Добавить статью
11:43, 13 апреля 2011 73011

Жомокчу

жүдөмүш 1907-жылы Ысыккөл областына караштуу Жетөгүз районунун Шалбаа айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1916-жылы үркүнгө чейин ата-энесинин тарбиясында тарбияланып, 1916-жылдан кийин Кытайдан кайра 1917-жылы октябрдын таңы атканда ата-энелери, ага-туугандары менен туулган жерине аман-эсен келет. Ошондон кийин жалчыларга жер бөлүш болот. Жер алып, өз оокаттарын өзүлөрүжасап оокат өткөрүшөт. Андан кийин 1931–1932-жылдары колхоз уюшулуп, биринчилерден болуп колхозго мүчө болуп кирип иштеп, үй-бүлөгө көмөк көрсөтөт.

1941-жылы Германия согуш ачып, бүткүл совет эли сыяктуу Жүдөмүш аксакал да элди-жерди коргоо үчүн согушка аттанат. 1945-жылы аман-эсен согуштан кайра келет да Фрунзе–Рыбачье темир жолун салууга катышат. Ушул жерде иштеп жүргөндө Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктарга татыктуу болот.

Жүдөмүш аксакалдын бир эскерүүсүндө Рыбачье шаарына жакын жерде жолду бөгөп жаткан бир тоо бар, атын Марусанын тоосу деп аташат экен, ушул тоону Жүдөмүш аксакалдын бригадасына берет. Ошол тоону күнү-түнүиштеп, ушул колум менен түзөп, жол ачкам деп айтып калчу.

1946-жылдын декабрь айында кайра туулуп өскөн айылына Шалбаага келет да, Ленин атындагы колхозго чабан болуп иштей баштайт. Бул кесипте он жыл иштеп, үй-бүлөлүк турмушка байланыштуу ал кесибин өткөзүп берип, 1955-жылы бригадга мүчө болуп суу сугарат. Жүдөмүш аксакалга ушул Ленин колхозунун кайсы гана участкасын бекитип бербесин, жогорку түшүм өндүрүп, дайыма мактоого татыктуу болот. Ал гана эмес бул киши кышкысын колхоздун карагайын кесип, Жетөгүз районунун аймагындагы Барскоон, Тамга, Жаргылчак, Актерек, Чычкан, Жууку, Жетөгүз, Чоңкызылсуу, Сүттүүбулак коругундагы ар бир түп карагайын жакшы билип, өзүменен иштешкен адамдарга карагайды кандай жыгаарына, кандай кесерине көмөк көрсөтүүчүболуп келди.

Жомокту Боккөтөн комузчунун уулу Мамбеттен үйрөнгөн.

Үч кызы, бир уулу бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-04-2011
Жомоктор топтому
11673

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×