Добавить статью
10:25, 17 декабря 2014 57913

Тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгына карата. Энциклопедияга кирбей калган макалалардын циклинен. 1-макала

Кыргыз элинин тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгы Аксы жери, Аксы эли менен тыгыз байланыштуу. Токтогул ырчыны Аксы элинен бөлүп кароого деги эле мүмкүн эмес. Токтогул Аксыдан чыккан күү атасы Ныязаалы Борош уулу менен жакшы санаалаш жолдош, төкмө акындардын пири Жеңижок Өтө Көкө уулу досу, шакирти болуп катташып турушкан. Ошондон улам акындар: “Жеңижок ырчы өткөн жер, Жамгырдай ырын төккөн жер, Токтогул торгой келген жер, Токтолбой ырдап берген жер. Ныязаалы комузчу, Санат күүсүн черткен жер, Алымкул төкмө келген жер, Берметин сөздүн терген жер”, -деп айтып, ырдап жүрүшү бекеринен эмес.

Мезгилинде Токтогулду кадимки Нүзүп бийдин небереси Сулайманкул болуш да терең урматтап, ызат-урматын көрсөтүп турган. Кезегинде 1910-жылы күзүндө так ушул Сулайманкул болуштун демилгелүү киришүүсү менен Токтогул ырчы Наманган түрмөсүнөн бошотулган.

Токтогул Сейдимкан деген жарын да, Айгерим аттуу сулууну да Аксыдан алып, үйлөнгөндүгү жөнүндө маалымат бар. Азырынча Сейдимкандын да, Айгеримдин да Аксынын кайсыл жеринен кимдердин кызы экендиги жөнүндө маалымат табыла элек. Бирок алар Токомдун арзуусундагы сулуулар экендиги талашсыз.

Жеңижок, Ниязаалы менен ысык-суукта чогуу, аш-тойлордун көркү болуп бирге жүрүшкөндүгүн тарых тастыктап келет. Токтогул алар менен бирге жүрүп, кыз оюндарда бирге ырдап, анан Субан бийдин кызы Алымканга ашык болгон.

Аксыдан чыккан залкарлар менен бирге жүргөндүгү Токтогул төкмөгө чоң шык, дем күч берген. Жеңижок менен Ныязаалыга Токтогулдун берген баасы ал асылзаада залкарлардын баасынын канчалык экендигин көрсөтүп турат. Током айтчу экен «Мен Өтөкем бар жерде ырдабай комуз чертип олтурайын, Ныязакем бар жерде комуз чертпей ырдап олтурайын»,- деп мына ушунун өзү эле Токомдун аксылык замандаштарынын дараметине берген чоң баасы жана урмат сыйы деп айтууга болот.

Жеңижок менен Ниязалыдан башка Токтогул ырчы Рыскулбек уулу Сулайман деген адам менен да антташкан дос болгон. Токтогул Аксыга келип, ырдап эл кыдыргандагы сапарларын Жеңижок менен биргеликте Сулайман дайыма коштоп, бирге жүргөн экен. Ал киши «Менде Токомдон артык иш жок», деп айткан сөзү эл оозунда калып, анын Токтогул менен достугун белгилеп турган маалымат болгондугу чын.

Токтогул аксылык багыш болуштугунун болушу Бекмурат болуш менен да мамилеси жакшы болгон. Ал уулуна той кылганда келип, Алымкул экөө жарчы болуп болуштун Тайкашка, Байкашка деген күлүктөрүн мактап ырдаган экен.

Ал эми Токтогул менен Алымкулдун Акбаары менен Самсаалыны мактап ырдап, Аксыда Алишердин тоюнда элге чоң тамаша кылып бергени, өткөн тойдун көркүн чыгаргандыгы баарыбызга маалым.

Токтогул акынды сүргүндөн келгенден кийин да алты, жети ай эч кимге көрсөтпөй жайлоого алып чыгып өргүтүп багып, Жеңижок достук милдетин аткарган. Токтогулду Аксыда эч ким Токтогул деп атынан айтчу эмес экен. Элдин баары Током дешип сыйлашкан. Заманыбыздагы чоң төкмөлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артист, төкмө акын Ысак Барпиев 1989-жылы Токтогулдун 125 жылдык тоюнда Токомду «Жездебиз болот турбайбы»- деп ийине жеткире ырдаган. Ысак Барпиев “Комузду алсам колума, Токомду алам оюма. Токомду алсам оюма, Ой кошулат оюма. Топ менен келдим илешип, Торгоюм Током тоюна. Эскиче куран билбеймин, Ыр сунам куран ордуна. Жаңы-Жолдон мен келдим, Жез тандай улуу акынга, Куттуктоо айтып коюуга. ... Ак жоолук берген кечтелеп, Акыным Током эсте деп. Көк жоолук берген кечтелеп, Күкүгүм Током эсте деп. Алымкан биздин айылдан. Ал үчүн, айбыкпай ырдайм жезде,- деп. ... Омбуда жүрүп күү черткен, Ого бетер күчөткөн. Комузун үзбөй жанынан, Ыймандай чындык көрүнгөн, Ырларынын сабынан. Ойлосом Током тубаса, Окумуштуу экен абыдан. Аргымак аттай ташташы, Током акындардын падышасы. Таңдайга тилин бүлөгөн, Таалайга элди сүрөгөн. Кызылдап ырдын кырманын, Кызыл тил менен шилеген. Алтын казык Аксы деп, Мейман дос эли жакшы деп. Тоо булбулу Токобуз. Бизде далай жолу түнөгөн. Өрүк комуз күүлөгөн, Ойногон, күлгөн, түнөгөн. Ошентип жүрүп Токобуз, Эжебизди үндөгөн”,- деп Токому Аксы эли менен, анын таалайлуу сулуу кыздары менен да байланыштыра ырдагандыгы жалпы кыргызга жаккан.

Тоо булбулу Токтогулга Аксы жергеси экинчи кичи мекени деп койсок да жаңылышкандык болбойт. Анткени, Аксы эли Токтогулду өз уулундай сый-урмат менен күтүп келген. Током алтын казык Аксыдан, булбулдай болуп далай ирет таңшыган...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-12-2014
Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала
62917

23-12-2014
Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала
66240

21-12-2014
Алымкан тарыхый инсан. 4-макала
91518

19-12-2014
Токтогул менен Ныязаалы. 3-макала
50012

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×