Добавить статью
2:32, 21 декабря 2014 89926

Алымкан тарыхый инсан. 4-макала

“Атка салган дилдейсиң, Ачылган кызыл гүлдөйсүң, Бир күн оору, бир күн соо… Алымкан, азабың тартсам билбейсиң. Бетегелүү майданым, Пейли жакшы жайдарым! Көлөкөлүү майданым, Көөнү жакшы жайдарым! Букардын тоосу бурулуш, Бурулуп учат улуу куш. Бурулуп мага келе кет, Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!.. Кашкардып тоосу кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш. Кайрылып мага келе кет, Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!...” деп боздоп ырдаган Токтогулдун ырынын тарыхый жактан тастыкталышы барбы, жокпу, алигиче талаш болуп келүүдө. Бирок, акыркы жылдардагы изилдөөлөр, Алымкандын ким экендиги, кай жердин кызы болгондугу жөнүндө түрдүү версияларды колдонушса да, эң негизгиси анын анык тарыхый инсан болгондугу такталып калды десек болчудай.

Бул ырды 1938-жылы Ж. Бөкөнбаев Коргол ырчыдан жазып алган экен. 1940-жылы Токтогулдун ырлар жыйнагына киргизилип, ошондон бери Токтогулдун чыгармаларынын жыйнактарында басылып келе жатыптыр. Кыргыз маданиятынын музыка жанрында классикалык түс алган обондуу ыр катары кыргыз элинин сүйүктүү чыгармасы болуп, кеңири эл катмарына белгилүү.

Алымкан темасына Т.Үмөталиев, Ж. Мамытов, М.Убукеев, А.Кайбылдаев, С.Станалиев, Ш.Абдраманов, У.Ботобеков, М.Өсөров, А.Муратов сыяктуу калемгерлер, ондогон журналисттер жана адабиятчылар кайрылышкан. Алар Алымкан “ойдон чыгарылган инсан” деген пикирден тартып, доору, жери, Токтогул менен мамилеси боюнча түрлүү пикирлерди камтып турат. Айрымдары Токтогул сүргүндөн качып, кайсыл бир жолдор менен Кашкар тарапка ооп, Алымкан аттуу кыргыз кызды сүйгөн деп да айтышат. “Кашкардын тоосу кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш. Кайрылып мага келе кет, Карыпка салбай кыйын иш” деген саптарды ага далил катары келтиришет. Бул пикирди белгилүү акын Ж.Мамытовго, манасчы Жусуп абабызга, кызылсуулук окумуштуу Макелек Өмүрбайга таянып жазып келишет. Андай болсо, Алымкан Букаралык да болуп калышы мүмкүн да, ырда “Букардын тоосу бурулуш, бурулуп учат улуу куш...” деген саптар да бар го деген какшык пикир айткандар да бар (Батырбеков М.).

Бирок, изилдөөчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Алымкан сулуунун тарыхый инсан, анын Аксы жергесинен экендигин тастыкташып, болгону анын качан жана кандай шартта Токтогул ырчы менен жолуккандыгын тактай албай келишүүдө. Түрдүү ой-пикирлердин негизинде жана Алымкан чыккан айылдаштарынын, жердештеринин маалыматтарына таянып, Алымкандын тарыхый инсандыгын тастыктаган төмөнкү кыскача баяндаманы сунуш кылууга болот.

Аксынын ак шайы сулуусу Алымкан Субан кызы (1874-1942) 1874-жылдын кеч күзүндө, азыркы Аксы (мурунку Жаңы-Жол) районунун Кой-Таш айылынын жогору жагындагы Бака-Улак кыштоосунда жарык дүйнөгө келиптир. Бул жер азыркы Аксы району бир кезде эки районду түзүп, анын бири болгон Жаңы-Жол районун борбору Мал-Калды айылынын бет маңдайында жайгашкан. Мал-Калды илгертен мал киндиктүү жер болуп, ал жөнүндө атактуу Жеңижок: “Булбулуң акын Жеңижок, Байкатып эми айтып бер. Кутмандуу жерим Малкалды, Качанкы өткөн заманда, Кырылып калбай төрт­түлүк, Күнгөйдө оттоп мал калган, Мааниси калып ошондон. Мал калды деп аталган” деп ырдагандыгы маалым.

Атасы Субан саруу уруусунун окатар (оготур) уругунун белгилүү бийлеринин бири болгон. Субан бийдин үч аялы болуп, маңдайы жарык Макмал деген үчүнчү аялынан Абдылда аттуу уул, Алымкан, Мээлкан, Уулкан деген үч кыз көргөн. Кыздарынын арасынан Алымкан атасына жакын болуп өскөн. Алымкан боз жоргонун үстүнөн түшпөй, аш-тойдон калбай, каалаганын кийип, самаганын таптырып, эркекче жүрүп, 10 жашка толот. 12-13 жашка келгенде кыз ыйбаасына ээ болуп, назик тарта баштайт. 15-16 жаштар чамасында кадимкидей бой салып, жетилүү курагына келет. Аяр басып, акылга салып иш кылат. Атасына айтар сөзүн энеси аркылуу айттырып, энеси менен акыл бөлүшүп, нар көтөрбөс нарктуунун жүгүн көтөрөт. Күн өткөн сайын күлмүңдөп жүзү ачылат, ай өткөн сайын келбетине келип, табият ага ургаачынын бир бактысы болгон сулуулукту суратпай берет. Басса-турса балтырын сылап буралган кою кара чачы тал чыбыктай солкулдаган боюна жарашып чырайы чыгат. Ууртундагы бармак басымдай меңи сүттөй жүзүн ого бетер мөлтүрөтүп көргөзүп, жууган карагаттай кареги, кайрылган канаттай кашы карагыңды келтирип турчу дешет. Алымканга арзыгандар көп болуп, алардын айрымдары ыр чыгарып, кыз оюндарда, жаштар арасында ырдалып, Алымкандын атагы Аксынын чегинен алыс кеткендигин «аксылык жигиттердин ыры болгон Алымкан» деген аталыштын ошол кезде эл арасында жүргөндүгү тастыктап турат.

Жоомарт Бөкөнбаевдин жазганына караганда Токтогул Алымканга 1880-жылдары Кара-Суу өзөнүнүн башындагы Кашка-Суу жайлоосундагы бир жыйында жолугушуптур. Ал кезде Аксынын сулуусу Алымкан 16да, Токтогул 26 жашта болуптур. Токтогул Алымкандын сулуулугу жөнүндө мурунтан эле Ниязаалы комузчу менен Жеңижок жез таңдайдын сөздөрүнөн угуп жүргөн экен.

Ошентип, Алымкан сулуунун атагын далай уккан Током Алымканды алгач көргөндө анын жанда жок жароокерлигине, сүйгөн жанда кездешпес сүйкүмдүүлүгүнө таң калыптыр, ага назарын салып, жылдызы келишиптир. Жеңижок менен Ниязалы Токтогулга жардам кылышып, Алымкандын жеңеси Айбүш аркылуу сүйлөшүп, жолугушуп турушкан экен. Ал кездин жолу ошондой эле. Алымкан ырчыны сынынан өткөзүп, көкүрөгүнө жакын алып жүргөн жайы болгон имиш. Акыры эки ашык беришкен сөздөрүн бекемдеп, Алымканды жеңеси аркылуу чыгарып, Токо өз жерине алып кетмек болот. Токтогулдун Алымканды ала качканы туурасында имиштер да боло келген. Бирок, иш жүзүндө андай окуя болбогон.

Анткени, Субан бий Алымканды саруунун сатыкей уругунун Беки деген адамы менен кудалашып койгон болот. Ошол эле Аксыда жашаган сатыкей уругунан Токтосун, Беки деген бир туугандар жаш кезинен казактардын жылкысына тийип, жоокерчилик кылып келишкен экен. 1880-жылдардын аягында Субан бийдин эки-үч үйүр жылкысы уурдалып, дайыны чыкпай калат. Субан бий Токтосундан күмөн санап, бир туугандарды ууру тутат. Жоокер турмушка көнгөн сатыкейлер Субандын бул жоругуна нааразы болушуп, «бий башы менен жалган жалаа жапты, жаманатты кылды, айыбын тартып, элибизге кадыры сиңген баатырыбыз Токтосундун алдына келсин. Келгиси жок болсо биз өзүбүз барабыз», - дешет. Сатыкейлер менен араздашууну каалабаган Субан бий Токтосундан кечирим сурап, жарашуунун соңу жакшылык менен бүтсүн, мындан аркысы туугандык иш болсун дешип, куда-сөөк болушкан экен. Алымкан атасынын акылы менен Токтосундун иниси Бекинин Осмонаалы деген уулуна баш кошот.

Тагдырына баш ийген Алымкан Осмонаалынын акылман аялы болуп андан Тазабек, Тасма деген эки уул көрөт. Экинин энеси болсо да кыз сынынан кетпеген Алымканга анын никелүү аял экенине карабай ашык болгондор көп болот. Алардын бири сатыкейлерден эле Жумаш деген адам Алымканды алсам деген оюнан кайтпай жүрүп Осмонаалыны уу берип, жайлап тынат. Бирок, сатыкейлер акылы тунук келинин колдон чыгаргылары келбей, бир эсе ата салтын кармап, Осмонаалынын бир тууганы Өмүрбекке нике кыйып коюшат. Экөө Сыдык аттуу бир балалуу болгон соң 1910-жылы Өмүрбек каза табат. Алымкан экинчи никесинен кийин 7 жыл жесир жүрүп, 1917-жылы Таластан жер которуп келген Бокмурун деген адам менен жылдызы келишип, ага баш байлайт. Бул иш Субан бийдин иниси Шайдылда болуштун чечимине ылайык болгон.

Айтылуу Коргоол ырчы комузчу Мыктыбек Үмөталиевге: «Субан бий кызын Токого бербей койгондон кийин көңүлү калган акын Алымканды таптакыр ырдабай калган экен. Кийин мен: «Ырыңыз унутулуп калат, мен «Ак Бакайдын» күүсүнө салып ырдап жүрөйүн», – деп сурап алгам», деген маалымат айтып бериптир.

Алымкан 1942-жылы Сыдык аттуу уулун согушка узатканы Таш-Көмүргө келип, көп өтпөй каза табат. Бирок, согуштун кесепети бул жерде да үстөмдүк кылып, Алымкандын сөөгү айылга жетпей, Таш-Көмүр шаарынын күн чыгышындагы көрүстөнгө коюлган экен. Алымкан эжебиздин өмүрүнүн акырында Таш-Көмүрдүн Дөң-Кыштагында Калык ата баштаган артисттер гастролдо жүргөндө, ал кишиге атайы барып жолугушканы журналист У.Ботобековдун даректүү очеркинде так көрсөтүлгөн. (Айрым бир маалыматтарда Алымканга 1962-жылы Фрунзеден келген киночулар жолуккандыгы жөнүндө айтылат. Бирок, бул факты ушул убакка чейин тастыкталган жок – К.Т.)

Журналист М. Өсөров 2008-жылы “Аксыда Алымкандын небереси жашайт” дегенди угуп, атайы издеп барган экен. Анан, чындап эле Аксынын Мал-Калды деген айылынын Таштак деген жеринен 81 жаштагы Алымкандын небереси Жамшитбек менен жолугушат. Ал өзү Алымкандын колунда чоңоюптур.

Жамшитбек карыя Алымкан чоң энеси болгондугун, анын уулдары: биринчи баласы Тазабек – Жамшитбектин өз атасы экендигин, атасы Тазабек менен Тасманы өз колу менен о дүйнөгө узаткандыгын, чоң энесинин элеси эсинен өчө электигин, Алымкан эненин орто бойлуу, ак жуумал, көзү карагаттай жайнаган, кара каш, келбеттүү, жүргөн-турганы чапчаң, мүнөзү курч, акылга бай, каада-салтты бекем кармаган нарктуу адам экендигин, казаны оттон түшпөй, келим-кетимдүү болуп, дасторкону дайым жайылып тургандыгын, сөзгө усталыгын, ырга жакындыгын, дайыма беш убак намазын таштабагандыгын айтып берген.

Жамшитбек жаш кезинде чоң энеси менен бирге Арстанаалы Осмонбековдун салдырган чоң ак тамында жашашчу экен. Жамшитбектин айтымында согушка чейинки жылдардын биринде (кайсыл жыл экенин так айта албайт), болжолу Жамшитбек 10-11 жашка чыкканда (эсептегенде 1938-жылга туура келет – К.Т.) Фрунзеден Калык, Осмонкул, Алымкул баштаган артисттер келип, Атай Огонбаев Токтогулдун «Алымканын» ырдаган экен. Жамшитбекке теңтуштары «сенин чоң энеңди ырдап жатат» дешкенине сыймыктанган жаш бала кечинде чоң энесинен «Токтогул сизди ырдаган турбайбы, ошону бүгүн артисттер ырдады» дептир. Бир азга кармана калып, бир чети сүйүнгөндөй болгон Алымкан эне: «й-ий, өлүгүңдү көрөйүн десе, жатчы эми. Биздин эшикке келип ырдап кетип жүрчү. Ырчы киши ырдайт да, балам. Ырды ырдасын деп чыгарат» деп негедир жактырбагансып койду”, деген маалыматты айтып берген.

...Мүмкүн нарктуу байбиче жан дүйнөсүнө жакын сырды ачыктагысы келбей ошентип койгондур... Жамшитбек карыяга биз 2014-жылдын август айында Малкалдыда жолукканыбызда ошол сөзүн дагы кайталады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-12-2014
Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала
61850

23-12-2014
Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала
65123

19-12-2014
Токтогул менен Ныязаалы. 3-макала
49356

17-12-2014
Тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгына карата. Энциклопедияга кирбей калган макалалардын циклинен. 1-макала
57152

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×