Добавить статью
17:49, 9 марта 2026 93

Кыргыздын дени сак муунду тарбиялоо тууралуу салттык баалуулуктары

Алимбеков Акматали, п.и.д. профессор

Кыргыз – Түрк «Манас» университети

Aр бир этнoстук бирдиктин өзүнө таандык бaсып өткөн тaрыxый жoлу, тaжрыйбaсы aдaмзaт тaрыxын, пикирин жaнa көз кaрaшын бaйытa тургaн педагогикалык маданият өрнөктөрү бoлo тургaндыгы тaлaшсыз. Башка калктарга салыштырмалуу кыргыздар дээрлик ХХ кылымга чейин коомдук дене тарбия мекемелерин курууга жетише албагандыгы алардын салттуу тарбия маданиятын ар тараптуу өнүктүрүүсүнө өбөлгө болгон.

Кыргыз элинин бүткүл тарых боюнча өнүгүшүнө өбөлгө болуп келе жаткан маданиятынын эң өзөктүүсү дени-сак муунду тарбиялоого байланыштуу акыл ойлору жана тажрыйбалары. Ырасында эле, дени сак муунду тарбиялоо көчмөн кыргыз коомунун жер үстүндө бакубат тиричилик өткөрүшүнүн эң зарыл шарты болгон. Кыргыз элинин катаал турмуштук шарттарга карабай этнос катары сакталып, башка улуттар менен тең ата даража күтүп жашап келиш себептеринин бири да алардын жашоо тиричиликти, өмүрдү, ден соолуктуу баалоо, чыңдоого байланыштуу маданий салттарынын бекемдиги менен байланыштырып кароого болот. Кыргыздар мекендеген ажайып аймактар ырыскыга, табигый байлыктарга бай, куттуу, берекелүү болгону белгилүү. Бирок, ал жайлардын азыктарын алты саны аман, алдуу–күчтүү, шамдагай, кайраттуу, чапчаң адамдар гана өз тиричилигине жараша колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Алсак, бир эле жашоо азыгы болгон кийикти атып алуу үчүн мергенчилер адам буту алгач ирет баскан аска-зоолорду аралап бери дегенде жетимиш – жүз чакырым жол басып, айбанаттардын кыймыл-аракетине шайкеш шамалдай тез чуркоого туура келген. Ал эми күн сайын кайталануучу кой кайтаруунун өзү эле адамдан 7 – 15 чакырым жол басууну талап эткен.

Кыргыздардын жашоо образы менен дене маданиятынын айкалышын Америкалык чыгыш таануучу Э. Хантингтон да даана баамдап эмгектеринде чагылдырган. Ал 1903 -жылы Р. Пумпелли и Барреттанын (1905—1906) экспедициясынын курамында болуп өз көзү көргөн көрүнүштөрдү төмөнкүчө сыпаттаган: «Көчмөн жашоо образы кыргыздарды ачкачылыкка, суусоо менен чарчоого чыдоого үйрөтөт. Бул нерселер жоголгон малды издөө үчүн узак сапарларда сөзсүз жолугат. Алар шаркыраган дарыялардан же тайгак ашуулардан өтүүдөн коркушпайт, ал эми өзүнүн атын суу алып кетет деп коркуп, дарыядан өтүүдөн баш тарткан шаар тургунун алар шылдыңдашат. Мындай оор сыноолордо кыргыз адам өзүнө ишенүүгө үйрөнөт, ал эми ар кандай шарттардагы бейтааныш адамдар менен көп жолугушуулар ага дайыма даяр болууну жана сабырдуулукту үйрөтөт” [The pulse of Asia. A journey in central Asia illustrating the geographic basis of history [Текст] – Elisworth Huntington. – Boston and New York: Houghton Mifflin company, 1907. – 396 p. ]

Демек, урпактарды дене күч жактан тарбиялоо аларды эл катары жашоо–турмуш кечирүүгө даярдоо, бактылуу келечегин камсыз кылуу менен бирдей түшүнүктө каралып алардын жай турмуш образынын ажырагыс компонентине айланган.

Ошондуктан кыргыздар келер муундун адам насилине таандык баардык сапаттардын баарынан кем-өксүксүз өмүр сүрүүнү өйдө коюп, ал ийги тилектерин ишке ашыруунун ар кандай амалдарын таап, туруктуу турмуш баалуулугуна, эскирбес эрежесине айландырууга далалат кылышкан.

Кыргыздар бул дүйнөнүн бардык баалуулуктарынын башаты «ден–соолук», таттууларынын таттуусу «жан», турмуштун негизи «амандык», «тирүүчүлүк» деп эсептешкен. «Жамандыкты амандык жеңет» – дешип, бар болуунун өзүн бакыт катары санашкан. Тынымсыз согуштар менен коштолгон көчмөн турмушта балдардын бөөдө кырсыктан тышкары, алты саны аман өсүп жетилиши ата-энелердин эң башкы бактысы болгон. Кыргыз элинин салттуу маданиятындагы бул көз карашты Ч. Айтматов өзүнүн чыгармаларынын биринде төмөнкүчө туюндурган: «Ата-эне кургур баланы көп жашайт өмүрү узун болот, ченемсиз узун болот, чеги көрүнбөгөн узун өмүрлүү бала туулат деген үмүт менен күтөт да, болбосо бала жаратып адамдар азабын тартып эмне»?

Ата-эне үчүн эң улуу кайгы бул балдарын жоготуу болгон. Ошондуктан ар бир ата-эне «Эми ошолордун жамандыгын көрбөйүн», «Балдарымдын алдында кетейин» - деп тилек кылган. Эгерде өзүнөн мурун балдарына кырсык чалса: «Атаңкөрүнүкү, ушундан көрө мен кетсем эмне?!» - деп өмүр бою өкүттө өткөн.

Адатта, кыргыздар азыр да бири-биринин ал-жайын, турмушун балдарынын дени сак, бакыбат өсүп-чоңоюп жатканына байланыштуу карашат. Ушундан улам, учурашарда «Бала-чакаң аманбы?», «Ойноп-күлүп, чоңоюп жатабы?» – деп сурашса, коштошордо «Балдарың аман болсун», «Алардын бетинен өөп кой» – деген жакшы сезимин, ак тилегин, каалоосун билдирет.

Кыргыз элинде алдуу, күчтүү, кайраттуу, шамдагай, эптүү балдар үй-бүлөнүн гана эмес бүт айылдын, уруунун, элдин сыймыгына, сүймөнчүгүнө айланган. Балдардын ден-соолугу бекем өсүшүнө улуу–кичүү бүтүндөй жамаат кызыкдар болуп, камкордук көрүшкөн. Ошондуктан «Бала болсо шок болсун, эки көзү от болсун, эгер андай болбосо, бу дүйнөдө жок болсун» деп айтышкан. Эл ичинде дени сак, бакубат балдары бар ата-энелерге ар дайым өзгөчө сый-ызаат менен мамиле кылышкан. Ал эми араңжан, оорукчан балдар баарынын жүрөгүн оорутуп, аёо менен мамиле кылууга чакырган. Кыргызда «Балам жинди болсо да, бою узун болсун» – деген макал ар кандай чечмеленип жүрөт. Биздин оюбузча, анын түпкү идеясын баардык маселе адамдын жеке аракети, кыймылы менен чечилген көчмөнчүлүк шарттагы ата–энелердин дени сак перзент жөнүндөгү үмүт-тилеги менен байланыштырып кароого болот. Көпчүлүк кыргыз энелеринин балдарга «Кубатым... аман-эсен чоңоюп, алдыга өбөк, аркага жөлөк болор бекенсиң... О, садагаң болуп кетейин, өпкө-жүрөгүмдү кагайын Алда балекетиңди алайын, өмүрүң узун болсун, алганын жакшы болсун Куда өмүрүңдү узун кылсын» деп кайрылуусунда эң обол саламаттык–сактыкка басым жасалат.

Улуулар колго суу куйган же бир ишине кичи пейилдик менен кол кабыш кылган балдарга «Өмүрүң узун болсун!», «Өмүрлүү бол!», «Көп жаша!», «Менин жашыма жет!» – деп алкоо, баталарын беришкен. Ата-энелер балдарынын өмүрү узун болсун деген тилекте узак жашаган адамдардын үйүнө белек-бечкегин алып барып, атайын батасын алып беришкен. Ата-энелер балага жаңы кийим кийгизгенде да «баланын көйнөгү чирик, өмүрү тирик болсун», «кийимиң күзгө жетсин, өзүң жүзгө жет», «кийгениң морт болсун, жаның бек болсун» – деп жалгыз тилегени перзентинин ден-соолугу болгон.

Дегинкиси, кайсыл себептерге байланыштуу берилген бата болбосун, алардын өзөгүн «Узун өмүр, жаштуу бол», «Өмүрү узун болсун, өрүшү кенен болсун», «жаш бөбөктүн өмүрүн узак, бактылуу кыл. Ата-энесин, эл журтун эсен кыл» деген ден соолуктун, узак өмүрдүн баа-наркына байланыштуу түшүнүктөр түзгөн. Балдардын жаны бекем жана өмүрү узак болушу жөнүндөгү элдик тилектер ат коюу салтында да ачык байкалат. Кыргыз элиндеги Болотбек, Темирбек, Кылычбек, Кайрат, Медербек, Кубатбек деген ысымдар ата-энелердин ден-соолугу чың, кайраттуу, алдуу-күчтүү, өткүр болсун деген тилек үмүттөрүн тастыктап турат. Улгайганча алдан-күчтөн тайбай, ден-соолугун сактап, кайраттуу өмүр кечирген карыялар ар дайым ардакталып, ысымдары легендага айланган. Ошондой карыса кайратынан жазбай, эл намысы боло алган карыялардын катарына «Манас» эпосундагы Кошойду кошууга болот.

Ал эми баатырлардын пири аталган атактуу Эр Солтоной «…эл эстутумунда сакталган далилдер боюнча 1640 –жылы Таластын көкүрөгүндөгү Чоң Кошой деген жерде туулуп, 1733-жылы 93 жашында Сокулук суусунун боюндагы калмактар менен болгон салгылашта курман болгон деп айтылат

Кыргыз элинин өмүрдү, ден соолукту баалоого байланыштуу салттарын оорукчан адамдын абалын суроо салттарынан да көрүүгө болот. Элде ооруп төшөк тартып, дары–дармек ичип жаткан адамды алыс-жакындардын баары кабар алып сурап турушкан. Адатта, оорукчан адамды көрүүгө күндүзү барышкан. Онтоп ооруп жатса да шек алдырбай, чыдамдуулугун көрсөтө алуу «Кандай болуп калдың?» – дегендерге оорулуу: «Жакшымын» – деп жооп берүүсү кыргыздардын адеп салтына таандык көрүнүш.

Кыргыздарда баталардын баарынын мазмунунун өзөгүн «Узун өмүр, жаштуу бол», «Өмүрү узун болсун, өрүшү кенен болсун», «Жаш бөбөктүн , өмүрүн узак, бактылуу кыл, Ата-энесин, эл журтун эсен кыл» - деген ден-соолуктун, узак өмүрдүн баа наркына байланыштуу түшүнүктөр түзгөн. Батанын эӊ улусу бул –жалпы эл тарабынан берилген бата. Ошон үчүн аны «ак абата» деп аташкан. Ак бата берилген адамга тике тиет да кайра оңой жанбай өмүрүн коштоп жүрөт. Балдарга берилген ак батанын негизги идеясы төмөнкүдөй каалоо, тилектен турат.

Бир үйдүн баласы болбо,

Миң үйдүн санаасы бол.

Бир элдин Атасы болбо,

Миң элдин Даанасы бол.

Изилдөөчү А.Абдулатов белгилегендей: «Бата адресатка арналып, анын келечектеги иш аракетине дем, кубат, стимул берет. Бата алуучу жашоого шыктанат, импульска ээ болот. Бата аны максаттуу өмүр кечирүүгө түртөт. Адресат бата менен кошо бүт жашоо аракетинин келечектен натыйжасын көрүүгө, ага жетүүгө умтулат. Бата анын дитин топтоп, кыймыл-аракетин, убактысын күчтүү максатка жетүү үчүн багыттоого жол коет. Батанын психика-физиологиялык да касиети бар. Ал адресатты оң жана пайдалуу жашоого ынандырып мээ нейрондорун активдештирип, дененин жана аң сезимдин максаттуу башкарылышына алып келери ыктымал. Батаны аутогендик машыгуулардын сырткы стимулятору катары да баалоого болот. Бата өмүр үчүн өбөк да, таяныч да, жетектөөчү да боло алат».

Кыргыздарда алыска жөнөгөндөр же алыстан кайткандардын аманчылыгын тилеп төмөнкүдөй баталар берилет:

1. Аскерге жөнөгөндөргө: Эсен-аман эл четине, жоо бетине барып кел, кагылайын. Кудайым сени бөөдө кырсыктан, бейкүнөө ажалдан сактасын, алтын башыңы, алты саныңы аман кайтарсын.

2. Сапарга чыккандарга: Ак жол, садага болоюн, сак-саламат барып кел. Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун. Оомийин.

3. Алыстан кайтканда: Аман-эсен келипсиң, кагылайын. Зарыгып күттүк. Теңирим эми элиңден оолактатпай, жериңден алыстатпасын. Кудайым үй-очогуңда, эл-жериңде жашоону буюрсун.

Айтылгандар кыргыз эл педагогикасында өмүр, жашоо, дени-сактык эң башкы дөөлөт катары турмуштун бардык чөйрөсүндө актуалдаштырылып келгендигин тастыктайт

акматали алимбеков
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×