Добавить статью
10:28, 6 марта 2015 50856

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (аягы)

IV. Советтик мезгилде калыптанган жогорку концепциянын негизинде “Кокон хандыгы реакциялуу, артта калган феодалдык, чыгыш деспоттук формадагы мамлекет болгон. Демек, ал кыргыз элине эч кандай өнүгүүнү алып келген эмес” деген көз караш өкүм сүргөн.

Бирок, Кокон хандыгынын тарыхын изилдөөдө, анын салыштырмалуу артта калуусуна, мамлекеттик формасынын деспоттук экендигине карабай Орто Азияда өзүнүн орду болуп, кыргыз элинин түндүк аймактардагы уруулаштарына салыштырмалуу Фергана өрөөнүнүн калкы үчүн бир топ позитивдүү ролго ээ болгондугуна күбө болобуз. Алар төмөнкүлөрдөн көрүнгөн: мамлекеттүүлүк, полиэтникалык элдердин консолидациясы, чарбалык жана социалдык интеграция, көчмөндөрдүн отурукташуусунун күч алышы, дыйканчылыктын, майда кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү, ички рыноктун калыптана башташы, диний туруктуулуктун бекемделиши, маданияттын салыштырмалуу жогорулоосу, илимдин алгачкы кадамдары.

Бул өнүгүү тармактары канчалык примитивдүү болсо да, жоокерчилик менен өмүр сүрүп келген кыргыз элине, анын негизинен отурукташкан, жарым көчмөн жана көчмөн түштүк уруулаштарына оң таасирин тийгизген. Ал ферганалык кыргыздардын XIX кылымдагы жалпы экономикалык, социалдык, саясий жана руханий жактан салыштырмалуу алдыраак өнүккөндүгүнөн көрүнгөн. Жазма адабияттын калыптана башташы (Молдо Нияз, Молдо Багыш, Нурмолдо жана башкалар), алгачкы тарыхчылардын (Зиябидин Магзуми, Муса Калбек мунший) болушу ушуну далилдеп турат. Атүгүл мусулманчылык сабатта болгон айрым теңиртоолук, таластык, чүйлүк жана ысыккөлдөк инсандардын калыптанышына да кокон маданиятынын таасири чоң болгондугун тануу мүмкүн эмес.

Кокон хандыгы мезгилиндеги социалдык-экономикалык, саясий-руханий өнүгүү мисалдары кийинки баптарда кенен айтылат.

V. Ушул мезгилге чейин кыргыз тарыхнаамасында “Кокон хандыгы өзбектердин мамлекети болгондуктан кокон хандары кыргыздарга карата экспансиялык, басып алуу саясатын жүргүзгөн” деген көз караш үстөмдүк кылып келет. Бул жерде сүйлөмдүн экинчи бөлүгү салыштырмалуу туура деп айтса да болот. Анткени, чынында XVIII кылымдын 60-жылдарында кокон хандары алайлык жана Эки-Суу арасындагы кыргыздарга, ал эми XIX кылымдын башында таластык кыргыздарга, 20-жылдары кетмен-төбөлүк, теңиртоолук жана чүйлүк кыргыздарга, ал эми 30-жылдары ысыккөлдүк кыргыздарга “экспансияга”, “басып алууга” ылайык саясат жүргүзгөндүгү анык.

Бирок, дүйнөлүк тарыхтын бардык барактарында тигил же бул мамлекет уюшулуп, түптөлүп, анан бекемделиш үчүн чөлкөмдүк кеңейүүнү сөзсүз түрдө экспансиялык жана басып алуу жолу менен, куралдын күчү менен ишке ашырып келген. Европадагы, Азиядагы ар кандай чоң, кичине мамлекеттер ошондой жол менен түптөнүп, анан бекемделишкен. Орто кылымдагы Москва княздыгынын бекемделиши жана борборлоштурулушу жанындагы кандаш Суздаль, Владимир, Новгород, Рязань сыяктуу княздыктарды куралдуу басып алып, бириктирүү жолу менен ишке ашкан. Демек, мындай тарыхый логика Кокон хандыгынын да Хива жана Бухарадай эле буйтап өткөн эмес.

Түштүк кыргыз урууларынын түздүктөрдө, азыркы Өзбекстан менен Тажикстанда жашагандары, айрыкча ичкилик уруулары жана адыгине тобу, саяк, саруу, багыш, кутчу жана башка сол урууларынын белгилүү бир бөлүгү Кокон хандыгы түптөлгөн биринчи күндөн баштап эле анын курамында туруп, калкы мамлекеттин толук кандуу жарандары болушкан.

Ал эми XIX кылымдын башынан 30-жылдарга чейин кокон хандарынын таластык, теңиртоолук, чүйлүк, ысыккөлдүк кыргыз урууларын багындырышын, алардын Кожентти, Ташкен оазисин, Казакстандын түштүк-чыгыш өңүрүн багындырышы сымак эле хандыктын кеңейиши катары сыпаттоо зарыл. Анын үстүнө бул багындырууларды көп учурларда кыргыздардан чыккан аскер башчылар ишке ашырып турган. Алардын ичинде Хаккулу, Кушбеги, Арап, Нүсүп бий сыяктуу инсандар да болгон.

Албетте, багындыруу кан төгүүлөр менен коштолгон. Эркиндикти сүйгөн кыргыз эли, Тайлак, Сатыке сыяктуу баатырларынын жетекчилигинде өз эркиндигин сактоого аракеттенген. Бирок, алар жогоруда айтылган тарых логикасынын алкагында жүрүп, аларды “улуттук-боштондук күрөш” катары сыпаттоого туура келбейт.

VI. Жогорку пикирден “Кокон хандыгы кыргыздардын үстүнөн реакциялуу феодалдык гана эмес, колониялык да эзүү жүргүзгөн” деген көз караш келип чыккан жана аны кыргыз тарыхнаамасынын көпчүлүк өкүлдөрү ушул мезгилге чейин чындык катары кабыл алышып келет.

Албетте, Кокон хандыгында башка деспоттук мамлекеттер сыяктуу эле реакциялуу феодалдык эзүү, социалдык карама-каршылыктар болгон, бирок аларды колониялык эзүүнүн критерийлерине туура келет деп тастыктоо тарыхты түшүнбөгөндүк деп саноого түртөр эле. Кокон хандыгы мезгилинде кыргыздарга карата улуттук эзүүнүн элементтери таптакыр учураган эмес. Дегеле кокон тарыхчылары мамлекеттин калкын этностук белгилери менен бөлүштүрүшкөн эмес. Бардык калк социалдык белгиси боюнча гана “сартиййа”, “илатиййа” деп аталышкан.

Алык-салык жана экономикалык эзүү жагын карасак, көп учурда Кокон хандарынын Ферганадагы отурукташкан шаар-кыштак калкына караганда кыргыздарга карата саясаты номиналдуулугу, салыштырмалуу жеңилдиги менен айырмаланган. Экономикалык алака отурукташкан дыйкан жамааты менен көчмөн мал чарбасынын байыртан бери калыптанган эриш-аркагында өнүгүп, саясатта болсо, тескерисинче “илатиййа” жамаатынын (демек, анын ичинде кыргыздардын да) отурукташкан шаар-кыштак калкына карата үстөмдүк абалы ордодо гана эмес, бардык аймактарда даана байкалып турган. Бул фактылар Кокон тарыхынын көптөгөн мисалдарында тастыкталып турат.

VII. Акырында жогорку көз караштардын жыйынтык пикири катары “Кыргыздарды Орус империясы өзүнө кошуп алуусу менен Кокон хандыгынын колониялык эзүүсүнөн куткарган” деген концепция советтик идеологияга тикеден-тике жооп берген жана анын таасиринде калыптанган.

Түндүктөн келе жаткан Орусия империясынын аскерий-колониялык экспансиясы чынында Кокон хандыгына, аны тургундаган көп улуттуу калкка, Кыргызстандын түндүк аймактарындагы кыргыз урууларына кандай принцип менен башталса, так ошондой эле принцип менен ишке ашырылган. Советтик тарыхнааманын бирден-бир максаты СССР деп аталган зор империяда орус эли, ал өлкөдө жашаган башка элдерге “улуу ага” катары эсептелиши, калгандары “кичүү ини” катары XIX кылымдын ичинде “биринен сала бири озунуп, улуу агасына биригиши” глобалдуу “орусташтыруу” саясатынын концепциясы болгон. Албетте, советтик идеологиянын мындай концепциясынын тууралыгын тастыктоо үчүн “орустар кыргыздарды кокон колониялык эзүүсүнөн куткаруу үчүн ыктыярдуулук менен өзүнө кошуп алган” деген көз карашты калыптандыруу керек эле.

Кокон хандыгын өз мамлекетиндей, өз өлкөсүндөй сактап калууну, ага ээлик кылууну көздөгөн Кубат бий, Нүзүп бий, Алымбек датка, Алымкул лашкер башы, Искак Асан уулу Полот хан, Абдылдабек сыяктуу ондогон кыргыз инсандары кокон мамлекеттүүлүгүн коргоп, азаттык үчүн каны-жанын беришкен. Орусиянын аракети түштүк кыргыздары үчүн “куткаруу эмес”, тикелей “басып алуу” болгон. Бул көз карашты падышалык мезгилдеги орус тарыхчыларынан азыркы Орусия тарыхчыларынын да көпчүлүгү моюндарына алышат. Демек, нагыз тарыхый логика өз ордуна келүүсү лазым...

Жогорку салыштырмалуу ыкма менен берилген көз караштардын негизинде Кокон хандыгынын тарыхын, кыргыз тарыхы менен тыгыз байланышта карап, аны кыргыз тарыхнаамасынын олуттуу бөлүгү катары таануу менен толук кандуу тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүү абзел. Андай изилдөөлөр эгемендик доорунда аздыр-көптүр аракеттер менен коштолсо да азыр концептуалдуу таризде кеңири жүргүзүлө элек. Алдыда кыргыз тарыхчыларын Кокон тарыхы боюнча комплекстүү изилдөөлөр күтүп турат.

Аягы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (уландысы)

61599

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары

66336

26-02-2015

Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата)

57981

05-01-2015
Мамыр Мерген уулу – кыргыз элинин азаттыгы үчүн жанын берген баатыр инсан
69478

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×