Добавить статью
8:25, 19 августа 2016 27137

Байыркы шаарларды талкалаган Бузулган суу

«Талаштан чындык жаралат» демекчи, кийинки убактарда Кочкорлук Кайырбек Коңурбаев 40 жылдык ѳмүрүн жалаң археологиялык казууларга арнаганынын жыйынтыгы ѳз жемишин берүүнүн астында турат. Кумдѳбѳ айылынын тегеригиндеги жер астында калган шаарларга археологиялык казууларды толук жүргүзбѳгѳнү менен, ал жерлердеги табылгалар – шаарлардын чалдыбарлары, толгон-токой артефактылардын табылышы жана шаарлардын бышкан кыштар менен салынгандыгы жѳнүндѳ дайын болуууда. Бул жагынан Кайырбек мырзанын кѳп жылдык эмгегин, кыргыз тархынын археологиялык жаңы табылгасы карап, азыркы учурдун сенсациясы дешке болот.

Мындан бир жыл мурда Кумдѳбѳ айлынан чыккан табылгалар жѳнүндѳ «Кѳк Асаба» газетасына Кайырбек мырзанын макаласы жарыяланган. Анын табышмактуу макаласы боюнча ѳзүмдүн журналисттик иликтѳѳмдү жүргүзүп, аталган макалада келтирилген фактылардын канчасы чын, канчасы жалган деп Кайырбек Коңурбаевге жолугуп, анын кѳп жылдан бери жүргүзүп келген археологиялык иштерине күбѳ болуп, ѳзүмдүн «Алааматтан жок болгон шаарлардын дайыны» деген кѳлѳмдүү макаламды гезит жана интернетке жарыялаган элем. Бул макаламдын аркасында атайын бир канча жолу телеберүүлѳр болуп, ишенбегендери К.Коңурбаевге арнаган бир канча макалаларды, пикирлерди жазып жиберишти. Анда, кийинки кездерде – механиктер, энергетиктер, зоотехниктер дабдырашып тарыхчы болуп кетишти дегендерге чейин барышты.

Кайырбек мырза: «Мен 5 жашыман баштап Кумдѳбѳ айылына атам, апам Кайнар, Коңорчок деген жерлерден кѳчүп келишкенден тарта бул жерлерди беш манжамдай эле билем. Мындан 62 жыл мурдакы абалды, азыркы абал менен салыштырууга болбойт. Ал кезде байыркы шаарлардын чептеринин дубалдары кадимкидей билинип турчу, кийин Союздун убагында айдоо аянттар үчүн бульдозерлер менен түртүлүп, тегизделип, түздѳлүп, шаарлардын калдыктарынын үстүлѳрү кѳмүлгѳнү кѳмүлүп, кыштары таланып – ар кимиси үйлѳрүнѳ ташып кетип, ар кандай курулуштарына пайдаланып алышты. Менден, кай жерде кандай имараттар жер астында калып кеткен деп сураса, азыр да айтып, кѳргѳзүп бере алам. Бала кезде жер астында шаардын бѳлмѳлѳрүнѳ кирип, чыгып балдар менен ойногон учурларым кѳп болду. Ал кезде, сиздер кѳрүп турган бул музейдеги табылгалардан да баалуу буюмдар чыкчы, анда этибарга анчейин албаптырмын, далайлары талкаланып жок болуп кетти, сакталганы сакталып, сакталбагандары ар кимдин колунда жүрѳт.

Жалаң эле мен эмес, менден башка бул айылдын жашоочулары шаарлардын калдыктарын менден кем эмес билишет. Качан гана бул жер астында калган шаарлардын тарыхына, археологиясына түшүнгѳндѳн кийин – орустун улуу окумуштууларынын китептерин окуп, ѳз билимимди ѳркүндѳтѳ баштагандан тарта – бул жер, жѳн жер эмес экенине кѳзүм жетип, ѳзүмдүн үй музейимди уюштуруп алдым. Жер астында шаардын калдыктары бар деп кимдерге гана барбадым, ар кандай мекеме уюмдарына кайрыла берип чак чарчагам. Кимдерге гана барбадым, жазбаган мекемем, кирбеген жерим, айтпаган адамым калган жок. Ошолордун бири да кѳңүл буруп да койгон жок. Качан гана сизге алгач жолуккандан баштап, макаламды чыгарып кѳңүл буруп, коңгуроо каккандан кийин гана иш ордунан жылды. Мен сизди мактап жаткан жерим жок, ички дүйнѳм ушундай» деди.

Ушул ѳрѳѳнгѳ Кайырбек мырзанын иши жѳн иш эмес экен деп, 2015-жылдын август айынан тарта үч жолу келдим. Биринчиси ѳзүмдүн журналисттик иликтѳѳм менен келсем, экинчисинде 2016-жылдын май айында теле журналист «Манас жаңырыгы» сыналгысынын директору Темирбек Токтогазиев менен болсом, үчүнчүсү, июль айынын 19 да: кинорежиссер – Данияр Абдыкеримов, Кубан Чороев, Руслан, Кайырбек Коңурбаевдер менен болдум. Бизди табышмактантканы, орто кылымдагы Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү шаарлардын жер астында калуусуна кандай жагдай жана эмне себеп болду экен деген эң негизги суроого жооп табуу эле.

Барганыбызда, Бузулган суунун чыккан жери жѳнүндѳ атайын документалдуу кино тасмага түшүрүп, сүрѳттѳрүн тартып алып жаттык. Кочкордун Шамшы тарбынын түндүк жагында орун алган Сарала саз жайлоосу, анын түндүк жагындагы бийик Шиш чокунун астында жергиликтүү элдин тѳрт-түлүк малы – жылкы, уй, жер жайнаган кой, эчкилери жайлы-жайлайт экен. Жайлоонун түштүк жагы Манас атанын Кара тоосуна чейин созулат. Кара тоо демекчи, бул тоонун үстүндѳ айкѳл атабыздын «ордо» ойноочу жайы бар дешти, коштоочулар. Жайлоо бийик болгону менен, жерден анча кѳтѳрүлбѳгѳн жайлоо чѳбү оттуу келип, кѳк майсан – кѳрпѳ чѳпкѳ бѳлѳнүп кѳк жашыл, ирденген малдар кѳзгѳ урунду.

Мени кызыктырганы, Бузулган суу кандайча алаамат жаратты болду экен, дедим. Деңиз деңгээлинен 4010 метр бийиктиктеги Шамшы ашуусунун батышыраак жагындагы бийик Шиш чокунун астына чейин бардык. Чоку ѳтѳ бийик болгондуктан, шамал ыркырап баш кийимдерди талашып, этектерди жулккулайт. Шиш чокунун астына жеткенде, кѳрсѳткүч прибор – GPC 3869 метр бийиктикти кѳрсѳттү, ѳзүбүзгѳ койгон суроонун жообун толук бул жерден алалдык. Алааматтын болгон себеп, сырын, кѳрүнүштѳн ала алдык. Кѳрсѳ, аянты 100-105 га жерден оргуп чыккан суу, бүтүндѳй алааматты жаратканы ачык айткандай кѳрүнүп, билинип турду. Шиш чокунун түбүндѳ ылдый кѳздѳгѳн 35-40 метрге жеткен терең чуңкур, ал жерден оргуп чыккан суунун терең ойу. Бул ойду суу жараткан, бычак менен тилгендей – ар жерде бийик-бийик болгон бир канча заңкойгон аскалардын урчуктары шуңшуят, шуңшуйган аскалардын арасынан кубатту басым менен суу атырылып чыккандыктан, аскалардын астында бүтүндѳй суу издери, сайга айланган аска таштар, сайлар сууга тазаланган. Ѳтѳ бийик жерден чыккан кѳлѳмдүү миллиардаган куб суу, жогорку басымда оргуп (фантан) атырылып чыгып, Сарала саз жайлоосундагы бир канча га жерди бүтүндѳй жайпай агып, ѳтѳ катуу ылдамдыкта аккандыктан – астынан чыккан ташы болобу бүтүндѳй агызып отуруп, акырында тереңдиги 35-40 метр, туурасы 60-70-метр сайларды жараткан издери ушу кезде да билинип, ал жерде суулар агып жатат.

Биздин кѳзгѳ урунганы, бийик Шиш дѳбѳдѳн ылдый 70-80 га аянт жерде калың мѳңгү кылымдап жатат. Бул мѳңгүнүн калыңдыгы 100 метрдей, андан тынбай тамчылап агып жаткан суулар, мындан бир канча кылым мурда оргуп аккан Бузулган суунун зор сайды жаратса, тоодон аккан мѳңгүнүн суусу ушу сай менен азырда агып жатканына күбѳ болдук.

Байкообузда, ушундай жыйынтыкка келдик – эки бийик чокунун астынан кубаттуу басым менен оргуп чыккан миллиардаган куб суу, ѳтѳ жогорку басымда атырылып чыгып, Сары жаз жайлоосунун үстүн бүтүндѳй жайпай агып, күркүрѳгѳн бойдон ошол бийиктиктен эң бир кубаттуу катуу ылдамдыкта тоо ылдый топон суу каптагандай каптап ѳтүп, бет алдындагы коолордун биз турган бийиктиктен 36-40 метр терең, туурасы 60-80 метр чоң бир коону кошо жараткан. Ушундай ылдамдыкта аккандыктан, үйдѳй чоң таштарды камгактай агызып: Шамшы, Коңорчок, Кайнар жерлерине чейин агызып кеткен. Бир канчалары тегиздеги айдоо аянттарында – чындыктын күбѳсү катары дагы деле жатат. Жергиликтүү элдердин айткандарына караганда, «илгери күтүүсүздѳн болгон алаамат Бузулган суудан улум болгон, жерлерде кооз шаарлардын болушу менен жер астында калышы тарыхый чындык, ал эми жердин астында калышынын себебине айтып кѳрбѳгѳндѳй суу каптаганын эч ким танбайт», дешти.

Жаратылыштын табышмактуу, күтүлбѳгѳн кырсыктары, алааматтары боло берген жана боло берет. Кайырбек Коңурбаевдин маалымат булактарга таянып жазгандарынан мисал келтирейин: «Мындан 2 миң жыл мурда, Ысык-Кѳлдүн бийиктиги 1640 метрге барган. Чүй cуусу Ак-Ѳлѳң ѳрѳѳнү тарабынан кѳлгѳ куйган. XIII-XIX к. аралыгында аба ырайынын нымдуулугу кѳбѳйгѳн сайын, кѳл 1815,5 метрге чейин кѳтѳрүлгѳн» (А.О. Коңурбаев. «Трансгерессии и регресии озеро Исык-Куль: Проблема не решена») деген эмгегине да маани-маңыз берип, тѳмѳндүгүдѳй жыйынтыкты келтирет: «Трансгрессия жана регрессия кубулуштарынын пайда болушунда эбегейсиз көп бузулган суудан – сел жүрүп. Суу ушунчалык кѳп болгондуктан – Айгыр жал тоосунан ашып түшүп, Сандык тоолорунун бетине чейин жабылат. Туз тоолорунан – көптөгөн туздарды агызып кеткен.Туз тоолорун карап көргөндө, туз, чопо менен булганган катмарлар агып отуруп ѳрѳѳндүн түштүк жагы менен ѳтүп, туздарды эритип агыза брип, коктуну чоңойтуп салган. Кочкор өрөөнүнөн агып барган туздан башка, Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Туз-Көлдүн (Шор Көлдүн) тузу да кошулган.

Орто-Токой кѳлүндѳ да суусунун составында – туздун концентрациясы көбөйүү менен, өрөөндө аба ырайын кескин өзгөрүүгө алып келген. Көлдүн суусунда туздун кристаллдары күнгө күзгү сымал чагылуусу менен, үстүнкү аба катмарында ысык абаны пайда кылган. Ошол себептен Хан Теңгриден соккон жел ысык абаны батыш тарапкака айдагандыктан – Тоң, Кочкор, Кемин жана Көк-Мойноктун тоо беттерине чейин жеткен. Натыйжада, бул жерлерде кургакчылык пайда болуп , өсүмдүктөрдүн өсүүсү азайып, тоолордо мөңгүлөр топтолбой, өрөөндөр чөл кейипке айлана баштаган. Кочкор,Тоң жана Көк-Мойнок өрөөндөрүндө тоо беттери жылаңач калып, чөптѳр өспөй, какыраган таштуу кум дөбөлөрдү пайда кылган. Бул өзү регрессиянын (кургакчылыктын) башталышы болгон. Тарыхта жазылган кургакчылыктын (регрессиянын) мезгили башталган. Көлдүн азыркы дээңгелине келүү мезгили 5-6 кылымга созулган. Күндүн ысыктыгы 400 Стан ашып, жер бетиндеги баардык нерселерге өзүнүн белги – тагын салган. Кум-Дөбө айылы турган аймакта бара-бара кумдуу дөбөлөр пайда болгон.

Абанын үстүнкү катмарына тийгизген таасиринен, батыштан келген муздак жел Ала-Тоонун кырларында ысык жел менен аралашып, муздак – нымдуу шамалды пайда кылып, күчѳп отуруп – Кызарттын жана Уландын ыркыраган шамалдарын пайда кылат. Ысык Көлдүн таасиринен, шоро аралашкан желден улам тоолордо ар кандай ѳсүмүктѳр өсүүгө нымдулук болбогондуктан – Кочкор жана Тоң өрөөндөрүндө карагай өспөй, жылаңач тоолор пайда боло баштайт.

Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарда, Ысык- Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка, эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес түштүк же түндүктөн бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат. Элдик уламыштарда, көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат... (Н.А.Аристов. «Усуны и кыргызы или кара-кыргызы». Бишкек. “Сорос”. 2001. 29,53 б.).

Ысык-Кѳлдүн чыгыш жагы чѳгүп кетишинен, чѳккѳн жер тулкусу (массасы) баскан суу Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш-Чокунун түбүнѳн 3800 метр бийиктиктен оргуштап атылып чыккан – жүз миллион куб суу ѳтѳ чоң – кубаттуу болгондуктан, бир ѳрѳѳндүн тоо башындагы мѳңгүлѳрүн эриткенин эритип, таш, топурак, кум аралаш сел каптаган бойдон Сарала-Саз жайлоосун бүтүндѳй аралай агызганы тарыхта белгилүү. К.Коңурбаев: “Мен бул сел жѳнүндѳ эски кишилерден жана ѳз атамдан кѳп угар элем. Убагында элес албагандыктан бир топ чындык, уламыштар унутулуп калды”- дейт. Мезгилинде Г.Фетисов, 1877-жылы кѳлдүн түштүк-батыш жээгинен доктор Ригел менен кыдырганда, Кѳтмалды менен Барбулактын ортосундагы жээкте кѳптѳгѳн карапанын сыныктары жана адамдарын сѳѳктѳрүн жатканын кѳрүшкѳнүн эскеришет.

Мында, X к. биринчи жарымында Кочкор ѳрѳѳнүн сел каптаганы бул тарыхый чындык. Сел, Кочкорбашы – Суяб шаарынын борбордук бѳлүгү менен сепилдердин дубалдары бүтүндѳй талкаланып, бул жердеги мыкты имараттар, мечиттер, медереселер, хан – ордо, ордонун жоокерлер жашаган жайлар, адам үйлѳрү аябагандай чоң селдин астында кѳз ачып-жумгуча заматта кала берип, үстүлѳрүн топурак аралашкан кумдар басып калганынын дайыны азыркы убакта белгилүү болуп жатат.

Байкоолордо, мурдагы муундардын айткандарында жана Сюань Цзяндын изилдеп жазып кеткен аныктамаларына карганда – жер астындагы курулуштардын калдыгы, казылып табылган сѳѳктѳрдѳ – малдаш токунуп отурган бир канча адамдар ошол отурган бойдон чыккандары далил боло алат. Алаамат – сел түн ичинде каптап, Суяб шаарынын жашоочулары аман калып калууга эч мүмкүн болбогон. Топурактын астында калып калгандары жер астында калып, суу үстүндѳгү калкып калган буюм-тайымдар менен адамдардын денелерин бүтүндѳй агызып отуруп Ысык-Кѳлдүн ѳзүнѳ чейин агыза алып кеткен. Ага, бир канча кылым бою кѳлдүн жээгинен табылган адамдын сѳѳктѳрү жана буюм-тайымдар далил боло алат. «Миңдеген адамдардын сѳѳгүнүн чогулуп жатышы, кан агызган чоң согуштун кесепети же алааматтан кийинки деп түшүнүүгѳ болбойт. Кандуу кагылыштын жана алааматтын кандай деңгээлде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз кѳп адамдардын сѳѳгү менен кошо кѳптѳгѳн кыштар (кирпичтер) жана карапанын сыныктарынын жатышынын ангын да билүү кыйын» (Н.А.Аристов. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек. Сорос. 2001 ж., 44 бет) деп жазат.

Ысык-Кѳлдүн чѳгүшүндѳ, бир канча кылымдар бою аккан дарыялар, суулар – батыш, түштүк, түндүк жактарынан тынбай агып отуруп бул чѳлкѳмдѳ эбегейсиз чоң кѳлдү пайда кылганы анык. Андан кийин да тынбай агып кѳлгѳ куйган суулардан кѳл толо берип, географиялык шарттарга байланыштуу жер астындагы суулар ѳзүнѳ нук таап, тынбай акырындап агып отуруп жер асты менен ушул Шамшынын Шиш чокусунан нук таап, ѳтѳ жогорку басымдагы суу оргуп чыгып, мындан бир канча кылым мурда Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү алааматты жараткан. Ошонун негизинде VI-VIII-кылымдардагы салынган кыргыз кагандарынын гүлдѳп, ѳнүккѳн тарыхый, маданий борбор шаарлары бир заматта X-XI-кылымдардын ичинде жок болуп кеткенине, Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү Кумдѳбѳ айылынын тегерегинде бир канча шаарлардын бардыгы жана жашаган элдери – Бузулган суунун агызган топурактарынын айынан, жер астында калып кеткен деген жыйынтык чыгарса болот...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2019
Дагы бир жолу Суяб, Баласагын жөнүндө
14760

11-06-2017
Кочкор өрөөнүндөгү жерлердин аталышы.
16665

09-06-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү. 3-бөлүк. Алымсарык Кулансарык
24410

16-04-2016
Суяб, Баласагун шаарларынын Кочкор өрөөнүндө болмогунун аныктамасы
29286

05-01-2016
Х кылымда Ысык-Колдун чыгышынын чөгүүсү жана регрессия
45491

02-01-2016
Х кылымда Ысык-Көлдүн чыгышынын чөгүүсү жана кургакчылык
14189

29-11-2015
Ааламдын сырдуу дүйнөсү
37487

29-11-2015
Кочкор ороонундогу аламаат же Баласагын шаарынын жок болуп кетиши
31113

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×