Добавить статью
15:14, 3 марта 2016 228566

VIII кылымдагы кыргыз ажоосунун айкели Ши-Ан шаарында

Баш сөз ордуна

Кыргыз тарыхы жана кыргыз феномени тууралуу акыркы кезде өтө кызыктуу тарыхый даректердин булагы ачылып жатат. Бул багытта кытай булактарындагы кыргыз тарыхынын жазылып калышы, анын бизге али белгисиз жактары чоң кызыгууну жаратууда. 2016-жыл – Тарых жана маданият жылынын алкагында кыргыз тарыхын изилдөө, аны чет элдик булактадан изилдеп табуу маселеси Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык түзүлгөн Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү мамлекеттик дирекциянын негизги багыттарынын бири. Азыркы күндө кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик материалдар Улуу Британия архивдеринен, кытай, фарсы, монгол архивдеринен табылып жатат. Кыргыз элинин байыркы түптүү эл экендиги, өз доорунда эң таасирдүү түзүмгө ээ болгондугу тууралуу жаңы, али бизге белгисиз барактар ачылып жатат... Улуттук тарых байланышкан жаңы көз караштар, жаңы табылгалардын чыгып жатышы биздин көөнө тарыхытын ушу кезге чейин белгисиз кырларын жарыкка чыгаруу максатын көздөйт. Бул багытта Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция көптөгөн иштерди баштаганы турат.

Сиздердин назарыңыздарга сунуш кылынып жаткан кытайлык атактуу окмуштуу Макелек Өмүрбайдын аталган макаласы да ошол чоң сөздүн төл башы.

Султан Раев, Тарых жана маданият Жылын өткөрүү мамлекеттик дирекциясынын баш директору, КРнын Президентинин алдындагы маданият боюнча Кеңештин мүчөсү

8-кылымдагы кыргыз ажоосунун айкели Ши-Ан шаарында

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, КЭР «Тил жана Котормо» журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору

Кыргыз элинин тарыхы эң эле узун экени жазма тарыхтан ишенимдүү көрсөтүлүп келет. Ал кыргыздын бийлик курган тарыхы да санактан мурдагы 200- жылдарда кагаз бетине түшкөн болуп, кытай тарыхынын атасы Сыма Чыян «кыргыз мамлекети» деген маалыматты берген. Бирок ушул баянга түкшүмөл кароочулар да жок эмес. Себеби кыргыз бийлигинин тарыхын изилдөө кеч калып, ал тургай, кыргыздын ошол эле санактан мурда курулган бийлигинин башында кимдер турган, кайсыл ажоо кайсыл кылымдын канчанчы жылдары кыргыз бийлигинин тактысында олтурган дегенди ушул күнгө чейин тизмелеп көрсөтө албай келебиз. Ошондуктан, кыргыздын мамлекеттүүлүгү кандай бир жомок сыяктуу гана баяндалып, чыныгы тарыхтын бети ачылбай келгенин ачык айтсак болот. Ооба, ушул күндөгү кыргыздын байыркы тарыхын баяндаган эмгектерде, кыргыз бийлгиинин баш кишисинен бир- эки гана адамды, атап айтканда, Барсбек жана Жаглакар ханды айтып тим болгонубуз, кыргыздын бийлик тарыхын түкшүмөлгө түшүрүп келе жатканын туюнганыбыз абзел.

160303_2

Кыргыздын улуттук тарыхын тактоодо улут болуп, кыргыз атка конуп жашаган тарыхы менен кошо, ал бийлик куруп, дүйнөгө чамгарак көтөргөн тарыхын билүү да абдан зарыл. Ушул максаттын тутумунда, көп жылдардан бери кыргыздын тарыхын, ошонун ичинде, мамлекеттүүлүк бийлик тарыхын кытай жазма булактарына үңүлүп олтуруп, кыргыздын 8- кылымдагы ажоосу Жетисан Бекбай Багачор ажоонун өмүр баянын жана анын айкелин кытайдын таң падышалыгы доорунда астана шаар болуп турган «Чаң Ан ордосунан» (азыркы Шаншы провинцыясынын Ши Ан шаарынан) таап алууга жетиштик. Анда, кыргызды улут болуп калыптанган тарыхынын узун экенин айтууну коё туралы да, кыргыз бийлик тарыхынын килитин ача турган баяндарга, анын ичинде, өз көз менен көрүп, кол менен сылап келген, Жетисан Бекбей Багачор ажоонун Ши Андагы айкелинен сөздү баштап, кыргыз бийлигинин тарыхынын түптүү экенин тарыхый бийлигинде тактыда олтурган ажоолорунун (хагандарынын) тизмегин көрсөтүүгө далалат жасайлы.

8- кылымдагы кыргыз ажоосунун таштан сомдолгон айкели, ушул күндө, Кытай эл респубиликасыныин Шан Ши првинциясы шаняң шаары чаншыян район борборунан алты километир алыста лаңшан тоо этегиндеги «чыянлың» аталган падыша көрүстөнүнө коюлган «61 чет элдик баш кишилердин башы жок айкели» деген айкелдер тобунун ичинде турат. Ал падышалык күмбөз Кытайдын таң падышалыгынын 3- падышасы Таң Гавзоң (650- жылдан 684- жылга чейин тактыда) менен анын жубайы, Таң падышалыгынын 6- падышасы, кытайдын биринчи аял падышасы Ву Зытыяндын (684- 70- жылга чейин тактыда) көрүстөнү болуп, кытайда «чыянлың күмбөзү» деп аталат да, ошол падышалык күмбөздүн эки капталына бир жагына 32 кишинин, дагы бир капталына 29 кишинин төрттөн катар тизилип турган айкели коюлган. Анда бул айкелдер эмнеге коюлган? качан коюлган? эмнеге алардын баштары жок? деген табышмактарга жандырмак айтсак, анан кыргыз ажоосунун айкели ал жерге эмнеге орнотулганын түшүнүүгө жетишебиз.

61 айкелдин жасалышы. Жазма маалыматта, бул айкелдин курулушу өтө көлөмдүү болуп, 684- жылы жасоону баштап, 23 жыл ичинде, атап айтканда, 707- жылы бүткөн. Ошол эле жазма баянда, жалпы 64 кишинин айкели коюлуу долбоорлонуп, үчөө тулкусу сомдолгон боюнча, бирок кишинин кебетеси бүтпөй кала берген да алар коюлбаган, азыркы 61 кишинин айкели ырасмий орнотулган. Бул 61 кишинин таш айкели ошол кишинин тирүү кезиндеги бой- туругу, өңү, кийими өз айнен сомдолгон. Ал ар бир таш айкел кишинин жонуна атын жана кайсыл мамлекеттин кандай баш кишиси экенин кытай жазуусу менен чегип койгон.

61 айкелдин көрүстөнгө коюлушуна жоромолдор. Бул айкелдер тобунун ушул «чыянлың»» күмбөзүнүн эки капталына коюлушунун себептери жөнүндө көрүстөндүн өзүндө ташка чегилген жазмаларда эч кандай маалымат айтылбаган. Ал эми кийинки изилдөөчүлөр бул айкелдердин ошол көрүстөндүккө коюлушун мындай бир нече жактарга жорушат.

1. Түрк каадасы боюнча күчтүү баатырладын тул ташын күмбөзүнө койдурган деген жоромол. Бул жоромолду айтуучулар таң падышалыгын түптөөчүсү Таң Гавзунун (618- жылдан 627- жылга чейин тактыда) тукумунда түндүктөгү аз улуттардын кандаштыгы бар. Алар түндүк жактагы улуттар менен тага- жээндик карым- катышта болгон деген жоромолду айтышат да, таң падышалыгынын 2- падышасы Таң Тайзоңдун «жавлың күмбөзү» аталган күмбөздүн алдына да 14 кишинин айкелин тургузган. Анын ичинде түрктөрдүн Асана жамаатынан 4 кишинин айкели тургузулган болуп, жалпы таш айкелдин 30 пайызын түзгөн ( караңыз, «чыянлың күмбөзү ажайыпканасы»нын адис изилдөөчүсү Фан Йыңфың жазган «чиянлңидеги 61 чет элдиктин айкелин кайра изилдөө» макаласына). Ушул эле жөрөлгөнү улап, «чыянлың» күмбөзүнө 61 чет элдик жана түндүктөгү аз улуттардын баш кишилеринин тул ташы Таң Гавзоң менен Ву Зытыяндын күмбөзүнө да коюлган деген жоромол.

2. Таң Гавзоңдун кара ашына (684- жылы) келген чет элдик жана түндүктөгү аз улуттардын баш кишилеринин таш айкели тургузулган деген жоромол. Мындай жоромолду айтуучу окумуштуулар Таң Гавзоң (Ли Жийе) 684- жылы кайтыш болгондо, анын жубайы жана анын ордуна тактыга олтурган аял падыша Ву Зытыян күйөөсүнүн кара ашына келген чет элдик баш кишилердин айкелин күмбөзүнүн башына тургузган дегенди бир кыйла бекем айтып жатышат (караңыз, «Шанши провинцыясы жалпы тезкиресине). Бирок мындай айтымга ынанбаган окумуштуулар, ошол 61 айкелдин ичиндеги кишилердин ичинде жана тизмесинде эчак кайтыш болуп кеткен кишилер да бар экенин туура тартып «кара ашка келгендер» дегенге күмөндүү карашууда. Мисали, 61 таш айкелдин бирөө түрктүн баш кишиси боз атчан сангун, улуу хаган Асана Мыш 662- жылы эле кайтыш болгон. Ошого 684- жылы дүйнө салган Таң Гавзуңдун кара ашына келди дегели болбойт, кадиресе тизмедеги таш айкелдин бир мунчасынын ысмынын алдына «кайтыш болгон» деген жазуу кошо чегилген, ошого «ашка келгендер» жорум да ишенимсиз бойдон калууда.

160303_1

3. Таң падышалыгы тушундагы коргоочу мекемелердин баш кишилери болушу мүмкүн деген жоромол. Мындай жоромолду койгон окумуштуулар ошол таш айкели тургузулган мансаптуу адамдардын теги- жайын териштирип, алардын таң падышалыгы менен болгон байланышы жана андан ээ болгон мансаптарын көрсөтүшүп, таң падышалыгынан мансап алган сангундар (гениралдар) болушу мүмкүн дешет. Ошол караштагылар, кийинки кездерде 61 таш айкелдин ичинен 36 кишинин ысмын жана мансабын окуп чыгып (калгандары окууга келбей өчүп калган), ошол 36 кишинин 16 кишиси сангун кол башчы экенин мисалга тартып сүйлөшүүдө. Бул жорумдагылар «чыянлың» көрүстөнү аталган бул көлөмдүү көрүстөнгө, Таң Гавзуң падыша менен Ву Зытыян аял падышанын доорунда таң падышалыгынын кол башчыларынын таш айкелин да көрүстөнгө баруучу жолдун эки жээгине каруу- жарагы менен тургузганын мисалга тартып көрсөтүшкөн. Азырынча, 61 таш айкелдин «чыянлың» падышалык көрүстөндүн күмбөз алдына коюлушу жөнүндөгү караштар жогоркулар.

61 айкелдин жөн- жайынын изилдениши. Жогоруда айттык, бул 61 таш айкел 707- жылы ошол көрүстөнгө орнотулганы менен, ошондон кийин 300 жылдан ашуун убакыт ичинде, 61 таш айкел жөнүндө эч кандай маалымат айтылбай кала берген. Ал Кытайдын түндүк суң падышалыгы дооруна келгенде (960- 1127- жылдарда), түндүк суң падышалыгы кезиндеги жер кезер окумуштуу Суң Мейчу (1019- 1079- жылдарда жашаган) аттуу киши «Чаң- Ан санжырасы» («长安志») аттуу китепти жазуу жүрүшүндө «чыянлың» падышалык көрүстөндү чалгындап текшерип, таш айкелдерин жонуна чегилген адамдардын ысымдарын көрүп, жергиликтүү элдин колунан ал айкелдер жөнүндө маалыматтар бар кагаздарды чогултуу негизинде тизме түзүп, 16 кишини бир топ кылып, жалпак ташка катары менен ысмын, мамлекетин, мансабын кайра чектирип, жалпы 4 эстелик таш койдурган. Ошону менен бул көрүстөнгө коюлган таш айкелдер кайрадан иреттелүүгө жетишкен.

Ошондон дагы 300 жыл чамасы өтүп, Кытайдын юан падышалыгы дооруна келгенде, Ли Хавин аттуу мансаптар окумушту «Чаң- Ан санжыра карыйтасы» («长安志图») аттуу китепти жазган (1342- 1344- жылдры). Ошондо, «чыянлың» падышалык көрүстөндө тигил суң доорунда тургузган төрт эстелик тизме таштын үчөө гана калган болуп, 61 таш айкелдин ичинен 39 кишиинин жөн- жайын окуп, китебине киргизген.

Ошондон дагы 300 жыл чамасы өтүп, кытайдын чиң падышалыгы дооруна келгенде, Йе Йибав (1629- 1686- жылдарда жашаган) аттуу окумуштуу «алтын таш санжырасы» («金石录补») аттуу китеп жазып, ал китебине 61 таш айкелдин ичинде 38 кишинин аты- жөнүн гана окуп киргизген.

61 айкелдин башынын жоголушу. Азыр Кытайдын Шанши провинцыясы Ши- Ан шаарына барып «чыянлың» падышалык көрүстөнүн көргөн кишилер 61 таш айкелдин башы жок, тек эки айкелдин гана башы бар (бирөө кыргыз) экенин көрөт. Анда дароо, башы жок жасалганбы?, башы эмне болду экен? деген суроого кабылат. Бул 61 айкелдин башынын жок болушуна жазмада айкын маалымат жок болгон соң, окумуштуулар төмөнкүдөй эки жоромол айтышат.

1. Жер титирөөдөн баштары ыргыган. Жергиликтүү санжырадагы маалыматтарды окуган окумуштуулар ошол чөлкөмдө 1555- жылы катуу жер титиреп чоң зылзыла болгонун, анда 800 миң киши казаа болгонун көрсөтүп, ошол жер титирөөдө, 61 айкел кулап түшүп, баштары денесинен бөлүнүп жоголгон деп жорушат. Бул жорумду ырастаган киши 1906- жылы Ши- Анга келген жапандык жер кезер болуп, ал «чыянлың» көрүстөнүн өз көзү менен чалгындап көргөн, ал мекенине кайтып барып, «Чаң Ан тарыхы издери» аттуу китеп жазган. Анда, 20 нече айкел жерде жатат, ооп- кыйшайып жаткандары да бар, булардын баштары катуу жер титирегенде кыйраган деген карашты жазган.

2. Киши колдуу баштары алынган. 61 таш айкелдин башынын жоголушу боюнча жергиликтүү элдин айтымдары да чогултулган. Мында көп айтылганы: «бир чет элдик сайкатчы «чыянлың» падышалык көрүстөндү көргөн экен да, ал өзүнүн баш кишиси бул жерде күмбөз кайтарып тургандай туругуна намыстанып, өзү кыйратып жиберсе, жанына тап жетерин ойлоп, жергиликтүү элдерге, ырым сөз таратып, силердин жергеде бир кас нерсе бар экен, аны жоготпосоңор, жалчыбайсыңар, апат боло берет деп, ал ошол 61 таш айкелди кас нерселер деп көрсөтөт. Ошондо, жергиликтүү эл алардын баштарын кыйраткан экен» деген айтым басым орунда айтылып калган.

Киши колдуу кыйратылган дегенге дагы бир айтым, Кидан, Жүржүт сыяктуу аз улут эли Кытайды сурап турганда, алардын баш кишилери Таң Гавзоңдун көрүстөнүн кайтарып турган кебетени көрүп намыстанып, айкелдин баштарын талкалап салган болуу керек деген жоромол басма сөздөрдө көп айтылат.

Кыргыз ажоосу башы менен калган. «чыянлың» падышалык көрүстөнүнө барып 61 таш айкелди көргөндө, эки гана айкел башы менен турганын, калгандарынын бардыгы мойнунан, ал тургай көкүрөгүнөн өйдөсү жок экенин көрүшөт. Ал башы менен турган айкелдин бирөө жылаңбаш, тармал чач, муруттуу, кадиресе, тонун сол жагынан кумтуланган (кыргыздар ошондой) айкелди учуратат. Бул кытай тарыхый жазмаларында, ошол эле «Чаң Ан санжыргасында» жазылып калган кыргыздын 8- кылымдагы ажоосу Жетисан Бекбай Багачордун айкели экени ырасталды. Бул айкелдин башы 1971- жылы көрүстөндүн айланасында жашоочу дыйкан арык казып жатканда «таш башты» чукуп алган. Кийин архилогдорго тапшырган. Архилогдор тарыхый жазмаларга негиз, ар бир таш айкелдин мойнуна табылган башты ашташтырып көрүү аркылуу, кыргыздын денесиндеги моюнга аштап, ошол тармал чач кыргыздын башын өз ордуна койгон. Дагы бир айдар чачтуу башы менен айкел бар. Аны изилдөөчүлөр тарыхый жазмага негиз, ал айкел түркчө жасанып жүрүүчү Таң Тайзоңдун (Ли Шымыңдын) такты мурасчы уулу Ли Чиңкүндүн айкели деп ырасташты. Анын башында 13 тал айдар чачы болуп, ал дайыма түркчө жасанып жүрчү экен деген маалыматты табышкан. Ал эми өзүнчө бөлүп айтар сөз, 61 айкелдин ичинде кыргыз ажоосу башы менен, жонунда жазылган ысмы, мансабы менен таанылып турушу (ушул күндө, жонунда жазуусу барлар алтоо гана калган), Кыргыздын 8- кылымдагы ороюн гана көрсөтүп калбай, 8- кылымда кыргыз бийлиги коңшу элдин көөнүн бурарлуу, атак- даңкы менен болгонун айтса болот. Болуп да, азыр ажоонун таш айкели башы менен турганын, жазуусу эмдигиче калышын кыргыздын ооматы катары ырымдаса болот.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн баш кишилери (кагандары)

Кыргыздар эң эртеде бийлигинин баш кишисин «Бек, Бий» атагандыгы жөнүндө жазма булактарда жазылган. Андан кийин, баш кишисин «Эр» (Эр Манас, Эр Солтоной ж. б.) Атаган. Андан соң, өзүнүн канатташ урууларына ээлик кыла баштаганда, баш кишисин «Ажоо» титулу менен атаган. Андан соң, түрктөрдүн бийлик таасири менен, баш кишисин «Хаган, Хан» титулдары менен атаган. Ал кийин Түрктөргө каранды болуп турган доордо баш кишисин «Элтабер» титулу менен атаган. Ал Кытай таң империяси менен байланыш түзгөндөн кийин, «Тутук» титулу кошумча колдонулган. Кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кезде, баш кишиси «Эркин» титулу менен аталган. Кыргыздар моңгул доорунда, баш кишисин «Инал» титулу менен атаган. Мындай көп титулдар менен аталышы, кээ бир титулдар Кыргыздын өздөрү койгон титул аталышы болсо, көбүнчөсү, башка бийликке каранды болгон кезде, же ынтымакташ бийлик жүргүзгөн кезде, ошол башка бийлик жагынан коюлган титулдар болгону белгилүү болду. Мен чогулткан материалга негиз, кыргыздын баш кишилерин төмөнкүдөй тизип чыктым, негизи Кытай мамлекетинин беделдүү интернеттик маалыматтарына таяндым. Төмөнкү кыргыздын баш кишилери деген аттарда, көбү адамдын өзүнүн ысмы эмес, ошол кезде атаган титулдук аталыштары катары көрүнөт.

160303_3

Кытай жазмаларындагы ырасмий маалыматта, Кыргыз мамлекетинин баш кишилери булар болгон:

1. Какей хан (583- жылы). Кыргыздардын эң эртеде кагаз бетине түшкөн баш кишиси Какей хан аталып, ал биздин санактын 583- жылынан 603- жылына чейин 20 жыл мансап кармаганы жазылган (Түндүк тарыхы 99- ором. «Түрктөр баян»).

2. Элтебер Ишбара ажо (643- жылы). Жазма тарыхка караганда, Элтебер Ишбара ажо 643- жылы Кыргыз бийлигинин ажосу болгон. Ал Кытай менен биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде байланыш түзгөн кыргыздын хаганы экени тарыхий жазмаларда кенен жазылган. Ажо 648- жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң- анга өзү элчилик тобун баштап келип, эмпиратордун кызуу кабылдашына ээ болгон. Ажого сол канат сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу деген мансаптарды берген. Ажо да сый дасторкондо, кенен сүйлөп: «Кыргыздардын бир тайпасы байыркы Ли лың сангундун тукумдарынан болобуз» деген сөздү айткан. Бул Кытай падышасы үчүн күтүлбөгөн сүйүнчү болуп: «Теги- түбүбүз бир экен»,- деген сөздү айтып, ажоону абдан урматтаган. Элтебер Ишбара ажо 37 жыл тактыда олтурган деген маалымат жазылган.

3. Тачам кутлук (681- жылы). Кытай жазма булактарында, кыргыз хаганы Тачам Кутлук деген гана маалымат жазылган. Бирок ал боюнча баяндар али изделип жатат. Тачам Кутлук 681- жылдан 693- жылга чейин тактыда олтургандыгы жөнүндө маалымат жазылган. Тачам Кутлук бийлик башында 12 жыл турганы жазылган.

4. Жетисан Бекбай Багачор (693- -708 ) Кыргыз бийлигинин Тактысында 14 жыл чамасы отурган. Бул кыргыз хаганынын ысмы жана мансабы кытай тарыхында айкын жазылып гана калбай, анын таштан сомдолгон айкели да таң падышалыгынын байыркы ордосу «Чаң-анда» ушул күнгө чейин турат. Кытай тарыхында, бул кишиинин өз аты «Жетисан» экени, ал өз кезинде «бек» болгону жана «бай» деген атагы бар экени, ошол кездеги мансабы «багачор» аталган деп чечмелеген. Ал эми таң падышалыгы аны «сол канат сангун, кыргыз коргоочу мекемесинин тутугу» деген наам менен атаганы жазылган.

5. Барс бек (708- жылы). Тарыхта жазылган маалыматка караганда, Барс бек кыргыз хандыгына 708- жылы баш киши болуп турган. Мансап аталышы «Бек» болгон. Ал бийлик тактысында 4 жыл олтурган. Барс бектин баяны чыгыш түрк хандыктарынын ташка чегилген баяндарында, атап айтканда, «Тунюкук», «Колтегин», «Билге хаган» ташка тамга басылган баяндарда жазылып калган. Барс бектин таш тулу Чыгыш Түрк хагандарынын бейитине коюлгандыгы жөнүндө айтылат. Барсбек Чыгыш Түрк хаганы кыргыздарды түн уйкуда бастык, хаганын өлтүрдүк деген баяндагы хаган ошол Барс бек болмогу убакытка шай келип турат.

6. Кутлук Билге хаган (711- жылы). Кутлук Билге хагандын баяны 718- жылкы түрктөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында баяндалып, кыргыз хаганы өзү черүү тартып, Таң падышалыгы менен бирге согушка катышканы, кыргыз хаганы баштаган кошууну абдан баатырлык көрсөтүп, Таң падышалыгы жагынан: «Атканын жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган» кошуун деген даңаза алганы жазылуу турат. Ал кыргыз хаганына «Оң канат ноён сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу» деген мансапты берген. Кутлук Билге хаган тактыда 11 жыл олтурганы жазылган.

7. Ишбара Шайжо Баш эркин (722- жылы). Тарыхий булактардагы жазмада, кыргыздын Ишбара Шайжо Баш эркини 722- жылы кийинки түрк хагандары менен чогуу Таң падышалыгы ордосуна келгендиги, Таң кыргыздын хаганын өзгөчө сыйлап, ага ноён сангун атагын бергендиги жөнүндө баян жазылган. Ишбара Шайжо Баш эркин тактыда бир жыл гана олтурганы жазылган.

8. Чолпон Бага Чоң эркин (723- жылы). Тарыхий жазмада, кыргыздын Чолпон Бага Чоң эркин баш кишиси 723- жыл дагы баягыл эле кийинки түрктөрдүн хагандары менен чогуу Таң падышалыгынын ордосуна келгендиги боюнча маалымат жазылган. Ал баш кишиге да ноён сангун атагын берген. Чолпон Бага Чоң эркин тактыда 35 жыл отурганы жазылган.

9. Билге Тон эркин (758- жылы). 758- жылдан 790 жылга чейин 32 жыл бийлик жүргүзгөн. Анын бийлиги тушунда кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кез болгон. Ал тарыхта жазылышынча, Тон эркин кезинде, арабтардан абдан оор кебез булаа олпоктор ташылып келгендиги, ар бир олпокту 24 унаага жүктөп келүүгө боло турганын жөнүндө баян жазылган.

10. Кыргыз хан (790- жылы). Кыргыздарды карандысына алып турган уйгур бийлиги алсырай баштаганда, кыргыздын баш кишиси Эр өзүн кыргыз хан деп жарыялаган. Ал хандык тактыда 32 жыл олтурган. Ал уйгурлар менен 20 жылга жакын согушкан. Кийин, уйгурдун ордосун кыйратып, олжого түшкөн Таң императорунун ханыш кызын куткарып чыгып, аны Таң ордосуна элчилик тобу менен коштотуп жолго салганда, жолдон уйгурлардын калдык жоокерлери элчисин, коштогон жоокерин өлтүрүп, ханыш кызды тартып алып кеткен окуя жазылган. «Худуд ал аалам» аттуу эмгекте кыргыздардын баш кишиси «Кыргыз хан» деп аталат деп да жазылганы бар.

11. Бойла Кутлук жаркан (822- жылы). Кыргыздын баш кишилери жөнүндө Кытай тарыхий жазмаларында эң көп баяндалган хаганы болуп, 822- жылдан 863- жылга чейин 41 жыл тактыда олтурган. Тарыхтан караганда, тактыда олтурган убакты да эң узун хаган болуп, бул хаган Кыргыздын улуу каганатын курган хаганы деп айтууга болот. Бул каганды «Яглакар хаган» деп атаган изилдөөчүлөр да көп. Асиресе, өзүнө койдурган «Сужи дабандагы» тул ташка: «Мен Бойла Кутлук жаркан…» деп баштап, керээзин ташка чектирген. Ал керээзи ушул күндүн изилдөөсүндө «Сужи эстелиги» деген ат менен дүйнөгө таанылуу болуп келет. Бойла Кутлук жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, Кытайдын Таң падышалыгы жана анын падышасы менен өтө тыкыс байланыш орноткону, өзүнүн терреториялык чөлкөмү Эне-сайдан баштап, Тияншан- Памырга чейинки аймактар экени тарыхий булактарда кенен жазылган. 840- жылдан 847- жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат. Ошол эле 7 жыл ичинде Таң падышалыгына үч жолу элчи жибергени, эң эле атактуусу 843- жылы Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү, ал элчилиги Чаң- анга келгенде, падыша өтө жакынчылык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхий жазмада, кыргыз элчиликтин бул жолку тобу да бүт эле кыргыздын этнографиясын алып келип, атап айтканда, куш- тайганы менен келгениги жөнүндө баян жазылган. Падыша вазирине буйруп, бул жолу келген кыргыз элчилик тобун сүрөткө чийдирип, баянын жаздырып, «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу китеп жаздырган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Лү шу аттуу киши жазып бүткөн. Ал китепке Ли дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Азыр бул китеп али бар экени жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга ээбиз. Бирок бул китепти колго тийгизүү мындан кийинкинин жумушу катары турат. Ал Кытай падышасынын кыргыз хаганы Яглакарга жазган каттары «Ли дийү чыгармалар жыйнагы» деген ат менен сакталуу турат. Ошол китепте кыргыздардын элчилигин сүрөткө чийген сүрөттөрдүн кээ бирөө да табылды. Бойла Кутлук жаркан хаганга, атап айтканда, Яглакар хаганга 847- жылы Таң императору өтө салтанат менен, атайын элчи жиберип, «Бабасынан бери акылман, баатыр хаган» деген атакты тапшырткан. Бирок ошол жылы хаган кайтыш болгон.

12. Орус инал (1207-). Кыргыздарды моңгулдар каратып алганда, анын карамагындагы бийлик жүргүзгөн кыргыздардын баш кишисин «Инал» мансабы менен атаган. «Юан тарыхында» кыргыздын Орозду (Орус) инали, Каркатай инали деген сыяктуу бир нече баш кишилеринин аты айрым- айрым доорлордо аталганын окуйбуз.

13. Мөңкө Темир хан (1399~ 1415) тарыхта Огачы Кашка, Бурят Огачы деп да аталган. моңгол бийлиги тушунда ооматы келип, Атсо, артай уруулару менен биргелешип, ойрот ханын жеңип, кандык тактыда олтурган. Юан падышалыгынын наамын ногой (татар) деп өзгөртүүгө жетишкен. Бийлик жүргүзгөн кезде «ойротто жок» баш киши болуп өкүмүн жүргүзгөн.

14. Эскей хан (1415~1425) Мөңкө Темир хандын баласы. Аны эл ичинде Отор хан деп да атаган. атасы Мөңкө Темир хан (Огачы Кашка) ойроттор жагынан өлтүрүлүп, бир мезгил бийликти ойроттор алган. Эскей эр жетип, Миң падышалыгынын колдоосу менен моңгол талаасынын бийлигин кайрадан алып, 10 жыл тактыда олтурган. Кийин бийликти кайра батыш ойроттор алуу менен, кыргыз бийлиги колдон кеткен. Ошондон соң кыргыздардын батышка көчүүсү басым болуп, моңгол талаасы кыргыздын колунан кеткен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×