Добавить статью
4:56, 29 декабря 2014 19972

Бердике берендин урпагы Орунбай олуя жөнүндө баян

Эл арасынан чыккан көзү ачык олуя, табиятынан кудай башка пенделеринен өзгөчө жөндөмдүүлүктү тартуулаган инсандар тууралу, аңыз кептер айтылып ,алардын эл үчүн кылган кызматы дайыма элдин эсинде. Ошондой инсандардын бири айтылуу Улуу катын элинен чыккан Ата уулу Орунбай 1877 жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Ата олуя жашынан көзү ачык болуп, бирок уулу Орунбайды көрбөй дүйнөдөн өткөн. Ата кезегинде эл журтка бир эле Улуу катын элине эмес, бул жагы Ноокат,Ош Жалалабат аймактарына атагы чыккан олуя болгон. Ата дубананын атасы Жарыке дубана олуя, ,Жарыкенин эки уулу болуп чоңу Ата кичинеси Жеенбай дубана. Ата дубананын түшүндө аян берип сен бир уулдуу болосуң, атын Орунбай кой,сенин ордуңду баскан бала болот,келечегинде ошондой болуп, Ата баласын көрбөй бул ааламдан өтөт. Кереезин аялына айтып уул төрөсөң атын Орунбай деп кой, менин оордумду баскан бала болот,айткандай эле уул төрөлүп атын Орунбай койушат. Кудайдын кудурети менен Орунбайдын эки көзү сокур көздөрдөй болуп көзү дайыма жабык жүргөн. Бир көргөн адамга сокурдай көрүнгөн. Орунбайдын атасы Ата дубананын бир тууган иниси Жеенбай жашы он экиге толгондо,жайдын күнү, Жол чырак жайлоосунда капысынан жоголуп кетет. Жайлоодогу эл түп көтөрүлө Жеенбайды издешип, таппай суй жыгылышат. Ар жерге кабар берилип бала тынымсыз изделе баштайт. Жайлоодогу чилде өз күчүндө, айлана чөйрө кулпуруп миң түркүн табийгаттын кооздугунан баш айланат. Жол чырак жайлоосун тең экиге бөлүп агып жаткан суунун жеегинде жаш кары дебей топтолгон элге Жарыке олуя, үч кундөн бери уулу Жеенбай үйгө келбей барбаган жери,сурабаган адамы калбаганын айтып элден жардам сурап, баласын табууга жардам берүүлөрүн өтүндү. Топтолгон элдин арасынан ай ушу Жарыке олуя бизди сынап жатат ко дейм,элдин жоголгон буйум тайымын, ооруп сыркаганын алдын ала эле айтып ооруну сакайтып, жоголгонду тапчуу эмес беле, баланы өзү бекитип койуп бизди сынап жаткан жокпу деген бүдөмүк суроолор пайда болуп, бул сөздор эл менен кошулуп жүргөн Атага да жетип жатты. Иниси Жеенбай бир орунда жай турбаган, тынчы жок, бирде бул жерде жүрсө, бирде тоонун башынан көрүнүп, эл менен өзү теңдүү балдар менен иши болбой, өзүнчө жүргөн бала эле. Күндөрдүн биринде эрте менен эрте ойгонгон бала,сыртка чыгып айылдын этегинде жайланышкан, «Күзгү таштын» алдындагы,көлдүн жеегине келип бети колун жууп, көлдү бойлоп ары бери басып турду. Бир убакта көлдүн күн чыгыш тарабынан көлдү көздөй келе жаткан көп төөлөрдүн үйүрү, түз эле Жеенбайды көздөй салышып, мындай таң эртең көлгө мынча көп төө келбей тургандыгын элдин төөлөрү суу үчүн дарыяга келип кетерин билчүү эле. Бир оокумда төөлөрдүн алдында баштап келе жаткан чоң атан ак боз төө көлгө чукул келип,сууга тизесинен кирди. Калган төөлөр жеек бойлоп сууга кирбей туруп калышты. Бир заматта алай дүлөй болуп, боз түшүп, күн күркүрөп, жамгыр катуу жаап, айлана чөйрө караңгылай түштү. Жамгырдан коргологон Жеенбай, көлдүн жеегин бойлой өскон чоң арчанын түбүнө кирип, көл жакты карап турду. Чылгый суу болгон Жеенбай, коргологон жеринен чыгып, жанагы ак боз атан төө турган жерге келди. Дароо эле күн басылып, айланага жарык кирип, чыгып келе жаткан күндүн шооласы көлдүн бетине жайыла, көз тайгылтты. Төөлөр турган жерге келген бала суунун жеегиндеги кумдан көп төөнүн изин көрдү, баягы өзү көргөн төөлөр көздөн кайым болду. Ошентип көлдүн жеегинде болгон окуядан кийин Жеенбай жоголуп, көпкө чейин табылбады. Бир күнү эрте менен ойгонгон Ата түз эле көлгө келди . Көлгө жакындап калганда көлдүн орто ченинен адамдын карааны көрүнгөндөй болду. Кудайдын кудирети көл тоңуп жеектери музга айланган. Тоңгон муздун үстундө, багелегин тизесине чейин түрүп койуп, тизесинен ылдый жагы тоңгон муздун ичинде, турган иниси Жеенбайды көрүп Ата чоочуп, Жеенбай! Жеенбай! деп чакыра баштады. Баладан жооп болгон жок. Кайра уйдү көздөй чуркаган Ата, артын бир караса, көл кадимкидей жеегине майда толкундар уруп, көздү уялтат. Көлдүн ичинде тоңуп турган Жеенбайдын карааны көрүнбөйт. Сырттан чуркап кирген Атаны, апасы тосуп алып, эмне мынча күйүгүп калгансың бирдеме болдубу деп таң кала карады. Атам кайда, мен атама көргөнүмдү айтам, деп өрөпкүдү. Сыртта, карагер атына минип, дагы бир атты токутуп жетелеп алган Жарыке ии эмне болду балам,жакшы кабарың барбы? деп баласы Атага унчукту. Ооба Жеенбайды көрдүм көл тоңуп ортодо Жеенбай туруптур, мен чакырсам жооп болгон жок. Бул жакты көздөй чуркап келе жатып, артымды карасам көл кадимкидей, Жеенбай көрүнбөйт. Муну уккан Жарыке, аттан түшүп, анда балам издеп жүргөндөргө кабар бердир бары келишсин, мен өзүм Жеенбайды издеп табам деди. Издегендердин баарына кабар жетип ,бир гана тее төмөн «Шутту» көздөй кеткен жыйырмадай адамга кабар жеткен жок. Күн аябай катуу ысып, түш ооп калган мезгил, бир аптадан бери баланы издеп чыккан, Тагай баш болгон жыйырма чакты жигит чарчап чаалыгып «Шуттан» кайтышып түш оой Күзгү таштын алдындагы көлгө жакындап калышты. Бир оокумда алай дүлөй болуп шамал согуп, күн бүркөлүп, суук түшүп кар жаай баштады. Заматта көлдүн үстү тоңуп көлдүн орто ченинде адамдын карааны пайда болду. Муну көргөн Тагай, таң кала жанындагыларга ээ карагыла,тигине,тигине теетиги Жеенбай го деп шашыла чуркап жөнөдү. Жеенбайлап ызы чуу болуп көлгө чаап келе жаткан жоон топ адамдардан, айлана заматта ызы чууга бөлөндү. Укса да укмаксан салып көл ортосунда муздун үстүндө турган, бала бир оокумда, ай тура турсаңар болмок, бир аз калды эле, бүгүн акыркы күн болчу, мен өзүм бармакмын деп өкүнө сүйлөп жатты. Айлана заматта мурдагы абалына келип, көлдүн жеегинде олтурган Жеенбай, жер чукулап башын көтөрбөй өзүнчө бирдемелерди күбүрөп сүйлөнүп жатты. Аңгыча атын чаап, атасы Жарыке келип аттан түшүп, аттиң балам чекилик менден кетти, сени издеттирбей эле койбопмун, кеч билип калбадымбы, деп балага жакындап башынан сылады.Ошентип Жеенбай табылып, бирок көпкө чейин эч ким менен сүйлөшпөй, өзүнчө жүрүп алды.Сырттан акырын байкоо салган атасы Жарыке баланын баскан турганын, жүргөн жерлерин, кандай кылып жатып тургандарына көз салып, акырында баланын көзүн өзү ачты. Жеенбай көзү ачылгандан кийин оорукчандарга дем салып, өтүшүп кеткен ооруларды үйдө алып калып дубалоочу болду. Ата болсо дайыма атасы Жарыке дубана менен бирге болуп, эл жер кыдырып, атасынан кудай сунган жөндөмдүүлүктөрүн үйрөнуп, кееде жеңилиреек ооруларды дем салып жашоо улантты. Жарыке дубана мезгили келип уулу Атаны үйлөп үй бүлөөлүү кылды. Бир күнү Жарыке дубана түш көрүп түшүндө, ууга чыгат куш салып жүргөн экен, бир оокумда эки боз шумкардын бирөө, колунан учуп кайрылып кайра келбей койду. Түшүн жакшылап жооруган Жарыке дубана ии Ата уулумду үйлөнтүп өзүнчө кылып койдум, жанагы түшүмдөгү эки шумкардын бирө Ата өзүнчө түтүн булатып уясынан бөлүндү деп жооруду. Мындан көп өтпөй эле, Ата касида дубасын өздөштүрүүгө атайын орун даярдатат, кырк күн казылган жер алдында касида дубасынын касиеттерин үйрөнуп окуп жатып, кыркынчы күнү сырттан тамак алып кирген ашпозчуну Ата байкабай калып, тигил касида дубасынын касиети менен көзүнө көрүнгөн жиндер менен алпурушуп жатып, сырттан кирген ашпозчунун коркуп кыйкырганынан өзүнө келип, коркпо,коркпо, сен сыртка чыга бер деп жоошутуп, өзү кайрадан жиндер менен алпуруша баштады. Бирде жылан болуп соймоңдоп, бирде жырткыч айбанаттарга айланып, акырында үйүлгөн пахта болуп көрүнүп олтурган зындандын ичи өрткө айланып тиги кирген ашпозчу, Ата аке туруң сыртка чыгың өртөнүп кетебиз деп колунан тартып, Атаны сүйрөй баштады . Кыркынчы күнкү сыноодон жакшы өтпөй калган Ата сыртка капалуу чыкты, аттин аз калганда меенетим текке кетмей болду, пахтанын өрттөнгөнү акыркы сыноо болуучу, сен тамак алып кирбей эле койсоң болмок. Ишим бүтпөй чала болду деп өкүндү. Ошентип жылдар өтүп Ата жашы кыркка келгенде аялынын бойуна бүтүп, бир күнү түш көрүп, түшүндө сен уулду болосуң, баланын атын Орунбай кой деп аян берди. Сыртка чыккан Атанын башы айланып, жер астын үстүн болуп, чоң коргондун дарбазасына жеткенче алка шалка тердеп, араң акыркы күчү менен дарбазаны ачып, эс учунан кетип жыгылды. Ай күнүнө жетип калган келинчеги, Салика кире бериште жаткан Атанын жанына чуркап келип ай ким бар жардам бергиле деп өзү болсо өң алеттен кеткен Атанын башын көтөрүп тизесине жөлөдү. Саликанын үнүн угушуп короого чуркап чыккан кызматчылар Атанын үстү башын тазалашып үйгө көтөрүп киргизишти. Бир оокумда көзүн ачкан Ата, жанындагыларга көз чаптырып, Саликаны издеди. Карап олтургандарга мени сыртка алып чыккыла деп акырын сүйлөдү. Оң сол жагынан колтукташып, Атаны сыртка алып жөнөштү. Короонун күн чыгыш тарабындагы бийик дөңсөөгө алып чыгышып, кызматчылар, дароо орундук даярдап жиберишти. Ата даярдалган орундука олтурбай, айлана тегерекке көз чаптырып, айлана чөйрөгө суктана карады. Чын куран «апрель» айынын акыркы күндөрү болгондуктан айлана чөйрө көркүнө келип, күн жылып, жаратылыш жашыл кымкап жамынып тее батыш жакта созулуп жаткан Ноокат өрөөнү, күн чыгышынан, түндүгүнөн, керемет тоолор менен курчалган, туулуп өскөн жердин көркү, Атанын көз жоосун алып, ушул керемет жердин жамалына көзү тойбой, көпкө чейин карап турду. Короодон сыртка чыккан Салика Аталар турган жакты көздөй басты. Дөңсөөгө чыга келген Саликаны, Ата жылмая тосуп алып, сени коркутуп койдум окшойт. Жоок мен эмнеден коркмок элем, бары жайында, өзүңүз кандайсыз, жакшы болуп калдыңызбы? деп суроо салды. Эми Салика мен сага бир нерсе айтайын, эгер уул төрөсөң атын Орунбай кой баланы этияттап бак. Убагында эл журтка кызмат кыла тургандай кылып тарбияла. Менин сага айтарым ушул. Жок сиз эмне деп жатасыз, баланы өзүңүз экөөбуз чогуу тарбиялайбыз деп унчукту. Күн кечтеп, заматта айылдын ичи жайыттан кайткан малдардын ызы чуусуна бөлөндү. Ичкери кирип жаткан Ата, таңга жуук көз жумду. Атаны жайына алып барып койгондон кийинки күнү, таңга жуук Салика көз жарып уул төрөдү. Төрөлгөн баланы атасынын ордун бассын дешип, атын Орунбай койушту. Эрте жаз. Бир аз күн жылып , анча мынча жерден көктүн башы кылтайып, күн ачык күндөрү түш чендери күн кадимкидей ысып, жаздын жыты, жерден көтөрүлгөн буу бозомук болуп авага көтөрүлүп айлана тегерек көк жыттанат. Тее төмөндө Араван сайды бойлой кеткен жалгыз аяк жолдо, атчан адамдын карааны пайда болду. Улам жакындаган сайын алдына өңөргөн бир жашар баланын колуна тизгинди карматып чоң тору кашканы улам камчылап кыштоону көздөй келе жаткан Салика, жол четинде олтурган ак сакалдуу карыянын жанынан өтө берерде, алдындагы бала карыяга карап талпынып, күлгөндөй болду. Ак сакалдуу, үстүнө шырыма төө чепкен кийген колундагы кармаган жери иймекей, жыландын башынын элеси түшүрүлгөн кызыл тустөгү таяк, чап жаак, көздөрү тее тереңден оттуу караган, белиндеги эндүү бото курунун учун кайрып ордунан турууга камданып жаткан карыядан ийменип, арбаңыз ата, деп салам берип аттын оозун тарта четке чыга берди. Ии бар бол балам, жолуң болсун, мен силерди тее Ак чабуунун этегинен бурулуп чыга бергениңерден бери күтүп турам. Ии анда көп күтүп калыпсыз го, жо жок балам, мен көптөн бери силерди издеп таба албай журдум эле. Жакшы болбодубу минтип жолдон жоолугуп. Эми балам менин сага айтайын дегеним, тиги алдыңдагы уулуң Орунбайды, жаман суук көздөн сактап, эрезеге жеткиче этияттап кара. Бул бала кудайым кааласа дубана олуялардын тукуму, ошолордун ишин улантуучу, эгерде ооруп нетип калуучу болсо, мени издеп тап мен көбүнчө, Ноокаттын үстү жагындагы Чили сайда, же Жаңы Ноокаттагы Саавада болом. Касиеттүү Чили сай, илгертен Ноокат чөлкөмүндө ыйык жер аталып, ал жерге зыярат кылганы барган эл, ушул жол жеегинде жоолуккан ак сакалдуу карыяны бирде Чили сайдын өзүнөн, бирде андан төмөнүрөөк Саванын башынан жоолугуштурушуп,ооруп калгандары бир эки күн карыяга дем салдырышып, кудайдын кудирети менен тез эле айыгып кетишчү. Карыя коштошуп жатып, балам мына бул аса таяк, менин белимдеги бото курду убагы келип балаң Орунбай бой жеткенде өзүнө тапшыргын. Мен берген буйумдарды балаң эрезеге жеткенге чейин эч кимге көргөзбөй, сакта. Убагы келгенде Орунбай биздин ишибизди улантат. Кош болгула… Ордунан жеңил козголгон карыя заматтын ичинде бурулуштан көрүнбөй калды. Арадан бир топ жылдар өтүп кыштын ак карлуу суук күндөрүнүн биринде, суук тийгенби айтор эч ким билбейт Атанын уулу Орунбай катуу ноокастап, бир жумадан бери наар албай, төшөктөн турбай жатып калды. Баланын ооруп жаткан мезгилинде айыл ападан эмчи домчулар, бүбү бакшылар өздөрүнүн билген, колунан келген жөндөмдүүлуктөрүн көрсөт үшүп, баланын оорудан айыгуусуна жардам берип жатышты. Күндөн күнгө Орунбайдын оорусу күч алып, жакындарынын анын ичинде Саликанын айласын кетирди. Бейшенбиден жумага караган түнү сыртта суук күч алып катуу шамал коштогон борон чапкын сыртка чыккан Саликанын этек жеңин жулмалап, кайра боз үйдүн ичине тез эле кирүүгө мажбурлады. Эти ысып, өң алеттен кеткен Орунбай үстүнө жабылган жуурканды алып ыргытып, өзүнчө кобурап сүйлөп ардемени жөөлүп жатты. Таң атканча баласы менен алек болуп, таңга жуук чарчаган Салика бир аз уктап кетти. Эрте менен чоочуп ойгонгон Салика, Орунбайды жаткан жеринен таппай калды. Сыртка чуркап чыккан Салика короодон да Орунбайдын карааны көрүнбөдү. Короонун бет мандайындагы дөңсөөдөн, бирөөнүн ары бери чуркап жүргөнүн баамдаган Салика ай Толубай сенсиңби? Орунбай жок аны көрдуңбү? деп үн салды. Бери келиңиз, Орунбай акем мында, келиңиз батыраак деп жооп кайтарды. Дөңсөөгө жакындап келген Салика көргөн көзүнө ишенбей, таң кала Орунбайдын жанында олтурган баягы жол жеегинде жоолуккан карыяны көрүп, ал киши Орунбайды кардын үстүнө жаткырып, эки колунун алаканы менен баланын башынан төмөн карай сыдырып, улам улам терең дем алып, чекене тамырлары көөп, кызарып татарып балага дем салып жатты. Карыяга жолтоо болбой, Салика Толубайды ээрчитип үйдү карай басты. Сыртта жүргөн кызматчыларга мейман үйгө от жактырып, мал арасындагы ириктердин эттүүсүнөн тандап бирди сойдуруп, тамак астырды. Бир оокумда Орунбайды ээрчиткен карыя, боз үйгө салам айтып кирип келди. Карыянын артынан ээрчий кирген баланын өңүнө кан жүгүрүп, апа мен жакшы болуп калдым, дегенде эмне деерин билбей апкаарыган Салика, карыянын этегине жыгылып, ата мени кечириң сиздин айткандарыңыз такыр эсимден чыгып, балам ооруганда эмне кылаарымды билбей, мени кечирип койуң! деп шырыма төөнүн жүнүнөн токулган чепкенине тооп кылып жатты. Кой балам оордуңдан тур, биз кудайдын алдында бир алсыз макулукпуз да, Орунбай кудай кааласа жакшы болуп калат. Конок үйдүн ичи, иреетке келтирилип, меймандар орун алышып, төрдө олтурган карыянын оң тарабына айылдын аксакалдары жайлашышып үйдүн ичи заматта бака шака болуп, баланын ден соолугу суралып алдыларына койулган тамактардан ооз тийишип жатышты. Бир оокумда айылдын аксакалы Чекебай карыя, туугандар бу биздин Ата оолуянын уулун алланын жардамы менен айыктырган карыяны тааныштыра олтурайын. Тее атам замандан бери өзүңөр билесиңер, Орунбайдын чоң атасы, өзүнүн атасы көзү ачык олуя болушуп, кудайдын алдында эл үчүн ак кызмат кылышып өтүшкөн адамдар, эми мына бул карыянын аты Туйгун илгертен бери, тигил Ноокаттын үстүндөгү Чили сайдын оозундагы касиеттүү Сахабада жердеп, ошол жерде алланын жардамы менен ооруп сыркагандарга дем салып, колунан келгендерин аябай, күн өткөргөн инсан. Оорунун алдын алып, өтүшүп кеткендерди өзүнүн үйүндө алып калып, айыкканга чейин өзү карап көп адамдарды ажалдан арачалап алып калган Туйгун олуянын таржымалын угушкан үй ичиндеги коноктор, ии укчу элек өзүбүз барып көргөн эмеспиз, ооба көп адамдар оорусуна даба табышып элге кошулганын айтып калышат дешип , аа бул аксакал Орунбайдын ооруп жатканын кайдан билди болду экен дешип таң калып жатышты. Түш оой коноктор узатылгандан кийин. Туйгун олуя, Саликанын үстүнө Орунбайды ээрчитип кирди. Жашы он алты он жетилерге келип, шыңга бойлуу, көздөрүнүн үстүндөгү өскүлөң кашы, эки көздү жаап, бирөө менен сүйлөшкөндө кашты жогору көздөй серпип,ак саргыл жүздүү Орунбай, башка адамдардан өзгөчөлөнүп, койуу каштары жаап турган көздөрү көгүш тартып, бир көргөн адамдын эсинен чыкчуу эмес. Салика балам баланын учуру келип, эр жетиптир, эми Орунбайды мага бер. Мындан кийин мен билгенди үйрөтүп өзүм тарбиялоом керек деп, Орунбайга жылмая карады. Баягы Туйгун карыя берген жыландын башынын элеси түшүрүлгөн кызыл тобулгу таяк менен, бото курду Салика койгон жеринен алып Туйгун аксакалга сунду. Мунун ээси Орунбай гана балам курду белиңе байла, мына бул аса таяк сага дайыма керек болот. Балит жерге таштаба, таза алып жүр деп эскертти. Бүгүн биз мында болуп айылдын анча мынча ооруп сыркагандарын кабыл алабыз да, эртең жолго чыгабыз деди. Айылдын тее төмөн жагындагы «Жар коргон» дарыясы менен «Кошчан» дарыясынын кошулган жерге келишти. Орунбай менен Туйгун карыя эки дарыянын кошулган жерине келишип даарат алышып кардын үстүнө үстүндөгү чепкендерин жая салышып бешин намазын окушту. Намаздан кийин Туйгун олуя ичинен күбүрөп, алакан жайып, бата тиледи. Мына балам кудай кааласа биз бул эки суунун кошулган жеринде, ата бабаларыбыздан бери келе жаткан ишти улантып, мындан кийин дайыма бирге болуп, элге жардамыбыз тийиши зарыл. Эми мен сени Чили сайга алып кетем. Жаз келгиче ошол жерде болобуз. Айылга кайтып келишкен экөөнү конок үйд үн алдында турган бир топ адам тосуп алды. Тосуп алгандардын ичинде бирө, менин келинчегим көз жаргандан кийин кату ооруп, баламды эптеп өзүм багып жатам. Эгер мүмкүн болсо жардам бериңиз деп томсорду. Келинчегиңди алып кел мен көрөйүн дегенде, үйгө кирсеңиз үйдө жеңем кармап олтурат деди. Сырттан кирген Орунбай менен Туйгун олуяга үйдүн ичи караңгы болуп эч те көрүнбөй жатты. Бир оокумда Туйгун олуя түндүктү тартып ачып үйдүн ичин жарытууга буйруду. Кана Орунбай жаныма кел эми экөөбуз бирге жин кубалайбыз деди. Түндүк тартылып үйдүн ичи жарык боло түшкөндө, үйдүн ичиндеги арыкчырай жаш келин менен орто жашап калган зайыпка, кана өзүңөрдү кармап коркпой олтургула деп карыя буйруй сүйлөдү. Аа сен он сегиз миң ааламдан орун таппай, ушул күнөөсүз баламдын көлөкөсүнө айланып, анын көөдөнүнө кол салып, меесин айландырып, өзүңө кошку келдиби? Ии сени элеби, кана кудайым өзүң колдо, сенин сүйгөн пендеңе зыян келтирген албарстыны кууп жок кылууга жардам бер, деп Туйгун карыя, Орунбайдын колундагы аса таякты алып, жаш келинди таяк менен чапкылай баштады, бир оокумда Орунбайдын көзүнө боз үйдүн ичиндеги келинчектин жанында пайда болгон сары ит, куйругун кыпчып үйдөн чыгаарына жол таппай акырында боз үйдүн түндүгүнөн секирген бойдон чыгып көздөн кайым болду. Сыртка чуркап чыккан Туйгун олуя кет жогол, ниети жаман, тукумуң куругур, жогол экинчи келбе деп, алка шалка тердеп, көрдүңбү балам тиги түрү суукту короодон чыгып дөңсөөнү ашып бараткан баягы сары ити жаңсап көрсөттү. Көз жаргандан бери жарытылуу тамак жебей, жакшы уктабай кыйналган келин, үйүнө келип тамак жеп уктап калганын айтышты. Эми балдарым мен силерге тумар чийип берейин. Тумарды дайыма үйдүн кире беришине илип койгула деди. Орунбай көргөн көзүнө ишенбей Туйгун карыядан сурап, билбегендерин үйрөнүп жатты. Туйгун карыя өзгөчө аялдар төрөп жаткан убакта, тигил сенин көзүңө көрүнгөн албарсты төрөгөн аялдын жанында эч ким болбосо, аялдарга зыян келтирип кееде өлтүрүп да койот. Эми сен менден көп нерселерди үйрөнөсүң. Тигил жөнөкөй адамдардын көзүнө көрүнбөгөн жиндер сенден коркушат алардын тагдыры сенин колуңда болот. Быйылкы кыш мурдагы жылкыга караганда оорураак болуп, бирок жаз өз убагында келди. Айланада апапак болуп агарып жаткан кар тез эле бир нече күндө ээрип ала шарбыт башталды. Кокту колоттордон түзөң жерлерден ээриген кардын суусу жолдун бети менен агып, арыктар аркылуу сайларга ага, бара бара кара жердин бети тоборсуп, жаз өз күчүнө кире баштады. Жаз алды эрте туулган козу улак, музоо кулундар оюн салып, айыл ичи эртели кеч, жаш балдар менен торпок тана иттердин ызы чуусуна толуп, күндөлүк элет турмушу өз нугунда өтүп жатты. Ар кай жердеги дөңсөөлөрдөгү жашыл ыран кылайып калды. Туйгун олуя менен дайыма бирге болуп, анын орулуу адамдарды кантип айыктырып жатканын кылдаттык менен үйрөнүп, ар турдүү бири бирине окшобогон адам баласынын ден соолугуна зыян келтирүүчү дарттарды дабалоодо, билгичтик менен мамиле кылып, шыпаа издеп келген адамдарга аяр мамиле жасап, алар менен тыгыз байланышта болуп, өздөрү сүйлөп айта албагандарды, алып келген жакын туугандарынан эмнеси ооруй тургандыгын сурап билип, андан кийин гана устаты Туйгун олуянын кеңешин сурап, жакшылап ойлонуп, кее убактарда, түнү менен уктабай аллага зикир кылып, кудайдан жардам сурап, иш туткан Орунбай, тез эле элдин оозуна алынып кетти. Тиги «Улуу катындан» чыккан Ата олуянын уулу Орунбайдан ооруп сыркап баргандар кудайдын кудирети менен шыпаа табышып, кулундан соо сакайып кетишкендиктерин эл чогулган той топур, өлүм житим болгон жерлерде айтышып, аа атасынын баласы да, атанын ордун басып, элдин керегине жараган, дагы бир азаматыбыз бар экен дешип, эки адамдын башы бириккен жерде кеп сөз кыла башташты. Мына ошентип Орунбай эл жүгүн өз мойнуна аркалап, ары жооптуу, оңой олтоң эмес, түмөн түйшүктүү оор милдеттин үстүнөн иш алып барууда. Билбегендерин айтылуу Туйгун олуядан сурап, үйрөнүп акырын элге аралашып, мурдагыдай болбой, жоопкерчиликти сезе баштады. Батышында тунарып бара бара узаган сайын учу кыйыры көрүнбөй тее бозомук болуп араң көрүнгөн бөксө тоо курчаган кең өзөн, Чыгыш тарабы Эш жайлоосунун өзөгү айкын дана тее ак мөнгүлүү Алтын казык чокусунун астынан башталган өзөн улам берилегенде чубалып келип түзөңдүн башталышында, «Кошчан» дарыясына кошулуп чоң дарыяга айланып аягы Араван сайга айланат. Асман чаңкай ачык. Тее алысы да жакындай даана. Тигил беттен сайраган улар үнү бул бетке даана угулат. Артүркүн кызыл тазыл гүлдөргө оронгон айлана, аларга конуп учуп жүргөн көпөлөк, аарылар, жым эткен тоо табийгатына жан киргизгендей. Ушул керемет көрүнүш Орунбайдын кечееги эле балалык күндөрүн элестетип, ал мезгил эми экинчи кайталанбай кайрылбас болуп кеткенин жүрөгү ачыша эстеди. Кечееги өткөн күнүм бүгүн сагынтып кайрылбай кеткен экен го чиркин! Адам өмүрү бир табышмак экен го?...Бул азыркы көрүнүш, айланадагы көрүнгөн тоолор, кандай гана сырдуу, табышмактуу окуялардын күбөсү болду. Дагы канча мезгилге чейин турат… Орунбайдын ушул ойлорун. Алдында минип бараткан карагер бышты, башын чулгуп, камыш кулактарын тикчийтип, кошкуруп бет мандайындагы топ карагандын арасынан көрүнгөн кара бараандан үркүп, бузуп жиберди. Карагердин оозун тартып, акырын жоошутуп, аттан түшкөн Орунбай, карагандын арасынан ар жери тытылган, бети башы кызыл ала кан, сакал муруту өскөн, үстүндөгү кийиминен тамтыгы жок, жашы отуз кырктарга барып калган, улан өзүнчө бирдемелерди сүйлөнүп, эч нерсе менен иши болбой, кееде ыйлап, кееде күлүп, карагандын түбүн колу менен чукуп, топуракты артын көздөй шилеп чачып жаткан адам кейпинен ажырайын деп калган, жолоочуну көрүп, ай сен кимсиң? Эмне кылып жүрөсүң? Тур ордуңдан кел мында деген суроолоруна жооп болбой, өзү менен өзү болгон немеге, атын жол бойундагы ыргайга байлай салып жакындап келип колун сунганда, тигил неме башын көтөрүп жалдырай карап ал дагы колун сунуп ордунан тура келди. Бир оокумда тигил кишинин үстү башын тазалап, карагандын астынан жетелеп алып чыкты. Жол бойундагы ыргайга байланган карагер кишенеп тигил кишини көргөндө, ордунан ала салып бошонууга аракет кылып жатты. Суунун жеегине тигил кишини жетелеп келип бети башын жууп кийимин иреетке келтирип, атка артылган куржундун көзүнөн теспесин алып тигил кишини олтургузуп дем салып окуй баштады. Арадан бир чай кайнам убакыт өтүп, улам окуп дем салган сайын тигил киши жоошуп, акырында мемиреп уктап кетти. Баятан бери кишенеп бошонууга арекет кылып жаткан карагер бышты да өзүнчө жай алып бир ордунда туруп калды. Тигил уктап жаткан киши ойгонгуча бир нече жолу дуба окуп дем салган Орунбай, куржундун көзүнөн нан быштак эт алып туурап белиндеги курун чечип жая салып тигинин ойгонгонун күтүп, олтура кетти. Бир оокумда тигил киши ойгонуп, көздөрүн укалап оордунан козголуп, айлана тегерегин карап үстү башын иреетке келтирип, Орунбайга таң кала карап, жанындагы тамактан көзү өтүп, сурай албай турду. Ээ кандай тууган жакшы болдуңбу кел тамактанайлы дегенде, жылмайып күлүп, нандан алып жеп, кесилген эттен сугунуп жатты. Тигиге көп көңүл бурбай куржундун көзүнөн кол чаначтын оозун ачып өзү ичип тигиге сунду. Кымыздан бир нече ирет жутуп алдына койулган тамактын бардыгын жеп ордунан туруп жөнөп калган немени Орунбай токтотуп, Сен кайда? Кимсиң? Атың ким? деген суроолоруна тигил атым Жума, сиз кимсиз деп суроо салды. Байланган атты чечип минген Орунбай тигиге жакындап келип кел мага учкаш деп колун сунду. Атка ыргып минген Жума жол бою унчукпай, бир оокумда үйүн эстедиби, апасынын аты Уулбүбү экендигин айтты. Коңушу айылдан экендигин, аялы бир уулу бир кызы, аларды көптөн бери көрбөй сагынгандыгын өзү эмне болгондугун билбей тургандыгын айтты. Кыштоого жете келген тиги экөө аттан түшүшүп, короо четине салынган чарпаядан орун алышты. Аңгыча үйдөн сыртка чыккан Баба үйгө кириңиздер деди. Жок биз мында эле болобуз, андан көрө Баба аке сиз бизге дааратка суу даярдап бериң, биз бир аз эс алып, андан кийин үйлөрүбүзгө барарбыз. Даарат алган экөө чарпаядан түшпөй, намаз окууга киришти. Намаз окулуп бүткөндөн кийин, Орунбай баягы кызыл тобулгу аса таяк менен Жуманын башынан ылдый чапкылап,дем салып окуй баштады көзүн жумуп канчалык таяктын учу кату тийген сайын, жаны жыргай түшкөн Жума өзүн бара бара жеңил сезип, ал эми тигил окуп дем салып жаткан Орунбай кызарып татарып кыйналып дубалап, бир оокумга чейин дем албай кайталап окуп анан үнүн бийик чыгарып алла өзүң жар бол, ушул күнөөкөр пендеңе шыпаа бере көр, азиздер колдогула, менин колум эмес, Умай эненин, Жигит пири Шаймердендин колу! Кет, кет, чыгып кет, ниети жаманга кет Жумага айланба жогол, Оо азиздер жардам бергиле деп, көпкө чейин тигил Жуманы тегерене айланып алка шалка тердеп, бир оокумда басылды. Баятан бери көзүн бекем жумуп ачпай олтурган Жума көзүн ачып, айлана тегерегине карап, короодо турган Бабаны көрүп, Ээ Баба аке бул сизби, кандайсыз, сиздикине мен кайдан келдим, деп Баба менен кучак жая көрүшүп, көз жашын көлдөтүп ыйлап жиберди. Ээ иним кудай жалгап жакшы болбодубу, минтип Орунбай иним сени жоолуктуруп алып келгени. Жакында «Чеч дөбөгө» барсам сени жин оорусу менен ооруп өзүн билбей, көрсөтпөгөн молдо кожолору калбай акырында жыйынтык болбой, айлалары кетип, сени өз жайына койушканын айтышкан эле. Кудай жалгап минтип Орунбай иниме жоолугуп шыпаа таап олтурасын деп Баба өзү оорудан арылгандай сүйүнүп Жуманы кучагынан чыгарбай ыйлап турду. Тигилер менен коштошкон Орунбай, Баба аке Жуманы, үйүнө өзүңүз жеткирип койуң, сизден сураныч, эгерде оорусу кайталаса мен үйдө болом. Мага келишсин. Болуптур иним жакшы болот Жуманы мен өзүм үйүнө жеткирем деп убада берди. Айылдын четиндеги дөңсөөдөн, алыстан дана көрүнгөн бак шактуу короо Орунбайдыкы. Алыстан келген Орунбайды тосуп чыккан эч ким болбоду. Аттан түшүп, ээр токумун бастырманын алдына койгон Орунбай карагер быштынын ноктосун шыпырып кое берди. Жай чилдеси болгондуктан, күн ыссып салкын издеген бала үйгө кирди. Апасы жайлоодо . Быйыл Орунбай жайлоого тиги алыскы Жол чыракка барган эмес. Ичкери кирип, бир аз эс алууга олтурган Орунбай жаны жер тартып ныксырап уктай кетти. Ошол бойдон уктаган Орунбай эртеси эрте менен ойгонду. Сыртка чыгып даарат алып багымдат намазын окуп, өзү чай кайнатып, нанүштө кылды. Бир оокумда короонун төмөн жагынан адамдардын кобур собуру угулуп Баба баш болгон бир нече адамдар арасында жаш балдар, аялдар көрүнөт, үйдүн этегиндеги дөңсөөгө чыга келишти. Ии кудай жалгап Орунбай үйүндө экен ырас эле болбодубу дешкендери дана угулду. Тез эле тигилер короого кирип келишти. Келиңиздер жөн жай элеби Баба аке деги тынчылыкпы деген Орунбайдын суроосуна, ии иним жөн жай эле, кечееги Жума мына үйбүлөөсу апасы баш болуп сага ыраазычылык билдирейин дешип тапкан ташкандарын алып келишип сенден ыраазычылык сурап, келишкендигин айтты. Башы токтобой, колу калчылдаган арык чырай, узун бойлуу жашы сексен ашып калган кемпир, Орунбайга жакын келип этегине тооп кылып кагылайын касиеттүү олуянын кулуну, мынтип менин үзүлгөн үмүтүмдү жандандырып, өчкөн шамымды жандырып, жалгыз баламды кайтарып бергениңе мен эки дуйнө ыраазымын балам, ылайым учугун узарып, бул жалганда кем болбо балам. Мына балам сакайып, кече жашоодон үмүтүмдү үзүп зар какшап күнү түнү баламдын оорусу мени кошо алып кете тургандай болгондо, кудайым сени жоолуктуруп, сен арачы болуп баламды кайтарып бердиң балам, деп көз жашын көлдөттү. Сүйүнгөнүнө чыдабай ыйлап турган эненин башын акырын жөлөп, эчтеке эмес Эне, алла талам берген меенетине шыпаасын кошо жаратат. Биз пенделер сабыр кылып алланы эстен чыгарбай келген меенетке шыпаа издесек сөзсүз айыгабыз эне. Мен ортодогу араачы элемин. Баары кудайдан аллага ыраазычылык кылың эне, деп карыган байбичеге билгенин айтты. Алып келген майда чүйдөсүн, жетелеп келген козусун кайтарып өздөрүнө берип, үйүңүздөргө барып тууган урукту чакырып тигил курмандыка чалып койгон козуңузду сойуп кан чыгарып түлөө өткөрүп койуң. Кана Оо мин! үйүңүзгө алла таала тынчтык берсин деп бата тилеп тигилерди жолго салды. Ошентип алыс жууктан, жакын ортодон ооруп сыркагандар Орунбайга келишип шыпаа табышып, айыгышып жатышты. Орунбайдын үйүнөн кышы жайын адам үзүлбөй, кее күндөрү гана ара чолодо чакырган жерге барбаса башка күндөрү такай үйүндө.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×