Добавить статью
10:39, 30 марта 2011 20009

Комузчу

Автор: ЧАЛ

Чал 1978-жыл. Күз айы. Бат эле Талдыктын белиндеги айылга жеттик. Автобустан түшүп, азыраак басарым менен алдыман Чал комузчу кездешип калды.

– Сизге келип калдым, – дедим эсендешип көрүшкөндөн кийин.

– Кел, кел, келгениң жакшы. үйгө баралык.

үйгө кирип олтураарыбыз менен дагы бир карыя келип калды.

– Күүлөрүңүздүугайын дедим.

– Жакшы экен, жакшы экен.

– Алыстан атайлап келген соң, жакшылап чертип бер, – деп калды жанындагы киши.

– Ысмыңыз ким болот, – деп келген карыядан сурадым.

– Менин да керегим барбы?

– Жөн жай эле сурадым да.

– Акмат Ашым уулу...

Чал комузчу комузун алып, эки-үч күүнүмиң кубултуп чертип, чери жазылдыбы, айтор...

– Анда эмесе, айтып берейин, – деп сүйлөй баштады. – 1900-жылы Сүттүүбулак деген жерде төрөлгөм. Атамдан жалгыз уул элем. Биз сегиз-тогуз жанбыз. Атам ырдап, комуз чертип, талаага кетип калат. үйдүн тиричилиги менин мойнумда. Атам талаадан келгенде комузун колго алып, аз чертчү. Алгач комуз черте баштаганда «Солтон сары» деген күүнүүйрөндүм.

– Күүэмне үчүн «Солтон сары» деп аталган?

– «Солтон сарынын» мааниси кандай деп атамдан сурасам, илгери Толубай байдын миң жылкысы болот. Анын Эркесары, Боокесары, Солтонсары, Солтонкелди деген төрт уулу болгон экен. Калмактан жоо келип, миң жылкыны сүрүп айдаганда эки кулун: сырга боз, тумар боз калмакка кошо кетип, Толубай бай ыйлап, комуз чертет.

Жылкы айдадым кер кашка,

Кулундары кер кашка.

Жылкы айдадым сур кашка,

Кулундары сур кашка.

Сырга бозум, сырга боз,

Тумар бозум, тумар боз.

Миң жылкымдын баарын алса да, эки күлүгүм калсачы

Солтон сары, Солтон бий,

Эркесары, Бооке бий

Силердин колуңардан эч балаа келбеди, баары кетти! – деп балдарын жемелеп ыйлап, арман кылыптыр. Андан ки­йин дагы бир күүүйрөттү. Бир кызды алыска берет. Алыска бергенде, асмандан алты каз учуп кетип баратса, кыз казды карап:

Асманда учкан алты каз,

Атакем жайын көрдүңбү,

Ардагым ботом мен мында.

Эмилден учкан эки каз,

Энекем жайын көрдүңбү,

Эрмегим ботом мен мында.

Талдан бекен тарагым,

Тал дагы болсо тарайын,

Таалайыма карайын.

Желден бекен тарагым,

Жел деле болсо тарайын,

Мен бактыма карайын, –

деп кыз арман кылып, ыйлаган экен. Андан кийин атам «Бурулча», «Толгонай», «Сейилкан» деген күүлөрдүүйрөттү. Бурулча, Толгонай, Сейилкан үчөө селкинчекти тээп, үчөөнүн ортосунда бир аты бар. Атына бир кызга кымыз ташытып, үчөө ичип, селкинчек тээп чарчап олтурса, бир комузчу барат.

– А кыздар, эмне кылып олтурасыңар, – десе кыздар:

– Биз селкинчек тээп, көңүл ачып олтурабыз.

– Эмесе, силердин оюнуңарды чертсем болобу?

– Чертчи, – дейт кыздар.

Бурулчанын селкинчек,

Бурбай тепкин келинчек.

Аргамжыны кармабай

Аста тепкин келинчек.

Сейилкандын селкинчек,

Серпип тепкин келинчек.

Толгонайдын селкинчек,

Токтотуп тепкин келинчек, –

десе кыздар:

– Куу тумшук комузчу үчөөбүздүбир ырдабай, үчөөбүздүүч башка кылып черт. үч башка чертсең, үчөөбүздүн ортобузда бир атыбыз бар, атыбызды беребиз, – деп айтыптыр.

Комузчу үчөөнүүч бөлөк кайрып чертип, атын алып кете бериптир. Бул күүнүбиздин атабыз чертчүэле.

Ушул сөздөрдүайтып комузун кайра алып:

– Атамдын «Булбул» деген күүсү, – деп чертти.

– Эмне үчүн күү«Булбул» аталып калган?

– Күүбулбулча сайрап жатпайбы? Биздин атабыз Токтогул менен Базаркоргондо учурашып келатып, бир дайранын боюна келип эс алып олтурса, бир булбул сайрай берет. Атам ошонун сайраганын комузга салган экен.

– Жакшы, жакшы...

– Бул «Канышбек» деген эл күүсү– деп комузун башка күүгө толгой баштады.

– Канышбек ким болгон?

– Байыркы заманда Канышбек деген кызды калмак ала качат.

Көчпөдүң ата, Алайлы көлдүн Быткылга,

Кор кылдың ата, улайы калмак жексурга.

Муунум мындан курурбу,

Таалайым ташка бүтөрбү, –

деп кыз ыйлайт. Кызды Жаба деген бир балага беребиз десе, тоотпой жүрөт. Жаман да болсо калмакка кетти деп Жабага айтып коюшат. Жаба кошун курап, калмак менен урушуп, кызды алып калат.

– Калмакка кор кылбай, Жабанын колунан да иш келген экен го, – дептир кыз.

– Атаңыз Ниязалы комузчу менен чертишкен деп жүрөт, уктуңуз беле?

– Атабыз Күрөңкөй сурнай тартат экен, Кетментөбөгө Токтогулдун үйүнө барып, Жолой кыякчы, Жеңижок ырчы, Ния­залы комузчу, Эшмамбет ырчы бар экен, ушулардын баары менен көрүштүм деп айтчу эле.

Бапыгул казы төөгө килем жаап, биздин атабыз менен Ниязалыга карап:

– Ким жеңгениң ал, – дептир.

Экөө бир күн чертишип, саар менен сыңар тизелеп олтуруп, «Саркол күү» деген:

«Ата көргөн кызыл кыр,

Мен атадан айрылдым.

Жете көргөн эрибан,

Эне көргөн кызыл кыр

Мен энеден айрылдым, –

деп күүнүкүүлөп берсе, Ниязалы титиреп черткен жок.

– Ал Анжияндын ырчысы төөнүжетелеп алгын, атаңа ыракмат! Сөөгүжок экенсиң. өйүз-бүйүздө сендей комузчу жок, ырдан Токтогул, комуздан сен экенсиң, – деп Бапыгул казы айткан экен.

– өзүңүздүн өмүр баяныңыздан да азыраак улап айтсаңыз?

– «Алга бас» колхозунда азыркы Карл Маркста көп жылы эмгектендим.

1943-жылы Ата Мекендик согушка кетип, Белоруссия, Латвия, Литваны бошотууга катыштым. үч мертебе жарадар болуп, Саратов шаарында 5 ай госпиталда жаттым. 1945-жылы 5-майда үйгө келдим. Андан кийин Памир жолго он сегиз жыл иштедим. Пенсиядамын, – деп өмүр баянын айтып:

– Эми «Шырдакбектин боз жоргосун» уккула.

Кимдин, кимдин жоргосу

Шырдакбектин жоргосу.

Жотолору жонгондой,

Жонуна булбул конгондой.

Секиргени бүргөдөй,

Семиргени сүмбөдөй.

Башында мамат торбосу,

Шырдакбектин жоргосу.

Ак арпа жесе тойбогон,

Азууларын жойбогон.

Көп арпа жесе тойбогон,

Көмөкөйүн жойбогон, –

деп нечен күүлөрдүчертип болуп, жайкалган сакалын сылап, олтургандарга жайдарылана карады. Тынымдан соң:

– Кыяктан да бир-эки күүтартып берейин, – деп даңылдатып, күүлөй баштады. «Тандасаң танда» деген күү:

Тандасаң – танда,

Тасма бел танда,

Укурук моюн узун чач танда.

Келинден сулуу керме каш танда,

Кыздан бир сулуу кымча бел танда, –

деп жылмайып коюп, күүнүбезелентти.

– Ырахмат, бали? – деп Акмат карыя сүрөп койду.

– Азыр «Мырзагул досумду» тартайын. Мунун ыры узак.

– Ырынан да кыскартыбыраак кылып айтып берсеңиз?

– Жарайт.

Айтайын жигит Мырзагул, досум,

Муңайган жарың муңда уул, досум.

Арс ичик кийдиң делегей, досум,

Айылда жүрдүң желбегей, досум.

Түлкүичик кийдиң делегей, досум,

Түндөсүжүрдүң желбегей, досум.

Түлкүбир тумак, түлкүичик, досум,

Түшүмдөн кетпейт Мырзагул, досум.

Кадырманың карай кел, досум,

Кашкалдак болуп сызайын досум.

Каназат атым жандап өт, досум,

Камчыдай белим кармап өт, досум.

Тумандуу күнүкечеси-ай, досум,

Турна бир болуп сызайын, досум.

Тумарлуу боз ат жандап өт, досум,

Тутам бир белим кармап өт, досум.

Коёндой сенин боз атың, досум,

Коштоп бир чапсаң тер болот, досум.

Мынабу комуздай менин белим бар, досум,

Колтуктап жүрсөң не болот, досум.

Жогортон келдиң жок сурап, досум,

Жорго боз минип кулпуруп, досум.

Кулпурган чачтар сиздики ай, досум,

Куруган жүрөк биздики ай, досум.

Алмадай жытың бураган, досум,

Адамдын алын сураган, досум,

Жигиттин алын сураган, досум.

Ак зоонун башы Тараша, досум,

Акырегим астына, досум,

Ак алма бышты жанаша, досум.

Көк зоонун башы Тараша, досум,

Көкүрөгүм алдына, досум,

Кош алма бышты жанаша, досум.

Кыргый бир салдың үч түлөк, досум,

Кылыгың санап ич күйөт, досум.

Жогортон келдиң жок сурап, досум,

Жоготкон жогуң табылсын, досум,

Жорго боз атың чабылсын, досум, –

деп эле созулуп кете берет. Узак ыр, – деп күүсүн тартты. Мындан кийин Чал ата кайтадан комузун алып, бир нече күүлөрдүчертип, тарыхын чечмелеп, жарпыбызды жазды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-03-2011
Комузчу
28133

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×