Добавить статью
12:08, 19 января 2015 0

Алыстан бакыт издеп (ырлар)

20150118_135231 АЛЫСТАН БАКЫТ ИЗДЕП

Аты өчкүр акча болуп санаабызда,

Алыстан бакыт издеп барабыз да.

Талаалап өтүп жатат кайран өмүр,

Татыктуу ата болбой балабызга...

"Кесме" ичип кымыз ичкен чыныбызга,

Келе албас болдук такыр сыныбызга.

Сүйрөдүк четтеп турмуш арабасын,

Сүйүктүү ата болбой кызыбызга.

Учурбай кармап үйдүн берекесин

Улгайган, боюндагы кемегенин.

Эзилбейт кимдин гана көкүрөгү,

Эки жыл көрбөй жүрсө энекесин...

Жашоону оңдоо үчүн багыт алган,

Жашабай жабык калып, тамы салган.

Жакшырган менен деле турмушубуз,

Жат элде жүргөн күндүн жарымы арман.

Өзгөргөн менен деле турмушубуз,

Өзгө элде жүргөн күндүн жарымы арман...

Гүлчөтай

Гүлчөтай, мыкты агентчи, табышмак кыз,

Болбосо агент кайдан таанышмакпыз...

Булуттан чыга калган айдай болуп,

Кайра эле булут көздөй жашынмак кыз.

Жүз көрүп тааныбаган карындашым,

Жүзүңдөн нурун дайым чачырасын!

Жүрсөк да абдан алыс аралыкта,

Жардамың тийчү кезде жанымдасын!

Көгөрүп отурасың дагы деле,

Көңүлүм толот сенин мамилеңе.

Кадырлуу адамымсың контагымда,

Калп айтып жашырайын аны неге!

Сулууга

Оо сулуу, укмуш сенин мөлтүрөшүң,

Оп-оной айтканына көндүрөсүн.

"Ойлоном башка жанды" дей көрбөгүн,

Огу жок мүрт кетирип өлтүрөсүң!

Сүйүүмө сулуулугуң себеп болуп,

Сезимим желбиреди желек болуп.

Абайла анга түртпөй агатайын,

А балким калам сага керек болуп...

Өтүмүң өзү сенин устаранын,

Өзүнсүз туюк менин туш тарабым!

Боздотпой бойдоктуктун туткунунан,

Бошотуп качан мени куткарасың? ...

Кабагың калыңдатпай күлүңдөчү,

Кайгырсаң качат күлкүм жүзүмдөгү.

Апакем ак жоолугун катып жүрөт,

А көрөк тойго камдан күзүндөгү.

Айкөлсүң, ай

Аттайм деп астанасын алтымыштын,

Апам ай, азап тарттын алтымыш миң!

Ак жоолук кыйгач салган курагыңды,

Ай-жылдын катмарына калтырыпсың. ..

Өмүрдөн өрдөп улам көчүң дагы,

Өзгөүп баратасың өзүң дагы...

Айды эмес, алкыш алып бербей жүрөм,

Аны үчүн бушайманмын өзүм дагы!

Көңүлдө көр сезимди ката дешти,

Көөдөндү тазартуучу бата дешти.

Кырсыкка өзүндү аяп, өзүн тосуп,

Коргогон "периштени" апа дешти!

Коз туман кор дүйнөнү беттеп алып,

Бакытты байлык менен чектеп алып.

Айлангым келбейт андай "бактысызга",

Апаке ак батандан четте калып!

"Бейишти" белек кылчу асыл жаным,

Бакытты келет сизге тартуулагым.

Өкүнөм, өтөсүнөн чыкпай жүрөм,

Өзүмө өзүм берген тапшырманын!

Өмүрдө караңгымды жарык кылаар,

Өлүмдөн коркпос жанды алып тынаар.

Ажалга балам десе, барам деген,

Апам ай, айкөлсүң ай, ыйыксын ай!!!

ЖАЛЫНДАЧУ ЖҮРӨГҮМ

Отко чачып көрчү майдын күйөөрүн,

Ошол өңдүү жалындачу жүрөгүм.

Селкилердин суктанчу эле далайы,

Сени кандай сүрөттөсөм сүйөөрүм.

Эн бир таза сезимдерди бакчубуз,

Эки айрылыш жолго окшоду бактыбыз.

Ээлей албай койгон эле жүрөктү,

Эчен эстуу татынакай жакшы кыз.

Алгалабай сүйүүдөгү сапарым,

Аксап калган кадамыма капамын.

Туулган айылын тун сүйүүсүн унутпас,

Толуктадым адамдардын катарын!...

КӨЙНӨГҮН ДАГЫ СҮЙҮПМҮН

Жоругуң кургур жыйылган жаштар кечеден,

Жолугуп калдым бир сулуу кызга кечээ мен.

Таанышуу үчүн батынып жакын бара албай,

Тартынчаак жаным тер чыгып кетти чекемен.

Жүзүнөн турса төгүлүп нуру күлүп күн.

Жүрөгүм согот дүбүртүн басып күлүктүн.

Көрк кошуп турган келишкен сымбат боюна,

Көздөрү турсун көйнөгүн дагы сүйүпмүн.

Ажары укмуш койгонсуп кудум ай чылап,

Акылды деле борбордук жайдан жылдырат.

Жайылган чачы, эрини кашы тим калып,

Жемпири деле каректин нурун сындырат...

Кыялга батчу учурду колдон учурбай,

Кыйлага турдум орогон ойдон кутулбай.

Тазалық андан тараган өңдүү ааламга,

Тамшанып турдум болсо деп жарым ушундай.

Селкини сүйүп селейип калган бир көрүп,

Силерде достор болгонбу учур ушундай?..

Жаш акын Ө.Азимбаев: Өзүмдүн өзгөчөлүгүмдү тапканга аракет кылам (видео, маек)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×