуя-Ата шаарындагы үч жылдык мугалимдик курска тапшырат. Кыязы, жетиштүү билимге ээ болгон жаш мугалим кыргыз-казак жергесиндеги миңдеген сабатсыздардын багын ачып, агартуучулук кесипти аркалайын деген го. Бирок баары ал ойлогондой болбой, өктөм турмуш өз күчүн көрсөтүп, окуусун аяктагандан кийин аны башка тармактарда иштөөгө аргасыз кылат. Кээ бир маалыматтар боюнча, Алимкул 1914-жылы күз айларында Олуя-Атадагы Келгиндер башкармалыгына адегенде кат-кабар ташуучу кызматкер болуп ишке орношуп, аздан соң журналисттик кесипке өтөт. Ишке бүйрөлүгүнөн улам улуктардын назарына илинген жаш жигитти 1915-жылдын орто ченинде Олуя-Ата уездинин начальниги өзүнө тилмеч кылып алат. Угушумча, ал кезде тилмечтер жергиликтүү элдин үстүнөн сурак жүргүзгөн «тили буруулар» менен сабатсыз букаралардын ортосундагы «көпүрө» катары көп иштердин түйүнүн жандырып, бийик кадыр-баркка ээ болушчу тура.

Атадан алган таалими, ашкере сабаттуулугу менен орус төбөлдөрүнө жаккан алгачкы кыргыз интеллигенти, ошентип, улуктар чөйрөсүнө аралашып, бир эле мезгилде тилмечтик да, катчылык да жумуштарды бүткөрүп 1917-жылкы Февраль революциясына дейре иштейт. Алимкулдун андан аркы тагдыры курч окуялуу көркөм тасмадай ары кызыктуу да, суктанарлыктай өрүштүү да, өзөгүңдү өрттөгүдөй кейиштүү да болгондугун чаң баскан, саргайган архивдик документтер кашкайта далилдеп берет. Россия империясынын оторчулук саясатынын запкысын тартып, «ак падышадан» ырайым күтпөй калган Түркстандагы калктардын үмүтүн жалгаган Февраль революциясынан кийин, 1917-жылдын апрель айынын башында өткөн Олуя-Атадагы жумушчулар менен солдаттардын I съездинде Алимкул Олуя-Ата шаардык Депутаттар Советинин мүчөлүгүнө шайланат. Революциячыл окуяларды жан-дили менен кубаттап, Олуя-Атадагы кыргыз, казак жаштарынын революциячыл уюмуна Т. Рыскулов, К. Сарымолдоев, К. Кошмамбетов, М. Жылыспаев ж. б. менен бирге мүчө болуп кирип, ошол эле учурда уезддеги татар революционерлери менен да байланышын үзбөй шымаланып иштеп жатканда, 1917-жылы 25-октябрда, Петроградда Керенскийдин Убактылуу Өкмөтүнүн пайдубалы урап түшөт. Олуя-Атадагы үзөңгүлөш жолдошторунун таасири менен Алимкул шаарда жаңыдан түзүлө баштаган солчул эсерлер партиясына өтүп, жыйындарда шайлоо жолу аркылуу ар кандай кызматтарды ээлейт. Бирок 1918-жылдагы съезддердин биринде большевиктер фракциясынын позициясын колдоп добуш бергендиги үчүн Алимкулду солчул эсерлер өздөрүнүн фракциялык отурумунда опузалоого чейин барышып, анын партиялаштарына карата нааразылыгын ого бетер күчөтүшөт. Кыска уба­кыт­тын ичин­де Рос­сия­да­гы жа­на Түрк­стан­да­гы революциячыл окуя­лар­дын мү­нө­зү­нө, бар­дык ай­мак­та боль­ше­вик­тер­дин араа­ны жү­рө баш­та­га­ны­на кыл­дат баам са­лган иди­рек­түү иш­мер Олуя-А­та­да­гы боль­ше­вик­тер фрак­ция­сы­на мү­чө­лүк­кө кабыл алуу­сун өтү­нүп фрак­ция­нын же­тек­чи­си Ту­рар Рыс­ку­лов­го бир не­че жо­лу арыз ме­нен кай­ры­лат. Мур­да­тан бир­ге иш­те­шип, ка­ды­ры си­ңиш­кен тең­ту­шу­нун өтү­нү­чүн ка­зак кал­кы­нын сый­мык­туу уу­лу 1919-жыл­дын ба­ш ченинде орун­да­тат. Боль­ше­вик­тер­дин ка­та­ры­на эми эле ко­шул­ган Алим­кул Дмит­риев­ка кыш­та­гын­да­гы жа­на Олуя-Ата шаа­рын­да­гы эсер­лер уюш­тур­ган коз­го­лоң­дор­ду ба­суу­га жан-жи­ге­рин жум­шап, уезд­де ал­гач­кы революциялык комитеттин жер­па­йын түп­төө­гө жи­гер­дүү ка­ты­шып, Түрк­стан БАКнын Турар Рыскулов же­тек­теген ко­мис­сия­сы та­ра­бы­нан Олуя-А­та уезд­дик революциялык ко­митетинин мү­чө­сү бо­луп бекитилет. Ушул эле жы­лы Алим­кул Олуя-А­та шаар­дык ком­му­нист­тик жа­маат­тар ме­нен ке­сип­чи­лик бор­бор­лор­дун 1919-жыл­дын 14-ма­йын­да­гы кош­мо жыйынында Со­вет­тер­дин VIII өл­кө­лүк съездине ба­руу­чу ман­дат­тык ко­мис­сия­нын мү­чө­лү­гү­нө шай­ла­нат.

Революциячыл де­мил­ге­лер ме­нен ле­ни­низм идея­ла­ры­на шык­тан­ган жаш ре­во­лю­цио­нер­дин ки­йин­че­рээк өз ко­лу ме­нен тол­тур­ган Алимкул жолдоштору м-н ан­ке­та­лык ба­рак­ча­ла­ры­на үңү­лүп оту­руп, анын мээ­нет­ке карк өмү­рү­нө, бөк­сөр­бө­гөн кай­рат-кү­чү­нө, акыл-па­ра­са­ты­на сук арт­пас­ка ар­гаң жок. Ант­ке­ни Алим­кул боль­ше­вик­тер­ге та­бак­таш болгон­го че­йин эле, баш­ка­лар ме­нен ка­тар, Олуя-Ата уез­дин­де со­вет бий­ли­гин чың­доо­го, со­циа­лист­тик ку­ру­луш­ту жан­дан­ды­руу­га олут­туу са­лым ко­шуу­га же­ти­шип­тир. Ма­се­лен, Ок­тябрь революциясы иш­ке аш­кан­дан ки­йин эле ал Олуя-Ата уез­ддик ат­каруу комитетинин мү­чө­лүгүнө шай­ла­нып, 1918-1919-жыл­да­ры ушул уезд­дин ай­ма­гын­да жер-суу ре­фор­ма­сын жүр­гү­зүү­гө же­тек­чи­лик кы­лат. Ал эми ан­дан ки­йин, кай­на­ган тур­муш май­да­нын­да так­шал­ган со­вет­тик жоо­кер ка­та­ры, фео­дал­дык-пат­риар­хал­дык тү­шү­нүк­төр­дөн али ары­ла элек ка­ра­па­йым калк­ты ара­лап, Со­вет өк­мө­тү­нүн иш-ара­кет­те­рин, ком­пар­тия­нын сая­са­тын эл­ге жа­тык тил­де тү­шүн­дү­рүү мил­дет­ин ар­ка­лайт. Жал­гыз ба­шы­на ушун­ча түй­шүк аз­дык кыл­ган­сып, ушул эле жыл­да­ры Кет­мен-Тө­бө өрөө­нүн тек­ше­рүү боюн­ча ко­мис­сия­ны, Алай, Мер­ке ра­йон­до­рун­да­гы Кы­зыл Ар­мия­да кыз­мат өтөш­көн му­сул­ман­дар­ды жай тур­муш­ка өт­кө­рүү боюн­ча ко­мис­сия­ны жа­на Жер­ги­лик­түү калк­тын ке­дей­лер жана батрактар сою­зу үчүн ус­тав ме­нен жо­бо­ну иш­теп чы­гуу боюн­ча ко­мис­сия­ны же­тек­тейт. Ошентип, Алим­кул­дун Олуя-А­та­да­гы иш­мер­дүү­лү­гү­нүн би­рин­чи эта­бы 1920-жы­лы Кыр­гыз (ка­зак) АССРнин тү­зү­лү­шү ме­нен аяк­тайт.

Ка­зак­тар­дын таа­си­ри­нен­би, ай­тор, 1921-жы­лы 4-фев­рал­да Же­ти­-Суу об­лус­тук рев­ко­му жер-суу ре­фор­ма­сын жүр­гү­зүү боюн­ча че­чим ка­был алат. Ыры­нан чы­ры ар­бын мын­дай өнөктүктү ка­лыс жүр­гү­зүү да­сык­кан дип­ло­мат­тар ме­нен таж­рый­ба­луу адис­тер­дин кө­сөм­дү­гү­нө бай­ла­ныш­туу бол­мок. Алим­кул­дун Олуя-А­та­да жер-суу ре­фор­ма­сын ий­ги­лик­түү иш­ке ашыр­ган­ды­гы­нан ка­бар­дар об­лус­ же­тек­чи­лери аны Пиш­пек уезд­дик жер бө­лү­мүнүн баш­чылыгына ча­кы­ры­шат. Кыя­зы, ал алгачкы мам­ле­кет­тик иш­мерлердин бири Аб­ды­ке­рим Сы­ды­ков (ошол кез­де ал Же­ти-Суу об­ко­мунун уюш­ту­руу бө­лү­мү­нүн баш­чы­сы бо­луп иш­те­ген) ме­нен ушул мез­гил­де жа­кын­дан таа­ныш­кан ок­шойт. 1921-жыл­дын 14-ап­ре­ли­нен тар­тып Алим­кул Пиш­пек уезд­дик жер бө­лү­мү­нүн баш­чы­сы, жер-суу ре­фор­ма­сын жүр­гү­зүү боюн­ча «өз­гө­чө трой­ка­нын» тө­ра­га­сы бо­луп иш­теп, уезд­де­ги кел­гин орус­тар ме­нен жер­ги­лик­түү эл­дин ор­то­сун­да­гы та­лаш­туу жер­лер­дин ба­шын ачуу­га бел­се­нип ки­ри­шет. Оң бу­тунун майыптыгына ка­ра­бай ты­ным ал­бай иш­теп жү­рө бе­рип ка­туу оо­ру­га чал­дык­кан (айрым архивдик документтерде көтөн чучугундагы жарадан жабыркаганы айтылат) Алимкул ушул жыл­дын ав­густ айы­нын эте­гин­де ден соо­лу­гу­на бай­ла­ныш­туу эм­гек өр­гүүсүн алып айыл­да да­ры­ла­нып жүр­гөн­дө, Пиш­пек­те пар­тия­лык кыз­мат­кер­лер­дин катарын тазалоо операциясы (генеральная чистка) жүр­гү­зү­лүп, шаар­га кай­туу­га үл­гүр­бөй кал­ган Алим­кул­га кар­шы­лаш­та­ры «бас­ма­чы­лар ме­нен бай­ла­ныш­кан», «иш­тен өз эр­кин­че ке­тип кал­ган» де­п жалаа жаап, РК(б)Пнын ка­та­ры­нан чы­гар­ты­п, кызмат ордунан бо­шот­ту­ру­шат. Баш­та­ган иши­нин ая­гы­на чы­га ал­бай кал­га­ны­на ка­туу кай­гыр­са да, мур­ду­нун учунан ыраак­ты кө­рө ал­ба­ган ай­рым адамдардын кыянаттыгынан на­за­ры сын­ган Алим­кул ошол жылдын этегинде Олуя-А­та­га кай­тып ба­рат да, ал жактагы жоро-жол­дош­то­ру­нун жардамы менен аде­ген­де Олуя-А­та уезд­дик инс­пек­ция баш­кар­ма­лы­гы­нда инс­пек­торлук кызматка ор­но­шуп, аз убакыттан кийин эле шаардык ат­каруу комитетинин ад­ми­нист­ра­ция бө­лү­мүн баш­ка­рып, шаа­рдык аткаруу ­комитетинин пре­зи­диу­му­нун мү­чө­лү­гү­нө шай­ла­нат. Ки­йин­ки жы­лы уезд­дик жер бө­лү­мү­нүн баш­чы­сы­нын жа­на уез­ддик ат­каруу комитетинин тө­ра­га­сы­нын орун ба­сар­лы­гы­на жана уез­ддик аткаруу комитетинин мү­чө­лүгүнө бе­ки­ти­лет. Анан ТК(б)П БКнын ча­кы­руу­су боюн­ча 1924-жыл­дын фев­ра­лы­нан ошол жылдын 1-ок­тябры­на че­йин Ко­кон шаа­рын­да ТК(б)Пнын Фер­га­на обко­мунда чар­ба жаа­тын­да иш жүр­гү­зүп, Суу­са­мыр жармаңкесин өт­кө­рүү боюн­ча ый­га­рым укук­туу өкүл бо­луп бе­ки­ти­лет. Өз иши­не ты­кан­ды­гын эс­ке ал­ган ТК(б)П БК Алим­кул­ду ушул эле жы­лы ок­тябр­да Таш­кенттеги Всекобанкка (Бүткүл Россиялык кооперациялык банк) иш­ке ко­то­рот. Бул мез­гил­де Ка­ра Кыр­гыз ав­то­но­мия­луу об­лу­су­нун пай­ду­ба­лы жа­ңы­дан түп­тө­лө баш­тап, Таш­кент­те­ги Кыр­гыз өк­мө­тү жер­ги­лик­түү өз­гө­чө­лүк­төр­дү мык­ты бил­ген кадр­лар­га өтө мук­таж бол­чу. Ошон­дук­тан Алимкул Все­ко­банк­та инст­рук­тор бо­луп иштөө менен катар РК(б)Пнын Ка­ра Кыр­гыз об­лус­тук Уюш­ту­руу бю­ро­су­нун ал­дын­да­гы Коо­пе­ра­ция­лык ке­ңеш­ме­нин мү­чө­сү ка­та­ры Ж. Абд­рах­ма­нов, М. Ка­менс­кий, Буров-Петров, Р. Кудайкулов ж. б. ме­нен биргелешип Кыр­гыз­стан­дын ай­ма­гын­да ал­гач­кы коо­пе­ра­ция­лык чарбаларды уюш­ту­руу­га шы­ма­ла­на ки­риш­ет. Ошондон көп өтпөй эле аны Уюш­ту­руу бю­ро­су­нун пре­зи­диу­му 1924-жыл­дын 8-де­каб­рын­да­гы отурумунда Ка­ра Кыр­гыз об­лус­тук Жер бөлүмүнүн баш­чы­лы­гы­на ча­кы­руу жө­нүн­дө че­чим ка­был алат. Ишбил­ги ади­си­нен ай­рыл­гы­сы кел­бе­ген Всекобанк­тын же­тек­чи­ли­ги Уюш­ту­руу бю­ро­су­на А. Жумагуловду банк ишин­де кал­ты­руу өтү­нү­чүн бил­дир­ген кат жө­нө­төт. Алим­кул­дай же­тек­чи-адис­тин жа­ңы­дан ую­шу­луп жат­кан ав­то­но­мия­луу об­лус­ка кан­ча­лык ке­рек бол­го­ндугун ушун­дан би­ли­ңиз, Уюш­ту­руу бю­ро­су­нун пре­зи­диу­му 1924-жыл­дын 13-де­каб­рын­да­гы отурумунда, Все­ко­банк­тын ка­ты­на жооп кы­лып, А. Жумагулов жө­нүн­дө­гү мур­да­гы че­чи­мин кү­чүн­дө кал­ты­рат. Ошен­тип, Алим­кул 1924-жыл­дын 15-де­каб­ры­нан тар­тып аде­ген­де Таш­кент­те, ан­дан соң Пиш­пек­те Кара Кыргыз автономиялуу об­лусунун Дыйканчылык башкармалыгынын баш­чы­сы бо­луп иш­теп, 1925-жы­лдын 27-30-мартында Пиш­пек­те өт­көн Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Со­вет­те­ри­нин I уюш­ту­руу съездине ка­ты­шат, съезддин де­ле­гат­тары аны ээлеген кызмат ордуна кай­ра шай­ла­шат. Би­рок ушул съездде не­гиз­ги же­тек­чи­лик кыз­мат­ орундарына да­йын­дал­бай ка­лышкан Ж. Абдрахманов, А. Сыдыков, Э. Арабаев, И. Айдарбеков сыяктуу дасыккан, би­лим­дүү со­вет­тик-пар­тия­лык кыз­мат­кер­лерге кас­та­рын тиккен Р. Кудайкулов өңдөнгөн ашын­ган жаат­чыл­дар­дын аз­гы­ры­гы­на ар­бал­ган Кы­робкомдун Ат­ка­руу бю­ро­су 1925-жыл­дын 14-ию­нун­да­гы М. Каменский тө­ра­га­лык кыл­ган отурумда (ага ошол кездеги облус жетекчилеринин дээрлик бардыгы: Саадаев, Буров-Петров, Оликов, Кудайкулов, Невлер, Орозбеков, Янгулатов, Поливанов, Шимко, Кекин, Сигин, Русин, Воронов, Тойчинов, Токбаев, Зульфибаев, Алиев, Бабаханов, Абуканов, Венжер, Ахметов, Аманбаев, Алимбеков, Жумагулов, Дербишевдер катышкан) «орун­суз да­йын­дал­ган» де­ген шыл­тоо менен Алим­кул­ду ээр­ден шы­пы­рып тү­шөт да, ор­ду­на ошол кез­де Ка­ра­кол ок­руг­дук ко­ми­те­ти­нин жооп­туу кат­чы­сы бо­луп иш­теп тур­ган Д. Ба­ба­ха­нов­ду отур­гу­зат. Кы­роб­ком­дун Ат­ка­руу бю­ро­су­нун ади­лет­сиз че­чи­ми­не наа­ра­зы бол­гон Алим­кул Кыр­гыз­стан­дын мур­да-ки­йин ар кан­дай же­тек­чи­лик кыз­мат­тар­да иш­теп ке­лиш­кен бел­дүү иш­мер­ле­рин кубаттап, Кы­роб­ком­дун ашын­ган сая­са­тын тиз­гин­дөө үчүн, 1925-жыл­дын 22-ию­нун­да РК(б)П БКга жа­на анын Ор­то Азия бю­ро­су­на жолдонгон катты даярдоого катышат. Кат­тын этегине кол койгондор­дун са­ны­на жа­ра­ша бул та­ры­хый до­ку­мент «отуз­чу­лар­дын ка­ты» деп ата­лып, ал эми ав­тор­ло­ру «отуз­чу­лар» де­ген ата­лыш­ка ээ бол­гон­у маалым. «Отуз­чу­лар» Кы­роб­ком­дун аким­дик-буйрук­чул сая­са­тын кес­кин сын­га алып: «Эгерде РК(б)П БКнын буй­рук­та­рын, чогулуштардын жана съезддердин че­чим­де­рин буз­ган, жер­ги­лик­түү жаг­дай­ды эс­ке ала ал­ба­ган об­комдун азыр­кы же­тек­төө­чү ядросу ал­маш­ты­рыл­ба­са, ан­да биз Кыр­гыз­стан­дын мын­дан ар­кы та­ры­хый жооп­кер­чи­ли­гин өзү­бүз­гө ал­баш үчүн, баары­быз­ды ээ­ле­ген кыз­мат­ орундарыбыз­дан ча­кы­рып алуу­ңар­ды та­лап кы­ла­быз!» – деп, өк­төм бил­ди­рүү жа­сашып, өз таг­дыр­ла­рын опур­тал­дуу сая­сат­тын та­ра­за­сы­на са­лып эк­чеп кө­рүү­гө ба­ты­ны­шат. Алар­дын мын­дай каш­көй иш-ара­ке­тин «отуз­чу­лар­дын» ка­тын те­риш­ти­рүү үчүн ата­йын Пиш­пек­ке келген ко­мис­сия (РК(б)П БКнын өкү­лү Зе­лик­сон, РК(б)П Бор­бор­дук контролдоо ко­мис­сия­сы­нын өкү­лү Ман­жа­ра, РК(б)П БКнын Ор­то Азия бю­ро­су­нун мү­чө­лө­рү: Пав­ловс­кий, Мав­лян­бе­ков, Ма­ме­дов) бай-ма­нап эле­мент­те­ри­нин пар­тия­ны бу­зуп-жа­руу­га жа­са­ган ара­ке­ти ка­та­ры ка­туу айып­тап, кат­ка кол кой­гон­дор­ду бол­со «ан­ти­пар­тия­лык жаат» деп каарып өтөт. «Отуз­чу­лар­дын» ка­тын жи­лик­те­ген ко­мис­сия­нын баян­да­ма­сы РК(б)П БКнын Ор­то Азия бю­ро­су­нун ат­ка­руу ко­мис­сия­сы­нын 1925-жыл­дын 29-ию­лун­да­гы отурумунда угу­луп, анын не­ги­зин­де «отуз­чу­лар­дын» ак­тив­дүү өкүл­дө­рү­нө ка­ра­та аёо­суз ча­ра­лар­ды кө­рүү жө­нүн­дө че­чим ка­был алы­нат. А. Сыдыков, Э. Арабаевдер пар­тия­нын ка­та­ры­нан сү­рү­лүп, И. Айдарбеков, А. Орозбеков, М. Янгулатов, К. Артыкбаев, Т. Кудайбергенов, К. Дербишев, С. Чоңбашовдорго катуу сөгүш, А. Жумагуловго сө­гүш бе­ри­лип, калгандары да «кара тизмеге» киргизилет. Ушундан көп узабай эле, Кы­роб­ком­дун Ат­ка­руу бю­ро­су­нун 1925-жыл­дын 8-ав­гус­тун­да­гы отурумунда, та­ба­сы кан­ган кар­шы та­рап Алим­кул­ду те­зи­нен эм­гек­тик өр­гүү­дөн ча­кыр­тып, тө­мөнүрөөк жумушка че­ге­рүү үчүн, Пиш­пек ок­руг­дук ко­ми­те­ти­нин ка­ра­ма­гы­на жө­нө­түү тууралуу че­чим чыгарат. Ошентип, 1921-жы­лы эле баш­тал­ган пар­тия­лык куу­гун­тук­тоо­нун уку­ру­гу кай­ра­дан ко­ңул­дан кыл­ты­йып баш багып, Түрк­стан К(б)П Борбордук контролдоо комиссиясынын Парткол­ле­гия­сы­нын 1924-жыл­дын 7-ок­тяб­рын­да­гы отурумунда ка­был алын­ган («кү­нөө­сү да­лил­ден­бе­ген­дик­тен, 1923-жыл­дын 4-ию­лу­нан тар­тып А. Жумагуловду пар­тия­нын анык мү­чө­сү деп эсеп­төө жө­нүн­дөгү») ток­том­дун то­кул­га­ны­на жыл айланбай жа­тып, Алим­кул­дун ба­шы­на ка­ра бу­лут ай­ла­на баш­тайт. Анын Ор­то Азия бю­ро­су­нан жо­гор­ку­дай жа­за алуу ме­нен эле «ку­ту­луп» ке­ти­шин каа­ла­ба­ган айы­гыш­кан кар­шы­лаш­та­ры Алим­кул­дун өт­мү­шү­нө бай­ла­ныш­кан ча­гым­чыл мү­нөз­дө­гү ма­те­риал­дар­ды ти­йиш­түү уюм­дар­га кир­ги­зи­шет. Жы­йын­ты­гы алар күт­көн­дөй бо­луп, 1925-жы­лы 3-сен­тябр­да Пиш­пек­те өт­көн «провт­рой­ка­нын» (үчил­тик текшерүү ко­мис­сия­сы) отурумунда Алим­кул­дун 1924-жыл­кы «улут­тук-мам­ле­кет­тик жик­теш­ти­рүү­лөр­гө чейин Кыр­гыз­стан­дын өз ал­дын­ча­лы­гын жак­та­ган­дар­дын иши­не ак­тив­дүү ка­тыш­кан­ды­гы­нан өй­дө эс­ке­ри­шип, «жаат­чыл­дык кү­рөш­төр­гө су­га­рыл­ган жат, ту­рук­суз эле­мент ка­та­ры» аны экин­чи жо­лу пар­тия­дан чы­га­ры­шат. Акый­кат­тык из­деп Кыр­гыз об­лус­тук контролдоо ко­мис­сия­сы­нын Парткол­ле­гия­сы­на арыз­дан­ган Алим­кул­дун үмү­тү таш каап, Парт­кол­ле­гия 1925-жыл­дын 8-ок­тяб­рын­да­гы отурумунда «провт­рой­ка­нын» ток­то­мун ырас­та­ган че­чимди ка­был алып таштайт. Ушул эле кү­нү аны Кыр­гыз автономиялуу об­лусунун Дыйканчылык баш­кар­ма­лы­гы­нын баш­чы­сы­нын жар­дам­чы­лы­гы­на че­ге­ри­шет.

Оор жумуштар­ колу-бутун тушап койсо да, чарчадым-чаалыктым дебей, өзү­нүн пар­тия­дан не­гиз­сиз ай­дал­га­нын кө­шө­рө да­лил­де­ги Алимкул м-н Пашахан-1(1) си кел­ген өжөр­лү­гү­нөн, анан да жа­ңы жаа­ган кар­дай ак­ты­гы­нан улам утуш­ка ээ бо­ло­ру­на ымыр­кай­дай ынан­ган Алим­кул Моск­ва­га, РК(б)П Борбордук контролдоо комиссиясына, арыз жол­дойт. 1926-жы­лы кышында ата­йын Пиш­пек­ке са­пар­чы­лап кел­ген РК(б)П Борбордук контролдоо комиссиясы (Мит­ро­фа­нов, Ман­жа­ра ж. б.) 15-фев­рал­да­гы отурумунда А. Жумагуловдун ары­зын ка­рап чы­гып, анын ак­ты­гы­на кө­зү жет­кен соң, пар­тия­луу­лу­гун ка­лы­бы­на кел­тир­ген бү­түм чы­га­руу­га ар­га­сыз бо­лот. Алим­кул­дун «бор­бор­до­гу­лар­га» арыз­дан­ган­ды­гы­на те­ри­гиш­кен­би, ай­тор, Кыр­гыз облустук контролдоо комиссиясынын Парт­кол­ле­гия­сы 1926-жыл­дын 14-ию­нун­да­гы оту­ру­мун­да кол ас­тын­да иш­те­ген Ор­ле­нин де­ген не­ме­ни же­ме­леп, об­лустук ат­каруу комитети ме­нен Пиш­пек ок­ругдук жер ке­ңеш­ме­си­нин да­ре­ги­не сын ай­тып кой­гон­ду­гун шыл­тоо­лоп, «пар­тия­нын жа­на об­латкомдун бе­де­лин тү­шүр­гөн­дү­гү үчүн» Алим­кул­га сө­гүш бе­рет. Ал эми 1927-жы­лдын 7-12-мартында өт­көн Кыр­гыз АССРнин Со­вет­те­ри­нин I съездинде Кыр­гыз АССРи тү­зүл­гөн­дү­гү рас­мий түр­дө жа­рыя­лан­ат. Ошондон көп өт­пөй, Алим­кул Кыр­гыз АССРнин Дыйканчылык боюнча эл ко­мис­са­ры­нын 1927-жылдын 30-март­ында­гы буй­ру­гу ме­нен 1927-жыл­дын 1-ап­ре­ли­нен тар­тып эм­гек акы­дан кол жууп, Кыр­гыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин ка­ра­ма­гы­на жө­нө­тү­лөт. Эки күн­дөн ки­йин Кы­роб­ком­дун Ат­ка­руу бю­ро­су Алим­кул­ду Жа­ла­л-А­бад кан­тон­дук жер бө­лү­мү­нүн баш­чы­сы жа­на жер­ге жай­гаш­ты­руу пар­тия­сы­нын же­тек­чи­си кы­лып да­йын­дайт. Ал эми жа­рым жыл­дан ки­йин, 12-ноябр­да, Кыр­гыз АССРнин Борбордук аткаруу комитети жер-суу ре­фор­ма­сын жүр­гү­зүү жө­нүн­дө дек­рет ка­был алат да, Кыр­гыз­стан­дын түш­тү­гүн­дө жер-суу ре­фор­ма­сын жүр­гү­зүү­нүн экин­чи эта­бы баш­та­лат. Алим­кул­ду ус­та­ты, жер­де­ши ка­та­ры ка­дыр­ла­ган Тө­рө­кул Айт­ма­тов (ошол кез­де Жа­ла­л-А­бад кант­ондук ко­митетинин кат­чы­сы бо­луп жа­ңы­дан иш­тей баш­та­ган) Жа­ла­л-А­бад кан­то­нун­да жер-суу ре­фор­ма­сын жүр­гү­зүү боюн­ча ко­мис­сия­нын тө­ра­га­сы ка­та­ры ре­фор­ма­лоо­нун пла­нын иш­теп чы­гат. Кыя­зы, бул иш­те таж­рый­ба­луу-уюш­тур­гуч адис ка­та­ры Алим­кул өзү­нөн туптуу­ра он жаш ки­чүү кай­ни­си­не (Алим­кул­дун зайыбы Па­ша­хан кара-бууралык Кор­чу­бек болуштун кы­зы болгондуктан Т. Айтматов, Э. Эсенамановдор Алим­кул­ду «жез­де» де­шип, үйү­нө үз­бөй кат­тап ту­руш­чу экен) опол тоо­дой ти­рек бол­гон ок­шойт. Анткени бир жылдын ичинде эле Жалал-Абад кантонундагы кедейлер менен чайрыкерлердин кыйласынын турмуш шарты оңолуп, саясий активдүүлүгүнүн артышы, басмачылар кыймылынын басаңдашы ушундайча ой жорууга түрткү берет. Ба­са, жер-суу ре­фор­ма­сы ий­ги­лик­түү аяк­та­ган­дан ки­йин, 25 жа­шын­да Тө­рө­кулдун тун уулу (зал­кар жа­зуу­чу Ч. Айт­ма­тов) жарык дүйнөгө келгенде, жен­тек тоюна кү­йөө­сү Алим­кул экөө кут­тук ай­тып ба­рыш­кан­ды­гын Па­ша­хан бай­би­че кө­зү ти­рүү­сүн­дө жак­шы күн­дөр­дөн бир элес ка­та­ры эс­ке­рип кал­чу де­шет көр­гөн-бил­ген­дер.

Т. Айтматов ме­нен эки жыл­дай эриш-ар­как иш­теш­кен соң, 1929-жы­лдын ян­варь айын­да өт­көн об­лус­тук парт­иялык кон­фе­рен­ция­дан ки­йин, Алим­кул Ош ок­руг­дук жер бө­лү­мү­нүн баш­чы­лы­гы­на да­йын­да­лат. Ал эми Т. Айтматов бол­со ошол эле жыл­дын эте­гин­де Фрунзеге (1926-жылдан баштап Пишпек деген аталыш Фрунзе делип өзгөртүлгөн) кө­чүп ке­лип, Кыр­гыз АССРнин Өнөр жай жа­на соо­да эл ко­мис­са­ры бо­луп иш­теп ка­лат. Алим­кул­дун со­вет­тик-пар­тия­лык тап­шыр­ма­лар­ды кын­тык­сыз ат­ка­рып кел­ген­ди­гин эс­ке алган Фрунзедеги же­тек­чи­лер 1930-жыл­дын 30-ап­ре­ли­нен тар­тып аны Кыр­гыз АССРнин II чакырылыштагы Борбордук Аткаруу Комитетинин (ал кезде БАКтын Пре­зи­диу­му­на А. Орозбеков тө­ра­га­лык кылган) мү­чө­сү кылып бе­ки­ти­шет. Ушун­дан көп уза­бай, Ош ок­руг­дук ко­ми­те­ти­нин жа­на Ош ок­руг­дук контролдоо ко­мис­сия­сы­нын же­тек­төө­чү ку­ра­мын тек­ше­рүү боюн­ча ко­мис­сия (аны ошол убак­та Кы­роб­ком­дун жооп­туу кат­чы­сы бо­луп иш­те­ген Т. Ток­баев же­тек­те­ген) өзү­нүн 1929-жыл­дын 1-ию­лун­да­гы отурумунда Алим­кул­га «ок­руг­дук ко­ми­тет­тин көр­сөт­мө­лө­рүн өз уба­гын­да ат­кар­ба­ган­ды­гы үчүн» эс­кер­түү бе­рип, аны Ош­то­гу жи­бек иш­те­түү­чү фаб­ри­ка­нын ячей­ка­сы­на бе­ки­түү­нү Ош ок­руг­дук ко­ми­те­ти­не тап­шы­рат. Революциянын ал­гач­кы жыл­да­рын­да Олуя-А­та­да ийин­де­ше иш­теш­кен бир кез­де­ги таламдашы Т. Токбаев ти­гин­тип эс­кер­түү бе­рип ат­кан соң, баш­ка­лар тим жат­па­ган­бы, ай­тор, 1930-жы­лдын 27-сен­тябрын­да Ош ок­руг­дук контролдоо ко­мис­сия­сы «1929-жыл­да­гы дан даяр­доо­до пар­тия­нын сая­са­тын бур­ма­ла­ган­ды­гы жа­на кыз­мат­ка өзү­нүн жа­кын­да­рын ал­ган­ды­гы үчүн» Алим­кул­ду пар­тия­дан чы­га­рат. Ушу­ну ме­нен БК(б)Пдан үчүн­чү жо­лу не­гиз­сиз чы­га­ры­лып жат­ка­ны­на күй­бө­гөн же­ри күл бол­гон Алимкул Кыр­гыз облустук контролдоо комиссиясына арыз­да­нып, 1930-жы­лдын 27-ноябрын­да өзү­нүн кү­нөө­сүз экен­ди­гин до­ку­мент­тер­дин не­ги­зин­де таз­маң­дай­га чап­кан­дай тас­тык­тап бе­рет да, аш­ке­ре са­бат­туу­лу­гу­нун аркасында пар­тия­нын ка­та­рын­да кал­ты­ры­лат.

Ошол жы­лы кү­зүн­дө Ста­лин, Мо­ло­тов, Ка­га­но­вич – үчөө БК(б)П БКнын Ор­то Азия бю­ро­су­на (Зе­ленс­кий­ге, Ик­ра­мов­го, Бау­ман­га) ордер Ор­то Азия боюн­ча 28 миллион пуд пах­та бе­рүү­нү мил­дет­тен­дир­ген (мурда белгиленген план боюнча Орто Азия аймагы 26 миллион пуд пахта берүүгө милдеткер эле) те­лег­рам­ма жө­нө­төт. Ле­нин­дик сая­сат­ты (Эсиңизде болсо, 1921-жылы РК(б)Пнын X съездинде жаңы экономикалык саясат жөнүндө чечим кабыл алынып, ага ылайык жеке менчик чарбалар, ишканалар уюшулуп, өлкө аймагында рынок экономикасынын механизмдери кадимкидей иштей баштаган эле.) бур­ма­лап, ор­ток чар­ба­лар­ды уюш­ту­руу­нун на­тый­жа­сын­да ан­сыз да очо­ру­луп кал­ган Өз­бек­стан, Кыр­гыз­стан сыяк­туу рес­пуб­ли­ка­лар­га мын­дай акыл­га сый­ба­ган көр­сөт­мө­нү ат­ка­руу аб­дан эле кы­йын­га тур­га­н. Дал ушун­дай кый­ча­лыш кыр­даал­да, 1930-жы­лдын ноябрын­да, Алим­кул­ду Ош­тон Пиш­пек­ке Кыр­гыз­пах­та­союз­дун тө­ра­га­сы­нын орун ба­сар­лы­гы­на ча­кыр­тып алы­шат. Би­рок аны жа­ңы кыз­мат­ ордунда бир жыл­ча да иш­тет­пей туруп, Кы­роб­ком­дун секретариатынын 1931-жыл­дын 11-фев­ра­лын­да­гы че­чи­ми­нин не­ги­зин­де «жы­йыр­ма беш­ миңинчи­лер­дин» (Тарыхчы-архивист Төлөгөн Абдыкаровдун айтымында, БК(б)П БКнын 1929-жылдын ноябрь айындагы пленумунда кабыл алынган резолюцияга ылайык, орток чарбаларды өнүктүрүү максатында өлкө чегиндеги бардык колхоз-совхоздор менен жергиликтүү бирикмелерге уюштуруучулук тажрыйбасы мол, саясий көз карашы жетик 25 миңдей жумушчу-кызматкер жөнөтүлгөн. 1930-жылдын башында эле Кыргызстанга Москва, Ленинград шаарларынан эки жүздөй «жыйырма беш миңинчи» келип, өлкөнүн ар кыл тармактарында орун-очок алышкан.) катарында мын­дан ары ра­йон­дук жу­муш­тар­да иш­те­син де­шип, Кы­зыл­-Кыя ра­йо­н­дук пах­та өндүрүү коо­пе­ра­ти­ви­нин баш­чы­сы кы­лып да­йын­да­шат. Ал жак­та 1,5 жыл­дай иш­те­ген­ден ки­йин, 1933-жыл­дын ба­шын­да, Алим­кул Та­лас ра­йон­дук жер бө­лү­мү­нө иш­ке ко­то­ру­лат. Ушул жыл­дын 13-ма­йын­да Кыр­гыз­стан­дын 1932-жы­лы мам­ле­кет­ке эгин тө­гүү пла­нын ат­кара албай кал­ган­ды­гы­на бай­ла­ныш­туу БК(б)П БК «Кыр­гыз­стан­да эгин­дин ысы­рап­та­лы­шы жа­на жок кы­лы­ны­шы жө­нүн­дө» ата­йын ток­том ка­был алат. Анын не­ги­зин­де 1933-жы­лдын сен­тябрын­да Кы­роб­ком­дун 1-кат­чы­сы А. Шах­рай ме­нен Кыр­гыз АССРнин Эл ко­мис­сар­лар со­ве­ти­нин тө­ра­га­сы Ж. Абд­рах­ма­нов кыз­мат ордунан кол жууп, пар­тия­дан чы­га­ры­лат. Ал эми ага че­йин, 9-май­да А. Сы­ды­ков, 11-май­да Э. Ара­баев ка­мак­ка алы­нат...

(уландысы бар...)


Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-11-2014
«Кызыл террор» курмандыгы (уландысы)
13501

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×