Добавить статью
18:18, 1 декабря 2015 79297

Кочкор өрөөнүндөгү аламаат же Баласагын шаарынын жок болуп кетиши

Баласагун шаарына батыштын, арабдардын жана орустардын тарыхчылары эмне мынча кызыгып изилдешип, көп кайрылышкан деген суроо туулат. Себеби Баласагын жана Суяб шаарлары түрк (кыргыз) каганатынын борборлору, өз убагында гүлдөгөн ошол кездеги цивилизациянын жана маданиятын жетишкендиктерин колдонуп,суу куурлары киргизилип, орто кылымда Орто Азиянын архитектуралык стилиндеги бышкан кирпичтен салынган ар түрдүү хан сарайлар, мечиттер, медреселер жана ханакалар жана аркалары бар Самарканд жана Бухарадан кем эмес шаарлар болгон.

Орус окумуштуу-тарыхчыларына Суяб жана Баласагун тарыхта орто кылымда өнүккөн, мыкты шаарлар болгондугу билингенден кийин Санкт-Петербургдан ак падышанын жана илимий чөйрөсүнүн төбөлдөрүнүн тапшырмасы менен табууга тапшырма берилгенин байкоого болот. Чыныгы Суябды жана Баласагунду табуу ишке ашпай калганда, айласыздан Чүй өрөөнүнөн

Ак-Бешим менен Буранага Суяб жана Баласагун деген (локализация) ат коюу менен изилдөө жүргүзүшкөн. Бирок Ак-Бешимди жана Бурананы казып изилдегенде түрк элине, анын ичинен Караханиддерге (кыргыздарга) тийиштүү курулуштар, артефактылар, буюмдар табылган эмес, табылса да аз табылган. Бурананын тегерегинде тарыхта жазылган Баласагундун курулуштары табылган эмес.

Монгол жазма маалыматтарында Баласагын жөнүндө айтылбайт, Тимурдун Моголистанга жүрүшүндө да белгисиз болгон, бул шаардын эмне сыры бар.

XVII-кылымда жашаган Махмуд ибн Вали өзүнүн «Бахр ал-асрар» («Сырдуу деңиз») деген чыгармасында минтип жазат: Баласагын–Түркестандын(Моголистандын) монголдор келип талкалаганга чейин мусулмандар жашаган гүлдөгөн,таза иреттүү, маданиятуу шаары болгон, кийин шаардын жашоочулары кетип бош калган деп жазат. Шаарды курчаган дубалынын калыңдыгы (2,5 гяз) 4,5метр болгон.Бул шаардан бир топ окумуштуулар чыккан. Баласагында 240 мечит,20 ханака,10 медресе болгон. Кашгарлык бир саякатчы Балх жөнүндө жазган китебинде: Кашгардын аскер башчысы Моголистанга калмактарды жазалап, соттоо үчүн келет. Эки ай өткөндөн кийин, чыгыштан түндүккө кетип бара жатып кумдун арасынан көптөгөн бийик имараттарды көрүшөт, мунаралар, дворецтер, аркалар, медреселер алыстан он-он беш чакырым жерден көрүнүп турган. Ошол жерден калмактарды кууп жетип согушуп, бир тобун колго түшүрүп, бара жатып, туткундардан сурашат. «Бул эмне деген шаар деп» туткундар биз билгенден байыркы аты Баласагын деп жооп беришет. Чынгызхандын тукумдары башкарып турган убакта шаар кумдун арасында калган, кээ бир жерлерде кумдун арасындагы бөлмөлөрдөн үй оокаттарын көрүүгө болот. Бөлмөлөрдө казандар,карапа идиштер,вазалар, кумаралар турат, бирок килемдер,төшөктөр жана башка буюмдар жоголгон. Кээ бир бөлмөлөрдөн адамдардын өлүгүн көрүүгө болот. Бир сөз менен айтканда бул чөлкөмдөгү эң кооз мыкты шаарлардын бири болгон. Караханийлер доорунда ал көп жыл байтак шаар болуп турган. Ал доордо шаардын борбордук бөлүгү кооздолуп, сыйынуу жайлары салынган. В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии . Фрунзе.1983-год. стр 60.

Баласагун шаары VII-XII-кылымдагы эң бир көрүнүктүү тарыхый-архитектуралык эстеликтердин бири. Биринчи жолу сельжуктук везир Низам ал-мульктун (XI к.) жазган эмгегинде динсиз түрктөр тарабынан 943-жылы басып алынганы эскертилет. Баласагунду басып алган түрктөр (караханиддер) кийин ислам динин кабыл алышкан.

Ал–Макдисинин берген маалыматы боюнча Х-кылымда шаар көп эл жашаган, маданиятуу кооз шаар болгон. Кашкарлык Маамыттын (Махмуд Кашгари) маалыматында Баласагын Улуу жибек жолунун боюнда, Чүй суунун өйүзүндө жайгашкан деп айтылган. Махмуд Кашгари бул шаардын аты Күз-Үлүш жана Күз-Ордо деген.

Ушул жерден бир нерсеге токтоло кетели: эгерде чопо топурактан салынган шаар болсо, курулуштары кылымдар ичинде эзилип топурак дөбөгө айланып жок болмок. В.Д.Горячеванын эмгегиндеги бул шаар бир топ кылымдар турганын, кумдун арасынан көрүнүп турушу бышкан кирпичтен салынганы байкалып турат. Чүй өрөөнүндөгү шаарларды изилдегенде

бир да уранды-чалдыбардан, Бурана мунарасынан башка жерден бышкан кирпичтен салынган курулуштар табылган эмес. Тарыхый маалыматтарда Баласагын жана Суяб Чүй дарыясынын сол жана оң жээгинде жайгашкан деп жазылат.

Шаардын жашоочулары түркчө жана согдилерче сүйлөшкөн. Согдиликтердин көп болушу шаарды курууга жалданып келген же курулуш курууга күч менен алып келинген.

Баласагын шаары тууралуу маалыматтар өтө аз болгондуктан, көп мезгилге чейин анын кайсы жерде экени белгисиз болуп келген. Белгилүү тарыхчы-окумуштуу А.Н. Бернштам Токмокко жакын жердеги Бурана мунарасы турган жерди, Баласагын болуш керек деген божомолун айткандан кийин ал уранды Баласагын аталып калган.

35 жылдан бери казак окумуштуусу тарыхчы-археолог У.Х.Шалекенов башында турган экспедиция Жамбыл облусунун Шу районунун аймагынан Кара-Балта жана Ак-Суу суусунун ортосунан(Ташөткөл-Ит кечүүдөн) Ак–Төбө (Степное) шаар урандысын табышып, аны Баласагын шаары деп аташып изилдеп келе жатышат. Бирок тарыхый маалыматтарга жана табылган артефактыларга караганда, бул шаар Баласагунга окшобойт.

Баласагун шаары XII-кылымдарга чейин жашаган, бирок бул мезгилде анын мааниси мурдагыдай болбой калган. Шаардагы турмуш акырындап солгундай берет жана белгисиз себептен эл шаарды таштап кете башташат.

Курулуштары урандыларга айланып, шаар XII кылымда өзүнүн жашоосун биротоло токтотот.

Чыгыш таануучулар тарабынан шаардын кайсы жерде экенин изилдөө XIX-кылымда башталып, азыркыга чейин жыйынтык чыга элек.

Бирок Кыргыз академиясынын тарыхчы-археологдору жыйынтык чыгарышып, Бурананы Баласагун дешип, ЮНЕСКОнун номинациясына каттатышты. Биз бул туура эмес десек, жети жыл изилдедик дейт, ал эми биз кырк жылдан бери изилдеп келебиз,ушундай шаар бар деп, канча жерге кайрылдык, көңүл бурган адам жок.

Такталган тарыхый маалыматтарда Баласагун шаары Батыш-Түрк каганатынын, Түргөштөрдүн

(Сары-уйсундардын),Карлуктардын, Караханиддердин(Кыргыз каганатынын.К.К.)жана Кара кытайлардын саясий, экономикалык жана маданият борбору болгон. У.Шалекенов

Жоголгон Баласагун шаарын издөө СССРдин убагында жаңы күч менен башталган. Белгилүү чыгыш таануучу В.В.Бартольд шаардын тарыхын изилдөөгө өтө көңүл бурган жана кайсы жерде экенин издеген. Анын оюн келтирели: «Баласагун Орто Азиядагы белгилүү шаар, кайсы жерде экенин табууга мүмкүн болбой жатат. Шаарды менин оюмча Чүй суусунун жээгинен издөө керек. Ал жакта шаарлардын урандылары бар дешет». Мен деп жазат В.В.Бартольд «Баласагунду Чүй өрөөнүндө деп аныктаганга аракет кылдым, бирок кайсы жерде экенин таба алган жокмун».

Баласагун жөнүндөгү суроону чечиш үчүн биз толук маалыматтарга ээ эмеспиз, колдо болгон маалыматтарга таянып, Баласагун Чыгыш Түркестанга караганда,көбүнчө Чүй өрөөнүндө болушу ыктымал деп эсептейбиз.Баласагун жөнүндө дагы такталган ачылыштар пайда болуп, бул маселени чечүү башкача жолго түшүшү мүмкүн. В.В.Бартольд-Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана.Бишкек.1996-год.стр.326.

Эл жашаган негизги туруктуу шаарлар Талас, Мерке,Кулан, Невакет жана Суяб, акыркы эки шаар Чүй дарыясынын башталыш жагында жайгашкан. В.В.Бартольд- Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек. 1996-год.стр.454.

Кара кытайлардын төбөлдөрү гурхан деген титул алып жүрүшкөн, алардын борборлору Кашгар жана Баласагун болгон. Карахандардын мурунку борбору болгон Баласагун шаарынын

кайсы жерде экенин табуу кыйын болууда, ошентсе да ал Чүй суусунун жээгинде. В.В.Бартольд- Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек. 1996-год.стр.455.

Бизге белгилүү болгондой 1953-1954- жылы СССРдин Кыргызстандагы археология-этнографиялык биргелешкен экспедициясы, Чүй археологиялык бөлүмү менен бирдикте Ак-бешим шаарын кеңири деңгээлде изилдөө жүргүзгөн. Ал бөлүмдү жетектеген Л.Р.Кызласов ушунча чоң аянтты изилдөөнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыкка келген.

Археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында « А.Н. Бернштамдын 1939-1940-жылдары казууларды жүргүзгөнү жана кийин В.В.Бартольдун колдоосу менен кара кидандардын эстеликтерине таянып, Ак-бешимди тарыхый Баласагун дешкенине макул эмеспиз. XI-XII-кылымдардагы Караханиддердин «жаркыраган» Баласагун шаарын кыргыз тарыхчылары башка жерден издөөсү керек».

Ошол эле китепте Л.Р.Кызласов Бурананы да, Баласагун деш аймагынын кичинелигинен борбор шаарга ылайык эмес экенин, Ак-Бешим жана Бурана экөө тең Баласагунга тең келбестигин айткан.

Карахандардын башкаруусунда болгон, Баласагун IX-X-кылымда гүлдөгөн шаарга айланган. Кол өнөрчүлөрдүн, сооданын жана шаар маданиятынын борбору болгон.

Шаар аркылуу өсүп-өнүгүүгө жана маданиятка зор таасир тийгизген Улуу Жибек жолу өткөн.

Таким образом, наш вывод совпадает с утверж¬дением покойного крупного тюрколога, про¬фессора Л.Р.Кызласова, который писал: «Таким образом, ни городище Акбешим, ни городище Бурана не могут ассоциироваться с истори¬ческим Баласагуном. Их забытые имена еще предстоит установить историкам Киргизии». У.Шалекенов-Баласагуни. Олокализации города Баласагуна. Алмата.1991-г.

Х–кылымдын башында Кочкор өрөөнүн сел каптап, шаар кыштактарды топурак кум баскандан кийин, Баласагун шаары жарым жартылай селдин топурак- кумунун астында калган. Бул шаардын элин, мал-мүлкүн да Кочкор-Башы-Суябды агызгандай, сел Ысык-Көлгө агызып кеткен. Бирок XIII-кылымда келген монголдор аны талкалаган эмес, тескерисинче, бул шаарды Гобалык же Гуз-Балык (Жакшы кооз шаар) экен дешкен. Себеби: кумдун арасынан жарым-жартылай көрүнүп турган бышкан кирпичтен салынган курулуштары кооз шаарды, жакшы шаар деп аташкан. Монголдор келгенде эл жашаган эмес. Ээн калган шаар болгон. Ал жерлерди монголдор жайыт катары пайдаланган. Кочкор өрөөнү кургакчылыктан чөлгө айланып, эл жашаган эмес.

(Кочкор өрөөнүнүн аба ырайы жөнүндөгү макаланы өзүнчө окуйсуздар.)

Орус чыгыш таануучулары, тарыхчылары келгенде Кочкор өрөөнүнөн шаарлардын изин табууга мүмкүн болбой калган. Баласагун шаары турган жерди Шамшы тараптан Бузулган Суунун кыян-сели талкалап кеткенден кийин, Түндүк капчыгайы тараптан келген селдин топурагы куму бир нече жолу басып, кийин майда бадалдуу чий аралашкан токой басып калган.

Фетисов 1891-жылы сентябрь айында Шамшы ашуусун ашып келип, өрөөндө Кара-Булуң, Ак-Чат, Орто-Токой, Талаа кудукта жана Шамшыда мүрзөлөрдү казуу жүргүзгөн. Шаарлардын ордун билген эмес, аны менен кошо иштеген кыргыздар да билген эмес. Ал эми Суяб-Кочкор-Башы шаарынын аянтын калың чий басып калган. Чийдин калыңдыгынан атчан адам көрүнгөн эмес.

Көпчүлүк курулуштар көмүлүп калгандан кийин асты көңдөй боштуктар пайда болгон. Бул боштуктардан ар түрдүү буюмдарды алып чыгышкандар жөнүндө фактылар бар.

Азыктын Бөрү уруусунан чолок Жусуп деген адамдын түшүнө аян берип, тынчтык бербейт. Сен үйүндүн артын казсаң эки бөлмөлүү үй чыгат, биринчи бөлмөдөн табылган кишинин колу көрүнөт. Колдо кармаган оокаттарга тийбегин, андан ары өтүп, экинчи бөлмөдө көп алтын бар, ал көп кишиге жетет, аянбай эле баарына тарата бер деген аян эки–үч жолу түшүнө кирет. Эки –үч күндөн кийин кетмен-чотун алып казып кирет. Айткандай эле биринчи бөлмөдө кишинин скелет -сөөк колунда кармалган шурулар жана бир бөтөлкө көрүнөт. Андан ары өтсө экинчи бөлмөдө көп алтын буюмдар табылат. Көтөрүп сыртка чыкса, бир эшекчен абышка келе жаткан болот, андан кызганып кайра кирип кетет. Кийин пулдайм деп төөгө жүктөп, Анжыянга алып барып бир сартка алдатып жиберип, кайра келгенде биринчи бөлмөдөгү сөөк колдогу бөтөлкөдөгү суюктукту ичип өлүп калыптыр.Ал сымап экен.

Азык уруусунун адамдары бул шаардын чалдыбарларын казып байлык издешкен, Азыктардан Кызыл курттун балдары, Кызылкурт деп ат коюлушу да Ат-Башыдан келе жаткан жолоочулардын айтканы экенин, талаада ар кайсы жерден чункурдан адамдар чыга калып атканын көргөн

Ат-Башылыктар «ой эмне кылып атасыңар кызыл курттай болуп» десе, «эгин сактоого ороо казып атабыз» деп, чыныгы максатын жашырып коюшат. А анда жакшы балдар экенсиңер, эгинди жакшылап каткыла, жазында тукум алабыз дешип Токмоктун базарына (Кашат)Шамшы ашуусу менен өтүп кетишет, ошондон кийин Кызыл курт аталып калышат.Көрсө бышкан кызыл кирпичтен салынган үйлөрдү тешип, байлык издегенде, кирпичтин чаңы жылаңач денеге жабышып калган тура.

Бала кезде 1953-жылы Кум-Дөбө айылына көчүп келгенде айылдын үстүнө Кайырма каналы курулду. А дегенде каналдын долбоорун чийүүгө өзүнө жардамчы кылып, атам Коңурбайды бир орус ээрчитип кетти, айылдын үстүндөгү каналдын трассасында чаар планкасы бар таякты, мешоктогу казыкчаларды атам бир айга жакын көтөрүп, каналдын проектисин чийгенге жардам берип жүрдү.

Кийин биз эс тартып калганда атам, ушул канал өткөн нукта, чий менен бадалдардын арасынан, бышкан кирпичтен салынган үйлөрдүн төбөлөрүн, кийин канал казылган кезде бир чакырымга жакын жерден бышкан кирпичтерди жана карапалардын сыныктарын көргөндүгүн айтчу.

Ал эми каналды курууда иштеген Кочкор райондук земотделдин гидротехниги Иманов Кутпидин казылып жаткан каналдын ичинен бышкан кирпичтен салынган курулуштарды, карапанын сыныктарын, адамдардын сөөгүн көрүп, бул изилденип тарыхы билиниши керек деп башкармага жана райондук уполномоченныйга айтса, көчүгүңдү кыз,оозуңду бас, бизге канал менен суу керек, сенин кирпичиң менен карапанын сыныгы керек эмес деп бошотуп жиберет. Ал адам андан кийин Кочкор УОСунда пенсияга чыкканча иштеп, кийин көчүп келген.

Ал эми 1950-жылдарда ошол курулуштардын биринин куполун ачып, золатоп кылып, Ленин атындагы колхоздун өлгөн койлорунун өлүктөрүн тешиктен ыргытышканын жана тарыхчы Темиркул Ишекеевич Асановдун атасы Ишеке ошол кезде ветврач экенин айта кетейин.

Биз билгенден бул канал курулган талаа калың чий, алтыгана ар түрдүү майда бадалдар өскөн жер болоор эле. Чийдин, майда бадалдын калыңдыгынан адам,мал көрүнчү эмес.

Шаардын аймагы азыркы Кызыл Кудуктан-Кайнардан башталып, түштүктү көздөй Айчубактын күмбөзүнө чейин 6 кмге созулуп жердин астында жатат. Орто жерде 1981-жылы Ак-Жар насостук станциясынын биринчи бассейни курулганда анын чуңкурунан (котловандан) көптөгөн кирпич жана карапа чыкканын, Нарбото аймагында мүрзөнүн жанында бышкан кирпич дубалдар болгонун, аны 1988-жылы булдезорист Өскөн Ибраев түзөткөнүн билебиз. Азыркы Көк Таш участкасында казылган чуңкурду Октябрдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун директору Жолдошбек Саринжиев 1989-жылы сенажка чуңкур кастырганда, чуңкурдун капталынан бышкан кирпич дубал көрүнүп турчу, үлүшкө бөлүнгөн айдоонун астында бир топ үйлөрдүн изи бар экенин билебиз. Айдоо аянттардын арасындагы суу жээп жар кылып кеткен арык коолордон кирпичтер, карапанын сыныктары, ар түрлүү сөөктөр чыга калат. Шаардын батыш жагында Шамшы(Чүй) дарыясынын байыркы нугу байкалат. Суу Кашат-Шамшы капчыгайынан чыгып, Бузулган Суу, Кашка Суу, Жалгаш жана Көлтөрдүн суулары биригип түндүк- чыгышка 4 км агып Талды-Булактан түштүккө бурулуп, Коңорчок жана Кайнар аянттарынын ортосу менен Ак Жардын башынан Кочкор(Чүй) суусуна кошулуп агып турган. Селден кийин дарыянын нугу кум топуракка толуп Шамшы (Чүй) суусу Кочкор Ата мазарына жана Суяб-Кочкор-Башы шаарын көздөй оогон.

Кандай болгон күндө да биз үмүтөнөбүз, Баласагундун чыныгы орду, убакыт өткөн сайын такталып, Чүй суусунун сол жээгиндеги шаарларды изилдөөдөн Пишпек менен Эски Токмоктун ортосунан кокустуктан табылат деп. Жергиликтүү изилдөөлөрдөн балким түрктөрдүн ханынын борбору Күз-ордо Кара-Коңуз өрөөнүнөн же Кичи Кеминдин төмөн жагынан табылып калаар. Н.А.Аристов.Усуни и кыргызы или кара-кыргызы.Бишкек.2001-г.стр.56.

Н.А.Аристов Баласагунду Чүй өрөөнүнөн көргүзү келгенин байкоого болот. Бирок ал жерлерден табылбай Кочкордон изи чыгып жатат деп айта алабыз.Орус чыгыш таануучулары, тарыхчылары өздөрүнүн колунда болгон тарыхый маалыматтарга таянып жазышканы,жергиликтүү элдин оюн жана жердин климаттык шартын, шаарлардын стратегиялык жайгашуу абалын эсепке алышпагандыгы байкалып турат. Ошондой эле бышкан кирпичтен салынган шаарлар Кочкордо гана бар экенин айтышыбыз керек. Бул жерде да кирпичти кантип бекем жана бышык кылып, сууга чыдамдуу кылган составын таптым.

Тарыхты чечмелөөдө Баласагундун биринчи аты, жаңы шаарды Невакет деп аташкан. Кийин Баласагун деп аталып калган. Баласагун шаары Суяб-Кочкор-Башы шаарынын чыгыш жагында Шамшы(Чүй) дарыясынын сол тарабына курулган. Махмуд Кашгаринин «Диван лугат ат-Түрк» китебинде «Эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” деген сөз бар, балким эки шахзаада так талашып, бири калып, бири жаңы шаар куруп кетсе керек.

Кербендер Улуу Жибек жолунун бир тармагы Долондун белинен, Ысык-Көлдөн Кочкор өрөөнүнө түшүп, азыркы Теңдик айылынын батыш жагындагы азыр Орто Кырман(Кормоцех) деп аталган жердеги шаарга токтоп, андан ары, батышка,Чүй суусуна салынган көпүрө аркылуу өтүп, Ак-Жардын үстү менен Кашат(Шамчы,Шамшы) ашуусун көздөй сапарын улашкан..

Эч качан Чүй өрөөнүндөгү шаарлар Кара ордо жана Күз ордо деп аталышы мүмкүн эмес,

Kүз ордо,Кара ордо жана Күз үлүш деп Кочкор өрөөнүнүн Чүй суусунун башталышындагы эки суунун ортосундагы Баласагун (бала шаар, жаңы шаар же Навакет же Невакет) шаарына карата айтылган. Күзгү ордо болуп күзүндө байлар малын Кочкорго Баласагун, Суяб жана башка шаарлардын тегерегине кыштоого алып келишкен.

Ар тараптан келген кербендер жана жолоочулар кыштын күнү кар баскан өрөөндөрдөн кар жатпаган кара Кочкорго келгенде кар деңизинен өтүп келдик, ой бул жерде кыштын күнү, күздүн күнүндөй турбайбы жер кара экен дешип хандар,бектер султандар кышында Кочкор өрөөнүнө кышташкан.

В.В. Бартольддо жазылган түрктөр малын жайында болгарларга жакын жерде жайлатып, кышында (Бурана) Баласагундун айланасында кышташкан дегендин маанисин чечмелөө, Бурананын аймагына мал кыштатуу, кары калың жерде кантип болсун. Кышында Кочкор өрөөнүндө кыштатып, жазында Чүйгө көктөтүп барышкан,андан ары Курдай өрөөнүнө, Иле дарыясынын жээгине чейин барышкан.

Тарыхты чечмелеп санжыра менен жазма тарыхты салыштырып окусак дейм. Батыштан бир келген чыгыш изилдөөчүлөрүнүн кыргыздар үчүн жазган тарыхын пир тутпай, жерибиздин жаратылышын, өзгөчөлүгүн баамдап, ага карата тарыхыбызды жазсак туура болчудай.

Эми Кастек (Каштек) ашуусун чечмелөө.

В.В.Бартольд историк Дудинди Кастек (Каштек) ашуусун ашып көрүп кел шаарлардын калдыктары бар бекен билгин деп жиберген. Ашууну аркы жана берки бетинен эл жашаган жерлердин изи жок экенин билинди. В.В.Бартольд. Кыргызстандын жана Кыргыздардын тарыхы боюнча тандалма эмгектер.307 бет. Бишкек.1996-ж.

Кастек ашуусун түштүк жагында эч кандай шаарлардын калдыктары жок экенин жана Чүй өрөөнүнүн Чүй суусунун жээгинде да шаарлар жок экенин, Кара булактагы кичинекей сепил урандысы, Суябка жана Баласагунга окшошпогонун, тарыхта жазылган Кашат(Шамчы,Шамшы) ашуусу Кастек деген сөз менен бузулуп, батыштын жана орустардын тарыхчыларынын жазуусу менен тарыхыбызда баш аламандык көп экенин белгилейбиз.

Кочкор өрөөнүндөгү Баласагун шаарынын мунаралары, бийик имараттары селдин күчү менен талкаланып кирпичи чачылып калганын, селге акканын жана ураган көптөгөн бышкан кирпичтерди аянттардан ар кайсы жерлеринен табылаарын жана таап жатышканын билебиз.

Ал эми 1967-70-жылдарда Токмоктогу Бурананын тарыхый деңгээлин көтөрүү үчүн археолог Винниктин көрсөтмөсү менен Кочкор-Башы-Суябдан, Баласагундан 12(он эки) айкел таш (балбал таш) алынып кеткенин көпчүлүк биле бербейт.

Көк-Таш аянтындагы жер астындагы хан сарайдын эки имараты.

19-кылымдын аягында орустардын келиши менен изилденип, жер үстүндө турган 20-кылымдын 30-жылдары жана 70-жылдары реставрацияланган беш эстелик,бул Манастын күмбөзү, Таш-Рабат, Бурана, Шах-Фазил( Сафид-Булан) жана Өзгөн мовзолей компексинен башка чоң монументалдык архитектуралык археологиялык байыркы жана орто кылымдын эстеликтери табылбагандыгы жана изилденбегендиги, тарыхчы археологдор көбүнчө, Чоң чүй каналы, Токтогул суу сактагычынын орду, СССРдин убагында изилденгени, ал эми калган майда археологиялык изилдөөлөрдү окуу жайлардын каржылоолору менен жүргүзүшкөнү, өкмөт тарабынан изилдөөгө атайын акча бөлүнбөгөндүктөн, азыр бир топ чоң эстеликтер жоголууга дуушар болууда. Анын бири Кум-Дөбөдөгү жер астынан табылган тарыхый маданий мурас- археологиялык монументалдык архитектуранын эстелиги. Бул Хан сарайлар Баласагун шаарынын бир бөлүгү. Бийиктиги 8 метр, калган көлөмү белгисиз. Бул тарыхый эстелик казылып изилденсе, кыргыз тарыхындагы бир топ ак тактарды жок кылаар эле.

Бул мурас-эстеликтин миңдеген бышкан кирпичи ташылып талкаланып жок болууда. Кыргыз мамлекетинин гимнде « бизге калган ата салтын мурасын, ыйык сактап урпактарга берели» деген саптар бар, бирок бул сөздү аткаралы деген жаранды көрө элекпис. 2011-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинен археологдорду чакырсак, бул «ханака» дешти, 2012-жылы Кыргыз академиясынан келген археологдор, бул «сардоба» дешти, быйылкы жылы октябрда Түркиядан келген «ТИКА» агентствосунун директору, орто кылым архитектурасын изилдеген археолог, бул «хан сарай» деди. Жыйынтыгында тарыхый Баласагун шаары Кочкор өрөөнүндө экенине толук ишеним бар.

Эгерде «ТИКА» агентствосу 2016-жылы биз билген Баласагун шаарында казууларды баштаса, Кыргызстандын Помпеясы же Троясы табылып, туризмдин маршрутундагы негизги жайлардын бири болуп калаарына шек жок.

Макалага В.В.Бартольддун, Н.А.Аристовдун, Махмуд Кашгаринин,В.Д.Горячеванын, Г.Гумбатовдун, У.Х.Шалекеновдун, Л.Р. Кызласовдун, Гардизинин,Т.И.Асановдун ж.б.лардын цитаталары, эмгектери колдонулду.

Российский исследователь Дмитрий Верхотуров в статье «Шаг к настоящей истории» пишет: «Мы уже привыкли к тому, что наша история сфальсифицирована и относимся к этому с изрядной долей иронии. Если появляется какая-то новая версия событий, то мы уже привычно следуем римской поговорке “кому выгодно?” и ищем скрытые интересы автора».Г.Гумбатов. Историческая прародина тюрков. От Арана до Алтая.

1. Ханака - мусулман адам 63 жашка чыкканда мен Мухаммед пайгабардан ашык болбошум керек деп, жердин астына мечит-үй салып кирип кеткен, өмүрү өткөнчө жер астында жашаган жер.

2. Сардоба - чөлдө жер астына бышкан кирпичтен суу сактоого жай куруп, суу толтуруп, үстүн кум топурак менен көөмп койгон жер.

Кайырбек Коңурбаев, «Ыйык Мурас» тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын президенти.

Колдонулган адабияттар:

Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек.2001-год. стр:29,53,40,44,

А.Н.Бернштам. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана т.1.Бишкек-1997-год. стр: 416,417

В.В.Бартольд. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Бишкек-1996. Стр: 103,292, 399, 411,454,455.

В.Д. Горячева. Городская культура тюркских каганатов наТянь-шане(середина VI-началоXIIв.) Бишкек. 2010-г.стр53.

В.Д.Горячева. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Фрунзе 1983–г. стр 58,59,60 .

Арабские путешественники в щелковом пути. Баракелде.ру.

Л.Р.Кызласов. Исследования на городище Ак-Бешим в 1953-1954 гг.Работа Чуйского отряда .стр. 95-96, 155,137.

А.К.Кибиров. Археологические работы в Центральном Тянь-Шане — 63

Асанов.Т. Кочкор-Башы-караханий түрктөрүнүн байыркы шаары. Манас университети.Коомдук илимдер журналы. Бишкек. 2002,стр 6.

Бичурин (Ианкиф). Собрание сведений стр 758, 759.

А.Н.Бернштам. История кыргыз и Кыргызстана с древнейших времен до монгольского завоевания. стр. 89.

Махмуд аль Кашгари. Дивани лугат ат-Турк. 317,377 стр.

Архивные материалы по археологии Кыргызстана. Фетисов. Раскопки древних могил Иссик-Кульском и Токмакском уезде. Бишкек. 2012-год.

У.Х.Шалекенов-Баласагуни. «Город Баласагун в V-XIII веках». Алматы.«Жибек Жолы». 2009.

Г.Гумбатов. Историческая прародина тюрков. От Арана до Алтая.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2019
Дагы бир жолу Суяб, Баласагын жөнүндө
42662

11-06-2017
Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аталышы.
40122

16-04-2016
Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы
62787

05-01-2016
Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия
58211

02-01-2016
Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык
26412

29-11-2015
Ааламдын сырдуу дүйнөсү
53989

29-11-2015
Кочкор ороонундогу аламаат же Баласагын шаарынын жок болуп кетиши
92746

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×