Добавить статью
13:15, 16 февраля 2021 815

Даңазасы таш жарган окумуштуу Жусуп Баласагындын теги ким?

Даңктуу алп ойчул, даанышман, илимпоз атактуу акын, мамлекеттик ишмерлерибиздин бири, жердешибиз Жусуп Баласагындын илимий мурасы биздин коомдук жана гуманитардык илимибизде толук изилденген эмес деген ойдон оолакпыз. Изилденген. Бирок, чеке жылытаарлык эмес, чаржайыт тыянактар, карама-каршы көз караштардын өкүм сүрүшү, чындыктын таасын ачылбай калышы адамды өкүнтпөй койбойт.

Акыйкаттык үчүн бир мисал келтирели: Эң акыркы жолу жарык көргөн (1984-ж.) Кыргызстандын тарыхынын биринчи томунда Жусуп Баласагын жана анын илимий мурасы жөнүндө маалыматтар бар, өтө сыймыктануучу нерсе - ойчул акындын сүрөтү дагы берилген. Бул үчүн сүрөтчү агабыз Тургунбай Садыковго миң жолу алкышыбызды гана айтууга тийишпиз. Бирок, биздин жеке пикирибизче, жердешибиз Жусуп Баласагын жөнүндө болсо өтө эле жупуну билдирүүлөр, айрым маселелер боюнча шектенүү, ишенбөөчүлүк, илимий далилдердин үстүртөн берилгендиги болуп саналат. Окумуштуу бабабыздын илимге кошкон салымы, айрыкча мамлекеттик ишмердүүлүгү сыяктуу суроолор терең ачылбай, чаржайыт берилген. Жекече пикирибизде мына ушундай ыраттуу илимий көз караштын, божомолдоо жана далилдердин жоктугу акындын тегерегинде айрым талаш-тартыштарга түрткү болуп жаткан сыяктанат.

Ошентип биринчи суроо: Жусуп Баласагындын теги ким?

Азыркы күндө түрк тилинде сүйлөгөн элдердин кимисине таандык болот? Эң кызыктуу жери алп окумуштуу бабабыздын кыргыз жеринин, элинин кулуну, улуу ойчул экендиги жөнүндөгү маалымат коп жылдардан бери эч кандай шектенүүнү (айрым талаш-тартыштарды эске албаганда) пайда кылбай келген болчу. Акыркы мезгилде кээ бир окумуштуулар ойчулдун теги жөнүндө сөз козгоп, биздин оюбузча өз көмөчүнө гана күл тартуу максатын көздөп, эч бир тарыхый фактыга, илимий тыянактарга, орто кылымдан жетип келген булактарга жана маалыматтарга ж.б.у.с. таянбастан, курулай сөздөр менен гана жердешибиз, кандайыбыз улуу ойчулду теги боюнча уйгур элине таандык кылууга аракет кылышууда. Айрыкча профессор А. Нарынбаев менен А. Касымовдун илимий дооматтары “күчтүү” чыгып, жумуруятыбыздагы жарык көрүп жаткан басма соз бе-тинде айрым макалаларды жарыялоого үлгүрүштү. Караңыз: (Орто Азия элдеринин коомдук-фолософиялык ой-пикири. Орус тилинде. Бишкек, 1991, 91-102-бет-тер). Ал эми А.Нарынбаевдин мурдараак жарыяланган ушундай туура эмес көз карашын далилдүү негиздер менен сындап, адилетүү ой-пикир айтылгандыгына карабастан (“Мугалимдер газетасы”, 18-ноябрь, 1987-ж.) бул адистин айтылган сындан эч кандай тыянак чыгарбагандыгы бизди таң калтырат. Ошондуктан “куру сөз кулакка жакпайт” деген элибиздин акылман сөзүн жетекчиликке алып, тарыхтагы далилдерге, илимий тыянактарга, ой-толгоолорго дагы бир жолу кайрылып көрөлү.

Окумуштуулардан: В. Бартольд, Ю Б. Юнусалиев, Б. Жамгырчинов, С.Муталлибов, Н.Маллаев, Н. Калимбетов, К. Артыкбаев ж.б. Жусуп Баласагынды теги боюнча уйгур эмес экендигин, анын биздин күнгө чейин жетип келген дастаны уйгур тилинде жазылбагандыгын эчак эле таасын далилдеп көрсөтүшүп, академик В. Бартольддун көз карашын улантышкан болчу. Көрүнүктүү чыгыш илимпозу, академик В. Бартольд мындан жа-рым кылым мурда эле көрсөткөн: “Карахандыктар теги боюнча уйгурларга жатпайт, Жусуп Баласагындын чыгармалары уйгур тилинде жазылган эмес”, - (Бартольд В. Чыгармалар. 5-том, 114-бет) деген адилеттүү илимий далилдөөсүн бүгүнкү күндө кантип унутуп коёбуз? Унутчаактык жакшы жөрөлгө эмес.

Алым сабакты көпкө узартпай, сөздүн ток этер жерин айтканда, Жусуп Баласагын теги боюнча кыргыз элине гана таандык. Биз мындай таянакты төмөнкү далилдердин негизинде айтмакчыбыз.

Биринчиден, көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча, бизге чейин жетип келген айрым маалыматтар далилдеп тургандай: кыргыз элинин эл катары, ка-лыптанышынын биринчи мезгили IX-XII кылымдарды камтыйт. Убакыт жагынан бул мезгил Жусуп Баласагын туулуп, эрезеге жетип, өмүр сүргөн учуру (Бабабыз Жусуп Баласагын григорий календары боюнча 1015-1016-жылдары туулган).

Экинчиден, кыргыздар эл болуп жуурулушкан мезгилдеги ушул аймактагы көптөгөн көчмөн уруулар алардын катарына кошулуп, сиңип, аралашып кеткен. Бул талашсыз маселе. Мисалы, чигил же жигил, тухси ж.б. уруулары. Ушул жагдайда академик Б. Жамгырчиновдун көз карашы зор кызыгууну пайда кылат. Анын илимий тыянагы, көз караты боюнча байыркы чигилдер, түхсилер ж.б. уруулар кыргыздардын орто кылымдардагы ата-бабасынын чоң бөлугу болгон. Тилекке каршы ушундай илимий концепция өз учурунда замандын кысымы менен уланбай калган.

Үчүнчүдөн, Жусуп Баласагындын “Кут билим” дастанында ойчулдун өз колу менен кара сөз түрүндө жазылган мындай маалымат жолугат: “ Бул китепти жазган адам Баласагын шаарында туулган. Китепти Кашкар шаарында аяктап, Чыгыштын эмири (Кара Богра) ханына белек катары тартуулады”. Демек, бул дастанды анын автору Кашкар шаарында аяктап, жаны хандыктын борбору болгон Баласагын шаарына алып келип, падыша Караханга тапшырган. Баласагын шаары дүйнөлүк илимде эчак эле далилденгендей (А. Бернштам, В. Бартольд, О. Караев ж.б.) азыркы Чүй районундагы Ак-Бешим кыштагынын ордунда болгон. Киндик каны тамган өз жеринде чоңоюп, билим алып, кийинчерээк өз өнөрүн ойчул бабабыз Чыгыштын башка шаарларында өркүндөткөн. Тереңдетип, арттырган.

Төртүнчүдөн, Жусуп Баласагын жашап өткөн доор азыркы жумуруятыбыздын аягында түзүлгөн карахандыктардан мамлекетинин пайда болуп, өнүккөн учуру. Эң оболу кара деген сөз кыргыздарда орто кылымдардан тартып улуу, чоң, эбегейсиз, күчтүү, күжүрмөн, кайратман ж.б. маанилерди берип келет. Кара-Көл - Улуу Көл, көп же улуу аскер, күжүрмөн кошун, Кара-Too -улуу тоо, бийик тоо, чоң тоо ж.у.с. Демек, Каракан-Улуу хан, улуу, күчтүү падыша дегенди билдирген.

Тарыхчы В. Григоревдин изилдөөлөрү боюнча тарыхый инсан Сатылган Абдыкерим эң алгачкы башкаруучулардан Карахан атанган. XI кылымда жашаган Чыгыш илимпозу Абу Райхан Берунинин маалыматына караганда кыргыздар деле айрым түрк уруулары сыяктуу өз башкаруучуларын хан деп аташкан.

Ал эми XI кылымдын биринчи жарымында негизги кесиби дыйканчылык болгон уйгур уруулары жогоруда академик В. Бартольд белгилегендей, Карахандардын мамлекетинин кошунуна кирген эмес. Тарыхый булак-тарды иликтеп көрсөк мындай маалыматтар жолугат.

Григорий жыл эсеби боюнча 840-жылы Уйгур каганаты кыргыздар тарабынан толук талкаланын, быт-чыты чыгып, кыйрап, саясий аренага чыгууга кудурети жок болуп калып, алардын батыштагы чеги Иле суусуна чейин да жетпей калган. Бул окуя ойчул акын туулгандан бир жарым кылым мурда болгон. Жаңыдан түптөлүп келе жаткан Карахан мамлекети чыгышта уйгурлар менен кагылышып, Иле суусунун ары жагында жайгашкан аларга каршы бир канча жолу жортуул жасап, согушуп турган. (кененирээк караңыз: История Кирг. ССР, т.1, 291-294-беттер).

Григорий жыл эсеби менен 980-жылы жарык көргөн (Жусуп Баласагын дүйнөгө келерден 30-35 жыл эртерээк) “Худуд Аль Алам” кол жазмасында кыргыздар ошол учурда Сары-Өзөн, Чүйдү гана эмес, Чыгыштагы Синьцзяндын көп аймактарын, Ак-Суу (Пенчуль) ж.б. шаарларын ээлеп тургандыгы жөнүндө кабар бар. Демек, Ала-Too аймагында уйгурлар болгон эмес. Азыркы учурдагы айрым уйгур окумуштууларынын (А.Нарын-баев, А.Касымов ж.б.) Жети-Суудагы ягма урууларын уйгурга таандык кылууга жасаган аракети да колдоого арзыбайт. Жаңы араб, түрк тилдеги булактарды изилдеп чыккан Т. Чороев, (ягма элин уйгур катары кароо мүмкүн эмес) деген жыйынтыкка келди. Ушул аракеттердин өзү эле карахандыктардын мамлекетинин аймагында уйгурлардын болгон эмес экендигин дагы бир жолу далилдеп турат.

Бешинчиден, кыргыз санжырасында болсун, улуу эпосубуз “Манаста” болсун, Карахан мамлекети кыргыздарга тиешелүү экендигин ырастаган өтө көн далилдердин орун алышы бизди кубандырат.

Биздин оюбузча тарыхта Карахан мамлекети деген наамы менен белгилүү болгон уруулар бирикмеси эң оболу болбордук Тянь-Шань (Теңир-Тоо), Жети-Суу жана башка аймактарды өз кучагына камтын, бул жердеги жашоочулардын копчүлүгүн түзүп турган кыргыздардын мамлекетинин өз алдынча түптөлүп, өнүгө башташы.

Бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе: Карахандын ысмына Буура деген сөз кошуп, Кара Буура деген сөздү бурмалап, богра дешкен. Азыркы учурда Кара Буура же Ак Буура деген жердин аталыштары жалаң гана Кыргызстанда (Ош, Таласта) жолугат.

Тарыхый инсан болгон Сатылган Абдыкеримдин Кара Буура кандын Суусамыр жайлоосунда дайыма эс алып жүргөндүгүн, күндөрдүн биринде ага уу берүүгө аракет кылгандыгы жөнүндө жаңы маалыматты тарыхчыбыз Т. Чороев тарых илимине тартуулабадыбы? (Кыргыздар. 2-китеп. 451-бет.) Мындан жаңы ой толгоолор, табылгалар, окумуштууларды ойлонтуучу маселе, жаңы багытка жол ачууга үгүттөөгө тийиш. Орто кылымдардагы дагы бир алп окумуштуулардын бири Беруний XI к. Борбордук Азияда жашаган түрк тилинде сүйлогон урууларда, кыргыздар экономикалык жапа саясий жак тан мыкты, өз алдынча болуп, жалпы калктын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн түзүп тургандыгы жөнүндө маалымат калтырган. (Беруний. 3-том. 155-бет).

Ал эми Синцзян Уйгур автономия районунун тарыхчысы Анвар Байтур: “Бул доордо Тянь-Шань кыргыздарынын сан-салмагы илгертеден бир кыйла көбөйгөн”- деп баса көрсөткөн (Караңыз: кыргыздар... 1— китеп. 275-бет).

Эми тили жөнүндө академиктер Б.М. Юнусалиев, Б. Жамгырчинов, Т.Сыдыкбеков, профессорлор Ж.Бактыгулов ушул макаланын автору жана башкалар дастандын орто кылымдагы кыргыз тилинде жазылгандыгы тууралуу илимий пикирди, тыянакты колдошот. Айрым гана далилдерге келели. Академик Б.Юнусалиевдин пикири боюнча кыргыз тилинин өнүгүүсүндөгү (тарыхый жалпылык болгон элдин калыптануусунун белгиси) чоң мезгил УШ-ХП кк. өз кучагына камтып, байыркы учур деп аталат. Жогоруда көрсөтүлгөндөй дастан ушул мезгилде (XI к.) жазылган. Албетте, андан бери миң жылдык убакыт өтүп кеткендиктен дастандын көпчүлүк сөздөрүнүн азыркы мааниси өзгөрүп кетиши же окшошпой калышы мыйзам ченемдүү нерсе.

Дагы бир көңүл бөлүүчү жагдайга иликтөө жүргүзөлү. Дастандын башталышында эле автор: “Араб, фарсы тилдеринде китептер абдан арбын, бул китеп биздин тилибизге алгачкы салым”, - деп жазган. (Которгон макаланын автору).

Бул саптарда бөтөнчө көңүл буруучу эки нерсе жолугат. Эң оболу Карахан мамлекетинде араб жана фарсы тилдеринде ар түрдүү китептердин арбын болгондугу айтылат. Ал эми экинчи сабында бул китептердин биздин тилибиздеги эң биринчи, алгачкы китеп болгондугун сыймыктануу менен мойнуна алгандыгы. Ойчул кайсыл тилди биздин тилибиз деп айтып жатат? Албетте, биздин тилибиз деген түшүнүк менен автор Карахан мамлекетинин көпчүлүк калкын түзгөн элдин тилин түшүнгөн. Ошол убакта сөз жүрүп жаткан аймакта түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын арасынан кыргыздар көп санда экендигин окумуштуу А.Беруний далилдеп кеткендигин биз жогоруда көрсөткөнбүз.

Ошентип, Карахан мамлекетинде кыргыздар көпчүлүктү түзүп, түрк уруулары Бограхан тилинде сүйлөшкөн. Алардын тили накта, таза, башка элдердин (айрыкча фарси, араб) сөздөрүн аралаштыра элек тил катары саналган. Бул жөнүндө жердешибиз Махмуд Кусаиндин маалыматы боюнча төмөнкүдөй илимий далилдөөлөр бар. Ал жазгандай: “Ысык-Көлдүн айланасындагы, Чүй өрөөнүндөгү бөтөнчө тoo арасында жашаган көчмөн уруулардын тили накта таза түрк тили катарында эсептелинген (М.Кашкари. 1-т. 222-бет.).” Бул уруулар кыргыздардын ата-бабасы. Алардын тили, биздин оюбузча, дастан жазылган накта таза, “бограхан тили” деп аталган орто кылымдагы кыргыз тили.

Окумуштуулар Э.Тенишев, О.Караев, К.Артыкбаев, Т.Чороев, академик Т.Сыдыкбеков, котормочу Т.Козубеков ж.б. пикири боюнча бул тил же атайын адабий тил чигил тилинин негизинде калыптанган. Биз бул пикирди толук бойдон колдоп, кубаттайбыз.

Эң соңку сөз акын, ойчул бабаларыбыздын илимий мурасы жана анын мааракесин өткөрүү жөнүндө. Ж.Баласагын өз заманында мыкты билим алган окумуштуу. Өз эне тилин, араб, фарсы тилдерин мыкты өздөштүрүп көркөм адабият, тарых, философия, астрономия, геометрия, география, химия, физика ж.б. илимдерди терең үйрөнгөн, далай жаңы ачылыштырды жасап, калың эл арасына жайылткан. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, өз эне тилин өтө сүйүп, кадырлап, ал тилде орто кылымда дастан жазган. Бул биз үчүн чоң үлгү болууга тийиш. Кыргыздар ж.б. түрк тилинде сүйлөгөн элдердин жазма адабияты Ж.Баласагындан башталат. Ал дүйнөлүк тарыхта түрк тилиндеги адабияттын негиз салуучусу, баштоочусу.

Ойчул бабабыздын мурасын окуп-үйрөнүү, аны эл арасына жайылтуу эми гана башталды. Анын кыргыз маданияты гана эмес, дүйнөлүк илим жана маданиятка кошкон эбегейсиз зор салымы биз үчүн дайыма сыймык.

Үстүбүздөгү жылы Ж.Баласагындын 975 жылдык маарекесин белгилеп, анын киндик каны тамган жерде чоң салтанат өткөрүп, ысымын Улуттук университибизге ыйгарсак жаман болбос эле...

Закирбек Эралиев
тарых илимдеринин доктору, профессор (22.04.1940-12.07.2010)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2021
Курманбек баатыр жана «Курманбек» эпосу
494

09-03-2021
Мурас: Баткендин материалдык маданий мурастары
421

16-02-2021
Жусуп Баласагын жана Абулкасим Фердауси
750

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×