Добавить статью
3:30, 6 ноября 2014 31553

«Кызыл террор» курмандыгы (уландысы)

(уландысы...)

Тээ 1932-жы­лы эле Башкы саясий башкармалыктын ор­ган­да­ры та­ра­бы­нан ой­лонуп та­был­ган «ан­ти­со­вет­тик Со­циал-Ту­ран пар­тия­сы­нын» «са­ры изи­не чөп са­луу» аракети ушул жы­лы ка­дим­ки­дей күч алып, «улут­чул­дар» ме­нен «контр­ре­во­лю­цио­нер­лер­ди» эми ра­йон­дор­дон из­дей баш­та­шат. БК(б)П Кы­роб­ко­му 1933-жы­лы 22-июн­да Та­лас райондук комитетине пар­тия­лык же­тек­чи­лер жө­нүн­дө мү­нөз­дө­мө бе­рүү­сүн су­ран­ган те­лег­рам­ма жө­нө­төт. Ага жооп кы­лып, Та­лас рай­ко­му­нун уюш­ту­руу бө­лү­мү­нүн баш­чы­сы Смир­нов 1933-жы­лы 2-ав­густ­та Кы­роб­ком­го Та­лас ра­йон­дук жер бө­лү­мү­нүн баш­чы­сы Алимкулду «улут­чул, жаат­чыл, па­ра­кор, ара­кеч» деп ка­ра­ла­ган мү­нөз­дө­мө жол­доп, «Жу­ма­гу­лов­ду ал­маш­ты­руу за­рыл» де­ген су­ну­шун кошо берет. Ушун­дан туп­туу­ра он ай­дан ки­йин, 1934-жы­лы 13-июн­да, Та­лас райко­мунун бю­ро­су Та­лас ра­йо­ну­нун Ке­ң-А­рал кол­хо­зу­нун баш­кар­ма­лы­гы­нын тө­ра­га­сы бо­луп бол­го­ну төрт эле ай иш­те­ген Алим­кул­ду «жаз­гы ай­дап-се­бүү компаниясында 40 гек­тар­га се­бил­ген кай­ра­кы эгин мөн­дүр­гө урун­ду деп МТСтин сая­сий бө­лү­мүн ал­доо­го ара­кет­тен­ген­ди­ги», «сот­тол­гон ку­лак эле­мент­те­ри Са­ты­ку­лов Жу­суп­бек ме­нен Чо­коев Нур­ка­лык­ты жа­шыр­ган­ды­гы жа­на алар ме­нен бай­ла­ныш­кан­ды­гы», «иш­ти үз­гүл­түк­кө учу­рат­кан­ды­гы жа­на су­гат кам­па­ния­сын соз­дук­ту­руп, та­ме­ки эгүү­нү то­лук кый­роо­го че­йин жет­кир­ген­ди­ги», «ра­йондук ат­каруу комитетинин эт тө­гүү жө­нүн­дө­гү ток­то­мун ат­ка­руу­дан баш тарт­кан­ды­гы», «иш­тин жү­рү­шү­нөн ка­бар бе­рип ту­руу боюн­ча МТСтин көр­сөт­мө­сүн то­гот­по­гон­ду­гу » үчүн пар­тия­дан чы­га­рып, иш­тен бо­шо­тот. Анан да, баш­ка­лар­га са­бак бол­сун деп, ишин сот­ко өт­кө­рүп, мын­дан ары пар­тия ме­нен өк­мөт­тү ал­да­ган­дар ка­туу жа­за­га ки­рип­тер бо­лу­ша­рын эс­кер­тет. Бю­ро мү­чө­лө­рү­нүн ушун­дай ади­лет­сиз че­чи­ми­нен ки­йин, 1934-жы­лы 27-июн­да, Башкы саясий башкармалыктын иш­те­ри боюн­ча сая­сий бө­лүм­дүн баш­чы­сы­нын орун ба­са­ры Ра­ху­бов Та­лас рай­ко­мунун жо­го­ру­да­гы айып­тоо­ло­ру­на «да­йы­ма ич­ки­лик ич­кен­ди­ги үчүн» де­ген жа­лаа­ны ко­шум­ча­лап, Алим­кул­ду РСФСРдин Кыл­мыш-жаза ко­дек­си­нин 58-бе­ре­не­си­нин 1-пунк­ту боюн­ча жа­за­ла­мак­чы бо­лот. Кыязы, тер­гөө­нүн жү­рү­шүн­дө уруп-со­гуу сыяк­туу ыра­йым­сыз ык­ма­лар кол­до­нул­са ке­рек го: Алим­кул 30-июн­да­гы су­рак ка­газ­ына, «өзүм­дү кү­нөө­лүү­мүн деп эсеп­тейм» де­ген жа­зуу­нун ту­шу­на, ий­ре­лең­де­тип ко­л коюп бе­рип­тир. Бир ай­дан соң, 28-июл­да, Ке­ң-А­рал кыш­та­гын­да Та­лас ра­йо­ну­нун Эл­дик со­ту­нун көч­мө жы­йы­ны Алим­кул­дун ишин ка­рап, айы­бы ачыл­ба­ган­дык­тан, аны ак­та­ган өкүм чы­га­рат. Сот­тун мын­дай че­чи­ми­не куй­ка­сы ку­руш­кан ча­гым­чыл­дар Кы­роб­ком­го «кол­хоз­го тор­пок са­тып алуу­га жа­на та­ме­ки са­рай­дын ку­ру­лу­шу­на Та­лас мам­ле­кет­тик бан­кы­нын ра­йон­дук бө­лүм­дө­рү­нөн алын­ган 2220 рубл­ди ко­ром­жу­га учу­рат­ты» де­ген не­гиз­сиз доо­мат­тар­ды кам­ты­ган то­го­лок арыз­дар­ды жө­нө­тү­шөт. Ама­лын таап эп­теп Алим­кул­дун кө­зүн та­за­лай ал­бай жүр­гөн Кы­роб­ком­дун өкү­лү Табов Та­лас ра­йо­ну­нун про­ку­ро­ру Ай­де­ми­ров­дон жо­гор­ку фак­ты боюн­ча Алимкул Жумагуловду кыл­мыш жоо­бу­на тар­туу­ну өтү­нөт. Жо­гор­тон кел­ген буй­рук­тар­ды кың де­бей ат­ка­руу­га же­деп ма­шык­кан про­ку­рор Эл­дик сот­тун Алим­кул­га ка­ра­та чы­гар­ган өкү­мүн жок­ко чы­га­рып, иш­ти кай­ра ка­роо­го бе­рүү­сүн су­ра­нып, Кыр­гыз АССРнин Баш­кы со­ту­нун Кас­са­ция­лык кол­ле­гия­сы­на арыз (про­тест) жолдойт. 1935-жыл­дын 28-ап­ре­лин­де райп­ро­ку­рор­дун арызын ка­ра­ган Кас­са­ция­лык кол­ле­гия (төрагасы: Ку­ла­гин; мүчөлөрү: Сер­геев, Чур­кин) Та­лас ра­йо­ну­нун Эл­дик со­ту­нун өкү­мүн туу­ра деп та­бат. Баш­кы сот та­ра­бы­нан ак­тал­га­ны­на ка­ра­бас­тан, Алим­кул­дун Кыр­гыз АССРнин Парт­кол­ле­гия­сы­на жи­бер­ген (пар­тия­луу­лу­гун те­риш­ти­рүү­нү тез­де­түү, ошол те­риш­ти­рүү­лөр­гө өзүн да ча­кы­рып коюу жө­нүн­дө­гү) арыз­да­ры (би­рин­чи­си 1935-жы­лы 3-ок­тябр­да, экин­чи­си 20-ноябр­да жө­нө­түл­гөн) ка­рал­бай, улам ки­йин­ки­ге жыл­ды­ры­лып, өл­кө­дө­гү соң­ку окуя­лар апаат жыл­дар­дын ай­ба­тын сез­ди­рип тур­ган туш­та, 1935-жыл­дын нояб­рын­да, ра­йон­до­гу «би­лер­ман­дар» Алим­кул­ду Жоон-Дө­бө сов­хо­зу­нун №4 фер­ма­сы­нын баш­чы­сы кы­лып да­йын­да­шат. Пар­тия­дан чы­га­ры­лып, бир жыл­дан ашуун уба­кыт иш­сиз жү­рүп кал­ган, рес­пуб­ли­ка­лык дең­гээл­де­ги олут­туу иш-ча­ра­лар­ды уюш­ту­руу­га жөндөмдүү мам­ле­кет­тик иш­мер­ди (мазактагансып) ушун­дай жу­муш­ка че­ге­риш­ке­ни аз кел­ген­сип, кай­да­гы бир ниети бузук сов­хоз ди­рек­то­ру­нун Алим­кул­ду «ич­ки­лик ичип кетип, иш­те­бей кой­ду» деп ке­лиш­ти­ре шы­ба­га­ны­на ти­ме­ле жа­ның ка­шаят.

Москвага кат Жу­ма­гул мол­до­нун өмү­рү ич­ки­лик­ке жо­ло­бо­гон ны­сап­туу уу­лун «баш кө­төр­бөй кул­ку­ну­на куй­ган­ды­гы үчүн» фер­ма баш­чы­лы­гы­нан бо­шо­туш­кан­дан ки­йин, 1936-жы­лы 17-март­та, Алим­кул Кыр­гыз АССРнин Парт­кол­ле­гия­сы­нын ча­кы­руу­су боюн­ча Фрун­зе­ге ке­лет. Бирок ошол эле күнкү кол­ле­гия­да анын пар­тия­луу­лу­гун ка­лы­бы­на кел­ти­рүү да­ла­ла­ты тек­ке кетет. Ал эми май айын­да «Кы­зыл Кыр­гыз­стан» ге­зи­ти­не Парт­кол­ле­гия­нын «Жу­ма­гу­лов Алим­кул ку­лак эле­мент­те­ри ме­нен бай­ла­ныш­кан­ды­гы жа­на ар да­йым ич­ки­лик ич­кен­ди­ги үчүн пар­тия­дан чы­га­рыл­сын» де­ген чечими жа­рыя­ла­нат. Бул че­чим­ди ошол жай­да пар­тия­нын ка­та­рын та­за­лоо­нун жы­йын­тык­та­рын тек­ше­рүү боюн­ча ата­йын Кыр­гыз­стан­га кел­ген БК(б)П БКнын ко­мис­сия­сы да ырас­тайт. Ак­ты­гы­нан улам, акы­ры акый­кат­тык­тын босогосун ат­тайм го де­ген үмүт­тө Алим­кул сен­тябрда Фрун­зе­де­ги Парткол­ле­гия­га доо арызы ме­нен кай­радан­ кай­ры­лат. Ошон­до Парткол­ле­гия­нын отурумуна тө­ра­га­лык кыл­ган Фир­сов де­ген эр­гул: «1918-жыл­дан 1919-жыл­га че­йин сол­чул эсер­лер пар­тия­сы­нын ка­та­рын­да жүр­сө­ңүз, «отуз­чу­лар» жаа­ты­нын ка­ты­шуу­чу­су бол­со­ңуз, пар­тия­дан үч жо­лу чы­га­ры­лып, үч жо­лу кайра алынсаңыз, эки жо­лу сө­гүш ал­са­ңыз, анан кан­тип сиз­ди пар­тия­да кал­ты­руу­га бо­лот?!» – деп, жы­лан­дын ба­шын кыл­тый­тат. Пар­тия­луу­лу­гу жө­нүн­дө­гү ма­се­ле­нин төр­кү­нү кай­да жат­ка­нын эми га­на мык­тап тү­шүн­гөн Алим­кул, Кыр­гыз­стан­дын ай­ма­гын­да ка­лып иш­төө­гө мүм­күн­чү­лүк бе­рбей, бар­дык жер­де куу­гун­тук­тай бе­риш­кен­дик­тен, кеч күз­дө Ка­зак­стан­га ке­түү­гө ар­га­сыз бо­лот. Ал жак­та­гы­лар Алим­кул­дун Ка­зак­стан­да со­вет бий­ли­гин ор­но­туу­га кош­кон үл­көн са­лы­мын эс­ке алы­шып, аны Мир­зоян ра­йондук аткаруу ­ко­митетине иш баш­ка­руу­чу­лук кыз­мат­ ордуна да­йын­да­шат.

Мас­са­лык реп­рес­сия­лоо­лор­дун кан­дуу чең­гели­нен эсен-соо ку­ту­луп, Ата жур­ту­на ак кыз­мат кы­луу­су пар­тия­луу­лу­гу­на бай­ла­ныш­туу экен­ди­ги­не бөр­күн­дөй ишен­ген кы­раа­кы экс-большевик 1937-жы­лы 5-май­да БК(б)П БКнын алдындагы Партиялык контролдоо комиссиясынын тө­ра­га­сы Яков­лев­ге кат жолдоп, ан­да Ста­лин­дин 1937-жыл­дын 5-мар­тын­да­гы БК(б)П БКнын пле­ну­мун­да сүй­лө­гөн сө­зү кай­ра­дан дат­та­нуу­га түрт­кү бер­ге­нин, өзү­нүн пар­тия­дан туу­ра эмес чы­га­рыл­га­нын ар­гу­мент­тер ме­нен ай­ги­не­леп, пар­тия­луу­лу­гун ка­лы­бы­на кел­ти­рүү мүм­күн­чү­лү­гүн да­гы бир жо­лу тал­куу­лоо­сун өтү­нөт. Бирок дээрлик бир ай бою Моск­ва­да­гы­лар­дан куш ти­лин­дей да­гы жооп келбегендиктен, тынч­сыз­дан­ган Алим­кул 1937-жы­лы 2-июн­да БК(б)П БКнын алдындагы Партиялык контролдоо комиссиясына (Пар­тия­лык контролдоо ко­мис­сия­сы та­ра­бы­нан ка­был алын­ган ча­ра­лар жө­нүн­дө өзүнө ка­бар­лап коюу­ну су­ра­нып) экин­чи ирет кат жол­дойт. Бир ай­дан ки­йин, 3-июл­да, БК(б)П БКнын пар­тия­лык «кө­сөм­дө­рү» Кыр­гыз АССРнин Парт­кол­ле­гия­сы­на А. Жумагуловдун ишин Фрун­зе­де өтө тур­ган пар­тия­лык «трой­ка­нын» ке­зек­те­ги көч­мө жы­йы­нын­да угуу­га даяр­доо­ну өтүн­гөн те­лег­рам­ма жи­бе­рет. Арий­не, мас­са­лык жа­за­лоолор­­дун араа­ны жү­рүп жат­кан мез­гил­де, өт­мү­шү «шек­түү» миң­де­ген со­вет­тик кыз­мат­кер­лер сыяк­туу эле, Алим­кул­дун да пар­тия­луу­лу­гу боюн­ча ма­се­ле оңу­нан че­чи­ли­ши өтө кү­мөн эле. Анын үс­тү­нө, 1937-жы­лы 4-сен­тябр­да Кыр­гыз ССРнин Ич­ки иш­тер эл ко­мис­са­ры Чет­вер­та­ков кыз­мат­тан чет­те­ти­лип, баш­кы жа­соол­дук­ка кы­лы­чы­нан кан там­ган Лоц­ма­нов­дун ке­ли­ши Кыр­гыз­стан­да сая­сий тер­рор­дун ке­ңи­ри ку­лач жа­йы­шы­на ың­гай­луу шарт тү­зүп таш­тайт. Ушун­дан бир күн му­рун, 3-сен­тябр­да, Ка­зак­стан­дын Мир­зоян ка­лаа­сын­да Алим­кул «Кыр­гыз­стан­да­гы «Со­циал-Ту­ран пар­тия­сы» ат­туу ан­ти­со­вет­тик улут­чул уюм­дун ак­тив­дүү ка­ты­шуу­чу­су» де­ген шек ме­нен Кыр­гыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын Мам­ле­кет­тик кооп­суз­дук баш­кар­ма­лы­гы та­ра­бы­нан ка­мак­ка алы­нып, Фрунзедеги түрмөдө кармалат. Алимкулдун «Социал-Туран партиясынын» мү­чө­сү ка­та­ры бе­ти ачыл­ган­ын» Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгынын 3-бө­лү­мү­нүн на­чаль­ни­ги ка­пи­тан Ива­нов Парт­кол­ле­гия­нын кат­чы­сы Ду­да­рев­ге 5-де­кабр­да бил­ди­рет. Анын не­ги­зин­де Парт­кол­ле­гия­нын тер­гөө­чү­сү Го­рин 18-де­кабр­да Алим­кул­дун ары­зын өн­дү­рүш­төн алып таш­тап, өздүк көктөмөсүн ар­хив­ге өт­кө­рөт. 12 күн­дөн ки­йин Ички иштер эл комиссариатынын «трой­ка­сы» РСФСРдин Кыл­мыш ко­дек­си­нин 58-бе­ре­не­си­нин 10, 11-пункт­та­ры боюн­ча А. Жумагуловду эң жогорку жазалоо чарасына – атуу­га жа­на үй мүл­күн кон­фис­ка­ция­лоо­го өкүм чыгарат. Өкүм 1938-жылы 14-январда ат­ка­рылат. (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети берген архивдик маалым катта (2013-жылдын 3-октябры, №Т-1498) “Архивдик кылмыш ишинин материалдарында А. Жумагулов 1945-жылдын 10-майында ашказан жарасынан каза болгон деген маалымат бар” деп айтылат. Менимче, муну Ички иштер эл комиссариатынын кандуу ишке катышы бар кызматкерлери “артын тазалоо” максатында кылмыш ишинин материалдарына кошуп коюшса керек.) Андан бери арадан 75 жыл өтсө да, маркумдун сөөгү кайда көмүлгөндүгү бизге дале бел­ги­сиз.

Алим­кул ка­мак­ка алын­ган­да, 11 жа­шар асы­ран­ды кы­зы Бу­рул­ча ме­нен 3 ай­лык пер­зен­ти Зу­лайка­нын ка­шын­да боз­доп-сыз­дап ка­ла бер­ген бол­го­ну 28 га­на жаш­та­гы за­йы­бы Па­ша­хан Ки­ров ра­йо­ну­нун Са­коо кыш­та­гын­да­гы там-та­шын таш­тап, тек-жайын жаап-жашырып, ай­тым­га ка­ра­ган­да, Аксы та­рап­та чие­дей бал­да­ры ме­нен эп­теп баш кал­ка­лоо­го ар­га­сыз бо­луптур. Алим­кул­дун ба­гуу­сун­да­гы­лар эле эмес, жа­кын туу­ган­да­ры, дос-та­мыр­ла­ры да куу­гун-сүр­гүн­дөр­дөн оо­лак ка­лыш­пап­тыр. Жал­гыз ини­си Ысак ка­ра ба­шын кал­ка­лап На­рын тарапка ка­чуу­га маж­бур бол­со, жа­тын­даш карында­шы Бат­ма ме­нен кү­йөө ба­ла­сы Сол­то уул-кыздарын (Кимбилет, Мырзабү) же­те­леп Та­лас­тан Чүй­гө жөө-жа­лаң­дап ооп ке­лишип­тир. Алим­кул­дун ошол жыл­да­ры Бу­дён­ный райондук ко­митетинде кат­чы бо­луп иш­те­ген Кө­бө­нов Ка­дыр­кул де­ген тыңчыкма туу­га­ны абак­ка ай­да­лып, баш­ка жа­кын­да­ры­нан со­вет­тик-пар­тия­лык ар кан­дай кыз­мат­тар­да иш­те­ген­де­ри да куу­гун­тук­та­лы­шып, ай­рым­да­ры ай­ла кет­кен­де жер ко­то­руу­га че­йин ба­ры­шып­тыр.

1940-жылдын 25-июнунда Кыргыз ССРнин Атайын иштер боюнча прокуратурасы Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын “тройкасынын” 1937-жылдын 30-декабрындагы өкүмүн кайра карап, күчүндө калтырат. Ал кезде кандуу репрессиялардын аягы тыйыла элек эле. Алим­кулга жана анын ар­тын­да кал­ган­дар­га ка­ра­та жа­сал­ган ка­таал ма­ми­ле Союзду кыңк эттирбей тескеген легендарлуу Иосиф Виссарионович Джугашвили жалган дүйнө менен түбөлүк кош айтышкандан ки­йин га­на жум­шар­га­ны маалым.

1957-жылдын 16-мартында Кыр­гыз ССРнин Фрун­зе об­лус­тук со­ту «Алимкул Жумагуловду айып­тоо боюн­ча иш­ти ка­рап чы­гып, кү­нөө­сү да­лил­ден­бе­ген­дик­тен, Кыр­гыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын «трой­ка­сы­нын» 1937-жыл­дын 30-де­каб­рын­да­гы өкү­мүн жок­ко чы­га­рат. Ал эми 1958-жы­лдын 25-ап­релин­де Алимкул Жумагуловдун сот ор­ган­да­ры та­ра­бы­нан акталган­ын эс­ке алып, Кыр­гыз ССРнин К(б)Псынын Фрун­зе об­лус­тук комитетинин бю­ро­су анын пар­тия­луу­лугун ка­лы­бы­на кел­ти­рет. Ал эми 36 жыл­дан ки­йин 1994-жыл­дын 27-ма­йын­да­гы «Сая­сий, ди­ний ише­ним­де­ри үчүн реп­рес­сия­ла­нуу­нун на­тый­жа­сын­да со­циал­дык, улут­тук ж. б. бел­ги­ле­ри боюн­ча жа­быр­ка­п, ак­тал­ган жа­ран­дар­дын укук­та­ры жа­на ке­пил­дик­те­ри жө­нүн­дөгү» Кыр­гыз Рес­пуб­ли­ка­сы­нын Мый­за­мы­нын не­ги­зин­де Алимкулдун то­лук ак­тал­ган­ды­гы «ак ийил­се да, сын­бас­ты­гы­нын» ай­кын да­ли­ли эмес­пи.

(аягы)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-11-2014
«Кызыл террор» курмандыгы (мамлекеттик жана партиялык ишмер А.Жумагулов жөнүндө)
46443

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×