Добавить статью
16:32, 29 декабря 2023 1185

Калык Акиевге арналган айтыштын айрым сабактары

Кара жаак акын Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган мааракелик бир катар иш-чаралардын жыйынтыгына жана мааракенин эң өзөктүүсү болуп эсептелген республикалык айтыштын айрым сабактарын салмактап, бул макалада жети маселенин маанисине токтолдум.

1. Балдар чоң аталарын билбей калышы да турган иш

1. Алыс-жакындан келе турган кишилер көп болгондуктан, баардык иш-чараны бир күндө эле өткөрүү каралган. Алгач акындын "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган арбагына (элүүдөй киши барды) куран окутулду. Андан соң, Калык-Акиев - Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги акындын Ленинге бир аз окшошуп калган айкелине гүл коюлуп, ал жерде да эскерүү болду. Бул эки иш-чарага үлкөндөрдөн президенттин кеңешчиси, белгилүү тарыхчы Арслан Койчиев катышты. Маанисиз эле иш деп эсептештиби, айтор Маданият министрлигинен бир да адам келген жок. Дагы бир өкүнүчкө карай, өзөктү өрттөгөн көрүнүштөрдүн бири – бул кыргыз-казак кадырлаган кара жаак акын Калык Акиевдин небере-чөбөрөлөрүнүн чоң атасынын бул мааракесине көңүл бөлбөй, катышпай койгону болду. Буга орусча тарбия, орус мүнөздүк да өз таасирин тийгизген окшобойбу... Бул нерсе баарыбызга сабак болууга тийиш. Обу жоктонуп орусту, батышты туурабай, өз тилибизди, дилибизди, наркыбызды баалап-барктайлы. Башканы кой, андай балдар эртең эле чоң аталарын билбей калышы да турган иш...

2. Чакырган жерден калба, өзүң басып барба...

Чак түштө "Ала-Тоо" ресторанында акындын жердештери тарабынан даярдалган куран окутулду. Куранга жалпысынан 200гө жакын адам чакырылган, бирок келебиз деп сөз берип, ордун "брондоп" койгондордун көбү (алардын арбыны маданият ишмерлери жана атка минерлер) келбей коюшту. Бул биринчиден жоопкерчилик. Экинчиден улуу инсанга болгон урмат - сый эмеспи. Өлгөндөргө курандан башка не керек? Чынында сыйыбыз бир гана сый -урмат менен чектелет го...

Дасторкон үстүндө да Азамат акын агынан жарыла төгүп ырдап, аттуу-баштуу тарыхчылар, маданият ишмерлери Калык атанын кыйла даңазалашты. Куран кабыл болсун дейли.

3. Калык Акиев атындагы сыйлык уюштуруу...

И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин жамааты акындын чыгармачылыгын ар тараптан иликтөөгө алган илимий конференция өткөрүштү. Бул жыйын бийик деңгээлде өткөнүн, акын тууралуу далай сонун маалыматтар жана бир катар омоктуу ойлор, сунуштар айтылды. Алардын ичинен жакынкы мезгилде Калык Акиев атындагы республикалык сыйлык уюштуруу сунушу болду. Мунусу элдин көңүлүнө толду. Мамлекет, маданият министрлиги эми ушул маселеге көңүл буруп, ишке ашырышы зарыл. Бул конференцияга Ак үйдөгү атка минелердин бири, тарых илимдеринин доктору, профессор, башынан эле Токтогул, Калык дегенде ичкен ашын таштай салган Октябрь Капалбаев катышып, салмактуу кебин айтты. Ал эми Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлигинен чакырылган үлкөндөрдөн дайын жок болду. Ошондой эле Жогорку Кеңештен чакырылган Мирлан Самыйкожо менен Камила Талиева “унутуп” калышканбы, айтор калдайган каарандарын көрсөтүшпөдү. Мындай мыкты илимий конференция өткөргөн окуу жайдын жетекчилигине алкыш жана да алкыш.

4. Тебилип калган Темирбек менен Элмирбек

Кара жаак акын Калык Акы уулуна арналган айтыштын тандоо туру 15-октябрда улуттук консерваторияда өтүп, ага 36 акын катышып, тажрыйбасы да, таланты да мол 14 акын тандалып алынган. Амантай, Азамат, Асылбек, Изат баштаган 14 акын бул күнү зал толо келген элге мыкты айтыш тартуулашып элдин черин жазышты. Финалга: Азамат, Асылбек, Акматбек, Баян акындар чыгышты. 5 акындын упайы тең болуп калгандыктан, алардын улуусу болуп Азамат акын чыккан эле. Бирок Азамат акын айкөлдүк кылып, быйыл үч баш байге алганын айтып, ордун шакирти Мамбет Токтого берди. Бул эми нарк билгиликтин бийик үлгүсү экенин баса белгилеп айта кетүү керек. Жаш акындардан Темирбек Матыбаев менен Элмирбек Иманалиев өздөрүн көргөзүп, атаандаштарынан айырмаланып кыйла көркөм айтышты. Айрыкча, Темирбек эч ким айтпаган Калык акындын ата-тегин так айтып ырдап, акындыгын жакшы даңазалап, элдин купулуна толду эле. Бирок акыркы жуп болуп чыккандыктан, калыстар ал чыкканга чейин эле ашыгып финалга чыкчуларды эрте тандап алгандыктан аны атайын эле кулатып салганы ачык байкалып калды. Себеби, финалга төрт эле акын чыгат эмеспи. Мындай жагымсыз ишти Акбар Рыскулов “аткарып”, Темирбекке да, Элмирбекке да төмөн бал берди. Мунусуна кийин өкүнүп калган болуу керек. Биз байкаганыбызды тарых үчүн ачык айтып коелу.

5. Байгелүү акындар жана сыйлыктар

Айтылуу Арстанбектин урпагы Асылбек акын бул айтышта маңдайы да,таңдайы да жарык болуп, баардык атаандаштарынан ат чабым алыска кетти. Калык акындын бейнесин беш эле мүнөттө терең ача алды, чыркыраган чындыкты, коомдогу көйгөйдү да терең айта алды. Айтор, баш байгеге коюлган 150 миң сомду татыктуу утту. Биринчи орунду Акматбек акын (120 миң сом), экинчи орунду Мамбет Токто Мамбет Орозо (100 миң сом), үчүнчү орунду Баян акын (80 миң сом). Калган 10 акынга кызыктыруучу сыйлык деп 45 миң сомдон берилди. Нарын облусунун губернаторунун орун басары Адыл Сапаров акындар Максат Кулуев менен Турдубек Садырбек уулуна “Нарын даңкы” төш белгисин тагып, Изат Айдаркулова, Элмирбек Иманалиевге жана ушул айтышты уюштуруу иштери менен жүгүрүп журүп өзү айтышка катышпаган Кубат Тукешовду да облустун Ардак громатасы менен сыйлады. Жумгал районунун акими болсо дагы үч акынга райондун Ардак громатасын ыйгарды.

6. Мамкатчы менен Маданият министрлиги куттук айтканга жарашкан жок

Жыл сайын далай улуу инсандардын республикалык деңээлде мааракесин белгилөө боюнча өкөмөттөн атайы жарлык чыгат. Айрымдарына чыкпай да калат. Кыргыз-казакка атагы кеткен айтылуу кара жаак Калык Акиевдин мааракесине жарлык чыгарууну Эдил Байсалов деген “атактуу”атка минер жактырбай, кол койбой койгонун те ала-жазда эле эшиткенбиз. Анан эмне, “битке өчөшүп, көйнөгүңдү өрттөбө” дегендей, Байсаловго баарын түшүндүрүп жалдырап, же эчак эле европалашып кетип, кыргыз наркын-салтын жакшы билбеген атка минерге эрегешип ким журөт эле. Байсалов жок болсо, же бар болсо деле улуу инсандын мааракеси көз жаздымда калып калмак беле? Калык акынды кадырлаган эл бар, журт бар эмеспи. “Манас” театры, Жумгал райондук админстарциясы жана “Жумгал коому” биригип, бул мааракени мамлекеттик деңгээлде эле өткөрүп алды. Жарлык чыкпагандыгына байланыштуубу, же дагы башка мандемдери барбы, башында Улуттук филармонияда Калыкка арналган айтышты өткөрүү маселеси тез эле чечилип кеткен жери жок. Жетекчи Кыргызбай Осмонов башкалардын “оюнун” койдубу, же өзү эле артисттик кылып ар шылтоону айтып “кылтыңдадыбы”, балким ижарага төлөнбөй бекер өткөн айтышка ичтери ачышты бекен... Кыскасы бул жерде да бир мандем болду окшобойбу. Филармонияны филармония кылып, түптөгөн улуу инсандарга мындай мамилени токтотсок.

Ошентип, филармонияда өткөн айтышка бийлик өкүлдөрүнөн нарк билги, салт билги мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов менен Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова гана катышты. Чакырылган ондон ашуун депутаттар келишкен жок. Эл өкүлүнөн мурун акын деген асыл наамы бар Мирлан Самыйкожо да бул ирет айтышка, деги эле Калык акынга кайдыгер карап, саясатты бийик баалап алгандай туюлду. Мамкатчы менен министрдин орун басары айтыштын башында сахнага чыгып, Калык Акиевдин мааракеси менен элди куттуктап, асыл кептен, нарк кептен айтканга жарашкан жок. Айтыш бүтүп, акындарга сыйлык тапышырууга келгенде мамкатчы кетти. Аскарова сахнага чакырылып, сыйлык тапышырууга катышты. Бирок эки ооз кеп айтпады. Кыязы, тапшырма берилген эмес. Чынында муну көрүп турган эл да жакшы кабыл алган жок. Бул жолку айтышты Президенттин улуттук нарк жарлыгына такап, жалпы журтка жарнама беришет да, иш жүзүндө ошол нарк тууралуу жарлыкка кылган мамиле болсо ушул.

Кыскасы, үлкөндөр улуттук баалуулуктарга, улуу инсандарга болгон мамилени талапка ылайык жөндөп, бул жагынан элге үлгү болушса деген эле тилек...

7. Калыстарга калыс кеп айтсак кабыл алышабы?!

Деги эле айтышты уюштурган билермандар калыстар курамына көптөн бери ашып баратса 15-20дай эле белгилүү, белдүү адамдарды улам айлантып, калыстык кылып келишет. Алардын аттарын бул жерге жазбасам деле баарыңыздар жакшы эле билесиздер. Айтор, бул жагы да бир аз “мафиялашып” кеткендей. Башка деле таттуу-баштуулар, кара кылды как жаргандар бар эмеспи. Ошо билермандардын көбү калыстар курамына дайым болбосо дагы көп учурда жеке мамилесине жараша тандап алышат окшобойбу. Мындан башка дагы кызыкчылыктар жок эмес. Муну жашырганда эмне? Кээ бирлери калыс болууга өздөрү да ашыгып, жулунушат көрүнөт. Маселен, тогуз күн мурун Тогуз-Тородо өткөн айтышка калыс болгон айрым аксакалдар бул айтышта да уялбай эле калыстык кылышты. Республикалык жана эл аралык айтыш кайсы улуу инсанга арналып өтсө, ошол инсанды иликтеп -жиликтеп даңазалап, бейнесин ачып жүргөн билермандар, окумуштуулар (албетте акындыктын да табиятын жакшы билген жагын да эске алуу абзел) биринчи кезекте калыстыкка тандалып алынышы зарыл. Тилекке каршы, бул көрүнүш көп учурда көз жаздымда калып келет. Маселен, кечээки айтышта Калык Акиевдин чыгармачылыгын жакшы деле билбегендер кошулуп калгандай болду.

Маалымдай кетсек, башында калыстар тобу бекер эле калыстык кылып беришсе, кийин бир аз акча (мисалы, 3000 сомдун тегереги дейли) ыраазычылык катары берилип келген. Акыркы жылдары ыраазычылык акча кадимки гонорар системасына түшүп, ар бир калыска 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин берилип жатат. Арийне, мындай улуу иснандардын арбагы ыраазы болсун деп акча албай эле калыстык кылабыз деген адилет адамдар деле четтен табылат. Ансыз деле бул жолу калыстар арасынан акча албай эле коелу дегендер деле чыкты окшойт. Анан калса, бул акча байге фондунан кыркылат. Мына ушундай акча жана сөзсүз түрдө жердешчилик кызыкчылыгы да бар. Айрым калыс болуп жүргөндөрдүн жердешчилик оорусун көп эле акындар сахнада ачык ырдап келишет. Кечээки айтышты бул маселени Баян акын менен Турат акын козгоду.

Баса, калыстардын төрагасын шайлоо да өзүнчө маселеби, айтор бул жагы да бир аз бүдөмүктөй. Буга чейинки тараган маалыматтар боюнча бул айтышта калыстар төрагасы Кыргыз Эл артисти Муратбек Бегалиев болчу. Тандоо турунда төрагалык кылган эле, анан филармонияга келгенде алып баруучу Мирхамид мырза элге төрага катары Акбар Рыскуловду тааныштырып койду. Ошондо, акындарга берилген сертификат, дипломдорго кимиси кол койду, аны акындар өздөрү ачыкташсын

Сөз соңунда 10 жыл мурун да Калык акындын 130 жылдыгы белгиленип, анда кыргыз-казак айтышы өткөн. Байгеге 10 миң долларлык "Мерседес- Бенс" автоунаасы коюулуп, аны финалда Аалы акын агасы Амантай Кутманалиевге "тартуулаганын" эске сала кетели. Калган байге фонду 800 миң сомду түзгөн... Бирок ал кезде бийлик Калык Акиевдин мааракесине мындай мамиле кылган эмес эле.

Улутка улуу иштерди жасап кеткен алп инснадардын арбактары ыраазы болсун дейли. Бар болсун акындар, бар болсун айтыш!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×