Добавить статью
12:02, 14 апреля 2011 9079

Жомоктор топтому

КУЛАНЧЫ МЕРГЕН

Жай кетсе, кыш келип, кыш кетсе, жай келип, аң уулап жүрчүэкен. Аң уулап жүргөн жылында бир жерде кара дөө менен ак дөө экөө кармашып жатат. Куланчы: «Каранын иши кара, актын иши ак» – деп кара дөөнүыргыта атты.

Барса, жез тумшук экен. Жез тумшуктун тумшугун, тырмагын кесип алды. Айылына, үйдүн жанына келгенде кошунасы:

– Куланчы, мен да барбайт белем сени менен, – деди.

– Сен менден бөлөк боорсуң, ажалың жетип, күнүң бүтүп, талаада өлүп калсаң, ага тууганың менден кун алат. Мен ошол үчүн сени алып барбай, таштадым.

– Жок, Куланчы, канга барып, өлсөм кунсузмун деп кагаз алып беремин, – дейт.

Ошентип сөз бекиткенден кийин, ок-дарысын мол алып, Куланчы мергенчи ээрчитип алды мергенге.

Ээн талаада кетип баратып, элик атып, карагайдын түбүнө жатып, эликтин этин бышырып жеп жатканда, бир жаш келин келди.

– Ой, эмне келдиң сен?

– Оттун түтүнүнүн жыты чыкканынан, от өчүп калып, от алайын, – деп келдим.

Ал жезтумшук экен. Эт бышканда эт берсе, жемиш болуп жеңине катат. От алып басып, бир-эки саржан, үч саржандай барганда отту ыргытып ийип кетет.

Куланчы мерген жолдошуна:

– Муну тааныдыңбы, ким экен? – деп сурайт.

– Бул бөлөк жандар, жезтумшук дегенди укчу белең? Ошо жезтумшук – ушул. Отту тетиги жерге ыргытты, бар, көр.

Барса, от ошол жерде жатат. Кайра келди.

– Эми сен өзүңдүн боюңа өлчөп, чириктен омуруп кел.

Экөө тең ошондой чириктен омуруп, тердикти, көрпөчөнүастына салып, ээрдин башына жаздап, чапанды айкарасынан жаап, тебетейин башына кийип жаткандай кылып, өзүлөрүкарагайга чыгып, былк этпей аңдып жатышты.

Бир оокумдан кийин баягы жезкемпир келе жатат. Куланчыга жетип, тумшугун Куланчыга сайып, эки колунун беш салаасын жолдошунун жүрөгүн көздөй матырды.

– Жемекчи элем, Куланчы, жедим, жутмакчы элем, Куланчы, жуттум! – деп, бакырып барып басат.

Ошондо карагайда турган Куланчы мылтык менен так жүрөктүн өзүнө таамай атат. Карагайдан түшүп, тебетейин кийип, чепкенин жамынып, баягы уктаса уктап, көзүилинбей эртең менен чайын ичип, бастырса, мындай чыккан кезекте:

– Токто эле, токто! Куланчы эле, Куланчы! – деген кыйкырык чыгат. – Мурунку келгенде атамды жедиң эле, анан апамды жедиң, эми аялымды жепсиң, эми өлбөгөн жерде калам, сенин бир кашык каныңды ууртаймын.

Жанындагы жолдошу эси чыккан бойдон:

– Ой, айланайын, Куланчы, ат! – деп, Куланчыны шаштырып, бир жак омуроосун сындыра аттырды. Ошондон аттан түшүп кала жаздап барып оңолуп, кайра кетти. Эртеси баягы убакта:

– Токто эле токто, Куланчы! – деп, кайра келди.

– Айланайын, сен көзүңдүжумуп, качан мылтык атканда көзүңдүач – деп, жолдошун айтат.

Баягы жигит мылтык атылганда көзүн ачса, баягы жез- тумшук учуп жерге түштү. Куланчы мергенчи анын да тумшуктарын кесип алды.

Ошондон кийин үйдүкөздөй жөнөп кеткени баратса, талаада бир ак эркеч, бир көк эркеч баштап ээрчитип эки короо кой жүрөт.

– Ой, Куланчы, бөлөк дүнүйөнүн бизге эмне кереги бар, оокат бизге табылды, ээн жерде жүргөн эки короо койду экөөбүз айдап кетели. Бир короосун сен, бир короосун мен алайын. Экөөбүзгө дүнүйө деген табылды, – деп айтат.

Анда Куланчы:

– Кой, ээн жер болсо, ээси артыбыздан түшсө, экөөбүздүтең кармап, байлап албайбы, кой, мунун түнөгөн жерине түнөйлүда, ээси жок болсо, бир койду союп, анан эртең айдайлык. Антпесек, ээси экөөбүздүтең кул кылып айдап алат.

Күн баткандан кийин эки эркеч маарады эле, койлор ызы-чуу болуп маарап басылары менен, эки короо кой түз менен жөнөп жүрүп калды.

Барып, ошо кетип баратканда түз эле жерден кокту чыгып, коктунун башы айлана жар болду. Баягы туюк жерге барганда эркеч маарады эле, кой дагы ызы-чуу түшүп маарады. Калдырт дедирип кара ташты ачып, жезтумшук чыкты. Бөлөк мал-кечеге карабай Куланчыны:

– Түшкүлө айланайын, Куланчым, малымды кайтарып келген турбайбы – деп, экөөн тең аттан түшүрдү.

Малды таштап, Куланчы жолдошу экөөнүүйгө алып киргенден кийин, жанынан чубап эки короо кой бүттү. Куланчыны жолдошу менен темир көгөнгө көгөндөдү.

Көгөндөп салгандан кийин Куланчы мергенчи бая жолдошуна:

– өлөт деген ушул. Ушундай өлүмгө дуушар болдук, көрдүк жазууну.

Таш көмүр оту. Бир узун темирди отко салып койду.

Бир убакта Куланчыны айтты:

– Ай, Куланчы, бүгүн конокту сен бересиңби, же мен берейинби?

– Ээ, бүгүн сиз бересиз го.

– Ой, Куланчы, сенде бет жок экен го. Менден үч конок жебедиңби, сен бир конок берсең эмне болот, мага.

– Анда тышта үч ат бар, бирөө эттүүрөөгүн соёлу.

– Мен малдын этин жебеймин.

Экөө тең унчукпайт. Бир убакта жезкемпир туруп, жолдошу семиз экен, мыкчып кармады.

– Бол, жолдошуңдун кийимин чечиндирт, жолдошуңду жеймин. Темир көгөндө жатып көрсө, учу ширөөчүдөй болуп, темир аябай кызарыптыр. Жолдошун жезкемпир мойнунан кармап сүйрөп келип, ичин жарбай туруп, жамбашына темир шишти сайып, омуроодон чыгарып, боорун бир кактап, сыртын беш-алты кактап, этин сыйрып, жей баштады. Жеп болуп, сөөк-саагын, иче-кардын тышка таштады.

Жезкемпир жатты. Куланчы мерген байланып жаткан жолдоштордон сурады.

– Ой, бул уктабайбы?

– Уктайт.

– Ушул үйдүн ичиндегилер кызарып, кызарган чок болуп уктайт.

– Менин мойнум кандай чыгат чынжырдан?

– Мына быяктагы чынжырды оолаштырсак өзүң бош чыгасың.

– Баягы уктап, үй буурул болуп келе жатканда мени бошоткула, – деди.

үй буурул болуп жатканда бошотту. Башын кыймылдатса – бош, үйдүн ичи кыпкызыл болду.

Куланчы жолдошунун кийимине темирди ороп туруп, баягы темир шишти алып жалгыз көзгө сайды. Карайлап, кармай албай калды. Качып көп койдун ичине кирип кетти.

– өлүгүңдүкөрөйүн, Куланчы, менин тукумумду бүтүн жедиң. Эми сени мен жебесем дагы, кермеде жаткан таргыл букам жейт.

Төрт күнү, үч күнүкойду короодон чыгарбай, камалуу жатат. Ак эркечти туюк союп, көк чанач кылып кийип алды. Төртүнчүкүнүбаягы кемпир эшигин ачып туруп:

– Айланайын эркечтерим, баягыдай жайылып оттоп келгиле, башта ак эркеч, – дегенде ак эркеч чатынан өттү.

А дегенде чыгып эле, кермеде жаткан кер буканы болот бычак менен чандырга сайып өлтүрдү.

Бир убакта мылтыкты даярдап алып, туруп калды. Кер бука темселеп, жезкемпир жарган жерине колун малып алып бакырды:

– Куланчы, жемекчи элең жептирсиң, жутмакчы элең жутупсуң. Эми, Куланчы, кыйнабай мени жогот! – деди.

Таштан жасалган каалганы бекитип кеткен.

– Кана эми, ач үйүңдү.

– Жок, ачпайм, мени жоготкун, – дейт.

– Тигиниңди ач, – деп, эшигин ачтырып кирип кет, – деп, жезтумшуктун омуроосун сындыра атты. Жыгылып калып, кайра өйдө турам деп жатканда:

– Куланчы, мени талкаладың! – дегенде атып өлтүрдү.

Оозунан кирип, байланган көгөндөлгөн адамды бошотту. Ошондон өзүнүн коштогон, жолдошунун аты үчөөн ошо жерге коюп, бир топ чалдырып, бирөөнүмойнунан кармап өткөзүп, бир топ чалдырып, бирөөнүмойнунан күрмөп жетелеп бастырды.

Куба кийинген, кулан минген үч жигит келди. Куланчынын жетелеген атын бирөө колунан алды. Ошондон Куланчыны астыга салып, беркилер кокту ылдый жездекелеп кубалап, айдап жөнөдү.

Бир убакта бирөө айтат:

– Эй, сен баягы келгениңде кара дөөнүыргыта атканда, атам убада кылган экен, жалгыз кызымды сага берем деп, ошон үчүн бизге жездесиң сен. Мына азыр колуктуңа, кайындарыңа алып барабыз.

Ошо жерден айдап, көп айылга алып барды. Аттарынын баарын баягы жигиттер:

– Биз башкарабыз, – деп, алып калды.

– Күйөө келди! – деп, кыз-келиндер чубап кирип жатат.

– Күйөөнүжалгыз отургузбай, кызды алып келгиле – деп, бир убакта тыштан бир чоң кишинин үнүчыгат. Колуктусун алып келгенде, ай десең аты жок, күн десең көркүжок перинин кызы экен. «Кудай мага ушундай бербеспи» – деп, Куланчы мергенчи кубанат.

Баягы бойго жеткен кыз:

– Ай, Куланчы, сен мени ала турган болсоң, алтүндө күн тийгиче уктаба, андан кийин кечке уктай бер. Жок, уктап калчу болсоң, бул үйдүда көрбөйсүң. өзүңдүчөп басып калат. Тердигиңди астыңа салып, эки жагыңа эки мылтыгыңды коюп, чепкениңди айкарасынан жаап, көчүп кетебиз. Биз кайып болобуз. Ошондо атам: – Жалгыз кызымды берем, – деп убада кылган экен. Куланчы мерген сенсиңби? – деп койду.

Уктабай жатты Куланчы. Бир убакта тышка чыкса, таң куланөөк болуп, сүрүп калган экен.

– Ээ, а айланайын кудурет, күндүбат чыгара көр, – деп кыз менен отуруп, тизесине башын коюп жатып, тарс көзүилинип кетиптир. Чочуп ойгонсо, чөп өзүн басып калыптыр. Ээн талаа, эрме чөлдө жатат, ыйлап быяк-тыягын караса, аттардын баары жанында оттоп турат. Бир ээрди башына жаздаган, тердикти астына салып, ээр токумда жаткан.

– Мага берди эле, өзүм иттик менен ошо ырыскы-шыбагамдын баарын тээп, өткөрүп жибербедимби, үйгө кетейин, жолум болбоду.

Ошентип, эки атты жетелеп алып, кетип баратат. Быдырда килейген бир кулжа оттоп турат. «Куру кеткиче ушуну атып, үйгө байлана кетейин» – деп, атын тушап, мылтыгын алып, кулжаны көздөй басты. «Менин кайын атам болуп жүрбөсүн», – деп мылтыкты таштап, буркурап ыйлап кулжаны көздөй жөн басты. Кулжа кайын атасы экен.

– Мен жылаңач турам, балам. Жеңең, кайын энең аркы кабакта, жардын астындагы булакта кир жууп жатат. Жолдошуңдун кайда экенин ошолор билет.

Аттарын жетелеп, энекелеп ыйлап барганда:

– Ээ, балам, биз айтпай койсок, таарынычың бар эле. Айтып туруп өзүң жасабадыңбы. Буйруп койгондур, сен эле аласың, тээтиги көрүнгөн атыр көлдө, перинин кыздары менен жүрөт. Ошол кыздардын ичинде жалгыз гана сенин жолдошуң шуруга окшош жүндүн темгил-теми, жалгыз ошол. Кумдан тизеге чейин ороо казып алып жат. Анан көгүчкөндөр түштө көлдүн боюна келип түшкөндө:

– Адамзат жыты жыттанат! – дейт.

– Жылда жыттанбаган быйыл эле жаттанып калыптырбы. Ал дагы үч жолу айтат, сен дагы үч жолу айт.

Ошондо чечинип сууга киришет. Сенин жолдошуң көгүчкөн кебин кызыл кеби, бөлөгүрөөк коёт. Тээ көлдүн ортосуна чейин сууга кирип, кайра чыгып, перинин кыздары ойнойт. Жүгүрүп бар дагы көгүчкөн кеби кызыл, ал болбой сенин колуңан жулуп алат, киет, сени алып учат. Коё бербегин, эки мүрүдөн ал. Ошондо жарга барып урат, мында да коё бербегин. Тоого, сууга алып урат, мында да коё бербегин. Ошондо аябай чарчайт, чарчаганда айтат:

– Мен эми сеникимин, мени коё бер, – дегенде:

– Сен меники болсоң, таңдайыңда карала кагазыңды бер, – деп айт. Ошондо ыйлап туруп: «Ай, энем айткан экен» – деп, айла жоктон таңдайында карала кагазды берет. Анан коё бер, жаныңда эле турам, эми кайда кетели дейт. Аттарыңа бар, бирөөнүжолдошуңа мингиз, бирөөнүөзүң минип элиңе кет, карала кагазды бербегин, атка мингизип алып кете бер, таңдайыңдагы кагазды жоготпогун, уурдатпагын. өмүр шеригиң сенин колуңда жүрүп, дүйнөдөн кайтат.

Бардыгын энесинен угуп алып, көлдүн боюна барып, кумдан ороону казып жатты.

Алты-жети көгүчкөн жерге түшүп туруп:

– Ой, адамзат жыты жыттанат! – дейт.

– Жылда жыттанбаган быйыл эле жыттанмак беле? – деп, ал дагы үч айтты.

Чечинип алышып, атыр көлгө кирип кетишти. Көлгө түшүп, сууда ойноп жатканда, Куланчы мерген туруп, кызыл көгүчкөн кебин алды. Болбой келип, баягы көгүчкөн кепти колунан жулуп, кийип алып, Куланчыны көтөрүп учту. Жарга, сууга, бадал-карагайга алып барып урат. Коё бербей койду.

– Мен эми сеники болдум. Коё бер мени, – деди.

– Таңдайыңда карала кагазыңды бер.

Ыйлап туруп айтты:

– Энем айткан экен, кайыр болбостур, берейин, – деп, таңдайында кара кагазын берди.

– Эми элге кетелик, эми алпар.

Ошону менен Куланчы мерген аттарды токуп, ээрчитип алып жөнөдү. Элге жакындап калган кезекте кайыптан жаратылган кыз айтты.

– Сен каны бар журтсуңбу, же каны жок журтсуңбу?

– Мен каны бар журтмун.

– Эмесе, кан сени өлтүрүп, мени алам, – дейт. Мен ак көтөн кулаалы болуп колуңа конуп алайын, – дейт.

Ак көтөн кулаалы болуп, Куланчынын колуна конуп алды. Түн ичинде Куланчынын жолдошу, күндүз ак көтөн кулаалы болуп колуна конуп, жүрүп олтуруп, Куланчынын үйүнө келет.

Ошол Куланчынын бир досу бар экен. Ошонун кою менен дайым эле бир-эки аркар келип, короого түнөйт.

– Ай, Куланчы, бир-эки аркар келип, короомо түнөйт, ошол аркарларды атып берсең боло, – дейт теңтушу.

Куланчы айтат:

– Ай, мен өзүм барып атып берейин, сен мага келбей эле кой.

Намаз убагында короодон чыгып кетет. Кой жайылганча төштө турат. Качан кой төшкө барганда кой менен кошо жайылып кетет.

– Ай, ушуну атып берсең, ырас болот эле.

– Мен өзүм барып атып берейин.

«Күндө келем деп коюп эле келбейт, мунун эмнеси бар?» – деп, бир күнүаңдып, акырын барып, таң сүрүп келатканда караса, койнунда перинин кызындай болуп бир аял жатат. «А атаңдын көрүКуланчы, ушул аялды бирөөгө айтып коёт деп, менден кызганып жүргөн турбайбы. Канга барып айтайын, кан алсын», – дейт ичинен.

– Кан, Куланчы ак көтөн бир кулаалы кармап келген, ал кулаалы эмес экен. Ал бир бөлөк перинин кызыбы, ушундай ай десе аты, күн десе көркүжок кыз койнунда жатат. Куланчыга ылайык эмес, сага ылайык аял экен. Увазгериңизди жиберип, Куланчынын ак көтөн кулаалысын ал.

– Алып кел! – деп, төрт-беш киши жиберди.

– Каным, муну эмне кылат, алса алсын, каным. Муну мен уча албай, өз жанын бага албай калганда алып келип бактым эле, эми оңолуп келе жатат. Алса алсын, – дейт. Куланчыга келген увазгер таштап кетет. Аял экенин көргөн жигит кайра барды.

– Ой, каным, муну өзүң барып ал. Тиги кулаалыны Куланчы бергиси келбей жатат. Баягы жигиттин тили менен кан өзүкелет.

Кулаалы айтат Куланчыга:

– Мээлейди сууга чылап туруп, отко кактап кургат.

Кургатканда колжоюп эле темир болуп калды.

– Ой, Куланчы, кулаалың бар дейт, алып чык, мен алайын.

– Алыңыз каным, алыңыз.

Кулаалынын чолок боосун кыскартып койгон. Канга каткан мээлейди берсе, колун колжойтуп жумдурбай, колу ачылып калды. Чолок боосу менен кандын колуна кондурду.

– Кандын колунан учуп кетемин. Ой, Куланчы, кулаалың кетти дегенде, менин кайда кеткенимди көрүп кал.

Жүгүрүп тышка чыкса, батышты көздөй кетип баратат.

Ошондон кан кетти. Ок-дарысын, мылтыгын алып, баягы кулаалынын кеткен жагын көздөй Куланчы жөнөдү. Бир ай, эки ай издеп жүрдү.

Куланчы калың жылкыга туушар болду.

– Бул кимдин жылкысы? – деп сурайт.

– Бул Куланчынын жылкысы.

«Мен аттуу да бай бар экен ээ» – деп, ылдый бастырса, көп кой, уй жатат.

– Бул кимдин малы? – десе.

– Куланчынын малы, – дешет мал баккандар: «Ай түтөгөн бай экен», – деп ойлоп:

– Мунун үйүкайда? – деп сурайт.

– Тээтиги кара тумшуктун оозунда.

Байды көрөйүн деп барса, дамбурадай ак үй турат.

үйгө жакын жетсе, чырылдап бир бала ыйлайт. үйгө түшүп, кырчоого атын байлап, баягы баланы он бир, он экидеги кыз бала терметип турат.

– Ой, ээ балам, бу кимдин баласы? – дейт.

– Куланчынын баласы. Куланчы элинде калыптыр.

– Качан келет?

– Билбейм, баланын энесин издеп кеткен.

– Энеси качан келет?

– Энеси келе турган маалына аз калды.

Оозун жыйып алгыча тарп-тырп этип түндүккө конуп, түшүп балага келбей, ыйлап Куланчыга келди.

– Жакшы турасыңбы, жыл бою мен сени издеп куурадым. Балаң – эркек, балаңды алып кетесиңби, кетпесең кулан болуп мени ээрчип кет.

– Мен өзүм адам болсом, кулан болуп сени кантип ээрчийм.

– Макул болсоң, көз ачып-жумгуча кулан болуп кетесиң.

– Макул, кандай болуп кулан болобуз?

– Адам болуп жүрсөк болот эле, элиң кандуу экен, мени сага койбойт, өлтүрөбүз деп сага илээшет, сени өлтүрүп, мени алам дейт. Кулан болуп кеткенибиз ылайык.

Ошону менен Куланчы мерген кулан болуп кетелик деп куланга бет уруп, кулан болуп кетиптир.


ҮЧ ЖЕТИМ

үч жетим баланын бир карала өгүзүбар экен. Кичүүсүнө берип:

– Ар кайсы самандын түбүндө эгин бар, ошо жерге байлап коюп бак. Семиз болсун, жазында буурусун менен эгин айдап алалы, – дейт.

Бая өгүздүууру алды.

– Ууру алып кетти! – деп, иниси бакырып ыйлап, жүгүрүп кирип келди.

– Ай, ууру алса алсын, аны биз жазында таап алабыз.

Соко айдаганда бир күнүбазардан чыгып келатса, жолдун жээгинде буурусун менен соко айдап жатат.

– Ой, аба! – деп, жүгүрүп келди. – Соко айдалып жатат, аба!

Ортончусун:

– Бар, абамды чакырып кел, – дейт.

Абасын чакырып келгенден кийин үчөө олтурат дагы, улуусу:

– Баягы өгүздүтаап алалы, – деп, кеңеш салат.

– Кана, эми баштабайсызбы? – деп, улуусун дагы айтты.

Улуусу:

– Узун бойлуу экен, – деп айтты.

Ортончусу:

– Көзүкөк, өңүсары турбайбы, – деди.

Кичүүсү:

– Узун бойлуу, өңүсары, көзүкөк болсо, анда аты – Муса турбайбы.

– Ээ жүрү, таптык ханга баралы.

Ханга барышты:

– Биз өгүздүкышында уурдаттык эле. өгүздүтаптык, ханым. Элиңизди жыйнап бериңиз, биз ууруну кармап алалы – дейт.

– Силер эмне көзүачыксыңарбы?

– Көзүачыкпыз.

– Көзүачык болсоң, мен бир нерсени жашырайын, ошонун атын билип таап берчи?

Эки талинкени көмөрүштүрүп алып:

– Ичинде эмне бар? – дейт.

Улуусу айтты:

– Топтомолок турбайбы?

Ортончусу:

– Топтомолок болсо, кызыл турбайбы?

Анда эң кичүүсүтуруп айтат:

– Топтомолок, кыпкызыл болсо, аты – анар турбайбы.

– Чын эле кыпкызыл олуя турбайбы, элди чакыр, элди чубат. Таап алсын уурусун.

Эл чубап жатканда жоон ортосунда баягы узун бойлуу өңүсары, көзүкөк Муса кетип бара жатканын көрө салып, баягыны:

– Кан, ууру – мобул, – деп, колдон алганда баягы Муса мөңкүп:

– Коё бер! – деп жулунду.

өгүздүн ээси:

– Каным, айланайын, атын сура, – деди.

– Атым – Муса, – деди.

– Каным, ушу өгүздүуурдаган.

– Бер, иним, бул кыпкызыл олуя экен. Бер өгүздү.

– Муну алганым чын эле, каным. Койнумда аялым да этти каяктан көтөрүп келдиң деп суроочу эмес эле. Касапчыдан алып келдим деп, күнүгө үйгө алып келип, берип турчу элем, каным. Мунун өгүзүн төлөп берейин, – деп, өгүзүн мойнуна алып, төлөп берди.

Олуяларга баягы өгүздөй өгүз берип тынды.

– Мал алып келгиле, бул олуяларды конок кылалы, – деп, бир кой алып келди.

Этти чыгарып, табакка жасап:

– Коноктордун колуна суу куй, – деди.

Улуусу колун жууп, макисин жуубай койду. Ортончусу бир колун жууп, бир колун жууган жок.

– Бул макүрөө эт экен.

– Макүрөө болсо, арам болбойбу – деп, ортончусу чыкты.

Эң улуусу:

– Макүрөө, – деди.

Ортончусу:

– Арам! – деди.

– Макүрөө, арам болсо иттин эти турбайбы, – деп, кичүүсүчечти.

Колуна суу куйган бала:

– Муну иттин эти деп жатат үйдөкүолуялар, – деп, канга барышты.

– Буларды олуялар десем, супарамдагы малымды арамдыкка чыгарат. Булар олуялар эмес эле, акмактар турбайбы, айдап чык.

– Каным, муну баккан ээси барбы?

Баккан ээси жанында турган экен.

– Мен, – деп тура калды.

– Бул койду айт, эмне кой эле, айт. Айтпасаң, биз айтабыз.

– Эй, каным, бу койду бая кара каткалаңда энеси кара желин тууп, күчүгүүйдө калган канчык ээрчип жүргөн, ошонун мойнунан басып туруп, козу маарап чыдай албаганда, үч эмчегин эмизип алдым эле.

Ошондо баягы көзүачыктар:

– Ой, каным, эчтеме ооз тие электе иттин сүтүн ичкенде арам болбой коёбу. Бул иттин эти дегенибиз ушул, каным.

«Булар кыпкызыл олуя турбайбы» – деп ойлонуп калат.

– Ханым, кайыр кош эми, биз үйгө барабыз – деп, кандын сарайынан чыгып, үйүн көздөй кетип баратса, жалгыз ичке жол менен бирөө чаап келе жатат.

– Ой, айланайын, жүктүүтөө көрдүңбү?

– Бир жагына май арткан, бир жагына бал арткан төө беле?

– Ии, кагылайын, как эле өзү.

Анда бирөө туруп айтат:

– Куйругу чолок төө беле?

– Как эле өзү, ушуну жүгүменен зыян кылбай бер – деп, үч баланы кармады.

– Ой, биз алганыбыз жок.

– Жүрү, канга баралы – деп, баягы төөнүн ээси, канга ээрчитип барды.

– Ой, айланайын, каным, мынабу үч жигит төөмдүн үстүндөгүжүгүнөн, куйругунун чолоктугунан, көзүнүн сокурдугунан өйдө билип, бул үчөө бербей жатат. Муну алып бер, каным, – деди.

– Эй, булар кыпкызыл олуя, төөң адамдын колундабы, оттоп талаада жүрөбү, ушуну сурагын, – деп, кан сураса:

– Бул төө үстүндөгүжүк-мүгүменен аралап калың токойдо жүрөт. Барып ошол токойдон таап ал, – деди.

Аттанып бастырганда кан:

– Бу үстүндөгүжүктүкандай билдиңер? – деп сурайт.

– Жолдун бир жагы менен зырылдап чымын, бир жагы менен аары учуп баратат. Аары балга, чымын майга конот, мындан билдим.

– Бул төөнүн куйругу чолок, көзүсокур беле дедиң, аны кантип билдиң?

– Төө куйруктуу болсо, бокту быяк-тыякка чачат эле, ошол куйругунун чологунан чычкан богу жалгыз жолго тизилип түшүптүр. Куйругунун чологун мындан билдим.

– Төөң сокурбу депсиң, сокурдугун кантип билдиң?

– Көзүкөргөн жаккы чөптүн баарынын башын үзүп жеп кетиптир. Берки көзүкөрбөгөн жак чөптүн башы аман калыптыр, сокурдугун мындан билдик, – деген экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-04-2011
Жомокчу
57218

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×