Добавить статью
5:51, 23 декабря 2014 70962

Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала

Токтогул Сатылганов 1905-жылы сүргүндөн келгенден кийин Рыскулбектин уулдарынын кутумдугунан, орус колониалдык бийликтери кайрадан кармап, абакка салбасын деп чочулагандыктан Казахстан, Талас, Фергана тараптарда айылдан айыл кыдырып жашынып, көбүнчө Аксыда жүргөн. Мезгилинде Токтогулду Аксынын Авлетим айлынан чыккан кадимки Нүзүп бийдин небереси Сулайманкул болуш терең урматтап, ызат-урматын көрсөтүп, ини-дос катары мамиле кылып келгендиги маалым. Абал тынчыгандыр деп 1909-жылы Кетмен-Төбөнүн Арым өрөөнүнүн Сасык-Жийде деген жеринде туруктуу жашай баштаганда 1910-жылдын июлунда кутумдардын айынан экинчи жолу кармалып, Наманган түрмөсүнө камалган.

Аксы өрөөнүнүн “Кызыл-Жар” болуштугунун башкаруучусу Осмонбек ажынын уулу Жуманалы, орус колониаялык бийликтерине жакшы көрүнүп, сый алыш үчүнбү, же Рыскулбектин балдарынын тукуруусу мененби, орус солдаттары кошулган жыйырмадай куралдуу адам менен түн ичинде Арымдын Аксы менен ашташ баш жагынан ашып келип, Токтогулду карматтырат. Наманган түрмөсүнө камоо үчүн жол жүрүп бара жатып, Кабактагы Сасык деген адамдыкына конуп калышат. Токтогулду бир жаман тамга камап койгон экен. Токтогул Коргол ырчынын комузун сурап алып, тамда «Кербез» деген күүнү чертип, төгүп ырдаптыр. Ошол ырдын үзүндүлөрүн Коргол ырчы эстеп калып, 1938-жылы Ж. Бөкөнбаевге айтып берген экен. Токтогулдун чыгармалары боюнча жыйнакта “Экинчи айдалганда” деген ырда төмөнкү саптар бар: “Кадимки жаштык жүргөн жер. Кан жайлоо менен Кыркырак. Антташканым Сейдимкан. Аркамда калды чыркырап”.

Сейдимкан ким болгон, сөз учугун улап көрөлү. 1905-жылы Сүргүндөн келгенде Кетмен-Төбөдө аз убак эле туруп, сөөк-өчтү душманы болгон Рыскулбектин балдарынан жана орус төбөлдөрүнөн чочулап, Аксыда жүргөн кезде Токтогул аксылык дос-жарынын жардамы менен Сейдимкан аттуу 20 жаштагы кызга үйлөнгөн экен.

Топчубайы каза болуп, бала үнүн уксам деп зарлаган Токтогулду кубандыруучу перзент Сейдимкандын боюна бүтпөй жүрөт. Ошондо Жеңижок акын айтат экен: “Токо Аксыда Баба-Ата касиеттүү мазар бар. Элде «бала тилесең Бата-Атага бар» деген сөз бекеринен айтылып калбаган, ушул жерге зыярат кылып баргын. Мен да бала тилеп Баба-Атага Көксулуу жеңең экөөбүз бара жатсак, жолдон мага сыр көрүнүп, алдымдан аппак көйнөк кийинген келин кесип өтүп кеткен. “Эркек адамдын жолун аял киши кесип өтүп кетсе жол болбой тургандыктын белгиси” деген нускага карата, “мени жактырбады”, -деп БабаАтага бараткан жолдон кайра тартканбыз. Сен бар Токо, сага кудай берет”,- деген сунушун айтат.

Бул сунушту туура кабылдаган Токтогул Сейдимкан экөө Баба-Атага барып, Током боздоп ыйлаганда, анда келген зыяратчылардын баары ыйлашкан делет. Баары кошулуп жараткандан «Токомо бала бер!» деп тилек кылышат. Ошондо топтун ичинде жашы Током менен жашташ Сатыкул деген бир адам, өмүрлүк жубайы Өмүрзак бийдин кызы Жумагүл экөөсү да бала тилеп ушул жерге келишкен болот. Ошол айтат: “Эми Токо, баарыбыздын муун-жүнүбүздү бошотуп ыйлаттың, мал союп казанга салып койдук, зыярат кылып куран окуйбуз. Сиз эми биздин көңүлдү көтөрүп ырдап бериңиз”, - дейт. Анда Током күүлөрүн чертип,тебетейин желкеге түшүрүп, кайра башына чыгарып, элдин баарын күлкү шатка бөлөйт. Ошондо Сатыкулдун аялы Жумагүл бир сарпай алып келип Токтогулдун үстүнө жаап, башына суусар тебетей кийгизет.

Эл Баба-Атада Токтогулду бир жума алып калышып сыйлап, анан жөнөтүшөт. Субанов Абылкасым аттуу Аксылык карыянын айтуусунда бир жыл арадан өткөндөн кийин Токтогул уулдуу болуп, атын Баба-Атага багыштап Бабажан койгон экен. Сатыкул да уулдуу болуп атын Ален коюптур. Токтогул Сатыкул экөө балдарын бешик дос кылышып, Бабажан менен Ален дос болуп, көп жылдар катташып турушкан.

Бабажан төрөлгөндөн кийин Сейдимканды алып, Токтогул ырчы туулуп-өскөн мекени Кетмен-Төбөнүн Сасык-Жийдесинде эми эле жайланып, туруктуу жашай баштаганда 1910-жылдын жай айларында экинчи жолу кармалып жатпайбы...

“Антташканы Сейдимкан” Токтогул ырчы кармалганда Кетмен-Төбөдө жаш балдары менен калып калган. Аксылык Сулайманкул болуш баштаган жоро-жолдошторунун, Жеңижок, Калык сындуу акындардын киришүүсү менен Токтогул ошол эле жылы күзүндө Наманган абагынан бошонгон.

Токтогул бошонуп келгенден кийин Кетмен-Төбөгө кайрадан барууга чочулап, Көксулуунун сунушу менен Айгерим аттуу сулууга үйлөнүп, 2 жыл чамасында Аксынын Кара-Суусунда досу жана насаатчысы Жеңижок менен коңшу туруп калган эле. Бирок, 1913-жылдар чамасында Айгерим каза болуп, анын зыйнатын өткөзгөндөн кийин Токтогул кайрадан Кетмен-Төбөдө калган Сейдимканына барып, эми биротоло тынчыды го деген ойдо туулуп-өскөн мекенинде туруктуу жашап, Бабажанды, кыздарын чоңойтуу менен алек болгон деген тыянак чыгаруубуз абзел.

Токтогул уулу Бабажан комузчунун апасы болгон Сейдимкан сулуунун Аксынын кайсыл айылынан, кайсыл уруудан жана кимдин кызы экендиги жөнүндө маалымат, тилекке каршы, калган эмес. Сейдимкан апа качан каза болгондугу жөнүндө да так маалымат жок. Бирок, анын 1950-60-жылдарга чейин жашагандыгын ошол кезде тартылып, сакталган фото-сүрөттөн баамдоого болот. Сүрөттө Сейдимкан апа неберелери - Канышай, Күмүшай жана небереси Молдожан Бабажан уулу менен түшкөн.

тт

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-12-2014
Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала
67048

21-12-2014
Алымкан тарыхый инсан. 4-макала
98247

19-12-2014
Токтогул менен Ныязаалы. 3-макала
52742

17-12-2014
Тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгына карата. Энциклопедияга кирбей калган макалалардын циклинен. 1-макала
61134

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×