Добавить статью
12:16, 14 апреля 2011 24458

Жомоктор топтому

СУЛУУ ИЗДЕГЕН ЖИГИТТЕР

Бир жигиттин түшүнө сулуу кыз кирип, ошо сулуу кызды табамын деп, төгөрөктүн төрт бурчун төрт, Медийнанын беш бурчун беш айланып кыдырыптыр. Аты ыргайдай, өзүторгойдой болуп арып-азып, чарчап, таппай келе жатса, бир дарыя суунун башында, булактын көзүндө ай десе аты жок, күн десе көркүжок бир мелтиреген сулуу келин олтурат.

Баягы жигит: «Менин түшүмдөгүкыз келин болуп калды, мейли, келин болсо дагы алайын» – деп ойлоп, сүйлөшүп калды.

Келин макул болуп, жигит үйүнө алып келди.

Күндөрдүн биринде баланын досу учурады.

– А досум, колукту алдыңбы?

– Алдым, – деп, жигит жооп кайтарды.

– Кана, мен колуктуңду көрөйүн, – деп, досу баягы аял алган досунун үйүнө келсе, алган сулуусу ажыдаар экен.

– Ээ, баатыр, сенин аялың аял эмес, оокат кыла албай, темселеп калган карыган ажыдаар, – дейт.

Анда берки досу: «Бу менин сулуу аялымды көрө албай, айтып жатат» – деп, ичи тарыйт.

Аны берки досу билет да:

– Ай, баатыр, сен аялыңдын ичин сылап көр, киндиги болсо – аялың адамзат, киндиги жок болсо – жылан. Чыпалагыңды кез-кез тузга мал, уктабай жат, аялыңа шек алдырбай ичин сыла, эгер шек алдырсаң, бул шаарды бүт чаптырасың, өзүң кошо өлөсүң, – дейт.

Ошо менен баягы жигиттин айтканындай киндиги жок.

Эртеси күнүдосуна:

– Сенин айтканыңдай киндиги жок экен, – деп айтат.

– Эмесе аялыңдын боюна бүтүп калды, эки айлык, сен бир жакка соода-сатык кылып, жолоочулап кет, тогуз ай, тогуз күн, тогуз саат, тогуз мүнөт дегенде кел. Ошондо аялыңдын толготуп, төрөп жаткан учуру болот, – дейт.

Ошо келгенче берки досу бир жакшы кылыч жасап коёт.

– Бул бала түшүп келе жатканда аялыңдын мойнун кыя чап! – деп кылычты колуна берет.

Жигит аялынын мойнун кыя чабат. Астына түшкөн баланын эч жерине кан тийгизбей ал деген досу. Бирок алганча баланын көкүрөгүнө энесинин мойнундагы канынан эки тамчы кан таамп кетет. Ошо менен баягы аялы өгүздөй кырк кулач ажыдаар болуп жатып калат.

– Эми эмне кылам? – деп досуна кеңешет.

– Жонунан эки карыштай терисинен тилип калып, калганын өрттөп ий, – дейт баягы жигит.

Ошо менен досу бир күнүдагы учурайт да:

– Балаң кандай бала болду? – дейт.

– Ой, билбейм, бир көтөрүп келген отуну бир шаарды камсыздандырат. Бир ичкенде бир шаардын тамагын бир ичет, – деп айтат баланын атасы!

– Балаң экөөң биздикине бир конокко барып келчи? – деп досу чакырат.

Алар келгенче досу темирден үй жасап, ичин кооздоп, бир жагынан кирип, бир жагынан чыгып кеткендей эшик жасайт.

Баягы досу баласын ээрчитип конокко барат. Досу менен баласын темир үйгө ээрчитип кирет. Жасалгалуу биринчи үйгө бала, экинчисине баланын атасы кирет.

Досу баланын атасы экөө бир эшигинен кирип, бир эшигинен чыгып кеткенден кийин, бала эмеспи, сүрөттөргө каралап, артта калат. Шап эшик жабылып, бекилет. Ошо менен бала бакырганда баягы темири асманга үч көтөрүлүп, үч түшөт. Жети күнүбир кесим нан, бир чөйчөк суу берип багып, андан кийин бир талаага ор кастырып, бир бээни союп, казысын ичине жайдырып таштайт. Жети кетмен, жети нан койдурат. Ачыккан баланы чынжырга байлап алып, ордун башына коёт. Этти, нанды көрүп оп тартканда оозунан эки жылан атып кетип, жети катар нандан, казыдан өтүп, жети катар кетменге барып токтойт. Жылан атып кеткенден кийин баланын эси ооп, жалдырап жыгылып калат. Сүт берип, ак боз бээнин сүтүнө киринтип, баланы адалдап үйүнө алып келет.

Баягы эки тамчы кан баланын денеси менен бирге өсүп, жылан болуп, кийинки учурда бала ажыдаарга айланып калмак. Досунун илим-билими менен бала аман-эсен тазаланат.

Ушундан кийин баланы атанын канынан жаралды, бала эркектики деп айтылып келген экен.

ЖЫЛАН МЕНЕН КЫЗДЫН АҢГЕМЕСИ

Илгери учурда талаада бир кыз тезек терип жүрсө, бир ак жылан, бир кара чаар жылан алдынан чыгат. Ак жылан ийинге кире качат. Кара чаар жылан ийинге жете элегинде кыз өлтүрүп салат.

Ошо менен жүрө берет, кыз бойго жетет. Бойго жеткенде кыздын кичинекейинде кайындап койгон күйөөсүбар экен.

– Кыз он алты жашка чыкты! – деп, күйөөсүкалың айдап, малын алып, баягы кызды алмакчы болуп келип, күйөөлөп жаткан түнүкүйөөсүкыз менен сүйлөшпөй, бир күн ыракаттанбай төшөк үстүндө өлөт.

Кыз аман. Баягы күйөөнүн алып келген малын ата-энелери алып үйүнө кайтат. Ошондой кабарды угуп, дагы бирөө куда түшүп, малын айдап келип, той өткөрүп жигит кызды алып үйүнө барып, түлөө тоюн өткөрүп, жатып калган түнүбаягы күйөөсүөлүп, кыз дагы күйөө менен жүздөшпөйт. Андан кийин беш күйөөгө барып, баш-аягы жети күйөөсүөлөт. Ушуну менен кыз бир көзүачык молдого барып, бал китеп ачтырат.

– Менин кандай бактым, жети күйөөгө барсам, жетөө тең өлдү?

Ошондо молдо бал китебин ачып олтуруп:

– Талаадан бир окуя көрдүң беле? – деп, кызга суроо берет.

Кыз баягы жылан өлтүргөнүэсинен чыгып кетет.

– Жок, мен көргөн жок элем, – дейт.

– Талаадан бир жылан өлтүрдүң беле? – деп молдо айтат.

Унутуп калган кыз:

– Билбейм! – дейт.

– Сен жакшы ойлонуп эстегин. Кандай жерден, кайсы убактыда, кандай жылан өлтүрдүң?

Баягы кыз кичирээк чагында өлтүргөнүэсине келбей, үйүнө келип жатып калат. Арадан үч күн өткөндөн кийин баягы жылан түшүнө кирип, түшүндө кыз баягыдай талаада тезек терип жүрөт, кадимкидей жыланды өлтүрөт. Бир жылан кутулуп жерге кирип кетет, түшүндө баягы жылан өлтүргөн жеринде болот. Ошондо кыз: «А мен бала кезде ушундай болбодум беле» – деп, баягы бала кезинде өлтүргөн жыланды эстеп, эртеси күнүмолдого келет.

– Молдоке, мен эстедим, талаада тезек терип жүрсөм, эки жылан учурады. Ак жылан ийинге кире качкан. Кара чаар жыланды өлтүрүп, ошо жерге көөмп салгам, – дейт.

Ошондо молдо бал китебин ачып, кыздын окуясын карап отурса, кара чаар жылан менен ак жыландын үйлөнүп жаткан күнүэкен. Баягы ак жылан кыз, кара чаар жылан күйөөсүэкен. Экөөнүн бир түнкүсүйүүсүнө жетиштирбей, кыз өлтүрүп койгон.

– Сен мендей күйөөгө барарсың, мен да сенин сүйүүңө жеткирбеймин – деп, ошондо ак жылан ант берген.

Ошо менен кыздын күйөөсүүйлөнгөн күнүак жылан өлтүрө берип, кыз сүйүүгө жетпей, кыз боюнча калып калган. Ак жылан да күйөөсүнүн кунун кууп, кыз боюнча жүрө берген.

Ошо менен кызга молдо:

– Сенин ошол күйөөлөрүңдүкүйөөсүнүн кунун кууп, жылан өлтүрүп жүргөн. Эми сен мага миң дилде бер, мурунку күйөөңдүтирилтип берем, – деп кыздан миң дилдени алып, булактын башына барып, кырк бир күн окуганда жыландын падышасы булактын башына келет.

– Эй, молдо, өлгөн адам тирилеби, өчкөн кайра тамабы? – деп, жыландын падышасы молдого айтат.

– Ээ, жылан падышасы, менин пендемди тирилтип бер, сенин жыланыңды биз тирилтип берели, – деп, молдо жыланга жооп кайтарат.

– өлгөн адамды тирилтүүгө күчүбүз жетпейт. Бул алдамчы молдонун өзүн чагып өлтүр, кызды алдаган немени, – деп, жыландын падышасы бир жыланга буйрук берет.

Жылан барып молдону чагып өлтүргөндө койнунан ат башындай алтын, кой башындай күмүш ыргып кетет.

Ошо чагып өлтүргөн жылан, бая ат башындай алтын, кой башындай күмүштүкоргоп, курчап жатып калган экен. Ошол күндөн ушул күнгө ордолуу жылан жаткан жерде алтын бар деп айтылып калыптыр.

ӨГӨЙ ЭНЕ

Бир абышканын байбичеси өлүп, анын Нуркан, Мустапа деген эки баласы калат. Нуркан улуусу, Мустапа кичүүсү. Абышка бай, бардар. Балдардын энеси өлгөндөн кийин бир төрөбөгөн аял алат.

Анан ошо менен жүрөт-жүрөт, атасы барда өгөй эне балдарга тамакты дурустап алдына коюп, атасы жокто айранга суу кошуп берип:

– Бар талаага, кой кайтарып кел! – деп, айдап жиберет.

Бая эки бала койчулардын жанына барып, кой кайтарышып, өңүазат, арыктайт, кирдейт.

– Эки бала эмне начарлап кетти, көз салсаңчы – дейт, бир күнүатасы.

– Көз салып жатам – деп, жооп берет өгөй эне. Атасы барда талканды элеп, көөлөп берсе атасы жокто кебеги менен көөлөп берет.

Улуусу эстүүрөөк, элеп берген талкандын теңин жеп, теңин түйүп, элебей көөлөгөндүн да теңин жеп, теңин түйүп коёт.

– Силер талаадан эмне ичип, эмне жеп келдиңер? – деп, балдарды сабайт.

– Эчтеке жегенибиз жок – деп, чоң баласы эстүүрөөк айтпай коёт.

– Тезекчи абам бир кой союп берди, – деп, эс-акылы кире элек кичирээги токмоктон коркуп айтып коёт.

– Талаадан кой союп жептир, – деп, кечинде бай келгенде атасына айтат.

Бай Тезекчини чакырып, суракка алса, Тезекчи өлгөндөй танат. Кичинекей бала тана албай, чындыкты мойнуна салат. Тезекчи койчу байдан кордукту көрүп, кара өгүз менен кайкайып, антип-минтип койго жеткенче койдун теңин бир кара карышкыр кырып салат.

– Боорукер койчуң койдун баарын кырдырды! – деп, баягы албуут эне байга кыйкырып, койчуну кубалатып жиберет.

Тезекчи ал байдан чыгып, башка байга койчу болот. Бая эки бала Тезекчинин ордуна кой кайтарып, баягы кырга коюн жайып барып, Тезекчи койчуга учурап, алып келген азык-түлүгү, май, сүтүнөн чогуу ичип-жеп, өңдөнө баштайт. Анда өгөй эне: «Бул экөө өңдөнүп, семирип, сергип кетти» – деп, каршылык кылып.

– Кой-козуңдан союп жеп жатат, – деп, дагы атасына жамандайт.

Анда эси жок ата өлөрчө эки баланы тепкилеп, эки жоон санына кыл чылбыр менен толготуп, эки баланын алы-күчүн бүт кетиртип таштайт. Ошо менен балдар баса албай, бир ай үйгө жатып калат. Бая ата эмеспи, малынан сойдуруп, балдарга өз колу менен тамак берип өңдөнтүп, тыңытып, жакшылап багып калат.

Күз болот, мал семирет. Малайларына мал айдатып алып, бай Анжиянга кетет. Ошо соода-сатык кылып жүрүп, бай бир ай кечигет.

Бая балдар чоңоюп калган. Байдын артынан өгөй эне кат жазат: «Бай, тез кел. Мени эки балаң койнума кол салып, тынчымды кетирди», – деп балдарды каралап, ак жеринен күйгүзүп, байды чакыртат. Бай келет, суроо берет. Баягы өгөй эне каралап:

– Эки балаң менин койнума кол салды, – деп айтып берет.

Эки баланы чакырып, бай суракка алат. Эки бала атасына:

– Ал ишке барганыбыз жок! – деп, кай шиленип, кай карганса деле бай ишенбей:

– Эки баланы өлтүргүлө! – деп, жигиттерине буйрук берет.

Эки баланы алып жигиттер талаага чыгат. Эки бала:

– Ушу бизди кантип өлтүрөсүңөр, өлтүрбөгүлө, акелер!.. – деп жигиттерине, койчуларына жалынат. Бая жигиттер, койчулар болбой дарга асып өлтүргөнүжатканда бир арпа сугарган кедей-дыйкан келет.

– Ой, баатырлар, эмне кылган жатасыңар?

– Ушу балдарды өлтүргөн жатабыз.

– Ой, бул баланын кандай кылмышы бар? Жан соога, бул баланы мага бер.

– Бул балдардын кылмышы көп, бербейбиз! – деп, баягы жигиттер айтат.

– Деги кылмышын айткылачы.

– өз энеси өлүп калды эле, өгөй энесинин койнуна кол салыптыр.

– Ошол да кылмышпы, өгөй эненин кастыгы!.. Ошо эки баланы мага бер, жан соога! – деп, жигиттерден сурап алат.

– Биз өлтүрдүк деп эмне белги алып барабыз, байга?

– Койдон бирди сойгула, эки баланын көйнөгүн канга боёгула. Балаңды өлтүрдүк деп эки көйнөктүалып барып бергиле, ишенет! – деп, бир койду союп, этине тоюп, канга эки көйнөктүбоёп, жигиттердин колуна берип, эки баланы дыйкан үйүнө ээрчитип кетет. үйүнө барып, сууга ээрчитип алып, дыйканчылыгын кылып жүрө берет.

Баягы албуут эне көйнөктүкөрүп:

– Бул сенин балдарыңдын каны эмес! Бул жигиттер өлтүрбөй эле, бу же койдун, же иттин каны! – деп, жигиттерди суракка алат.

– өлтүрдүк! – деп, жигиттер айтса болбой кыйнаганда бир жигит чаап дыйканга барып: – Бизге ишенбей, баламды өлтүрбөй келдиң деп кыйнап жатат, – дейт.

Жигиттин сөзүн укканда дыйкан:

– А болбостур, эки бала элин сагынып,ойногон балдарды сагынган неме элине кетсе керек, үйдө жок, ошо жактан издегиле – деп, жооп берет.

Аргасыздан дыйкан үйгө келип, эки балага:

– Балдарым, силерге бул жер жай болбой калды. Атаңар ишенбей, жигит жибериптир. Силер бул жерден качкыла, кеткиле – деп, баягы дыйкан бир чака бадырак кууруп берет.

– Бул жактан чыгып, бөлөк шаарга кеткин же болбосо өлтүрүп коёт, – деп, бир чака бадыракты эки баштыкка салып, эки баланын далысына түйүп, узак жолго салат.

Балдар узак жол менен күндөп-түндөп жүрүп олтурат. Баягы буудай азык-түлүгүтүгөнөт. Ичээр эчтекеси калбай, шаарга жетпей, айдай талаада калышты. Как эткен карга, кук эткен кузгун жок, бир чоң таш кызыл жардын алдына барышты. Көлөкөлөп олтуруп, көп ыйлап, көп кайгырып жатып, уктап калышты. Бир оокумда улуу байкеси ойгонуп тура калса, жар түбүндө олтурат. Бая кичүүбөбөгүуктап жатат. «Чарчаган неме уктасын, уйкусу кансын» – деп, ойлоп ойготпойт. Эригип олтуруп, таштын түбүн таягынын учу менен чиймелеп казып олтурса, бир төөнүн кумалагындай алтын чыгат. Алтынды ала коюп, бала сүйүнүп, жеңинин учу менен тазалап: «Эми өлбөй калдык, бир шаардын четине эптеп жетсек сатып, ушунун тыйыны менен оокаттанып жан багабыз», – деп, сүйүнүп кетип, бөбөгүн ойготот.

Күн кечтеп баратат. Ойготсо бөбөгүойгонбойт. Ары чоёт, бери чоёт, ары жакка тартат, бери жакка тартат, ойгонбойт. «өлүп калган экен» – деп, бала ыйлап олтуруп, түн кирип кетет. Бала бөбөгүнүн жанына түнөп, жылдыз суюлуп, таң атканда: «Ойгонор бекен?» – деп аракеттенип ойготот. Ойгонбой койгондон кийин бала: «өлгөн экен» – деп түңүлүп: «Ушул жерден өткөн адамдар баланын колтугуна койгон алтынды алып, соопчулукка көмүп койгула» – деп таштын бетине катты жазып, бая баланын агасы узак жолго түшөт. Бөбөгүошо кара таштын түбүндө калат. Бала жүрүп олтуруп, бир шаардын четине барса, бир заңкайган ак үй турат. Баягы ак үйгө кирейин десе: «Бул ак үйгө кирген киши чыкпайт» деген сөз жазып койгон.

Бир уугу көрүнгөн, аябай жыртылган кара үйгө кирейин десе, дагы жазылган сөз бар. «Бул кара үйдүн ыгын таппайт. Ыгын таап кирген адам кылымга чейин жан сактайт», – деп жазылган.

Бала тура калып ойлонот. «Кой мен ак үйгө кирип чыкпай калсам, анда тапкан пайдам кайсы, тобокел кара үйгө эле кирейин» – деп бала кара үйгө кирет. Кара үйгө кирсе, эки көзүкөрбөгөн ээгин эңилчек баскан, бүктүшө жаткан, сакалы белине түшкөн, жашоодон үмүт үзгөн, астында казылган ороо бар, ороонун үстүндө кара талпак, кара талпактын үстүндө карылыгы жеткен бир кара абышка жатат. Бала тура калып, колун бүгүп салам айтат. Кулагын ныл1 басып, кишинин саламын укпайт. Бала кайра-кайра кыйкырып:

– Ата! – деп, барып колун кармайт.

Анда абышка сезип:

– Ээ, балам, сен кимсиң? – дейт.

Бала атага жооп берип, башынан өткөн жайын айтат.

– Ээ, балам, кайда барасың?

– Э-эй, ата, кайда барайын, жашоонун жайын издеп жүрөм. Мен баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн, – деп жүрөм.

– Ээ, балам, менин балам, ботом жок, мага бала бол!..

Анда бала: «Мен бала болсом, кандайча жашоо болот, эч нерсеси жок болсо?» – деп, бала ойлонот дагы:

– Ата, эч нерсеңиз жок экен, экөөбүз кантип жашайбыз.

– Ээ, балам, мен бир миң үч жүзгө чыктым, ырыскы жетип жашап келе жатам. Мен жашагандай эле жашайсың.

Бала шарт эшикке чыкмакчы болгондо, абышка шап билектен алат.

– Ай, балам, токто! Ырыскы жетет деп айтпадымбы! – дейт.

Бала бир ойлоно калып, бая эшикте жазылганды сезип: «Эмнеси болсо да бир түнөп өтөйүн» деген ойго келет. Бала абышканын жанына чөгөлөп олтура калат. Абышкага бала сырын айтат.

– Ата, ачкамын, беш күндөн бери эч наар сыза элекмин. Ачкалыктан бөбөгүм өлүп жолдо калды.

Баягыны угуп абышка:

– Бир аз тура турчу, балам! – деп үшкүрүп таягын жерге саят.

Бир аз болор-болбос, болуп койбос, жесе адам тойбос, бир кенедей тамак пайда болот.

– Балам, тур, мобу насипти алып же, – дейт, абышка балага кайрылып.

Бала алып жейт. Бала тойбой калат.

– Тойбой калдым, ата! – дейт.

– Мындан көп тамак жеөгө болбойт. Ачкамын, арыкмын дейсиң, мындан көп жесең өлүп каласың. Мындан көбүрөөк насибиң эртең болот – деп, коёт абышка.

Аңгыча күн батып, күүгүм кирип, каш караят. Бала жатмакчы болуп жата албай, көңүлүооп, абышканын таягын акырын уурдап алат. Бала үшкүрүп, абышкадай жерге сайса, эч кандай майнап чыкпайт. Баягыдан башка тамак болбойт, бала уктайт.

Бир аз тамак өзөгүнө түшүп, эртеси күнүэртең менен шашкеге чейин турбайт. Шашкеде козголуп бала көзүн ачса, баягы абышка да, тамак да, таяк да жок, ороо да жок, талпак да жок, үй да жок, бир эле айдай талаада жатып калат.

Бала туруп, чекесин сыйпап, үшкүрүп олтуруп, элдир-селдир эсине келип: «Мен эмне болдум, өңүмбүже түшүмбү, кандай керемет?» – деп, анан туруп, дагы узак жолго түшсө, астынан бир жээрде сакал, жээрде ат минген, кементай кийген, кейпи көп күн жүргөн бир адамга учурайт.

– Ассалоомалейкум! – деп, бала ийилип салам берет.

Баягы киши алик алып, балага карата сөз салат:

– Ээ, жол болсун, балам! Түрүң арып-ачкан, кейиш тарткан, узак жол баскан бала экенсиң. Каякка бет алган баласың?..

Бала жээрде сакал кишиге жооп берет.

– Ээ, ата, мен баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн, – деп, ата-эне издеп жүрөмүн.

– Ээ, менин балам жок, ботом жок, мага бала-бото бол, – дейт, жээрде сакал киши.

Жээрде атка учкаштырып, алты канат ак сарайдай болгон ак үйгө алып барат. Ак үйдө тамак-аш, ана-муна дегенден ным эчтеме жок. Бая суусаган, чарчаган бала тамшанып үстүңкүээрдин жалап коёт. Аны биле калып жээрде сакал киши:

– Жум, балам, көзүңдү, – дейт.

Бала көзүн жумат. Абышка бир кара кыңырыкты:

– Чөлдөгөн балага кымыз бол! – деп, жерге таштап коёт.

Кымыз болуп, кымызды ичип, уйкусу келген бала кымызга мас болуп уктайт. Бир убактыда бала тура калса, жээрде сакал киши уйкуга батып төрдө жатат.

– Ата, ата, курсагым ачты, – дейт, төрдөгүкишини ойготуп.

– Дагы көзүңдүжум, балам! – деп, баягы атасы көзүн жумдурат.

Макисин кармап дагы үшкүрүп:

– Жээриңе аш бол, киериңе кийим бол, – деп, таштап коёт.

Дасторкон толо тамак жайнайт. үстүнө жаркылдаган кийим болуп, кийимди киет, тамакты ичет. Баягы курсагы ачып келген бала тамакты көбүрөөк ичип, тамак өзөгүнө түшүп эси ооп, бир күнү-түнүжатып тура калса, ак үйдүн ичинде жатат. Курсагы ачып калыптыр. Эшикке чыга калса, кабыланы баштанып, ээр токумун башына жазданып, абышка кырда жатат. Жанына барып салам айтат, укпайт.

– Ата, ата! – деп, кыйкырат, укпайт. Абышка керилип, чиренип кайра оңдонуп уктайт.

Баягы бала: «И-и бу дагы менчилеп өзөгүнө түшүп кеткен тура. Мен деле макини үшкүрүп, жерге таштасам, тамак болбойбу» – деп ойлоп, макини үшкүрүп, жерге таштайт. Тамак чыкпайт, эчтеке жок. Аңгыча алай-дүлөй шамал болуп, ак үйдүасманга учуруп, күлүн сапырып, баланы учуруп барып бир кырга таштап, ат менен абышкадан дайын жок, куураган жерге, каккан куу мамыга жүдөгөн даакысы түшпөгөн бир кийик байланып калат. Кер эчкини бала, кер эчки баланы тиктейт. Ошентип тиктешип олтуруп, көп убакыт өтөт. Кер эчки эңкейип чөп жейин десе моюну жерге жетпейт. Котуру күбүлүп, даакысы жерге түшүп турат.

Бала курсагынын ачкалыгынан эчкини союп жесем деп, көңүлүн буруп, кер эчкинин жанына басып келет. Эңкейип мойнун кармап, семиз-арыгын көрөт. Анда кер эчкиге тил кирет:

– Ээ, бала, мага көңүлдүбурба, адамзат, менин кебиме кулак сал! – дейт. Бала чочуп кетип колун тартат. Анда кер эчки балага айтат. – Ушундай колуңдун шоктугунан, нээтиңдин бузуктугунан, өз ырыскыңдан өзүң күбүлдүң. Мен сага бир эмес, үч жолу кабылдым. Ниетиң бузук, ичиң сасык, ырыскыңан кагылдың. Бирок акыркы ирет мен сага ырыскы болдум. Жата калып эмчегимди эм! – дейт.

Бала жата калып эмчегин эмейин десе, эчки былжыраган сымма котур. Анда жийиркенип этин жыйып, эмбейин десе ачкалыктан өлүп баратат. Аргасыздан бала эмчегин эмет, үч соргондо бала тоёт.

Ушуну менен бала менен эчки тиктешип, күн батканча олтурат. Күн батканда дагы эчкиге тил кирип:

– Ээ, бала, канчалык азар, азап тартып жүрсөң дагы, бир тобо кылган жоксуң. Ушуну менен үч кабылдым. Биринчи кара үй, карыган абышка болуп калдым. Мында ниетиңди бузуп, таяк уурдадың, экинчиден жээрде ат, жээрде сакал киши болуп кабылдым. үчүнчүдө ушундай котур эчки болуп колуңда турам. Менин котурумдан жийиркенип көңүлсүз аргаң жок эмдиң. Мен котур эчки эмес, перинин Умай энесимин. Мен сенин келечектеги бактылуу, жылдыздуу шер болоруңа көзүм жетип, акылдуу адам болот деп, жалгыз кызым бар эле, ушуну бермекке жолуңду тостум эле. Аттегин ай, эмчегимди, сүтүмдүэмип койдуң. Кызым экөөң эмчектеш болуп калдың. Болбостур, мындан ары ырыскың өзүңдө – деп, көздөн кайым жок болот, бала талаада кала берди.

Ыйлап-ыйлап, узак жолго түшүп жүрүп олтуруп, бир шаардын четине барып, шаардын ичи карарып-түнөрүп эле көп кишилер чогулуп жатат. Бала чогулган жерди көрүп, шаарга батына албай, бир булактын башына барып, суу ичип: «Кандайдыр суу алган жер экен, бирөө келээр» – деп олтурса, бир жыртык чака, сынык кумган колуна алып, бир бөкчөйгөн байбиче сууга келип, эңкейип суу сузат.

Бала барып:

– Эне, амансызбы? – десе, такыр кемпир укпайт.

– Эне, бул кайсы айыл? – десе.

– Суу алып жатам, – дейт.

Суу алган чакасын караса, түбүжыртык: «Буга кантип суу токтойт» – деп бала ойлоп коёт. Мындай караса, суу ала турган кумганы сынык. Баягы кумганды көрүп: «Буга кантип суу токтойт» – деп дагы ойлоп коёт.

Баягы байбиче кумганга сууну сузуп алып, булактан ылдыйраак барып, даарат алып, чапанын жайып, намаз окуп калат.

Ошондо бала мурункусун эскерип, зырп этип жүрөгүнө түшүп: «Бул кереметтүүэкен» – деп, байбиченин жанына барып, мойнуна колун салып, зыркырап ыйлап иет.

– Кой, балам, намазыман жаңылып калдым. Тобоңо таянып, эсиңе эми келдиңби, балам. Ушуну менен төртүнчүжолугушум – деп байбиче акактай кыз болуп тура калат.

– Ата-а, кичине макүрөө болуп калдың эле, – дейт.

Ал: «Макүрөөсүэмне» – деп ойлойт. Анда кыз жооп берет:

– Макүрөөсүушундай. Биринчи жолуккан кишиң менин чоң атам эле. Экинчи жолуккан өз атам, үчүнчүэчки – албарсты. Ошол кубулган котур эчкинин сүтүн эмип койдуң, макүрөөнүн жайы ушундай. Эки атама адал иш кылсаң, сени өз жаныма тартып, өздөрүндөй шер кылып алмак. Мени сага бермек. Бирок ошолордон ажырап калдың. Тээ карарган калың элге барба, анда бир жаман иш, кандын кызы тилсиз жатат. Ошону ууланттыңар, ким уулантканын билип бергиле, – деп хан элди кыйнап жатат. Болушаарың жок, жалгыз экенсиң, мен төртүнчүжолу жолуктум, – деп, кыз кайра тартмакчы болот.

– Карындаш, бардык ишти кечир, бир мээримиңди берип кет! – деп, бала жалдырап, жалооруп кызга кайрылып, көзүнүн жашын төгүп жиберет. – Эч жерде, жакын жерде шаар көрүнбөйт, азыгым жок, ачкамын.

Кыз жүрөгүжумшак эмеспи, мээримин төгүп:

– Көзүңдүжум! – деп, баланын көзүн жумдурат. – Минээрине ат, киерине кийим, атаарына мылтык, чабаарына кылыч, саярына найза бол! – деп үшкүрүп, колунда шакегин жерге таштайт.

– Көзүңдүач! – деп кыз кайрылат.

Баягы кыздын айтканындай бардыгы орундап, минээрине ат, ичээрине аш, киерине кийим, чабаарына кылыч, атаарына мылтык, саярына найза болуп калат. Кыз айтат:

– Токто, жигит! Бу шаардын ханынын кызынын тилден калганы эки бутунун ортосунда тилин бууп албарсты жатат. Сен жалтанбай, хандын үйүн ыргыта сайып, кыздын бутунун ортосунда жаткан албарстынын башын камындырбай кылыч менен кыя чап!.. Ошондо кыз: – Ушунчалык уктаган экемин – деп, үшкүрүп тура калат.

Албарстынын боорун жарып, өтүн, тилин кесип, тилинин астындагы мөөрүн ал, таманын тилип туз салсаң, ишиң оңолуп, кандын кызы сенин жарың болот. Ошенте албасаң, сенин өлүмүң ошо жерден, хандан. Жалтанбай бар! Алың жетпей баратса, өзүм жардам берем. Көзүңдүкыздын бутунан алба, бурулуп эки жакты карап калба. Бурулуп калсаң, албарсты тура калып, сенин бооруңду тилип, туз салат. Ошентип кыз көздөн кайым болот. Жигит зооту кийип, жарак-жабдыгын тагынып, найза менен сайып, кандын ордосун жалтанбай жардырып өтөт.

Хан тура калып:

– Кайдагы акмак, макулук, кармагылачы! – дегиче, жигит бурулуп кыздын жанына келип, албарстынын башын кыя чаап, көзүн оюп, тилин кесип, ичин жарып, боорун алып, таманын тилип туз салып, денесин отту көздөй ыргытканда, кыз:

– Ох! – деп, тура калат.

Тактымды, таажымды, кызымды да берем, – деп хан шерт кылган. Айткандай такты-таажысын, кызын, кандыгын берип, баланы кан көтөртүп, өзүувазкер болуп, жыргап жатып калат. өз жаны тынчып көңүлүтолкуп, колуктулуу кан болуп, жайланып калгандан кийин, эртегеси эсине, баштагысы башына түшүп, ит агытып, куш салып, канчалык шайырланып жүрсө дагы кандын кабагы салыңкы, капалуу. Анын оюн кан кайнатасы таап коёт. Кайнатасы айтат:

– Ме ушул шаарга жүз жыл сурак жүргүздүм. Элимден сендей жылдыздуу, бактылуу, маңдайында периште ойноп турган жигитти көргөн эмесмин. Ошондой болсо да бир капаң бар, сырыңды жашырбай айт, – дейт.

Анда бала намыстанып: «Толук сырымды айтсам болбостур, башкача жооп берейин» – деп:

– Ата, менде эч капа жок. Мен дагы сиздей кандын баласы элем. Айылдан чыгып, мергенчилеп, кийиктин кызыкчылыгына түшүп, үйүмдөн чыкканы үч ай талаада болуп, үч айдан кийин барсам, айылымды жоо чаап, ата-энемди колго түшүрүп байлап кетиптир. Ошентип, ага-инимден, эже-карындаштардан ажырап, сизге келип бала болуп калдым. Эч капачылыгым жок, – деп, жашырып коёт.

Баякы кыраакы кайын ата көп ишенбеди. «Мейли эми, кандайдыр жашырып койду. Дагы көрө жатарбыз. Жоо чапса, каракчы алса, калайык-калктан, жумурай-журттан бирөө бир белги берет эле да! Бул сөзүжалган» – деп ойлоп, эки-үч жыл өткөндөн кийин Атакан хан мурунку кан Токсобайга келип:

– Ээ, атсалоом алейкум, Токо! Эми бир кулач уулдуу болду деп угуп, достошоюн деп, күйөө балаңыз экөөңүздүконокко чакырып келдим, – дейт.

– Достошуп келгениң үчүн, – деп, Токсобай кан Атакан канга ээр токуму менен тулпар мингизип, алтын зоот кийгизип, колуна туур менен шумкар кондуруп, Атакан ханды узатат.

Арадан беш ай өткөндөн кийин, күлүктөн жүздү, жоргодон жүздүбайлатып, бир нарга жамбы арттырып:

– Ассалоомалейкум, Атакан каным, тууруң кут болсун, жубайың жуп болсун – деп, Атаканга конокко барат.

Атакан кызыр эмди тай, ак боз бээ союп, конокту жакшы мээримдүүтосуп алат. Кеч бешимде тайдын эти бышып, меймандардын колуна суу куюлат. Бала кандын колуна суунун кезеги келгенде эси ооп, колун сууга жууй берет. Жалгасын дебегендиктен, суу куйган бала сууну куя берип, кумганда суу түгөнүп калат. Суу куйган бала сыртка барып, кумганга кайра суу куюп келип, кайта куйганда эси ооп, жууй берет, астындагы чылапчын толуп кетет.

– Мага достошкону келбей эле, булар шылдыңдап келген тура. Бер батаңды! Тарт кумганды! – деп, тыяктан Атакан кан кыйкырып иет.

– Болду, баатыр! – деп коёт, бая эси оогон кан.

Атакан кан ансайын ачуусу келет. «Баатыр быякта турса, менин суу куйган баламды баатыр дейт тура! – деп, Атакан сынып калып, сыр билдирбейт. Кандан ылдыйкы элге бала сууну куюп бүтүрүп эшикке чыгып кетет. Аңгыча алты-жети табакка эт жасалып, эт келет. Этти устукандап, эл устукан алып жеп жатканда, бая суу куйган бала кирип келгенде:

– Ме, баатыр! – деп, макиси менен сайып, устуканды берет.

«Бул мени шылдың кылганыбы, жан бага албай сенделип жүргөн жетим баланы баатыр дейт. Баатырдыкты көрсөтөйүн» – деп, Атакан кан баланы экинчи жолу баатыр дегенде ашкере жини келип кекенет.

Аңгыча макидеги этти алам деп, эт менен маки кошо кетет. Эттеги макини бала суура коёюн десе эле, бая агасынын макиси. Суу куйган бала макини таанып, бетиндеги атын окуп, бакырып ыйлап чалкасынан кетет. Бая эт жеген элдин баарысы таң калып, баланын башын көтөрө калат. Ачуусу келип турган Атакан жигиттерине буйрук кылат.

– Чыгар, эшикке сүйрөп чык! Жаагын бас! – дейт.

Эки жигит желпилдетип эшикке сүйрөп чыгат.

Ошо менен кекейип кан бала сыр алдырбай, эт да жебей, желпилдетип баланы сүйрөп кеткенине зээни кейип, улутунуп үшкүрүп, катуу ойго түшөт. Аны капшытта олтурган кара кан кайнатасы таанып: «Бир керемет болду!» – деп, байкап калат. Ошондо эл эт жеп бүтүп, бата кылып, Атакан:

– Суу куйгуч баланы чакыр! – деп, кайта башынан суу куйдурат.

Кайра башынан бала суу куят. Канга жеткенде баягы кан кайра талып, баягысындай эси ооп, колун жууй берет.

Башта эле ачуусу келип турган Атакан чыдай албай кетип:

– Ой, кан балам, канча жылдан бери колуңду жууй элексиң? – деп, ачуураак сөз менен айтат. Анда колун жууп жаткан бала хан:

– Аба, анын жайын шашпай айтам, – дейт.

– Балам, бир керемет болду го. Канга кан сырын жашырбайт. Кары-жаштын астында айт! – дейт, төрдө олтурган аксакал киши.

– Кандайча керемет болду, аба? – дейт, бала токтоло калып.

– Биринчи суу куйган бир жарым кумганга, экинчи суу куйганда Атакан айкырганча жуудуң. Бирок жалгасын дегендин ордуна шашкан сыяктуу: «Болду» – деп койдуң. Төртүнчүсүндө устукан бергенде: «Ме, баатыр» – деп бердиң, бешинчи макиң кошо кетип, балаң бакырып жиберди. Бул кандай керемет дегенде карыя, бала хан жооп кайтарды.

– Ата, менин элимди жоо чаап кеткенде, бир кичинекей иним бар эле, ошол мен мергенчилеп кеткенде артыман кетип, үй таппай жоголуп кеткен. Колунун үстүндө меңи бар эле. Ошол менин бөбөгүмдүн меңине окшош экен. Ошол меңди көрүп бөбөгүм эске түшүп, ойго батып кетиптирмин. Аяш атам бер батаңды, тарт кумганды дегенде, ойго баткан жаным, шашып кетип, иним мендей баатыр болчу бала эле, байкоосуздуктан баатыр болот эле деп ойлоп жатып, айтып коюптурмун. Экинчи устукан сунганда колумдан маким кошо кеткен себеби, эсим ооп туруп, ошо болсо билсин дегендей кылып, макини кошо коё бердим. Макинин бетинде: бир жагында өзүмдүн, бир жагында инимдин аты бар эле.

Ошондо Атакан тура калып, баланын тың, баатыр болооруна көзүжетип: «Атаңдын көрүай! Менин балдарымдын бири да ушундай эмес» – деп сын коюп жүрчү. «Суу куйгучун бала кылып алыптыр дейби» баланын кандай табылышын, кайсы жерде болгондугун, ит агытып, куш салып жүрүп, бала кара таштын түбүндө ымжан жаны менен жатканын, койнуна корголдой алтын катканын, түгөл-түз эл алдында айтып берди.

Ошондо бала кан эси ооп күн-түн үч күн жатып калат.

– Баланын сырын эбак билгем! – деп, инисин табыштырып, Атакан пери кызындай сулуу кыз алып берип, үстүнө үй, астына казан асып, өрүшүнө мал салып узатат.

Эки бир тууган табышып, мурунку башынан өткөн окуяны эсине алышып, бирибиз кан, бирибиз үйлүү-жайлуу болдук, атаны бир кайрылып издейлик деп, эки бир тууган кеңешип, элине жөнөйт.

Келсе, элин жоо чапай эле, эли аман. Атасы тирүү. өгөй энеси кадимкисиндей жүрөт. Бирок атасы карып калган.

– Ассалоом алейкум, ата! – деп, балдары келет.

– Ээ, балдарым, кайдагы балдарсыңар? – дейт атасы.

– Биз сиздин балаңыз болобуз, – деп, жооп берет тааныбай калган эки бала.

– Менин балдарым эбак эле өлгөн – деп, ишенбейт атасы.

– Балдарыңыз эмне болуп өлдүэле? – деп, балдары суроо берет.

– Ээ, балам, балдарымдын өз энеси өлүп, кийин ушул байбичемди алгам. Сулуулугуна суктанып, байбичеме ушундай жаман бузуктук иш кылган. Элден, журттан уялып, элдин бетин карай албай өлтүртүп таштагам.

– Ай, ата, бизди койчуларың, жигиттериң өлтүргөн эмес. Биздин ордубузга кой сойгон. Койдун канына көйнөгүбүздүбоёп, сизге көтөрүп келип берген десе балдары, атасы ишенбейт.

– Дагы кандай белгиң бар? – дейт.

– Ээ, ата, эми бир белгибиз калды, ошону көргөзсөк, ишенесизби?

– Ишенем, балам.

– өгөй энебиз өзүң барда айран, өзүң жокто айранга суу кошуп, өзүң барда талканды көөлөп, өзүң жокто кебеги менен көөлөп берчүэле. Ошондо өзүң барда көөлөп берген талканы мына деп, кебеги жок талканды, өзүң жокто көөлөп берген талканы бул деп, кебектүүталканды көтөрүп келип берет. – Биздин акыркы белгибиз ушул. Түшүнсөң – түшүн, ишенсең – атабызсың, ата кылып алабыз, ишенбесең – как талаада каласың деген экен эки бала.

Ошону менен балдарынын ак экендигине көзүжетип, өгөй энени кер өгүзгө мингизип, кементайды кийгизип, чытырман токойду көздөй айдатып өрттөтүп, балдарын бала кылат.

«Ата-бала кыйышпайт, ак жеринен ийне сынбайт» деген ылакап ушундан калган экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-04-2011
Жомокчу
20002

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×