Добавить статью
10:53, 3 мая 2021 749

Жусуп Мамайдын вариантынын өзгөчөлүгү (Манастын генеалогиясы, кыргыздын таралышы боюнча)

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланды. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Жусуп Мамайдын вариантынын өзгөчөлүгү

(Манастын генеалогиясы, кыргыздын таралышы боюнча)

Автор: Асылбек Эшиев

«Манас» эпосунун ондогон варианттары бар экендиги маалым. Бул варианттар кайдан келип чыккан? Эмне үчүн бир гана вариант эмес? Варианттардагы композициялык түрдүүлүктөрдүн себептери эмнеде? Демек, белгилүү бир себептери бар го. Белгилеп кетчү нерсе, ошол ондогон варианттардын дээрлик баарынын башатында XIX к. Назар, Келдибек, Балык, Акылбек, Тыныбек, Найманбай, Чоңбаш, Чоюке өңдүү аты бизге жетип калган залкар манасчылар турары дайын. Бул залкарлар да өз убагында өздөрүнүн улуу устаттарына шакирт түшүп манас рухий дүйнөсүнө сүңгүп киришкен. Эч кимиси өзүнүн жеке вариантын жараткан эмес. Устат-шакирт салттуулугу кынтыксыз сакталган. Алардан кыйыр, түздөн-түз таалим алган кийинки шакирттери (Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Шапак Рысмендеев, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов, Шаабай Азизов ж.б.) аркылуу мына биз бүгүн угуп, окуп жаткан варианттар түптөлгөн. Дастанчыга мүнөздүү майда-барат алымча-кошумчалар эске алынбаганда биринчи варианттардын баштапкы сюжети, композициясы, фабуласы негизинен өзүндөй айтылып келинген. Мындай салттуулук миң жылдан бери улантылып бүгүнкү күнгө жетип отурат.

Бирок эмне үчүн, маселен, нарындык жана көлдүк мектептердин «Манасы» эки түрдүү композициялык курулушта кеткен эле? Кеп бири көлдүк, экинчиси нарындык мейкиндик чекте экендигинен да эместей. Бул эки аймак чектеш турат. Мындагы кыргыз атуулдары ошол миң жылдан бери бири-бири менен түркүн-түмөн багыттарда тыгыз алакалашып келишет. Каада-салты, маданияты, көркөм өнөрү бирдей. А эмне үчүн бул эки мектепте айырмачылыктар бар? Буга чейин миң жолу аралашып кетсе да болмок экен. Маселен, нарын-көлдүк биргелешкен вариант болуп. Бирок топ жыйында ар кимиси өз вариантын гана айткан. Ооба, олуттуу бир четтөө байкалбайт. Угуп-тыңдап таң берип отурушкан. Демек, географиялык, коомдук-саясий, маданий факторлор бул жерде тиешеси жок экен. Кеп «Манастын» түрдүү уруулук-аймактык чектерде биринчи айтылышында, байыркы түпкүлүгүндө турат кыязы. Эпостун уруулук-аймактык ошондогу биринчи манасчысы өзүнүн вариантын биринчи кантип айткан болсо (такталып-түптөлүп, бышыкталып) бүгүнкү күнгө чейин негизинен дал ошондой эле калыбында айтылып келинет деп ишеним артууга болот. Эң башкысы - ар кимиси өзүнүн версиясына бек тургандыгы, бири-бирин терең баалап урматтагандыгы.

Бирок бизде эпостун ондогон варианттары бар деп жатпайбызбы. Туура. Мындан чыкты ар бир варианттын уруулук-аймактык биринчи манасчылары болгон. Ооба, эпикалык Манастан (тарыхый прототибинен) кийин кырк уруу кыргызга караштуу түрдүү уруулук-аймактык чектерде ондогон варианттар жаралган. Алардын ичинен биз жогоруда атап өткөн атактуу манасчылардын варианттары толук жетип келген болууда. Башатында башка толук варианттар да болуп, бирок өткөн кылымдын 20-30-жж. жетип-жетпей калып, же үзүл-кесил жазып алынып, колго тийгени ушул экен. Бул эми адамдык фактор экендиги бышык. Маселен, Сагымбайдын «Манасынын» бизге жетип келүүсүнө эки инсандын – Ы. Абдырахманов менен К. Мифтаковдун жеке ролу ат көтөргүс экендигин баса белгилеп кетүү зарыл. Ансыз энциклопедиялык зор мааниге ээ эпостун бир версиясынан куру калмак экенбиз. Эми ушундай тарыхый-маданий залкар эпикалык версиялардын канчасы колубузга тийбей калды эле? Ооба, мында оозеки эс-тутумдун күнөөсү жок болуп, тек жазма эс-тутумга жетпей калыптыр.

Илимий чөйрөдө «Манас» эпосу тууралуу сөз болгондо анын конкреттүү бир варианты тууралуу кеп жүргөнү максатка ылайыктуу. Маселен, Сагымбай Орозбак уулунун «Манас» эпосу, Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу, же Жусуп Мамайдын варианты боюнча «Манас» эпосу ж.б. Ушуга байланыштуу «Мен Шапактын «Манасын» окуп чыктым», «Манас» эпосунун Тоголок Молдо айткан вариантындагы Бакайдын образы», же «Шаабай Азизовдун вариантындагы «Манас» эпосунун тарыхыйлуулугу маселеси» деп айтуу (же жазуу) туура болмок. Ооба, ар бир варианттын өзүнө гана мүнөздүү орду, өзгөчөлүгү бар. Ар бир вариант – бул бир бүтүн тарыхый-эпикалык дүйнө. Ар бир варианттын башатында коомдук-саясий, тарыхый-эпикалык, географиялык-чектик негиз жатат. Ар бир варианттын артында (болжолу IX-X кк.) коомдук пикир менен уруулук-аймактык аксакалдар кеңешинин (цензордук) сынынан өткөн биринчи аскер-манасчынын өздүк версиясы турат. Ушундай бир бүтүн вариант илимий-изилдөөнүн объектиси боло алат.

Эпостун кошмо (бириктирилген) варианттардын негизинде бир бүтүн «Манас» эпосун, анын сюжеттик, композициялык, фабулалык жана тарыхыйлуулугу маселелерин илимий-изилдөөгө алуу методологиялык туура эмес жол болуп калмак. Кошмо (бириктирилген) варианттардын негизиндеги дастан – бул кайсыдыр бир максатты (коомдук-саясий, адабий-эстетикалык, котормо таануу ж.б.) көздөгөн (адамдык (автордук, түзүүчүлүк) кийлигишүү болгон) жасалма көркөм макротекст. Анткени табиятында мындай бириктирилген «Манас» эпосу жок. Эч бир манасчы минтип манас айткан эмес. Муну «Манас» эпосунун түрдүү варианттарынын негизиндеги атайын максатты көздөгөн, оңдолгон, редакцияланган эпикалык дастан катары кабыл алууга болот.

Жусуп Мамай «Манасты» негизинен бир тууган агасы, энтузиаст-манас таануучу Балбай Мамай уулунан үйрөнгөн. Жусуп тогузга чыкканда Балбай агасы бир куржун толо дептерди алдына коюп, «буларды Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балык, Найманбай, Мамыркан молдо ж.б. жазып алгам. Колуңдан келсе окуп үйрөн» деп айтат (Т. Токтогазиев). Зээндүү, зирек Жусуп баарын окуп, жаттап алат. Он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Ооба, чыныгы манасчы болуу үчүн эң негизгиси ушундай «түш көрүү» эле. Он алты жашынан «Манас» айта баштайт. Бирок бир өзгөчөлүгү Жусуп эч кимге шакирт түшпөгөн экен. Өз алдынча манасчы болуп калыптаныптыр. Куржундагы дептерлерде бир канча манасчылардын варианттары бар болгон. Анда Жусуптун «Манасы» кандай вариант болуп саналат? Кайсы манасчылар мектебине кирет же жакындайт?

Жусуп Мамайдын вариантындагы Манастын санжыралык таржымалы. «Түп атабыз Угуз хан…// Бузулбай баары хан болгон…// Айрыкчасы аларда // Калаш деген бар болгон…// Атын Бөйөн коюптур, // Бөйөндөн Чайан төрөлдү. // Чайандан туулду Каракан, // Каракандан Орозду // Ойротто жок чоң болду. // Жердеген жери Энесай…// «Ороздунун он уул» - деп // Айтылып калган кеби бул: // Жакып, Шыгай бир катын, // Катаган менен Каткалаң // Ал экөө да бир катын, // Акбалта менен Жамгырчы // Өтүп кетти үч катын, // Касиет, Калка төрт катын. // Айтылган сөзгө карасак // Казактар мындан таркасын. // Текечи менен Кызылтай // Кичи катын балдары…» [1].

Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Манастын генеалогиясы. «Каракан, Угуз хандан кийин Аланча хан уругунан Байгур, Уйгур дегендер (болгон) экен. Байгур балдары Бабыр хандан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, андан Ногой, Шыгай, Чыйыр деген үч уул болгон. Ногойдон Орозду, Үсөн, Бай, Жакып деген уул калган» [2]. Шапак Рысмендеевдеги Манастын санжырасы Сагымбайдыкына бир аз жакындап кетет. «Түп атасы Түбөйкан...// Түбөйкандан Тогойкан, // Тогойкандан Шыгай, Ногойкан, // Ногойкандын балдары // Бай, Жакып, Ороз, Үсөндү» [3]. Бул Сагымбай менен Шапактын санжыралары баштапкы бир варианттан кеткендиги менен түшүндүрүлүүсү мүмкүн. Ал эми Бөйөн кан, Чайан кан Шапактын вариантында калмак байлары («Алтайдан Жакып жайланып, // Кара калмак элинин // Бөйөн, Чаян байына...// Кызмат кылып мал бакты…») катары келишет.

Саякбай Каралаевдын айтуусундагы айкөлдүн санжырасы бир топ айырмаланып турат: «Түп атасы Бөйөнкан, // Бөйөнкандан Чаянкан, // Чаяндан Ногойкан… // Ногой кандан Балакан… // Балакандан Каракан…// Атасы Каракан кан эле, // Каракандын сегиз уулу бар эле. // Балдардын эрени Жакып, Улаккан» [4]. Шаабайдын вариантындагы Манастын ата-теги Саякбайдыкы менен үндөшүп турат. Маселен, «Түп атасы Бөйөн кан // Бөйөн кандан бөлүнгөн, // Ошол ойдогу эле жерде Чаян кан…// Чаян кандан бөлүнөт // Кара кезек катыгүн, // Карагандан бөлүнгөн…» [5].

Жусуп Мамайдын вариантындагы Манастын ата-тегинин санжырасы Саякбай менен Шаабайдыкына жакындап кетет. Бирок Ороздудан баштап башка варианттарда кездешпеген Жакыптын бир туугандарынын таржымалы айтылат. Бул боюнча Орозду Жакыптын атасы. Шыгай, Катаган, Каткалаң, Акбалта, Жамгырчы Жакыптын бир тууган инилери болуп катышат. Башка варианттарда Орозду Жакыптын бир тууган агасы болуп келери маалым. Мындагы Жакыптын кичүү бир туугандары Касиет, Калка, Текечи, Кызылтай энчилүү аттары башка варианттарда байкалбайт.

Кытайлык кыргыз манасчысында башка варианттардан өзгөчөлөнүп Манастын чоң атасы Ороздунун урпактары жана алар жердеген аймактар бир топ башкача кетет. Кырк уруу кыргыздын (кээде «алтымыш алаш») мекени Энесай болот. Эпикалык кыргыз үчүн Энесай, Алтай, Сары-Арка, Турпан, Самаркан, Букар, Ташкен, Кокон, Наманген, Ош, Иле, Көтөлөк (Талас), Кемин, Керкөл, Ат-Башы өңдүү бир нече миң чакырымдык мейкиндик чектер кадыресе өз үйүндө жүргөндөй эле кабылданат. Каракандын Ороздусу о дүйнө кетип, Энесайда Алооке хан чоңдук кыла баштайт. «Анда Алооке деген бар экен, // Кара кытай калмакты // Бийлеп турган хан экен. // Алооке жердеп турган жер // Нарын деген шаар экен» [6]. Кыргызга кысым көрсөтүп чар тарапка кууп таратат. «Ороздунун он уулу атасынча бол албай», «кыдырып көчүп тарашат». Адыбай, Көлбай, Ташбайлар Энесайда туралбай Букарга көчүп кетишет. Касиет менен Калка отуз миң үй менен калмакка барып эл болушат. Ага ээ болгон калмак Албан, Кызай бай экен. Алооке Жакыпты Ногой байга айдайт. Анын жердеген жери Балыкарт деген жай болуптур. Жамгырчы менен Шыгай Самарканга айдалып, Эштек деген калмактын карамагына өтөт. Акбалтанын элин Алтайдын Чамбыл-белине айдап көчүрөт. Нойгут деген калмакка катарлаш болуп отурат. Катаган менен Каткалаң, Кошой болуп Ат-Башыны жердеп калышат. «Каткалаңдан Карача, // Хан болуптур кыргызга, // Ат коюптур Сайкал деп, // Андан туулган нур кызга» [7]. Бирок Сайкал калмак тарабында согушуп келет. Сагымбайда каткалаң Кыз Сайкал Манас менен сайышканы гана болбосо, кыргыз менен чабышканы байкалбайт.

Сагымбайдагы кырк уруу Кыргыз журтуна кирген кыргыз этникалык бирдиктеринин аталыштары Жусуп Мамайдын вариантында Албан, Кызай, Ногой, Нойгут, Эштек, Дөөлөс деп, калмактын хан, байларынын энчилүү аттары катары катышат. Энесай, Алтай чөлкөмдөрү, Сары-Арка, Самаркан, Букар, Кокон, Турпан, Көтөлөк (кийинки Талас) аймактарын калмак-кытай толук ээликтеп калат. Анжыян, Кокон шаарлары калмактардын «алты шаарынын» бири катары келишет. «Кийин кыргыз алганда // Араниктин жерине // Анжидан аты калган бар» [8] деп айтылат. Сары-Аркада Шоорук хан, Көтөлөктө Дөөлөс хан жанаша турушкан. Сагымбайда Шоорук хан Ымалай, Каратегин, Көлөптү жердеген болот. Туурасы, кыргыздын мурунку жери эми кытай-калмактыкы болуп, кыргыз үчүн «кайда барбагын Мамайдын көрү» болуп калган көрүнөт. Бир гана Катаган, Каткалаң, Кошой жердеген Ат-Башыга калмак-кытай жолой албаптыр.

Башка варианттарда Кошой эл карысы, сексен-токсондогу карыя. Бакай Манастан болгону беш жаш улуу абакеси. Жамгырчы ногой карысы Эштектин уулу. Жусуп Мамай боюнча «Бакай деген бар эле, // Чоң акылман ал эле. // Дөө Кошой менен курбалдаш // Акбалта менен акылдаш, // Жамгырчыга чоң сырдаш» [9]. Бакай эл карысы, хан болуп, кыргызды башкарат. Баары аны угушат. Бул версияда салттуу каармандар, Жакыптын акылдаш жардамчылары Ошпур, Бердике саясий аренадан байкалбайт. Манастын кимден таалим-тарбия алып телчиккендиги ачыкталбайт. Бирок Манас алты жашында Баркөлдөгү атасынан качып, Турпанга калмак Ногойго келет. Анын Мажик деген баласы сегиз жашта болгон. Экөө эгин айдап, дан басышкандыгы айтылат.

«Чыйырдыны Акбалта // Он төрт жашар чагында // Олжолоп алып келди эле. // Баарыбыздан улуу деп, // Ал Жакыпка берди эле» [10]. Чыйырды (Шакан) тууралуу башка варианттарда башкача экендиги маалым. Калмак-кытай бал китеби «Ыстырлап» деп аталган. Ушул китеп боюнча калмак-кытай төлгө ачкан. Манастын туулушун билишкен, бирок качан, каерде экенин так биле алышпайт.

Ачып колун карады,

Оң колунун бөлтөктөн,

«Манас» атын таап алды [11].

Акбалта балага «Чоң жинди» ат коелу деп, Саякбайдагыдай эле мында да Чоң жинди атка конот. Бир өзгөчөлүгү мында балага Манас атын «ак күлөлүү дубана» койбой, «бул кудайдын бергени» болот. Белгилеп кетчү нерсе, бул вариантта да Акбалта Жакыптын бир тууган иниси, кыргызга катуу күйгөн эң активдүү каарман болуп катышат. Жусупта «Серек менен Сыргагы, // Жакыптын ортон баласы, // Магдымдан туулган баласы» [12]. Шаабайда Сыргак Улаккандын тун уулу, Серек кичи уулу – кара кезек деп айтылат. Сыргак менен Манас эки бир туугандын балдары. Аккуланын таржымалы эпостун варианттарында түрдүүчө кеткендиги маалым. Жусуп Мамайда Чыңгышкандын буйругу менен Жакып хан атыгып, Баркөлдөн Алтайга көчөт. Баркөл Турпан арасы он күндүк, Алтайдан Турпанга кырк күндүк жол болгон. Акбалтанын кеңеши менен Жакып Чыңгышкандан суранып сур тайды ала кетет. Ушул сур тай кийин Аккула болуп чыга келет.

«Кыраан Манас эр үчүн, // Кыйналган кыргыз эл үчүн, // Башка уруудан кошпойлу, // Кыргыз барсын аны үчүн» [13] деп, Жамгырчы курал-жарак камдаган Бөлөкбайга кай жерге баралы деп собол таштап, андан Чоңополдун боорунда, Керметоонун четинде деген жооп алат. Бирок мындагы Жамгырчынын ары өтө олуттуу, ары өтө кооптуу бул маселеде «башка уруудан кошпойлу», кыргыз гана катышсын дегени кызыгууну туудурары бышык. Бул вариантта Манас үчүн курал-жаракты ким, качан, кантип даярдоосу, анын материалдык базасы, технологиясы тууралуу кенен баяндаларын өзгөчө белгилөө зарылдай.

Кароолу дажаал, огу ажал,

Түтүнү туман, түбү испан [14].

Дал ушундай ыр саптары Сагымбайда кездешет. Бирок испан эмес, ыспан деп айтылат. Кеп бул жерде Ыспан (азыркы Ыспана (Исфана) шаары) көмүр кени жөнүндө болууда. Ошон үчүн да Бөлөкбай темир уста «Көмүрдү тоодой жыйдырам, // Жердин бетин ачтырам, // Жер көмүрдү таптырам» [15] деп бекер айтпаган экен.

Ошентип, Жусуп Мамайдын вариантында Манастын ата-тек санжырасы, кырк уруу кыргыздын жашаган аймагы, Ороздудан кийинки Чыңгышкан, Алоокенин зордук-зомбулугу, куугунтугу, кытай-калмактын согуштук-саясий, территориялык гегемондуулугу, кыргыз этникалык бирдиктеринин моралдык-психологиялык абалы бир топ башкача айтылат. Бул вариант Сагымбайдын, Саякбайдын, Шапактын ж.б. варианттарынан композициялык курулушу, сюжети жагынан өзгөчө айырмаланып турат.

Эшиев Асылбек Мирзатилаевич, филология илимдеринин доктору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору (Жалал-Абад, Кыргызстан).

Адабияттардын тизмеси:

1. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы, 2004. 6-7-б.

2. Манас. I китеп. Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. Фрунзе: «Кыргызстан», 1984. 3-б.

3. Манас. Шапак Рысмендеевдин айткан варианты боюнча. Бишкек: «Газета.KG», 2013. 3-б.

4. Манас. Эпос. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. I китеп. Фрунзе: «Кыргызстан», 1984. 26-б.

5. Манас. Манасчы Шаабай Азизовдун варианты боюнча. Бишкек: «Кут Бер», 2013. 35-б.

6. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 7-б.

7. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 8-б.

8. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 8-б.

9. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 40-б.

10. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 10-б.

11. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 18-б.

12. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 12-б.

13. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 45-б.

14. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 43-б.

15. Манас. Айтуучу: Жүсүп Мамай. Шинжаң эл басмасы. 2004. 46-б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×