Добавить статью
14:01, 30 марта 2026 178

Ата-бабалар санжырасы (Маакелердин санжырасы), 1915-ж.

Ата-бабалар санжырасы

Атпайдан (Алтайдан?) чыккан Алакчын,

Асман, жерди чабам дейт,

Бергени буйрук, кеңеш жок,

Алакчын, Долон биригип,

Алдастайт Чынгыс каракчын.

"Кызматын кылып нетели,

Ала-Тоого кетели" — деп Долон Алакчынга сунуш кылат.

"Ойдогу иш эле, мен айтканча сиз айтып калдыңыз. Көп чепти бузуп, кап элди кырып, жаныбызды аябай эрдик көрсөтүп, Чынгыз кандын даңкын көтөрүп, падышалыгын арттырдым. Канчалык көтөрүлгөн сайын бизди көрбөй баратат. Анаят экен деп кеңешке алмак турсун, бизди кожойунга бекитип согушка салды. Эгер куйругунан баш тартсаң, башыбызды ала турган сыйагы бар. Андан көрө Ала-Тоого барып, башыбызды калкалайлы" — деди Алакчын.

Чынгыз хан эл чабуу үчүн жортуулга чыгып, Балкаштан өткөндөн кийин, айсыз караңгы болуп жамгыр жаап турганда, аттарына минип куралдарын асынган бойдон, калың аскерди таштап жүрүп кетти. Ал түнкү максаты Чынгыз кандын аскеринен узап кетүү эле. Бир жакты бет алып тез жүрүп олтуруп, таң атканча как эткен каргасы жок, кук эткен кузгуну жок, ээн талаага жетип, бир чоң дөбөнүн жанына түшүп, аттарын дем алдырып, отко коюшту. Өздөрү тамактанышып, бири калып бири кароолдоп, кечке эс алышты. Аттарын чепке тойгузуп, өздөрүнүн уйкусу кангандан кийин, минип жолго түштү. Бирок Ала-Тоонун кабарын угушуп көргөн эмес экен. Кайда жүрөрүн билбей ан-тан болуп, бир жакты көздөй бет алышты. Караңгы болгондо, жакын эле жерден жалындап күйгөн чоң отту көрүштү. Ала-Тоону ошолордон сурмак болушуп, ошол от жакка жүрүштү. От күйүп турат, алар таң атканча жүрүп олтуруп жеткен жок. Таң атып, күн чыгарда, оттун жалыны өчүп, көзден кайып болуп көрүнбөй калды. Алакчын, Долон аттарын чепке коюп, өздөрү тамактанып, кезек менен укташып, ошол от чыккан багытты көздөй жүрүп олтурушту. Карагы киргенде баягы от дайым көрүнүп турат. Ошол тартипте жүрүп олтуруп, бир кийиги көп токойго жетишти.

Анда бир нече күн токтоп, бир кырдан экинчи кырга, андан үчүнчү кырга чыгып, кийик атып тамаша кылып жүрүштү. Карагыда жалындап күйүп турган от жок болуп кетти. Аттарын тушап, бир кырга чыгып карап турушса, бир коктудан түтүн чыкканын көрүштү. Экөө ошол түтүн жерде адам бар го дегенсип, аттарына минип, ошол жакка жөнөштү. Ал коктуга жетип, түтүн жерге болжоп жеткендей болду. Ал коктуда эч нерсе көрүнбөйт. Аска, таш жана токойлорду аралап, түтүн чыккан жерди табалбады. Экөө чарчап, бир жерге токтоп, эки жагын карап турушту. Аларга жакын жерде бир аксак кийик зорго жылып баратат. Кармамак болуп кийикти көздөй чабышса, кийик узабай эле бир жерге кирип жок болду. Ал жерге барса, үңкүр экен. Түшүп, аттарын байлаштырып коюп, кирип барышса, бир кемпир аксак кийикти кармалап олтурат. Кемпир Алакчын, Долонду карай салып: "Адашпай келдиңерби? Силерди адашат деп бир нече күндөн бери алдыларына алоолонгон чоң жалындуу отту жагып, зорго ээрчитип келбедимби" — деп, бир туякка айран куйуп, "Муну ичкиле" — деп Долонго сунду. Долон тойгончо ичип, Алакчын туяктан жийиркенгендей болуп аз ичти. Кыскасы, туяктагы айран түгөнгөн жок. Айранды ичкенден кийин Долон: "Энеке, сиз ким болосуз? Эмне үчүн бизди адашпасын деп чоң от жагып, биз үчүн камкордук кылдыңыз? Биз мында ошол карагыда күйгөн чоң отту улап олтуруп, ушул жерге келдик" — деди.

"Мен кайберендердин ээси боломун. Силерге кызмат кылганым — көңүлүңөргө Кудай ыйман берди, капырга кызмат кылуудан Алла тагала сактап калды. Бул жерге келтирип, сиздерге айтаарым: бул жерде силерге окшоп өздөрүнчө оокат кылып жүргөндөр көп. Эми силер ошолорго кошуласынар, аял алып, үй күтүп, балалуу болосуңар, ушул тоону силердин тукумуңар ээлейт. Долон, сен айранды көп ичтиң, сенин тукумуң көп болот. Ушул жерди сенин тукумуң ээлеп, кожоюндук кылып турар. Алакчын тукуму сенин тукумуңдан аз болот, өзүн өзү бийлейт. Ушул тоонун айланасында болот. Бул жерде Алакчын тукуму чачылган түрдө болот. Силердин тукумуңар менин малыма оокат, тамаша үчүн кол салса, зарур болгон учурда эч нерсе болбос. Кастык менен байыш үчүн малымды кырса, мергенчиликти кесип кылса — аты кырчаңгы болуп, жалбыракты токунуп, жаргактан шым кийип, өлгөнчө жарыбайт. Эми баргыла, балдарым, ишиңер оңолсун" — деп батасын берип узаткан экен.

Андан кийин Алакчын, Долон үйлөнүшүп, Долон тукуму тез өсүп, Алакчын тукуму жайлап өсөт.

Ата-баба санжырасын жазганда чындыкты жазбасам, куну окуп пайдаланып, кийин айтуучу балдарды чаташтырып, жаңылтып коёбуз. Алла тагала чындыктан ажыратпасын.

Телтай ажы Кошой уулунун сөзүнөн кыскартып жаздым. Анын маанисин бузганым жок. Телтай аны айтаар эле. Өзүм Алакчын тукуму болсом дагы, Долондун тукумун жакшы ажыратам.

Долондон Гувул (сол), Агул (оң) эки бала туулат. Гувул тукуму көп жана күчтүү болуп, Агулдун балдарын кубалап, жер оодарып жиберген. Агулдан Адигине, Тагай эки бала болот.

Алардын тукуму сарттардын эң чоң ханы Темирдин кол алдында турат. Адигине, Тагайдын качып-кочуп келгенине Амир Темир ишенген эмес: "Бир иш үчүн келдиңер, кайра качып кетесиңер. Болбосо Адигине, Тагай, бириңер менин колумда туткун бол, ак үйгө бер. Калгандарыңар оокатыңарды кыла бер, эч ким тийбейт, болбосо баарыңарды кырам. Силерге Амир Темир алдатпайт" — дейт. Адигине Тагайды ак үйгө берип, тынч жашап турушат. Адигине, Тагайдын балдары да ынтымагы бузулуп, бирин бири жектей баштайт. Адигине балдары көптүк кылып жана Амир Темир хандыгынын колдоосу менен Тагайдын балдарын куугунтуктайт. Тагайдын балдары качып, чоң атасы Долон качып келген Ала-Тоого келишет.

Тагайдан Богорстон, Койлон, Кылжыр деген үч бала туулат.

Богорстон, Кылжыр тукуму ынтымактуу болуп, Койлон тукумун таарынтат. Койлон тукуму Адигине балдары менен сүйлөшүп, Тагайдын чоңойгон жери Керме-Тоого кетишет. Даулестин үчүнчү аялынын сарт болгонуна караганда, Адигине, Тагай балдары таарынышып, бөлүнүшүп жүрүшсө да, таза ажырашып кетпей катышып жүргөндүгү байкалат. Кылжырдан Орозбакты, Даулес деген эки уул туулуп, азыркы Сарбагыштын көпчүлүгү жана эл бийлөөчү жакшылары ошондон. Орозбакты, Даулес балдарынын ортосунда да бирин бири басынтуу, бирин бири өлтүрүү сыяктуу эң чоң арастыктар бар. Кылжырдын эки баласы үчтөн алты аял алып, тукуму көп болгон. Богорстондун жалгыз уулу Эштек бир гана аял алган себептүү тукуму начар өсүп, Сарбагыш тукумуна караганда алда канча аз болгон. Богорстон тукуму бой көтөрбөгөн кимди болсо да теңтуш кылган, жоош жана момун болушкан. Боорукерлик жагынан Кылжыр тукумунан алда канча артык эди. Сырттан келген, кошулган эл Солтонун тегерегинде болгон. Солто Сарбагышка ошонусу менен тең болгон.

Алакчын тукуму Долон тукуму менен өстү, бирок жай өскөндүктөн Долон тукумуна караганда астык кылат. Мен Долон тукумун билип жакшы ажыратсам да, өзүмдүн ата-бабам болгон Алакчын тукумун жакшы чечип ажырата албай, жөндөп гана кетем.

Алакчындан Сару, Сарудан Олжочу, Кычы эки уул. Олжочудан Солто (Солтомүрөк). Солтодон Балта, Түйтө, Арзыгул үч уул. Арзыгулдан Тагай (Тагайкул). Тагайдан Сырдыбай, Борке, Эшим үч уул. Эшимден Курман, Курмандан Мааке. Маакеден Койгелди, Белек, Козуке үч уул. Койгелдиден Алдаберди, Алтыке, Үчүм үч уул. Алтыкеден Кожомкул, Сатай, Карагул, Бозой төрт уул. Мына, биз Бозойдон болобуз. Бул жерде Сару авладидан жалаң гана Курман тукуму турабыз. Жергелүү Сару тукумдары Керме-Тоо жакта жана Таласта турушат. Сару тукумунун билимдүү аксакалдары менен сүйлөшпөгөндүгүмдөн, Долон тукумун чечкендей так чече албаймын.

Агул тукуму арашташып бөлүнгөндөй, Сару тукуму да ошолор менен кошо бөлүнгөндүгү байкалат. Менин угушума караганда ал мындай: Гувул тукуму көп болуп, Агул тукумуна көптүгүн көрсөтүп, зордук кылып, көп жерде ызалаган. Алакчын тукуму күчсүз жагына болушуп, Агул тукуму менен конушташ болуп бирге жүргөн. Адигине, Тагайдын балдары чатакташып бөлүнгөндө, Олжочу балдары Тагайды жактап, Кычы тукуму Адигине тукуму менен сарт хандыгына карап, Керме-Тоо деген жерде калган. Тагай тукуму менен Олжочу тукуму жер ооп, Талас, Чүйгө орношкон. Мында келген кыргыздар Керме-Тоону сагынып, чертмекке күү чертип, ыр ырдап:

*"Керме, Керме Тоо,*

*Упа эндиги жок туруп,*

*Кызы сулуу Керме-Тоо,*

*Оту, чебу жок туруп,*

*Малы семиз Керме-Тоо,*

*Керме, Керме, Керме-Тоо."*

Богорстон менен Олжочунун уулу Солто ынтымактуу болгондуктан, Богорстондун уулу Эштек менен Солтонун (Солтомүрөк) уулу Балта, Түйтө, Арзыгулдар конушун бөлгөн эмес.

Балта, Түйтө баш болуп Кайдоол кайра чапканда, Эштек эшек болуп Күрөң аттын төлөсүнө бооз катын агарда, Асанбектин жеңеси Кайдоол атка кондурган.

Алла тагала биладур, бул ыр карагандан алардын конуштары бөлүнбөстөн бирге жүргөнлүгү билинип турадур. Олжочу тукуму көбөйгөндөн кийин өзүнчө Саруу болуп Таласты ээлешет.

Саруунун авладидан болгон Эшим тукуму бөлүнүп, бул жерде болуп калышыбыздын себеби мындай. Аксакал, улама адамдардын айтканына караганда, Тагайдын кенже уулу Эшимдин алган аялы Курмангожо элинин кызы экен. Кайындары той бергендиктен, Эшим аялы жана жолдоштору менен барып, кайра келе жатып, Таластын өрөөнүнө киргенде, калмактын жортуулчуларына кездешип, калмактар көптүк кылып, Эшимди жолдоштору менен олтуруп, ат-тонун жүктүү аялын олжолоп кетишет. Эшимдин өлүгү калмактардын өлүгү менен бирге жаткандыктан, "калмак өлтүргөн экен" дешип, Курмангожо эли менен Саруу биригип, калмактан кун алууга киришет. Ийла деген калмактын шаары болгон. Анда Коңтаажы деген ханы калмакка хандык кылып турган. Меркинин күн батыш жагында Кара-Кыштак деген жерде, бир кыздын кесепетинен Коңтаажынын бектеринин ынтымагы кетип, бири-бирине душмандыгы артып турган кези эле. Кыргыздар калмактын бир кыштагын чырылдатып чаап жатса, экинчи кыштагы табалап кубанып турушкан. Калмактын ушундай жаман ынтымакта болушу кыргыздардын чабуулуна чоң мүмкүндүк берген. Кыргыздарга туруштук бере албай, калмактар четинен жырылып, Ийла шаарын жана кыштактарын таштап качып кетишти. Калмактар менен кармашууда чоң кайрат менен иш көрсөткөндүгү үчүн Сырдыбайдын беш уулу "Беш Берен" атанышкан. Кыргыздар өжөрлүк кылып, калмактарды кырып, канчалык мал-мүлк, адамдарды олжого алса да, Эшимдин аялын бошотуп алалган эмес. Ал аялды Көл башындагы көп калмакка алып кетишкен. Эшимдин аялын калмактын аялдары, боюнда болсо да, үй кызматына иштетип коюду. Болжолдуу ай өтүп, күнү жеткенде, энебиз толготуп, эркек уул төрөдү. Ага ат коюу жөнүндө энеси мурун эле ойлоп койгон. Бала чоңойгондо өз элин бир укса эсинен чыгарбайт, тагаларын да биле жүрсүн деп, атын Курмангожо койду. Энеси уулун эркелетип жүрүп "Курман" деп атыктырып жиберди. Энеси Курманга эс кире баштагандан тартып эле: "Сен кыргыз Сару деген элсиң, тагалар да кыргыз Курмангожо деген эл" деп абдан үйрөттү. "Эгер кетсең, мени таштабай алып кет. Болбосо мен өлгөнчө жаныңда бол. Мени көмгөндөн кийин калмакка кул болуп жүрбөй, элиңди тап" дагы ушул саяктуу өзү билген көп акылын айтты. Курман күч киргенден тартып эле энесине жардам кылып, калмактын үй жумушуна кирет. Улам чоңойгон сайын ишке ыкчыл, күчтүү, намыстуу, карагыда жерчил, сөзгө чечен жигит болуп өсөт. Ал Кошой деген калмактын колунда чоңойуп, жылкычы болуп жүрөт. Өзүнө тапшырган ишти так орундатып жүрүп, Кошойго ишеничтүү болуп, өз баласындай кадырга ээ болот. Ошондой адам катарына теңелген кезде энеси өлүп, жалгыз калат. Энесине кейип жүрүп, анын айткандары эсине түшүп: "Энемден ажырадым, мындан ары калмакта жүрүүнүн кереги жок. Кыргыз элине барып, элим Саруу, тагам Курмангожо элин табуу керек" деген максат менен ыңгайлуу убакты күтүп, кетмекчи болуп жүрдү.

Бир күнү Кошой чакырып: "Кызды күйөөгө бергени жатабыз, тайакесине ээрчитип барып учураштырып келгенге жарайсыңбы?" — деди. Курман, бара тургандарды сурап, түшүнүп, "Жараймын" деген сөз карматты. "Кошойдон ажырагандан кийин мына кете турган убак жетти. Барыш эки күн, келиш эки күн, анда эки-үч күн жатыш керек, жети-сегиз күнгө чейин калмактар мени издебейт. Ага чейин кыргыздын так ортосунда же сарууга жетип калам" деп, жылкыдан жарактуу аттарды тандап, суутуп, этин катырып, даярдык көрдү. Жөнөй турган убакыт келди. Кошой күйөөгө бере турган кызын жана жаш жеңеси менен Курманга кошуп, алыстагы байбичесинин төркүнүнө жөнөтүп туруп калды. Алар кечке жүрүшүп, бир жерге түнөштү. Андан кийин элсиз жер менен 3-4 күн жол жүрүштү, тайакеге жетмек турсун, дайын жок. Келин айтат: "Биз көп жол бастык. Сен бизди тескери жолго салган окшойсуң. Эми ажырашпай чогуу жүрүп, оокат кылгандай бололу. Жортуулчулар жолугуп, үчөөбүздү үч бөлүп олжолоп кетишпесин. Эми адашпай жолуңду тап" деп, кызды карап күлүмсүрөп койду. Курман келинге ыразы болгондой карап койду да, ошол бойдон жүрүп олтурушуп, Чүйгө түшүштү.

Чүйгө келгенден кийин, эки аты ташыркап жүрбөй калгандыктан, аларды эс алдыруу үчүн бир жерге токтоп, Курман мергенчилик кылып, бир аты менен келин, кызды багып турат. Ошол жерден бир кыргыз жаш мергенчи жигитке таанышып, бирге мергенчилик кылышып, ынтымагы күчөп, таттуу болуп кетти. Курмандын эки аты ташыркабай эле ыланып, баспай, чөп жебей туруп өлүп калды. Бир атка таянып калгандыктан, ат табуу жолун сурап, жигитке сырын жашырбай, чыккан жерин, барар жерин толук айтып берди. Ал жигит Саруу, Курмангожо элин билет экен, алар жөнүндө бир канча кабарларды айтып, ал элге бара турган жолду көрсөтүп, мындай деп кеңеш берди: "Азыр күз аяктап, кыш келе турган убак жетти. Эми жөө жалаң кетүүгө болбойт. Жолдо кар жаап, суук болуп, бороонго урунуп, кыйынчылыкка учурап, азап көрөсүңөр. Жана эр жигит адамдай болуп, туугандарга кошулганы жакшы болот. Азыр кетпегиле, биз менен кошо кыштап, кышында жортуулга чыгып, ат таап ал. Анан жаз келип, күн жылыганда, атка минип, тың бастырып, элиңе барсаң жакшы болот" — деди. Бул кеңеш Курманга жана анын жолдошторуна абдан жакты. Ошону менен ээр-токумун жалгыз атка артып алып, жигиттин айлына кыштамакчы болуп, көчүп барды.

Кыш ортолоп калган кезде, жигиттин атасы Чаа деген карыя, жуучу түшүп: "Экөөбүз куда бололу, кызыңды менин уулум Талканга бер" дейт Курманга. Курман аялы менен кызына кеңешсе: "Биз сенин ыктыярындагы адамбыз, сиз эмне десениз, биз ыразыбыз" дешти. Курман Чаага кызын бермекчи болуп, сөз карматты. Экөө куда болуп, өзүнүн дос жигити Талканга кызын берди. Курмандын балдары менен Талкандын балдарынын бирге жүрүп калышынын биринчи себеби ушул. Курман кетмекчи болуп, Кара-Кыштакка жакындаганда, ооруп өлүп калат. Аялы, үйрөнүп калган эл деп, күйөө баласы Талканга Мааке деген кичине баласы менен кайра келет. Ошондон кийин да кетүүгө бир канча жолу аракет кылса да, максаты орундалбай, туз-даам көтөрүлбөй, ошол мурунку үйрөнүп калган элде туруп калган — тамам.

Курмандын кызы жүктүү болгондо, Талканга мындай дейт: "Мен калмак кызымын, атам-энем мени күйөөгө бермек болучу. Мен алардын баарын таштап, ата-энеден уруксаатсыз сага тийип, кыргыз болдум. Ата-энемдин менде көп акысы бар. Алардын акысынан кутулуш үчүн эки балага ат коюуну мага уруксаат кыл. Ата-энем билбесе да Кудай билип, алардын акысын менин мойнумдан алып таштагысы бардыр. Эгер Кудай мени алардын каргышынан куткарса, тукумдун өсүшүнө чоң пайдасы болоор эле" дегенде, Талкан уруксаат кылат. Ошону менен Талкандын аялы биринчи баласына Коңурбай деп, экинчи баласына Кошой деп ат койот. Бул кыздын калмак аталарынын аты болуучу. Калган балдарына атты Талкан өзү койот. Бакы, Багыштарды өз балдары ураанга киргизип, колдонуп жүрүшөт. Коңурбай, Кошойду ураанга киргизбей чыгарып таштаган себеби: Коңурбай, Кошой калмактардын аты жана аялы койгон. "Кыргыз туруп, калмактын ураанын колдонуп, элге шылдың болбойлу" деп, намыс кылып, ары жагынан Солто, Талканды ураанга киргизип, Коңурбай, Кошойду аттап, бери жагынан Жайыл, Жамансартты дагы башкаларды ураанга киргизгени ошол. Бул тарыхты манаптар билсе да айтпайт, айтмак турсун, билген кишини адаштырат. Чын болсо алардын ушундай убадасы бар. Ой балдар, ата тарыхын билбесең, манаптар кул дейт. Ошо кулдуктан кутулуу үчүн 70 жашымдын 40-50 жылынын ичинде Алакчынга чейин жолдоп, араң билдим. Ата тарыхын билүү — ийне менен кудук каскандай иш. Силер айтканымды үйрөнүп, кичүүлөргө үйрөткүлө. Колуңардан келсе, кагазга жазып койгула. Кийинки балдар үйрөнсүн дээр эле.

Ушунтип жазышыма Телтай ажы Кошой уулу себеп болду.

Жазган Курманалы Саржан уулу. 1915-ж.

Булак: Шарипов, Д.Бийлибаев К. Саржан уулу Курманалы, Курманаалы уулу Ысмайылдын кол жазмалары. УИА. Ч.Айтматов атындағы «Тил жана адабанят институту». «Тарых» бөлүмү. Инв. № 742.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×