(уландысы...)
Тээ 1932-жылы эле Башкы саясий башкармалыктын органдары тарабынан ойлонуп табылган «антисоветтик Социал-Туран партиясынын» «сары изине чөп салуу» аракети ушул жылы кадимкидей күч алып, «улутчулдар» менен «контрреволюционерлерди» эми райондордон издей башташат. БК(б)П Кыробкому 1933-жылы 22-июнда Талас райондук комитетине партиялык жетекчилер жөнүндө мүнөздөмө берүүсүн суранган телеграмма жөнөтөт. Ага жооп кылып, Талас райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Смирнов 1933-жылы 2-августта Кыробкомго Талас райондук жер бөлүмүнүн башчысы Алимкулду «улутчул, жаатчыл, паракор, аракеч» деп каралаган мүнөздөмө жолдоп, «Жумагуловду алмаштыруу зарыл» деген сунушун кошо берет. Ушундан туптуура он айдан кийин, 1934-жылы 13-июнда, Талас райкомунун бюросу Талас районунун Кең-Арал колхозунун башкармалыгынын төрагасы болуп болгону төрт эле ай иштеген Алимкулду «жазгы айдап-себүү компаниясында 40 гектарга себилген кайракы эгин мөндүргө урунду деп МТСтин саясий бөлүмүн алдоого аракеттенгендиги», «соттолгон кулак элементтери Сатыкулов Жусупбек менен Чокоев Нуркалыкты жашыргандыгы жана алар менен байланышкандыгы», «ишти үзгүлтүккө учураткандыгы жана сугат кампаниясын создуктуруп, тамеки эгүүнү толук кыйроого чейин жеткиргендиги», «райондук аткаруу комитетинин эт төгүү жөнүндөгү токтомун аткаруудан баш тарткандыгы», «иштин жүрүшүнөн кабар берип туруу боюнча МТСтин көрсөтмөсүн тоготпогондугу » үчүн партиядан чыгарып, иштен бошотот. Анан да, башкаларга сабак болсун деп, ишин сотко өткөрүп, мындан ары партия менен өкмөттү алдагандар катуу жазага кириптер болушарын эскертет. Бюро мүчөлөрүнүн ушундай адилетсиз чечиминен кийин, 1934-жылы 27-июнда, Башкы саясий башкармалыктын иштери боюнча саясий бөлүмдүн башчысынын орун басары Рахубов Талас райкомунун жогорудагы айыптоолоруна «дайыма ичкилик ичкендиги үчүн» деген жалааны кошумчалап, Алимкулду РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 1-пункту боюнча жазаламакчы болот. Кыязы, тергөөнүн жүрүшүндө уруп-согуу сыяктуу ырайымсыз ыкмалар колдонулса керек го: Алимкул 30-июндагы сурак кагазына, «өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептейм» деген жазуунун тушуна, ийрелеңдетип кол коюп бериптир. Бир айдан соң, 28-июлда, Кең-Арал кыштагында Талас районунун Элдик сотунун көчмө жыйыны Алимкулдун ишин карап, айыбы ачылбагандыктан, аны актаган өкүм чыгарат. Соттун мындай чечимине куйкасы курушкан чагымчылдар Кыробкомго «колхозго торпок сатып алууга жана тамеки сарайдын курулушуна Талас мамлекеттик банкынын райондук бөлүмдөрүнөн алынган 2220 рублди коромжуга учуратты» деген негизсиз дооматтарды камтыган тоголок арыздарды жөнөтүшөт. Амалын таап эптеп Алимкулдун көзүн тазалай албай жүргөн Кыробкомдун өкүлү Табов Талас районунун прокурору Айдемировдон жогорку факты боюнча Алимкул Жумагуловду кылмыш жообуна тартууну өтүнөт. Жогортон келген буйруктарды кың дебей аткарууга жедеп машыккан прокурор Элдик соттун Алимкулга карата чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого берүүсүн суранып, Кыргыз АССРнин Башкы сотунун Кассациялык коллегиясына арыз (протест) жолдойт. 1935-жылдын 28-апрелинде райпрокурордун арызын караган Кассациялык коллегия (төрагасы: Кулагин; мүчөлөрү: Сергеев, Чуркин) Талас районунун Элдик сотунун өкүмүн туура деп табат. Башкы сот тарабынан акталганына карабастан, Алимкулдун Кыргыз АССРнин Партколлегиясына жиберген (партиялуулугун териштирүүнү тездетүү, ошол териштирүүлөргө өзүн да чакырып коюу жөнүндөгү) арыздары (биринчиси 1935-жылы 3-октябрда, экинчиси 20-ноябрда жөнөтүлгөн) каралбай, улам кийинкиге жылдырылып, өлкөдөгү соңку окуялар апаат жылдардын айбатын сездирип турган тушта, 1935-жылдын ноябрында, райондогу «билермандар» Алимкулду Жоон-Дөбө совхозунун №4 фермасынын башчысы кылып дайындашат. Партиядан чыгарылып, бир жылдан ашуун убакыт ишсиз жүрүп калган, республикалык деңгээлдеги олуттуу иш-чараларды уюштурууга жөндөмдүү мамлекеттик ишмерди (мазактагансып) ушундай жумушка чегеришкени аз келгенсип, кайдагы бир ниети бузук совхоз директорунун Алимкулду «ичкилик ичип кетип, иштебей койду» деп келиштире шыбаганына тимеле жаның кашаят.
Жумагул молдонун өмүрү ичкиликке жолобогон нысаптуу уулун «баш көтөрбөй кулкунуна куйгандыгы үчүн» ферма башчылыгынан бошотушкандан кийин, 1936-жылы 17-мартта, Алимкул Кыргыз АССРнин Партколлегиясынын чакыруусу боюнча Фрунзеге келет. Бирок ошол эле күнкү коллегияда анын партиялуулугун калыбына келтирүү далалаты текке кетет. Ал эми май айында «Кызыл Кыргызстан» гезитине Партколлегиянын «Жумагулов Алимкул кулак элементтери менен байланышкандыгы жана ар дайым ичкилик ичкендиги үчүн партиядан чыгарылсын» деген чечими жарыяланат. Бул чечимди ошол жайда партиянын катарын тазалоонун жыйынтыктарын текшерүү боюнча атайын Кыргызстанга келген БК(б)П БКнын комиссиясы да ырастайт. Актыгынан улам, акыры акыйкаттыктын босогосун аттайм го деген үмүттө Алимкул сентябрда Фрунзедеги Партколлегияга доо арызы менен кайрадан кайрылат. Ошондо Партколлегиянын отурумуна төрагалык кылган Фирсов деген эргул: «1918-жылдан 1919-жылга чейин солчул эсерлер партиясынын катарында жүрсөңүз, «отузчулар» жаатынын катышуучусу болсоңуз, партиядан үч жолу чыгарылып, үч жолу кайра алынсаңыз, эки жолу сөгүш алсаңыз, анан кантип сизди партияда калтырууга болот?!» – деп, жыландын башын кылтыйтат. Партиялуулугу жөнүндөгү маселенин төркүнү кайда жатканын эми гана мыктап түшүнгөн Алимкул, Кыргызстандын аймагында калып иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, бардык жерде куугунтуктай беришкендиктен, кеч күздө Казакстанга кетүүгө аргасыз болот. Ал жактагылар Алимкулдун Казакстанда совет бийлигин орнотууга кошкон үлкөн салымын эске алышып, аны Мирзоян райондук аткаруу комитетине иш башкаруучулук кызмат ордуна дайындашат.
Массалык репрессиялоолордун кандуу чеңгелинен эсен-соо кутулуп, Ата журтуна ак кызмат кылуусу партиялуулугуна байланыштуу экендигине бөркүндөй ишенген кыраакы экс-большевик 1937-жылы 5-майда БК(б)П БКнын алдындагы Партиялык контролдоо комиссиясынын төрагасы Яковлевге кат жолдоп, анда Сталиндин 1937-жылдын 5-мартындагы БК(б)П БКнын пленумунда сүйлөгөн сөзү кайрадан даттанууга түрткү бергенин, өзүнүн партиядан туура эмес чыгарылганын аргументтер менен айгинелеп, партиялуулугун калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу талкуулоосун өтүнөт. Бирок дээрлик бир ай бою Москвадагылардан куш тилиндей дагы жооп келбегендиктен, тынчсызданган Алимкул 1937-жылы 2-июнда БК(б)П БКнын алдындагы Партиялык контролдоо комиссиясына (Партиялык контролдоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө өзүнө кабарлап коюуну суранып) экинчи ирет кат жолдойт. Бир айдан кийин, 3-июлда, БК(б)П БКнын партиялык «көсөмдөрү» Кыргыз АССРнин Партколлегиясына А. Жумагуловдун ишин Фрунзеде өтө турган партиялык «тройканын» кезектеги көчмө жыйынында угууга даярдоону өтүнгөн телеграмма жиберет. Арийне, массалык жазалоолордун арааны жүрүп жаткан мезгилде, өтмүшү «шектүү» миңдеген советтик кызматкерлер сыяктуу эле, Алимкулдун да партиялуулугу боюнча маселе оңунан чечилиши өтө күмөн эле. Анын үстүнө, 1937-жылы 4-сентябрда Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссары Четвертаков кызматтан четтетилип, башкы жасоолдукка кылычынан кан тамган Лоцмановдун келиши Кыргызстанда саясий террордун кеңири кулач жайышына ыңгайлуу шарт түзүп таштайт. Ушундан бир күн мурун, 3-сентябрда, Казакстандын Мирзоян калаасында Алимкул «Кыргызстандагы «Социал-Туран партиясы» аттуу антисоветтик улутчул уюмдун активдүү катышуучусу» деген шек менен Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгы тарабынан камакка алынып, Фрунзедеги түрмөдө кармалат. Алимкулдун «Социал-Туран партиясынын» мүчөсү катары бети ачылганын» Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн начальниги капитан Иванов Партколлегиянын катчысы Дударевге 5-декабрда билдирет. Анын негизинде Партколлегиянын тергөөчүсү Горин 18-декабрда Алимкулдун арызын өндүрүштөн алып таштап, өздүк көктөмөсүн архивге өткөрөт. 12 күндөн кийин Ички иштер эл комиссариатынын «тройкасы» РСФСРдин Кылмыш кодексинин 58-беренесинин 10, 11-пункттары боюнча А. Жумагуловду эң жогорку жазалоо чарасына – атууга жана үй мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарат. Өкүм 1938-жылы 14-январда аткарылат. (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети берген архивдик маалым катта (2013-жылдын 3-октябры, №Т-1498) “Архивдик кылмыш ишинин материалдарында А. Жумагулов 1945-жылдын 10-майында ашказан жарасынан каза болгон деген маалымат бар” деп айтылат. Менимче, муну Ички иштер эл комиссариатынын кандуу ишке катышы бар кызматкерлери “артын тазалоо” максатында кылмыш ишинин материалдарына кошуп коюшса керек.) Андан бери арадан 75 жыл өтсө да, маркумдун сөөгү кайда көмүлгөндүгү бизге дале белгисиз.
Алимкул камакка алынганда, 11 жашар асыранды кызы Бурулча менен 3 айлык перзенти Зулайканын кашында боздоп-сыздап кала берген болгону 28 гана жаштагы зайыбы Пашахан Киров районунун Сакоо кыштагындагы там-ташын таштап, тек-жайын жаап-жашырып, айтымга караганда, Аксы тарапта чиедей балдары менен эптеп баш калкалоого аргасыз болуптур. Алимкулдун багуусундагылар эле эмес, жакын туугандары, дос-тамырлары да куугун-сүргүндөрдөн оолак калышпаптыр. Жалгыз иниси Ысак кара башын калкалап Нарын тарапка качууга мажбур болсо, жатындаш карындашы Батма менен күйөө баласы Солто уул-кыздарын (Кимбилет, Мырзабү) жетелеп Таластан Чүйгө жөө-жалаңдап ооп келишиптир. Алимкулдун ошол жылдары Будённый райондук комитетинде катчы болуп иштеген Көбөнов Кадыркул деген тыңчыкма тууганы абакка айдалып, башка жакындарынан советтик-партиялык ар кандай кызматтарда иштегендери да куугунтукталышып, айрымдары айла кеткенде жер которууга чейин барышыптыр.
1940-жылдын 25-июнунда Кыргыз ССРнин Атайын иштер боюнча прокуратурасы Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын “тройкасынын” 1937-жылдын 30-декабрындагы өкүмүн кайра карап, күчүндө калтырат. Ал кезде кандуу репрессиялардын аягы тыйыла элек эле. Алимкулга жана анын артында калгандарга карата жасалган катаал мамиле Союзду кыңк эттирбей тескеген легендарлуу Иосиф Виссарионович Джугашвили жалган дүйнө менен түбөлүк кош айтышкандан кийин гана жумшарганы маалым.
1957-жылдын 16-мартында Кыргыз ССРнин Фрунзе облустук соту «Алимкул Жумагуловду айыптоо боюнча ишти карап чыгып, күнөөсү далилденбегендиктен, Кыргыз ССРнин Ички иштер эл комиссариатынын «тройкасынын» 1937-жылдын 30-декабрындагы өкүмүн жокко чыгарат. Ал эми 1958-жылдын 25-апрелинде Алимкул Жумагуловдун сот органдары тарабынан акталганын эске алып, Кыргыз ССРнин К(б)Псынын Фрунзе облустук комитетинин бюросу анын партиялуулугун калыбына келтирет. Ал эми 36 жылдан кийин 1994-жылдын 27-майындагы «Саясий, диний ишенимдери үчүн репрессиялануунун натыйжасында социалдык, улуттук ж. б. белгилери боюнча жабыркап, акталган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Алимкулдун толук акталгандыгы «ак ийилсе да, сынбастыгынын» айкын далили эмеспи.
(аягы)