Добавить статью
18:46, 11 мая 2024 282

Сулайман Рысбаевдин жемиштүү илимий педагогикалык ишмердүүлүгү

Сулайман Рысбаев атайылап таанытууга анчейин муктаж эмес сейрек инсандардын бири. Соңку Кыргыз тарыхында илим, адабият жана музыкалык чыгармачылык чөйрөсүнө олуттуу салым кошуп өлкөбүздүн интеллектуалдык, көркөм чыгармачылык капиталын өнүктүрүүгө өлчөмсүз салым кошуп келе жаткан энциклопедиялык өңүттөгү, масштабдуу педагог. Ал ириде жоголуп бара жаткан балдар үчүн жомок жазуу өнөрүн колго алган талантуу балдар жазуучусу, жаӊы доордун “Алиппесинин” автору, этнопедагогика менен эне тилди окутууну бир контекстте изилдеген абройлуу аалым, мектеп муктаждыктары үчүн эӊ зарыл окуу-методикалык эмгектерди жаза билген мээнеткеч методист, акын, публицист. Соӊку Кыргызстандын тарыхында бул тизмедеги тармактардын көбүнүн өнүгүш тарыхын Сулайман Рысбаев деген ысымсыз элестетүүгө болбойт.

Сулаймандын кайсы тармактагы гана чыгармасын албайлы, анын түпкүрүндө өмүр турмушу, мектеп, мугалимдер, балдар менен жуурулушуп кеткен тажрыйбалуу педагог, ойчул окумуштуунун педагогикалык чөйрөнү жакшыртууга багытталган ийги тилектеринин, ой санаааларынын, чаалыкпас чакырыктарынын жандуу деми ачык туюлуп тургансыйт.

Сулайман Рысбаев 1987-жылдан бери азыркы Кыргыз билим берүү академиясында кыргыз тили жана адабиятын окутуунун абалын жакшыртуунун илимий методикалык негиздерин иштеп чыгуу багытында иштеп келет. Ал бул жылдар аралыгында эне тилди окутууну бүгүнкүсү менен эртеңине таандык татаал маселелерге такай сарасеп салып орун алган олуттуу көйгөйлөрдү башкалардан мурда туюп чечилиш жолдору издеп акыл калчап ишке ашырууга активдүү катышып башкаларды да шыктандырып келген коомчул ыкласы жогору педагог окумуштуу катары таанылды. Андан бери 40 жылга жакын убакыт өтүп, коомдук түзүлүш алмашты. Мектеп ишинин мерчеми менен алганда бул окуучулардын 4 муунуну мектеп босогосун аттап, жетилүү атестатын алган мезгилге чейинки курагын баштан аяк камтыган 40 жолку окуу жылы. Көмүрдөй кара чачтуу илимге дилгир тоолук жигиттен буурул чач аалым болуп башкаларды илимпоздукка таптоо тажрыйбасына жеткенге чейинки жемиштүү өмүр аралыгын камтыган « жарым кылымга тете» убакыт. Ырасында эле бул жылдар арасында С. Рысбаев кандидаттык, докторлук диссертацияларын жактап бир илим багытын алдыга сүрөп бара жаткан лидердин бирине айланды.

Анын калеминен мугалимдер, окуучулар үчүн илимий-педагогикалык, методикалык, илимий-популярдуу өңүттөгү 600дөн ашуун наамдагы эмгек жарыялаган. Курамы фундаменталдуу монографиялар, стандарттар, концепциялар, окуу программалар, окуу китептер, методикалык колдонмолордон турат. Алар мектепке жаңыдан бут койгон бөбөктөрдөн баштап, университеттин студенттери, мугалимдер, илимпоздор, бир сөз менен айтканда, педагогиканын теориясы, практикасына тиешелүүлөрдүн баары үчүн баа жеткис интеллектуалдык азык катары кызмат кылып келет.

Статистикалык ортоломо өңүтүнөн саресеп салсак С. Рысбаев моюбас мээнеткечтигинин аркасында бир жылда 6 китеп, 10дон ашык макала жазууга жетишкен.

Сулайман Рысбаевдин мээнеткечтиги иштемчилдиги жакындан билгендердин биримин. Кыргыз билим берүү институтунда болжол менен 1998 -жылы болгон бир окуяны айта кетүүнү эп көрүп олтурам.

Жыл сайын жаңы жылга карата дубал газетада жыл ичинде иши менен айрымалангандарга азил тамаша менен жазуу салтыбыз бар эле. Ошол жылы Сулайман бир жылда 9 китеп жарыялаптыр.

Бул факты тууралуу математиканы окутуунун методикасы тармагы көрүнүктүү окумуштуу Алмамбет Абдиев

Тогуз китеп чыгарган,

Токтогулдук Сулайман.

Жөн адам мындай кыла албайт,

Колдоосу бар го, Кудайдан деп азил жазган.

Биз баарыбыз анын ичинде институттун директору Исак Бекбоев да Сулайман сен уктайсыңбы? - деп суроо берер элек.

Жыйындын катышуучулары туура түшүнөт деп ойлойм. Эгерде С. Рысбаевдин үстүрт эле атасак баяндамага бөлүнгөн убакыттын баары кетип калмак.

Сулайман Рысбаевдин педагог катары кыргыз элине берген чоң белеги “Алиппеси”. Белгилей кетүүчү жагдай дүйнөлүк билим берүүнүн тарыхында улуттук таберик катары таанылган “Алиппе” китептеринин көпчүлүгү педагогдук таалимчилик менен көркөм чыгармачылык интуицияны айкалыштыра билген таланттар тарабынан жазылган. Алсак, балдар үчүн баштапкы окуу китебин жазышкан улуу педагогдор Я.А. Коменский, И.Г. Песталоции, К.Д. Ушинскийлер педагогдук жана жазуучулук өнөрдү кошо аркалашкан. Ал эми Рсссиянын тарыхында Л.Н. Толстой оргианалдуу “Азбука” китебин жазгандардын бири. Бул өңүттө кыргыз алиппесинин балдар дүйнөсүн жазуучу катары ичтен билген окумуштуу катары илимий принциптерди бекем карманган С.Рысбаевдей автор тарабынан жазылышы оңунан чыккан олуттуу окуя катары кароого болот. Сулайман Рысбаевдин “Алиппеси” Кыргызстандын тарыхындагы 14 чү “Алиппе”. С.Рысбаев “Алиппе” китебин жазууда дүйнөлүк ата мекендик тажрыйбаларга таянуу менен “Алиппе” китебин улуттук уңгу маданиятка негизделген концептуалдуу моделин түзүүгө жетишкен. Бул китепте Манас баатырыбыз баш болгон кыргызды кыргыз кылган атрибуттар жетишерлик орун алганын жана ширин элдик тил менен, баланын сѳзү менен, баланын түшүнүгү менен жазылганы новатордук ишмердгинин үлгүсү катары кароого болот.

Сулайман Рысбаевдин эне тилинде кандай окуу китеп жазбасын “Эне тили окуу китеби канткенде улуттук окуу китеп болот? -деген проблеманын жолун чабуу үчүн эне тилдин кереметин сездирип, туйдурууга таасир көрсөткөндөй деңгээлге жеткирүүгө болгон көксөөсүн сезүүгө болот.

Кыргыз эл акыны Бактыгүл Чотурова Сулаймандын кыргыз тилине күйгөндөрдүн бири экенин: Тил билгенди бай деген кез бул учур, Чыгаандардан чыкса дагы ким утур. Эртеңки күн таза алсын деп тарыхты. Эне тилге күйгөндөрдүн бири ушул. - деп адилет баалаган экен.

Ырасында эле С.Рысбаев эне тилдин керемет сырларын казып ачыктап берүү жаатында эебегейсиз эмгек жасап келе жатканын “Сѳз жѳнүндѳ сѳз” атуу китеби да ырастап турат. Сѳздүн табиятын чебер чечмелеген бул эмгеги бүгүнкү күндѳ кѳптѳгѳн окурмандарынын жана тил сүйүүчүлѳрүнүн суроосу боюнча 7-ирет басылып чыккан.

С.Рысбаевдин изилдөөлөрүнүн тематикасына жана проблематикасына баам салган адам анын эмгектери коомунун, билим берүү мекемелеринин обьективдүү муктаждыктарын жана талаптарын канааттандыруу максатында гана жазылгандыгын таасын байкабай коё албайт.

Алсак, анын “Кыргыздын улуттук баалуулуктары жана нарктуу түшүнүктѳрү” атуу китеби, “Нарк сабактарынын программасы” Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгын [4] ишке ашыруу талабына шайкеш.

“Кыргыздын улуттук педагогикалык ойлорунун антологиясы” атуу жыйнагы педагогикалык ойлордун тарыхын үйрөнүү багытындагы кементени толтуруп турат. Анын “Деңгээлдик билим берүү технологиялары” аттуу китеби- учурда улуттук билим берүүнүн практикасын жаңычыл парадигмалардын негизинде уюштурууга багытталган. гѳ олуттуу салым кошор жаңычыл эмгек экендигин белгилегим келет.

Мындан сырткары, ал илимий-педагогикалык кадрларды тарбиялоого да татыктуу кол кабыш кылып келет. Учурда педагогика илимине 20 кандидатты жана 1 докторду тарбиялап берди. Алар азыр Республиканын ар кайсы региондорундагы ЖОЖдорда ийгиликтүү эмгектенип келатышат.

Мунун баары улутка кантип кызмат кылуунун үлгүсүн кѳрсѳтүп турат деген ойдомун.

сулайман рысбаев
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×