Добавить статью
7:43, 24 марта 2011 26529

Манасчы

Автор: ТОКТОГУЛ

Токтогул Манасчы Калманбет уулу Ток­то­гул 1852-жылы Доңузтоодо, азыркы  Кызылтоо  айылында туулган.

Сегиз жашында энесинен ажырайт. Он эки жашында атасы өлүп, жетим калат. Андан кийин атасынын бир тууганы Элтойду абасынын колунда жүрөт.

Он беш жашынан баштап өзүнүн бир тууган акеси Жолдош эл башкарган Токтомуш бийге жалдап жиберет.

Ал бий Токтогулдун сергектигин байкап, өзүнүн минип жүргөн эки жакшы жоргосун бактырып, кайда барса ээрчитип алып жүрөт.

Токтомуш бий барган жеринде ырчы, комузчу, кыякчы, жомокчуларды жыйып алып, таң-тамаша шаани-шөкөт менен күн кечирет.

Ал ошолордон уккан ыр-жомогун эртеси кайталап айтып берет.

Токтогул бул бийдин колунда отуз эки жашына чейин жүрүп калат.

– Сага аял алып берип, бала кылып алам, – дейт.

– Кетемин – деп, макул болбой жүрүп эле ошол жашка чыкканын дагы элебей калат.

өзүнүн улуу акеси жылда жазга маал келип:

– Сен дагы туруп тур, – деп кетет.

Бийдин өзүнө жагат. Жомокчулар, ырчылар жок болгондо:

– Кел эми, жомоктордон айтып, ырдап отур. өзүң алардан кем эмессиң, сенин үнүң абдан жакшы. Сен укканыңды жаңылбай кайта айтасың. Жаңылап кошуп чыгарбайсыңбы, көптүугуп, байкап жүрөсүң, – деп айтып калат.

Токтомуш бийдин үйүнө чоң-чоң жомокчулар келип турат. Ошондой жомокчулардан: Чодон, Бекмурат, Келдибек, Тыныбек дегендер келгени эсинде.

«Манастан» баштап жомокторду көп билер эле.

Бир чоң жомокчуну кыштай алып жүрүп, жазда токулуу жорго мингизип, толук сарпай кийгизип жиберген.

Ал алардан: «Манасты», «Семетейди», «Жигитекти», «Эгизекти» толук алат.

Ушундай чоң жомокчулардан: «Жаныш-Байыш», «Бостон», «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Курманбек», «Эр Чегиш», «Кедейкан», «үч баатыр», «Жаңыл мырза», «Алтын Көкүл-Гер Көкүл», «Шырдакбек», «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи менен Бөкөй», «Ак Мактым», «Мендирман», «Кулмурза менен Ак Саткын», «Зордукка кеткен кыздын арманы» ж.б. үйрөндү.

Кара сөз менен айткан жомокторду дагы көп билчү.

– Жөө жомок элге анча кызыкчылыгы болбойт деп аларды аз айтчу – көпчүлүктүн угушуна үн чыгарып ырдап айткан жомоктор жагат. Жөө жомокторду кемпирлер чогулушуп айтып олтурат. Ошолорго жарашат, – деп койчу.

Анын үнүдагы кооз эле. Ал казактардын «Алпамыш», «Кыз Жибек», өзүбектердин «Лайли менен Мажнун», «Фархат-Ширин», Кулкожо Акматтын казалдарын, түркмөн­дөрдүн «Көр уулун» айтчу.

Кийин тоо жакка Чытты, Карашоронун чатына барып жашап калганда, мергенчилерден, тынымсыз өткөн соодагерлерден угуп, билгендерин көбөйттү.

Ал Токтомуш бийден отуз эки жашында бошоп кетти.

Бир күнүөзүнүн бир тууганы Нармат барып:

– Аке, карыганча эле жүрө беребизби? Жолдош акем биздин күчүбүздөн пайдаланып жүргөнүнөн чыкпайлыкбы? Сен ойлосоң боло, өзүң отуздан аштың. Мен болсом отузга жакындап баратам. Эми биз дагы өзүбүзчө жашайлы, – деп айтты.

Анан Токтомуш бийдин астына барып, кетүүгө уруксат сурады.

– Менин бир тууган иним Нармат келиптир, – деди эле, Токтомуш бий кыйылып туруп:

– Катын алып берейин десем болбой жүрдүң. Эми мейли. Барсаң баргын. Сенин быйылкы акыңды акаң жазда алып кеткен деп айтты дагы: – Сени кантип жөө кетирейин, – деп, ат мингизди.

– Катын аларыңда келгин, мен сага жардам берем, – деп узатты.

Андан келгенден кийин, ошол жылы кышында үйлөндү. Кошетердеги Сапарбектин Батма деген карындашына баш кошту. Сапарбек өзүоорулуу. Жаркын кайын энеси аларды жибербеди.

– Мага бала болосуң, Сапарбек айыкканча кетпейсиңер. Менин силерден башка балам жок. Эми силер үйгө, малга баш болгула, – деп кармап калды.

Ал Батмадан эркек балалуу болду. Атын Бөрүбай койду.

Бөрүбай уулу эки жаш болгондо кайнагасы Сапарбек дүйнөдөн кайтты. Кайын энеси аларды үйүнөн бөлүп чыгарбас болду.

– Сапарбектин мал-мүлкүн ээлей турган баласы жаш. Силер ээлик болбосоңор, ким болот, – деп айтты.

Алар унчукпай кала берди. Ал жактагы эл ичинде мергенчилер көп. Алар менен кошо Жазынын ичиндеги өрөөндөргө барып жүрүп, мергенчиликти үйрөндү.

Кышындасы Жазынын башы болгон Карашорого, Чыттыга чейин барышат.

Ошол учурда эки уулдуу, бир кыздуу болду. Кызынын атын Курманжан койду. Бир уулу Султан колунан учуп кетти. Бөрүбай он бирге, Курманжан беш жашка чыкканда апалары өлүп, балдары жаш калды. Эки үй-бүлөдө кайын энеси экөө гана калды.

Алты айдан кийин аял алды. Алган зайыбы жакшы болбоду. Балдарына түзүк карабады, ажырашып кутулду. Андан кийин кайын энеси Жаркын оорулуу болуп буту баспай, туугандарды чакырып ага:

– Айтбүнүбир-эки жыл багып, колукту кылып ал, – деген кепти айтты. Ал ошентип жетимдердин арасында калды.

Жаркын энеси:

– Мен өлгөнчө багасың, сенден башка карманаарым жок, – деди. Балтабай баласы жаш эле. Туугандарынын астында – Балтабайдын энчисин бөлүп бердим, – деп, бардыгына айтты.

Кайын энеси Жаркынды бир жыл көтөрүп жүрүп бакты. Дайыма алкап батасын берчү. Ал дүйнөдөн кайткандан ки­йин бошонуп, мергенчиликти баштады.

Суранчы, Султанкул, Тилеке, Бердике, Тиленчи, Арзыкул, Мамажусуп, Нурбай, Калназар, Чоболой, Турдуке, Байымбет деген чоң мергенчилер болушкан.

Алардан мергенчиликти, капкан койгонду үйрөндү, ар түрдүүжомокторду, түркүн окуяларды укту.

Мергенчилерден өткөн соодагерлер көргөн-билгендеринен кеп салып олтурушчу. Тоонун тынчтыгы өтө жакты. Эл арасында жемекөйлөр көбөйдү. Бири падышанын салыгы, бири сөкөт, бири болуштун чыгымы, бири падышанын алымы малына туяк пул деп, тынымсыз бер деп келе берчү.

Эл башынын, старчындын чөбүн оргун деп, колунда жок элдерди тындырышпайт.

Карашорого жайлап жүрүп, биринчи жылы Качыралинин чатына кыштады. Ал жакта кышындасы мергенчилерден башка адам каттабайт.

«Эл арасында эзилбей эркин өссүн балдарым», – деп ойлоп, ээн тоонун арасына келди.

Кийинки жылы Карашоро менен Чыттынын чатына келди. Бул жерде соодагерлер Аркадан, Анжияндан, Кашкардан, Яркенттен, Чыгыш жактын көп жерлеринен, батыштан Самаркан, Бухарадан, Ташкенден, андан арыдан бери тартып эл тынымсыз өтүп турушат. Жомокчулар, комузчулар, ырчылар көп келип кетишет. Бул жер абдан көңүлдүүболуп, мындай адамдардан жомокторду көп үйрөндү. Келген адамдарга ал дагы айтып берет. Күндө кечиндеси жомоктор айтылып, ырлар ырдалат. Айрыкча жаан күндөрүадамдар күн ачылганча жата беришет.

Күндөрдүн биринде Кулжа жактан наймандардан келген ырчы Берен жомокчу ооруп калып, көпкө жатып калат. Беренден «үч баатыр» деген жомокту жакшы үйрөндү. Калмактардан элин сактап келишкен үч баатыр: Соболоң, Сурташ, Көктондуу баатырларды айтышкан. Акырында калмак, кытай биригип, катуу согуш болуп басып киргенде, жолун тосуп согушуп жатып, каза табышат.

Хотон, Яркент жактан, чоң багыш уруусунан келген Шераалы «үч баатырды» жакшы билет экен.

Келгендер кыргыз эли түндүк, түштүк жакта, Тибеттен тартып, Индия, Ооган, Персия, Түркия, Кавказ, Оролдон ары жашаганын айтышчу.

үйрөнгөн жомокторун эл аралап айтчу эмес, үйгө келген меймандарга, үй-бүлөсүнө, жайындасы айылдын суроолору боюнча жыйналып көлгендерге айтчу.

Эркин жашап, балдарын эркин өстүрөм деп, кырк жашынан жетимиш бештен ашканча тоолордун арасында жашады.

Карашородо бир кыштап, анан эки суунун чатына: Чыттынын, Карашоронун бириккен куюлушуна келип, кыштап жүрдү. Ал жерде кышындасы адамдар тынбайт. Анжиянга, Аркага каттаган жалгыз жол Чыттынын башындагы чоң ашуу – Кокуйкыр бели.

Жайындасы жайлоочулар көп болот. Жайкысын күзгө, кышка даярданып, атайын жасатып, аюу, карышкыр капкандарды жыйнайт.

Куштарга жибек жиптер таап, кыргый тор, карчыга, ителги, ылаачынга торлорду түйөт. Бүркүткө башка тор, ар бир канаттууга өздөрүнө ылайыктуу тор түйүлөт.

Торлордун чайма тор, оромо тор деген түрлөрүбар. Оромо торго жибек жипти үч-төрт кабаттап, чыйратып бышыктабаса, үзүп кетет.

Торду тегеретип ичине таанды байлап коюп, эртең менен кечинде барып байкап турат.

Жайма торго таяктарды кагып, бир тарабын ачык калтырат. Көгүчкөндүн бир канатынан узун жипке байлап, бир учун киши жата турган саячыкка1 бекитет.

Канаттуулар көрүнгөндө танап2 менен тартканда байланган көгүчкөн канаттарын чапкылайт. Аны көргөн куштар качырып келип, торго чалынат. Карап жаткан киши барып, кармап алат.

 Жайындасы таандын уясынан балапандар алып, күзгө че­йин багылат.

Көгүчкөндүн жардагы уясынан балапан алып, аны дагы багат.

Көгүчкөндүн мажик деген кичинесин өзгөндүн ылдый жагынан сатып келчү. Башка көгүчкөндөргө кыргый, турумтай, жагалмайлар качырбайт. Мажикке болсо, бардыгы качырып торго түшө берет.

Жайындасы мергенчиликке дарини, окту даярдайт. Бардык керектүүнүжайында камдап, күз менен кыштын камын көрөт.

Бул аяк оонадан баштап, бирдин айына чейин иштелет. Күздө куш кармап, түлкүалып, байып калат.

Суусар кышында жакшы кармалат. Ал бир суусарды эки кой, же торпокко, кулунга алмашат.

– Сен бир канча малдуу болуп калдың, – дешчүкээ бирөөлөрү.

Жылдар өтө берди.

– Биз эл арасына барат элек, – дешип кийин балдары чоңойгондо сөз кыйытты.

Айрыкча Курманжан кызы:

– Мен кышында зеригет экемин, – деп жаңжал баштады.

Курманжан он үчкө толгондо, күзүндөсүКошетерге көчүп келди.

Эл арасында келин алуу, кыз берүүлөр көп. Анын кызы Курманжан дагы бойлуу болуп өстү.

Кышындасы аны өмүркул кайын агасы чакырып:

– Сенин кызың бойго жетип калыптыр. Бизден эки кыз алдың, бизге бир кызыңды бергин, – дейт.

– Кайын ага, менин кызым жаш, жетим калып, зорго чоңойттум, – деп болбой койду.

Эки күндөн кийин бир жигит келип:

– Сени Абдыкадыр старчын чакырып жатат, – деди.

 Барса  жемекөйлөрдүн бардыгы жыйналып олтуруптур. Ал  бардыгы  менен учурашып олтурду. Абдыкадыр сөз баштады:

– Токо, чоң кайын агаңдын айтканын ойлоп чечкендирсиң, эми оюңду ачык айта бергин. Аны көптөп чечели. Кызың бойго жетип калыптыр. Сен бизден эки кыз алдың. Аларга калың бербедиң. Эми сен калың алып, кызыңды бергин. Ал өзүңдүн кайнагаларың, – деди да: – Тур, Боронбай, сен кулдук кылып койгунуң. Токтогул жок деп, кайда барат эле, – дегенде, Боронбай тура калып, ага жүгүндү.

– Менин кызым жаш, Боронбай элүүдө болсо, ушундай дагы теңдик болобу! Кызымы мал катары сатпаймын. Бойго жеткенде өзүтеңдүүкедейге беремин, – деди.

Анда өмүркул:

– Кызым жаш деп айтасың, кызың он бештен ашып, кара далы болуп калганын сен билбейсиң, биз билебиз. Кызың тойлордо бойдок жигиттер менен бойлошуп, моюн алышып өзүнө жигит издеп жүрөт, – деп кордоп сүйлөдү.

– Биз сага эки кыз калыңсыз бердик, сага калың берели деп жатпайбызбы. Сен эми бизден кутула албайсың, – деп кекетишти.

Андан кийин ал өзүнүн туугандары жакка сүйлөшөм деп кетсе, ошондон пайдаланып Курманжанды зордоп алып кетишиптир.

Муну угуп:

– Мен атамын, – деп даярданды.

Аны достору угушуп келишти.

– Токтогул, жинди болдуңбу? Боронбайды атасың. Алар сени кармашат. Бардык нерсени талап алышат. Кызыңды андан карыга алып беришет. Сени болсо Шыбырга айдашат. Андан көрө сабыр кыл. Бардык бийлик азыр ушулардын колунда, – деп достору токтотуп койду.

Жаз болгондо кайтып тоого көчүп кетти. Ошентип аралыктан үч-төрт жыл өттү.

Курманжан мурдагы сүйлөшкөн жигитинен байланышын үзбөй, көп жолу качууну ойлошуп, барар жерди таба алышпай жүрүшөт.

Ал жигит – Кайым Боронбайга, өмүркулга жээн. Ошентип жүргөндө Курманжандын боюна бүтөт. Муну Кайымга айтат:

– Мен балалуу болсом, бул чалдан кутула албайм. Андан көрө сууга чөгүп өлөм, – дейт.

Ушундай кайгыга батып жүргөндө бирөөнүн жардамы менен экөө качып кетишет.

Ошол учурда Боронбай ага доо кылып, аны бийге чакыртты.

– Мени таштап, шариатты бузуп, кызын качырып жиберди, – деди.

Мындайды таппай турган жемекейлер ага тогуздап мал салып:

– Төлөйсүң? – дешти.

Ошентип теңдеши жок заманды баштан кечирди. Ал убактын ичинде уулу Бөрүбайга колукту алып берди.

Ушундай мезгилде бир окуяга кабылды. Кышында мергенчи достору чогулушту. Алар Арчалуу Бодурташка ууга чыкмак болуп, таңга маал жөнөдү.

Арчалуу Бодурташтын курбусу бар. Ар бир мергенчи өздөрүнүн курбуларына олтурушат. Анын орду эң башында. Этек жактан үч-төрт мергендер атышат.

Бардыгы өз орундарын таң атканда ээлешти. Этек жактагы мергендер атууну баштаганда эчкилер, текелер бодур таштар менен жүгүрүп, жогору карай үркүп жөнөдү.

Мергендер атып жатышты. Бешим мезгилге жакын атуулар токтолуп, ылдый карай бардыгы жыйнала баштады.

Бүгүн ууга он беш мергенчинин ичинен бирөө дайынсыз. Аны издеп Токтогул менен Арзыкул жөнөдү. Бодур таштын курбусуна барса, кеткен изи бар, кайткан изи жок.

– Султанкул! – деп алар чакырышты.

– Мен баса албай калдым, – деп жооп берди.

Барышса Султанкул купкуу болуп, калтырап калыптыр.

– Мен бассам эле кулаганы турам, – деди.

– Сага эмне болду?

– Мен бир текени атсам ал маарап жыгылды. Артынан бир эчки чыкканынан атсам, ал дагы маарап, эки жагын каранып жыгылды. Ошондон кийин эки кайберен чыкты, аларды атпадым. Кыймылдасам эле бутум токтобой жыгылганы турам, Кожожаштай болуп калдым, – деди.

– Сен өзүңчө коркуп калыпсың, – деп айтты Токтогул.

Султанкулду аркан менен белинен байлап, Арзыкул экөө ортого алып, Курбудан алып чыкты.

– Корккондо адам ошондой болуп калат, – деди ал.

Дагы бир окуя мындай болгон күздүн күнү. Беш мерген чогулуп, Байбиченин башы Делдеке жакка ууга чыкты. Ошол күнүбир теке атып алып, текени союп, этин бышырып жешип, жатып калышты.

Эртең менен эрте туруп, оокаттанып, экиден болуп дагы тоого жөнөштү. Бир кишини калтырышты. Бара жатып аюунун изин табышып:

– Изине караганда өгүз аюу экен, – деп ажыратышты. Артынан барышса, бир жылгада оттоп жүрүптүр. Аюу жыт алып, кача турган болду. Алыс болсо дагы атып калышты. Аюу бакырып, капталын бир чапчып, качып жөнөдү.

Кууп барышса, жатып жүргөн үңкүрүнө кирип кетиптир. Тыңшашса онтоп жаткансыйт. Бир топ күтүштүэле, онтогону билинбей калгансыды.

– Күтүп жатабызбы, кирип сууруп чыгамын, – десе Токтогулдан улуураак Бердиш:

– Жарадар каман менен жарадар өгүз аюу кишини жарып салат, – деп айтты.

Башка мергендер дагы кармап, болбой коюшту.

Бир аз туруп, мылтыгын дүрмөттөп, милтени чоктоп жөнөдү.

– Токо, шашылдың эми этият бол, – деген бойдон калышты.

Ал үңкүргө жакындаганда:

– Биз карап турабыз, – дешип Султанкул, Базаркулдар кошо жөнөштү.

үңкүрдүн ичине кирсе абдан караңгы. Арыраак басканында милтенин чогу өчтү.

Ал тыңшап туруп, бир аз барганда аркырап басып жыгылды. Эки тизесин кемире баштады.

Тийбейин деп бутун көтөрсө, аюу көкүрөгүнө жыгылып, оң жак карысын, омуроосун тиштеп жатканда оң колу менен бычакты кынынан сууруп алып, бычакты шилтесе, катуу жерине тийди. Кайта дагы шилтесе, былк деп жумшак жерине кирди.

Аюу бир бакырып жыгылды. Анын эси оой түшүптүр, кулагына:

– Токо, барсыңбы? – деген үн угулгансыды.

– Эми коркпой кире бергиле! – деп кайраттанып аюуну сүйрөп жөнөдүэле, мергенчилер аюуну колунан алганын билет.

үңкүрдөн Токтогулду, аюуну сүйрөп чыгышат. Тытылган таар шымын отко күйгүзүп, жараланган жерлерине коюшуп, таңып, канын токтотушту.

Аюуну союп, терисин сыйрышып, этинен бышырышат. Бир маалда көзүн ачса, шорпо беришет.

– Ичпеймин, – десе:

– Аюунун этинен жасадык, сага дары болот, – дешип зордоп ичиришти. Бир оокумда башы айланып, эти ысып калыптыр. Чыбыктан токушуп, ага замбар жасашып, астына чөптү, чепкендерин төшөп жаткырышып, үстүнө аюунун терисин жабышып, үчөө көтөрүшүп, аюунун этин дагы алышып түзгө келишип, чоң өгүзгө өңөрүшүп, үйдүкарай жөнөштү.

үйгө келгенден кийин жараларын оңдоп таңышып:

– Эми быягын Нурбай өзүбилгендей дарылап алат, – дешти.

Эртеси Нурбай келип, таңууларын чечип, тазалап, дарысын коюп, аюунун майын жаап, кайта таңды.

– Мумияны үч маал ич, – деди ал.

Шорпо менен тамактандырып турду. үч айда басууга араң жарады. Мергенчи достору тынымсыз келишип, жаңы кайберен атышып, алып келип турушту.

Айрыкча тизеси кыймылдаса эле ооруп, күчкө кирбей кыйнап, ал жылы мергенчиликке жарабады.

Кийинки жылы уулу Бөрүбайды ээрчитип, ат менен капканга, торго барып турду.

Айылда Бөрүбай уулу экөө бирикме чарбага киришти. Колхоз уюшулду. Коомдук жайлар, мектептер салынып, балдар окуп, эл сабатын жойду.

Эл өркүндөп, турмуш оңоло баштаганда каргашалуу согуш башталды.

1942-жылы балдары Жакып менен Акмат согушка кетишти. Акмат орто мектептин директору болуп иштеп турган. Анда мектептин директорлоруна брон берилет эле.

– Элдин баары согушка кетип жатса, мен брон алып, ушул жерде жүрөмбү, – деп, өзүарыз жазып кеткен.

Согушка барып, майып болуп келди. Жакып уулу согуштан кайтпады.

Токтогул карылыгына карабастан аялдар, балдар менен кошо иштеп, согушка колдорунан келишинче жардам берип турду.

Акыры фашисттер толук жеңилди. Бул согуш далайдын өмүрүн кыйды. Атасыз бала, баласыз ата-эне, жубайсыз келиндер кара жамынып калды. Ал карыдым деп жатпады. Ар дайым иштеп, эл менен бирге жүрдү.

Ал элге кайрылып:

– Менин силерге айтаарым: «Эмгек менен эл көгөрөт» деген сөздүэсиңерге сактап жүргүлө. Билген дастандардан эл укпай калбасын. Силер жазып алып, элге жеткиргиле. Андайдын баары элге казына болот. Мойнума карыз кылбай кутулсам, – деп айтып келип:

Кайгылуу согуш болбосун,

Калкым жыргап ойносун.

Кыргындуу согуш болбосун,

Кылымдап элим жыргасын.

Согуш үнүн укпасын,

Тынчтыкта элим уктасын.

Согуш оту жанбасын,

Мындан ары адамдын

Каны жерге тамбасын.

Кайгысыз жаштар ырдасын, – деп ырдап койчу.

Калманбет уулу Токтогул 1950-жылы Кошетер айылында токсон сегиз жашында дүйнөдөн кайтты.

Токтогулдун уулу Акмат атасынан уккандарын эсине түшүрүп, «Манас» эпосунда кездешпеген окуяларын жазып келип, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна өткөргөн.

Ошондой эле атасынын бир нече дастандарын көкүрөгүндө калганы боюнча кагаз бетине түшүргөн. Алардын ичинен «Бос­тон» дастаны да фонддо сакталып турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-04-2012
Дават: кыргызстандагы исламдашуунун көп кырдуу багыттары
9207

21-04-2011
Жомоктор топтому
30212

21-04-2011
Жомокчу
18884

18-03-2011
Эр Чегиш (жомок)
103154

18-03-2011
Жомокчу
96385

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×